Menu

САЯСАТ

Кабулда бир суткада төрт жардыруу болуп, ондогон адам каза тапты

Кабулда бир сутканын ичинде төртүнчү жардыруу болду. Курман болгондор менен жаракат алгандар боюнча маалыматтар такталууда. Кабулдун борборунда полиция менен эл аралык кайрымдуулук уюмдардын биринин кеңсесине чабуул жасаган согушкерлер ортосундагы кагылышуулар уланууда.

Кол салуунун жыйынтыгында бир киши каза болуп, алтоо жараат алганы кабарланууда.

Кечээ Кабулда үч жардыруу болгон, алардын экөө Коргоо министрлигинин имаратынан алыс эмес жерде орун алган. Жергиликтүү ММКлардын билдирүүлөрү боюнча биринчи бомба аралыктан ишке ашырылып, экинчисин жанкечти жардырган.

Алардын жыйынтыгында 24 адам курман болуп, 91и жаракат алган. Өлгөндөрдүн арасында генерал жана полициянын жогорку кызматтагы эки офицери болгон. Бир канча сааттан кийин шаар борборунда үчүнчү жардыруу орун алып, андан соң атышуулар башталган.

Жардыруулар үчүн буга чейин Кабулда бир канча жолу кол салуу уюштурган «Талибан» ислам кыймылы жоопкерчилик алды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Роза Отунбаева бир жума зарыгып суранса да Алмаз Атамбаев кабыл албай койду

Алмаз Атамбаев өзүнүн президенттик мөөнөтү бүтүп баратканынан улам бийликтен четтеп каларын түшүнүп, тез арада конституцияга өзгөртүү киргизүүгө жанталашып жатат. Анын ою боюнча бул өзгөртүүлөр ага кайрадан бийликти сактап калууга көмөктөшөт.

Ал эми 2010-жылы аны менен кошо мамлекеттик төңкөрүш жасап, бийликти басып алышкан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн баарын азыр бийликтен четтетип олтуруп, айланасын тазалап алган.  Аял киши эмеспи, эртең эле Акаев менен Бакиевге кыйкыргандай мага да кыйкырып чыгат деп Роза Отунбаеваны пенсияга чыгарып, 80 миң сом чектеп, резиденциядан үй, машина, жан сакчы берип оозун жапкан. Калган мүчөлөрү Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Исмаил  Исаков, Элмира Ибраимова, Болот Шер, Темир Сариев баары азыр жумушу жок, көчө таптап басып калышкан.

Өмүрбек Текебаев  гана өзүнүн партиясы аркылуу депутат болуп шайланып келгендиктен азырынча ага азуусу жете элек. Бирок, жакынкы күндөрдө аны да фракциясы менен кошо башкаруучу коалициядан чыгарып, “эми бар, кыйкырып жүрө бер”  дей турганы айдан ачык болуп калды. Анткени Атамбаев революцияны мен өзүм жалгыз жасагам деп бекем ишенет. Калган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү булар аткошчулар гана, ал эми эл бул негизинен кокусунан чогулган массовка деген ойдо. Себеби сырткы күчтөр менен бийликти алуу комбинацияларын жана каржылоону Атамбаев сүйлөшкөн жана уюштурган. Алтургай былтыр эле “2005-жылдагы революцияны да мен жасап, анан бийликти Бакиевге берип койгомун” дегени эсиңердеби? Ошентип 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн 11 мүчөсүнүн 10 мүчөсү шөмтүрөп талаада калды. Алардан жалгыз гана Атамбаев бийликте.

Эми Убактылуу өкмөттүн негизги бөлүгү Атамбаевдин конституцияны өзүнүн келечек пландарына ылайык өзгөртөм деген аракетине нааразы болуп,  2020-жылга чейин өзгөртпөйбүз деп элге убада бердик эле, эл эмне дейт? Эптеп 3 жыл чыдай туралы, деп ага Кайрылуу жазып кол топтой баштаганда  8 мүчөсү кол коюп беришиптир. Алар – Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Исмаил Исаков, Элмира Ибраимова, Болот Шер, Өмүрбек Текебаев .

Ал эми Топчубек Тургуналиев “Кайрылуунун текстине люстрацияны талап кылууну кошкула” деп тескериленип  кол койбой туруп алганда  алжыган чал менен айтышып олтуралыбы деп  кол шилтеп салышат. Темир Сариев да Кайрылууга кол койбой кача баштаганда “аа бул байкуштун дагы деле Атамбаев мураскер кылабы деген үмүтү өчө элек экен”  деп тим болушат.

Ошентип бир кездеги Убактылуу өкмөттүн 11 мүчөсүнүн  8 мүчөсү кол койгон, Атамбаев күзүндө өткөрөм деп жаткан референдумга каршы Кайрылууну ошол кездеги төрайым Роза Отунбаеванын колуна карматышып, Атамбаевге жөнөтүшөт. Анын үстүнө Отунбаева азыр толук мамлекеттик камсыздоодогу мамлекеттик резиденцияда Атамбаев менен кошуна жашайт.  Бирок, Отунбаева улам кайрылып, кабыл алуусун суранып, бир жума зарыгып күтсө да Атамбаев кабыл албай коёт. Айласы кеткен Убактылуу өкмөттүн Роза Отунбаева баштаган 8 мүчөсү бүгүн, 30-августта ошол кайрылууну расмий ачык жарыялоого аргасыз болду.

