Menu

САЯСАТ

Лавров: ЕБдин Борбор Азия өлкөлөрүндөгү инвестициялары саясий мүнөзгө ээ

Орусия ТИМ башчысы Сергей Лавров Европа Биримдигинин Борбор Азия өлкөлөрүнө салып жаткан инвестициялары саясий мүнөзгө ээ деп эсептейт. Бул тууралуу ал «Эл аралык жашоо» журналына берген маегинде билдирди.

“Постсоветтик мейкиндикте «Чыгыш өнөктөштүк» сыяктуу демилгелерди ишке ашыруу боюнча кайгылуу тажрыйбалар бар. Ал Брюсселдин мурдагы СССР өлкөлөрүнө карата мамилеси бир тараптуу пайда көрүүнү гана көздөй турганын көрсөтүүдө. Ошол эле кезде биздин элдерди көптөгөн кылымдардан бери бириктирип келген байланыштар эске алынбай, ал эмес көпчүлүк учурларда аларды жөн гана бузууга багытталган аракеттер болууда», — деди Лавров.

Анын айтымында, европалык инвестициялар саясий мүнөзгө ээ. Каржы жардамдарынын башкы максаты — ЕБдин товарларын Борбор Азия базарларына бир тараптуу түрдө соодалоо болуп эсептелет.

Лавров акыркы 10 жыл аралыгында Орусия Борбор Азия өлкөлөрүнө 6,7 миллиард долларлык жардам көрсөткөнүн кошумчалады.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөр бир күнгө узартылды

Сирия боюнча Астанадагы сүйлөшүүлөр дагы бир күнгө узартылды. Тараптар куралдуу оппозициянын айрым өкүлдөрүн күтүп жатышат.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, айрым козголоңчу топтордун өкүлдөрү келүүгө макулдугун беришкен. Бирок алардын бири дагы бул ниетин тастыктаган жок. Айрым топтор Сирия өкмөтү менен Орусияны ок атышпоо режимин сактабагандыгы үчүн айыптап, сүйлөшүүлөргө байкот жарыялашты.

Астанадагы сүйлөшүүлөргө Орусия, Түркия жана Иран катышууда. Жолугушууда экстремисттик топтор менен байыстуу оппозицияны бөлүү маселеси каралууда. Астанадагы буга чейинки эки жолку сүйлөшүүлөр анча натыйжа берген эмес. Сирия боюнча жогорку деңгээлдеги кийинки жолугушуу быйыл майдын башында өтөт.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Депутат Абдывахап Нурбаев Финляндиянын депутаттар тобу менен жолугушту

Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев Финляндия парламентинин Орто Азия достук тобунун мүчөлөрү, депутаттары  менен жолугушту. Финляндияга барган делегациянын курамында билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева, «Себат» билим берүү мекемесинин  башкы директору Нурлан Кудайбердиев бар. Бул туурасында СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы маалымдады.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди, ар тараптуу кызматташтыкты өүнүктүрүү, чыңдоо туурасында пикир алмашуулар болду. Өзгөчө билим берүү жана туризм тармактарында тез аранын ичинде иштердин башталып, эки өлкөнүн ортосундагы достуктун түбөлүктүүлүгүнө карата мүмкунчүлүгү бар экендиги тууралуу сүйлөшүп, мындан ары парламенттер, өкмөттөр жана жарандарыбыздын ортосундагы кызуу кызматташуулары достукка өбөлгө түзүлөөрү баса белгиленди.

Финляндия парламентинин Орто Азия достук тобунун жетекчиси Кай Мыканен билим берүү, туризм тармагында тажрыйба алмашууну жолго коюуга толук мүмкүн экенин белгилеп, бул багытта Финляндиянын өкмөтү тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

 

Өзбекстанда түрмөдөн чыккандар тең укуктуулукту талап кылышууда

Өзбекстандагы Көз карандысыз укук коргоочулардын демилгечил тобу түрмөдө узак мөөнөткө отуруп чыккан жарандардын укуктары корголбой жатканын билдирүүдө.

24 жыл абакта отуруп чыккан 72 жаштагы Самандар Куканов өлкө ичинде ээн-эркин жүрө алабайт. Анын айтымында, Ташкенттен чыкпоо боюнча тилкат жазып берген, буга байланыштуу башка облустарга каттай албай жатат.

Өзбекстандын мурдагы депутаты Самандар Куканов 1993-жылы мамлекеттин мүлкүн чыгымга учураткан деген күнөө менен эркинен ажыратылган.

Дагы бир саясий туткун, 80-90-жылдарда Эврил Турон деген жашыруун ысымы менен белгилүү жазуучу Мамадали Махмудов июлда чыгармачылыгы боюнча Чехияга иш сапарга бармак. Бирок ага Өзбекстан ТИМи өлкөдөн чыгуу боюнча виза берген эмес.

