Menu

САЯСАТ

Зулфия Марат, укук коргоочу: "Алмаз Атамбаевдин эки баласы Кыргызстандын электроэнергиясын 5 жылдан бери ортомчулук кылып сатып келатышат. Бул коррупция!"

“Алмаз Атамбаевдин эки баласы Кыргызстандын электроэнергиясын 5 жылдан бери ортомчулук кылып сатып келатышат. Бул коррупция! Мына ушул чындыкты элге айтканы үчүн Атамбаевдик бийлик Эрнис Карыбековду камап салды”, – деп билдирди укук коргоочу  Зулфия Марат кечээ, 27-сентябрда Бишкекте, “Достук” мейманканасында өткөң Жарандык көзөмөл комитетинин “Конституцияга өзгөртүүлөр: жол берилбестик же зарылчылык” атту форумда.

“Атамбаевдин балдары Кыргызстандын ГЭСтеринен чыккан арзан электроэнергияны арзан баада сатып алып, кайра эле Кыргызстандын жарандарына кымбат баада сатып келатат. Муну иликтеп, далилдеп элге айтып чыккан электр тармагы боюнча эксперт Эрнис Карыбековду болбогон шылтоону ойлоп табышып, камап салышты. Эми Эрнис Карыбековдун жана башка саясый камактагылардын үстүнөн ачык сот өткөрбөй, жабык сот өткөрүп, 12 жылга камап салганы жатышат. Эгер ачык сот болсо бийликтин жүзүкаралыгы, эч далилсиз камап жатышкандыктары элге көрүнүп калмак. Ошондуктан шашып, элге көргөзбөй соттоп камап салганы жанталашышууда. Эгер эл мындай мыйзамсыздыкка  каршылык көрсөтпөсө бул бийлик баарын бир-бирден камап жок кылганы киришип калды. Биз саясый туткундардын үстүнөн ачык-айкын сот өтүшүн талап кылышыбыз керек”, – деди Зульфия Марат.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Бөкөнбай Боркеев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер: «Койчу көп болсо…»

Дегеле кыргыздарга демократия жакпайт экен. Ырас, бетке айткандар үчүн жакшы деңизчи, анткени кожоңон коркпойсуң, бирдеме десе эле митинг деген немеге чыга келесиң. Бирок анын кынуусун алып алган кайран кыргыз катынына таарынса деле өкмөт үйүнүн алдына топурагын түйүп алып бара берип, ошондой «оёндордун» ордосуна айландырып ийди. Болбосо кан жолду бууп, иши күйүп бараткандардын айласын алты кетирет. Маалыматчылар ошондой кыр көрсөтүүлөр  кычап турган маалда майда-чүйдөсү менен үч миңден ашты дешти го. Деги Атамбаев азамат экен, ошол эдиреңдердин эбин таап, жемкорлордун куйругун кысып, эл аралык алакада да өзүнүн аптирети күчөп, ага ишеним бүчүр байлай баштаганда,  жакшы жүрүп бараткан ишти өзү бүлүндүрдү.

Кошуна өлкө башылары ажолукка аттан деп сунуштаса да, «кийинки шайлоого барбайм» деп, бир айтып бир койбойт, эки айтып эки койбойт. Ээ,  айланайын, көрказгычтарга (ликвидатор) жем таштап, атаандаштарынын  шайтанын козгобой, жөн турса, Текебаевдин менчик Башмыйзамында көрсөтүлгөндөй, ансыз деле ага баралбайт болчу. Жок, ашууда ат алмаштырууга болбосун билип турса да, бүлүндүргүчтөрдүн бүйүрүн кызытып, «өткөрүп берем»  деп  өкүм-өкүм айтып атыры. Ишенген кожосу тигинтип айнып атса, арким алдалдынан тал кармап, көзкарашы кылтылдап турган куйтулар колунда бар кодура көпөстөрдүн колтугуна кире качып, элиң эмине болсо ошо болсун деген оомо оюнга өтүп алды.