Азыр Атамбаев сунуштаган референдумга – конституциялык өзгөртүүлөргө  Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү каршы, жарандык коом каршы, оппозиция каршы, эл каршы туруп жатат. Бирок, Атамбаев колуңардан келгенин кылып алгыла, мен баары бир конституцияны өзгөртөм, референдумду өткөрөм деп турат. Кечээ, 29-мартта Алмаз Атамбаев конституцияны өзгөртүү боюнча кеңешме өткөрүп, ага Жогорку Кеңештин баардык фракцияларынын лидерлерин – Бакыт Төрөбаевди, Алтынбек Сулаймановду, Канат Исаевди, Өмүрбек Бабановду чакырды, бирок жалгыз гана “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди чакырган жок.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Адахан Мадумаров: “Кыргыз мамлекетинде элди, жерди басып киргендерге айбат көрсөтө ала турган мамлекет башчылар барбы?”

“Бул эмне деген жоопкерсиздик? Кыргыздын Үңкүр-Тоо деген тоосун Өзбекстандын 6 милиционери келип басып алып, ал жерде иштеген 4 кыргыз жаранын камап салса да эч нерсе болбогондой  унчукпаган кыргыз бийлиги кыргызга татыктуу бийликпи?” – деп билдирди бүгүн, 27-августта Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров.

“Мына 5 күн өттү, 22-августта Өзбекстандын 6 эле милиционери келип, кыргыз жүздөгөн жылдан бери ээлеп келаткан Уңкүр-Тоосун басып алды. Ал жерде иштеген 4 кыргыз жаранын кармап, Өзбекстанга алып кетип камап салды. Алмаз Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков эч нерсе болбогондой унчугушпайт. Аксыга жетип барып, кыргыз жерин коргоштун ордуна Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен Коопсуздук боюнча вице-премьер Жеңиш Разаков Ысык-Көлдө көчмөндөр оюндарынын даярдыгын текшерип жүрүшөт. Эмне кыргыз жерине караганда ошол оюндар маанилүүбү? Ал эми Атамбаев “Унгар-Тоосун 2006-жылы Бакиев Өзбекстанга берип салган” деп камараабай жарыялап олтурат. Ушул мамлекет жетекчиси айта турган сөзбү? Эгер берип салган болсо айтсынчы, кайсы келишимдин негизинде бериптир? Ал келишим качан парламенттен ратификациядан өтүптүр? Андан кийин кайсы президент ал ратфикацияга кол коюптур? Номурларын, датасын айтсынчы? Айта албайт, анткени бул караандай калп. Жер басып алуучуларды барып кууп салганга духу жетпей айласы кеткенден айткан сөзү. Оппозицияны камаганга гана күчү жеткен бийлик 6 милиционерге каш кайтара албай олтурат. Колунда миңдеген милиция күчтөрү, армиясы бар бийлик Өзбекстандын 6 милиционерине айбат бергенге духу жетпесе анда эмнеге баш көтөрүп жүрөт?”, – деди Адахан Мадумаров.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Феликс Кулов, экс-премьер-министр: “Эми көчөдөгү оппозиция пайда болот”

–Феликс Шаршенбаевич, Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө байланыштуу көз карашыңызды интернеттен окудум. Сиз принцибинде референдум өткөрүүгө каршы деле эмес экенсиз…

–Мен көпчүлүк коалицияны жетектеп турганда биз өз вариантыбызды сунуштаганбыз. Регламент боюнча аны кабыл алууга жарым жыл керек. Үч окуудан кабыл алынышы керек да, туурабы? Конституциянын 114-беренесинде Башмыйзамдын 3-7-беренелери, башкача айтканда, президентке, парламентке, өкмөткө, сотторго тиешелүү бөлүктөрү “2020-жылдын 1-сентябрына чейин өзгөртүлбөйт” деп жазылган. 3-бөлүктө болсо Конституцияны кантип өзгөртүү керектиги көрсөтүлгөн. Ушул так эместиктен улам талаш-тартыш пайда болгон. Ошондуктан, биз 3-бөлүккө негизденип, “референдум өткөзсө болот, бирок, анүчүн белгилүү бир процедуралардан өтүшү керек” деген тыянакка келгенбиз. Бирок, каникул башталып калгандыгына байланыштуу биз ал сунушту киргизгенге үлгүргөн жокпуз. Анан калса, ошол учурда президент бизге кайрылып, “сунушуңарды токтото тургулачы, жаңы парламент карасын” деди. Биз макул болдук. Биз коомдук угуу өткөрүп, Конституциялык кеңешме уюштурулушун, эң башкысы, коомдук талкуудан өткөрүлүшүн сунуш кылганбыз. Эмне үчүн? Себеби, коомдук талкуудан өтсө легитимдүүлүк, ишеним пайда болот. Бирок, жогоруда айтканымдай, биз ал сунушубузду киргизгенге үлгүргөн жокпуз. Парламенттик шайлоо өткөн соң мен өзүбүздүн жазган сунуштарыбызды дагы бир сыйра карап чыгып, өкмөткө жаңы вариантты, толугу менен парламенттик башкаруу формасына өтүүнү сунуштадым. Мен эмнеге негиздендим? Эл арасында “эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт, өлкөдө бир кожоюн болушу керек” деген сөз бар. Бирок, Акаев деле, Бакиев деле жалгыз кожоюн болушпады беле? Анда, эмне үчүн алардын бийлиги жаман болуп бүттү? Себеби, алар эч кимге баш ийип, эч кимдин алдында отчет беришкен эмес. Ошондуктан, мен немистердин вариантын алдым. Канцлер Ангела Меркель өлкөдө баардык нерсе үчүн жооп берген киши экенин билебиз. Бирок, ал парламентке отчет берет. Бизде да премьер-министр өлкөдөгү эң башкы адам болсун, бирок, парламентке отчет берсин деп сунуштадым. Президентти болсо парламент менен региондордун өкүлдөрү шайлайт. Ал башкы командачы болбойт, күч түзүмдөрү ага баш ийбейт. Бизде премьер-министр жыл сайын алмашат. Себеби, коалицияны атайын таратып атышты. Бабанов отставкага кеткенден кийин эки жуманын ичинде жаңы премьер-министрди шайлаш керек болду. Шашылыштан улам күтүүсүз жерден Жантөрө Сатыбалдиевдин кандитатурасы пайда болду. Балким, кимдир-бирөө алдын-ала билген чыгаар, бирок, биз кийинки премьер ким болоорун билген жокпуз. Арадан бир аз убакыт өткөн соң “Бабановду эмнеге алып салышты, ошол эле иштеп тура берсе болмок” деген сөздөр айтыла баштады. Сатыбалдиев кетип, ордуна Оторбаев келгенде кайра эле ушул сөздөр кайталанды. Германияда болсо кимдир-бирөөнү иштен ала турган болсо ордуна баланча келет деп алдын-ала айтылат. Ошондо эл алмаштырган туура болобу, болбойбу, алмаштыруунун кереги барбы деп ойлонуп калат. Мен да ушул вариантты сунуштадым.

