Menu

САЯСАТ

Сооронбай Жээнбеков: Өлкөдө эл аралык стандартка ылайык фитосанитардык лабораториялардын ачылышы Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнүн алкагындагы иштердин жыйынтыгы болуп саналат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-мартта Талас облусуна болгон бир күндүк жумушчу сапарынын алкагында Кара-Буура  районун Кызыл-Адыр айылындагы фитосанитардык лабораториянын ачылыш салтанатына катышты. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Өкмөт башчы белгилегендей, өлкөдө эл аралык стандартка ылайык  фитосанитардык  лабораториялардын ачылышы  Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ)  кошулуусунун  алкагында белгиленген иштердин жыйынтыгы болуп саналат.

Премьер-министр  белгилегендей, Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу менен республикада бир катар милдеттер кабыл алынган. Атап айтсак, ветеринардык жана фитосанитардык  лабораториялардын эл аралык стандартка жооп бериши коюлган талаптардын бири болгон. Буга байланыштуу ЕАЭБ интеграциясынын алкагында инфраструктураны жакшыртуу боюнча чараларды ишке ашыруу зарылдыгы келип чыккан.

Сооронбай Жээнбеков Өкмөт 2016-жылдын май айында башка жактардан келген каражаттарды күтпөстөн республикалык бюджеттин эсебинен эки лабораториянын имаратын капиталдык ондоп-түзөө иштери, ошондой эле зарыл болгон лабораториялык жабдуулар, эмеректер жана башка материалдар менен камсыздоо тууралуу чечим кабыл алган. Бардык тиешелүү органдарга 2017-жылда ветеринардык жана фитосанитардык лаобраторияларды куруу жана модернизациялоо иштерин аягына чыгарууну тапшырган.

«Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенде мүмкүнчүлүктөргө гана ээ болбостон,  бир катар талаптарга да жооп бериши керек. Мына, өз күчүбүз менен курулган фитосанитардык лабораториянын бирөөсү бүгүн ишке берилди. Ысык-Көл облусунун Түп районунда да ушундай лаборатория крулуп бүтүп, ишке берилер алдында турат. 2017-жылы Баткен, Нарын жана Жалал-Абад облустарында ушундай эле фитосанитардык лабораториялар ишке берилет. Каракол, Балыкчы, Талас жана Баткен шаарларында ветеринардык лабораториялар курулат. 2017-жылдын аягына чейин Кыргызстанда 13 фитосанитардык жана ветерианрдык лабораториялар ишке кирет», — деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы өлкөдө 13 фитосанитардык жана ветеринардык лаборатория ишке кирерин баса белгиледи. Бул максатта мамлекеттик бюджеттен 190 млн. сом каражат бөлүүдө. Мындан сырткары Ош жана Бишкек шаарларында эки чоң лаборатория ишке кирет.

Менчик мектептерди салыктын айрым түрлөрүнөн бошотуу демилгеси көтөрүлүүдө

Жогорку Кеӊеште депутаттар тобу тарабынан өлкөдө мектеп мекемелеринин жетишсиздик маселелерин чечүү, ошондой эле менчиктин жеке таризинде түзүлгөн, мектептик билим берүү уюмдарды ачып жаткан жеке ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан «КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы кабарлады.

Демилгечилердин айтымында, Кыргызстанда жалпысынан 187 менчик мектеп бар. 2015-жылы 49 мамлекеттик эмес жалпы билим берүү мекемесине лицензия берилген. Ал эми 2016-жылдын биринчи жарымында билим берүү кызматын көрсөтө турган 7 мектепке лицензия берилген, анын ичинде 4 мектеп Бишкек шаарында иштейт. Демек, мындай мектептер анчалык деле көп эмес.

Ошондон улам, жеке мектептерди салыктын айрым түрлөрүнөн бошотуу демилгеси сунушталууда. Ал республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдүн олуттуу кыскаруусуна алып келбейт. Тескерисинче, окуучулардын контрактык төлөмдөрүнүн төмөндөшүнө түрткү берет. Мындай жеӊилдиктер Евразия экономикалык бирлигине кирген өлкөлөрдө да бар экени, менчик мектептер кошумча нарк салыгынан бошотулбай турганы белгилүү болду.

Менчик мектептер салыктан бошотулса, жалпы билим берүү мекемелеринин саны көбөйүп, атаандаштык түзүлүү менен, окуу үчүн акы төлөмдөрүнүн өлчөмү азаят. Өкмөт дагы мыйзам долбооруна каршы эмес.

Эске салсак, 2015-жылы менчик мектептер сындуу эле менчик бала бакчаларды салыктан бошотуу боюнча мыйзам кабыл алынган. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, ушу тапта өлкө аймагында 297 жеке менчик бала бакча иштөөдө. 2016-жылы менчик мектептерден бюджетке 426 млн сом салык түшкөн.

 

2017-жылдын 9-мартында добуш берилген мыйзам долбоорлору

Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында 1,2,3-окуудагы бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

“Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Исмаилова А.Ж., Асылбаева Г.К., Бакчиев Ж.А., Иманалиев К.К., Никитенко Н.В., Самигуллина А.Э., Строкова Е.Г., Субанбеков Б.Ж., Туманбаева Р.М.);

– “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору(Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Тамекинин зыяндуу таасиринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоо жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Исаков М.А., Самигуллина А.Э., Мавлянова М.Э., Строкова Е.Г.);

2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

– “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын бириктирилген долбоору(демилгечилер – депутаттар Арапбаев А.А., Примов У.Б., Жапаров А.Ү. жана депутаттар Бекешев Д.Д., Макеев Н.К., Асылбаева Г.К., Байбакпаев Э.Ж., Мавлянова М.Э., Масабиров Т.А., Юсуров А.Л., Тулендыбаев П.Р., Акаев Ж.К., Исаков М.А., Аманкулов М.А., Жеенчороев М.К.);

– “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 29.11.16дагы № 630 токтом);

– “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 27.04.16дагы № 219 токтом);

– “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер – депутаттар Өмүркулов И.Ш., Никитенко Н.В., Бекешев Д.Д.);

– “Согуштук абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу”конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Өмүркулов И.Ш., Зулпукаров Т.З., Жеенчороев М.К., Ибраимжанов Б.С., Бабанов Ө.Т., Сыдыков Б.Ү., Баатырбеков А.Б., Конушбаев Т.К., Токторов А.С., Турсунбаев А.А.);

– “Коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору(“Улуттук коопсуздук жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер – депутаттар Өмүркулов И.Ш., Зулпукаров Т.З., Жеенчороев М.К., Ибраимжанов Б.С., Бабанов Ө.Т., Сыдыков Б.Ү., Баатырбеков А.Б., Конушбаев Т.К., Токторов А.С., Турсунбаев А.А.);

– “Лотереялар жөнүндө” Мыйзамдын бириктирилген долбоору (демилгечилер – депутаттар Зулпукаров Т.З., Жетигенов Б.Ж., Артыков А., Масабиров Т.А., Икрамов Т.И. жана Өкмөт, 21.09.16дагы № 500 токтом);

– “Лотереялык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Граждандык кодекске, Кылмыш-жаза кодексине, “Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Жол фонду жөнүндө”, “Китепкана иши жөнүндө”, “Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө”, “Меценаттык жана кайрымдуулук иши жөнүндө”, “Туризм жөнүндө”, “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер – депутаттар Зулпукаров Т.З., Жетигенов Б.Ж., Артыков А., Масабиров Т.А., Икрамов Т.И.);

– “Жер пайдалануу жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Жер кодексине, Турак жай кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө” мыйзамдарга)(демилгечилер – депутаттар Сабиров М.Э., Бакиров М.И., Жунус уулу Адыл, Өмүркулов И.Ш., Турускулов Ж.К., Мавлянова М.Э.);

– “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору(“Ветеринария жөнүндө” Мыйзамга, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске) (демилгечилер – депутаттар Бакиров М.И., Акматов А.Ж., Каримов Н.Т.).

КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Примов У.Б., Бекешев Д.Д., Турсунбеков Ч.А., Алимбеков Н.К., Өмүркулов И.Ш., Казакбаев Р.А., Сурабалдиева Э.Ж., Акаев Ж.К., Тиллаев Т.Г., Алтыбаева А.Т., Төлөнов Д.Э., Нурбаев А.М., Маннанов И.А., Строкова Е.Г.).

 

Түркмөнабадда Ислам Каримовдун эстелиги ачылды

Түркмөнстандын Түркмөнабад шаарында Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун эстелиги тургузулду. 7-мартта анын расмий ачылышына Өзбекстан мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов катышты.

Түркмөнстандын Мамлекеттик маалымат агенттиги билдиргендей, андан сырткары Лебап аймагынын административдик борборундагы (Өзбекстандын Бухара облусу менен чектешет) көчөлөрдүн бирине Ислам Каримовдун ысымы ыйгарылды.

Түркмөнстан президенти чогулгандардын алдында сүйлөп жатып эки өлкө ортосундагы өз ара мамилени өнүктүрүүдө Ислам Каримовдун ролу чоң экенин белгиледи.

«Өзбекстандын биринчи президентине мыкты эстелик — бул анын ишин татыктуу улантуу», – деди Гурбангулы Бердымухамедов. Түркмөн лидери эки өлкө элинин өз ара түшүнүшүүсүнүн жогорку деңгээли, жалпы тарыхый түпкү теги мындан ары да мамлекеттер ортосундагы кызматташтык үчүн бекем пайдубал болуп берет деген ишенимин билдирди.

Соңунда Өзбекстан менен Түркмөнстандын президенттери Ислам Каримовдун эстелигине гүлчамбар коюшту.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Алмазбек Атамбаев УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын директору Дүйшөнбек Чоткараевди кабыл алды

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директору Дүйшөнбек Чоткараевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысына мамлекеттик бийлик жана башкаруу системасында коррупция менен күрөшүү, антикоррупциялык чараларды андан ары өркүндөтүү жана коррупцияны алдын алуу жана бөгөт коюу  иштери тууралуу маалымат берилди.

Президент коррупция менен күрөшүү иштерин дагы күчөтүү зарылдыгын белгилөө менен антикоррупциялык иш чаралардын натыйжалуулугун арттыруу, анын ичинде коррупциялык тобокелдиктерди ашкерелөө жана алдын алуу системасын бекемдөөгө багытталган таасирдүү чараларды кабыл алуунун маанисине көӊүл бурду.

Текебаев эркиндикке чыкса, олуттуу күчкө айланат... Кайра шайлоо "РАЖга" гана пайдалуу

 

7-марта Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев парламентти мөөнөтүнөн мурда таратуу жөнүндө сөз кылды: «Эки- үч айдан бери Жогорку Кеңеш депутаттык комиссия түзүү менен алек, ызы-чуу басылбай койду… Парламент күн өткөн сайын мыйзам чыгаруу органынан ушак-айың чыгаруучу органга айланып баратат. Балким, балыктай оозуна талкан салып отургандан, же парламентте мародорлерду өстүргөндөн көрө тарап эле кеткени туура болор…»

Адегенде оппозиционерлер камалып, суракка алынды эле, эми болсо парла­мент таратуу тууралуу сөз боло баштады. Кыргызстан кайрадан чачыроого бет алдыбы?

Бирок, кырдаалга учкай баам салганда баары башкача: Атамбаевдин билдирүүсүн ниет катары эмес, депутаттарга «эгер силер өзүңөрдү колго алып иштей баштабасаңар, парламент тарайт, көбүңөр өз ордуңардан ажырап каласыңар» деген эскертүү катары караш керек. Бул эскертүү биринчи кезекте президенттик КСДПнын мүчөлөрүнө тиешелүү.

Алгачкы жылдарда мыйзам чыгаруучулар арасындагы «бардак» президенттин командасына пайдалуу болчу. «Divide et impera» («бөлүп жар да, башкара бер») принцибин жетекчиликке алып, Атам­баев өлкөдө болуп жаткан окуяларга таасирин күчөттү. Депутатгардын айрымдары коркунуч туулганын инстинкт менен сезип турушту, бирок, парламент жалпы жонунан чечимдерди кабыл алуунун реалдуу борбору болгонго аракет да кылган жок. Мындай амбиция күчтү, убакытты талап кылып, ага караганда да маанилүү иш – бизнес менен шугулданууга тоскоол болмок.

Бирок, азыр кырдаал өзгөрдү, Алмазбек Атамбаев жылдын акырына чейин пре­зиденттик кызматынан кетүүгө тийиш. Андан соң парламентке келип, ири фракциянын жетекчиси катары жаңы президентке жана өкмөткө таасир этүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок, муну чабал парламенттеги чабал партия менен ишке ашыруу кыйын. Ошондуктан Атамбаев мөөнөтү бүткөнчө КСДПны реформалап, бийликти транзиттөө учуруна өз тылын бекемдөөсү зарыл. Муну менен бир эле учурда өтө эле ашынган, баш ийбеген атаандаштарын коопсуздандырып коюуга да болот.

Парламент тарап кетиши күмөн

Азыркы депутатгардын көпчүлүк бөлүгү окуя ушундай өңүткө бурулушуна кызыктар эмес, анткени, кайра шайланып келиш үчүн бир топ күч жана каражат жумшоого туура келет (талапкерлик тизмеден орун сатып алуу 40 миң дол­лар турушу мүмкүн), ошондо деле жеңип чыкканга кепилдик жок. Мүмкүн болуучу шайлоолор партиялардын көпчүлүгү үчүн тобокелчилик жаратат. Партиялар­дын кайсы бири акыркы, 2015-жылдагы шайлоолордо алгандагыдан көбүрөөк орундарды алышы күмөн. Азыркы парламенттин курамындагы айрым партиялар дегеле «ыргып» кетүүлөрү мүмкүн. Бул жагынан «Ата Мекен» партиясынын абалы өзгөчө кооптуу. Анын лидери Өмүрбек Текебаев коррупция, алдамчылык беренелери боюнча айыпталып, эки айга СИЗОдо отурат. Анын тарапкерлери бүт күчтөрүн мобилизациялап, өз лидерин коргоого аракет кылышкандары менен жупуну ресурсу алардын Facebook дебатынын алкагынан ары чыгуусуна мүмкүндүк бербей жатат.

Бирок, айрым кыйынчылыктарга карабастан, акыркы окуялар Текеба­ев үчүн коркунуч гана туудурбастан, анын чоң саясатка кайтып келүүсүнө да шанс берип коюшу ыктымал. Акыркы жылдарда «Ата Мекен» менен Өмүрбек Текебаев позицияларын жоготуп баратышкан – каржы булактары азайып, аларга салыштырмалуу кыйла чогоол атаандаштары алкымдан алып, шайлоого катышуу кыйын милдетке айланып калган. Жеңиштер азайгандан азайып, 2015-жылкы шайлоодо «Ата Мекен» 7,75 пайыз добуш менен парламентке өткөн.

Эгер Текебаев эркиндикке чыга алса, ал акыркы мезгилде ээ болгон популярдуулугун пайдаланып, өзүнүн айланасына протесттик электоратты чогултууга жана бийлик партиясына чакырык таштоого мүмкүндүк алат. Бийлик үчүн бул олуттуу коркунуч болот.

Кайра шайлоо болсо азыркы парламенттеги партиялардын дээрлик баары коркунуч астында калат. КСДП (өткөн шайлоодо 27,4 пайыз добуш алган) ичтен олку-солку болууда, алар бул жолу да мурдагыдай добуш алары күмөн. «Кы­ргызстан» (12,87%) менен «Өнүгүү-Прогресстин» (9,3%) абалы деле ушундай. «Бир Бол» (8,5%) менен «Ата Мекендин» (7,75%) абалы өзгөчө начар, алар жаңы парламенттин курамына дегеле кирбей калуулары мүмкүн. Кайра шайлоодо Өмүрбек Бабановдун «Республика – Ата Журтуна» пайдалуу болушу ыктымал. Себеби, ал жетекчилери өнүгүүгө жана окутууга ресурстарын жумшап жаткан аз сандагы партиялардын бири.

Кыргызстанда парламенттин шайлоолор мөөнөтүнөн мурдараак өтүшүнө кимдер кызыкдар?

Биринчиден, бул бюджеттик пирогду бөлүшүү укугун талашкысы келген парламенттен тышкаркы саясый күчтөр. Алардын арасында акыркы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолордо өзүн жакшы көрсөтө алган «Улуу Кыргызстан», «Табылга», «Мекеним Кыр­гызстан» сыяктуу партиялар мандат үчүн күрөшкө түшө алуулары мүмкүн. Шайлоо алдындагы компаниянын аркасы менен

нан тапкан жергиликтүү ЖМКлар, саясый технологдор, типографиялардьш ээлери, майрамдык жана нааразылык массовкаларынын уюштуруучулары да шайлоого кызыкдар.

Парламенттин шайлоолор өлкөдөгү кырдаалды өзгөртүшү мүмкүнбү?

Өзгөртө деле албайт го. Себеби, жергиликтүү саясый бирикмелер бири-биринен көп деле айырмаланышпайт. Программалардын аталышы эч кандай ролду ойнобойт – парламентке капчыгы калып, эки жүздүү кишилер барышат, өлкөнүн келечеги үчүн күйүп-бышкан идеалисттер андай бийиктикке жете алышпайт. Өлкөдөгү абал түп тамырынан бери өзгөрүшү үчүн же таптакыр жаңы адамдар бийликке келиши, же тышкы чакырыктар таасир этиши талап кылынат.

Өлкөнүн жакын арадагы саясый келечегин прзиденттердин, же партиялар­дын аттары эмес, кыйла маанилүү башка нерселер – анын ичинде бюджеттин аба­лы, тышкы каржылык карыз булактары, өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу майлардын келүү булактары, кыргыз продуктыларын сатуунун негизги рыноктору, сугат суунун таңкыстыгы, электр энергиясын генерациялоо проблемалары, тышкы карыздарды төлөө мөнөтүнүн жакындоосу сыяктуу нерселер аныктайт. Азырынча Кыргызстандагылар «экономика ылдам темп менен өсүп кетет» деп үмүт кыла алышпайт. Президент Атамбаев көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн ордуна оппоненттерин «сасыган партиялар» деп атап, депутаттар болсо блоггерлерди көзөмөлдөөнү күчөтүү керек деп демилге көтөрүп жатышат.

Баса, Бажы биримдиги иштей баштагандан бери алты жыл өттү, бирок, Кы­ргызстан алиге чейин чек араларда кы­ргыз продуктыларын экспорттоо үчүн зарыл болгон санитардык-карантиндик пункттарды даярдай алган жок.

Булак: “Азия ньюс”

 

Видео - Ислам Каримовдун кайнисинин адвокаттары Өзбекстанды сынга алышты

Адвокаттар Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун кайниси Акбарали Абдуллаевди Ташкентке өткөрүп бербөөнү өтүнүп жатышат. 7-мартта алар Киевде маалымат жыйынын өткөрүп, Өзбекстанды ишенимге татыксыз өлкө деп аташты.

23-февралда Киев шаардык соту Акбарали Абдуллаевдин камактагы мөөнөтүн дагы бир жылга узартуу чечимин чыгарган. Учурда ал Украинанын Коопсуздук кызматынын тергөө абагында камакта. Татьяна Каримованын 33 жаштагы жээни Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын талабы менен Киев аэропортунда ушул жылдын 14-январында кармалган. Мекенинде ал жүздөгөн миллион долларды кымырып алган деп айыпталууда.

Бирок Акбарали Абдуллаевдин өзү бул айыптар боюнча 2013-жылдан 2016-жылга чейин Өзбекстанда жаза мөөнөтүн өтөгөнүн, учурдагы айыптоолор саясий негизде тагылып жатканын билдирүүдө.

Анын жактоочуларынын бири Оливер Уоллеш Абдуллаев Украинага мыйзамдуу келгенин, жанында паспорту жана Өзбекстанда берилген визасы болгонун билдирди. «Страсбург сотуна ылайык, эгер Өзбекстан ага карата адилет сот болорун, укуктук жардам берилип, кыйноолорго алынбай турганын убадаласа да, ал кепилдиктер жетишсиз болот. Европа соту Өзбекстанды ишенимге татыксыз деп тааныган», – деди ал.

Киев прокуратурасынын басма сөз катчысы Надежда Максимец Абдуллаев качкын макамын алуу үчүн документтерин тапшырганын жана акыркы өкүм чыгарууда ал эске алынарын билдирди.

https://www.youtube.com/watch?v=kkZBJvivEJA&feature=youtu.be

Сапар Исаковдун атын сатса, Акибаевдин абалы жакшы болбойт го?

Ысык-Көл облусунун башчысы Асхат Акибаевдин ишиндеги чалмакейлер күн сайын ачыкталууда. Буга дейре «Кепилдик» фондун түзө коюп, облустагы аким-мэрлерди кыйноого алса, эми өзүнүн орун басарларынан кутулууга аракет жасаш үчүн борбордук бийликке аларды жамандаганы ачыкталабы? Кезегинде Жусупбек Шарипов Ысык-Көл облусунун губернатору кезинде көздөй жардамчысы болгон Дамир Моңолдоровду Сооронбай Жээнбеков өкмөт башына келер замат агасынын амири астында губернатордун 1-орун басарлыгына дайындаганы бар. Дал ушул Моңолдоровду Акибаев өзүнүн 1-орун басарлыгынан Ысык-Көл акими кылууга ашыкса, буга ачууланган Дамир «арыз-муңун» Жээнбековдорго айтып, губернатордун өзүн кызматтан чаап түшүрүүгө аракет кылганы каңкуланууда. Анан калса мыйзам аркылуу күчү бекемделе элек «Кепилдик» фонддун ишин аким-мэрлердин колу менен жасоого кылган аракетинен майнап чыкпай «расса» кыйналганы, акыры Сапар Исаковдун атын сатып, кол алдындагыларды коркутууга өткөнү кандай? Бир кездери Максим Бакиевдин командасындагы 12 баланы «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондуна алып барып, кызмат караштырып жатса, Мирбек Кожоев менен Досубек Касмалиев аттуу (экөө тең экс-губернатор Кыдыкбек Исаев менен Эмилбек Каптагаевдин көздөй кадрлары) «сүйгүнчүктөрү» менен облустук бийликке интрига кылып жатышкандары чынбы? Асхат Акибаевдин мындай «өнөрлөрү» тууралуу Сапар Исаковго туура маалыматтар жетсе, бул ноён дароо кызматынан шыпырылабы? Түз жолдо келе жаткан Сапарга деле атын булгаган жандоочтордун кереги жок да, туурабы?

Булак: “Азия ньюс”

Пентагон: Орусиянын канаттуу ракеталарын өркүндөтүүсү НАТОго коркунуч жаратууда

АКШнын Коргоо министрлиги Орусияны жерде жайгаштырылуучу канаттуу ракеталар системасын өркүндөтүү менен курал-жарактардын санын кыскартуу тууралуу келишимди бузуп жатат деп айыптады.

АКШ Куралдуу күчтөрүнүн штабынын төрага орун басары Пол Сильванын айтымында, Москванын аракеттери НАТОнун Европадагы объектилеринин көбү үчүн коркунуч жаратат. Бирок ал кеп кайсыл ракеталар жөнүндө болуп жатканын тактап айткан жок.

Февралдын ортосунда The New York Times гезити Орусия орто аралыктагы өзөктүк куралдар боюнча АКШ менен ал кездеги СССР ортосунда 1987-жылы кабыл алынган келишим шарттарын бузуп, канаттуу ракеталардын жаңы системасын өркүндөтө баштаганын жазган. Анда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ал маалыматтарды четке каккан.

Орто жана алыскы аралыктагы ракеталарды жок кылуу тууралуу мөөнөтсүз келишим 1988-жылдын 1-июнунда күчүнө кирген. Анда АКШ менен СССР 500 чакырымдан 5500 чакырымга чейин уча алчу жана жерде жайгаштырылуучу канаттуу ракеталарды сынабоо жана өндүрбөө милдеттенмесин алышкан.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ата Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мамлекетке коркунуч туудурган жагдайга карата кайрылуусу

УКМКнын убактылуу камоо жайында жаткан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн, 9-мартта КР ЖКнын төрагасына, жана депуттатарына өзүнүн кайрылуусун жасады. Бул тууралуу “Ата Мекендин” басма сөз кызматы билдирди. Төмөндө кайылуунун тексти толук бойдон берилет.

Урматтуу төрага! Урматтуу Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин Фракция лидерлери жана депутаттар!

Бул кайрылууну баштаардан мурун, адегенде Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын убактылуу камоо жайында камалып олтурган мага барып, ал-ахвалымды, ден соолугумду сурап атайы менден кабар алган парламент төрагасына жана фракция лидерлерине чын жүрөгүмдөн ыраазычылык айтып койгум келет! Анткени, бул эң ириде силердин адамдык касиетиңердин бар экенинен кабар берет; себеби силер парламенттик жоопкерчилик деген нерсени терең түшүнүп, мен УКМКнын абагында жатсам дагы мыйзам жагынан алганда, али да болсо парламенттик фракциянын лидери экенимди четке какпай, өзүңөрдү да, мени да сыйлап бул маселеге кылдат мамиле кылганыңар деп түшүнөм.

Урматтуу төрага! Урматтуу Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин Фракция лидерлери жана депутаттар!

Мен силерге кандайдыр жеке маселени, жеке көйгөйдү айтып жөн жай кайрылып жаткан жерим жок, биздин мамлекеттүүлүгүбүзгө коркунуч алып келе турган кооптуу кырдаал чукулдап калганын туюп, мамлекет келечегине ичимден уйгу-туйгу болуп, санааркап кайрылып турган кезим! Баарыбызга маалым болгондой, 2017-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев биз иштеп жаткан Жогорку кеңешти таратып, жаңы парламенттик шайлоолорду өткөрүүнү сунуштады. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин парламент тууралуу айткан көз карашын таптакыр башка мааниге бурмалап, “булар мыйзам чыгаруучу эмес, ушак чыгаруучу орган” деген жеке баасын берди. А чынында Бакыт Төрөбаев депутаттарды парламент деген жогорку бийлик органынын түпкү вазипасын, миссиясын түшүнүү менен өз ишине жоопкерчиликтүү болууга гана чакырган. Мен А.Атамбаевдин парламентти таратуу ниетинин тереңинде эмне максаттар, эмне мүдөөлөр жатканын алаканга салгандай даана, так көрүп турам. Биринчиден, сонку учурда Жогорку кенеште болуп жаткан талаш-тартыштар, жандуу дискуссиялар мамлекеттик башкарууда парламенттин ролу эбегейсиз экендигин туюнтуп, саясый кризисти чечүүдө бул органдын мүмкүнчүлүгү барган сайын кеңейип жатканы даана байкалып, талкуулардын денгээли баштагыдан да сапаттуу мүнөз күтө баштады. Кандайдыр орчундуу чечимдерди кабыл алууда жана коомдук-саясый мааниге ээ курч көйгөйлөрдү чечүүдө, ошондой эле мамлекеттин туруктуулугуна, коомдогу бейпилдикке, стабилдүүлүккө карата күтүлчү кокус жагдайларды, коркунучтарды жайгарууда парламенттеги жеке таасири, каалаган учурда каалагандай калчаган дарамети кескин жоголуп баратканын Алмазбек Атамбаев  сезип жатат. А түгүл кийинки учурларда парламенттеги президентке таандык КСДП фракциясына Атамбаев жана аны жандаган жакын чөйрөсүнүн тили өтпөй, мурунку таасири азайып, фракциянын кадамдары чаржайыттанып баратканы көрүнүп турат. Мына ушул себептен ал КСДП фракциясын үчтөн эки бөлүгүн толук кандуу тазалап, өз оюн тартынбай айта билген көз карандысыз, кылган ишине, айткан сөзүнө жеке жоопкерчилик ала билген депутаттардан арылып, анүчүн бүтүндөй парламентти таратып жиберүүгө даяр  турат. Баш-аягы жок, бирине экинчиси эп келбеген, жоопкерчиликсиз билдирүүлөр, жөн эле билдирүүлөр эмес кимдир бирөөлөрдү сөзсүз мазактаган билдирүүлөр Атамбаевдин оозунан ары тез-тез, ары көбүрөөк чыкчу болду: Жогорку кеңештин жалпы аброюна, фракция лидерлерине, депутаттарга, көз карандысыз маалымат каражаттарына, жан-жакабыздагы кошуна өлкөлөргө же алыскы мамлекеттерге, өзүбүздүн карапайым жарандарга, айтор туш келгендин баарына асылган, кемсинткен, шылдыңдаган президенттин кордоо сөздөрүнө тээ башында “ушу киши да ушунтип айтабы?..” деп таң калчу элек, азыр ага да көнө түштүк окшойт. Анткен менен ушунун баарын көз элегинен, сын элегинен өткөрүп жаткан эл өкүлдөрү сыртынан болбосо дагы, жок дегенде ичинен эч бир макул боло албай жан дүйнөсү чайналып, кыйналып жаткан болушу керек,- деп ойлойм… Кыргыз Республикасынын Конституциясында Жогорку кенештин ролунун өзгөчөлүгү таамай көргөзүлгөн, образдуу айтканда, бул орган “баарына макул” деп көзүн алактатып коркуп олтура берген жогорку бийлик бутагы эмес, айтаарга сөзү бар, алысты көрө билчү өткүр көзү бар орган экенин баш мыйзамдагы парламенттик укуктарды жакшылап окусаңыздар баамдайсыздар. Сапаттуу, акыйкат мамлекеттик башкарууну, коомдук биримдикти, стабилдүүлүктү камсыздап турууда Жогорку кенештин мыйзамдык мүмкүнчүлүгү чоң. Атамбаевдин Жогорку кеңешке кескин басым жасап, аны “таратам” деп көкүтүп жатканынын экинчи себеби, ал дагы деле болсо бийликте калгысы келип жатат. 4-марттагы маалымат жыйынында Атамбаевдин “канткен менен,.. мен саясатта кала турган болуп калдым го..” дегени, же “я все таки останусь в политике..” деп айтканы – тээ башында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизмекчи болуп элди референдумга айдактап жаткандагы ниетинен таптакыр айныгандыгын, түз айтканда элди алдаганын ачык көргөзүп турат. Мурда ал конституцияны өзгөртүп жатканынын себебин элге таптакыр башкача түшүндүрбөдү беле? “Бул конституциялык өзгөртүүнү мен өз бийлигимди узартуу үчүн жасап жатканым жок!” деп кайра-кайра, баса белгилеп айтканын баарыбыз эки кулагыбыз менен угуп, көзүбүз менен көрбөдүк беле?! “Саясатта калам го..” деген ниеттин түбүндө бийликти менчиктөө, узурпациялоо жатат, муну мен ачык айтам. Жогорку кеңеш тараса, жаңы шайлоолордун күнү расмий аныкталса, анда эле оңдой берди болуп, алаканын ушалаган президент өз кызматын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, парламенттик шайлоолорго КСДПнын лидери катары кирип барууга ашыгып турган чагы. Атамбаевдин мээлегени премьер-министрлик кызмат, мына ушуну мурда эле эске алып, шашып-бушуп өткөрүлгөн референдумдагы Конституцияда өкмөт башчынын укуктары, кыйла кенейтилип, президенттин укуктары өтө чектелген. Атамбаев премьер министр болуп туруп деле, иш жүзүндө бардык бийликти колуна мыкчыган толук кандуу президент катары Кыргызстандын тарыхында калууну каалап турат. Жогорудагы жылмакай процедура кандайча ишке ашат: парламент тарап, президент кызматынан мөөнөтсүз кеткен соң, мамлекет башчысынын милдетин аткаруу учурдагы президенттин көзү менен тең айланган азыркы премьер-министрге жүктөлөт. Атамбаевдин президенттик кызматын мөөнөтсүз токтоткону өзүнөн кийинки мураскерге чоң мүмкүнчүлүктөрдү берип, президенттик шайлоого катышам деп  чамынып турган башка талапкерлердин даярдыктарына да, алардын потенциалына да чоң жылга чейин шайладык деп эсептеген парламент таркачу болсо, Атамбаевдин административдик ресурсу жана анын чөйрөсү ого бетер күчтөнүп, бийлик бутактарындагы балансты көзүнө илип да койбой, “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген жүрүш менен, керек болсо кол бала премьер министрге да жүгөн салынып, аны каалаган жагына өздөрү каалагандай иштетишет. Атамбаев өлкө келечеги үчүн эң маанилүү шайлоо убагында өлкөнү атайылап парламентсиз, президентсиз калтырып, бир сөз менен айтканда, Кыргыз Республикасын мамлекет катары жетимсиреткени жатат. Президент Алмазбек Атамбаев жеке каалоосун жогору коюшу , өзүн гана ойлогон дымагы Кыргыз мамлекетин акыры жоготуп тына турган жолду көздөй бет алды!

Урматтуу төрага! Урматтуу Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин Фракция лидерлери жана депутаттар!

Жеке бийлигин сактап калуунун аргасын ойлоп, мамлекеттик түзүлүштү биротоло тындым кыла турган жолду тандап, мамлекетти туруктуу башкаруунун, коомдук-саясый туруктуулуктун кепили болгон Жогорку Кеңешти таркатууга бел байлаган президенттин мындай кадамына жол бербөөгө, парламенттин таркашына каршы чыгууга баарыңарды чакырамын! Бийликтен кетип жаткан кетерман президенттин психологиясы – кокус бийлик колунан чыгып кетсе азыркы саясатчылардын баарын кайдадыр тарыхый белгисиздикке карай өзү менен кошо ала кетем деген амалдуу сөз менен кооздолууда, бирок мунун  тереңинде бийликтен кеткиси келбеген каалоонун бар экендиги өтө коркунучтуу.

Урматтуу төрага! Урматтуу Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин Фракция лидерлери жана депутаттар!

Кыргыз Республикасынын Конституциясына бир үңүлүп көрсөңүздөр, мамлекеттик башкарууда парламенттин ролу өзгөчө баскычка коюлуп, парламенттик башкаруу деген системага жол ачкан болчу. 2015-жылы элдик добуш аркылуу алган силердин ар бириңердин мандатыңарда, ушулар 2020-жылга чейин депутат болсун деген карапайым калктын үмүтү, ишеними, каалоосу бар эле. Ал эми президент Алмазбек Атамбаевдин мандаты 2017-жылы акырына чыгат. Мына ушул себептен,мамлекеттик башкаруунун мындан аркы туруктуулугунун толук жоопкерчилиги – парламенттин моюнунда. Президенттик шайлоону качан өткөрүүнү, аны уюштурууну бийликтен кетип жаткан президент эмес, бул укуктук вазипа башынан бери эле парламенттики экенине Жогорку Кенеш терең маани берүүсү керек. Жогорку Кеңеш ошол милдетин оозунан жулдуруп, Атамбаевдин кайсы айда, кайсы күнү президенттик шайлоо өтөөрүн жарыялашы – бийликти узурпациялоо болуп эсептелет.

Урматтуу төрага! Урматтуу Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин Фракция лидерлери жана депутаттар!

Жеке мени коргоону башкы максат кылбай, эң оболу мамлекетти, Кыргызстандын элинин кызыкчылыгын коргоону туу тутуп, жалпы эл шайлаган жогорку органдын мыйзамдык кадырын, статусун татыктуу сактаганы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине терең урматымды билдирип коюуга уруксаат этиңиздер!

Эске салсак Ө.Текебаев “коррупция” жана “алдамчылык” боюнча айыптылууда.

Булак: “КyrgyzToday.kg”

Меню