алкын кырды-бычак кылып, керек болсо кыргынга салып коюп, элди эренге түртүп, өзүлөрү «тереңге» сүңгүп кеткен Акаев менен Бакиевден кийин жалкып калган кыргыздар эмне кыларын билбей деңдароо болуп турганда, Текебаев Батыштын тукуругу менен Башмыйзамды өзүнө ыкташтырып чүргөй салды эле, тагдыры бычак кырындагы кыргыздар чийкилей эле күрмөй салды.

Текебаевдин жөнүн түшүнсө болот, таптаза мектеп астанасын аттап келген маалим «мурда өлүп көрбөгөн» кыргыздар үчүн мыйзам  деген дыңды бузуп кирди. алдым-жуттуму жок адилетчил адис адегенде бийлик бутагында ары-бери урунуп-беринип жүрдү. Анан Батышты саап ичип жаткан  жулкунбайлардын жумуруна жук болбогон дүнүйөсүн көрдү да,  заманына жараша «бөрү» болуп, бекер оокатка беш чеңгелин матырып ийди. Дегеним, «үйүм жок, машинем жок» деп, «итке минип» отурбайт беле, Ортосайда олчойгон сарайы унааканасы менен бар экенин билбесем айтпас элем. Мейли, элди жеген жемкорлорго караганда, «койчу көп болсо, кой арам өлөрүн» билген кыргыз насилине коошпогон парламенттик башкаруудагы Башмыйзамды Батыштын тукуругу менен чампалай коюп, өзүн акыркы чындыктай сезип,  маарып тургандыр. Бешинчи чакырылышта Жылдыз Жолдошева: «30дай эле депутат иштейбиз, калганын тааныбайт экем» дегендей безилдеди эле го. «Кой аксагы менен миң» дегендей, 132 депутаттын жүздөйү насыя же алатоону абишать этип сатып алган добушун акташ үчүн арбир тармак боюнча сырттан адистер даярдап келген мыйзам долбоорлорун өз атынан каттатып, ошондогу төрага Асылбек Жээнбековдун кыбачысына кыстарылган «пионервожатыйлар» эле. Ошол мыйзамдардын арасында, маселен, «орусча «и» тамгасы «жана» дегендин ордуна «менен» болуп туура эмес которулуп калган» дегендей обужок өзгөртүүлөр бар (мен муну ошо маалда ошерде иштеген адам катары айтып атам).

Анан эмне болду, элдин 44 пайызы катышкан шайлоодо утуп чыккан 6 партиянын ыркы келишпей, аларың оппозициячыл Республика-Атажурт партиясына Башмыйзамда каралган энчисин (министрликти) бербей, мыйзам чыгарбай эле өзүлөрү көрсөткөн өкмөттү иштетем менен убара болуп өтүп кетишти. Батыштагылар Текебаевге «койчу көп болсо, кой арам өлгөн» парламенттик башкаруудагы Башмыйзамды ушундай ыдыратма саясат менен сунуштаганы ыркы келишпеген партиялардын мисалынан көрүнүп турат. Ошондуктан улут насилине (менталитетине) коошпогон Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү көпчүлүк элдин талабын ажобуз Алмазбек Атамбаевдин колдогону жөндүү. Каршы чыккандардын анабашында «элге берген куруттан мени неге куруттуң» деген табакташ Убактылуу +кмөт менен Атамбаевден ыкыс жегендер турганын туталанып айтты го.

Текебаев Башмыйзамды парламенттик башкарууга өткөрүп,  20-жылга чейин кол тийбес кылып таштаганы түшүнүктүү. Биринчиден, ал Ажо боло албасын билет. Башкаруу чоожайын балекеттей түшүнгөнү менен, иштин майын чыгара албасына көзү жетет. Анткени балкитеп боюнча Текебаев – Мечин (1956-жыл) жана Текечер (22-декабрь) Мансап баскычынын баш жагында баарын урдум деп, залдан каалганы тарс жаап чыгып кеткени, үзүнүп-жулкунуп мушташканы жана башка оолукма жоруктары – ажолукка алпарбаган кедерги кемчиликтер. Анын максаты – аткаруу бийлигин кол бала кылган, ажону ардактуу сөлөкөт туткан башкарма парламенттин башында болуу. Ошон үчүн Башмыйзамды өзүнө ылайыктап түзүп, 20-жылы ардактуу эсалууга кеткенге чейин бийлик башын мыкчып кармап турууну көздөгөн маймылдай куйтулугу билинип эле туру. Кокус анын Башмыйзамына өзгөртүү кирип, референдум болуп калса, бийликтен куржалак калбайын деп, ажолукка аттана турган сүрмө топтун арасына кыпчылайын деген да түрү бар. Аны кимдин ким экенин билип калган эл чечет деңизчи. Анткени канында, тегинде канзаадалык бүдүрү жок Акаев менен Бакиевге окшогон “ат көрбөй минип өлтүргөн” ажолордун айынан “сүткө оозун күйгүзгөндөр айранды үйлөп ичип”, меңдубана жеген койдой мээси тегеренип туру. Элдин ушундай кыжаалат абалын көрүп туруп Текебаев “кыргыздарга Жогорку Кеңеш гана жогорку кеңеш берип, бийликти кармап туралат” деп, Сариев сайрап кеткен “каймактардын” атынан сүйлөп атпайбы. Бул эми эсиргендиктин белгиси. Болбосо бир кезде момпосуйдай момураган жаракелик келгин мугалим минтип калдайган байыркы калктын Бакайы болуп чыга келбейт эле. Депутаттарга эчактан “жепутаттар” деген ылаңка кеп илешип жүргөнүн азыркы 120 “каймак” да эсинен чыгарбаса…

Кыскасы, “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” дегендей, “ээси келсе, бээсин берип”, ажо – элин башкарып, өкмөт – ишин аткарып, эч бир жоопкерчиликти мойнуна албаган парламент мыйзам чыгарганды гана билсе, ансыз да оңолуп бараткан турмуш жөндөшүп кетер беле…

Бөкөнбай Боркеев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

Булак: “Асман+”

 

Өмүрбек Текебаев, “Ата-Мекен” фракциясынын лидери: “Саясый учурда гана атаандаш болбосок, адам катары мен Алмазбек Атамбаевге ден-соолук каалайм”

Орустун белгилүү саясий изилдөөчүсү А. Дубнов өз сөзүндө БУУнун башкы ассамблеясына бара жаткан Алмазбек Атамбаевдин ооруп калганын «дипломатиялык оору» деп атады. Сиз Дубновдун сын пикирин кандай кабыл алдыңыз?

– Адам ооруп жатканда ар нерсеге жооруп, көп сөздөрдү чыгаруу адамгерчиликке жатпайт деп ойлойм. Өзгөчө бизге, саясый атаандаштарга баланча- түкүнчө деп божомолдоп сөз кылуу жигиттикке да жатпай калат. Россиянын аналитиктери эмне деп айтса өздөрүнүн жолу бар. Биз тезирээк сакайып кетсин дегенден башка эч нерсе айта албайбыз. Бирок белгилүү ырдагыдай, жүрөлүчү жүрөк оорутпай деген сыяктуу мамилелер реалдуу турмушта болбойт. Анткени биз бири-бирибиздин кемчилигибизди айтып турушубуз зарыл. Саясый учурда гана атаандаш болбосок, адам катары мен Алмазбек Атамбаевге ден-соолук каалайм.

Булак: Жаңы Ордо

“Сапар Исаковдун ишинин акыбети ийгилик менен эмес, жамандык менен кайтып калышы мүмкүн”

Бакиевдер бийликтен кара дубанын күчү менен кеткенин, Ислам Каримовдун каза болоорун, Нариман Түлеевдин түрмөдөн чыгарын айткан, төлгөсү төп келген төлгөчү, көзү ачык Света Тойгонбаева менен баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

Негизи Сапар Исаковду Кыдыр ата жана жогору жактан үч адам колдойт экен.  Азыр ооматы келип турат.  Аброю мындан дагы көтөрүлөт. Бирок, аша чаап кетпей алды-артын карап жүрбөсө  кылган иштеринин акыбети ийгилик менен эмес, жамандык менен кайтып калышы мүмкүн.

Булак: “Асман+”

Пан Ги Мун, БУУнун генкатчысы: "Көптөгөн өлкөлөрдүн лидерлери Конституцияны көчүрүп жазып, шайлоо жараянын манипуляциялап, өз жарандарына чыккынчылык кылат"

Көптөгөн саясий лидерлер өз жарандарынын кызыкчылыктарына чыккынчылык кылат. Бул туурасында БУУнун башкы катчысы Ги Мун Башкы Ассамблеянын жыйынында билдирди. Анын сөзү уюмдун сайтында жайгаштырылган.

«Көптөгөн өлкөлөрдүн лидерлери Конституцияны көчүрүп жазып, шайлоо жараянын манипуляциялап же башка дагы чараларды колдонуп жатканына күбөбүз. Кызмат жеке менчик эмес, жарандар тарабынан ишеним көрсөтүү экенин түшүнүү керек. Силер эл үчүн эмгек өтөшүңөр керек. Демократияны олку-солку кылып, өз өлкөңөрдөгү жаратылыш байлыктарын талап-тоноп, сын-пикир айтандарды темир тор артында камоону токтоткула»,-деди Пан Ги Мун.

Баш катчы демократиялык этикетти четке коюп, бүгүнкү күндөгү курч маселелерди чечпеген өлкөлөрдү кескин сынга алды. Ал дүйнөлүк лидерлер өз жарандары алдында жоопкердигин, эл аралык коомчулук болсо учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө кудуреттүү экенин эске салды.

“Жарандар жана алардын лидерлери ишенбөөчүлүк деген туңгуюукту тең бөлүшүүдө. Экстремисттер “өз” жана “бөтөн” деп бөлүнүп-жарылууга аргасыз кылып жатат. Жер буга суу ташкындары, бороон-чапкын, куйкалаган ысык менен жооп берүүдө”,-деди ал.

Пан Ги Мундун ыйгарым укуктары ушул жылдын соңунда аяктайт.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өмүрбек Текебаев, “Ата-Мекен” фракциясынын лидери: “Саясый учурда гана атаандаш болбосок, адам катары мен Алмазбек Атамбаевге ден-соолук каалайм”

Орустун белгилүү саясий изилдөөчүсү А. Дубнов өз сөзүндө БУУнун башкы ассамблеясына бара жаткан Алмазбек Атамбаевдин ооруп калганын «дипломатиялык оору» деп атады. Сиз Дубновдун сын пикирин кандай кабыл алдыңыз?

– Адам ооруп жатканда ар нерсеге жооруп, көп сөздөрдү чыгаруу адамгерчиликке жатпайт деп ойлойм. Өзгөчө бизге, саясый атаандаштарга баланча- түкүнчө деп божомолдоп сөз кылуу жигиттикке да жатпай калат. Россиянын аналитиктери эмне деп айтса өздөрүнүн жолу бар. Биз тезирээк сакайып кетсин дегенден башка эч нерсе айта албайбыз. Бирок белгилүү ырдагыдай, жүрөлүчү жүрөк оорутпай деген сыяктуу мамилелер реалдуу турмушта болбойт. Анткени биз бири-бирибиздин кемчилигибизди айтып турушубуз зарыл. Саясый учурда гана атаандаш болбосок, адам катары мен Алмазбек Атамбаевге ден-соолук каалайм.

Булак: Жаңы Ордо

“Сапар Исаковдун ишинин акыбети ийгилик менен эмес, жамандык менен кайтып калышы мүмкүн”

Бакиевдер бийликтен кара дубанын күчү менен кеткенин, Ислам Каримовдун каза болоорун, Нариман Түлеевдин түрмөдөн чыгарын айткан, төлгөсү төп келген төлгөчү, көзү ачык Света Тойгонбаева менен баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

Негизи Сапар Исаковду Кыдыр ата жана жогору жактан үч адам колдойт экен.  Азыр ооматы келип турат.  Аброю мындан дагы көтөрүлөт. Бирок, аша чаап кетпей алды-артын карап жүрбөсө  кылган иштеринин акыбети ийгилик менен эмес, жамандык менен кайтып калышы мүмкүн.

Булак: “Асман+”

Астанада Азиянын парламенттер аралык форуму башталды

Астанада Азия өлкөлөрүнүн парламент өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүүдө. Азия парламенттер аралык форумунун илим, технологиялар жана инновациялар маселелери боюнча жыйынын парламент мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин ачты.

Форумга 25 өлкөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Жыйындын максаты — депуттардын көңүлүн билимге негизделген коомдун өнүгүүсүнө, өлкөлөрдүн экономикасы үчүн алдыңкы технологияларды киргизүүгө жана илимдин өнүгүшүнө көмөктөшүү маселесине буруу.

Форум Ислам кызматташтык уюму жана Ислам өнүктүрүү банкы менен биргеликте уюштурулган. Эки күндүк иш-чаранын жыйынтыгында Астана декларациясын кабыл алуу пландалууда.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Пан Ги Мун, БУУнун генкатчысы: "Көптөгөн өлкөлөрдүн лидерлери Конституцияны көчүрүп жазып, шайлоо жараянын манипуляциялап, өз жарандарына чыккынчылык кылат"

Көптөгөн саясий лидерлер өз жарандарынын кызыкчылыктарына чыккынчылык кылат. Бул туурасында БУУнун башкы катчысы Ги Мун Башкы Ассамблеянын жыйынында билдирди. Анын сөзү уюмдун сайтында жайгаштырылган.

«Көптөгөн өлкөлөрдүн лидерлери Конституцияны көчүрүп жазып, шайлоо жараянын манипуляциялап же башка дагы чараларды колдонуп жатканына күбөбүз. Кызмат жеке менчик эмес, жарандар тарабынан ишеним көрсөтүү экенин түшүнүү керек. Силер эл үчүн эмгек өтөшүңөр керек. Демократияны олку-солку кылып, өз өлкөңөрдөгү жаратылыш байлыктарын талап-тоноп, сын-пикир айтандарды темир тор артында камоону токтоткула»,-деди Пан Ги Мун.

Баш катчы демократиялык этикетти четке коюп, бүгүнкү күндөгү курч маселелерди чечпеген өлкөлөрдү кескин сынга алды. Ал дүйнөлүк лидерлер өз жарандары алдында жоопкердигин, эл аралык коомчулук болсо учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө кудуреттүү экенин эске салды.

“Жарандар жана алардын лидерлери ишенбөөчүлүк деген туңгуюукту тең бөлүшүүдө. Экстремисттер “өз” жана “бөтөн” деп бөлүнүп-жарылууга аргасыз кылып жатат. Жер буга суу ташкындары, бороон-чапкын, куйкалаган ысык менен жооп берүүдө”,-деди ал.

Пан Ги Мундун ыйгарым укуктары ушул жылдын соңунда аяктайт.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Улукбек Ормонов, ЖК депутаты: "Албек Ибраимов калп айтып жатат, эгер жалган-жашыкты дагы айта берсе, маалымат жыйын берүүгө аргасыз болом"

— Улукбек Зулпукарович, азыркы бийлик Уңгар-Тоо маселесине келгенде баарын Бакиевдерге шылтап, жерди өзбектерге өткөрүп берип койгонун айтышууда. Сиз ал убакта парламентте депутат болуп олтургансыз да. Бул маселе каралып, сөз болгон беле?

— Мен бул боюнча так жана кесе айта алам, биз иштеп турган мезгилде Уңгар-Тоо маселеси боюнча таптакыр кеп козголгон эмес. Өкмөт дагы, парламент дагы бул боюнча кеп кылганын уккан эмесмин. Ошондуктан бул маселе боюнча КТРКдан кайра-кайра көрсөткөндөн кийин атайын кызыгып, чек ара боюнча өкүлдөн документтерди сурап толук карап чыктым. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгон учурда кыргыз тарапта “Кыргыз-Өзбек” сүйлөшүү протоколу, Өзбек тарапта “Өзбек- Кыргыз” протоколу деп жазылат. Мени таң калтырганы КТРКдагы берүүдө “өзбек-кыргыз” сүйлөшүүлөрү деген документтин чыкканы болуп жатат. Улуттук каналыбызда кайдан жүрүп Өзбекстандын документтери пайда болду? Бул атайын жасалган провокация эмеспи деген суроо туулуп жатат. Эгерде улуттук каналыбыз ошончолук эле маалымат бергиси келсе, биздин өлкөдөгү документтерди берсе болмок да. Эмне үчүн өзүбүздүн документтерге таянган жок? Улуттун кызыкчылыгын коргогондо этият болушубуз керек. Биз атайын документтерди карап чыкканыбызда Уңгар-Тоо турган жер атайын протоколдо макулдашулган эмес деп жазылып турат. Демек, бул жер жөнүндө сөз такыр болгон эмес. Сөз болсо дагы эки тарап бир пикирге келе албай, маселе ачык бойдон калып калса керек. Бул документтер Кыргызстанда бар. Кызыкккан кишилер алып караса болот. КТРдин ушундай опурталдуу учурда маалыматты атайын бурмалап бергендиги таң калтырат.

— Башка дагы документтерде кандай маалыматтар бар экен?

— Эч кандай деле маалымат жок. СССР убагында ар кандай убакта ар түрдүү чечимдер кабыл алынып турган. Себеби бир мамлекеттеги республика болгондуктан, ич ара жайыттарды берип мамиле болуп тургандыктан карталар ар жылда ар кандай түшө берген. Азыркы талаш-тартыш деле ушундай маселенин айынан чыгып жатат. Мындай чаташкан маселелерге 1991-жылдагы КМШны түзгөн учурда атайын саммитте баардыгы кол коюп “союздук республикаларда ар ким 1991-жылдагы чек араларда бири бирин тааныйт”- деп бир чечимге келишкен. Демек, 1991-жылы ким кандай жайгашкан болсо, башка маселеге карабай туруп ушул маселени чечиш керек болчу. Тилекке каршы эгемендүүлүк алган учурда эйфория менен чек аралар чечилбей, талаш жылдан жылга күчөп атат. Себеби бир айыл экиге бөлүнүп калган жерлер да бар. Бул олтуруп дипломатиялык жол менен гана чечилчү маселелер десем болот. Биз үчүн 1991-жылдагы карта негизги курал болуп аймактар такталуусу зарыл.

–1991-жылдагы карта боюнча Үңкүр-Тоо биздикиби?

— Ооба, толугу менен биздики. Өзбекстан дагы ошол келишимге кол коюп, чек араны тааныган. Унгар-Тоо өзбектердики же болбосо берилип кетиптир деп айтууга бир дагы документ негиз болуп бере албайт.

— Бийликтин ММКлары, ошол эле КТРК бүтүндөй журтка кайра-кайра көрсөтүп, Бакиевдер эбак эле “тартуу кылып жиберген” деген документтер кайдан чыкты?

— КТРК 2006-жылкы визиттеги өзбек-кыргыз протоколу деп Өзбекстандын колунда калган документтерди көрсөтүп жатышат. Менимче бул нерсе терең изилдениш керек. Бул боюнча өз алдынча баа бербесек болбойт. Биз башкаруучу коалициядагы фракция, же оппозициядагы фракция деп ар кимибиз ич ара талашып чырдашканыбыз менен мамлекеттүүлүк, чек ара дегенде этияттуулук ирээтинде мамиле кылып, мамлекетибиздин карыш жери үчүн күрөшүшүбүз керек деп ойлойм.

— Өзбек тарап ушуну менен экинчи жолу аскерин киргизип, кайра чыгарып кетип жатат. Эмне сырды көрүп жатабыз? Кандай күнөөбүз үчүн?

— Бул да болсо биздин чек ара кызматынын алсыздыгы деп билем. Андай талаштуу жерлерге аскерлерин киргиздирбей бекем кайтаруу зарыл эле. Аскер кирген шартта дагы силердин акыңар жок, бул эмне кылганыңар деп тең ата сүйлөшүшсө болмок. Эгер силер аскер киргизсеңер биз да чара көрөбүз, ошого жетпейли дешсе жарашмак. Көчүп кете албагандан кийин дипломатиялык түрдө кошуналар менен сүйлөшө билүү абдан зарыл. Кыргызда илгертен алыскы туугандан жакынкы кошуна артык деген кеп бар. Каалайбызбы, каалабайбызбы кошуна жашайбыз. Чек арабыз бир, сүйлөшүүдөн башка жолубуз жок.

— Бакиев чын эле кол коюп берип салган учурда Өзбекстан дароо эле зым менен чырмап өз аймагына кошуп алмак да. Алардын чек араны аскер коюп зым тартпаганына караганда бул жер Кыргызстандыкы гана деген ойго түртүп жатпайбы?

— Чек араны так тактоо үчүн атайын чек ара маселеси боюнча комиссия кол коёт. Калган ишти тактап, тышкы иштер министри кол койгондон кийин эки президент кол коюп берет. Эки президент кол койгондон кийин парламент ратификациялайт. Ошондуктан сөз башында айтып кеттим, Үңгар-Тоо боюнча эч кандай сүйлөшүүлөр болгон эмес. Расмий жолугушуунун протоколунда дагы Үңгар-Тоо боюнча эч кандай келишимдер жок, маселе ачык бойдон калган.

— Бүгүнкү күндө “Дастан” заводунунун айланасында абдан көп сөздөр айтылып жатат. Сиз ал жерде жаштайыңыздан иштеп, жетекчи дагы болгонсуз. Сизди шаар башчысы Албек Ибраимов дагы өзүнүн сөзүнө кошуп сатып жиберген деп айыптады. Сиздин жооп?

— Мен баса белгилеп кетейин. Өзүм дагы шаардын башчысы Албек мырзанын маалымат жыйынын көрүп абдан таң калдым. Биринчиден мен 2007-жылы депутат болуп шайлангандан кийин ал заводду өткөрүп берип, депутат катары ишимди улантканмын. Албек болсо “Текебаев жөн эле айтып жатат”-деп чыкты. Мен да айтайын, Албек мырза “Ормонов Улукбек саткан”-деп оозуна келгенди жөн эле айтып койду. Эгерде мен саткан болсом, ошол 2007-жылга чейинки жетекчи болуп турган документтерди көрсөтсүн. 2008-жылдары кантип, кандай болуп сатылган, ошол убактагы жетекчилер жооп бериши керек. Азыр Мамлекеттик каттоодогу ким, качан, кантип сатып алганы боюнча документтердин баары ачыкталды. Биздин борборубуздун башчысы Албек мырза чоң кызматтагы киши, документтерге таянып сүйлөсө жакшы болмок. Күнөөлөгөнү үчүн Текебаевди сотко беребиз деп оолугуп жатышат. Эми мен Албек мырзаны сотко бербей эле коёюн. Заводдо 20 жыл эмгектенгем, карамагында эмне бар, кайсыл жерде багы, пансионаты, баардыгын жатка билем. Заводдун ичиндеги аймактын ар бир метри дагы менин эсимде.

“Дастан” акционердик коому бул биринчиден стратегиялык мааниге ээ Кыргызстандын эң ири аскер заводдорунун бири. Ошол эле учурда бизде стратегиялык объекттер жөнүндө мыйзам бар. 2008-жылы 23-майда кабыл алынган. Ошол мыйзам кабыл алынгандан кийин стратегиялык обьект деп эсептелип атайын тизмеге кирген Кыргызстандын ар кандай менчигиндеги ишканалардын биринин дагы жери, мүлкү сатыкка коюлууга акысы жок. Сатам деген болсо, биринчи кезекте Өкмөткө сунуш кылынат. Бул боюнча мыйзамда так жазылган. Өкмөт албай артка кайтарганда гана атайын чечим менен сатса болот. Ошондуктан 2010-жылдан кийин өздөрүнүн чечимдерин кантип өзгөртүп, кантип сатышкан, аны өздөрү жакшы билишет. Көпчүлүк азыр, Албек ушинтип айтыптыр, жооп бербейсизби деп жатышат. Мен азырынча жөн коёюн. Эгер жалган-жашыкты айта берсе, маалымат жыйын берүүгө аргасыз болом.

— Заводдун баардык аймагын билем деп кеттиңиз. Президент азыр үй салып жаткан жер кандайча бул кишинин колуна тийип калганын деле билсеңиз керек?

— Мен 2007-жылы заводду өткөрүп берип, Жогорку Кеңешке депутат болуп кеткем. Ошол убакта азыркы талашка түшүп жаткан жер заводдун багы катары балансында турчу. Андан кийин ким, кайда, кантип сатты ишим болгон эмес. 2003-жылдары завод жетекчилигинин чечими менен ал жердеги бакты эс алуу жайы кылалы деген ой менен коттедж салына баштаган. Аймагын толугу менен атайын курчап чыгышкан. Кийинкилерин билбейт экенмин. Мунун баардыгына укук коргоо органдары өз бааларын беришет деп ишенем.

— Кечээ Өмүрбек Текебаев ал жердин аймагын 27 гектар деп чыкты. Кайра 2 гектар дейт. Негизи аймагы канча ал жердин?

— Мен билгенден жалпы аймагы 3 гектарга жакын болчу.

— Жогорку Кеңеште ушул маселенин айынан маанай курчуп кетмек болду?

— Башкаруучу коалициянын жетекчилеринин Жогорку Кеңештеги кайым айтышуусун элдин баары көрдү. Баардыгы өздөрү мойнуна алып башкаруучу коалиция де-юра бар, де-факто жок деп айтышууда. Мен ошону Албек мырзага айтат элем. Текебаев менен бирдемени талашса өздөрүнчө мени кошпой талашсын. 2010-жылкы жакын достор бири бирин айыптоодо. Булар чогуу келип бизди бийликтен кетирип, өздөрү бийликке келишкен. Эми өздөрү жасаган иштерине өздөрү мыйзамдын алдында, чегинде жооп берсин. Президент Алмазбек Атамбаев 31-августта 2010-жылдарда ким эмне кылганын ачык айтты. Эми өлкө башчысынын сөзүнө укуктук баа берүү, убактылуу өкмөттүн кимиси эмне кылганын прокуратура текшерип, элге ачык айтышат деп мен ишенем.

 Маектешкен Баян Кулова

Булак: “Жаңы ордо”

Меню