Экинчиси. Жазында премьер-министр шайланып, күзүндө болсо коалиция тарап кетти дейли. Премьер-министр кийинки жазда отчет бериши керек. Ошондуктан, мен коалиция тараса да өкмөт башчы кийинки отчеттук мезгилге чейин иштешин сунуш кылдым. Ошондо коалиция атайылап тарамак эмес, премьер-министр күчтөнмөк. Азыр эми депутаттар сунуштаган вариант пайда болду. Мен андагы айрым жоболор менен макулмун, бирок, ошол эле учурда анда талаштуу, мен макул боло албаган маселелер да бар. Башмыйзам идеология маселесин да ичине алгандыгына карабастан, жогорку баалуулуктардан мен идеологияны көрө алган жокмун. Юридикалык жактан негиздөө кыйынга турган учурлар аябай көп экен. Мисалы, Мекенге болгон сүйүү маселесин алалы. Сиз өкмөттү мактасаңыз, мен сындашым мүмкүн. Бирок, бул мен өз мекенимди сүйбөйм дегенди билдирбейт да? Пушкиндин “О, глупый русский мой народ” деп айтканы бар. Бирок, бул улуу акын өз элин сүйгөн эмес дегенди билдирбейт да, туурабы? Же жазалоо мөөнөтү жөнүндөгү маселени алалы. Азыркы өзгөртүүлөргө ылайык, жазалоо мөөнөтүн сот гана чечет деп жазылыптыр. Айталы, бир киши мындан 20 жыл мурда телефон уурдады дейли. Анан ал азыр кармалса же өз ыктыяры менен келсе адегенде кылмыш иши козголуп, иликтенип, анан сотко өткөрүлүшү керек. Анан сот гана ишти кыскарта алат. Ушундан улам суроо туулат. Сот жазалоо мөөнөтү өтүп кетиптир деп ишти кыскартсын үчүн ушунча убаракерчиликтин, каражат коротуунун зарылдыгы барбы? Анан калса муну Конституцияга жазуунун деле кажети жок. Кааласаңар кылмыш кодексине жазып алгыла. Андыктан, юрист катары мага мунун баары алгылыксыз. Башмыйзамдын 41-беренесиндеги “биз эл аралык органдардын адам укугу боюнча чечимдерин аткарабыз” деген жерин алып салышыптыр. Мындан бир нерсе өзгөрөбү? Эч нерсе өзгөрбөйт. Себеби, биз эл аралык фактыларга кол койгонбуз. Ага ылайык, адам укугу бузулган болсо, биз аны оңдоого милдеттүүбүз. Анда, эл аралык келишимдердин баарынан чыгалы… Бабанов премьерликтен кеткен соң, көчөдө калды. Аз жерден партиясы да тарап кете жаздады. Мына ушундай болбосун үчүн биз премьер кызматынан кетсе кайрадан депутаттыгын улантуусун сунуштаган болчубуз. Азыркы өзгөртүүдө болсо “вице-премьерлер да мандатын сактап калат” деп жазылыптыр. Вице-премьерлер башка фракциялардын өкүлдөрү. Эгер алар депутат бойдон калышса өкмөт башчынын тилин алышпайт, өздөрүнүн фракцияларын угушат. Премьер буту–колу жок сыяктуу болуп калат. Бир жолу Алмазбек Атамбаев образдуу кылып “президенттике да, премьерликке да жаш, кызуу кандуу эки жигит келип калса, биринин карамагында ИИМ, экинчисинде УКМК, армия, прокуратура бар, анан эмне болоорун элестетсеңер” деп айтты эле. Эмки президенттик шайлоодо жаш, кызуу кандуу жигит гана эмес, башка партиянын өкүлү келип калсачы? Азыр бүт бийлик КСДПда. Жаңы президент буга чыдап тура алабы? Демек, сөзсүз конфликт болот. Ошондуктан, президент эч кандай партияда болбошу керек. Шайлоого чейин да, шайлоодон кийин да… Эл арасында “айрымдар депутаттыкка соттолбош үчүн барышат” деген сөздөр айтылып жүрөт. Аракеттеги Конституция боюнча, эгер депутат кылмыш кылса башкы прокурор сунуш киргизип, парламент кылмыш ишин козгоого макулдук бериши керек. Биз эгер депутат кылмышты мандат алганга чейин жасаган болсо, парламенттин эч кандай макулдугу талап кылынбайт, эгер депутат бир айдын ичинде эч кандай себеби жок үч жолу пленардык кеңешмеге келбей койсо мандатынан ажырайт деп жазган болчубуз. Бирок, жаңы өзгөртүүлөрдө депутаттар өздөрүнүн жоопкерчилиги жөнүндө эч нерсе жазышпаптыр. Бул туура эмес.

–Эмне үчүн?

–Бул өзгөртүүлөрдөн мен эч кандай системалуу мамилени көрбөй турам. Жалгыз 41-берене үчүн, жалгыз Азимжан Аскаров үчүн Конституцияны өзгөрткөн туура эмес. Мага да адам укугу боюнча комитеттин чечими чыккан. Мени Жогорку сот гана эмес, адам укугу боюнча комитет да актаган. Бирок, анын чечими рекомендациялык гана мүнөздө эле. Мен премьер-министр болуп иштеп турганда адвокатым Иванова адам укугу боюнча комитеттин “сизди 5 жыл негизсиз камашкандары үчүн өкмөттөн ири суммадагы акча өндүрүп алсаңыз болот” деген чечимин көтөрүп келди. “Любовь Александровна, бюджет дефицит болуп атса, анан премьер-министр болуп туруп мен кантип, кайсыл бетим менен өз өкмөтүмөн бир нече миллион долларды өндүрүп алам? Бул кагаз тарых бойдон эле калсын” дегем күлүп. Ал эми Азимжан Аскаровго келсек, алар тезинен бошоткула, себеби, тергөө учурунда мыйзам бузууларга жол берилген деп сунуш бере алышат. Мен талашпайм, тергөө учурунда анча-мынча мыйзам бузууларга жол берилген болушу деле мүмкүн. Бирок, бул мыйзам бузуулар кандай мүнөздө? Фальсификациябы же далилдер жетишсизби? Бул мыйзам бузуулар аны бошотууга негиз боло алабы же албайбы? Иликтеп, ушуну эле аныктап коюш керек. Ушул нерсе үчүн Конституцияны өзгөрткөн туура эмес.

–Кандай деп ойлойсуз, бул өзгөртүүлөр турмуштук зарылчылыктан келип чыктыбы же кимдир-бирөөлөр эртеңки күнгө кам көрүп атышабы?

–Менимче, мындай. Алмаз Атамбаев президент болуп да, премьер-министр болуп да калгысы келбейт. Мен муну анык билем. Себеби, өзүмдүн вариантымды сунуштап жатканда мен тамаша иретинде “Алмазбек Шаршенович, биздин вариант боюнча премьер-министр аябай күчтүү болот, сиз али жашсын, эгер саясатта калгыңыз келсе партияңыз аябай күчтүү, шайлоодон утуп, премьер–министр болсоңуз болот” десем, “байке, мен президент да, премьер да болгум келбейт, андан көрөкчө, сиз экөөбүз тоодо эс алганыбыз жакшы эмеспи” деген. Мен ага ишенем. Анда, бул өзгөртүүлөр эмне үчүн жасалып атат?-деген суроо туулат. Менимче, кимдир-бирөөлөр президентти “подставлять” этип атышат го…

–Бир курдай “парламентти таратыш керек” деп да айткан жайыңыз бар. Эмне себептен мындай ойго келдиңиз?

–Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тегерек стол болгондо парламенттин атынан Исхак Масалиев, президенттин аппаратынан бир, Конституциялык палатадан бир өкүл келишти. Экөө долбоорду толугу менен колдошту, парламенттин атынан келген Масалиев болсо “кээ бир жерлерине макул эмесмин, бирок, референдум өткөрүш керек” деди. Мындан кандай тыянак чыгарсак болот? Демек, долбоорду депутаттар даярдаган эмес. Бирок, регламентти бузуп, каникул учурунда референдум өткөрүү боюнча сунуш киргизип отурушат. Мындай нерсе тарыхта болгон эмес. Ошондуктан, мен айттым: “Парламент Конституцияны жазбаса да жазган катары кол коюп, регламентти бузуп жаткан соң Конституцияны ишке киргизүү жөнүндөгү мыйзамга президент, өкмөт калат деп жазып, ал эми парламент боюнча калышына макулсузбу же каршысызбы” деп эки суроо коюп койгула. Ушундай парламент керекпи, керек эмеспи – эл өзү чечсин дедим.

–Эгер маселе ошондойчо коюла турган болсо парламент бул Конституцияны өткөрбөй коет го?

–Албетте. Алар да ойлонушсун да. Бул Конституциянын долбоору чыккандан бери мен бир гана Фарид Ниязовдун негиздемесин окудум. Депутаттардан болсо эч ким үн каткан жок. Жалгыз гана Марат Аманкулов “өзгөртүүлөр керек” деди. Башкача айтканда, ал да колдоп гана үн кошту.

–Балким, эми айтышаар? Сентябрда сессия башталат эмеспи…

–Эчак кол коюп коюшса кантип айтышмак эле? Тагыраагы, кол коюшту деп атышат, бирок, кол койгондордун тизмеси али чыга элек. Белгилүү эле болуп турбайбы, телефон аркылуу гана макулдашышкан. Мындай болбойт да… Бул депутаттарды, элди, Конституцияны сыйлабагандыкка жатат. Мен деле өзгөртүүлөр киргизилишине макулмун, бирок, легитимдүүлүк, ишеним болуш үчүн бардык процедуралардан өтсүн да.

–Конституцияга өзгөртүү киргизилиши күзүндө саясый кырдаалдын курчушуна алып келбейби?