Мамадали Махмудов 1999-жылы Ташкентте болгон жардырууга тиешеси бар деп айыпталып соттолгон. 2014-жылы ал эркиндикке чыккан. Бирок жазуучу күнөөнү моюнга алган эмес.

Түрмөдө 18 жыл отуруп, өткөн айда азаттык алган журналист Мухаммад Бекжанга болсо алигиче өзбек паспорту бериле элек.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банкы 2017-жылга экономикалык саясатынын негизги багыттарын аныктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жылга экономикалык саясатынын негизги багыттары жөнүндөгү биргелешкен билдирүүсү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Аталган документ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банкынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттарын аныктоо жана аны ишке ашыруу максатында биргелешкен билдирүү долбоору катары даярдалды.

Биргелешкен билдирүүдө 2016-жылдагы жетишкендиктердин негизги жыйынтыктары чыгарылды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экономиканы өнүктүрүүдө негизги тобокелчиликтерге басым жасаган, анда 2017-жылга коюлган максаттар, приоритеттүү багыттар белгиленген.

Белгилеп кетчү жагдай, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жетишкендиктерге, сапаттуу жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү колдоого, кабыл алынган чараларды натыйжалуу ишке ашырууга багытталган.

Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдар аралыгында Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясында камтылган негизги багыттарга жана милдеттерге ылайык экономикалык потенциялды кайра түзүү жана күчөтүү боюнча саясатты жигердүү ишке ашыруу иштерин улантат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы стратегиялык экеономикалык кызыкчылыктарды көздөп, тобокелчилик факторлорун минималдаштыруу, банк тармагынын атаандаштыкка жөндөмүн кайра түзүү үчүн биргеликте активдүү иш чараларды кабыл алат. Банк тармагынын туруктуу иштөөсү, ошондой эле насыялоонун активдешүүсү экономикалык өнүгүүгө дем берүүгө жана экономика тармагындагы насыялоону кеңейтүүгө жол ачат.

Кабыл алынган документ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жылга багытталган иштери коюлган максаттары тууралуу декларация, өлкөнүн социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүсү үчүн негизги базалык шарттары болуп саналат.

 

Ашхабадда жаңы салынган жолдор кайра оңдолууда

Түркмөнстан борборунда жаңы эле колдонууга берилген көчөлөр кайра оңдолууда. “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы билдиргендей, учурда Ашхабаддын бир нече көчөлөрүндө ремонт иштери жүрүп жатат.

Саркынды суулар үчүн көчөнүн четине орнотулган түтүктөр бүтөлүп калып, суу кетпей калган. Алар бир жыл мурун эле орнотулган болчу.

Ашхабаддын жашоочуларынын айтымында, көчөлөрдө курулуш жана ремонт иштери бүтпөгөндүктөн тыгындар пайда болуп, коомдук транспорттордун багыттары өзгөрүүдө.

​Ашхабадда жаңы көчөлөрдү кайра оңдоо – өнөкөткө айланган. Буга сапатсыз курулуш иштери себепкер болууда.

Бул арада түркмөн өкмөтү жолдорду куруу – негизги максаттардын бири экенин белгилеп келет.

2017-жылдын 16-мартында добуш берилген мыйзам долбоорлору

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңеш жыйынында 2,3-окуудагы бир катар мыйзам долбоорлоруна добуш берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:

“Астана шаарында 2016-жылдын 17-октябрында кол коюлган 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 27.01.17деги № 52 токтом);

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (“Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Мыйзамга, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске) (демилгечилер – депутаттар Абдылдаев М.Ю., Джакупова Ч.И., Зулушев К.Т.);

“Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.04.15теги № 251 токтом);

– “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Исакунова Т.Б., Өмүркулов И.Ш., Жээнбеков А.Ш., Исаев К.К., Турсунбеков Ч.А., Шер-Нияз С., Рыспаев К.Ж., Джакупова Ч.И., Алтыбаева А.Т., Никитенко Н.В., Самигуллина А.Э., Молдобекова Г.С., Салянова А.Ж., Асылбаева Г.К., Мамашова А.Т., Мавлянова М.Э., Строкова Е.Г., Исмаилова А.Ж., Султанбекова Ч.А., Сурабалдиева Э.Ж., Кодуранова А.С., Орозова К.Б., Өмүрбекова А.С., Мусабекова Ж.А., Токторов А.С., Асылбек уулу Д., Туманбаева Р.М., Скрипкина Г.А.);

