–Марс мырза, президент Алмазбек Атамбаев кечээ жакында «парламент тарап эле кеткени оң» дегендей ойду кыйытты. Бул канчалык реалдуу?
-Мен ойлойм, ал жөн эле депутаттарды опузалап койду. Алар сөзсүз чочуп калат, себеп дегенде дагы бир жолу шайланып келгенге көбүнүн ресурстары, акча каражаттары жок. А чындыгында парламентти таратып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөргөн президенттин өзүнө деле пайдасыз. Бирок, абал өтө эле курчуп, форс мажордук абал түзүлүп, кырдаал башкаруудан чыгып баратса, анда ошондой кадамга барышы мүмкүн. Азыр көрүп атпайбызбы, КСДП алдан тайып, потенциалы аябай төмөндөп кетти. Жаз келди, Текебаевдин тарапкерлери бүт күчтөрүн мобилизациялап, тышкы күчтөр да өз оюндарын башташы мүмкүн. Евробиримдик Текебаевдин ишине көңүл буруп, кылдат баам салып турат. Ушуга байланыштуу абал курчуй берсе, парламент тарашы ыктымал. Парламент кантип тарайт? Өзүн өзү таратуу жолу менен. Азыркы учурда башка варианттар жок. Анда азыркы саясый күчтөрдүн баары парламентке кайра шайланып келүү менен алек болуп калышат. Ушу кезге чейин түзүлгөн блоктордун баары чачырайт. Бирок, мен мындай вариант ишке ашарына ишенбейм.
–Жөн гана эмоция менен айтылган сөз дейсизби?
-Ооба.
–Акыркы мезгилдерде бир топ күтүүсүз кадрдык орун которуулар болду. Аалы Карашев депутат болуп келди, Фарид Ниязов кеңешчиликке орун которуп, Сапар Исаков аппарат жетекчилигине дайындалды. Бул жөн гана орун которууларбы, же президенттик шайлоого карата даярдыкпы?
-Албетте, шайлоого даярдык. Фарид Ниязов аябай тажрыйбалуу уюштуруучу. Ал шайлоо алды штабын жетектеп калышы мүмкүн. Аппарат жетекчисинин кызматы – бул баш көтөрбөй иштөөнү талап кылган механикалык жумуш да. Ниязов ошондой машакаттан бошотулуп, уюштуруучулук
иштерди жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк алды. Карашев да аябай тажрыйбалуу уюштуруучу. Жакында Икрам Илмиянов да парламентке келет. Президент КСДПны ичтен тазалап, мыкты кадрлар менен чыңдап атат.
–Кээ бир серепчилер божомолдогондой, Сапар Исаков президенттин мураскери болуп калышы мүмкүнбү?
-Азыр мураскер деген сөздүн өзү эле терс мааниге ээ болуп калды. Мураскер катары ким гана дайындалбасын, эл аны кабыл албайт. Сапар Исаков өзү деле «андай маселе күн тартибинде жок» деп айткан. Менимче, бул жөн гана алаксытуучу маневр болуп атат го. Фарид Ниязов штабдын ишин, шайлоо алды компаниясын уюштурушу үчүн аны аппарат жетекчилигинен бошотуу керек болду. Анын ордуна Сапар Исаков барды. Анын милдети – жөн гана аппаратты жетектөө. Элдин баарынын көңүлү Сапар Исаковго бурулуп калган учурда бийлик президентке башка бирөөнү даярдап жатат. Ал Жээнбеков сыяктуу биз билген кишилер эмес, башка бирөө болушу мүмкүн. Албетте, Бакыт Төрөбаев менен Өмүрбек Бабанов да эмес. Булар карама-каршы жээктегилер. Негизи эл коррупцияга аралашпаган, таза адамдардын келишин каалап турат.
–Өмүрбек Текебаевдин камалышы канчалык туура болду? Чоң окуялардын алдында бийлик өзүнө-өзү проблема жаратып алган жокпу?
-«Ата Мекендин» кадыры төмөндөп,Текебаев Феликс Кулов сыяктуу эле саясый аренадан кеткени калган. Эми бийлик аны камоо менен «мученикке» айлантып, аброюн көтөрүп салды. Текебаев муну түшүнүп, Венадан эч камырабай учуп келбедиби. Себеби, канчалык куугунтукка кабылса, рейтинги ошончолук өсөрүн билет. Азыр чындап эле рейтинги өсүп, Атамбаев менен тирешүүдөн упай жыйнап атат. Бийлик аны «тындым кыла» да албайт. Мындай «патовый» абалдан жүзүн жоготпой чыгуунун бир гана жолу – бирөөлөрдү жиберип, Текебаев менен тил табышуу.
Булак: “Азия ньюс”