Menu

САЯСАТ

Депутаттардын сынагына сынбайсыңбы? - Экзаменден эки алган Исраилов

ИИМге жаңыдан министр болуп бекиген Улан Исраиловду тердетип-кургатып эл өкүлдөрү сынактан өткөрүштү. Берилген суроолорго түзүктөп жооп айта албаган министрликке талапкер сөзгө чоркок экенин көрсөттү. Чу дегенде эле Чиркешович суроолорун үстөккө-босток берди.

— Улан Жумабекович, Кыргызстанда административдик ведомство деген түшүнүк бар, бизде канча түрү бар ошонун? — деп сурады.

Улан унчукпады.

Текебаевдин кийинки суроосу:

— Өкмөттүн канча мүчөсү бар?

— Талапкер тараптан үн чыкпады.

— Өкмөттө канча министрлик бар?

— Улан унчукпай кутулайын деди окшойт, ооз ачпады.

Сынак алыш үчүн кийинки өнүгүүчү мугалим Зиядин Жамалдинов:

— Кыргызстанда канча РОВД жана ГОВД бар? — деп сурады.

Улан унчукпайт го деп атты эле, бул суроого жооп узатты. Бишкек шаарында канча РОВД бар экенин билет экен.

— Шаарда 4 РОВД бар деп үн катты.

Экзамен алган мугалим алдында олтурганды бурчка такайт да. Жамалдинов да тим болбостон:

— Кыргызстанда канча РОВД жана ГОВД бар деп сурап жатам? — деп туруп албадыбы.

Мент деген шар жооп бергенден алыс немелер болот да. Жаңы министр да:

— Мен тактап, анан айтайынчы деди.

“Балашка” каймана атка конгон мугалим Жанар да тим олтурбады. Эскилерге эзгилегенден көрө жаңысына жармашып көрөйүн деди окшойт. Ал дагы Улан Исраиловго суроо узатты.

— Сиз кандай кылып реформаны баштайын деп жатасыз? — деди. Реформа деген сөз депутаттардын төл сөзүнө айлангандай эле болду. Баары реформа дегенди айткысы келет.

Кызыл шапкечендер адабий сөздөн көрө өздөрүнө түшүнүктүү болгон жанагы жаргон аралашкан тилде сүйлөшөт эмеспи. Исраилов дагы “Балашканын” суроосуна

— Ой-максат милициянын аброюн көтөрүү, элдин ишенимин жогорулатуу, жанагы айтылган реформаны азыркы күндөгү заманга жараша кылыш керек деп ойлойм да, негизичи – деп жооп бергенге жарады.

Ушундай суроолорду узаткан эл өкүлдөрүнүн деңгээлине түкүргүң келсе, үн катууга жарай албаган министрди көрүп олтуруп “Жыргаган” экенбиз дегенден башка арга жок. Түштүктө “амалды кор кылба” деген жакшы сөз бар. Кор болуп жаткан кайран амал.

Темирлан Токтоболотов

Булак: “Жаңы ордо”

АКШда Дональд Трамптын каршылаштары демонстрацияга чыгышты

АКШ президенти болуп  Дональд Трамп шайлангандан кийин шаршемби күнү кечинде өлкөнүн бир нече шаарларында ага каршы демонстрациялар болуп өттү.

Нью-Йорк, Чикаго, Лос-Анжелес, Филадельфия шаарында миңдеген адам нааразылык акциясына чыгышты. Алар Дональд Трамптын аялдарга карата орой мамилесине жана мыйзамсыз жүргөн мигранттарга каршы чабуулуна каршы экендиктерин билдиришти.

Нью-Йоркто каршылык маршы Дональд Трамптын шайлоо штабы жайгашкан Trump Tower имаратынын алдында болду. Чогулгандар кызыл желектерди көтөрүп жүрүштү. Акция “Трамп, жогол” сыяктуу орой кыйкыруулар менен коштолду. Вашингтондо демонстрация катышуучулары Акүйдүн жанында топтолушуп, андан соң бир нече күн мурун ачылган Трамптын жаңы имаратына барышты. Акция катышуучуларынын көбү жаңы президент Акүйгө келери менен токтоосуз мыйзамсыз жүргөн мигранттарды депортациялап баштайт деп кооптонушууда.

The Washington Post гезити белгилегендей, акциялар негизинен демократ талапкер Хиллари Клинтон көп добуш топтогон шаарларда өттү. Бул өлкөдөгү демографиялык ажырымды көрөтүп турат.

Бул демонстрациялар Демокартиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтон менен АКШ президенти Барак Обама Трамптын жеңишин тааныганына карабай өттү.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бакыт Сакыбаев, эркин журналист: “Баягы эле эски көздөр”

Кечээ Өкмөттүн жаңы курамы  парламенттеги тармактык комитеттин жана башкаруучу коалициянын колдоосуна ээ болду.

Кыргыз өкмөтүндө  төрт вице-премьерлик кызматтын бирөөсүндө жана 12 министрликтин алтоосунда жетекчилик алмашты. Министрлер кабинетинин башчысы Сооронбай Жээнбеков өз кызматында калды.

Талапкерлер боюнча талкуу бир калыпта өтүп, жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү баарына тең “макул” деген добушун беришти.

Бирок маселе  юстиция министри Жылдыз Мамбеталиеванын ордуна келчү Уран Ахметовдо жаралды. Себеби, Уран Ахметов буга чейин президенттик жана өкмөттүк аппараттардын укук бөлүмдөрүндө иштегени, Жапонияга барып окуп келгенинен башка жарытылуу деле маалымат жок болуп чыкты. Айтайын дегеним, “Бир бол” фракциясынын оппозициялык көз караштагы  депутаты Чолпон Жакупова “жаш адистерди алып келебиз деп жакшы иштеп жаткан кадрларды  сүрүп чыгаруу  туура эмес. Министрликке чейин кадрлар өсүш керек. Тиешелүү тепкичтерди басып өтпөсө, жакында көчөдөн келгендерди деле министр кылып отургуза баштайт окшойбуз” деген санаркоосун билдирди. Экинчи кайчы пикир Ички иштер министрлигине сунушталып жаткан Улан Исраиловдун талапкерлиги боюнча болду. Президенттин мурдагы жансакчысы делген Улан Исраилов жазында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын башчысы болуп дайындалган. Улан Исраилов Ички иштер министри болуп кандай иштээрин ким билсин. Бирок анын бул жооптуу кызматка келгени боюнча коомчулукта түрдүү пикирлер жаралып, президент кетээрине жакын күч структураларына жалаң өзүнө жакын адамдарды алып келип жатат деп айткандар да болду.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине мурда “Республика” партиясынан депутат болгон, азыркы “Бир бол” партиясынан талапкер  Нурбек Мурашев келди. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлик кызматына коомчулукка гендердик теңчилик маселелери боюнча адис катары таанымал  “Кыргызстан” партиясынан таанымал Таалайкүл Исакунова дайындалды. Ал эми Билим берүү жана илим министрлигине буга чейин өкмөттө социалдык маселелер боюнча вице-премьерлик кызматты аркалаган Гүлмира Кудайбердиева болду. Анын ордуна вице-премьер болуп “Кыргызстан” фракциясынан депутаты Чолпон Султанбекова келатат. Жалпысынан бул жолу өкмөттө алмашкан жети жетекчинин экөөсү “Кыргызстан” фракциясынан, бирөө “Бир болго” тийсе, калгандары  КСДПдан же президенттик аппараттын тегерегиндегилерден болду. Өкмөт башчы  Сооронбай  Жээнбеков коалицияга кирген партиялар арасында кызмат талаш болбогонун маалымдады. Өкмөттүн жаңы курамы купулуңузга толдубу деген суроо менен айрым инсандарыбызга суроо узаттык.

– Курамын карап чыктым, эч деле өзгөрүү жок го. Жалгыз Чолпон Султанбекованы вице- премьер кылып алып барып курам өзгөрттүк дешет. Калганы эски курам, баягы эле эски көздөр. Ал эми мурдакы антикоррупцияны жетектеген Улан мырзаны ички иштер министри кылып алып барды. Менимче, ал деле көп турбайт болуш керек. Анын бул тармакка келиши президентке залакасын тийгизди. Анткени, бири шопуру, бири жансакчысы деп. Бийчи минстрди президент өзү кеткиче кое турса болмок.

Асылкан кызы Перизат

Булак: Асман плюс 

Жамал Сейдакматова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Биз шайлаган башчы жана биз тандаган мыйзамга баш ийип жашашыбыз керек”

Негизинен мамлекеттин баш мыйзамы бул “мамлекет” деген чоң машинанын колдонуу ыкмасы. Башкача айтканда бул инструкцияны башкысы, адамга, жаранга баа берген укуктарын жогору баалаган мыйзамдар деп эсептейм.

Мамлекеттин башкаруу механизми кандай болбосун, парламенттикпи, парламенттик – президенттикпи, биз шайлаган башчы жана биз тандаган мыйзамга баш ийип жашашыбыз керек.

Учурдан пайдаланып, өлкөбүздүн баш мыйзамы (конституция) жаңы долбоорунда киргизилип жаткан өзгөрүүлөрдөгү жаңы редакциясында, мамлекет башчыны президентти шайлоодо баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй “35 жаштан төмөн эмес” деген беренени алып салуу сунушун киргизет элем. Анткени адам жашоосунда чектөөлөр коюлбаш керек экендигине ишенген инсан катары президентти дагы тандоодо чектөө болбошу керек деп ойлойм. Президент- бул мамлекеттин кепилдиги жана бийик жоопкерчилик ээлеген кызмат. Андыктан 35 жашка болгон чектөөнү алып салганда элибиздин жаштарга болгон ишеними, ошондой эле жаш муундун, жаш демилгечи катмардын саясий аренага болгон умтулуусу да көбөймөк.

Азыр заман башкача, жаштарыбыз заманбап ой жүгүртүү менен жашашат. Заманбап технология, глобалдуу дүйнө, убакытты туура пайдалануу сымал жаңылануулар мына жаш муундун көз карашына туура келет. Эл башчысы кандай болсо эл дагы ошондой болот демекчи жаштарга жол ачуу боюнча 35 жаш делген чектөөнү бул бир тоскоолдук катары эсептейм.

Булак: Жаңы Ордо 

Сооронбай Жээнбеков: Өкмөт Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн сунушталган долбоорун толук колдойт

«Өкмөт Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн сунушталган долбоорун толук колдойт жана референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча бардык керектүү чараларды көрөт», – деди бүгүн, 9-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу суроого жооп берип жаткан учурда.

«Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча алдыдагы референдум Өкмөттүн ыйгарым укуктарын күчөтөт, бирок ошол эле учурда жетишкен натыйжалары үчүн жоопкерчиликти моюнга алуу милдетин жогорулатат», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков сунушталып жаткан жаңыртылган Программа Коалициялык көпчүлүктүн макулдашуусуна ылайык келерин жана Өкмөт коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткаруу үчүн бардыгын жасай турганын белгиледи.

«Өкмөт өз ишинде мамлекеттүүлүктү жана демократиялык институттарды мындан ары да бекемдөөгө, калктын биримдигин жана өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоого, экономиканы жана социалдык чөйрөнү, маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө бардык күч-аракеттерин жумшайт», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал Өкмөттүн Программасын ийгиликтүү ишке ашыруу аткаруу бийлигинин бардык органдарынан Жогорку Кеңеш менен тыгыз кызматташуунун негизинде ырааттуу иштөөнү талап кыларына көңүл бурду. Натыйжада, Өкмөттүн коалициялык көпчүлүк менен натыйжалуу иштеши түзүлүүчү Координациялык кеңешке көмөк берет.

«Өкмөт ачык, конкреттүү бир жыйынтык үчүн иштейт, так, таза чечимдерди кабыл алат жана коом алдында, жарандардын астында жоопкерчиликти алат», –  деп жыйынтыктады Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков.

Жамал Сейдакматова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Биз шайлаган башчы жана биз тандаган мыйзамга баш ийип жашашыбыз керек”

Негизинен мамлекеттин баш мыйзамы бул “мамлекет” деген чоң машинанын колдонуу ыкмасы. Башкача айтканда бул инструкцияны башкысы, адамга, жаранга баа берген укуктарын жогору баалаган мыйзамдар деп эсептейм.

Мамлекеттин башкаруу механизми кандай болбосун, парламенттикпи, парламенттик – президенттикпи, биз шайлаган башчы жана биз тандаган мыйзамга баш ийип жашашыбыз керек.

Учурдан пайдаланып, өлкөбүздүн баш мыйзамы (конституция) жаңы долбоорунда киргизилип жаткан өзгөрүүлөрдөгү жаңы редакциясында, мамлекет башчыны президентти шайлоодо баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй “35 жаштан төмөн эмес” деген беренени алып салуу сунушун киргизет элем. Анткени адам жашоосунда чектөөлөр коюлбаш керек экендигине ишенген инсан катары президентти дагы тандоодо чектөө болбошу керек деп ойлойм. Президент- бул мамлекеттин кепилдиги жана бийик жоопкерчилик ээлеген кызмат. Андыктан 35 жашка болгон чектөөнү алып салганда элибиздин жаштарга болгон ишеними, ошондой эле жаш муундун, жаш демилгечи катмардын саясий аренага болгон умтулуусу да көбөймөк.

Азыр заман башкача, жаштарыбыз заманбап ой жүгүртүү менен жашашат. Заманбап технология, глобалдуу дүйнө, убакытты туура пайдалануу сымал жаңылануулар мына жаш муундун көз карашына туура келет. Эл башчысы кандай болсо эл дагы ошондой болот демекчи жаштарга жол ачуу боюнча 35 жаш делген чектөөнү бул бир тоскоолдук катары эсептейм.

Булак: Жаңы Ордо 

ИИМ министрлигине талапкер Улан Исраилов КСДПчы депутат Жанар Акаевдин милицияда кандай реформа жасайсыз деген суроосуна так жооп бере албады

– Менин суроом Ички иштер министри кызматына талапкер Улан Исраиловго, сиз МВДны реформа кылууга министр болуп баратасыз. Грузияда милиция органдары кандай реформа болгонун билесиз. Эски милициянын баары кызматтан айдалды, коррупцияга аралашпаган жаңы кызматкелер кабыл алынды, айлыгы 1000 доллардан болду. Мыкты машиналар “Шкода” же “Пассат” берилип, милиция чыкыйып калды.  Эл колдоп берди. Милицияда реформа жасаш үчүн биринчиден саясый эрк керек. Экинчиден каражат керек болот. Сиз кандай кылып реформаны баштайын деп жатасыз? – деп сурады КСДПчы депутат Жанар Акаев бүгүн, 9-ноябрда парламентте өкмөттүн жаңы курамын талкуулоо учурунда.

– Негизи ой-максат милициянын аброюн көтөрүү, элдин ишенимине жогорулатуу, анан жанагы айтылган реформаны биринчиден, ушул, мындай, азыркы күндөгү заманга жараша кылыш керек деп ойлойм да негизичи.., – деп жооп берди мукактанган Улан Исраилов.

– Сиз Кыргызстанда криминал боюнча оюңуз, бааңыз кандай?  Кыргызстанда мурдагыдай, канкор Бакиевдин учурундагыдай ишкерлердин акчасын талашкан, ошону менен байыган кылмыштуу авторитеттер барбы же жокпу? Алар менен кантип күрөшөсүз? – деп сурады Жанар Акаев.

– Бар, сөзсүз бар. Ошон үчүн биринчи талап ушундайлар менен күрөшүү максаттабыз да, – деди министрликке талапкер.

– Жогоруда депутаттар айткандай, жанагыдай саясый буйруктарды аткаруу менен эмес… Бизде жетекчилер азыр көпчүлүк энергиясын бирөөлөрдү каралоого жумшап жатышат да. Андан көрө ошол энергиясын өлкөнү өзгөрткөнгө жумшаш керек. Элдин турмушун жакшыртууга жумшаш керек ал энергияны. Бирөөнү каралоого, бирөөнү камоого ашыкпай, элге жакшы шарттарды түзүп берүүнү ойлонушубуз керек, – деди депутат Жанар Акаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Базарбай Мамбетов, коомдук ишмер: “Түрктөр менен мамилебиз кыйшаңдай түшкөнсүйт”

Түркия менен Кыргызстандын мамилеси начарлаганы үчүн Бишкекте  өтүүчү түрк  тилдүү элдердин саммити белгисиз мөөнөткө жылдырылдыбы?

– Чынында эле түрктөр менен биздин мамилебиз кыйшаңдай түшкөнсүйт. Менимче, анын себептеринин бири – биздин мамлекет башчыбыздын 18-сентябрда Стамбулга учуп,  андан нары Эрдаган менен бирге Америкага учам деген аракеттери болушу мүмкүн. Кыргызстанда Себаттын чексиз шарт менен иштеши дагы Эрдагандын жинин келтирбей койбойт. Башкалар да бар. Ошолордун баары түрк саммитине тоскоолдук кылышы мүмкүн.

Меню