Menu

САЯСАТ

Акаев, Бакиев режиминде бир-эки жылда генерал наамын алышчу, а неге Болот Суйунбаевге жети жылдан бери генералдыкты беришпейт?

Эсиңерде болсо, Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин тушунда бир-эки жыл күч органдарында иштей коюп, генералдык чин даражага жеткен «апельсиндер» толтура. Таңгалганыбыз, Болот Сүйүнбаев жети жылдан бери УКМКнын карамагында иштеп келатат, учурда орун басарлык кызматты аркалоодо. Бул инсан таза жана чынчылдыгы менен көптөрдөн айырмаланып турат. Аскердик наамга да ашыкпайт экен, бирок, учурдагы кызматына жараша генерал-майор болсо мыйзамга ылайык келмек. Калыстык кайда? Президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы чиновниктер ушу кезде иргелип калды, Данияр Нарымбаевге окшогондор камалып чыкты, дагы башкасынын байлык топтогону билинип калып, короодон алыс кетти. Айтор, мисалдар арбын. Бир гана Боке башта кандай болсо, эч кандай өзгөрүлбөстөн эле келатат, дүнүйө-мүлккө кызыкпаганы, кадр саясатына аралашпаганы, тек гана өзүнө милдеттүү жумушту аткарганы менен мамлекетчил кадрга айланды. Кээде сырттан карап туруп, кейип кетесиң да, сыйлык берип аткандардын арасына ит-кушу да аралашып кеткени, ал эми Сүйүнбаевдей мырзалар, октон жалтанбагандар көңүлдөн сырт калып келүүдө. Кыскасы, эр азаматтын жети жылдык эмгеги азыр бааланбаса да, келечекте урмат-сыйга бөлөнсө керек. Бирок, мамлекеттик кызматтын эрежесине ылайык, чин-даражалар татыктуу адистерге өз убагында берилиши мыйзам ченемдүүлүк да. Ким билет? Бул жагынан алдыга жулунбаган, ток пейил адам унутта кала береби?..

Булак: “Азия ньюс”

Сабыр Муканбетов: “Көтөрүп атка салганың ай, көтүмөн чымчып алганың ай!”

– Өмүрбек Текебаев менен Алмазбек Атамбаевдин тирешүүсү жарым жылга чамалап калды. Эки тарап тең бири-бирин эң оор кылмыштар боюнча айыптап келген. Акыры бийликтин (Атамбаевдин десек да болот) чыдамы түгөнүп, күмөндүү кылмыш ишине таянып, камакка алууну чечип, ал планын ишке ашырууда одоно мыйзам бузууларга жол берип, коомчулуктун нааразычылыгын туудуруп алды. Аэропорттон учуп кетип атканда кармаса бир жөн. Анан иш козголгонун билип туруп,  ошого карабай учуп келип атканда кармаганы окшошпой калгандай. Чуулгандуу камакка алуу тууралуу кандай ойдосуз?

– Ооба, шашпай, дем алыш күндөрү өткөндөн кийин суракты баштаса мынчалык нааразычылык болбой, түшүнүү менен кабыл алып, коомчулук деле борбордук аянтка чыкпай, соттордун кеңсесин сагаалап жүрмөк деп ойлойм.

 Эмне үчүн бийлик ушундай кадамга барды? Өздөрү туруксуздукту каалаганбы?

– Биринчиден, кожоюн катуу чара көрүүнү талап кылгандан, экинчиден орчундуу далилдер жоктугунан улам УКМК ушундай “топорный” ишти жасап, чуулгандуу кырдаалды жаратып алды окшойт.

Өзүңүздөр билесиздер, буга чейинки “Белизгейт” сыяктуу бийлик тарабынан коюлган айыптар камакка алууга жетишсиз болуп, эфирдеги каралоолор деңгээлинде калып келген. Анан бул иш дагы чийки болуп, мыйзам чегинде карала баштаса камоого жеткиликтүү кылмыш курамы жок болуп чыгып, тапшырма аткарылбай, тил угуп, кызматтан куулуп кетүү коркунучунан улам ушундай тобокелчиликке барууга мажбур болгондой.

