Menu

САЯСАТ

Мыктыбек Абдылдаевдин тыныгуу жасаганында кандай сыр бар?

 

Буга чейин президенттик шайлоого чыга турганы күбүр-шыбыр кепке айланып келген Мыктыбек байкебиз эмнегедир унчукпай, тыныгуу алууда. Азырынча аламанга аттануусу боюнча «ак» же «көк» деп да айта элек. Биз кылдат саресеп салып көрсөк, Мы­ктыбек Абдылдаев КСДПнын талапкери президенттик шайлоого талпынгандан кийин бир чечимге келет экен. Ушул тапта эликти аңдыган илбирстей эле күтүү режими байкалды. Сыягы, генерал мырза бийликтин кадамынан кийин өз оюн ачыктайт окшойт. Эгерде ал хан такты үчүн чындап ат салышса, саясый талаанын картасы кыйла бузулат эле… А жеңишке жетүү Кудайдын буйругунан дечи…

Булак: “Азия ньюс”

Кабыл Макешов, журналист: Атамбаевдин мураскери ким болот же мураскер тууралуу бир икая

Келээрки президент ким болот?

Учурда коомчулукта келээрки президент ким болоор экен деген суроо көпчүлүктүн көңүлүн буруп, эл арасын түрдүү имиштер аралап жүргөн чагы. Алмазбек Атамбаев бир нече ирет маалымат жыйындарда, расмий жолугушууларда менде мураскер болбойт деп айтканы менен Ак үй, Көк үйдөгү билермандардын айтымында түн уйкусу бузулуп, тымызын мураскер издештирип жаткан сыяктуу. Алгач ажо мураскер катары эң алды Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов менен Сапар Исаковду, анан Иса Өмүркуловду же Чыныбай Турсунбековду, Сооронбай Жээнбековду, кийинчерээк Аалы Карашев менен Калык Султановду таптап жатыптыр деген имиштер эл арасына желдей тарап турган учуру. Деги дейт деген эле имиштер көп…Алгач Бишкек мэри Албек Ибраимов президенттик жарышка салууга ниет кылганы менен анысы Кой-Таштагы президентке “белек” кылган  3 гектардай жердин айынан жыдып калыптыр дешти… Бир вариант боюнча А.Ибраимовду мэрликтен кийин премьер, ал эми С.Исаковду Президенттик апппараттын жетекчиси кылып, анан Албекти мураскер болот деген ниет болгон дешкен божомолдор суу кечпей калды көрүнөт. Атамбаевдин “балашкаларынын бири” Сапар Исаков дале быша электигин, Түркиядагы “ооруган” учурунда маселелерди чечалбай, чийки экенин, мураскерге жарабасын далилдеп койду дешет адистер.  Ажонун дагы бир варинаты Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбековду алып чыгат имиш чыкты эле…  Айла кетсе түштүк таасирин басаңдатуу үчүн айла жоктон премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сүрөөнгө алышы мүмкүн деген божомолдор да айтылып келаткан эле. Акыры Сооронбайды дагы артка түртүп, түштүктөн чочулагандыктан, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташевдин бириккенинен кооптонуп, аларга каршы турса бир Аалы Карашев жарайт дегенби, айтор акыркы маалыматтар боюнча ушундай версия иштелип жаткан сыяктуу.  Ушул сыяктуу бүйүр кызыткан кеп-сөздөр желдей тарап, түрдүү ой-пикирлер айтыла баштады.  Чынында эле учурда көрүп, байкап жатасыздар, аткаруу кызматтарында КСДПнын таасирдүү адамы жок сыяктуу сезилүүдө. Алардын кадр саясаты аксап, кыйчалыш кырдаал түзүлүп турат окшойт…

Талапкерлер да  талпына баштады…

Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров биригип, президенттик шайлоого бир талапкер чыгарууга бел байлап,алар бирөөнү сүрөөнгө алууга бел байлап, азыртан даярдык көрө баштады. Дал ушул дымкатуу саясый күчкө дагы бир топ саясатчылар, учурдагы бийликтен ыдык, кордук көргөн коомдук ишмерлер да кошулуп, чооң күчкө айланып кетиши да ыктымал… Экинчи жагынан парламенттеги фракция лидерлери Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги партиялаштары тарабынан сунушталып, аламан байгеге карай аттанаары анык болуп калды. Ошол учурда  экс-премьер-министр Темир Сариев дагы өз алдынча күч топтоп, белдүү саясатчыларды өзүнө тартып, президенттик жарышка  ат тизгинин кое берээрин “Ак шумкар” партиясы айтып чыкты. Учурда УКМКнын абагында камалып турган белгилүү оппозиционер Өмүрбек Текебаевдин да талапкерлерин “Ата-мекен” партиясы бир добуштан колдоп, учурда анын рейтинги жогорулап баратканы да анык.

Мураскер ким болоор экен?

Албетте, туш тараптан кысып жаткан чакта  Алмазбек Атамбаев атаандаштарына туруштук бере турган ылайыктуу мураскер таба албай,  учурда айласы куруп турган учуру. Учурда Атамбаевдин айланасында, же анын ишенимине бекем кирген, топ жара турган көрүнүктүү ишмерлерден Иса Өмүркуловдон башка барандуу саясатчы жокко эсе болуп бараткансыйт. Акыркы мезгилде аппарат жетекчисине дайындалган Сапар Исаковго басым жасалгандай. Бирок, “оң колу” ишти алып кете алабы, эл ага ишеним көрсөтөбү, оппозициянын чабуулуна туруштук береалабы же компюьтер менен “ишти” бүткөрүп коюшабы??? Же кийинки учурда президенттин чет өлкөлөргө сапарларында коштоп барып жүргөн кеңешчиси, экс-министр Калык Султанов мураскер болушу да мүмкүн дешет адистер.  Балким ким билет? Суроо артынан суроо, азырынча ынанымдуу жооп жок. Мезгилдин мажбурлоосу, саясый оюндардын капшабы менен Өмүрбек Бабановдун бактысы ачылып кетиши да ыктымал. Ажодон ыдык көргөндөрдөн же оппозиция өкүлдөрүнүн бирөө кокус бийликке келип калышса, Атамбаевдин былыктары чыгып,  ачык куугунтукка кабылышы ажеп эмес да.

Мураскер тууралуу бир икая

Аргасыздан мураскер тууралуу бир икая эсиме түштү. Илгери бир Хан: “Мен карыдым, арыдым, кимиңер мага татыктуу мураскер болуп, эл-журтума тирек болосуңар” деп мыктыларын, жан-жөөкүрлөрүн, кеңешчилерин, акылмандарын жыйып, “мен силерге мына бул гүлдүн уруктарын берем. Кимиңер мыкты гүл өстүрүп келсеңер, ошол менин мураскерим болот” деп баарына гүлдүн үрөнүн таратат. Мураскерликке талапкерлер сүйүнүп, расмий каттоодон өтүп, үйлөрүнө кудуңдап жөнөшөт. Ошол үрөндөн алган элине ак кызмат кылсам деген жаш жигит, үйүнө келип, гүлдүн уругун эң таза идишке, эң мыкты жердин семиз топурагын салып отургузуп, күнүгө алыскы тоонун эң таза булагынан азап-тозок менен суу алып келип, сугарып, ар күнү күндүн жарык нуру тийсин деп, абдан камкордук менен гүлдү өстүрүүгө бардык аракетин көрөт. Күн өткөн сайын ал, “гүлүм өнүп чыкса, аны бапестеп өстүрсөм”- деп аруу тилек кылат. Күндөр өтүп, айлар жылса дагы, канчалык аракет кылса дагы  анын гүлү өспөй, убара, бушайман кылат.  Мураскерди аныктоочу белгиленген күн келип, тиги жигиттин үйүнүн жанынан укмуштай кооз гүлдөрдү көтөргөн Хандыкка талапкерлер шаңдануу менен өтүп жатканын көрүп,  жигит аябай ызаа болот. Баласынын чындап аракет кылганын, мээнетин байкаган атасы: -Уулум сен гүл өстүрүү үчүн бардык аракетиңди көрдүң. Хан алдына барып,  канчалык аракет кылсам дагы гүлдү өстүрө алганым жок деп чындыкты айт. Сенин башыңды алып алмак беле. Абдан аракет кылганыңа кошуналар деле күбө эмеспи, -деп уулун Ханга жөнөтөт. Жигит колуна гүлү өспөгөн идишин далил катары көтөрүп, хан алдына өзүн күнөөлүүдөй сезип, маанайы жок барат.

Хан укмуштай кооз гүл өстүргөн шакирттерине, мыктыларына көңүл бурбай, гүлү өспөй маанайы пас четте турган жигитти колунан жетелеп келип, “ Мына ушул жигит менин мураскерим болот” деп, жигитти ортого алып чыгып, салтанаттуу түрдө расмий жарыя кылат.Тиги кооз, укмуштай гүл өстүргөн  “мыктылар” “биз укмуштай кооз гүл өстүрүп келсек, неге ушу гүлү өспөгөн немени мураскер кылып жатасыз” дешип, Ханды жаалап киришет. Ошондо Хан: -Ушул жигит гана чынчыл, ак ниет, калп айтпаган адам экен. Себеби, мен баарыңарга берген гүлдүн үрөнү куурулган, өспөй турган үрөн болчу. А силер мени алдап, башка үрөндөн гүл өстүрүп, көз боемочулук, алдамчылык кылып келдиңер” деген экен.  Ошентип, чынчыл, ак ниет жигит Хандын мураскери болуп, эл-журтун адилет башкарып, калк кадырлаган  адилет, калыс Хан болуп калган экен.

Биздин элибизге да адилет, калк камын көргөн мураскер же талапкер табылаар бекен?!…  Ай ким билет? Чынында эле кыргыз элинен да “бычакка сап” жигиттерден бир татыктуу талапкер табылышы да  толук ыктымал. Эгер учурдагы бийлик бут тоспосо… Марага “күлүктөр” кое берилгени турат, кимисин элибиз сүрөөнгө алып, озуп чыгаар экен.  Же жердешчиликтин айынан далай мыктыларга бут тосулаар бекен???

Кабыл Макешов,  эркин журналист.

Августка чейин Текебаевге соттун өкүмү чыгып, узак мөөнөт менен түрмөгө узатуу каралып атыптыр

УКМКнын камагында Өмүрбек Текебаевге байланышкан кылмыш иштери ылдамдык менен тергелип, август айына чейин соттолору боюнча эшиттик. Себеби, козголгон кылмыш иштери чубалжый берсе, соттук өкүм кечиксе, анда биринчиден, саясый жагы да курчуй берет. Экинчиден, Текебаев президенттик шайлоого кандидат катары катталуусуна шарт түзүлөт. Мындай жагдайда ал аралык коомчулуктун, ошого катар кыргыз элинин бүйүрү кызыйт. СИЗОдо жатып президенттик шайлоого ат салышкан адамдын рейтинги көтөрүлүп кетиши да ажеп эмес. Андыктан, Өмүкенин ишин тездетип, жай айларында узак мөөнөт менен түрмөгө жөнөтүшөрү пландалып калгандай. Билесиңер да, аз күн мурда «Ата Мекен» партиясы Текебаевдин талапкерлигин бир добуштан колдошуп, хан тактыга жеткирүү идеясын көтөрүшкөн. А бийликгин көздөгөнү тескерисинче, аны саясаттан сүрүп чыгарып, узак жылдарга чейин караңгы дубалдардын ичинде кармоо… Бирок, Кыргызстанда кырдаал тез өзгөрүлүп турат эмеспи, аягы кандай болору бир гана Жараткандын буйругуна байланыштуу…

Булак: “Азия ньюс”

Милиция ичинде Сүйүн Өмурзаковдун кадыры өсүүдө

ИИМде дагы деле реформа аягына чыкпай, дегеле бул система кандай ийгиликтерге жетип атканы боюнча маалымат азайып кетти. Министр Улан Исраилов аракет кылып аткандай өңдөнөт, бирок жыйынтыгын көрө албай жатабыз. Коомдук коопсуздук абалды чыңдоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жагына кандай баа берсек болот? Ушул өңүттөн көп эле көйгөйлөр жаралууда. Азырынча дагы күтө туралы. Бирок, ИИМдин ишин күжүрмөндүк менен илгерилеткен кадрлар да бар. Мисалы, генерал Сүйүн Өмүрзаков өзүнүн багыты боюнча ишин тыңгылыктуу алпарып атканы, милициянын келечеги үчүн чындап күйүп иштегенин билебиз. Профессионалдык жагынан Сүкө алдыга озуп, таза, ырааттуу иштегенин айткандар арбыды. Баса, өзүн пиар кылбаса да, кадимкидей көзгө көрүнүп калды. Эгер ал министр болсо, ИИМдин реформасы, кадр саясатынын натыйжасы жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү кыйла алдыга жылат беле?

Булак: “Азия ньюс”

Видео - Беларустун үч шаарында "Бекерпоздордун маршы" өттү

Беларустун Минск, Гродно жана Могилев шаарларында “Бекерпоздордун маршы” өтүүдө. Каршылык акциянын катышуучулары декретти жокко чыгарып, чогулган каражатты кайтарып берүүнү талап кылып жатышат. Эгер булар аткарылбаса, бийликке нааразы болгондор президент менен өкмөттүн отставкасын талап кылышат.

Мындан тышкары алар бийликти аймактардагы каршылык акциясында кармалгандарды бошотууга жана репрессияны токтотууга чакырышууда.

Акцияга катышкандардын пикиринде, “бекерпоздук жөнүндө” президент Александр Лукашенконун декрети Конституцияга жана Беларустун эл аралык милдеттенмелерине шайкеш келбейт. Алар бийликти жумушсуздар менен эмес, жумушсуздук менен күрөшүүгө үндөшүүдө.

“Бекерпоздук салыгына” каршы Беларуста февралдан бери жапырт каршылык акциялары өтүүдө. Жаңы мыйзамга ылайык, расмий түрдө иштебеген ар бир жаран жылына казнага 200 евро төлөшү керек. Митингдерден кийин президент Лукашенко салыкты төлөө мөөнөтүн кийинки жылга жылдырган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Кабыл Макешов, журналист: Атамбаевдин мураскери ким болот же мураскер тууралуу бир икая

Келээрки президент ким болот?

Учурда коомчулукта келээрки президент ким болоор экен деген суроо көпчүлүктүн көңүлүн буруп, эл арасын түрдүү имиштер аралап жүргөн чагы. Алмазбек Атамбаев бир нече ирет маалымат жыйындарда, расмий жолугушууларда менде мураскер болбойт деп айтканы менен Ак үй, Көк үйдөгү билермандардын айтымында түн уйкусу бузулуп, тымызын мураскер издештирип жаткан сыяктуу. Алгач ажо мураскер катары эң алды Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов менен Сапар Исаковду, анан Иса Өмүркуловду же Чыныбай Турсунбековду, Сооронбай Жээнбековду, кийинчерээк Аалы Карашев менен Калык Султановду таптап жатыптыр деген имиштер эл арасына желдей тарап турган учуру. Деги дейт деген эле имиштер көп…Алгач Бишкек мэри Албек Ибраимов президенттик жарышка салууга ниет кылганы менен анысы Кой-Таштагы президентке “белек” кылган  3 гектардай жердин айынан жыдып калыптыр дешти… Бир вариант боюнча А.Ибраимовду мэрликтен кийин премьер, ал эми С.Исаковду Президенттик апппараттын жетекчиси кылып, анан Албекти мураскер болот деген ниет болгон дешкен божомолдор суу кечпей калды көрүнөт. Атамбаевдин “балашкаларынын бири” Сапар Исаков дале быша электигин, Түркиядагы “ооруган” учурунда маселелерди чечалбай, чийки экенин, мураскерге жарабасын далилдеп койду дешет адистер.  Ажонун дагы бир варинаты Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбековду алып чыгат имиш чыкты эле…  Айла кетсе түштүк таасирин басаңдатуу үчүн айла жоктон премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сүрөөнгө алышы мүмкүн деген божомолдор да айтылып келаткан эле. Акыры Сооронбайды дагы артка түртүп, түштүктөн чочулагандыктан, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташевдин бириккенинен кооптонуп, аларга каршы турса бир Аалы Карашев жарайт дегенби, айтор акыркы маалыматтар боюнча ушундай версия иштелип жаткан сыяктуу.  Ушул сыяктуу бүйүр кызыткан кеп-сөздөр желдей тарап, түрдүү ой-пикирлер айтыла баштады.  Чынында эле учурда көрүп, байкап жатасыздар, аткаруу кызматтарында КСДПнын таасирдүү адамы жок сыяктуу сезилүүдө. Алардын кадр саясаты аксап, кыйчалыш кырдаал түзүлүп турат окшойт…

Талапкерлер да  талпына баштады…

Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров биригип, президенттик шайлоого бир талапкер чыгарууга бел байлап,алар бирөөнү сүрөөнгө алууга бел байлап, азыртан даярдык көрө баштады. Дал ушул дымкатуу саясый күчкө дагы бир топ саясатчылар, учурдагы бийликтен ыдык, кордук көргөн коомдук ишмерлер да кошулуп, чооң күчкө айланып кетиши да ыктымал… Экинчи жагынан парламенттеги фракция лидерлери Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги партиялаштары тарабынан сунушталып, аламан байгеге карай аттанаары анык болуп калды. Ошол учурда  экс-премьер-министр Темир Сариев дагы өз алдынча күч топтоп, белдүү саясатчыларды өзүнө тартып, президенттик жарышка  ат тизгинин кое берээрин “Ак шумкар” партиясы айтып чыкты. Учурда УКМКнын абагында камалып турган белгилүү оппозиционер Өмүрбек Текебаевдин да талапкерлерин “Ата-мекен” партиясы бир добуштан колдоп, учурда анын рейтинги жогорулап баратканы да анык.

Мураскер ким болоор экен?

Албетте, туш тараптан кысып жаткан чакта  Алмазбек Атамбаев атаандаштарына туруштук бере турган ылайыктуу мураскер таба албай,  учурда айласы куруп турган учуру. Учурда Атамбаевдин айланасында, же анын ишенимине бекем кирген, топ жара турган көрүнүктүү ишмерлерден Иса Өмүркуловдон башка барандуу саясатчы жокко эсе болуп бараткансыйт. Акыркы мезгилде аппарат жетекчисине дайындалган Сапар Исаковго басым жасалгандай. Бирок, “оң колу” ишти алып кете алабы, эл ага ишеним көрсөтөбү, оппозициянын чабуулуна туруштук береалабы же компюьтер менен “ишти” бүткөрүп коюшабы??? Же кийинки учурда президенттин чет өлкөлөргө сапарларында коштоп барып жүргөн кеңешчиси, экс-министр Калык Султанов мураскер болушу да мүмкүн дешет адистер.  Балким ким билет? Суроо артынан суроо, азырынча ынанымдуу жооп жок. Мезгилдин мажбурлоосу, саясый оюндардын капшабы менен Өмүрбек Бабановдун бактысы ачылып кетиши да ыктымал. Ажодон ыдык көргөндөрдөн же оппозиция өкүлдөрүнүн бирөө кокус бийликке келип калышса, Атамбаевдин былыктары чыгып,  ачык куугунтукка кабылышы ажеп эмес да.

Мураскер тууралуу бир икая

Аргасыздан мураскер тууралуу бир икая эсиме түштү. Илгери бир Хан: “Мен карыдым, арыдым, кимиңер мага татыктуу мураскер болуп, эл-журтума тирек болосуңар” деп мыктыларын, жан-жөөкүрлөрүн, кеңешчилерин, акылмандарын жыйып, “мен силерге мына бул гүлдүн уруктарын берем. Кимиңер мыкты гүл өстүрүп келсеңер, ошол менин мураскерим болот” деп баарына гүлдүн үрөнүн таратат. Мураскерликке талапкерлер сүйүнүп, расмий каттоодон өтүп, үйлөрүнө кудуңдап жөнөшөт. Ошол үрөндөн алган элине ак кызмат кылсам деген жаш жигит, үйүнө келип, гүлдүн уругун эң таза идишке, эң мыкты жердин семиз топурагын салып отургузуп, күнүгө алыскы тоонун эң таза булагынан азап-тозок менен суу алып келип, сугарып, ар күнү күндүн жарык нуру тийсин деп, абдан камкордук менен гүлдү өстүрүүгө бардык аракетин көрөт. Күн өткөн сайын ал, “гүлүм өнүп чыкса, аны бапестеп өстүрсөм”- деп аруу тилек кылат. Күндөр өтүп, айлар жылса дагы, канчалык аракет кылса дагы  анын гүлү өспөй, убара, бушайман кылат.  Мураскерди аныктоочу белгиленген күн келип, тиги жигиттин үйүнүн жанынан укмуштай кооз гүлдөрдү көтөргөн Хандыкка талапкерлер шаңдануу менен өтүп жатканын көрүп,  жигит аябай ызаа болот. Баласынын чындап аракет кылганын, мээнетин байкаган атасы: -Уулум сен гүл өстүрүү үчүн бардык аракетиңди көрдүң. Хан алдына барып,  канчалык аракет кылсам дагы гүлдү өстүрө алганым жок деп чындыкты айт. Сенин башыңды алып алмак беле. Абдан аракет кылганыңа кошуналар деле күбө эмеспи, -деп уулун Ханга жөнөтөт. Жигит колуна гүлү өспөгөн идишин далил катары көтөрүп, хан алдына өзүн күнөөлүүдөй сезип, маанайы жок барат.

Хан укмуштай кооз гүл өстүргөн шакирттерине, мыктыларына көңүл бурбай, гүлү өспөй маанайы пас четте турган жигитти колунан жетелеп келип, “ Мына ушул жигит менин мураскерим болот” деп, жигитти ортого алып чыгып, салтанаттуу түрдө расмий жарыя кылат.Тиги кооз, укмуштай гүл өстүргөн  “мыктылар” “биз укмуштай кооз гүл өстүрүп келсек, неге ушу гүлү өспөгөн немени мураскер кылып жатасыз” дешип, Ханды жаалап киришет. Ошондо Хан: -Ушул жигит гана чынчыл, ак ниет, калп айтпаган адам экен. Себеби, мен баарыңарга берген гүлдүн үрөнү куурулган, өспөй турган үрөн болчу. А силер мени алдап, башка үрөндөн гүл өстүрүп, көз боемочулук, алдамчылык кылып келдиңер” деген экен.  Ошентип, чынчыл, ак ниет жигит Хандын мураскери болуп, эл-журтун адилет башкарып, калк кадырлаган  адилет, калыс Хан болуп калган экен.

Биздин элибизге да адилет, калк камын көргөн мураскер же талапкер табылаар бекен?!…  Ай ким билет? Чынында эле кыргыз элинен да “бычакка сап” жигиттерден бир татыктуу талапкер табылышы да  толук ыктымал. Эгер учурдагы бийлик бут тоспосо… Марага “күлүктөр” кое берилгени турат, кимисин элибиз сүрөөнгө алып, озуп чыгаар экен.  Же жердешчиликтин айынан далай мыктыларга бут тосулаар бекен???

Кабыл Макешов,  эркин журналист.

"Ата Журттун" лидери КСДПга оогону турабы?

Соңку убактагы президент Атамбаевдин ачуу билдирүүлөрүнөн кийин Камчыбек Ташиев бийликти жактагандай сүйлөп, позициясын өзгөртө баштаганы эмнеси? Шайлоого жетпей эле соодалашууну кыялдандыбы, же Алмазбек Шаршеновичтин жинине тийип, дагы бир балээге кабылуудан коркуп калган кербезиби? Негизи каарманыбыздын жүрүш-турушу чыныгы кыргыздын образын берет эмеспи, жөн жүрбөй дагы бир чууга кабылса, анан ыңгайды күтүп аткан бийлик тутуп алышы мүмкүн. Айтор, «Ата Журттун» лидери баардык жагын таразалап атса керек. Атамбаев бийликтен кеткени менен деле анын сүймөнчүгү президент болсо, кайрадан эле ушул система улана бермекчи. Негизи Камчыке капталдан качырганын таштап, президент менен тил табышууну көздөсө, максатына жетет эле. Ансыз да КСДПнын рейтинги Жалал-Абад облусунда начарлап турганда, Ташиевдей оор салмактуу саясатчыны жоошутуп алышса жаманбы? Ак көңүлү кармаса, КСДП үчүн күрсүлдөп иштеп берет болчу.

Булак: “Азия ньюс”

Депутаттар 22-23-март күндөрү өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алпарат

КР ЖК Басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, Жогорку Кеӊештин депутаттары 22-23-март күндөрү өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алпарат. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

 

Мырзакматов азырынча Кыргызстанга кайтпайт экен

Башта Мелис Мырзакматовдун Кыр­гызстанга кайтып келүүсү боюнча сез тарап, Ош тарапта тарапташтары күдүңдөй башташкан. Алдын ала анализ кылып аткан күч органдары тымызын түрдө Мырзакматовго кулак кагыш кылганы, «келсең камаласың» дегендей ишараты бекер жеринен айтылбаса керек. Мындан улам Меке акыл калчап, «Кыргызстанга барып камалгыча чет жерде турист болуп жүргөнүм жанга жагымдуу да» дегендей чечимге келиптир. Туура да. Ким эле камалып кеткиси келсин?

Булак: “Азия ньюс”

Трамп Мексика чегине дубал курууга 4 миллиарддан ашык доллар бөлөт

АКШ президенти Дональд Трамп жакынкы эки жыл ичинде Мексика чегине дубал курууга төрт миллиард доллардан ашык каражат бөлөт. Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, бул максатка жумшалчу чыгымдар Конгресстин кароосуна жөнөтүлгөн бюджет долбоорунда көрсөтүлгөн.

Февралда АКШнын Ички коопсуздук министрлиги дубалдын курулушун 20 миллиард доллардан ашык суммага баалаган. Долбоордун акыркы баасы майдын ортосунда, Трамп дубал курулушунун кеңири сметасын сунуштаганда белгилүү болот.

Трамптын башкы максаттарынын арасында көптөгөн иш орундарын түзүү жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү чаралары бар. Январдын соңунда президент Кошмо Штаттар менен Мексиканын чегине дубал тургузуу тууралуу жарлыкка кол койгон. АКШ президенти алгач дубалдын курулушуна кетчү чыгымдарды жарым-жартылай Мексика өкмөтү төлөй турганын билдирген, бирок кийинчерээк бул пландарынан баш тарткан.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню