Menu

САЯСАТ

Абдыманап Кутушев Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси кызматынан бошотулду

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, бүгүн, 10-мартта Абдыманап Кутушев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жетекчиси кызматынан өз каалоосу менен бошонуу жөнүндө арызын берди.

КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков арызга кол койду.

 

Мамлекеттик тил интернет айдыңында

Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди толук жана кеңири колдонууну камсыз кылуунун; мамлекеттик, расмий ошондой эле эл аралык тилдерди эркин билген кыргызстандыктардын жаңы муунун өстүрүүнүн; тилдерди окутуу жана калктын тил маданиятынын деңгээлин көтөрүү үчүн зарыл болгон инфраструктураны өнүктүрүүнүн конкреттүү жолдорун жана механизмдерин карап чыгуу менен Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын басма-сөз кызматынын маалыматына таянсак, улуттук программанын негизинде бир топ алгылыктуу иштер алдыга жылууда. Тактап айтканда, мамлекет тарабынан аталган программага чейин кабыл алынган программалардан айырмаланып биринчи жолу каржылоо булактары аныкталып, ишке ашырууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Алардын айрымдарын белгилеп кетсек, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан интернет айдыңында мамлекеттик тилди жайылтуу боюнча бир топ иштер аткарылууда. Алсак, чет жактан келген чет элдик жарандардын (анын ичинде түрк, англис, орус тилдүүлөрдүн) КЫРГЫЗ ТИЛИН жеңил үйрөнүүгө багытталган интерактивдүү сүйлөшмөлөр IOS жана ANDROID базасында атайын мобилдик программалар иштелип чыкты.

Кыргыз жана чет тилдери боюнча компьютердик котормочу программалары, акысыз компьютердик тесттери жана окутуу программалары бар улуттук Интернет ресурстарын өркүндөтүү үчүн Кыргыз тили Google Translate кызматына киргизилди. Муну менен автоматтык түрдө жасалма интеллекттин жардамы менен дүйнөлүк 106 тилден кыргыз тилине которуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Кыргыз тилин жеңил үйрөнүү жана которуу максатында 35 500 сөздөн турган кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүктөрү жана тармактык сөздүктөрдүн электрондук версиясы даярдалып, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын mamtil.kg сайтына жайгаштырылды. Андан тышкары, СD дисктерге жаздырылып мамлекеттик мекеме-уюмдарга таркатылды. Алгачкы жолу, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге мамлекеттик тилди аралыктан (дистанттык) тил үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Улуттук комиссиянын Окуу борбору тарабынан мамлекеттик кызматкерлер үчүн аралыктан окутуунун окуу-методикалык комплекстери иштелип чыкты. Мындан ары мамлекеттик кызматкерлер жана башка каалоочулар интернетке коюлган электрондук китептер аркылуу кыргыз тилин үйрөнүүгө шарт түзүлдү.

Айлалары кетүүдө...

Президент Алмазбек Атамбаев КСДПда тазалоо процесси жүрөөрүн каңкуулагандан кийин куйругунда калбыры бар далайлардын түн уйкусу бузулду. Өзгөчө күндүзү КСДПда, түндөсү башка жерде обон созгондор баскан издерин санашып, кулак түрүп элеңдеп калышты. Тазалоо иштери башталса, КСДПнын Жогорку Кеңештеги депутаттарынын арасынан биринчи кезекте Абдувахап Нурбаев, Жанар Акаев, Улан Примов өңдүү депутаттары көчөдө калаары ачык көрүнүп калды. Мындай абалдарын алдын ала сезген алар учурда Өмүрбек Бабановдун колтугуна баш катууга жан үрөшүп жаткан кез. Жанар Акаев Өмүрбек Текебаевдин короосуна баш багып үйүр алгыча кыялы ойрондолуп, эми Бабановду айланчыктап жаткан учуру…

Булак: “Фабула”

Пирматов унутулабы?

Максим Бакиевдин жакын санаалаш досу Исхак Пирматов түрмөдө отура турган жерде эле багы тоодой экен, “Бир Бол” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп отурат. “Кыргызнефтегазды” жетектеп турганда кирешелүү ишкананы жасалма банкрот абалына жеткирип, мамлекетти 250 миллионго сызга отургузган “жемкорлугу” акырындык менен унутулуп баратат. Козголгон кылмыш ишин ар кимдин оозун майлап күм-жам кылганбы, Башкы прокурор Индира Жолдубаева Пирматов боюнча такыр ооз ачкысы келбейт. Ал эргул Исхак болсо мамлекеттин эсебинен чет өлкөлөргө саякаттап кебелбей чартаңбай тээп жүрөт. Анда-санда эле парламентке келбесе, караанын көрсөтпөйт… Ушинтип эле кылган күнөөсүнө жооп бербей унутулуп калабы?