Кандай деген күндө да, бийликтин Текебаевди камака алуусу саясый кырдаалды курчутуп жиберди. Бишкекте митинг, жер-жерлерде нараазычылыктар уланууда. Буга чейин бириге албай жүргөн күчтөрдүн баары биригүүгө умтулууда. Мен таң калам – Атамбаевге ушу керек беле?

Менимче Өмүрбек Текебаевдин орчундуу айыптоолорунан кийин, келечеги күңүрттөнүп калаарын сезген Алмазбек Атамбаев өзүн-өзү кармай албай, калпыстыкка жол берип алды. “Мен кызматтан кеткенден кийин “беш кылмыш ишин козготом, соттотом” деген эмени ал күчүм барында өзүм жайлайын”- деп, өзүмбилемдикке барып, мыйзамды одоно бузуп, мамлекеттик укук коргоо органдарын жеке өч алуусуна колдонуп, чоң ката кетирип, элге жаман көрүнүп алды. Андыктан, кандай десек да бул куугунтук, өч алуу! Бирок бул жерде, “нет человека, нет проблем” деп бандиттер айткандай камап салуу менен иш бүтпөй калды го. Текебаев кесилип кетсе да, өлүп калса да, ызы-чуусу Атамбаевге тийип, жаманаттысы Атамбаевге калып, эл андан көрөт.

 Атамбаев Апрель баатырларыбыз дегендердин анабашылары менен жолугушуп, “мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз, Кыргызстанда кол тийбес адам жок” десе, Мискенбаев: “алар 2 миң киши алып чыкса мен 5 миң, алар 5 миң алып чыкса мен 10 миң киши алып чыгам” деп опурулду. Ушу боюнча кыскача пикириниз? Эки тарап беттешсе граждандык кагылышуулар болуп кетиши мүмкүнбү?

– Уктум. Тилекке каршы, андай эмес. Бизде, мыйзам бузуп, кылмыш кылса да жоопко тартылбай турган адамдар толтура. Алар бийликтин колтугуна кирип алгандар. ЖМКлар санап беришти го, анын жанындагы кылмышкер дос, партиялаштарын. Андыктан, “Атамбаев жакшы көрүп, калкалагандардан башкаларга”,- деп кошо кетсе туура болмок.

Анан, “апрель баатырлары” дегендер кимдер? Калай төш белги алгандарбы? Мен мисаалы төш белги алган жокмун. Бирок, көпчүлүк менин март, апрель окуяларынын алдыңкы сабында болгонумду билет. 7-апрелде бир күн аянтка келип баатыр боло калгандар толтура. Ошондойлордун тил алчаактарын тандап, көндүрүп алып, анда-санда бирденке тамшандырып коюп, оппонентерди коркутуп-үркүтүүгө колдонуп жүрүшөт. Бирок, алардын азыр айткандай сандагы адамдары жок. Мурунку тизмедегилеринин көбү талаш-тартыштан, “подачкалардын” туура эмес бөлүштүрүлүшүнөн улам таарынып кетип калган. Алар азыр азчылык, “бийлик чогултуп берет” деген ниетте айтып алды окшойт. 7-апрелге чейин да, 7-апрелде да активдүү катышкан жигиттердин көбү алар тарапта эмес, көбү Текебаевди колдогон митингде жүрүшөт. Буларда уят-сыйыт дегенден деле калбай калды окшойт. Ар дайым Ак үйдү сагаалап, бирдеңке үмүт этип эле, ар кандай ыпластыкка даяр турушат. КСДП Мискенбаевди көчүккө тээп, 7-апрелде бакиевчилердин штабын башкарган Аалы Карашевге мандат бергенде “мыңк” эте алышпаган немелерде кайдагы ар, кайдагы намыс. Эгерде бийлик ошолорду көкүтүп көчөгө чыгарып кагылышууга алып барса, анда акылдан толук адашканы. Анда саясый туруктуулук бузулуп, тополоң башталаары шексиз. Мыйзамдуу түрдө бийлик алмаша турган, президенттик шайлоонун алдында кыргыз элине ушу керекпи?

 2017-жылдын күзүндө боло турган президенттик шайлоого карата бир топ талапкерлердин аты аталууда. Кыргыз коомчулугу адатынча “Путин келип кеткенде билинет” деп  Маскөөнү карап атышты эле. Орусиянын президенти келип кетээри менен эле “Атамбаев бир чечимге келиптир, мураскери Сапар Исаков болот экен” деп дуулдап калдык. Ошентип, президенттикке чыгам деп расмий билдиргендер, чыккан ирээтине жараша айталык, Турсунбек Акун,  Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Бабановдорго Атамбаев Сапар Исаковду кошоору тууралу кепке улай,  КСДП партиясынын ичиндеги ыйкы-тыйкы, башка талапкерлери баш көтөрөөрү айтылып, “ата-мекенчилер” камактагы лидери Өмүрбек Текебаевди алып чыгып, талапкерлердин саны өсүп барат. Талапкерлер тууралуу бир эки ооз сөз. Бийликтин талапкеринин шансы башкалардыкына караганда канчалык жогору десек болот?

 Биз эми ошондой, “Кремль кимди колдосо ошо өтөт” деп көнүп калганбыз. Чындыгында эле ошондой, улуу коңшубуздун таасири бар үчүн айтылат да. Путин келээрден бир аз мурунураак, чакан чөйрөдө биздин президент талапкерлер тууралуу ой толгоосун ортого салганы  Ак үйдө күбүр-шыбыр жараткан. Алмазбек Атамбаев: “Бакыт Торөбаев жаш, бирөөлөргө ыктайт, акырына чейин барбайт болуш керек, азыр акырына чейин барам дегендер Темир Сариев менен Өмүрбек Бабанов болуп турат. Башка каражаттуулар жокко эсе. Өмүрбек Бабанов “упакован”, партиясы да, каражаты да бар. Бирок ага бизнесмендердин көбү каршы болуп атат. Тартып алат, басып алат дегендей… Темир Сариевде да каражат жок эмес, орустар да колдойт, сүйлөшүп алгам дегенсип атат. Анан биз. Биз азырынча айта элекпиз. Биз айтканда, ошондо белгилүү болот. Биз жакында айтабыз!”,- дегенсиген сөздөрдү айтканы элге тарап кеткен. Эми мына орус президенти келип кетээри менен эле “Атамбаев бир чечимге келиптир, Сапар Исаков мураскер экен” деп чуулдап атабыз. Владимир Владимирович Путин келээринин астында аппарат жетекчилигине шайланып, орус падышасы далыга таптап койгонунан улам ушундай маанай жаралдыбы, же биздин президент чындап эле ушу жигитке токтодубу? Бул тууралуу расмий айтыла элек. Бирок визитке утурлай апарат жетекчилигине дайындалып, протокол боюнча бир сөөм астыга, далыга таптаганга ыңгайлуу жерге жылдырылышы деле бекеринен эмес, Алмазбек Атамбаевдин көңүлү түздүгүнөн, ошондой ой-эңсөөсү бардыгынан болсо керек.

Бирок, ошого карабастан, “Атамбаев түртүптүр, Кремль далыга таптады” деп кыргызча  дуулдаганыбыз, чынын айтканда кичине коошпой калгандай. Путинди коштоп жүрчү жазмакерлеринин “Комерсанть” гезитине биздин президентти ит акмагын чыгарып жазганы, артынан орусиянын телеканалдары ОРТ, РТР баш болуп  шылдыңдап, мазактаганын көргөндөн кийин эмне дээриңди да билбей калат экенсиң. Бу баягы, “көтөрүп атка салганыңдан көтүмөн чымчып алганың өттү!” деген  кыргыздын макалын эске салып жатпайбы. Андыктан, Кремль Атамбаевдикинен башка талапкерди колдоп кетиши деле ажеп эмес. Ошондуктан, КСДП деле Сапар Исаковду алып чыгат деген кепилдик жок. Иса Өмүркулов, Асылбек Жээнбеков, Чыныбай Турсунбеков сыяктуу салмактуу саясатчылар чыгып калышы толук мүмкүн.  Өзүңүз суроо бергендей, ыйкы-тыйкылары күчөсө КСДП бир талапкерге токтой албай, алтернативалар чыкса кантишет?

 Акыркы суроо. Президент сыйлык таратуу аземинде парламентти таркатуу идеясын колдоп, тема кызуу талкууга алынууда. Сиз кандай дейсиз?

– Мөөнөтү бүтүп бараткан президент күндөн-күнгө алсырай берет. Анын тилин укпай, өз бет алдынча кеткендер кобөйө берет. “Төкөр өрдөк” синдрому иштеп жатат да. Бул турмуштун мыйзамы ушундай. “Акелла промахнулся” деген кеп кеттиби, бүттү, бүт жунглинин ичи билет. Азыр деле байкасаңар, жада калса КСДП фракцияларынын депутаттары да колдогон жок бул идеяны. “Эмнеге тарайт экенбиз! Президент жөн эле айтып койду” деп атышпайбы.

Булак: “Майданkg”

Тереза Мэй: "Евробиримдиктен чыгууга убакыт келди"

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Лондон менен Евробиримдик Брекзит боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экенин билдирди. Маалымат жыйынында сөз сүйлөп жатып британ өкмөт башчысы “Евробиримдиктен чыгууга мезгил жеткенин” айтты.

Мэйдин айтымында, европалык өнөктөштөр Брекзит боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин так ишара кылышты. Уюмдан чыгуу боюнча расмий жараян марттын аягында башталат.

Улуу Британия 2016-жылы июнда Европа Биримдигинен чыгуу боюнча чечим кабыл алган. Февралда Коомдук палата өкмөткө Брекзит сүйлөшүүлөрүн баштоого укук берчү мыйзам долбоорун колдогон. Лорддор палатасы болсо документке өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жактырган. Мыйзамдын акыркы версиясы марттын аягына чейин кабыл алынары күтүлүүдө.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Садык Шер-Нияз Текебаевди жалганчы кылды

Маданият тармагына сиңирген эмгеги оозго алаарлык аткаминерлердин катарын толуктаган Садык Шер-Нияз “Ата Мекен” партиясынан депутат болуп келгенден улам Өмүрбек Текебаевдин камчысын чабууга аргасыз болууда. Мындан улам бийлик куугунтук жасап жатат дегенди айтып, Текебаевдин актыгына ишенээрин тартынбай эле жар салып келди. Анан эле кара теке сүзүп Өмүрбек Текебаевге ишенбей турганын айги­нелеп тарс жарылды. Текебаев Түркиянын атайын кызматы берди делген жашыруун маалыматта “Манас” аэропортуна жакын Дача-Суда кыйраган самолёттогу жүк Атамбаевдики де­генди юристтеринин оозу менен айттырды эле, Садык мырза бул жалган, ишенбейм деп чыкты. Ошентип өзү коргоп жаткан Текебаевди жалганчы кылды…

 

Булак: “Фабула”

Каназаров «Азаттыктан» кеттиби?

“Азаттык” радиосунун Кыргызстандагы кеңсесинин директору Султан Каназаров ээлеген кызматынан бошотулганы кеп болуп жа­тат. Бирок бул боюнча “Азаттык” үн ката элек.

Султан мырзанын кызматтан алынышына пре­зидент Алмазбек Атамбаевдин “Азаттык” демократиянын нугунда эмес, кош стандарттуу саясат жүргүзөөрү боюнча айткан сын-пикири негиз болгону айтылууда. Коомчулук дагы президенттин сынында жүйө бардыгын, “Азаттык” акыркы жылдары өзүнүн вазийпасын аткара албай, демократиялык баалуулуктарга жооп бербей калганын белгилешүүдө. Айрымдар болсо “Азаттык” тарыхый милдетин өтөп бүткөнүн, мындан ары баштагыдай нукта иш алып бара албасын, демек жабылып калуу чегине жеткенин каңкуулашууда…

Булак: “Фабула”

Каржы каатчылыгынан улам, Кыргызстан мектептерди 12 жылдык билим берүү усулуна өткөрө албайт

“Билим берүү министринин Улуттук университеттин ректору боюнча жеке кызыкчылыгы жок. Бул тууралуу министр Гүлмира Кудайбердиева КСДП фракциясында билим берүү тутумунун абалы, аны реформалоо боюнча Өкмөттүн иши жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди”- дейт ЖК Басма сөз кызматы.

Депутаттар Евгения Строкова менен Элвира Сурабалдиева Улуттук университеттин ректору Чынара Адамкулованы кызматтан алуу маселеси өтө создугуп кеткенин, депутаттык комиссия текшерүү жүрүщүндө көптөгөн кемчиликтер тапкандыктан, аны кызматтан алуу, ал эми Жогорку аттестациялык комиссия аны профессор наамынан ажыратуу сунушун бергенин эске салды.

Андан сырткары, мектептерди 12 жылдык окууга өткөрүү маселеси да азырынча чечилбей турганы белгилүү болду. Министр коӊшу өлкөлөрдө окуучуларды артыкбаш окуу жүгүнөн арылтуу максатында 12 жылдык билим берүү усулуна өткөрүү маселеси көтөрүлүп жатканын, ал үчүн ири көлөмдөгү кошумча керектеле турганын, каржы каатчылыгынын учурунда бюджетте анчалык каражат жок экенин билдирди.

Белгилей кетсек, ушу тапта Кыргызстанда окуучулар мектепте 11 класска чейин окуйт. Эгер алардын даярдоо классында окуганын эске алсак, баш-аягы 12 жылга тете.

 

“Тоок туурунда какылдайт”

Булуттан чыккан айга окшоп, анда-санда көзгө урунуп, анча- мынча маселе көтөрө койгон Марат Аманкулов кайрадан парламенттин горизонтунда пайда болду. Президент Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин биp нече айдан берки тирешине кулак салганы болбосо, үн катпай келди эле ажонун “КСДПда тазалануу жүрөт” дегенин угаары менен жанданып “мен бармын” дегендей ишарат кылды. Түз эле: президенттик шайлоого чейин аз эле убакыт калды. Президенттик шайлоо татыктуу өтсүн, митинг, пикеттердин элге кереги жок. Президентибиз ачуу сындарды айтып жатканы айрымдарга жакпай жатат. Элдер президентти ачык эле сындап, ага жалаа жаап жатышат”, – деп күпүлдөп алды. Мындайды “took  туурунда какылдайт” дечү беле?

Булак: “Фабула”

Мамлекеттик мүлктү мүлжүмөй жанданды...

Болсунбек Казаков Мүлк фондунун башына келгени баарын эле сатабыз деп жеңин түрүнүп шымаланып калды. Учурда сатылат деген ондогон мамлекеттик ишкана парламенттин кароосуна киргизилгени турат. Мындай кызарган жерди баса калып менчиктештирген адат токтоп калды эле, Болсунбек келгени кадимкидей жанданды. Учурда «МегаКом» компаниясы сатыкка чыкты. Буга дейре эки жолу сатыкка коюлуп өтпөй калган. Алгачкы баасы 19, 7 мил­лиард сомго бааланса, андан кийин 14 жарым миллиардга түштү, эми болсо 13 миллиард 500 миллионго бааланып отурат. Улам-улам баасы төмөндөп бараткан кирешелүү ишкананы сатып алууга Түштүк Кореянын, Түркиянын, Кытайдын бизнесмендери кызыкдар болуп жатышканын Болсунбек мырза чечекейи чеч болуп сүйүнчүлөп, буюрса сатабыз деп алакан ушалап жаткан кези…

Булак: “Фабула”

Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов: “Айрым партиялар бийликти гана ойлоп, элди унутушту”

Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” фракцияларынын депутаттары эл үчүн, шаар үчүн эмес, өздөрүнүн саясий гана кызыкчылыктарын ойлоп, шаарга кыйынчылык түзүп жатышат. Мындай пикирин шаар мэри Салайдин Авазов журналисттерге ачык билдирди. Бул боюнча Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымында, бүгүн 10-мартта болуучу депутаттардын шаардык кеңешинин сессия жогорудагы аталган фракциялардын депутаттарынын сессияга келбей коюшунан улам болбой калды. Буга чейин да эки-үч жолу сессия ушундай эле себеп менен болбой калган.

-Депутаттар шайланарда элге көп убадаларды беришкен, силер үчүн, шаар үчүн иштейбиз дешкен. Бирок, мандат алышкан соң, дароо өздөрүнүн кууш саясий амбициясына өтүштү. Аларга шаардын мэринин жана шаар кеңешинин төрагасынын, муниципалдык кызматтардын креслосу гана керек экен. Азыр бизде тезинен ишке ашырылуучу көп долбоорлор шаар бюджети бекитилбеген себептүү токтоп турат. Мисалы, Ленин – Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишиндеги 22 миллион сомдук жер астынан өткөөл жасоо долбоору тезинен башталышы керек эле, аргасыз токтоп турабыз. Андан башка да бир нече миллиард сомдук долбоорлор бекитилсе, биз быйыл эле түз инвестицияларды алып келмекпиз, – дейт ал.

Эскерте кетсек, шаардык кеңешке болуп өткөн шайлоолордо “Кыргызстан”, “Ата-Журт”, “Республика – Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, КСДП партиялары мандатка ээ болушкан. Адегенде “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Журт” жана “Республика – Ата-Журт” партиялары “Биримдик” көпчүлүк коалициясын түзүп, кийин ал ыдырап кеткен. Андан соң, КСДП, “Кыргызстан” жана “Республика – Ата-Журт” партиялары 18 добуш менен “Ынтымак” көпчүлүк коалициясын түзүштү. Бирок, коалициядагы депутаттардын добушу 21ге жетпеген себептүү шаардык кеңештин төрагасын, шаар мэрин шайлоого мүмкүн болбой жатат. Ал эми жалпысынан шаардык кеңеште 31 депутаттык мандат бар.

Сарсейитов, “саан убагы” болду

Биздин байлар укмуш кыйын эй! Амалдары түлкүнү аңга түртөт. Байып, жыйып алган соң эп­теп мандатка жетет да, 5 жыл бою элдин жонтерисинен айлык алып, чет өлкөлөп, «бөтөлкөлөп» жыргай беришет. Ал эми иш жаатына келгенде оозуна кум тыгып алган баладан да жаман. Же иштешпейт, же кетишпейт. Айталы, Канат Исаевдин досу, Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Сарсеитов Исланбек кандай максатта депутат болуп келгенин билбейбиз. Дегенибиз, мандат алганына бир топ убакыт болсо дагы ооз ачып, маселе талкуулаганын көрбөдүк. Бирок Исланбек мырза азыр коомчулукту мурункудай баёо ойлоп албаса экен. Анткени азыр коомчулук өтө активдүү. Убакыт деген учуп баратат. Сарсейитовго окшогондор эл ырыскысына момурап эле «тоюп» алып, «жуушап» жата бербеши керек. Маал-маалы менен «сүт» берип турушу керектигин да унутушпаса. Андыктан «саан» убагы өтүп баратат, Сарсейитов. Ооз ачып эмнеге депутат болуп олтурганыңызды, канча мыйзам жазып, калкка кандай жакшылык кылып ийгениңизди билдирип туруңуз. Болбосо сүт бербеген уйду «жеп түгөткүр экен» деп туруп, кыргыздар шарт эле «согум» кылып жибермейи бар.

Булак: “Де-Факто”

Меню