–Менимче, кырдаал курчуйт го. Саясый чөйрөдө мен ким менен гана пикир алышпайын баары “туура, Конституцияда кемчиликтер бар, аны оңдоп-түзөтүү керек. Бирок, баардык процедуралардан өтсүн” дешет. Бир да киши күзүндө референдум өткөрүлүшүн колдогонун уккан жокмун. Азыр бизде оппозиция дээрлик жокко эсе. Оппозиция биринчи болуп Конституцияны өзгөртүүгө кол коюп берди. Азыр элдин, саясый кыймылдардын баары парламентке каршы. Парламент өзүнүн кадыр-баркын кетирип алды. Ушундан улам эми көчөдөгү оппозиция пайда болот. Эң жаман нерсе ушул. Көчөдө мушташкандан көрөкчө парламентте мушташканыбыз жакшы болчу…

Керим МУРАС,

Булак: “Азия ньюс”

Кытайлар берген 5 миллион доллар пара кайда? Темир Сариев неге унчукпайт?

Экс-премьер министр Темир Сариев Ысык-Көлдөгү Балыкчы-Корумду жолу боюнча пара алууга шектелип иштен кеткен боюнча дайыны чыкпай калды эле. Кечээ жакында түшүнөн чоочуп ойгонду окшойт, Конституцияны өзгөртүү боюнча оюн билдирип чыкты. Конституция го Сариевсиз эле өзгөрүлөт же ордунда калат эмеспи.

Кептин төркүнү Балыкчы-Корумду жолунда болуп жатат. Темир Сариев менен Аргынбек Малабаев качан жооп беришет ыя? Кытайлар берген 5 миллион доллар пара кайда? Ким жооп берет? Башкы прокуратура бул боюнча иштин жыйынтыгын качан чыгарат. Ушинтип эле улам бир келген өкмөт башчылар элдин ырыскысын жеп кете беришеби?

Булак: “Ачык саясат”

Секирик - Өмүрбек Текебаев: “Мен бүгүн деле Атамбаев тарапты тандап алмакмын”

Өмүрбек Чиркешович, жакында эле берген пресс-конференцияңызда сиз эки өкмөт башчысын кетирүүгө жеке салым кошконуңузду ачык айттыңыз. “Өкмөт бат-бат алмашат, анын натыйжасында экономика өнүкпөй жатат” дейбиз. Анын себеби, дал жанагындай саясый оюндардан улам болуп жүрбөсүн?

–Пресс-конференциянын форматында сөздү маңыздуу, таасирдүү айтыш үчүн аны кыскартууга туура келет. Эгер көпкө сүйлөп отуруп алсаң, журналисттер тажап, сен айтайын деген ойду алалбай калат. Ошондон улам элде “булар келечек жөнүндө ойлобой эле бийлик талаш менен алек болуп жүргөн экен да” деген сыяктуу бир аз түшүнбөгөн ой-пикирлер пайда болду. Бул суроо, албетте, негиздүү. 2010-жылкы парламенттик шайлоодо КСДП, “Ата-Мекен” партиялары утулуп, мурдагы режим менен түздөн-түз иштеген, алар менен байланышы бар деген саясый күчтөр “Ата-Журт”, “Республика”, “Ар-Намыс” партиялары аркылуу келишти. Парламентте контреволюциялык төңкөрүштү ишке ашырууга толук шарт түзүлдү. Бирок, парламенттин сыртында эл баары бир революциялык партияларды колдоп турган. Ошондуктан, КСДПнын артыкчылыгы болду. Бул партиядан адегенде премьер, андан соң президент шайланды. Бирок, ал кезде президенттин азыркыдай таасири да, тажырыйбасы да болгон эмес. Ал кездеги оппозиция, оппозициялык ролду аткарган “Ата-Журт” партиясы абдан күчтүү болгон. Өлкөнүн баардык жеринде, өзгөчө түштүктө позициясы бекем эле. Алар ай сайын он миңдеген кишилерди митингге чыгарып, өкмөттүн тиги же бул адамын сындап турган. Өлкөдө экономикалык кырдаал кескин өзгөрбөгөндүктөн,  нааразылыктар да күчөп турду. Иш жүзүндө Мелис Мырзакматов өз алдынча саясат жүргүзүп, анын айтканы айткан, дегени деген болуп турган. Формалдуу түрдө Атамбаев бүткүл Кыргызстандын президенти болгону менен региондордо, өзгөчө түштүктө таасири бир аз кооптуу эле. Көптөгөн митингдерде Ташиев жетектеген оппозиция Бабановдун өкмөтү отставкага кетишин талап кылды. Ошол кездеги геосаясый кырдаал да оппозициянын күчөшүнө шарт түзүп берди. Өзбекстан менен Тажикстандын мамилеси начарлап, Өзбекстан Тажикстанды экономикалык блокадага алып, Тажикстанга бүт жүктүн баары, анын ичинде күйүүчү майлар биз аркылуу өтүп калды. Бензин биз тарапта 40 сом болсо, чек аранын ары жагында 80 сомго чыкты. Нефти продуктулар менен иштегендер абдан чоң пайда таап, бир нече күндүн ичинде капиталын эки эсе көбөйтүп атышты. Илгери АКШда “алтын лихорадкасы” деген түшүнүк болсо, бизде “бензин лихорадкасы” болду. Акчасы бар кишилердин баары: өкмөт мүчөсү, губернатор, прокурор, милициянын, улуттук коопсуздук бөлүмдөрүнүн начальниктери капиталын ушул бизнеске салышты. Ушу кезге чейин кыргызстандыктар көрбөгөн 40 тонналык бензовоздор пайда болуп, алар кербендей эле болуп, Тажикстанга кирип кетип атышты. Карапайым эл да жан баккысы келет, канистргеби, же кичинекей бензовозгобу бензин куюп, чек арадан ары өтөйүн десе, аларды  контрабанда деп кармап атышты. Ошол эле кезде чоң адамдардын колонналарын милиция кайтарып, чек арачылар честь берип, зуулдатып өткөрүп атышты. Эл абдан кыжырланды. Оппозиция митингинде ушул кырдаалдан пайдаланды. Бүгүнкү өкмөт мурункудан да жаман, контрабанда менен шугулданат, коррупция кеңири тараган, карапайым адамды токтотот, камайт, буларды болсо көрмөксөн болушат, себеби, баарынын бул жерде бизнеси бар деп айтышты. Эл муну туура көрдү. Биз ага каршы эч нерсе кыла алган жокпуз, ага каршы кое турган аргумент болбоду. Элдин нааразычылыгы күчөп, өлкөдө дестабилдешүү коркунучу пайда болду. Кокусунан жаңжал чыгып кетсе, Бабанов менен кошо Атамбаевди да бийликтен кетирүү коркунучу туулду. Албетте, буга жол берүүгө болбойт эле. Биз деле экономиканы ойлодук, программалар кабыл алынып, өкмөттүн ишин парламент көзөмөлдөп атты, бирок, коопсуздук, саясый туруктуулук экономканы өнүктүрүүнүн негизги шарты болгон. Экинчиден, өлкөдө башталган реформаларды артка кайтарбашыбыз керек эле. Контрреволюция күчтөнүп, ал кезде революциялык логика иштеп калган. Биз контреволюциялык лагерди басаңдатып, алсыратышыбыз керек эле. Бирок, демократиялык өлкө болгондон кийин аларды камап, куугунтуктай албайсың. Эң жөнөкөй жолу — оппозициянын сөзүн угуп, колунан желегин, оозунан сөзүн алыш керек эле. Ошондуктан, Бабановдун өкмөтүн отставкага кетирип, элдин көксөөсүн суутуп, оппозицияга рахмат, Конституцияда көрсөтүлгөн милдетиңерди жакшы аткарып атасыңар, силердин айтканыңар туура экен, премьерди жумуштан алдык” деп айтсак, кырдаал басаңдамак. Чын эле, кырдаал басаңдады. Албетте, оппозиция “мыш болуп калабыз” деп ойлогон эмес. Кийинки премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңешке биринчи эле келген күнү Ош жана Жалал-Абад шаарларын  калыбына келтирүү боюнча комиссияны жетектеп турганда, чоң каржылык мыйзам бузуулар болгон, “трагедиядан бизнес жасагансың” деп айтып чыгышты. Бул теманы кайра-кайра көтөрүштү. Ал кезде билесиңер, түштүктөгү башкы телекомпания оппозициянын көзөмөлүндө болчу. Элдин бүйүрүн аябай кызытышты. Кийинчерээк дирекцияга бөлүнгөн 11 миллиард акчанын алты миллиарды кайда кеткени кагаз жүзүндө так көрсөтүлбөгөнүн таап чыгышты. Ага дирекциянын ошол кездеги жетекчилери негиздүү жооп бере алышкан жок. Кырдаал кайра курчуду. Региондордо, Бишкекте физикалык түрдө басып алууга аракеттер болду. Анан, албетте, элдин нааразылыгын басып, туруктуулукту калыптандыруу үчүн катаны моюнга алыш керек эле. Ошондуктан, Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөттү кетирүү чечими кабыл алынды. Мунун баары өлкөдө коопсуздук, тынчылык болсун деп жасалды. Эң негизгиси, бул чечим элдин талабы, кысымы менен кабыл алынды. Бабанов менен Сатыбалдиевдин өкмөттөрүнүн кетиши жөнүндөгү чечим тарыхый кырдаалдан чыккан зарылдык эле.

–Элдин талабы болдубу, же Бабанов ишке аябай активдүү киришип, реалдуу күчкө айланып баратканын көргөндө чоочуп кеттиңерби?

–Мен бир чоң, негизги, массага чыккан факторду гана айттым. Албетте, башка да көп факторлор бар. Мен аларга майдалап, токтолуп отургум келбейт. Ошентип, эки өкмөттүн отставкасы тарыхый зарылдыктан келип чыккан, элдин таасири менен болгон өзгөрүүлөр деп билем. Ал эми Жоомарт Оторбаев менен Темир Сариевдин өкмөттөрүнүн отставкага кетиши — бул революциялык максаттуулуктан, чоң тарыхый зарылдыктан келип чыккан жок. Эки өкмөт кеткенден кийин оппозициялык партиялар позицияларын жоготушуп, демилге революциячыл партияларга, анын ичинде президентке өттү. Оппозиция лидерлеринин бир тобу камалды, бир тобу сыртка качып кетишти, “Республика” төрткө, “Ата-Журт” экиге бөлүндү, “Ар-Намыс” ишенимдүү союздаш болуп калды. Ошондон кийин бийлик саясый ынтымакта чоң-чоң экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга аракет кылышы керек эле. Бирок, өкмөт кийин да жыл сайын алмаша берди. Өкмөт канчалык тез алмашса, ал институт катары бутуна тура албайт, Конституцияда көрсөтүлгөн потенциалы ачылбайт. Ал эми бийлик жерде калбайт, аны бирөө илип кетет. Өкмөттүн тез-тез алмашышы менен президенттин жана анын айланасындагылардын таасири өстү. Алар иш жүзүндө өкмөттү алмаштырып, ачыктан-ачык буйрук берип калды. Кийинки өкмөттөрдүн алмашуусу тарыхый зарылдыктан эмес, аны президенттин айланасындагылар өзүнүн позициясын бекемдеш үчүн, шайлоодо артыкчылыкка ээ болуш үчүн жасашты. “Жоомарт Оторбаев “Ата-Мекен” партиясына жан тартат” деген ой менен шайлоого жетпей кызматынан кетти. Темир Сариев болсо, “партияң шайлоого катышпайт” деген шарт менен премьерликке келген болчу. Бирок, парламенттик шайлоо өткөндөн кийин эмдиги жылы боло турган президенттик шайлоонун логикасынан улам, “таскагы катуу чыгып атат, кийин президент болуп калса, бизди угабы, укпайбы, бүгүнкү президенттин айланасындагылардын таасири сакталабы, сакталбайбы, келечегине кепилдик болобу, же кооп туулабы?” деген суролордон улам аны да мөөнөтүнөн мурда узатышты. Ошондон улам мен айтып атам. Президенттин таасиринин күчү Конституцияда көрсөтүлгөн эмес. Өкмөттүн тез-тез алмашып, толук кандуу институтка айланбагындыгынан улам бийлик президентке жана президенттин айланасына өтүп кетти.

–Ушундан улам сизде “мен бирөөлөрдүн колунда саясый курал болуп калган турбаймынбы” деген ой пайда болбойбу?

–Жакшы суроо. Мен жана айткандай, өлкөдө контрреволюция болуп, реваншисттик күчтөр бийликти колго алып коюу мүмкүнчүлүгү бар эле. Мына ушундай кырдаалдан улам жанагындай чечим кабыл алынган. Бул бирөөнүн тапшырмасы эмес, ийри отуруп, түз кеңешкен бирдиктүү чечим болгон. Эгер бүгүн кайра ошондой кырдалга баарып калсак, мен бүгүн деле Атамбаев тарапты тандап алмакмын. Андан бери заман өзгөрдү, адамдар өзгөрдү. Биз ошол кезде реваншист деген күчтөрдүн дагы беш жылдын ичинде көз караштары өзгөрдү, артка кайтуу мүмкүн эмес экендигин билишти, жаңыча ой жүгүртүп, алдыга кетүү максат-тилектерди коюшту. Ошондуктан, биз алардын кээ бирөөлөрү менен жаңы шарттарда кызматташып жатабыз.

–Президенттин айланасындагылар  бийликти узурпациялап алганы боюнча айттыңыз. Мындай тыянакты эмнеге негиздейсиз?

–Конституция, мыйзамдар менен берилбеген бийликти өзүнө ыйгарып алып, реалдуу чечимдерди кабыл алгандыкты, конституциялык органдардын үстүнөн үстөмдүк кылганды узурпация деп атайт. Бизде узурпация толук болбогону менен анын кээ бир белгилери пайда болуп, ал жаап-жашырылбастан, ачыкка чыгып отурат. Жоопкерчиликтин жоктугунан жана өзүм билемдиктен улам чектен чыгып кетип атышат. Бүгүн президенттин айланасындагы адамдар жаап-жашырбастан эле өкмөткө, министрликтерге тапшырма берип, анын аткарылышын талап кыла башташты.

–Конституциялык палата эмне үчүн буга реакция жасап, ар кимисинин ыйгарым укуктарын эстерине салып койбойт?

–Акыркы эки жылда президент Конституциялык палатаны жоюуга, же укуктарын чектөөгө аракет кылып жатканы эч кимге жашыруун эмес. Себеби, акыркы эки-үч жылда конституциялык соттон коркунуч күтүп жүрдү. Бүгүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, аны жайлап, иш жүзүндө чечим кабыл алалбай тургандай кылып коймокчу.

–Президентке ошондой реалдуу коркунуч барбы?

–Башка өлкөлөрдү билбейм, бирок, Кыргызстанда Конституциялык сот бийликти алуунун жана узартуунун куралы болуп келген. Эки жолу “Акаев президенттик шайлоого бара берсе болот” деген чечим чыгарып берген. 2007-жылы Жогорку Кеңеш кабыл алган Конституцияны жокко чыгарып, парламентти таратууга жол ачып, “Ак-жол” патиясын бийликке алып келген. 2010-жылдан кийин да бир нече жолу контрреволюциялык төңкөрүш жасаганга аракет болду. Алардын биринде конституциялык соттун чечими менен Убактылуу өкмөттү жокко чыгаруу аракети болгон. Албетте, биз өзүбүздүн конституциялык жол менен келбегенибизди айдан ачык билет элек. Ошондуктан, биринчи кезекте Конституциялык сотту таратуу чечимин кабыл алдык. Андай болсо, Конституциялык сотту жоюп эле салсак эмне болот эле? Жоюп салганда экинчи коркунуч пайда болот. Президент, парламент Башмыйзамды бузуп, өлкөдө узурпация, авторитардык бийлик болуп калышы мүмкүн. Кайрадан эле эски адатка, таз кейпибизге келебиз. Адам укуктары сакталбай, бийлик узурпация болуп, кайра эле эски авторитардык режимге келип калабыз. Бүгүн да Атамбаев киргизип жаткан сунуштар Кыргызстанды потенциалдуу коркунучтан сактабастан, тескерисинче, диктатурурага, адам укуктарынын чектелишине, тебеленишене жол ачат деп эсептейм. Атамбаев бийликке Конституциялык жол менен, шайлоолор аркылуу келип, бийлик органдары Конституция менен калыптанды да. Аны бүт дүйнө мойнуна алды. Анан Конституциялык сот кантип коркунуч туудурушу мүмкүн? Түркияда Эрдогандын партиясына тыюу салганга аракет кылышты. Кыргызстанда да КСДПга нааразы болгондор, ага тыюу салганга аракет кылгандар болушу мүмкүн. Жана мен айткандай, узурпациянын белгилери ачык көрүнүп калды. Конституцияга ылайык, президент эч бир партиянын мүчөсү болбой, баарына тең мамиле жасашы  керек. Бүгүн иш жүзүндө КСДПнын лидери Атамбаев экени баарыбызга айдан ачык болуп калды. Бул партия Атамбаевдин бийликтен кетээрине даярдана баштады. Чолпон-Атада партиянын сьезди болуп, жетекчилик толугу менен алмашылды. Партиянын саясый кеңешине президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов, мурунку аппарат жетекчисинин орун басары, азыркы кеңешчиси Икрам Илмиянов, шаардын мэри Албек Ибраимов, шаардын мурунку мэри Кубанычбек Кулматов, президенттин аппаратынын бөлүм башчысы Сапар Исаков ж.б. кишилер киришти. Бул кишилер партиянын ардагери болуп, революцияга катышып жүрсө, “булар мурда эле бар эле” деп айтат элек. Булар болсо президенттин аппаратынын кызматкерлери. Бул деген “президент партияны жеке өзү башкарып атат” деген кеп. Беш жылдан бери КСДПнын лидери жок. Атамбаев кеткенден кийин ал орун бош турат. Ал орунду эч кимге ыраа көрүп, берген жок. Бул дагы Атамбаев партияны иш жүзүндө башкарып атканынын далили. Мен мурдагы интервьюмда айкандай, саясый реинкарнация деген ушул. Кыргызстанды Качинскидей болуп башкарышы мүмкүн. КСДП, Атамбаевдин айлана-чөйрөсү ошого даярданып жатышат. Ошондуктан, “эртеби-кечпи кимдир бирөө Конституциялык сотко кайрылып калышы мүмкүн” деп Эрдогандын тарыхын унутпай конституциялык соттун мүмкүнчүлүктөрүн чектеп койгонго аракет кылышууда.

–Жеке сиз, же сиздин партияңыз кайрылышы мүмкүнбү?

–Эгер иш жүзүндө эски абалга келе турган болсок, оппозиция баардык мүмкүнчүлүктү, ошонун ичинде конституциялык сотко кайрылуу укугун да пайдаланышы мүмкүн.

–Сиздер президент менен бир команда болбосоңуздар деле бир лагерде болчусуздар. Эми сиздин акыркы билдирүүлөрүңүздөн кийин араңарга кандайдыр бир ажырым кеткен жокпу? Анткени, ЖМКларда “Ата-Мекен” башкаруучу коалициядан чыгуусу боюнча суроолор коюла баштады…

–Партиялардын ортосунда да элге көрүнбөгөн күрөштөр бар. Бирок, биздин бүгүнкү позициябыз бул жеке мамилелерден улам келип чыккан жок. Биз, тескерисинче, революциянын жеңишин жокко чыгарып, кайра эле 2010-жылдагы кырдаалга барып калышты каалабайбыз. Бүгүн сунуш кылынып жаткан өзгөрүүлөр ошого жол ачат. 2010-2011-жылдары контрреволюциялык аракеттерге кандай каршы турсак, бүгүн да контрреволюциялык аракетке ошондой каршы турабыз. Бүгүнкү аракеттерди мен контрреволюциялык катары кабыл алам. Эми Атамбаев кетээри ачык болуп калды. Бирок, ал өзү жөнүндө кандай пикир калтырып кетет? Ал бүгүн баарын жасап кеткенден кийин, эртең башка бирөөлөр бийликке келет да. Ал ашмалтайын чыгарса, эски заманга барса, Атамбаевди кечээги эле партиялаштары сөкпөйбү? Атамбаев өлкөнү жаман эмес башкарды. Тууган-уруктарын бийликке аралаштырган жок. Тууган-уругу деле жулунбаган топуктуу адамдар экен. Атамбаевдин үзүрүн туугандары эмес, жанындагылар көрүп атышат. “Менден кийин ажыдаар чыкпасын” деп атпайбы. Андан кийин кандай адам келет?

Азыр бийликтин баарын өкмөткө алып барып, өкмөттү түшпөс кылып, парламент тарабынан көзөмөлдү чектеп салышмакчы. Премьерге көзөмөлсүз бийлик берилмекчи. Бул баягы эле эски заманга алып барат. Ушул конфигурация Атамбаевдин тарыхтагы ордун бузат. Өкмөттү өз алдынча кылып, анын ыйгарым укуктарын көбөйтүп, саясый салмагын өстүрүш керек. Биз буга макулбуз. Бирок, ошол эле учурда көзөмөл калыш керек. Негизинен эки эле көзөмөл белгилүү. Парламент тарыбынан өкмөттүн ишине баа берилип, зарыл болгон учурда аны кызматтан кетирет. А эгер өкмөт мыйзамды бузган болсо, башкы прокуратурага кайрылып, иш козгоп, премьер-министрден баштап, ар бир өкмөт мүчөсүн кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек. Башмыйзамга жаңы өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин көзөмөл формалдуу калып, бирок, реалдуу болбой калат. Кантип? Бүгүн парламент өкмөттү 61 добуш менен кызматтан кетирсе, Атамбаевдин сунушу боюнча 80 добуш керек болот. Аракеттеги Конституция боюнча башкы прокуратура өкмөт мүчөсүнө, депутатка иш козгоп, сотко чейин алып барып, түрмөгө отургузса, жаңы өзгөртүүлөргө ылайык башкы прокурор иш козгоп, тергөөнү өкмөттүн өзүнө берет. Көзөмөлдүн ушул эки механизми реалду болбой калып атат. Көзөмөл реалдуу болбогондон кийин өкмөт бир үстөмдүк кылып алса болду, өз позициясын бербейт. Дагы 20 жылга биз авторитардык системага кетебиз.

Кудайкул Жусупов

Меню