Булак: “Фабула”

Жолдошбек Байсеитов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун акими кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-мартта буйрукка кол койду, ага ылайык, берген арызынан улам, Байсеитов Жолдошбек Абылович Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы– акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Төрөбаевди тепкиге алышууда

Өткөн жумада Өмүрбек Текебаевди коргоп “калыстыкты айта албаган парламент тарап кетсин” дегенди айта коём деп “Өнүгүү- прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев кутулбас куяга калды. Андан бери улам бир депутат чыгып, андай кыйын болсоң айтканынды аткар деп демититүүдө. Ошол балп эткен кезде эле СДПКнын лидери Иса Өмүркулов мандатыңды тапшырып берип үлгү көрсөт” деген маселени кабыргасынан койгон. Кечээ болсо дагы бир эл өкүлү Данияр Аттокуров: “Төрөбаев сөзү популисттик эмес экенин далилдегиси келсе, парламенттен кетебиз деп чечим чыгарып келсин”, – деп азуусун көрсөттү. Айтор парламенттин таpaп кетишинен чочуркагандардын баш көтөргөнү эле Төрөбаевди тепкиге алууда.

Булак: “Фабула”

Сапар мырзанын кел-кели...

Күздө өтүүчү президенттик шайлоого бийлик кимди сүйрөйт деген маселе коомчулукта актуалдуулугун жогото элек. Бирок бул маселе Россиянин прези­денти Владимир Путиндин Кыргызстанга келип кетиши менен ого бетер кызыды. Путиндин Сапар Исаковго болгон жылуу мамилеси, бийликтин анын шайлоодо мураскор ката­ры чыгаарын айгинелеп койду дешүүдө. Оомат бир келет дегендей, күлүк табында кезинде чуркаш керек. Демек Сапар мырзанын кел-кели келип турган чак. Саясаттагы кадамы айтылуу Медет Садыркуловдун жардамчысы болуп жүргөн кезинде башталганын көпчүлүк биле беришпейт. Садыркулов Бакиевдер колдуу болгондон кийин, Оксана Малеванная кызматка тарткан. Ма­леванная менен Садыркуловдун мамилеси ошол кезде баарына дайын болчу. Демек Медет мырза ишенген, келечегинен көптү үмүттөндүргөн жигиттин потенциалын Оксана туура баалап, колдоо кылса керек… Исаковдун дараметин Аликбек Жекшенкулов дагы туура баамдап, тышкы иштер министри болуп турганда кызматка алып, карьералык жактан өсүшүнө түрткү берген…

Булак: “Фабула”

"Мегакомду" сатуу, алтын жумуртка берип жаткан тоокту сатуу сыяктуу көрүнүш эмеспи же бул туура кадамбы?"

Өкмөт өлкө бюджетине оңбогондой каражат түшүрүп жаткан “Мегакомдун” сатуу баасын дагы арзандатты. Ушул өкмөт сатмайынча жаныбыз тынбайт деген девиз менен кетип бара жаткандай элес калтырат. Алсак, буга чейин да эки жолу сатыкка чыгарып, ала турган кардар жок артка кайтышкан эле. Ага болбой Өкмөт 7-мартта “Мегаком” деген бренд менен таанымал “АльфаТеле­ком” компаниясын үчүнчү жолу сатыкка чыгаарарын жарыялады. Бул жолкусунда өлкөдөгү ири уюлдук компаниянын баасы баштапкы наркынан 25 пайызга арзандатылды. Негизи эле кирешелүү ишкананы сатуунун кереги барбы?

Биз бул боюнча атайын сурамжылоо кылып көрдүк.

Болсунбек Казаков, Мамлекеттик мупкту башкаруу фондунун төрагасы:

– Мыйзамдын чегинде “Альфа телекомду” кайра баалап чыгуу чечими кабыл алынган. Бул боюн­ча комиссиянын курамында Жогорку Кеңештеги бардык фракциялардын мүчөлөрү, жарандык коом өкүлдөрү, биздин фонддун Коомдук кеңешинин мүчөлөрү жана тиешелүү мамлекеттик органдардын адистери бар. Ком­паниянын баасы 13,5 миллиард сом деп аныкталып, аукционго чыгарышмай болду. 3-июнда каалоочулар болсо, сатылат деп ойлоп жатабыз.