– “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Балдар жөнүндө кодекске, “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Аксакалдар соттору жөнүндө”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө”, “Курал жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер – депутаттар Исакунова Т.Б., Өмүркулов И.Ш., Жээнбеков А.Ш., Исаев К.К., Турсунбеков Ч.А., Шер-Нияз С., Рыспаев К.Ж., Джакупова Ч.И., Алтыбаева А.Т., Никитенко Н.В., Самигуллина А.Э., Молдобекова Г.С., Салянова А.Ж., Асылбаева Г.К., Мамашова А.Т., Мавлянова М.Э., Строкова Е.Г., Исмаилова А.Ж., Султанбекова Ч.А., Сурабалдиева Э.Ж., Кодуранова А.С., Орозова К.Б., Өмүрбекова А.С., Мусабекова Ж.А., Токторов А.С., Асылбек уулу Д., Туманбаева Р.М., Скрипкина Г.А.);

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Салык кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечилер – депутаттар Мавлянова М.Э., Бабанов Ө.Т., Рыспаев К.Ж., Турсунбаев А.А., Жеенчороев М.К., Сабиров М.Э., Алтынбеков А., Жылкыбаев У.К., Нурматов К.С.);

2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.10.15теги № 727 токтом);

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору(“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 23.12.16дагы № 698 токтом);

“Китепкана иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору(демилгечи – Өкмөт, 01.09.15теги № 614 токтом).

ЧЕТКЕ КАГЫЛГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ:

“Кыргыз Республикасында аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Токтошев Э.Т., Акаев Ж.К., Сулайманов А.Т., Бекешев Д.Д., Бабанов Ө.Т., Сабиров М.Э., Артыкбаев О.М.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын).

 

Видео - Орусияга каттаган тажик авиакомпаниялары билет бааларын көтөрдү

Орусияга каттаган тажик авиакомпаниялары соңку айларда билеттердин баасын кескин түрдө жогорулатты. “Сомон Эйр” алгач февралдын ортосунан тарта Дүйшөмбү-Москва каттамы боюнча бир билеттин наркын 240 доллардан 317 долларга чейин кымбаттаткан. Бир нече күн мурун баа – 402 долларга чейин көтөрүлдү.

Бул – Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Орусия каттамы боюнча эң жогорку баа. Бишкектен Москвага чейинки билеттин баасы болжол менен 136 долларды түзөт.

“Сомон эйр” менен Тажикстандын Транспорт министрлиги баалардын наркынын жогорулашынын себептерин түшүндүрө элек. “Тажик эйр” учак майы менен аэропорттун кызмат көрсөтүү баасы кымбаттаганын жүйө келтирүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча Орусияда 800 миңден ашуун тажикстандык мигрант иштейт. Алар мекенине баруу үчүн туугандарынан жана банктардан билет үчүн карызга акча алууга мажбур болуп жатканын билдиришүүдө.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Турсунгүл Чаргинова Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялыгына шайланды

“Жогорку Кеңеште Чаргинова Турсунгүл Толепекова Жогорку соттун судьялыгына шайланды. Анын талапкерлиги Судьяларды тандоо кеӊештинде тандалып, КР Президенти тарабынан көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды” деп маалымдады КР ЖК Басма сөз кызматы.

 

АКШ ФСБнын эки офицерине айып такты

Кошмо Штаттардын Юстиция министрлиги  Орусиянын атайын кызматынын эки офицерин Yahoo компаниясынын 500 миллиондой колдонуучусунун аккаунтун бузууга айыптоодо. АКШдагы киберкылмыштуулук боюнча биринчи ирет Орусиянын мамлекеттик чиновниктерине күнөө тагылууда.

АКШнын Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, Yahoo компаниясынын иши боюнча ФСБ офицерлеринен башка дагы алар менен кызматташкан эки хакер да айыпталууда.

Америкалык ММКлардын билдиришинче, бул айыптоолор 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоого тиешелүү эмес.

АКШ айып коюп жаткан офицерлеринин ысымдары – Дмитрий Докучаев жана Игорь Сушчин. Алар ФСБнын киберкылмыштуулукту иликтөө бөлүмүндө иштешкен.

Докучаев быйыл февралда Москвада орус бийликтери тарабынан камакка алынган. Ал ЦРУга маалымат жеткирүү боюнча мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган.

Хакерлердин бири – Карим Баратов Казакстанда төрөлүп, Канаданын жарандыгын алган. Ал шейшемби күнү Канада бийлиги тарабынан кармалды.

Алар хакерчилик, түйүндөгү алдамчылык, коммерциялык сырды уурдоо жана экономикалык тыңчылыкка айыпталышууда.

Yahoo компаниясы былтыр жарыялагандай, алардын 500 миллиондой кардарынын электрондук даректери бузулган. 2014-жылы болгон бул окуя хакерлик чабуулдардын буга чейин белгилүүлөрүнүн эң ириси.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню