Menu

САЯСАТ

Кайып Шер, Апрель революциясынын катышуучусу: «7-апрелде эл аянтта атылып жатканда Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү ал жерден качып кеткен»

 

-Кайып мырза, сиз 7-апрелде Ала-Тоо аянтында туу көтөрүп элдин алдында жүрдүңүз эле. Атамбаев сыйлыктарды тапшырып жатканда “7-апрелдеги балдар Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү байысын деп өлдүбү?”- деп айтты. Ушул сөз 7-апрелде окко учкан балдардын эмгеги текке кетип, элдин ишеничи, ой-максаты ишке ашпай калганына баа берүү болду окшойт. Сиз буга кандай дейсиз?

— Туура, мен бул тууралуу 3–4 жыл мурда эле «Биз максатка жетпей калдык!» деп айтып, кан менен бийликке келгендер берген «Апрель роволюциясынын баатыры» деген медалымды ыргытып баса бергем. Бул менин Убактылуу Өкмөткө болгон нааразычылыгым. Чын эле ошол күнү каза болгон Баатырлардын арбагы ыраазы болбогондой иштер болду да. Балдардын каны төгүлүп, кыргыз элин кайгыга салган окуянын аркасы менен акмактардын ою кандай болгонун түшүндүм да, медалыңарды өзүңөр эле тагып алгыла деп айткам. Булардын былык иштери тууралуу көбүрөөк көйгөйлөрдү чыгаруу үчүн акыркы 3–4 жылдан бери көп маалыматтарды берүүнү күчөтүп жатабыз. Чынын айтайын, 7-апрелде эл аянтта атылып жатканда Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү ал жерден качып кеткен. Бийликке олтуруп алган Убактылуу Өкмөттүн көпчүлүгү «самозванецтер». Булардын аянтка келбей койгонуна элдин ачуусу келген. Эми ошол күнү кимдин эмне кылганын айтып берейин.

— Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүнбү?

— Ооба, ошол самозванецтердин. Биз Ак үйдүн дарбазасында кылчылдап жаныбыздын айласын таппай турганда, Убактылуу Өкмөттүн бир мүчөсү СНБдан чыгып алып, эл кырылып аткан Ак үйдүн алдынан эмес, арткы эшик жагынан кирип, Данияр Үсөнов менен жолугуп, анын кабинетинде арак ичип, далдалчы болуп сүйлөшүп чыкканы боюнча маалыматыбыз бар. Элдин арты менен бийликке келгендер Токтайымчалык да боло алган жок. Ал бизге жакса-жакпаса дагы «Форумдан» Ала-Тоо аянтына чейин биз менен келген. Эл алдына чыга албай, Ак үйгө кирип сүйлөшүп жүргөндөрдөн көрө Токтайымды чакыргылачы, ошону киргизели дегенбиз. Бул да ачуу чындык. Балдар Текебаев мени атып салат деп аянтка келбей койду дешти. 7-апрель күнү кийин президент болуп олтурган Роза Отунбаеваны да көргөн эмеспиз. Биз ошол кезде эле Отунбаева баш болгон Убактылуу Өкмөттү иштешине жол бербей, кыйкырып чыкмакпыз. Бирок, мамлекеттин туруктуулугу үчүн деп унчуккан эмеспиз. Эртели-кеч ушундай суроолор бериле турганын билгем. Мен утурумдук бийликтин башында турган Отунбаеваны баш кылып болгон чындыкты айта берем.

— Отунбаева убактылуу эле президент болбодубу. Ал киши көп нерсеге кийлигише бербесе керек?

— Мен 7-апрель күнү башымды сайып коюп, колума туу көтөрүп алдыда жүрдүм. Бийлик алмашкандан кийин деле соттон, бийликтен акыйкаттыкты таппагандар менен көп эле жолу жолуктум. Отунбаева президенттиктен кетип жатканда роза гүлү менен узатканбыз. Бул анын жасаган иштерине ыраазы болуп, чын көңүлдөн гүл бергенди билдирбейт. Биз мамлекетте туруктуулук болсун, мурунку эки президентти таш менен кубаладык эле, муну гүл менен узаталы, кийинки президент ат минип узагыдай болсун дегенбиз. Бирок, ошол күндөн ушул күнгө чейин Отунбаеванын туугандарына нааразы болгондор көп. Мисалы, бир тууган күйөө баласы Ново-Павловка деген эң бай айыл өкмөтү бар, ошол айыл өкмөткө караштуу жерлерди 90-жылдардан бери эле басып алып келе жатат. Бул иштерди саясатчылар, алардын туугандары, демократтар жасашууда. 5-6 катынды акча чогулткуч кылып коюшат экен. Отунбаеванын күйөө баласы бар экен, нерви бир аз жукараак. Ошол кишиге нааразы болгондор «Эй Кайып Шери, сен мактап гүл менен узаткан президентиңдин күйөө баласы кууратты го бизди. Ошонун айынан өрттөнүп өлөбүз» дешти. Акаевдин, Бакиевдин туугандары бул жакта эле калсын, Отунбаеванын күйөө баласы элди катуу кууратыптыр да.

— Убактылуу Өкмөт бийликти бөлүп алышканын 7-апрель түнү уктуңар беле?

— Биз Ак үйдүн алдында ызы-чуу болуп жүрсөк, Убактылуу Өкмөтпүз деген кемпайлар Өкмөт үйүнө барып алышып, өздөрү эле күдүңдөшүп бийликти бөлүшүп алышыптыр да кургурлар. Булар 7-апрелде эле бийликке жетээр замат элди унутуп коюшкан. Аларың кыргызга кара түн түшүп жатканда бийликти бөлүп алгандар. Андан кийин деле миңдеген эл толкуп турду. Өзгөчө июнь окуясында. Ошол учурларда дагы булардын жок дегенде бирөөсү элдин алдына чыга алган жок. Анткени баары элге жаман көрүнүп калыптыр. Июнь окуясында кандай кыйынчылык болду. Кудайга миң мертебе шүгүр, мыкты азаматтарыбыз бар экен. Айталы, Камчы Ташиев, Алтынбек Сулайманов, Акмат Келдибеков сыяктуу жигиттер. Ушулар элдин арасында жүрүшкөн.

— Алмазбек Атамбаев деле Ала-Тоо аянтына келген эмес болчу да?

— Ооба, биз эч кимисин көргөн эмеспиз. Ошондо элдин көбү Атамбаевге таянып «Форумдан» келгенбиз. Ал учурда оппозициянын эң белдүүсү эле Атамбаев болгон. Кандай себептер менен экенин белбейм, Атамбаев 7-апрелде аянтка келген эмес. Мен ошондо эле булардын бир муштум болуп тура албаганын байкагам.

— Мародерлор туурасында эмне укканыңыз?

— Нурлан Асанов деген күзөтчү жигит бар болчу. Ал мага келип “мен Бакиевдердин мүлкүн кайтарам, мына бул лагер сеники болот” деп айтты. Мен макул болгонум жок, андайга тишим өтпөшүн билдим. Ал болсо «Болот Сүйүнбаевге айтпайсыңбы?» деп калды. Бир офисти көрсөттү, мен аянтка көп эл келет, бир офис алып койсокпу деп ойлодум. Макул деп Сүйүнбаевге барсам, «Мындай кишилерди бизге жолотпо» деп койду. Асановго барып «Булар болбой койду» десем, «анда мен Райкан Төлөгөновдорго кеттим, ошолор макул деп жатышат, алар менен барып ишти бүтүрөм» деп кеткен. Шайлоодон кийин Райкандын жардамчысы болуп иштеди. Мен ушул окуялар боюнча нааразычылык билдирип интервью бердим эле, ошондон соң аны иштен бошотушту. Башкалар боюнча айталбайм. Бирок ошондон шек санап калдым. Булар чын эле мародерлук кылышкан болсо керек деп. Мен 7-апрелде көтөрүп жүргөн туумду Текебаевге тапшыргам. Икрам деген бала алган эмес, ал туунун кадырын кайдан билсин. Атамбаев Текебаевди чоң айып менен камап жатпайбы. Текебаев өзүнүн ак-карасын аныктап алганга мүмкүнчүлүк алды.

— Сиз апрел баатырларын коюп жатканда Ата-Бейитке баргансыз да. Ошол жерде бийликке келгендер ант беришкен. Убактылуу Өкмөт ошол антынан тайышты да туурабы?

— Кыргызда “адам аласы ичинде” деп коёт. Ошол кезде убада бердик эле, анын өтөөсүнө чыга албадык деп элдин алдына чыгып, моомунча миллиондорду уурдадык, бизге болгон ишеничиңерди актай албадык деп чөгөлөп кечирим сураса элге эле эмес, Кудайга да жакмак. Бирок алардын антип айтышка кудурети жетпейт.

Булак: “Жаңы ордо”

Кожобек Рыспаевдин карызы көппү?

Парламент таркайт десе эле акчасына кайгырган эл өкүлдөрү бар. Алардын бири СДПК партиясынан ЖКдагы депутаты Кожобек Рыспаев, кесиптештери ушак таратып жаткандыгын кыйытканбы айтор, “Президент туура же туура эмес сүйлөп жатат деп айта албайм. Жогорку Кеңеш эмнеге тараш керек? Мен билбейм. Кайра шайлоо өткөрүү акча турат. Жөн эле кыйнала беребизби…” деп ачыктай албай кыйналган пикирин интернеттеги маалымат булактарынын бирине билдирген. Анан эмне өйдө тартса өгүзү өлөт. Ылдый тартса арабасы сынганы жатпайбы. Ошондуктан дүкөнчүнүн башын айланткан Апендинин ыкмасын колдонууну туура тапса керек.

Анда айтылуу Апендиге 300 сом карызын доолап дүкөнчү байкеси келет. Антсе жарыктык ал анекдоттогу тапаныбыз, мынча карыз экенин эстей албай жатканын айтып, байкесинин бал дептерин көргөзүүнү суранат. Жини келген дүкөнчү карыздарынын тизмесин алдына жая салат. Апендинин көзүнө дароо айыл имамынын 250 сом карызы чалдыгат. Касапчыга карап, “Биз имам экөөбүз кан доспуз. Ошондуктан анын акчасын мага чегер дагы ар жакта артып калган 50 сомду мага бер. Анан үчөөбүздүн ортобуздагы аласа-бересе жок болуп калат” деген тура тапанданып.

Булак: “Ачык саясат”

Алмаз Атамбаевдин эл алдында айткан айрым сөздөрү боюнча «Ата Мекен» депутаттык фракциясынын билдирүүсү

Парламенттик фракциянын лидери, 25 жылдык стажы бар саясатчы Текебаев Өмүрбек Чиркешович президенттик шайлоонун алдында камакка алынды. Депутат Ө.Текебаевди кармоо жана камакка алуу мыйзамдарды одоно бузуу менен ишке ашырылган. Аны аэропортто түн ичинде, Австриядан эл аралык конференциядан кайтып келе жатканда, негизсиз көп сандагы милициянын кызматкерлери тарабынан өтө коркунучтуу кылмышкер катары кармалган. Аэропортко аскердик жүк ташуучу машиналар, бир нече автобустагы милиция, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тартылган. Камакка алынгандан кийин көпкө чейин адвокат беришкен эмес. Бөгөт коюу чарасын кабыл алууда мыйзамдуу негизсиз соттун көчмө жыйынын өткөрүлүп, сот жыйыны жашыруун, жабык режимде өттү. Мындан сырткары, сотту өткөрүү орду алмаштырылып, түн ичинде болду.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесттик кодексинин 150-беренесине ылайык, кылмыштын жасалышын көрсөткөн жетиштүү маалыматтардын болушу жазык ишин козгоого негиз болуп эсептелгенине карабастан, Россия Федерациясынын жараны Л.Маевскийдин арызы менен гана айыптоо негизделген. Ошентип, далилсиз каралоочу көрсөтмөлөр менен гана ар кандай эле жаранды камоого мүмкүндүк берүүчү коркунучтуу прецедент түзүлүп жатат. Ошол эле убакта арыз берүүчүнүн инсандыгы, жалпыга маалымдоо каражаттарда берилген маалымат боюнча өзүнүн Ата Журтунун мыйзамдарында каршылыктар бар экени, ошондой эле анын эл аралык деңгээлдеги алдамчы экени эске алынган эмес.

«Ата Мекен» парламенттик фракциясынын лидери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Текебаевдин, Д.Чотоновдун мыйзамсыз кармалышы жана камалышы менен байланышкан акыркы окуялар фракциянын мүчөлөрү, депутаттар А.Шыкмаматовго, А.Саляновага, ошондой учурдагы президентке карата сын-пикир менен чыккан жарандарга карата козголгон кылмыш иштери бийликтин оппоненттерин саясий куугунтуктап жатканын ачык далилдейт. Парламенттеги угууларда Башкы прокурор И.Жолдубаева жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы А.Сегизбаев депутат Ө.Текебаевди кармоо жана айыптоо боюнча маалыматты берди, бирок алардын дооматтары жана түшүндүрмөлөрү эң эле ишенимсиз, ачыктан-ачык саясий мүнөздө айтылды.

2017-жылдын 6-мартындагы пресс-конференциянын жүрүшүндө, Россия Федерациясынын президенти В.Путиндин визити учурунда Президент А.Атамбаев күтүлбөгөн сөздөрдү айтты. Ал Л.Маевскийдин арызына түшүндүрмө берип, Ө.Текебаевдин аракетин «суудан да таза алдамчылык жана коррупция» деп атады. Аны менен, чындыгында кылмыш ишине баа берди, ачыктан-ачык соттун чечимин алдын-ала аныктады. Мамлекет башчысы Конституциянын ар бир адам мыйзамда каралган тартипте күнөөлүү экени далилденмейинче жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргени аныкталмайынча кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт деген талаптарын эл алдында бузду. Анын сөздөрүн «Ата Мекен» парламенттик фракциясы тергөө органдарына түздөн-түз басым, аракетке көрсөтмө катары кабыл алат.

«Ата Мекен» фракциясы Атамбаевдин «Ата Мекен» партиясы сасыган партия жана мародёрлордун партиясы» деген сөзүн шылдыңдоо жана мамлекет башчысынын кебине татыктуу эмес деп эсептейт. Бул каралоо кампанияларынын жана камоолордун башында президент Атамбаев өзү турганын далилдейт. Мындай жеңил-желпи сөздөрү менен ал биздин өлкөнү дүйнөлүк коомчулуктун астында оңтойсуз абалга коюп жатат.

Өмүрбек Текебаев президент А.Атамбаевди ыйгарым укуктарын чоңойтуп алганы боюнча бир канча жолу сынга алган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынын түзүлө турган бийлик органдарын укуксуз түзгөн, ал бекитпей турган улуттук стратегияларды укуксуз бекиткен, анын ыйгарым укуктарына кирбеген маселелер боюнча ар түрдүү жумушчу органдарды түзгөн. Бул сыяктуу бийликтин саясий  рудименттери укуктук мамлекеттин принциптерине каршы келет жана Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарынын мыйзамсыз кеңейтилишинин белгилерин камтыйт. Буга байланыштуу, депутат Ө.Текебаев президенттин импичментин демилгелөө маселесин көтөрүп келген.

Жогоруда көрсөтүлгөн бардык жагдайлар 2017-жылдын күзүндө боло турган президентти шайлоонун алдында саясий оппонентти куугунтукка алууга себеп болду.

Ө.Текебаевге каршы айыптоо саясий жактан уюшулган, ал эми президент А.Атамбаевдин бардык сөздөрүнө жана аракеттерине саясий, укуктук жана этикалык баа берилиш керек!

Президент жана күч түзүмдөрү тарабынан саясий куугунтуктун токтотулушун талап кылабыз! Биз оңой эмес жол менен, ал тургай адам курмандыктары менен умтулуп жаткан бардык демократиялык баалуулуктарды жоготпошубуз керек!

Президент А.Ш.Атамбаевден эл алдында өзүнүн саясий оппоненттерин маскаралоону, өз жарандарын шылдыңдоону, сотторго басым көрсөтүүнү токтотууну талап кылабыз.

Бардык прогрессивдүү коомдорду сөз эркиндигин, адам укуктарын коргоого, саясий же башка себептер менен куугунтуктоого каршы күрөшүүгө чакырабыз.

«Ата Мекен» партиясынын депутаттык фракциясы  

Темир Сариев, экс-премьер-министр: «Сариев трайбалист эмес, мекенчил адам»

 

-Темир Аргембаевич, сиз дагы кыргыз саясатында төбөсү көрүнүп калган саясатчылардын бирисиз. Андыктан азыркы саясий абалга анализ жүргүзүп, өзүңүздүн жыйынтыгыңызды чыгарып жатсаңыз керек. Саясий абал улам курчуп баратат. Кыйын кырдаалга барып такалбайбы?

— 2017-жыл кыргыз эли үчүн өзгөчө жылдардын бири болуп, мамлекет башчысынын шайлоосу өтөт. Өлкөдө биринчи ирет мамлекет башчысы өзүнүн алты жылдык мөөнөтүнүн аягына чейин отуруп, кызмат ордун мыйзамдын чегинде, шайлоонун жыйынтыгы менен жеңишке жеткен адамга өткөрүп бергени жатат. Ачык айтыш керек, бул үчүн да күчтүү эрк керек. Буга чейин 2005-жылы андан кийин 2010-жылы мамлекет башчысын шайлоо курч маселелердин негизинде келип чыккан. Андыктан бул жолку шайлоо баарыбыз үчүн маанилүү. Шайлоону тынч, мыйзам чегинде, эл берген добуштун жыйынтыгы менен бийликти алмаштырып, бир колдон экинчи колго өткөрүп берсек, өлкөдөгү туруктуулукту, бийликти түптөө маданиятын бекемдей алабыз. Шайлоого баратканыбыздан кийин сөзсүз саясий абал курчуйт. Азыр эле бири-бирине компроматтар согушу жүрүп баштады. Бул жөн маселе эмес. Азыркы президенттин “Кызматтан кеткенден кийин Парламентке, Өкмөткө да барбайм” деп айткан сөзүн эрдик катары кабыл алсак болот. Мындан кийин да ушул тартип улануусу керек. Биз каалайбызбы-каалабайбызбы шайлоо жакындаган сайын саясий айдыңда шайтан оюндар күч алат. Кыргызстан үчүн элдин ынтымагы, биримдиги, өлкөдөгү абалдын туруктуулугу биринчи орунда болушу керек. Бийлик органдары мыйзам чегинде иштеши зарыл.

— “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев эки айга камакка алынганы да абалды курчутуп жиберди. Парламенттеги оппозиция лидеринин камакка алынганын укканда кандай ойго келдиңиз?

— Өмүрбек Чиркешовичтин камалышы өлкөдөгү саясий абалды аябай курчутту. Ага тагылып жаткан күнөөлөр абдан олуттуу болуп турат. Бирок, укук коргоо органдары айтылып жаткан күнөөлөрдү далилдүү фактылар менен тактап, андан кийин сотко өткөзүп бериши керек. Бул иш мыйзамдын чегинде териштирилип, кандайдыр бир тирешүүлөргө алып келбөөсү кажет. Баары ачык-айкын болуп, таза иликтөө иштери жүрсө тирешүүлөргө жол берилбейт. Мен Өмүрбек Текебаевге карата кылмыш иши козголуп, аны камакка алган күнү эле өз оюмду билдиргем. Биз каалайбызбы-каалабайбызбы, бирөөгө жагабы-жакпайбы бул иште саясий боёк бар. Ошон үчүн абдан дыкат иликтөө жүрүүсү зарыл. Парламентте ушул маселени караганда бир топ суроолор пайда болду. Ал суроолорго УКМК, Башкы прокуратура так, ачык жооп бериши керек.

— Мына азыр Өмүрбек Текебаев камалды деп ызы-чуу болуп жатат. Буга чейин да Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков сыяктуу саясий лидерлерди камакка алуу, аларды сындыруу аракеттери болуп келген. Муну менен бийлик соттордун колу менен өзүнө күчтүү атаандаш болчуларды саясат айдыңынан чыгарып коюу оюнун жүргүзүп жаткан жокпу?

— Саясатта күчтүү жүргөн адамдарга кылмыш иши козголгондо, албетте саясатка айланат, саясий боёк берилет. Көп тармактарда реформа жүрүп жатат. Тилекке каршы, сот системасындагы реформа таптакыр аксап калды. Ошондуктан, саясий атаандаштарды мыйзамсыз ыкма менен алсыратып, саясат айдыңдан четке сүрөт деген сөздөр болуп жатат. Буга өлкөдөгү окуялар күбө болууда. Бирок, Камчыбек Ташиев соттон акталып чыгып, азыр саясатта өзүнүн орду бар. Ахматбек Келдибеков да өзүнүн мыйзамдуу укугун колдонот болуш керек деп ойлойм. Бул саясий буйрук болсо эртели-кечпи ачыкка чыгат. Мындай абалды укук коргоо органдарына, сотторго саясий кийлигишүүнү токтотуу жолу менен чектей алабыз.

— Сиз президенттик жарышка чыгам деп эң алгачкылардан болуп жарыяладыңыз. Учурда президенттин мураскери тууралуу кызуу талкуу жүрүп жатат. Мураскер тууралуу кандай пикирдесиз?

— КСДПдан көрсөтүлгөн талапкер түз эле мураскер болбойт. Баардык саясий партиялар өзүнүн талапкерин алып чыгууга укуктуу. Анын ичинде КСДП да бар. Андай укукту аларга чектеп коюу туура эмес болуп калат. Көрсөтүлгөн ошол талапкер өтүп кетет дегенден да алыс болушубуз керек. Биз мураскер эмес эл тандаган, өз добушун берген адамды президент кылып шайлашыбыз зарыл. Шайланып келген адам туруктуулукту сактап, элибиздин жашоо шартын көтөрүүгө өбөлгө түзгөн, калыс, акыйкат бийлик жүргүзүүгө милдеттүү болууга тийиш. Мен партиялык конференцияда мураскер деген сөздөн кетишибиз керек деп айткам. Президенттин мураскер калтырбайм деген сөзүнө ишенишибиз керек. Бизди сынаган негизги күч бул-элибиз.

— Шайлоо деп жүрүп элди түндүк-түштүк кылып бөлүп бүтпөдүкпү. Канчалык жокко чыгарбайлы тилекке каршы бул шайлоодо дагы атаандаштык түндүк-түштүк болуп жүрөт.

— Элди түндүк-түштүк, урууга бөлүү маселесин көтөргөндөр негизинен саясатчылар. Саясатчынын өзүнүн деми, ою жетпей, кылган ишин көрсөтө албай калганда акыркы аргумент катары ушул маселени көтөрө баштайт. Мен “түштүктөн болгонум үчүн же тескерисинче түндүктөн болгондуктан куугунтуктап жатат, түндүк түндүктүктү, түштүк түштүктөн чыккан лидерди колдош керек” деген саясатын жүргүзөт. Карапайым элдин ичинде түндүк-түштүк деген бөлүнүү сөзү жок. Мен өзүм көп жыл депутат, андан кийин Өкмөт мүчөсү болдум, Өкмөт башчысы болуп иштегенимде көп жерди кыдырдым. Барган жеримде эл менен сүйлөшкөнүмдө алардын ою таптаза, туптунук. Тескерисинче, бизге иштерман, тартипти катуу кармаган адам керек дейт.

— Түндүктөн чыккан саясий лидер түштүктөн добуш алуу үчүн түштүктөн чыккан тыңчыкмалар менен биригүүгө аракет жасап жатышпайбы. Сизди дагы түштүктөн чыккан саясатчылар менен биригүүгө аракет жасап жатат деп айтып жатышат. Биригүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканыңыз чындыкпы?

— Кыргызстанда туруктуу саясат болсун десек өзүбүз ич ара сүйлөшкөндү билишибиз зарыл. Ошонун ичинде жаңыдан саясий айдыңда көрүнүп келаткан жаш саясатчылардан тартып, эл ичинде аброю бар күчтүү инсандар менен да сүйлөшө билүү керек. Мен ушул максатта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам.

— Сизди түштүктүн элин жактырбаган трайбалист саясатчы деп жазып да, айтып да жатышпайбы. Түштүктүн элин жактырбаган көз карашыңыз барбы?

— Бул маалымат карандай калп. Сариевди жамандоо үчүн башка аргумент таба алышпагандан кийин ушул нерсени ойлоп табышкан. Депутат болуп турганымда элдин таламын талашып, курч, ачуу сөздөрдү айтып жүргөнүмдө ошол кездеги Өкмөттүн мүчөсү болуп иштеген адамдын айткан сөзү дагы деле эсимде. Ал киши “Темир, катуу сүйлөп жатасың” дегенде, “Эмне сөөгүнө жете турган сөздөрдү сүйлөп жатамбы?” деп сурасам, “Жок, сөөгүнө эмес, чучугуна жеткизип айтып жатасың” деп айткан. Ошол учурда эле Темир Сариевди элге жек көрсөтүү үчүн ар кандай сөздөрдү жармаштырышкан. Түштүккө барганда “Сариев трайбалист, Оштуктарды жаман көрөт” деп чыгышкан. Мен өзүм көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөм. Биздин Төш-Булак деген айылыбыздын жарымы орус, жарымы кыргыз болчу. Көп улуттуу элдин арасында чоңойгом. Мындан сырткары биринчи класстан баштап спорт интернатта окудум. Классыбызда өлкөнүн ар тарабынан келген 32 бала бар болчу. Баарыбыз бирге жатып, чогуу жүрүп, бир жерден тамактанып чоңойгонбуз. Ал жерде бөлүнүү дегенди эч ким билбейт. Андыктан, менин тарбиям, маданиятым таптакыр башка. “Сариев трайбалист” деген сөздөрдү таратып жүргөн адамдар чоң жаңылышат.

— 2005-жылы революциядан кийин Бишкектин тегерегиндеги жерлерди эл басып албады беле. Ошондо Сариев “Оштуктар Чүйдүн жерин басып алды. Сарттарды кууп чыгыш керек” деп айткан деген сөздөрдү өзүңүз деле угуп жүрсөңүз керек. Бул сөз сиздин оозуңуздан чыкканбы?

— 2005-жылы революциядан кийин кээ бир шылуундар акча жасайбыз дешип элди үгүттөп жерлерди басып алышкан. Негизинен Сокулук районунун тоо этегиндеги жерлер болчу. Ал жер адамдарга берилген, колдорунда тийиштүү кызыл китеби бар үлүш жерлер эле. Ушундай өзүм билемдик, ээн баштыкка бийликке келген Бакиев, анын жанында жүргөндөр ушулар бизди колдойт деп түрткү берген. Жерлерди басып алып жатканда мени ошол округдан шайланган депутат катары “Биздин жерибизди басып алып жатышат, коргоп бериңиз” деп чакырышкан. Ал жерде бир гана Оштон келгендер эмес, Кыргызстандын баардык булуң-бурчунан келгендер басып алган. Депутат болуп туруп “тийбегиле, бул жер анын менчиги, мунун да оокаты” деп коргобосом, айтпасам, элдин бетин кантип карайт элем? Мени депутат кылып шайлаган эл “Темир, сага ишенип, депутат кылып шайладык эле. Жерибизди тартып алып жатса сен эмне үчүн унчуккан жоксуң?” деп бетиме түкүрмөк да. “Оштуктар кеткиле” деген сөз оозумдан чыкмак турсун, ал оюмда дагы болгон эмес. Жерлеринен ажыраган эл чогулуп, борбордук аянтка келип, Бакиевди чакырып, аны менен жолугушуп, ызы-чуу болгон. Бакиев ошол жерге барып “Мен мыйзамды сактайм, бул жерди басып алуучуларга бербейм” деп айтып, 15 мүнөттөн кийин эле төмөнкү жактагы жер алабыз дегендер менен жолукканда “Бул маселени чечем, жерди таратам” деп айткан. Анын карама-каршы сөзүнөн улам жерди басып алам дегендер менен жергиликтүү элдин ортосунда кагылышуу чыгып кеткен. Жетинчи кабатта ушул маселе боюнча жыйын кылганбыз. Премьер-министр, Президенттик администрациянын башчысы, ИИМ министри, губернатор, шаардын мэри катышкан. Ал жерде мен Бакиевге “Сиз туура эмес кылып жатасыз. Менчик жерди эч кимге бербеш керек. Эгер жер бере турган болсок ФПСтин жерин трансформация кылып, андан кийин берели. Аны да таратып жибербей, план иштеп чыгып, көп кабаттуу үй салып, андан кийин бериш керек” деп айткам. Ал киши экөөбүз катуу айтышып кеткенбиз. Менин Бакиевге каршы болуп жүргөнүмдүн башкы себептеринин бири ушул болчу. Тыйын кылабыз деген адамдар элди ызы-чуу кылыш үчүн “Сариев каршы болуп жатат” деген сөздү чыгарышкан. 2005–2007-жылдар ичинде 2800 гектар жер трансформация болду. Ошол жерди 5 сотыхдан деп бөлүп эсептегенде 40 миң участок чыгат. 40 миң участокту 3 миң доллардан сатканда 120 млн доллар болуп жатат. 40 миң участоктун 5–6 миңи бекер берилип, калганы жең ичинен сатылды. Ким пайда көрдү? Ким ошол участокторду сатты? Ызы-чуу болуп жүргөн эл “Эмне үчүн жер албай калды?” Өздөрүнүн кылган кылмышын жашыруу үчүн сиз айтып жаткан сөздү чыгарды. Өздөрү капчыктарын толтурду дагы, Сариевге жалаа жабышты. Трайбалист деген сөздүн пайда болушу ушундан улам. Сариевди түштүккө жаман көрсөтүү үчүн ушул сөздү айтып жүрүшөт.

— 2009-жылы болгон президенттик шайлоодо талапкер болуп чыккансыз. Баткенге эл менен жолугушуу үчүн барганыңызда аксакалдар ушул маселени көтөрүшкөнү чынбы?

— 2009-жылы президенттик шайлоого катышып, эң биринчи жолугушуумду Лейлектин Кулунду деген айлынан баштагам. Биз пландаган жерди бийлик бербей койгондуктан базардын жанына эл чогулган. Мен барганда бизди коштоп жүргөн балдар “Атайын адамдарды даярдап коюшуптур. Чепкендин үстүнөн жоолук менен кур тагынып, башына ак калпак кийген 3–4 аксакал турат. Сиз сүйлөгөнү чыкканда эле ошолор ар нерсени айтышып, сүйлөтпөй коюуга аракет жасайт” дешти. Саламдашып, сөздү баштаганда “Эл менен жолугушууну Кулундудан баштайын деп атайын келдим. Араңарда 3–4 аксакал турат. Ии, Сариев келдиңби? Биз сага эми керек болдукпу? Убагында оштуктарды минтип айттың эле?” деп айтканы даярданып турушат. Ошолорго суроо бердирбей өзүм жооп берейин деп даярдалган суроолордун жообу деп болгон чындыкты айтканымда “Ой бали, Азамат экенсиң!” деп кол чаап жиберишти. Ошондон кийин жолугушуу башка нукту өткөн. Аягында бир аксакал “Көзү түз, сөзү да курч экен. Ушул баладан бир нерсе чыгат. Батаңызды бериңиз?” деп башында сүйлөйм деген аксакалга “Тилегиңе жет, президент бол” деп бата бердиртип жөнөтүшкөн. Мындай жолугушуулар түштүктө абдан көп болду. Ош менен Жалал-Абад облустарында Бөдөш Мамырова аял болсо да эч нерседен коркпой мени менен чогуу жүрдү. Бакиевдин айылына чейин бардык. Ал жерде дагы тартынбастан, баардыгын ачык, так айтып бергем.

— Сиз Өкмөт башчысы болуп турганда Аксы районундагы телемунара жайгашкан Уңгар-Тоону Өзбекстанга таандык делген протокол чыккан. Анда сиздин койгон колуңуз да көрсөтүлгөн. Уңгар-Тоону биздики дебестен өзбектердики деп тааныганыңыз ыраспы?

— Бул карандай калп. Асман менен жерди алмаштырып салгандай. Мен Өкмөт башчысы болуп тың иштеп жатканда кимдир бирөөлөр саясий боёк беребиз дешти. Унгар-Тоо боюнча, башка документтер бар, эң акыркысы К. Бакиев президент болуп турганда кабыл алынган, убагында көчүрмөсү гезиттерге чыккан. Биздин өкмөт көтөргөн маселе, Унгар-Тоонун жанында кошумча станция куруу боюнча берилген тапшырма болчу. 2010 жылдан бери бир дагы сантиметр жер берилген эмес. 2016-жылы 22-мартта Аксыга барганда мен элдин астына чыгып ушуну айткам: «Бир да сантиметр жер берилбейт деп». Тескерисинче Өзбекстан колдонуп келген 19 объектти Өкмөттүн токтому менен кайтарып алдык. Анын ичинде Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычы, 4 насостук станция, Баткендеги кампалары, Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты. Мунун баарына мен Премьер-министр катары кол койгом. Кантип анан Сариев Унгар-Тоону Өзбекстанга берди деп айта алабыз. Бул бөйрөктөн шыйрак чыгаргандай эле кеп.

— ЕАЭБге кирүү үчүн көп иштер сиздин учурда жүрдү. Азыр ал биримдикке киргенибиз менен пайдасын жакшы көрө албай жатабыз. Бул маселе учурдун талабы болгондуктан көп сөздөр айтылып жатат. Бул уюмга кирүүдө кандай эркиндиктерге ээ болгонбуз?

— Биз эмне үчүн ЕАЭБге мүчө болуп кирдик? Анткени, Казакстан, Россия, Белоруссия үчөө биригип, өздөрү үчүн атайын эреже кабыл алышкан. Анда үч өлкөнүн жарандарынын жүрүшү, товарлардын, тейлөөнүн, капиталдын жүгүрүүсү ич ара эркин болот деп каралган. Башка өлкөлөрдөн келген товарлар болгон болсо, алар биздин шарттын негизинде гана киргизе алат дешкен. Алар биринчи Бажы биримдигин түзүп, эрежесин кабыл алып, чек араларын бекемдеп коюшту. Кыргызстан ЕАЭБге кирбесек алардын койгон шарты менен иштешибиз керек болчу. Анда абдан чоң чектөөлөргө дуушар болмокпуз. Андыктан, биз да ошол уюмга кирип, алардын эрежесин кабыл алышып, төрт эркиндикке ээ болушубуз керек болгон. Мунун баарын терең изилдеп, өзүбүзгө ыңгайлуу шарттардын баарын сурап, өзүбүзгө керектүү жеңилдиктерди алып, андан кийин биримдикке мүчө болуп кирдик. Муну менен биз туура саясий чечим кабыл алдык. ЕАЭБге киргендин натыйжаларын келечекте сөзсүз көрөбүз. Бул интеграциялык биримдикке бүгүн кирип, эртең жыргап кетпейбиз деп баардык жерде айтып келатам. Парламенттин сессиясында, Өкмөттүн жыйынында дагы айткам. Россиянын өзүндө эле 600–700 миң элибиз иштеп жүрүшөт. Азыр Россиянын атуулдары кандай укукка ээ болсо, биздикилер да ошондой укукка ээ болуп калды. Казакстанда дагы ошондой. Мен Москвага барып мигранттар менен жолукканымда, алар “Темир Аргембаевич, абдан туура чечим кабыл алдыңар. Биз бул жакта биринчи сорттогу адамга айланып калдык” деп айтып жатышат. Бул биримдиктен көрө турган пайдабыз али алдыда. Бүгүнкү күндө жашылча жемиштерди ташып чыгууда эч кандай маселе жок. Фитосанитардык көзөмөл кылуучу лабораториялар бар. Биздин сертификаттар таанылат. Сүт менен этти чыгарууда маселе жаралууда. Анткени, ветеринардык лаборатория толук бүтө элек. Мен премьер-министр болуп турганда тийиштүү чараларды көрүп, мөөнөттөрдү койгонбуз. Учурда мөөнөтү бир аз узарып жатат, аны тез арада жасап койсо болот.

— Түштүк аймагыбызда жашылча жемиштер эрте бышат. Дыйкандар товарларын учурунда Казакстан менен Россияга чыгарып калса жакшы пайда табышмак. Фитосанитардык лаборатория Бишкек менен Ош шаарларында гана болууда. Мындай лабораторияларды көбөйтсө, атаандаштык жаратса болобу?

— Азыр Бишкекте жана Ош шаарында бирден лаборатория бар. Келечекте булардын саны өсөт. Бул жерде атаандаштык бизнес бар. Лабораториялар жеке менчик да боло алат. Бир адам акчасын салып, лаборатория куруп, аккредитациядан өткөзүп алса, ошол жерден сертификат берүүгө толук укуктуу болуп калат. Ушунун өзү бизнес. Албетте, бул иш кечеңдеп жатат. Өкмөт бул боюнча ыкчам иштерди алып барышы керек.

— Президент болом деген дымак менен жүрөсүз. Азыр өлкөдөгү орчундуу маселе чек ара болууда. Эгер сиз президент болуп калсаңыз чек ара маселесин чечүүдө коңшулар менен теңата сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, биздин пайдабызга чечкенге эрк жетеби?

— Мен депутат болуп учурда чек ара маселеси каралганда “Биз үчүн эң оор, кыйын маселе түштүктөгү чек ара болот. Ал жерде тирүү нерсени кезебиз” деп айткам. Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен элүү бешке жакын талаш жер бар. Миң километрден ашык чек ара такталып, жумушчу топтордун колу коюлган протоколдор турат. Аларды ратификациялап, андан ары кетишибиз керек. Бирок, Өзбек Өкмөтү такталган протоколдон баш тартып, аны кыскартып “Биз 700 километрге гана макулбуз, калганын дагы бир жолу тактап чыгалы” деген сунуштарын берген. Биз ал сунушка макул болбогонбуз. Коңшуларда бийлик алмашты. Менин кабарым боюнча ал жакта жакшы жумуштар болуп жатат. Биз чек араны канчалык эртерээк макулдашып, такташып, кол коюп алсак, элге да жакшы болот болчу. Көп учурларда чек араны да саясатка айлантып жиберип жатышат. Чек ара эч убакта бир жактуу чечилбейт. Эки тарап тең бир пикирге келиши кажет. Ушундай эле акыбал Тажикстан менен да бар. Бул маселени чечүүдө албетте эрк керек. Мындан сырткары ушул маселени терең түшүнгөн адамдардын эмгегине муктаж болобуз. Кудайга шүгүр, бизде андай адамдар да, эрк да бар.

— Ош шаарын экинчи борбор дейбиз. Бирок, министрликтердин, Өкмөттүк кызматтардын, комитеттердин баары Бишкекте жайгашкан. Кээ бир министрликтерди, кызмат-комитеттерди Ош шаарына көчүрүү демилгеси, ал тургай борборду Ошко которуу боюнча сөздөр да чыккан. Буга кандай көз караштасыз? Өлкө башчысы болсом Ош шаарынын потенциалын көтөрөт элем деген пландарыңыз барбы?

— Өкмөт башчысы болуп турганда 25 жылдын ичинде биринчи жолу Ош шаарында Өкмөттүн көчмө жыйынын өткөздүм. Ага чейин Өкмөттүн расмий жыйыны болгон эмес. Ушундай расмий жыйындар Ош шаарында өтүп турушу керек. Премьер-министр бир айда бир жума ошол жерге барып иштесе да болот. Президенттин түштүктөгү резиденциясы Ош шаарында. Ал дагы ошол жерге барып бир жума иштеп келсе неге болбосун? 2–3 министрликти Ош шаарына көчүрүп коюу менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көйгөйлөрүн чече албайбыз. Эң негизгиси Ош шаарын келечекте ири өндүрүш, каржылык, соода борборуна айлантуу керек. Мисал катары Россияны алып карасак, Санкт-Петербург азыр чоң финансылык борборго айланып баратат. Экономикалык саясий форумдар ошол жерде өтөт. Казактар деле Астананы борбор шаар кылып кеткени менен Алма-Ата соода борбору бойдон калды. 2010-жылы мен Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болуп турганымда кандуу кагылышуудан кийин Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүүнү мен сунуштап чыккам. Буга азыркы экономика министри Арзыбек Кожошев күбө. Мамлекеттик дирекцияны түзгөндө Ош шаарынын генералдык планы тез арада иштелип чыгып кабыл алынсын деген тапшырма койгонбуз. Тилекке каршы ар түрдүү себептер менен иш башка нукта кетип калды. Биздин максат боюнча Ош шаарындагы Ак-Бууранын жээктерин бошотуп, шаар туризм, ири финансылык, соода борбор болмок. Ушундай программалар бар, келечекте мунун баары ишке ашат деп ойлойм.

— Сиздин дарегиңизге Балыкчы-Корумду жолунан 6 млн долларды сол чөнтөккө солоп койгон деген сөздөр айтылууда. Өзүңүз да ушул чуудан кийин Өкмөт башчылыгынан кеткенсиз. Жол салуу боюнча тендерге аралашканыңыз ачыкка чыгып калат деп коркпойсузбу?

— Парламентке барганымда бул маселе боюнча өзүмдүн жообумду так, ачык айткам. Жолду шылтоолоп, атайын чыр кылышып, Сариевди кетирүүнүн жолун издешкен. Мен кызматтан эмне үчүн кеттим? Анткени, парламентте менин фракциям жок болчу. Өкмөт менен парламенттин ортосунда тирешүү күчөй баштады. Өкмөттүн негизги маселелери парламент аркылуу чечилет. Эгерде Өкмөт менен Жогорку Кеңештин ортосунда тирешүү болгон болсо эч кандай жыйынтык болбойт. Мен бийлик ортосунда тирешүү болбосун деп отставкага бердим. Мени кызматтан алуу үчүн жол шылтоо болсо, себеп башкада болчу. Көпчүлүгүн Сариевдин иш стили, ыкчамдыгы тынчсыздандырып жатты. Балыкчы-Корумду жолун баштаганым үчүн мени күнөөлөсө, мен ал күнөөнү көтөргөнгө даярмын деп айттым. Бул жолдун салынышы үчүн кошумча каражаттарды таап жатканбыз. Келечекте дагы тапмакпыз. Чечим кабыл алып, баары менен макулдашылып башталган жол. Президент менен да бул маселе боюнча бир нече жолу сүйлөшкөнбүз, баштай берели деп кеңешкенбиз. Ошонун негизинде башталган. Тендерди транспорт министри өткөрөт. Бул алардын түздөн-түз укугу. Эгерде тендерде кандайдыр бир мүчүлүштүк кетсе транспорт министри, комиссиянын төрагасы жооп берет. Премьер-министрдин тендер өткөрүүгө эч кандай тийешеси жок. Мен бүгүн да айтам, жол туура башталды. Тескерисинче, биз кечигип баштадык. Сариев кетти башка эч нерсе өзгөргөн жок, ошол эле компания иштеп жатат. Мен ачык айтып коёюн, бул жолдон 6 млн доллар эмес 6 тыйын да алынган жок. Менин принцибим таптакыр башка. Баардык министрлерден ачык, таза иштегиле деп талап кылчумун. Отставкага кетип жатканымда Өкмөттүн жыйынын өткөрүп, баарыңардын көзүңөргө тик карап айта алам, бирөөңөрдөн тыйын сураганым жок, муну жасап кой дебедим, баарыңарды таза иштөөгө чакырып, таза иштейли деп талап кылып турдум деп айттым.

— Президенттикке талапкер болуп чыгам дегенден бери Кремлге бат-бат каттап жатканыңыз тууралуу маалыматтар чыгып жатат. Москвадан колдоо табам деп аракет кылып жатасызбы?

— Экономика министри болуп турганымда Бажы биримдиги тууралуу, андан кийин Өкмөт башчысы болгонумда ЕАЭБ жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, баардык сүйлөшүүлөргө катышып, көп учурларда чечимдерди кабыл алып жүрдүм. Ошондон улам мени алар жакшы билип калышкан. Сүйлөшүүлөр учурунда менин принципиалдуулугумду, катуулугумду, маселени терең изилдеп чечим кабыл аларымды билишчү. Мен баардык жакка эле каттап жүрөм. Казакстанга деле барып жатам. Тааныш болгондон кийин чакырышса барат экенсиң да. Ар түрдүү маселелер боюнча талкуулар болуп жатат. Россияга дагы барып жатам. Бирок, биздин президент ким болорун кыргыз эли чечет. Элдин добушуна ээ болсок шайланабыз.

Булак: “Жаңы ордо”

Масалиев эшекке тескери миндиби?

Конкреттүү дарекке айтылбаган сын ээсин таппайт экен. Анткени президенттин Жогорку Кеңеш тууралуу акыркы айткандары, эл өкүлдөрүнө анчейин таасир бере алган эмес. Мына парламенттеги өнүгүүчү депутаттардын бири Исхак Масалиев, өлкө башчынын айткандарына “быш” этип койбоптур. Ал, “Президент эмоцияга алдырып койду. Жогорку Кеңешти таркатып жибергенге эч негиз жок. Төрөбаев деле парламентти таркатуу боюнча шартту түрдө эле айткан болучудеген пикирин билдирген. Демек, Эргеш аксакалдын уулу тууралуу Шаршен атанын уулу айткандарын туура тапкан Абсамат Масалиевичтин уулу атын Апендиче тескери минип алган эмеспи?

Болбосо, бир жолу Апенди достору менен катуу ичип үйүнө эшегин тескери минген боюнча келет. Аны араңдан зорго жөөлөп-таяп, түшүрүн алган аялы, “уят эмеспи, эшегиңди тескери минип калгыча ичип…” десе, жарыктыгыбыз камаарабай, “анан эмне кылайын эшек өзү тескери туруп алса”- деп актанып кеткен дейт.

Анын сыңары, Абсамат аксакал өз партиялаш лидерине аркасын сала баштаган өңдөнбөйбү. Себеби Бакыт мырза камактагы атамекенчи акесине жан тартам деп жатып кесиптештерин аңга түртүп, анысы ажо Атамбаевге майдай жакпады беле. Ушул тапта бул маселе популярдуу болуп, күндүн темасына айланууда. Демек, ким билет кимдин арманын демекчи, ЖоКеде жагдай тынч эмес.

Булак: “Ачык саясат”

АКШнын атайын чабарманы: Мосулдагы бардык жоочулар "өлөт"

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшкөн эл аралык коалициянын АКШ боюнча атайын чабарманы Мосулда калган жоочулардын баары тындым болорун билдирди. Бретт Мак Гурктун 12-мартта жасаган билдирүүсү ирак аскерлери Мосулдун батыш бөлүгүнүн үчтөн бирин ээлеп, шаарга барчу акыркы жолду жапкан маалда жарыяланды.

Ирак армиясы Мосулдун чыгыш бөлүгүн январда ээлеп, акыркы бир нече айда шаардын батыш бөлүгүндө өз позициясын бекемдеди.

Ал Мосулда калган жоочулардын баары өлөрүн, алардын качуусуна мүмкүнчүлүк берилбей турганын жарыялады.

Ирактагы чоңдугу боюнча экинчи орунда турган Мосул шаарын ИМ тобу 2014-жылы ээлеп алган.

Ирактын өкмөттүк күчтөрү Пешмергадагы күрддөрдүн аскер бөлүктөрү, араб-суннит уруулары, шиит элдик кошуунчулары менен бирге АКШ жетекчилик кылган коалициянын авиасоккуларынын колдоосу менен 2016-жылы экстремисттердин мизин кайтаруу боюнча операция баштаган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Депутат Улан Примов: «Мамлекеттик органдардын бири-бирине шылтагандан башка жасаган иши жок»

“Каржы министрлиги комитеттин тапшырмасын такай создуктуруп келет. Мисалы, курулушу башталып калган социалдык объектилерди биринчи кезекте бүткөрүү тапшырмасы берилген, ал бир жылдан бери аткарылган жок. Бул тууралуу депутат Улан Примов Бюджет жана финансы боюнча комитетте 2016-жылдын 30 –майындагы Ош областынын Алай районуна жана 2016-жылдын 26-декабрындагы Ош областынын Араван районуна болгон көчмө жыйындардын чечимдеринин аткарылышы жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди” – дейт КР ЖК Басма сөз кызматы.

«Каржы министрлиги биздин тапшырмалар боюнча башка мамлекеттик органдар менен мекемелерге сунуштамаларды берет экен, алар болсо министрлик тарабынан каражат бөлүнгөнүнө жараша иш жүргүзөбүз дейт, мындайча айтканда, мамлекеттик органдардын бири-бирине щылтагандан башка жасаган иши жок. Кимисине ишенсе болот? А Каржы министрлигинин өзү эмне иш аткарат?», – деди эл өкүлү.

Каржы министри Адылбек Касымалиев капиталдык салымдар боюнча курулуш объектилеринин титулдук тизмеси март айынын ичинде бекитиле турганын айтты. Ошондон улам, депутат Акылбек Жапаров бул маселеге титулдук тизме бекитилгенден кийин кайрылуу сунушун берди.

 

Иса Өмүркуловдун айтканы Апендинин жоругундай болдубу?

Парламенттин таркашын чыдамсыздык менен күткөн ЖК депутаттары деле бар. Албетте алардын катарын бийликчил СДПК фракциясы толуктайт. Эми жашырганда эмне, шайлоонун шайтан оюндарын жакшы эле билебиз. Мамлекеттик казынадагы миллиондордун көзүн карабай, өлкөгө шайлоо өзгөчөлүгүн жараткан Сарпашевдин биометрикеси деле көз будамайлап келе жатат. Муну керек болсо көзү көрлөр деле көкүрөгү менен туюп жатышат болуш керек. Болгону бийлик көзү көргөндөрүбүздү каратып туруп алдап кеткенди жакшы өздөштүргөн да. Эмесе кайсы шайтан шайлоо болбосун, азыркы бийликтин колдон чыккыс жеңиши болуп берет. Дегеним, ошондой ишенимдүү кадам менен СДПК фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, “Ким айтса (ред. Бакыт Төрөбаев) ошол биринчи башкаларга үлгү болуп, баатыр болуп, мандатын тапшырсын” – деп кыйынсынган. Мунусу Апенденин сокурларды алдаганындай эле бар.

Бир күнү Апенди аркы өйүздөгү бир айылга бармакчы болуп кечүүгө келгенде бир топ сокурлар өтө албай турушкан болот. Аларды байкамаксан болуп өтүп кете береринде, тигилер өткөрүп коюусун суранып калышат. Кыңырылган Апенди киши башына беш тыйындан акы алмакка макулдашат. Баары макул болушат. Ошентип улам бирин өткөрүп жатып чарчап калган жарыктык акыркысын кармай албай сууга агызып жиберет. Сокурлар аны туюп калып, чуулдай баштайт. Баардык кырдаалдан чыгуунун жолун тапкан биздин Апенди тапанданып, “Эмне чуулдайсыңар? Бир кишиңердин акысын кем төлөсөңөр эле болду, бүтүшөбүз” деген экен.

Булак: “Ачык саясат”

Азимбек Бекназаров, “Эл үнү” кыймылынын лидери: “МУККнын тергөө абагы Кокон хандыгынын зындан ордосуна окшоп калды”

Азимбек Бекназаров менен курчуп бараткан Кыргызстандагы саясый кырдаал тууралуу сүйлөшүп, ой бөлүштүк. Ошондой зле “кезек Отунбаева менен Бекназаровго келди”- деген маселени да билүүгө аракет кылдык.

“МЕНИ КОЛДОБОГОНДОРДУН ТҮБҮНӨ ЖЕТЕМ – ДЕГЕН САЯСАТ”

– Азимбек Анаркулович, президент акыркы мезгилде Текебаев айткан ар бир сөзгө реакция кыла баштады. Бул жагдай Атамбаевдин биринчи душманы Текеба­ев дегенден кабар бербейби?

– Бул “келишкис душманым Текебаев” дегенди түшүндүрбөйт. Бирок, “мени колдобогондордун түбүнө жетем” деген саясат жасап жатканынан кабар берет. Башкача айтканда, Атамбаев Убактылуу өкмөттүн өзүн колдобогон мүчөлөрүн жок кылам деген максат коюп жатканын каңкуулайт.

– Текебаевди камоого эч ким батынчу эмес эле. Эми аны кандай тагдыр күтүшү мүмкүн?

– Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Ошондуктан азыр баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарыш керек. Ошон­дой эле жабык эмес, ачык тергөө, ачык сот болушу керек. Текебаевдин ишин кыскартып же дагы бир башкача багытта бура турган болсо, коомдо башкача көз караш пайда болуп калышы мүмкүн. Менимче ага Текебаев деле макул болбосо керек. Башкача айтканда, Текебаев деле “мени соттосун же актасын” деген талап коёт. 2002-жылы мен да ошенткем. “Күнөөлүү болсом соттогула. Күнөөм жок болсо актагыла. Элди аттырып алып, мени неге чыгарып жатасыңар”- деп түрмөдөн чыкпай кыйнагам. Менимче, Текебаев да ошентет. Анткени, пре­зидент өзү көп нерселерди айтып койду. Эми Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, ишти аягына чейин чыгарышы керек. Бул мыйзамдын талабы. Иш козголбосо болот эле. Иш козголдубу .акталышы же соттолушу керек. Башкача айтканда, бул ишке соттун чекит койгону туура болот.

– Текебаевге кылмыш из козголуп, камакка алынгандан кийин башка да “кылбыры” бар экени айтылган “ата- мекенчилерди” семичке чакандай кылып аларды да жок кылып, камап салбайбы?

– “Ата-мекенчилерди” камагандан мурун Жогорку Кеңешти таркатыш керек. Анткени, “Ата Мекен” фракциясынын баарын “кылмышкер” деп камоого аракет кылып жатат. “Ата-мекенчилерди” торуган маселе башка фракциялардын башында дагы бар. Эсептеп көрсөм, азыркы парламентте 40тан ашык депутатка кылмыш иши козголуп, токтотулгандар бар. Ошон үчүн бул парламенттин иштөөгө моралдык укугу жок. Буларды тар­катыш керек. Себеби, бир канча фракция башчысына козголгон кылмыш иштер бар.

– Текебаевдин камакта жатканына карабай, “ата-мекенчилер” президенттикке талапкер деген чечимин жарыялашты. Бул чечим, анын камактан чыгышына негиз боло алабы?

– Текебаевди “Ата Мекен” партиясы пре­зиденттикке талапкер деп жарыялашканы Текебаевди коргоонун бир формасы. Илгери Кадырбековду Бакиевдер камаганда шаардык кеңешке талапкер кылып каттатканбыз. Би­рок, алар талапкер экенине карабай камактан чыгарбай коюшкан.

“РЕВОЛЮЦИЯГА ЖАЛПЫ ЭЛ, ТАРЫХ, МЕЗГИЛ БАА БЕРЕТ”

Мээрбек Мискенбаев “Убакты­луу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн ар бирин жоопкерчиликке тартыш керек” деди. Ошондой эле “Текебаев революцияга шек келтирди” деп нааразы болду. Буга не дейсиз?

-Революциянын кадырын ким кетирип жатканына Мискенбаев экөөбүз эле баа бербесек керек. Жалпы эл, тарых, мезгил баа берет. Башкача айтканда тарых таразалайт. Революциянын баркын ким кетирип, рево­люциянын максаттарын ким тебелеп-тепсеп жатканын Атамбаев кызматтан кеткенде билинет.

Атамбаев өз сөзүндө “өзүм менен кошо бир топ саясатчыны алып кетейин деп жатам”- деди. Алар кимдер?

-Менимче өзүнө жакпаган Убактылуу өкмттүн мүчөлөрү болсо керек. Себеби, мага жеткен имиштерге Караганда Атамбаев көп эле нерсени айтыптыр дешет. Бул сөздүн канчалык чын же калп экенин билбейм. Би­рок, мындай маалыматты Атамбаев кабыл алган кишилер айтып жүрүшөт экен. Пре­зидент журналисттерди чыгарып жиберип, революционерлерди кабыл алып жатканда айткан имиш. Эгер мамлекеттин проблемасы бизде эле болсо, Сегизбаевди арыз жаза тур­ган адамды издетип убаралантпай эле “бизди кама”- деп өзүбүз эле барат элек. Бирок, ал сөз көчөдөгү сөз болгон үчүн анча ишене албай жатам.

Путин келгенде дагы президент Текебаевге көбүрөөк токтолду. Президенттин Путинге “Кыргызстанда погоданы жалгыз мен жасап жатам”- таризинде отчёт бергениби?

-Ички маселелерди башка мамлекеттин президентине отчёт бергендей болуп ай­тып берген уят эле иш болду. Анткени, биз эгемендүү мамлекетпиз. Тескерисинче, Путинден мындай нерселерди жашырышыбыз керек эле. Путин кыраакы киши. “Кечээ эле экөөң 6 жыл мамлекетти башкардың эле”- деп президенттин Текебаевди жамандаганын жактырган деле жок. Тескерисинче мыйыгынан күлүп, шылдыңдап кетти. Атамбаевдин Путинге отчёт бергени – анын президенти Путин болгондой, Алмаз Шаршенович анын губернаторундай андан колдоо күткөндөй таасир калтырды. Чынында мамлекетибиз кичинекей болсо да, Атамбаев Путиндей эле президент. Мамлекеттеги майда ички иштерди айтып даттанбай, мактанбай деле койсо болмок.

Кандай болгон күндө да биз эгемендүү мамлекетпиз. Ошол эгемендүүлүгүбүздү сакташыбыз керек. Уйгурлардын АКШда качып жүргөн бир лидери “Азимбек, силер бактылуу элсиңер. Мамлекетиңер бар. Ошону сактагыла. Жаман президент, жаман депутат келет, кетет. Мамлекет калат. Биз 50 миллион болсок да, мамлекетибиз жок”- деп ыйлайт. Ошон үчүн ал, бул дебей мамлекетибизди сакташыбыз керек.

Сапар Исаковдун президенттин аппарат башчысы болгону неден кабар берет?

-Медведевди коюп, кайра өзү президент болуп келгендей абалды Кыргызстанда да орнотом дегенден кабар берет. Себеби, Пу­тин “өз кишиңди коюп турсаң, кайра өзүң келесиң”- деген акылды айткандыр. Ошон үчүн бөлүм башчыны аппарат башчы кылса керек.

“САЯСАТТА 60 ЖАШ ЖИГИТ КУРАХ”

Президент “премьер, спикер болбойм, саясаттан кетем” деди го. Ишенсек болобу?

-Мен Атамбаевдин саясаттан кетишин каалабайм. Саясатта 60 жаш жигит курак. Тескерисинче, тынч жол менен бийликти өткөрүп берип, Ельциндей тарыхта калышы керек. Атамбаев конституцияга өзгөртүү кир­гизди, экинчи мөөнөткө шайланууга барбай чоң бурулуш кылды. Эми мөөнөтүнүн аягына чейин туруп, тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп бериши керек. Антпесе бийликти жакшы көргөн кыргыздар дагы тытышып ка­лат. Эмне десек да Атамбаевдин командасынан кимдир-бирөө президенттикке аттанат. Чыныбай чыгабы же Иса, балким Карамушкина чыгабы, аны убакыт көрсөтөт. Атамбаев саясаттан кетпей партиясынын башында бо­луп, кааласа бир талапкер чыгарып, прези­денттикке аттанган талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүп беришин талап кылышыбыз керек. Шайлоодо утуп чыкканын таанышыбыз керек. “Атамбаевдин адамы же анын партиясынан келбеши керек”- дегенибиз туу­ра эмес. Анткени, Атамбаев деле башкалардай “саясатымды улантсам экен” деп аракет кылат да. Маселе Атамбаев мураскер чыгарганында эмес, аны Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн коёбу же Путиндин кызыкчылыгы үчүн коёбу дегенде. Чынын айтсам мен ошондон чоочулап турам.

“Үчүнчү революциянын карааны көрүнө баштады. Президент тизгинин тартпаса тарых кайталанат”- деп эскертүү бергендер да бар. Буга не дей­сиз?

-Бизге үчүнчү революциянын кереги жок. Бизге жан дүйнөнүн революциясы керек. Аны президент өзүнөн башташы керек. Анан ар кимибиз президенттин артынан ээрчишибиз керек. Тилекке каршы, жан дүйнөнүн револю­циясы болбой арыз таап, жасалма иш козгоп, өч алмай башталды. Бала-чакасына чейин асылганды адат кылып алышты. Ошон үчүн президент айкөлдүк кылып, башкаларга үлгү болушу керек. Биз ошондо гана оңолобуз.

“БААРЫ-ТЕКЕБАЕВ МЕНЕН АТАМБАЕВДИН ЖЕКЕ МАМИЛЕСИНЕН КЕЛИП ЧЫКТЫ”

Токтайым Үмөталиева “баш кесердин куралы өз башын кесип жатат” деген оюн айтты го? Бүгүн чын эле Текебаев өзү казган орго өзү түшүп жатабы?

-Бул маселе Текебаев менен Атамбаевдин жеке мамилесинен келип чыкты. Тиреш ырбады. Атамбаев “мен жакшы”, булар “жаман” деди. “Башкесерлердин куралы өздөрүнүн башын кесип жатат”- деп айта башташты. Себеби, Текебаев менен Атамбаев алты жыл каалаганын кылышты. Авторитаризмди орнотушту. Эми ошонун азабын тартып жатышат. Айтайын дегеним, МУККнын СИЗОсун Кокон хандыгынын зынданына айлантты. Азыр Атамбаевди ким жаман десе, сындаса МУККнын СИЗОсуна камап жатышат.

Азимбек Анаркулович, пре­зидент неге бир кездеги санаалаш, үзөнгүлөштөрүнөн биротоло кол үзүүнү максат кылып алды?

Атамбаев               революциядагы үзөнгүлөштөрүнө каарын төгүп калганы бул сырткы күчтөрдүн пландуу таасиринин негизинде болуп жатат окшойт. Сырт­кы күчтөр мүмкүн Сегизбаевдин колу менен жок кылдырып жаткандыр. Анткени, сырткы күчтөрдүн биринчи максаты революцияны жаман көрсөтүш, экинчиси революциялык күчтөрдүн баарын потсоветтик мамлекеттерде жок кылууну каалашат. Аны Атамбаев сезген жок. Сегизбаев революциядан жабыр тарткан адам үчүн революцияны жек көрүп, сырткы күчтөрдүн таасири жана мурда качып кеткен адамдар менен иштеп жатышы мүмкүн. Себеби, элдик революциядан корккондор өздөрүнө өтүп кетпесин дешет. Ошон үчүн СССР аймагындагылар “тустүү революция болбосун” де­ген саясаттын алкагында иш кылып жатышат. Украинанын, Кыргызстандын революциядан кийинки абалын көргүлө дейт.

Революциянын кесепетинен башка мамлекеттерге качууга аргасыз болгондордун Кыргызстанда калган куйруктары башкача айтканда азыр Атамбаевдин короосунда жүргөндөрү пайдаланып, революцияны бирге жасаган үзөнгүлөштөрүн жок кылып, акырында Атамбаевди жок кылышат. Сырткы күчтөрдүн пландуу аракеттеринин негизинен ушул багытгагы иштер тымызын ишке аша баштады. Чынында революционерлер Атамбаевди алдыга салып, аны президент кылгандан башка жамандык деле жасаган эмес. Башкача айтканда азыр камакка алынып жаткан Текебаев 6 жыл анын айтканын аткарды. Отунбаеваны деле Атамбаев башкарган. Башкача айтканда КСДП башкарган. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Атамбаевди анда-мында сындап койгонубуз болбосо, аны менен бийлик талашып жамандык деле кылган жокпуз. Отунбаева Конституцияны өзгөртүүдө, анан Текебаев камакка алынганда эле үнүн чыгарды. Кыскасы, Атамбаевге эч ким деле тирешип, ага карасанаган жок. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү биригип алып, Текебаев­ди колдогон жокпуз. Колдосо партиялаштары колдоптур. Биз Атамбаевге да, Текебаевге да калыс болуп жатабыз. Бирок, жогоруда айткандай, революцияны жокко чыгаргысы келген сырткы күчтөрдүн таасири менен революционерлерди кылмышкер кылып, Атамбаев өзү алардын максатын ишке ашышына шарт түзүп жатат. Өкүнүчтүүсү, ошол сокку өзүнө да тийерин билген жок.

Балакеттин баары “Мегакомго” такалып жатпайбы. Убактылуу өкмөт чечим кабыл алган. А чыныгы ээси ким?

-Биз 2010-жылы тергөө жүргүзүп, арест са­лып туруп, “кимдики экенин сот аныктасын” деп сотко өткөрүп койгонбуз. Ошол ишти 2010-жылы декабрь айында өткөрсө да ушул убакка чейин каралбай жатпайбы. Прокурорлор кимдики экенин 2010-жылы аныктап, алардан Максим менен Елисеев тартып алганын айтышкан. Рейдерлик жол менен тартылып алынган экен деп Елисеев менен Максим жоопко тартылган эле.

“БААРЫБЫЗ ТЕРИКПЕЙ БИРИГИШИБИЗ КЕРЕК”

Текебаевге коррупционер жана алдамчылык беренеси менен кылмыш ишин козгогону неден кабар берет?

Арыз менен эле камай турган болсо, Сегизбаевге деле, Атамбаевге, мага деле 20 киши арыз жазып коёт. Эптеп бирөөдөн эле арыз алып, камай турган болсо, ар кимге иш козгосо бо­лот. Мыйзамда арыз жазып койсо эле камайт деген түшүнүк жок да. Арыз негиз болот. Иш козгойт. Тергейт. Күнөөсү бары-жогу далилдеигенден кийин гана камакка алынат. Салянованын убагында бирөөгө арыз жаздырып коюп камап, анан тергөө жүргүзгөндү адатка айлантып алышкан. Башкача айтканда биринчи камап алып, анан тергөө жүргүзүшөт. Биринчи далилде. Анан камакка ал. Анткени, 7 жыл мурун болгон иш экен. Мыйзамда адам өлтүрүп же пара алып жаткан жеринен кармаса дароо камоого жол берилет. 5-6 жыл мурун болгон нерселерди элден мурун тергейт. Азыркы тергөө органдары мыйзамды билбей, журналисттик ушактын деңгээлинде иш кылып калышты. Эптеп эле арыз болсо камап жатышат. Себеби, алардын башында президент туруп жатат. Президент “камагыла” дегенден мурун “жазылган арыз канчалык деңгээлде чын, эмне үчүн мурда эмес, азыр жазылып жатат”- деши керек эле. Арыз жазган ким? “Ал чындап эле күйгөн кишиби же ортодо бирөөнү каралаганды адат кылып алган алдамчыбы?”- деп алгач баа бериш керек. Текебаевдин үстүнөн арыз жазып каматкан кишинин “Мегакомго” эч кандай тиешеси жок. Көчөдө жүргөн эле киши болсо керек. Арыз алып камай берген Салянова Башпрокурор болгондон бери мода болуп калды. Келдибековду камакка алдырган арыздын колу, ал тургай печать жок эле иш козгоп салышкан. Азыр ошол өнөкөткө айланган нерсе Салянованын башына түшүп жатат. Бул табалагандык эмес. Бирок, ушундай иштердин башында 2010- жылдан баштап Текебаев менен Атам­баев отурду да. Нечен жолу экөөңөр революцияны “өлтүрүп”, кайрадан авторитаризм кылдыңар. Парламенттик системаны өлтүрүп, кайрадан бир адамдын бийлигине айланттыңар деп эчен жолу айттым. Эми түштөн киийн чыгып жаткан аксакалдарга да жиним келип жатат. Ошондой процесс башталганда неге үндөрүн чыгарбай отурушту. Аягында Текебаев өзү курган авторитаризмдик режимдин запкысын тартып, курмандыгы болду. Ошол кезде эле Атамбаев менен Текебаев­ге каршы болуп, “биз парламенттик өлкөбүз. Өкмөттү биз аныктайбыз. Сиз кийлигишпениз”- деп президент аныктады. Кааласа өкмөттү. кааласа премьер-министрди алмаштырышты. Кааласа, баш прокурорду алмаштырат. Ал турсун каалаган кишиге башкача айтканда Атамбаевди укпагандарга, сындагандарга да иш козгошту. Биз азыр революция жасайбыз дебей туура эмес багыт алган процессти токтотушубуз керек. Баарыбыз кайдыгер карап, үстүбүздөн арыз жазып, камап койгончо отура бербей, күрөшүшүбүз зарыл. Мурдагы камалгандар да, кийинки камалгандар да “буга чала болду, булар ушуну көрмөк” деп табалабай, баарыбыз биригишибиз керек. Ант­кени, кезек аларга да келип калышы мүмкүн. Күрөштүн баарын ушул жакка буруш керек. Биз өмүр бою Акаевдин, Бакиевдин авторитардык режими менен күрөшүп келгенбиз. Эми Атамбаевдин беспредели болуп жатат. Көп саясатчылар башына түшкөндө чуркайт. Ага чейин “мага тийбесе болду” деп унчукпай отурат. Президент болсо “мен айтканды кылбасаң, сени да камайм” деп коркутуп алды. Эртен мүмкүн бул күн Чыныбайдын же дагы башкасынын башына түшүп калышы мүмкүн. Ошондуктан баары биригип туpyп, ушул өнөкөткө айланган башаламандыкты токтотуш керек.

Турсунбек Акун “Текебаевге кылмыш иши козголгону Атам­баевге козголгону, Текебаевдин камалганы Атамбаевдин камалганы”- деди го?

-Туура, бирок Турсунбек Акун “президент өзүнө op казды” деп Те­кебаевдин камалышы менен ал маселени көтөрбөй, түзүлгөн системанын күңгөй-тескейин кеп кылышы керек. Биз Акаев түзүп кеткен Бакиев, Атам­баев улантып жаткан системаны токтотушубуз керек. Болбосо, бир адам­дын бийлиги орун алган, мыйзамдын диктатурасы жок система орун алып калды. Ошондуктан, баарыбыз бири­гип, ушул системаны жок кылуу үчүн күрөшүбүз керек. Турсунбек Акун да ушул системанын курмандыгы болгон. Ошондуктан, бардыгы биригиши керек. Атамбаевге “токтот, президенттик мөөнөтүң аяктаганча ушул системаны жок кыл”- дешибиз керек. Атамбаевди эле кетирсек, иш жайында болот дебешибиз керек. Анткени, Атамбаевден кийин келген президент да ушул си­стема менен иш кыла бериши мүмкүн. Чынында эки революция тең бир адамдын диктатурасын токтотуу үчүн болгон. Демек, революция максатына жетпей калган.

Азыр кимдин душманы көп?

-Убактылуу өкмөттүн душманы көп. Эмне үчүн дегенде биз революциячыл саясатчыларбыз. Акаевдин, Бакиевдин топтору. Менчиктеринен айрылып калган адамдардын баары бизди жаман көрөт. Кыскасы, бизди жакшы көргөн киши жок. Жаман көргөн киши көп. Анткени, биз си­стема өзгөрткөн кишибиз. Система бүгүн үзүрүн бербейт. 30-40 жылдан кийин берет. Ошондо бизди баркташы мүмкүн. Азыр барктабайт. Атамбаевге каршы биригип, аны кетирели дегенди токтотуп, президентке туш тараптан “жеке бийлигиңди токтот”- деген үнүбүздү жеткирип, ушул системаны ооздукташыбыз керек.

Булак: “Майданkg”

Жел болсо эле жалп этет

Жогорку Кеңеште “эт эмес же чел эмес” ортозаар депутаттар иттин кара капталынан экени жашыруун сыр эмес. Өз үнү, көз карашы жок андай жетеленмелер шамал кай-сы жактан соксо ошол жакка ооп, камгактай тоголонуп жүргөнү жүргөн. Албетте, мындайлар жөнөкөй депутат болсо “кой аксагы менен миң” дегендей, көптүн бири катары билинбей жүрө берет. Бирок ыргылжың, ортозаар сапат фракция лидерине жарашпайт эмеспи. Дегенибиз, “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмаз Баатырбековдун дал ушундай арабок сапатына фракциялаштарынын ичи чыкпай нааразы. Эч бир пикири, ою жок, жел болгон тарапка жалп этет деп жактырышпай жатыптыр…

Булак: “Фабула”

Меню