Menu

САЯСАТ

Чунаңдаган Чудинов кутулуп, Карганбек камалыш керекпи?

Атадан калган мурастарды дүйнө жүзүнө жайылтууда кыргыз үчүн бараандуу эмгек жумшаган Карганбек Самаков деген белдүү агабыздын үстүнөн кылмыш иши козголуп, ал Чубактын кунундай созулуп келе жатканына жалпы калкыбыз күбө. Жумурай журтубуз бул ишке өтө кабатыр эке­нин да белгилей кетишибиз ке­рек. Анткени оор айыптар тагылып, кылмышка шектелгендерге 15 жылдан ашык мөөнөттөр чегерилүүдө. Иш боюнча маалымдасак, Октябрь райондук сотунда жүрүп жаткан соттук процесс мурда күнү уланып, акыркы сөздөр сүйлөндү. Анда кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууган Игорь Чудинов тескери ушатып, «мен тазамын, эч кандай тиешем жок» деп чекеге чыкты чунаңдап. Күнөөнүн баары Самаковдо дегендей кылып. А чын-чынына келгенде, эң башкы күнөөкөр дал ушул адам экени баарына маалым. Себеби Чудинов премьер-министр болуп турганда 262 гектар жер үчүн токтом чыгарган. Бул жерде «Уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат» деген нерсе ачык көрүнүп турат. Анан бу Чудиновго иш козгобой, Карганбекке тиш салып жатканын кан­дай түшүнсөк болот?

Булак: “Де-Факто”

УКМК Саляновага айыбын угузду

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Саляновага козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, айыбы угузулду.

Анын негизинде Салянова мамлекеттен сырткары эч жакка чыкпоого милдеттендирилди. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча тергөөдө мыйзам бузуулар болгонун айтууда.

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Саляновага козгол­гон кылмыш иши боюнча айып апта башында угузулду. Ишти тергеп жаткан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсү айыптын негизинде оппозициячыл депутатты өлкөдөн чыкпоого милдеттендирген. Мындай маалыматты атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” ырастады:

– Улуттук коопсуздук коми­тетинин тергөөчүсү тарабынан Аида Саляновага эч жакка чыкпоо боюнча баш коргоо чарасы аныкталды.

Учурда кылмыш иштин материалдары менен депутаттын

жактоочулары таанышууда. Бирок Аида Салянова өзүнө козголгон кылмыш иши боюн­ча тергөө мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыкты. Депутаттын жүйөсүндө, тергөөчүлөр саясий көрсөтмөнүн негизинде иш алып барып, адилет тергөө жүргөн эмес:

– Биринчи айыпты угузду. Мына ушул айыптарды угузганы да толугу менен мыйзамсыз. Себеби башында күбө катары, андан соң шектүү катары сурады. Анан айып угузду. Эч кандай иш болгон эмес. Себеби булардын иш кылалы, чындыкты табалы деген ою болгон эмес. Болгону саясий буюртманы тездик менен аткаруу гана аракети болду.

Салянова өлкөдөн чыгууга тыюу салуу менен ага басым көрсөтүү аракети жүрүп жатканын кошумчалады.

Депутат буга чейин тергөө органдары тараткан Алексей Елисеев Юстиция министрлиги берген адвокаттык лицензиянын негизинде Латвияда жашаганга укук алган деген маалымат жалган чыкканын айтууда.

Аида Саляновага Башкы про­куратура былтыр декабрь айында кылмыш ишин козгогон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айып тагылган.

Салянова 2010-жылы юсти­ция министринин милдетин аткарып турганда Максим БАКИЕВдин       өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокат­тык лицензиясын мыйзамсыз узартканы айтылган. Бийликтер Елисеевдин лицензиясын узартууда Аида Салянова министрдин милдетин аткаруучу катары жетиштүү деңгээлде иликтеген эмес деп жүйө келтирүүдө. Эгер тагылган айып боюнча сот депутаттын күнөөсү далилденди деп тапса, 8 жылдан 12 жылга чейин кесилиши мүмкүн.

Ошондой эле бул берене ме­нен Жогорку Кецештин депутатына кылмыш иши козголсо, парламенттин макулдугун алуунун зарылдыгы жок. Мындан улам оппозициячыл саясатчыга тагылган айып канчалык ади­лет жүрүп жатат деген суроонун айланасында талкуу жүрүүдө.

Мурдагы баш прокурор Байтемир Ибраев козголгон иш боюнча тергөөнү кылдат жүргүзүү зарылдыгын белгилеп, бул жаатта депутаттын айрым жүйөлөрү орундуу экенин айтууда:

– Туура эмес иштин баары эле кылмышка жатпайт. Ушул маселеге өтө терең маани берип, көңүл буруу керек. Салянова “ошол кезде кылган” деген аракет терс көрүнүш болушу мумкүн. Елисеевдин лицензиясынын узартылышы саясий жагынан да, мыйзам жагынан да терс көрүнүш болгон. Бирок терс көрүнүштүн баары эле кылмыш боло бербейт. Муну тергөөчү адилет иликтеп, жиликтеп, бутактап чыгышы керек.

Ал эми бийликчил Социал- демократтар фракциясынан де­путат Ирина Карамушкина Салянованын козголгон кылмыш ишти куугунтук катары баалоосу туура эмес деген пикирде:

– Мен муну саясий куугунтук катары санабайм. Жөн гана тергөө жүрүп жатканда өлкөдөн чыгууга укугу жок экени эскертилди деп ойлойм. Ал эркин басып жүрөт. Эркиндигинен ажыратылган жок. Тергөөнүн мындай нормасы ага эле эмес, ар бир жаранга колдонулуп келет.

Аида Салянова баш прокурор кызматын 2015-жылдын ба­шында тапшырган жана анын себебин президенттин колдоосун сезбей калганы менен түшүндүргөн.

Андан соң парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Учурда оппозициядагы бул фракциянын Саляновадан тышкары эки депутатына, тагыраагы “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев менен Алмамбет Шыкмаматовго кылмыш иши козголгон. Муну оппозиция бийликтин басымы катары баалап келет.

Булак: “ПолитКлиника”

Сириядагы чеченстандык аскерлерди «Альфанын» ардагерлери даярдаган

Чеченстандын аскер полициясынын курамындагы жоокерлер Сирияга барардын алдында Орусиянын «Альфа», «Вымпела» өңдүү атайын багыттагы бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн нускоочулар тарабынан даярдыктан өтүшкөн. Бул тууралуу Чеченстан башчысынын жардамчысы Даниил Мартыновго шилтеме кылып РБК билдирди.

Мартыновдун айтымында, Сирияга чеченстандыктардан турган батальонду жөнөтүү идеасы Коргоо министрлигинин жетекчилигине таандык. Анын курамында согуш талааларындагы чоң тажрыйбага ээ болгон келишимдик негизде кызмат өтөгөн жоокерлер машыгат. Мартынов чечен аскерлеринин Сириядан качан кайтып келерин айткан жок. Ошол эле маалда РБКнын Коргоо министрлигиндеги булагы батальондун 17-мартта кайтып келиши күтүлүп жатканын билдирди.

Сирияга «чечен атайын бөлүгүнүн» эки батальону жөнөтүлгөндүгү тууралуу алгачкы билдирүүлөр декабрдын башында пайда болгон. Ал тууралуу «Известия» жана «Коммерсантъ» гезиттери Коргоо министрлигиндеги булактарына шилтеме кылып билдиришкен. Чеченстан бийлиги ал маалыматтарды четке каккан. Кийинчерээк «Новая газета» чечен аскерлери үчүн чыгарылган окутуу китепчелерин жарыялаган.

Январдын соңунда Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өлкө жарандары Орусиянын Коргоо министрлигинин аскердик полиция батальонунун курамында Сирияда кызмат өтөп жүргөндүктөрүн ырастаган. Орусиянын Сириядагы аскердик операциясы 2015-жылдын 30-сентябрында башталган. Москва орусиялык аскерлердин кургактагы операцияларга катышып жаткандыгы тууралуу маалыматтарды бир канча жолу четке каккан.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңеш Өлкөнүн 2018-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө божомолдорунун үч вариантынын бирин жактырды

Сооронбай Жээнбеков Өлкөнүн 2018-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө божомолдору тууралуу маселе боюнча Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Координациялык кеңештин кезектеги жыйынны өткөрдү. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Өкмөт башчы тиешелүү министрликтер менен ведомстволор тарабынан 2018-2020-жылдарга кыйла мүмкүн болуучу макроэкономикалык сценарий иштелип чыкканын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын эки айында экономиканын өсүү темпи 5,4 %,  түзүп, «Кумтөр»  ишканасынын эсебисиз- 3,6 % болгонун билдирди.

«Биз ушул тенденцияга багыт алышыбыз керек, ошондуктан Өкмөт тарабынан 2017-жылдын планы иштелип чыкты. Аталган пландын негизги багыттары болуп, түз инвестиция тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу болуп саналат», – деди ал.

Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев социалдык-экономикалык өнүгүүнүн божомолдору жалпы факторлорду жана экономикалык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен, үч вариантта иштелип чыкканын:максаттуу, мүмкүн болгон (базалык), пессимисттик болуп даярдалганынын билдирди.

Социалдык-экономикалык өнүктүрүү  негизги соода өнөктөш-өлкөлөрдө геоэкономикалык кырдаалдын сакталышы менен, тышкы экономикалык иштин, ошондой эле ЕАЭБ интеграциялык бирикмелердин шартында, тышкы жана ички факторлордун таасири аркылуу өткөрүлөт.

Мындан сырткары өлкөдө айыл чарба жана энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн жаратылыш-климаттык шарртар да негизги ролду ойнойт.

Жыйындын жүрүшүндө Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын 2018-2020-жылдарга социалдык-эконоимикалык жактан максаттуу сценарийин жактырды. Аталган сценарий 2017-2020-жылдарга дүйнөлүк экономикага карай өнүгүүгө жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө суроо-талапты жакшыртуу дегенди билдирет.

Премьер-министр белгилегендей, макулдашылган бир макроэкономикалык сценарий Кыргыз Республикасынын бюджетинин орто мөөнөттүү программасын түзүүнүн негизи болуп эсептелет.

Жыйындын соңунда Өкмөт башчы  Сооронбай Жээнбеков КР Экономика министрлигине жана тиешелүү ведомстволорго, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым  укуктуу өкүлдөрүнө жактырылган сценарийдин негизинде аймактарда социалдык-экономикалык багыттар боюнча сектордук жана аймактык божомолдорду иштеп чыгууга киришүүнү тапшырды. Ошондой эле жактырылган сценарийдин негизинде Кыргызстанда социалдык-экономикалык багыттар боюнча орто мөөнөттү өнүктүрүү программасына божомолдорду көрсөтүлгөн тартипте даярдап Өкмөткөн киргизүүнү тапшырды.

Сөз эркиндигин коргоо комитети Европадагы сапарында кимдер менен жолугуп, Атамбаевдин ачуусуна тийди?