Улан Примов,

ЖКнын депутаты:

– Убакыт өткөн сайын “Альфа Телеком” өз позициясын жоготуп жатат. Азыркы чыгарылган баада сатылып кетсе мамлекетибиз үчүн пайдалуу болмок. Бир топ курч маселелерди чечүүгө каражат табылмак. Бул жаатта өкмөт бардык аракетти көрүп жатат. Ошондуктан бул иштен майнап чыгат деген үмүтгө турабыз.

Кубат Рахимов, эксперт:

– Бул албетте талаш жаратуучу пикир болуп саналат. Бирок эмне

болгон күндө да “Мегакомду” кыргыз жарандарына сатышыбыз туура болот го деп ойлойм.

Абдишарип Бекилов, Ош шаарынын тургуну:

Мындай чырлуу маселе жети ойлонуп, бир кесилген болуш керек. Азыр бардык жетекчилер, саясатчылар жасаган жумуштарына, кабыл алган чечимдерине кез келгенде баары бир жооп берээрин билип калышты. Баягы

айыл чарбасын талкалап, талап-тоноп, реформанын шылтоосу ме­нен элдин эсебинен чөнтөк кампайткандардан башкасы четинен жоопкерчиликке тартылып жатышпайбы. Менин оюмча мындан ары элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы чечим кабыл алуу оңой болбойт. “Мегакомду” сатыкка коюп жаткандар да кийинкисин ойлоп, анан чечим ка­был алышкандыр.

Булак: “Фабула”

Кырсыкты да саясатка байлаган Садык Шер-Нияз

Адамдын башына келээр кырсык кабарлап келбеси анык. Бирок ошол кырсыктан да упай топтоону көздөп, адам өмүрү менен алышып жатканда андан пайдаланып калууну көздөгөндөр арабызда бар экен. Болгондо да элге кадыры өткөн, салабаттуу эле адам. Дегеним, 28-февралдан 1-мартка караган түнү КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков жеке унаасы менен жол кырсыгына кабылды. Учурда абалы туруктуу. Ал эми 1-март күнү Жогорку Кеңеш УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевди жана башкы прокурор Индира Жолдубаеваны чакырып, Өмүрбек Текебаевдин ка­малышы боюнча маалымат угушту. Ошол жыйында «Ата Мекен» партиясынын депутаты Садык Шер-Нияз: «Илим Карыпбеков мобу жерге келгенде айтты эле, жүрөгүм ооруп кыйналып жүрөм деп. Мына силер Илимди кыйнап, түнкү үчкө чейин иштетип атып байкуш жол кырсыгына кабылыптыр», – деп сүйлөдү. Биз Илим Карыпбековдун Жогорку Кеңештеги сүйлөгөн сөзүн таап уксак, «жүрөгүм ооруп кыйналып жүрөм» деген сөзү жок экен. Бул сөздү Садык мырза каяктан таап чыкканы белгисиз. Балким чыгармачылык жаатында салымы чон Садык мырза окуяны көркөмдөп, образга кирип кеттиби? Айтор Кудайдан келген кырсыкты саясатка байлаган Шер Ниязга эмне деп айтсак жарашат?!

Булак: “Де-Факто”

Акибаев Исаковдун артына «тыгылып...»

Кыргыз чиновниктери бирөөнүн «артына» кирип кеткенден эч уялбайт экен го. Эптеп убакыт өтүп, байлык топтоп алганча бийликтеги таасирдүү фигуралардан кимди болсун артына калканч кылып, анын кареги менен тең ай­ланып, ал эми башкаларга кызылдай эле кара ниеттик жасаганга өтүп алышат. Дегеним, Өкмөттүн Ысык-Көл областиы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, мурунку тил менен айтканда губернатору Аскат Акибаев президенттин админист­рация башчысы Сапар Исаковго таянып алып, кылбаганды кылып жаткандыгы боюнча маалыматтар ММКларга жарыяланды. Аскат мырза уялбайт экен да, же иш билбейт. Арийне адамгерчилик, абийир дегендер тууралуу Акибаевде түшүнук барбы өзү? Же «Аврора» менен эле аткаминерликке жол ачкан мырза эртеңки күн, жоопкерчилик деген калыстык таразасына түшпөй калам деп ойлойбу?

Булак: “Де-Факто”

Меню