Menu

САЯСАТ

Дагы бир кыргызга алданып калган миллиардер

Эмнегедир акыркы мезгилде кыргызстандыктарга ири суммадагы акча берип, бирок кийин же акчасын кайтарып ала албай же ошол “соодасын” бүтүрө албай талаада калган чет элдик миллиардерлер көбөйүүдө. “Мегаком” компаниясын алам”- деп 1 млн. доллар берген болчумун” деген билдирүүсү менен үлкөн саясатчы Ө.Текебаевди каматып жиберген Л.Маевский аттуу россиялык ишкерден кийин дагы бир Клайв Палмер аттуу австралиялык миллиардер кыргызстандык Евгения Беденова аттуу айымга алданып калгандыгын айтып чыкты. Бул кургурун да ашык-кеми жок 1 млн. доллар ак­часын жогорудагы жердешибизге алдатып жиберген имиш. Клайв Палмер – Австралиянын Улуттук либералдык партиясынын жетекчиси, тоо-кен тармагында ири бизнестери бар, эң бай адам. Палмер биздин жердешибизге мамлекетибиздеги тоо-кен тармагындагы өз кызыкчылыктарын жакшыртуу, колдон келсе жакшы ийгиликке жетишүү максатында жана Сингапурдун миллилардери менен жолугушуу уюштуруусу, ортомчулугу үчүн ушул акчаны берген экен. 2011-жылы Пал­мер Беденованын жардамы менен Сингапурда издеген миллиардери ме­нен жолугушкан. Анүчүн Е.Беденовага атайы учакты 250 миң долларга жалдап да берген. Беденова Бишкекте 2 баласы менен 260 миң доллар үйдө жашайт экен. Мунун баары Палмерге тийешелүү “Queensland Nickel” компаниясынын ишин токтоткону боюнча жүрүп жаткан Австралиядагы сотто калкып чыккан. Өз убагында чөгүп кеткен “Титаниктин” туп нускасы жаратууга акчасын аябаган Палмердин эмне себептен катардагы кыргызстан­дык кызга иши түшүп калганы азырынча белгисиз.

Булак: “Майданkg”

ФБР WikiLeaks сайтына маалымат берген булакты издөө иштерин баштайт

АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросу (ФБР) WikiLeaks сайтына Борбордук чалгын кызматынын программалары боюнча маалыматтарды берген булакты издөө иштерин баштоо ниетинде. Бул тууралуу CNN телеканалы билдирди.

The Washington Post гезитинин маалыматы боюнча учурда атайын кызматтагылар WikiLeaks убадалаган алдыдагы жарыялоолордун чыгымдарын баалоого аракет кылышууда. Азырынча бул боюнча АКШнын Борбордук чалгын кызматы менен Федералдык иликтөөлөр бюросу комментарий бере элек.

7-мартта WikiLeaks порталы Борбордук чалгын кызматынын маалыматтар базасындагы жашыруун документтердин жаңы топтомун жарыялаган. Андагы маалыматтарга караганда, америкалык чалгын АКШнын Франкфурттагы консулдугун хакердик чабуулдар үчүн алыскы база катары пайдаланып келген. Шардана кылынган документтер iPhone смартфондорунда, ошондой эле Android жана Windows операциялык системаларында иштеген смартфондордо аңдуу программалары болгонун көрсөтүүдө.

Бул WikiLeaks сайты ачылгандан берки анын жарыялаган эң ири жашыруун материалдары болушу мүмкүн.

WikiLeaks жарыялаган материалдардын анык экенин АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден ырастады. Документтер шардана кылынгандан кийин Германиянын прокуратурасы Франкфурттагы хакердик база тууралуу WikiLeaksтин маалыматтарын текшере баштаганын билдирди.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Депутат Марат Аманкулов: «Айрым адамдарга президенттин коомчулук арасын коррупция сындуу жаман жосундардан тазалоо аркети жакпайт»

«”Манас”аэробекетинде аварияга учураган Түркиянын Боинг-747 учагындагы жүктү Президент Алмазбек Атамбаевге таӊуулаган адамдар аны тастыктоочу документтерди көрсөтүшү керек, андай кыла алышпаса, анда жоопкерчиликке тартылышы керек. Бул тууралуу депутат Марат Аманкулов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди» – дейт КР ЖК Басма сөз кызматы.

«Өлкөдөгү туруктуу абалды чайпалтуу дымагы эч нерсеге арзыбай турган нерсе. Акыркы мезгилде аргандай имиштерге таянуу менен, президентке чабуул жасала баштады. Айрым адамдарга анын коомчулук арасын коррупция сындуу жаман жосундардан тазалап, өлкөнү жаӊы деӊгээлге көтөрүү аркети жакпай жатса керек. Эми адамдардын башына түшкөн кайгыга жамынып алышып, учактагы жүк президенттин үй-бүлөсүнө таандык деген ушак таратып жатышат. Алардын жоопкерчилигин караш керек», – дейт эл өкүлү.

АКШ Кытайдын Пхеньян менен сүйлөшүү сунушун четке какты

Кошмо Штаттар Корей жарым аралындагы аскердик эскалацияны токтотуу жана Түндүк Корея менен сүйлөшүүлөрдү калыбына келтирүү тууралуу Кытайдын сунушун четке какты. 8-мартта Кытайдын тышкы иштер министри Ван И АКШ менен Түштүк Кореяны жыл сайын өткөрүлчү аскерий машыгууларын токтотууга, ал эми Түндүк Кореяны ядролук жана ракеталык сыноолорун өткөрбөөгө чакырган.

Пентагондун расмий өкүлү Гарри Росс ал аскерий машыгуулар ачык өтүп жатканын жана коргонууну камсыз кылуу максатын гана көздөй турганын билдирди. Ал машыгуулар ондогон жылдардан бери жыл сайын өткөрүлүп келерин кошумчалады. «Түштүк Кореяны Пхеньяндын агрессиясынан коргоо боюнча биздин аракеттер менен милдеттенмелерибизди Түндүк Кореянын БУУ тараптан киргизилген санкцияларды бир канча жолку бузуусуна теңештирүүгө болбойт», — деди Гарри Рос.

АКШнын БУУнун алдындагы элчиси Никки Хейли дагы Кытайдын сунушун четке кагып, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү деңгээлде рационалдуу эмес адам экенин билдирди. «Биздин ишибиз рационалдуу адам менен байланыштуу эмес. Түндүк Кореянын ордуна башка бир өлкө болгондо сүйлөшүүлөргө бармакпыз», — деди Хейли.

Ал АКШ учурда Түндүк Кореяны токтотуу үчүн анын аракеттерин баалап жатканын билдирди. Анын айтымында, бардык варианттар караштырылууда. Алардын ичинде Ким Чен Ындын «позитивдүү аракеттерге» баруу ыктымалдыгы да бар.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Депутат Мирлан Бакиров: «Өкмөт өзүнүн программасын аткарышы керек, аткара албаса, анын жоопкерчилигин тартышы керек»

“Кыргызстандагы жумушсудук мурда 2 пайыз болсо, азыр 8 пайызга чейин көбөйдү, мындайча айтканда, 4 эсеге өстү. Ал эми 55 никеге 10 миӊ ажырашуу туура келет. Эмне үчүн ажырашкан адамдар көбөйүп барат? Баары турмушубуздун начарлыгына, жумушсуздукка барып такалат! Ушу тапта 30 миӊ бала мектепке барбайт экен. Бул тууралуу депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди” – деп маалымдады КР ЖК басма сөз кызматы.

«Өкмөт өзүнүн программасын аткарышы керек, аткара албаса, анын жоопкерчилигин тартышы керек. Квартал аяктап калды, жакында ал отчет берүүгө тийиш, жыйынтыгын көрөбүз. Кантип отчет берет?», – дейт депутат.

Өтө сабаттуу Чыныбай Турсунбеков

Эмнегедир акыркы кезде парламент өз милдети болгон мыйзам чыгаруу иши менен алектенбей эле, ызы-чуунун, ушактын ордосуна айланууда. Бул тууралуу биз эмес, 6-мартта өлкө башчыбыз А. Атамбаев өзү айтты. Ал тургай президент парламентти таратуу керектигин да кошумчалады. Демек, өкүмдар айтып аткан соң, эл өкүлдөрү элге да, Ак үйгө да жакпай калыптыр. Бирок, спикер Ч.Турсунбеков баш болуп катардагы жарандарды кемсинте башташы булардын шиши толуп, өздөрү эле тарай турган маалы келип калгандыгынын белгиси. Мисалы, ЖК спикери Ч.Турсунбеков өткөн жумада пленардык жыйынды ачып жатып эле социалдык тармактарда парламентти сындап жазып жатышкандарды “чала сабаттар” деп балп эттире салды. Корсө, ага депутаттарды социал­дык тармактарда сындап жазгандар жакпайт экен жана “чала сабаттар” тура. Туура, социалдык тармакта сабаты төмөндөр деле көп денизчи. Би­рок ошол депутаттардын өзүн| сабаттуу деп айтууга болобу?  Чындап айтканда депутаттардын арасында чала сабат гана эмес, уурулар, жегичтер, чала бандиттер да толтура экенин карапай­ым калк айтып эле келатат го. Аларга караганда сабаты чала болсо да, мамлекетке, эч кимге  зыяны тийбей өзүн-өзү социалдык тармакта алагды кылып, бугун чыгарган карапайым адамдар жүз эсе жогору эмеспи?

Булак: “Майданkg”

Сооронбай Жээнбеков жумуш сапары менен Талас облусуна барат

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-мартта, бир күндүк жумуш сапары менен Талас облусуна барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кызыл-Адыр айылындагы фитосанитардык лабораториянын ачылышына катышат.

Мындан сырткары, «Тараз-Талас-Суусамыр» автожолунун курулушу, «Арашан» майда кайра иштетүүчү заводунун ишмердүүлүгү менен таанышып,  Талас облусунун Кара-Буура районунун Сатыке айылындагы орто мектептин ачылыш аземине катышат.

Сооронбай Жээнбеков «Тараз-Талас-Суусамыр» автожолун реконструкциялоонун үчүнчү фазасынын курулуш иштери менен таанышты

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-мартта, бир күндүк жумуш сапары менен Талас облусуна барып, «Тараз-Талас-Суусамыр»  (30 км) авто жолун реконструкциялоонун үчүнчү  фазасынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Өкмөт башчы мамлекет жол-транспорттук инфрастуруктурага өзгөчө маани берип жаткандыгын белгилеп, андагы бардык техникалык нормалардын сакталышына өзгөчө басым жасоо керектигин эскертти.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов учурда «Тараз-Талас-Суусамыр» авто жолунун 75-105 чакырымыда реконструкциялоонун үчүнчү фазасы жүрүп жатканын маалымдады. Реабилитиациялоонун үчүнчү фазасы жана Талас шаарынынын ичиндеги жол кошулуп, 2017-жылдын август айына чейин бүткөрүлөрүн кошумчалады. Ондоо иштерин каржылоо эл аралык финансылык институттар жана Өкмөт тарабынын жүргүзүлүүдө.

Премьер-министр иштин сапаттуу аткарылышына басым жасады. Аны менен бирге Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков «Тараз-Талас-Суусамыр» авто жолунун үчүнчү фазасын ишке ашырууда жол четине  тротуарларды салуу жана Талас шаарынын ички жолдорун камтуу тапшырмасын берди.

Жамшитбек Калилов  белгилегендей,  ремонт иштери графикке ылайык жүргүзүлүүдө жана долбоордун артта калуусу жок.  Мындан тышкары бүгүнкү күндө донорлор менен «Тараз-Талас-Суусамыр» (94 км) унаа жолунун төртүнчү фазасы үчүн акча каражатын бөлүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Депутаттар тобу өлкө аймагында аӊчылыкка тыюу салуу демилгесин көтөрүүдө

Жогорку Кеӊеште өлкө аймагында аӊчылыкка 2025-жылга чейин тыюу салууга багытталган «Кыргыз Республикасында аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.  Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Мыйзам долбоору жапайы жаныбарлар дүйнөсүн коргоо максатында иштелип чыккан. Демилгечилердин айтымында, айрым коомдук уюмдардан башаламан аңчылыкка чара көрүү жана мергенчилик кылуучу жерлерди чет элдик жана жеке жактарга ижарага берүүгө тыюу салуу тууралуу кайрылуулар келип түшкөн. Айрым коомдук кыймылдар мамлекеттик органдардын мекемелеринин алдында мергенчилик кылуучу жерлерди ижарага берүү сынактарын токтотууну талап кылышкан.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда өлкө аймагында мергенчилик кылуучу жерлерге ээ болгон 52 аңчылыкты пайдалануучулар иш алып барат, алардын ичинен 1 мамлекеттик, 9 коомдук жана 42 жеке жактар. Аӊчылык кылуучу жерлердин жалпы аянты 14,4 млн га, анын ичинен 7,2 млн га мамлекеттик, 3,2 млн га коомдук жана 4 млн. га жеке жактарга таандык. 2013-жылы Аңчылык департаменти тарабынан 2,96 млн сомго жакын 710 аңчылык эрежелерин бузуу, браконьерлик жана башка мыйзам бузуу фактылары катталып, 48 даана ок атуучу аңчылык куралдар алынган.

Демилгечилердин бири Эмил Токтошев акыркы 10 жылда эле илбирстердин саны 3 эсе азайганын билдирди. Ошондон улам, «2014-2020-жылдары ак илбирстин экотутумун сактоо боюнча» ааламдык программа кабыл алынып, анын каржылоо көлөмү 190 млн АКШ долларын түздү. Илбирс азыктануу пирамидасынын туу чокусунда турат. Анын сакталышы жана көбөйүшү бүткүл биологиялык тутумдун туруктуулугунун көрсөткүчү болуп саналат.

“Биз адегенде аӊчылыкка 2030-жылга чейин тыюу салуу демилгесин көтөргөнбүз, бирок айрым депутаттар каршы болгондуктан, ал мөөнөттү 2025-жылга чейин кыскарттык. Мыйзам долбооруна ылайык, Кызыл китепке кирген жапайы жаныбарлар менен аркар-кулжаларга гана аӊчылык кылууга тыюу салуу чаралары киргизилет”, – дейт баяндамачы.

Талкуу жүрүшүндө бир катар депутаттар өлкө аймагында аӊчылыкка тыюу салууга каршы пикирлерин билдиришти. Депутат Кожобек Рыспаев тыюу салуу менен эле мыйзамсыз аӊчылыкты токтотуу кыйын экенин, андан көрө көзөмөлдү күчөтүп, бюджетти толтуруу зарылдыгын белгиледи. Мындай пикирди Элвира Сурабалдиева да колдоп, өз кесиптештерин мыйзам долбоорун четке кагууга чакырды.

Өкмөттүн эксперттери, Аӊчылык департаментинин жетекчилери менен аӊчылык чарбаларынын өкүлдөрү да мыйзам долбооруна каршы экенин айтышты. Алардын айтымында, жергиликтүү калктын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен катар, айыппул өлчөмүн көтөрүү аркылуу тартипти бекемдеп, калктын жапайы жаныбарларга аӊчылык кылуу маданиятын көтөрүү зарыл.

 

Депутат Т.Масабиров: “Маданият жылына карата ВДНХны калыбына келтирели”

Бүгүн, 9-мартта депутат Таалайбек Масабиров Жогорку Кеңеш жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында Бишкектеги ВДНХнын абалына токтолду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматы боюнча Бишкек шаарындагы ВДНХ павильону 1974 жылы курулган. Анда кыргыз элинин тарыхы чагылдырылган. Ошону менен катар бир катар тармактардагы, анын ичинде айыл чарбасы боюнча жетишкендиктер боюнча көргөзмөлөр коюлуп турар эле.

Бүгүнкү күндө болгон көргөзмө-жарманкелердин баары Спорт ордосунда өтөт. Бул жайда спорттук иш-чаралар, концерттер өткөрүлүп келет. “Андыктан, ВДНХны капиталдык ремонттон өткөрүп, көргөзмөлөрдү уюштурсак болот эле. Болбосо, ар кандай меймандар келгенде көргөзө турган жайларды ойлонуп калат экенбиз”,- дейт ал.

Депутат Алмазбек Эргешов Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарында калктын саны өсүп бара жаткандыгын айтып, шаардын канализация, таштанды таштоочу жайы боюнча көйгөйлөрүн тизмектеп, аткаруу бийлигин район борборунун көркөмүн жакшыртууга үндөдү.

 

Меню