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин өкүлдөрү баштаган кыргыз саясатчылары, журналисттери жана жарандык коомдун өкүлдөрү, жалпысынан 10 кишиден турган делегация 2-марттан 10-мартка чейин Европа өлкөлөрүндө иш сапары менен болуп кайтты. Бул сапар Брюсселдеги Европа демократияны колдоо корунун чакыруусу боюнча уюштурулган эле.
Алгач делегация Женевадагы эл аралык Коопсуздук секторуна демократиялык көзөмөл борборунда болуп, дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күч структурларына коомдук көзөмөл жүргүзүү маселелерин талкуулады. Күч структураларына демократиялык көзөмөл (DCAF) 2000-жылы түзүлгөн жана азыркы күндө бул фондко дүйнөнүн 65 өлкөсү мүчө болуп сналат. Кыргыз өкмөтү да бул уюмга 2009-жылы кол коюп кирген. DCAF бул багыттагы дүйнө тажрыйбасына байкоо салып, иликтеп, анализдеп, сунуш , таасир берип иш жүргүзөт.
Бизди DCAF уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия департаментинин директору Филипп Флури баштаган өкүлдөр кабыл алышты. Мырза Флури бизге Күч структураларына демократиялык көзөмөл жүргүзүү боюнча дүйнөлүк тажрыйбаны кыскача баяндап берди.
Ал эми биздин делегация DCAFка мүчө Кыргызстандагы бүгүнкү абал, Коопсуздук, укук коргоо органдарынын өздөрүнүн негизги милдеттерин аткарышпай саясатташып кеткендиги тууралу айтып беришти. Мисалы УКМК , Генпрокуратура, ИИМ, сот системасы өлкөнүн коопсуздугун, коомдук тартипти, кылмыштуулукка каршы күрөштү, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуунун ордуна саясатка аралашып, саясатташып, жалаң эле президенттин саясый оппоненттерин аңдуу, тыңшоо, куугунтуктоо, жасалма кылмыш иштерин токуу жана оппозициялык көз караштагы саясатчылар менен журналисттерди жазалоо менен алек болуп жаткандыгын фактылар менен билдирдик. Кыргызстандагы күч структураларын саясаттан ажыратуу (деполитизация) дүйнөлүк тажрыйбасы менен бөлүшүүнү сурандык. Канткенде күч структуралары ички саясатка аралашпай, УКМК өзүнүн негизги функиясы – контрчалгын, ИИМ-коомдук тартип жана кылмыштуулукка каршы күрөш, Генпрокуратура –мыйзамдардын так аткарылышын көзөмөлдөө, сот системасы – бийликке көз каранды эмес өкүмдөрдү чыгараган адилет соттоону ишке ашыра турган кыла алабыз деген маселелерди талкууладык. DCAF менен мындан ары тыгыз кызматташуу боюнча макулдаштык.
Андан кийин Евробиримдиктин борбору – Брюсселде Европа демократияны колдоо корунда жолугушуу болду. Бул жерде бизди кордун Борбор Азия боюнча департаментинин жетекчилери Петер Зондергард менен Кристина Вайкунайте жана башка өкүлдөр кабыл алышып, Кыргызстандагы саясый абал, оппозициянын куугунтукталышы, депутат Өмүрбек Текебаевдин мыйзамсыз камакка алынышы, Сөз эркиндигинин жана адам укуктарынын бузулуш тенденцияларын талкууладык. Акырында мындан ары кызматташуу формаларын такташтык.
Кийинки жолугушуу Европарламентте өтүп, ага депутат Лайма Андрикене баштаган өкүлдөр катышты. Алардын да биринчи эле суроосу өлкөдөгү саясый абал жана депутат Өмүрбек Текебаевдин мыйзамсыз камакка алынышы боюнча болду. Кыргыз саясатчысы Өмүрбек Текебаевди Европарламенттин өкүлдөрү аябай жакшы билишет экен жана анын саясый ишмердигине, азыркы тагдырына тыкыр көз салып турушканын айтышты. Биздин байкашыбызча Европанын саясый күчтөрү Текебаевди бийликтин мыйзамсыз аракеттеринен коргоого өз каналдары аркылуу аракет кыла тургандыгы айгинеленди.
“Жакында Европага Атамбаев сапар жасап келип кетти, ал бизде демократиялуу, бардар мамлекет курулуп жатканын айтты, силер ошого ишенесиңерби? Кимдир бирөөлөр аны “демократиянын архитектору” деп айтканын да айтып жатышат” деген сурообузга Европарламенттин депутаттары “Биз өтө эле ишенчээк эмеспиз. Чындыгында силердеги саясый ситуацияны жакшы билебиз. Ал эми силердин жетекчилердин айткандарына протоколдук, дипломатиялык эрежелерге байланыштуу гана ошондой реакция жасоого туура келет” деп билдиришти. Мындан ары да Европарламент Кыргызстанда адам укуктарын, сөз эркиндигин сыйлаган бардар мамлекет курулушуна кызыкдар экендигин жана бул максатта кызматташа тургандыктарын ачык айтышты.
Жыйындын акырында Европарламенттин депутаты Лайма Андрикене “Мындан 30 жыл мурун мен жаш окумуштуу катары Фрунзе шаарында өткөн Бүткүл союздук илимий конференцияга Литва республикасынан катышып, анда Кыргызстандык айыл чарбасы боюнча Бекболот деген жаш окумуштуу менен тааныштым эле, аны тааныбайсыңарбы?” деп сурап калды. Биз “эгер ал окумуштуунун фамилиясы Талгарбеков болсо анда ал азыр оппозициялык ишмердиги үчүн саясый туткун катары абакта олтурат” деп кабарладык. Депутат Андрикене “Анда мен жакында Кыргызстанга сөзсүз барам, Бекболот менен Текебаевден кабар алып келем” деп айтты.
Европарламенттин депутаты Лайма Андрикене Россиянын президенти Владимир Путин абакка олтургузган россиялык ишкер-саясатчы Михаил Ходорковскийди россиялык түрмөдөн бошотуп алууга активдүү катышкандыгы менен белгилүү депутат.
Европаламенттен кийин бизди Евробиримдиктин Тышкы иштер министрлигинде кабыл алышты. Ал жерде да Кыргызстандагы адам укугунун сакталышы, демократиянын, сөз эркиндигинин чектелиши тууралу сөз кылдык.

Кийинки күндөрү биз Германияга өтүп, “Дойче велле” радиостанциясынын иши менен тааныштык жана “Дойче велле” менен Кыргызстандын кызматташуу формаларын талкууладык.
Биздин делегациянын составында Кыргызстандын Сөз эркиндигин коргоо комитетинин негиздөөчүлөрү Замира Сыдыкова, Равшан Жээнбеков, Адил Турдукулов жана мен, Бегалы Наргозуев, экс-депутат Чолпон Жакупова жана башкалар болушту. Баардык жолугушууларда биз Кыргызстан мамлекетинин келечеги кең экенин, элинин айкөлдүгүн баса белгилеп айтып, азыркы бир ууч кландык бийликти гана сындадык.
Сапарыбыз карып баратканда Европада жүрүп, биздин Сөз эркиндигин коргоо комитетинин негиздөөчүлөрү президент Алмаз Атамбаев “Азаттык” радиосун, “Заноза” жана 24.kg маалыматтык сайттарын сотко бергенин билдик жана келерибиз менен “Азаттык” радиосун жана башка ММКларды коргоо боюнча саясый акцияларды, митингдерди уюштурууну чечтик.

Бегалы Наргозуев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

«Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» мыйзамдын жаӊы редакциясынын долбоору сунушталды

Жогорку Кеӊеште өлкөдөгү социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жана жарандардын турмуш шартын жакшыртууга багытталган «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт.  Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Мамлекеттик социалдык заказ (МСЗ) – өлкөдөгү социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жана жарандардын жыргалчылыгын жогорулатууга карата салыштырмалуу жаңы ыкма. 2013-жылдын 25-26-ноябрында МСЗ боюнча КМШ өлкөлөрүнүн эксперттеринин жолугушуусунда КМШ өлкөлөрүндө МСЗ киргизүү тажрыйбасы талданган.

«Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» мыйзам 2008-жылы кабыл алынган. Азыркы убакта бул мыйзам бир гана мамлекеттик орган – Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан гана жүзөгө ашырылып, ага 2013-жылы 13,9 млн сом гана каражат бөлүнгөн. Ошондон улам, кемчиликтерди жоюу, тутумдун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жаӊы мыйзам долбоору иштелип чыкты.

Мыйзам долбоорунда МСЗды жүзөгө ашыруунун үч таризи сунушталууда: социалдык кызматтарды мамлекеттик сатып алуулар; коомго-пайдалуу долбоорлорду мамлекет тарабынан каржылоо; социалдык талондор же ваучерлер аркылуу муктаж болгон жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүү.

Талкуу жүрүшүндө МСЗ багытында бөлүнгөн 13 млн сом башка өлкөлөргө салыштырмалуу өтө эле аз каражат экени белгиленип, калк арасындагы жакырчылыкты кыскартуу жаатында алгылыктуу чараларды көрүү тууралуу ой-пикирлер айтылды.

 

Журналисттер cөз эркиндигине кабатыр

Көз карандысыз журналисттер союзу медиа менен бийликти конструктивдүү диалогго чакыруу максатында жыйынга чогулду. Анда айрым басылмалардын бийлик тарабынан сотко берилиши да сөз болду.

Көз карандысыз журналисттер союзунун төрайымы Тамара Валиева жыйынды ачып жатып, журналисттерди бийликтин кысымына каршы биригүүгө чакырды. Ошондой эле ал журналисттерди маалыматты так жана туура чагылдырууга үндөдү.

Бүгүн Бишкекте өтүп жаткан жыйынга журналисттер, жарандык активисттер, укук коргоочулар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Чакыруулар Президенттик аппаратка, өкмөткө, парламентке, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурага да берилген.

“Медиа полиси институту” уюмунун юристи Алтынай Исаева коомчулукка жарыяланган кабарлар үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары эмес, ошол маалыматты журналисттерге айткан тараптар жооп берүүгө тийиш экенин айтты. Адис мындай кырдаалда медиа уюмдар жоопкерчиликтен бошотулушу керектигин белгиледи.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын өкүлү Динара Ошурахунова бийлик сөз эркиндигине келгенде чайкоочулук кылып жатат деп эсептейт.

Башкы прокуратура “Азаттык” радиосу менен “Заноза” басылмасын “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мамлекет башчынын дарегине айткан сөздөрүн жарыялаганы үчүн “президенттин аброюна шек келтирди” деген негизде марттын башында сотко берген.

КСДП партиясы туура эмес маалымат таратты деп, “24.kg” агенттигинин үстүнөн сотко кайрылган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Кабыл Макешов, журналист: Атамбаевдин мураскери ким болот же мураскер тууралуу бир икая

Келээрки президент ким болот?

Учурда коомчулукта келээрки президент ким болоор экен деген суроо көпчүлүктүн көңүлүн буруп, эл арасын түрдүү имиштер аралап жүргөн чагы. Алмазбек Атамбаев бир нече ирет маалымат жыйындарда, расмий жолугушууларда менде мураскер болбойт деп айтканы менен Ак үй, Көк үйдөгү билермандардын айтымында түн уйкусу бузулуп, тымызын мураскер издештирип жаткан сыяктуу. Алгач ажо мураскер катары эң алды Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов менен Сапар Исаковду, анан Иса Өмүркуловду же Чыныбай Турсунбековду, Сооронбай Жээнбековду, кийинчерээк Аалы Карашев менен Калык Султановду таптап жатыптыр деген имиштер эл арасына желдей тарап турган учуру. Деги дейт деген эле имиштер көп…Алгач Бишкек мэри Албек Ибраимов президенттик жарышка салууга ниет кылганы менен анысы Кой-Таштагы президентке “белек” кылган  3 гектардай жердин айынан жыдып калыптыр дешти… Бир вариант боюнча А.Ибраимовду мэрликтен кийин премьер, ал эми С.Исаковду Президенттик апппараттын жетекчиси кылып, анан Албекти мураскер болот деген ниет болгон дешкен божомолдор суу кечпей калды көрүнөт. Атамбаевдин “балашкаларынын бири” Сапар Исаков дале быша электигин, Түркиядагы “ооруган” учурунда маселелерди чечалбай, чийки экенин, мураскерге жарабасын далилдеп койду дешет адистер.  Ажонун дагы бир варинаты Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбековду алып чыгат имиш чыкты эле…  Айла кетсе түштүк таасирин басаңдатуу үчүн айла жоктон премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сүрөөнгө алышы мүмкүн деген божомолдор да айтылып келаткан эле. Акыры Сооронбайды дагы артка түртүп, түштүктөн чочулагандыктан, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташевдин бириккенинен кооптонуп, аларга каршы турса бир Аалы Карашев жарайт дегенби, айтор акыркы маалыматтар боюнча ушундай версия иштелип жаткан сыяктуу.  Ушул сыяктуу бүйүр кызыткан кеп-сөздөр желдей тарап, түрдүү ой-пикирлер айтыла баштады.  Чынында эле учурда көрүп, байкап жатасыздар, аткаруу кызматтарында КСДПнын таасирдүү адамы жок сыяктуу сезилүүдө. Алардын кадр саясаты аксап, кыйчалыш кырдаал түзүлүп турат окшойт…

Талапкерлер да  талпына баштады…

Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров биригип, президенттик шайлоого бир талапкер чыгарууга бел байлап,алар бирөөнү сүрөөнгө алууга бел байлап, азыртан даярдык көрө баштады. Дал ушул дымкатуу саясый күчкө дагы бир топ саясатчылар, учурдагы бийликтен ыдык, кордук көргөн коомдук ишмерлер да кошулуп, чооң күчкө айланып кетиши да ыктымал… Экинчи жагынан парламенттеги фракция лидерлери Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги партиялаштары тарабынан сунушталып, аламан байгеге карай аттанаары анык болуп калды. Ошол учурда  экс-премьер-министр Темир Сариев дагы өз алдынча күч топтоп, белдүү саясатчыларды өзүнө тартып, президенттик жарышка  ат тизгинин кое берээрин “Ак шумкар” партиясы айтып чыкты. Учурда УКМКнын абагында камалып турган белгилүү оппозиционер Өмүрбек Текебаевдин да талапкерлерин “Ата-мекен” партиясы бир добуштан колдоп, учурда анын рейтинги жогорулап баратканы да анык.

Мураскер ким болоор экен?

Албетте, туш тараптан кысып жаткан чакта  Алмазбек Атамбаев атаандаштарына туруштук бере турган ылайыктуу мураскер таба албай,  учурда айласы куруп турган учуру. Учурда Атамбаевдин айланасында, же анын ишенимине бекем кирген, топ жара турган көрүнүктүү ишмерлерден Иса Өмүркуловдон башка барандуу саясатчы жокко эсе болуп бараткансыйт. Акыркы мезгилде аппарат жетекчисине дайындалган Сапар Исаковго басым жасалгандай. Бирок, “оң колу” ишти алып кете алабы, эл ага ишеним көрсөтөбү, оппозициянын чабуулуна туруштук береалабы же компюьтер менен “ишти” бүткөрүп коюшабы??? Же кийинки учурда президенттин чет өлкөлөргө сапарларында коштоп барып жүргөн кеңешчиси, экс-министр Калык Султанов мураскер болушу да мүмкүн дешет адистер.  Балким ким билет? Суроо артынан суроо, азырынча ынанымдуу жооп жок. Мезгилдин мажбурлоосу, саясый оюндардын капшабы менен Өмүрбек Бабановдун бактысы ачылып кетиши да ыктымал. Ажодон ыдык көргөндөрдөн же оппозиция өкүлдөрүнүн бирөө кокус бийликке келип калышса, Атамбаевдин былыктары чыгып,  ачык куугунтукка кабылышы ажеп эмес да.

Мураскер тууралуу бир икая

Аргасыздан мураскер тууралуу бир икая эсиме түштү. Илгери бир Хан: “Мен карыдым, арыдым, кимиңер мага татыктуу мураскер болуп, эл-журтума тирек болосуңар” деп мыктыларын, жан-жөөкүрлөрүн, кеңешчилерин, акылмандарын жыйып, “мен силерге мына бул гүлдүн уруктарын берем. Кимиңер мыкты гүл өстүрүп келсеңер, ошол менин мураскерим болот” деп баарына гүлдүн үрөнүн таратат. Мураскерликке талапкерлер сүйүнүп, расмий каттоодон өтүп, үйлөрүнө кудуңдап жөнөшөт. Ошол үрөндөн алган элине ак кызмат кылсам деген жаш жигит, үйүнө келип, гүлдүн уругун эң таза идишке, эң мыкты жердин семиз топурагын салып отургузуп, күнүгө алыскы тоонун эң таза булагынан азап-тозок менен суу алып келип, сугарып, ар күнү күндүн жарык нуру тийсин деп, абдан камкордук менен гүлдү өстүрүүгө бардык аракетин көрөт. Күн өткөн сайын ал, “гүлүм өнүп чыкса, аны бапестеп өстүрсөм”- деп аруу тилек кылат. Күндөр өтүп, айлар жылса дагы, канчалык аракет кылса дагы  анын гүлү өспөй, убара, бушайман кылат.  Мураскерди аныктоочу белгиленген күн келип, тиги жигиттин үйүнүн жанынан укмуштай кооз гүлдөрдү көтөргөн Хандыкка талапкерлер шаңдануу менен өтүп жатканын көрүп,  жигит аябай ызаа болот. Баласынын чындап аракет кылганын, мээнетин байкаган атасы: -Уулум сен гүл өстүрүү үчүн бардык аракетиңди көрдүң. Хан алдына барып,  канчалык аракет кылсам дагы гүлдү өстүрө алганым жок деп чындыкты айт. Сенин башыңды алып алмак беле. Абдан аракет кылганыңа кошуналар деле күбө эмеспи, -деп уулун Ханга жөнөтөт. Жигит колуна гүлү өспөгөн идишин далил катары көтөрүп, хан алдына өзүн күнөөлүүдөй сезип, маанайы жок барат.

Хан укмуштай кооз гүл өстүргөн шакирттерине, мыктыларына көңүл бурбай, гүлү өспөй маанайы пас четте турган жигитти колунан жетелеп келип, “ Мына ушул жигит менин мураскерим болот” деп, жигитти ортого алып чыгып, салтанаттуу түрдө расмий жарыя кылат.Тиги кооз, укмуштай гүл өстүргөн  “мыктылар” “биз укмуштай кооз гүл өстүрүп келсек, неге ушу гүлү өспөгөн немени мураскер кылып жатасыз” дешип, Ханды жаалап киришет. Ошондо Хан: -Ушул жигит гана чынчыл, ак ниет, калп айтпаган адам экен. Себеби, мен баарыңарга берген гүлдүн үрөнү куурулган, өспөй турган үрөн болчу. А силер мени алдап, башка үрөндөн гүл өстүрүп, көз боемочулук, алдамчылык кылып келдиңер” деген экен.  Ошентип, чынчыл, ак ниет жигит Хандын мураскери болуп, эл-журтун адилет башкарып, калк кадырлаган  адилет, калыс Хан болуп калган экен.

Биздин элибизге да адилет, калк камын көргөн мураскер же талапкер табылаар бекен?!…  Ай ким билет? Чынында эле кыргыз элинен да “бычакка сап” жигиттерден бир татыктуу талапкер табылышы да  толук ыктымал. Эгер учурдагы бийлик бут тоспосо… Марага “күлүктөр” кое берилгени турат, кимисин элибиз сүрөөнгө алып, озуп чыгаар экен.  Же жердешчиликтин айынан далай мыктыларга бут тосулаар бекен???

Кабыл Макешов,  эркин журналист.

Электр энергиясындагы жоготуулар келип-келип эле элдин чөнтөгүнө күч болуп жатат

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер саатында” шайлоочулардын  социалдык-экономикалык көйгөйлөрү көтөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Жылдыз Мусабекова Нарын облусунда кыш катуу болуп, Ат-Башы районундагы Өзгөрүш, Ак-Муз, Ак-Моюн айылдарында борошологон кардын бийиктиги 2 метрге жетип, абал кыйын болуп жатканын маалымдады. Депутат бийлик органдары тарабынан кандай жардам берилерин сурады. Мындан сырткары, Ж.Мусабекова Өкмөттөн Памир кыргыздарынын Алай, Нарын жергесине көчүрүп келип, жайгаштыруу иш-чараларынын планын берүүнү өтүндү.

Эл өкүлдөрү Чүй облусунун райондорунун шайлоочулары менен болгон жолугушууларда мектеп директорлору бир катар көйгөйлөрдү көтөрүшкөн. Депутат Бакирдин Субанбековдун айтымында, бир топ мектептерде балдардын саны абдан көп болуп, 3 нөөмөт менен окуп жатат.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Атай, К.Маркс айылдарында таза суу көйгөй жаратып, жергиликтүү эл арыктан суу ичип келет. Тогуз-торолуктардын таза суу жетишсиздигин депутат Бактыбек Райымкулов КР Өкмөтүнө багыттады.

КР транспорт жана жол министри Ж.Калилов Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары кызматына таанышы Сатыгулов Жоробаевди алып келген. Анын бул кызмат ордуна эч кандай тажрыйбасы жок. Бул тууралуу Кыргызаэроновигация мекемесинин кызматкерлери депутат Мурадыл Мадеминовго кат менен кайрылган.

КР Өкмөтү элди турак-жай менен камсыз кылуу үчүн бир топ аракеттерди көрүп жатат. Мындай жагдайга токтолгон депутат Мирлан Бакиров документ топтоодогу бюрократиялык тоскоолдуктар менен ипотекалык насыянын пайыздык ченинин жогорулугу маселе жаратып жатканын айтып, андан улам бир топ жарандар ипотекалык насыя алуудан баш тартып жатканын баса белгиледи. Мындан сырткары, депутат жол тармагына келип жаткан инвестициялык каражаттардын пайдаланылышы боюнча тармактык комитетте маселе кароо зарылдыгын айтты. Ошону менен катар электр энергиясындагы жоготуулар келип-келип эле элдин чөнтөгүнө күч болуп жатканын билдирип, бул көйгөйдү дагы тармактык комитетте карап, жыйынтык чыгаруу керектигин кошумчалады.

Депутат Наталья Никитенко шайлоочулардан келген арыздардын көпчүлүгү сот чечимдерине болуп жаткандыгын айтып, элдин сотторго болгон ишеними түгөнүп баратканан коңгуроо какты.

Дүйнө жүзүндөгү климаттын өзгөрүшү менен өлкөбүздө дагы табыгый кырсыктар, мөңгүлөрдүн эрүүсү арбып барат. Бул көйгөй менен күрөшүүдө дүйнө жүзүндө атайын фонддор түзүлгөн. Башка өлкөлөр бул фонддон каражат алып, экологияны сактоого батыл киришүүдө. Депутат Аалы Карашев мындай олуттуу маселени көтөрүп, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин макамын көтөрүп, экологияны сактоо иштерине ыкчам киришүүнү Өкмөткө сунуш кылды.

 

Астанадагы сүйлөшүүлөргө Сирия оппозициясы келген жок

Сирия оппозициясы Астанадагы сүйлөшүүлөргө келбейт. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Буга чейин бейшемби күнү таң менен оппозициялык топтордун айрым өкүлдөрү Сирия сүйлөшүүлөрү үчүн Астанага келери кабарланган. Айрым топтор Сирия өкмөтүн жана Орусияны ок атышпоо режимин сактабагандыгы үчүн айыптап, сүйлөшүүлөргө байкот жарыялашкан.

Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасына Орусия, Түркия жана Иран делегациялары катышты. Жолугушуу маалында экстремисттик топтор менен байыстуу оппозицияны бөлүү маселеси талкууланды. Астанада өткөн буга чейинки эки жолугушуу ийгиликтүү аяктаган эмес.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню