Menu

САЯСАТ

Пхеньян Малайзия жарандарынын Түндүк Кореядан чыгышына тыюу салды

Түндүк Корея бийлиги Малайзия жарандарынын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салды. Жооп катары Куала-Лумпур Малайзияда жүргөн түндүк кореялык жарандарга карата ушундай эле чектөө чараларын киргизди.

14-февралда Куала-Лумпур аэропортунда Түрдүк Корея лидеринин агасы Ким Чен Нам ууландырылып өлтүрүлгөн. Анын бетине тез таасир этүүчү уу себилген чүпүрөк сүртүп кетишкен. Кол салууга Түндүк Кореянын бир нече жараны шектелүүдө. Малайзия полициясынын билдирүүсү боюнча, ал адамдар Түндүк Кореянын Куала-Лумпурдагы элчилигинде жашырынып жүрөт. Жалпысынан Ким Чен Намдын өлүмүнө байланышкан иштин алкагында төрт киши кармалган. Алардын экөөсүнө — Вьетнам менен Индонезиянын жарандарына айып тагылган. Эгер алар күнөөлү деп табылса өмүр бою эрктеринен ажыратылышы мүмкүн.

Аэропорттогу кол салуудан кийин Малайзия бийлиги коопсуздук максатында Түндүк Корея жарандары үчүн визасыз режимди жойгон.

Ким Чен Нам Түндүк Кореянын мурдагы лидери Ким Чен Ирдин улуу баласы болгон. Акыркы жылдары ал негизинен чет өлкөлөрдө жашап, Пхеньян бийлигин сынга алып келген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Тажикстандык жүздөгөн качкын Польша чек арасынан өтө албай турат

Польшанын адам укуктары боюнча Хельсинки тобу Варшава Тажикстандын ондогон жаранына башкалка берүүдөн баш тартканын билдирди. Маалыматка караганда, учурда жүздөгөн тажикстандык аталган европалык өлкөнүн чек арасынан өтө албай турат.

Польшанын адам укуктары боюнча Хельсинки тобунун юристти Даниэл Витко башкалка сурап жаткандардын көбүнүн визасы жок экенин, ошондуктан алар бир канча айлап чек ара аймагында калууга аргасыз болорун айтты. “Мен үч айдан бери үй-бүлөсү менен бирге украин-польша чек арасында кирүүгө уруксат күтүп турган Тажикстандын жаранын билем. Алардын паспортторунда штамп басууга бош жер калган жок, алар эми кайрадан Украинага да бара алышпайт”, – деди ал.

Витконун айтымында, Польша чек арасы аркылуу Европага кирүүгө аракет кылган тажиктердин так саны белгисиз. Бирок аталган өлкөнүн аймагына кирүүгө уруксат алган тажиктер беларус-польша чек арасында эле 100дөн 200гө чейинки сандагы тажикстандык качкын ары же бери өтө албай турганын билдиришүүдө.

Качкындардын тагдырына эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму да тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун бир канча күн мурун жарыяланган баяндамасында Варшава адатта башкалка сурагандардын укуктарын бузуп жатканын четке кагып, аларды кайрадан Беларуска жөнөтө тургандыгы белгиленген.

Польша ТИМинин чет өлкөлүк жарандар менен иштөө кызматынын өткөн жылы жайында тараткан маалыматына караганда, Польшадан башкалка сурап Тажикстандын 1200гө чукул жараны кайрылса, алардын бирөөсү гана расмий качкын макамын алган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Министрлик атасынан "мураска" калгандай тырышат...

Биздин аткаминерлер үлкөн кызматка отурса эле көздөрүн май басып, креслого көчүгү катып, атасынан калган мурастай мамиле кылып калышат. Мына Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев туурасында коомдо жакшы пикир дээрлик жок.

Карапайым адамдар министрликтин аддына кызматтан кет деп митинг кылышты. Ал түгүл Жогорку Кеңештин депутаттары дагы иштей албай, интрига менен алек болуп калганын белгилешип, кызматтан кетүү маселесин кабыргасынан коюшту. Бирок Батыралиевдин кетейин деген ою жок. Тескерисинче аталган кызмат атасынан мураска калгандай “кетпейм” дейт көшөрүп отурат. Намыс деген жок тура. Буга жек көрүндү болсо да министр болуп отурган кызык экен. Албетте, үлкөн кызматты бизнес катары түшүнүп калышкан биздин аткаминерлер жем жеген акырын башка бирөөгө ыраа көрүшпөйт. Мындайлардын ишин иликтеп, ичкен-жегенин кустуруп түрмөгө отургузмайын, өз алдынча кызматтан кеткиси келишпейт сымак. Арты таза эмес да, коркушат…

Булак: “Фабула”

Орусия өкмөтү допингге каршы күрөшүүгө 1,6 миллиард рубль бөлдү

7-мартта Орусиянын өкмөтү допингге каршы күрөшүүгө 1,6 миллиар рубль бөлдү. 2015-жылы Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы күрөшүү агенттигинин көз карандысыз комиссиясы Орусиянын бир катар мекемелерин, анын ичинде өлкөнүн Кызытмага каршы күрөшүү агенттигинин, Москвадагы антидопинг лабораториясынын, Спорт министрлигинин жана жеңил атлетика федерациясынын ишмердүүлүгү боюнча тергөө жүргүзүп, Орусияда допинг пайдалануу учурларын жашыруу боюнча мамлекеттик система бар деген жыйынтыкка келген.

Допинг чырына байланыштуу уюм тарабынан Орусиянын Кызытмага каршы күрөшүү агенттигинин аккредитациясы убактылуу токтотулган. Андан сырткары орусиялык жеңил атлетчилер бардык эл аралык мелдештерден, анын ичинде Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндарынан четтетилген. Ошондой эле Орусиянын командасы Паралимпиада оюндарына катышуу укугунан да ажыратылган.

Бир нече күн мурда Орусия президенти Владимир Путин орусиялык допингге каршы күрөшүү системасынын ийгиликсиз болгонун моюнуна алды. Мамлекет башчы өкмөт өкүлдөрүн Дүйнөлүк кызытмага каршы күрөшүү агенттигинин билдирүүсүнө кулак салууга чакырды. Бирок ошол эле маалда Путин мамлекеттик деңгээлде кызытманы колдоо системасынын болгондугу тууралуу божомолдорду четке какты.

Ал ортодо Орусиянын допингге каршы күрөшүү агенттигинин башкы директорунун милдетин аткаруучу Анна Анцелиовичдин отставкага кеткендиги белгилүү болду. Буга чейин ал New York Times басылмасына курган маегинде орус бийлиги бир канча жылдан бери орусиялык спортчулардын жапырт кызытма пайдалануу учурларын жашырып келгендигин моюнуна алган. Кийинчерээк Орусиянын допингге каршы күрөшүү кызматы басылманы Анцелиовичтин сөздөрүн бурмалоого айыптаган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Украинанын Орусияга каршы доо алкагында Гаагадагы Эл аралык Соту алдын алуу чараларын колдонуу боюнча ишин баштады

Бул тууралуу Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.  2017 жылдын 16-декабрында Украинанын чыгышында терроризмди колдогондугу жана этникалык украиндер менен крымдык татарларды оккупацияланган Крымда басмырлагандыгы үчүн Орусия Федерациясын жоопкерчиликке тартуу максатында БУУнун Эл аралык сотуна доо берилген.

Алдын алуу чаралар Соткокырдаалдын начарлап кетишине жол бербөөгөжана,абдан маанилүү нерсе –ишти кароо үчүн зарыл болгон убакыттын ичинде жарандык калкты коргоогомүмкүндүк берет. Ал эми алдын алуу чараларын колдонуу сурамы боюнча соттун чечимине карабастан маңызы боюнча доону кароо иши улана берет. Авдеевка жана АР Крымда абалдын курчушунун контекстинде аларды колдонуу айрыкча маанилүү болуп саналат. Алдын алуу чараларын колдонуу жөнүндө сурамда Украина Соттон Орусия Федерациясын эл аралык укуктарды бузууну токтотууга милдеттендирүүсүн суранат.Атап айтканда, Украина Орусия Федерациясын өзүнүн чек арасын натыйжалуу көзөмөлдөп, Украинага курал-жаракты жеткирүүнү токтотуп, Украинанын жарандык калкына зыян келтирген мыйзамсыз куралдуу топторду колдоону токтотуп, ошондой эле оккупацияланган Крымда этникалык басмырлоонун мындан аркы ар кандай актыларынан баш тартуусун милдеттендирүү өтүнүчү менен Сотко кайрылат. ЭгердеОрусия убактылуу чаралар жөнүндө чечимдин аткарылышын камсыз кылбаса, соттун токтомун бузгандыгы тууралуу фактыларды далилдөө үчүн Украина Сотко кайрыла алат, бул Орусия үчүн олуттуу укуктук жана саясий кесепеттерди алып келет. Убактылуу чараларды колдонуу тууралуу иши төрт күнгө созулат деп күтүлүүдө. Украина өзүнүн аргументтерин 6 жана 8 мартта камсыз кылат. Орусия Федерациясы өзүнүн аргументтерин 7 жана 9 мартта камсыз кылат. Иштин каралышы күн сайын саат 10:00дө башталат (Бишкек убактысы боюнча 15:00)

Иштин каралуусунун онлайн трансляциясы кийинки шилтемелерде:

http://www.icj-cij.org/presscom/multimedia.php?p1=6

http://webtv.un.org/meetings-events/international- court-of- justice-icj/

Эреже катары, БУУнун Эл аралык соту убактылуу чараларды киргизүү тууралуу сурамдарды тездетилген иретте карайт. Сот бир нече жуманын ичинде чечим кабыл алат деп күтүлүүдө. Иштин маңызында кароо тууралуу айтып кетсек, кийинки бир нече айдын ичинде БУУнун Эл аралык соту тараптардын процесстик документтерди берүү расписаниесин аныкташы керек, андан кийин иштин оозеки каралышы дайындалат.

Кыргызстанга Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медеведев келди

Кыргызстанга Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медеведев баштаган делегация келди.
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасын «Манас» Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев тосуп алды.
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медеведев 2017-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келди.

Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө

Бүгүн, 7-мартта, Бишкекте Кыргыз Республикасынын евразия экономикалык биримдигине төрагалыгы алдында Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

 Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Бишкек шаарына келген  Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин Өкмөт башчыларын — конокторду тосуп алды.

Бишкек шаарына Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков жана Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян келди.

Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтүп жаткан Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны тар чөйрөдө өтүп, кеңири курамда улантылат.

Жыйында интеграциялык биримдик боюнча маанилүү маселелер талкууланып, бир катар документтерге кол коюлат.

Болот Саткеев Сокулук районунун акими болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн кабарлашына таянсак, Кыргыз Республкиасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык, Саткеев Болот Джантайбекович Чүй облусунун Сокулук районунун мамалекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды.

Назарбаев дин боюнча мыйзамды кайра карап чыгуу керектигин айтты

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев дин боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын айтты.

Казак президенти өлкөдө диний бирикмелердин иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн, дин тутуу эркиндиги сакталганын белгиледи. Бирок экстремизмдин алдын алуу үчүн мыйзамды кайра карап чыгуу керектигин айтты.

Казакстан мыйзамдарына ылайык, каттоодон өтпөгөн диний уюмдардын иштөөсүнө тыюу салынган. Учурда өлкөдө 3 600дөн ашуун диний бирикмелер бар, алардын басымдуу бөлүгү исламды карманат.

Укук коргоочулар Казакстанда сөз жана дин эркиндиги чектелип, адам укуктары бузулуп жаткандыгын белгилеп келишет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Президенттикке көз кызартып

Эл башкарам деген амбициясы барлардын айрымдары президенттик шайлоого аттанышаарын ачык айтып камылга көрүп жатса, кээлери тымызын даярдык көрүп жаткан кез. Ошондой жең ичинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, президенттик такты мелжеп жаткандардын арасында Кочкор районунан чыккан олигарх Рахатбек Ирсалиев бар. Курулуш бизнеси гүлдөп, ити чөп, акчасы самандай сапырылган бул жигит учурда каражат жагынан каржалбай турганын айтып, шайлоодо саясий салмагын аныктап көргүсү келип жатыптыр. Мурда-кийин Жогорку Кеңештин депутаты болуп, мансаптын даамын татып калган жаны тынч жата албай жатса керек. Анын үстүнө акча деген көздү май бастырат эмеспи. Айтмакчы, бул жигиттин агасы Дүйшөн Ирсалиев Кочкор районундагы мамлекеттик маанилүү маселелердин баарына мурдун тыгып, райондун көмүскө кожоюнуна айланып алды. Бүгүнкү күндө Бишкек эркин экономикалык аймагын жетектеп, өзү бий, өзү хан болуп, оозунан муз бүркүп турган чагы. Мүлк фондун башкарып турганда Кытай Эл Республикасынын эски имаратын менчиктештирип алган жайы да бар. Айтор, кызарган жерден кыя өтпөгөн немелер…

Меню