Menu

САЯСАТ

УКМК башчысы коргонууга 1 млрд доллар жумшалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 6-мартта Жалал-Абад облусунда жүргөндө Кыргызстан армиясы чындалып жатканын билдирди.

Анын айтымында, бул максатта акыркы эки жылда бир миллиард доллар бөлүнгөн.

“Бул биздин Куралдуу күчтөргө алынып жаткан аскердик техникалар, ок-дары, курал-жарак жана башкалар. Биз азыр мурдагыдай эмеспиз. Бүгүнкү күндө башка мамлекеттерден кем эмес курал-жаракка ээ болдук. Башкаларда жок курал-жаракка ээ болуп жатабыз. Дагы деле алып келип жатабыз. Эң негизгиси – биз согушка даярданган жокпуз. Биз коргонууга даярданып жатабыз”, – деди Ташиев.

Бийлик 2021-жылы Кыргызстандын аскердик техникасын жаңылоого, тактап айтканда, Орусия менен Түркиядан учкучсуз учактарды сатып алууга бюджеттен каражат бөлүнөрүн жарыялаган. Андан кийин бир нече жолу ар кандай жабдыктарды алганы тууралуу кабарланган. Өткөн айда Беларустан модернизацияланган Печора-2 БМ көчмө зениттик-ракеталык комплекси сатылып алынган.

Мурда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коопсуздук тармагына 2021-жылы 31,2 миллиард сом, 2022-жылы 52,2 миллиард сом каралганын билдирген.

Душанбеде кыргыз-тажик чек ара маселелери боюнча сүйлөшүү өтөт

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында 10-16-март күндөрү кыргыз-тажик чек арасын тактоого байланыштуу түзүлгөн эки өлкөнүн жумушчу топторунун жолугушуулары өтөт.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектен барчу топтун курамын бекитти жана анын башчысы кылып өкмөттүн чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаевди дайындады.
Бишкекте 3-9-февралда кезектеги кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү өткөн. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы “достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлганын” маалымдаган. Келерки кезектеги жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөрү айтылган.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

Токаев менен Путин жыл башынан бери үчүнчү жолу телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Орусия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Акорда билдирди.

Маалыматта президенттер «мурда жетишилген макулдашууларды жогорку деңгээлде ишке ашыруунун контекстинде эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана мындан ары да чыңдоонун келечегин талкуулашты» деп айтылат.

Акорда транзиттик-транспорттук каттамдар менен соода-экономикалык байланыштарга өзгөчө көңүл бурулганын белгилейт.

Бул жыл башынан бери эки мамлекеттин башчысынын телефон аркылуу үчүнчү жолу расмий түрдө сүйлөшүүсү болуп эсептелет.

Президент Садыр Жапаров жер мунапысын жетиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн Чүй облусунун жетекчиси Нурил Алимбаев менен Сокулуктун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-мартта, «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамдын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Белгилүү болгондой, өткөн жылдын апрель айында Мамлекет башчысы кол койгон «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамда жер мунапысы жарыяланып, өлкө жарандары мыйзамсыз курулган жерлерди мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Жергиликтүү бийлик башчыларына тиешелүү иштерди ыкчам жүргүзүп, жер тилкелерине уруксат берүүчү документтерин элге берүү  тапшырмасы берилген.

Бирок жыл жыйынтыгы менен Президент Садыр Жапаров бул Мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу боюнча иш канааттандырарлык эмес экендигин, өзгөчө Чүй облусунда терс көрүнүштөр менен коштолуп жатканын белгиледи.

Ал мындай маселелерди тез арада чечүү үчүн Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана акимдеринин ыйгарым укуктары кыйла кеңейтилгенин эске салды.

Мамлекет башчы кошумчалагандай, кабыл алынган Мыйзамга карабай, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев аны ишке ашыруу боюнча жетиштүү чараларды көргөн эмес. Жыл ичинде Сокулук району боюнча болгону 341 «кызыл китеп» берилген.

Мындан башка Садыр Жапаров мисал катары Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими Бактибек Анаркуловду келтирди, ал жер мунапысы боюнча түзүлгөн комиссиянын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында ээлеген кызматынан бошотулган. Аламүдүн районунда жер амнистиясына жамынып, эч нерсе курула элек айдоо жерлер трансформацияга түшүп калган фактылар аныкталган.

Бул багытта канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн Президент Садыр Жапаров Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алууну тапшырды.

Мамлекет башчысы ошондой эле өлкөнүн башка аймактарында, өзгөчө Чүй жана Ош облустарында, Ош шаарында жер амнистиясынын аткарылышын текшерүүнү тапшырды.

Ошону менен бирге Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун 27-пунктун алып салуу маселесин кароону тапшырды.

2-март - Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмуна кирген күнү

1992-жылдын 2-мартында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 46-сессиясынын жүрүшүндө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин сунушуна жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын 46/225 резолюциясына ылайык Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна бир добуштан кабыл алынган.
Кыргыз Республикасы БУУнун жооптуу мүчөсү болуу менен өзүнүн мамлекеттүүлүгүнүн башынан эле БУУнун Уставында бекитилген жалпыга таанылган максаттарды жана принциптерди бекем жана ырааттуу сактап келет. Эл аралык аренада кыргыз тарап өзүнө алган милдеттенмелерин ак ниеттүүлүк менен аткарууга аракет кылууда. Кыргыз Республикасы ар дайым «эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүгө» умтулат.
Кыргыз тарап саясий, коомдук жана жарандык институттарды калыптандырууда, демократияны чыңдоодо, рынок экономикасын өнүктүрүүдө БУУ көрсөткөн колдоону жана жардамды белгилейт.
Кыргыз Республикасы БУУну тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо, элдердин ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү, туруктуу өнүгүү, жакырчылыкты азайтуу, адам укуктарын сыйлоо, айлана-чөйрөнү коргоо, адаптация жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу, оорулар менен күрөшүү сыяктуу эң маанилүү глобалдык маселелер жана башка көптөгөн учурдун чакырыктары жана коркунучтары боюнча чечимдерди кабыл алуу борбору болгон беделдүү жана универсалдуу эл аралык уюм катары карайт.
Кыргызстан БУУнун ар кандай шайлануучу органдарына жана анын адистештирилген мекемелеринин башкаруу түзүмдөрүнө бир нече жолу шайланган. Азыркы учурда Кыргыз Республикасы 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөтүп, үгүт иштерин жүргүзүүдө.
Кыргызстан Уюмдун ишмердүүлүгүнө жана анын беделин чыңдоого салым кошууда. Кыргыз тараптын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы бир катар резолюцияларды кабыл алды, алар дүйнө коомчулугунун көңүлүн өлкөгө, анын маданиятына жана тарыхына, жаратылышына жана экологиясына, ошондой эле учурдун көйгөйлөрү менен чакырыктарына бурууга салым кошкон. Ошентип, 2022-жылдын 14-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясы бир добуштан добуш бербестен жана БУУга мүчө 109 мамлекеттин демөөрчүлүгү менен “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясын кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун демилгеси менен бул токтом менен 2023-2027-жылдар “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыяланган.
Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун бардык мүчө мамлекеттери адамзаттын алдында турган көйгөйлөрдү чечүүгө ыйгарым укук берилген бирден-бир универсалдуу структура катары БУУну бекем колдойт. Өз кезегинде Кыргызстан БУУ глобалдык актуалдуу маселелерди чечүүгө татыктуу салымын кошот деген ишенимин билдирет.

Блинкен: АКШ Борбор Азияга 25 млн долларлык жардам берет

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Астанадагы расмий сапарында Орусиядан көз карандуулукту азайтуу үчүн Борбор Азияга жардам берүүгө убада берди.

Казакстандын борборунда чөлкөмдүн беш тышкы иштер министри катышкан С5+1 саммитинде АКШнын Мамкатчысы Вашингтон 25 миллион доллар өлчөмүндө жардамдын жаңы топтомун берерин кабарлады.

Орусия Украинада жортуулун улантып жаткан маалда Блинкен Кошмо Штаттар Борбор Азия элдеринин суверендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн кубаттай турганын белгиледи.

Казакстан президентинин маалымат кызматы Касым-Жомарт Токаев Блинкендин сапарын чөлкөмдөгү өлкөлөр менен кызматташуудагы “кошумча импульс” деп атаганын билдирди.

C5+1 дипломатиялык саммити 2015-жылдан бери бир нече жолу өттү. АКШнын Мамлекеттик департаменти 27-февралдагы билдирүүсүндө бул жолугушууну “чөлкөмдүн ичиндеги жана Борбор Азия менен АКШнын ортосундагы кызматташууну бекемдөөчү саммит” деп атады.

Астанадагы маалымат жыйынында Блинкен Кытай Орусияга аскердик көмөк көрсөтсө опурталдуу болорун дагы бир сапар эскертти.

Блинкен Астанага 28-февралга караган түнү барган. Казакстандан ал Өзбекстанга сапар тартып, андан ары “Жоң жыйырмалыктын” жыйынына катышуу үчүн Индияга учуп кетет.

16 жылга соттолгон каракалпакстандык активисттин адвокаты Жогорку сотко кайрылды

Каракалпакстандагы окуяларга байланыштуу соттолгон Даулетмурат Тажимуратовдун иниси жана адвокаты Ринат Тажимуратов Өзбекстандын Жогорку сотуна доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу ал “Газете.uz” басылмасына билдирди.

Каракалпакстандын биринчи инстанциядагы соту 31-январда “Эл хызметинде” гезитинин адвокаты жана гезиттин мурдагы башкы редактору Даулетмурат Тажимуратовду 16 жылга эркинен ажыраткан. Ал “Бийликти басып алуу же Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүн кулатуу үчүн кутумга баруу”, “Ири өлчөмдөгү каражатты коромжуга учуратуу же уурдоо”, “Кылмыштуу жол менен табылган кирешени адалдаштыруу”, “Зомбулук, кыйратуу, өрттөө, бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү менен коштолгон жапырт башаламандыктарды уюштуруу” жана “Коомдун коопсуздугу менен тартибине коркунуч келтирген материалдарды даярдоо, сактоо жана таратуу” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Тажимуратовдун адвокаты агасына тагылган айыптардын дээрлик баары тергөө жана сот учурунда далилденбегенин белгиледи.

Адвокат “Коомдук коопсуздукка коркунуч келтирген материалдарды даярдоо, сактоо жана таратуу” беренеси менен гана макул болуп, бирок муну ким болбосун колдонсо болорун айтты.

Ринат Тажимуратов Жогорку соттон агасынын ишин карап, жеңил жаза берүүнү сурады.

Курманбек Бакиев, экс-президент: "Атамбаев бир нече рюмка алгандан кийин өз сөздөрүнө ээ боло албай калды, мен ага ал тууралу акырын айттым эле, ал дааратканага барам деген шылтоо менен чыгып кетти"

Экс-президент Курманбек Бакиев телефон аркылуу NazarNews маалымат агенттигине Дубайда 17-февралда өткөн Кыргызстандын азыркы жана мурдагы президенттеринин жолугушуусу тууралуу интервью берди:
Саламатсызбы, Курманбек Салиевич, ден-соолугуңуз кандай?
– Саламатсыңар, рахмат, баары жакшы.
– Президент Садыр Жапаровдун бардык президенттерди жолуктуруу демилгесин кандай баалайсыз?
– Сөзсүз түрдө оң баалайм. Бул демилге анын саясатчы катары жетилгенин көрсөтөт, биздин мамлекет үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө үчүн дагы азыркы опурталдуу абалда ал коомду ынтымакка келтирүүнү көздөп жатат, ал жолугушууда Садыр Жапаровдун өзүнүн жеке кызыкчылыгы болгон эмес. Бардык маселелер менен байланыштуу ал мурдагы президенттерди туш келди күнөөлөп-сындап, популизм жолун тандап алса болмок, бирок Жапаров оңой эмес, анткен менен туура жол тандады жана бул – анын адам катары дагы, саясий жактан да өскөнүн көрсөтөт.
– Жолугушуу чындыгында кандай өттү, анткени анын ар башка катышуучусу ар башка маалымат берип жатат…
– Жалпысынан алганда, жолугушуу тынч эле өттү, ага катышкандын баары Садыр Жапаровдун демилгесин колдоого алды жана жыйынтыгында – жеке араздашууларды четке чыгарып, элдин биримдиги үчүн тигил – муну, бул – тигини колдогон адам деп элди бөлүп-жарууну токтотуп, иштин мазмундуулугу тууралуу ойлош керек деген чечимге келдик.
Кошумчалай турган дагы бир гана нерсе, мындай форматтагы жолугушуу мен үчүн эле эмес, бардыгыбыз үчүн күтүүсүз болду. Анткени жолугушууга келгендердин биринчи реакциясынан эле байкалып турду.
– Жолугушуу тууралуу Атамбаевдин айткандарын, өзгөчө сиз тууралуу сөздөрүнө сиз эч кандай комментарий берген жоксуз…
– Атамбаевдин сөздөрүнө анын басма сөз катчысы комментарий берсин, жыйындын башка катышуучулары деле айтпадыбы – баарыбыз аягына чейин отурдук, жеп-ичтик деп. Атамбаевге сөз тийгенде, ал деле Жапаровдун демилгесин колдоду. Бирок бир нече рюмка алгандан кийин ал өз сөздөрүнө ээ болбой калды. Мен ага ал тууралуу акырын айтып койдум эле, ал дааратканага барам деген шылтоо менен чыгып кетти.
2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте жана андан кийин июнда түштүктө курман болгондордун өлүмүнө ким күнөөлүү экенинин акы-чүкүсүн мен азыр талдагым келбейт, бирок анда менин күнөөм такыр жок. Ушул жана башка аны менен байланышкан маселелер боюнча тергөө же сот иштерине катышууга даярмын деп мен мурда эле бир нече жолу айткам.
– Менин билишимче, Сизге карата кабыл алынган сот чечимдерине каршы арыз жазуу мөөнөтү өтүп кеткендей. Бул иштерди сиз кандай түшүндүрөсүз жана ага катышканыңызды кандай карайсыз?
– Муну өзүнчө талкуулаш керек, азыркы биздин кыска интервьюда мен Дубайда өткөн жолугушуу тууралу гана жооп берүүгө макул болгонмун.
– Чоң рахмат.

Москва облусундагы "вагнерчилердин" көрүстөнүнө көмүлгөн борбор азиялыктар табылды

“Оздолик” радиосу Москва облусунда “Вагнер” жеке аскердик компаниясына таандык көрүстөндү тапты. Ал жакта камактагылар көмүлгөн. Арасында компаниянын катарында Украинадагы согушта өлгөн борбор азиялыктар да бар.

Бул көрүстөндө табылган борбор азиялыктардын баарын “Вагнер” компаниясынын өкүлдөрү орус түрмөлөрүнөн азгырып, Украинадагы согушка алып кетишкен.

Көрүстөндө орнотулган жыгач такталарда 2022-жылдын октябрь айынан кийин өлгөн кишилердин аты-жөнү жазылган.

Арасында бир нече өзбекстандык, кыргызстандык жана тажикстандыктар бар.

Маселен, “Маврино” көрүстөнүндө төмөндөгү кишилердин аты-жөнү жазылган такталарды көрүүгө болот:

Саидов Муродбег Султонбегович (05.04.1986 – 27.11.2022);

Айдралиев Аман (27.08.1982-24.10.2022);

Жанибеков Боходир Буранович (19.08.1977-11.01.2023);

Гуламжанов Адахамжон Улукманжанович (16.09.1994-19.11.2022);

Авазов Эркин Садинович (20.12.1967-01.12.2022);

Юсупов Шухрат Адилжанович (07.04.1978-23.12.2022).

“Оздолик” алардын айрымдарынын аты-жөнүн тактады.

46 жаштагы Боходир Жанибеков Өзбекстандын Жизак облусуна караштуу Пахтакор районунда туулган. Ал Екатеринбургда жашап, иштеп жүргөн.

Адахамжон Гүламжанов кыргызстандык болгон. “Оздолик” жазгандай, ал 2019-жылы түрмөгө камалганга чейин Владимир шаарында жашаган.

2019-жылы Владимир облустук соту Гүламжановду ири өлчөмдө маңзат сатуу айыбы менен 12 жылга катаал режимдеги түрмөгө кескен.

“Оздолик” аныктаган дагы бир кыргызстандык Аман Айдралиев 2020-жылы июнда Людинов райондук соту аны денеге оор зыян келтирүү айыбы менен узак мөөнөткө эркинен ажыраткан.

37 жаштагы тажикстандык Муродбек Саидов 2020-жылы орус түрмөсүнө түшүп, 2022-жылы ноябрдын соңунда өлгөн.

45 жаштагы Шухрат Юсупов да “вангерчилердин” көрүстөнүнө көмүлгөн. Ал 2022-жылы июлда соттолуп, ушул эле жылы декабрда каза болгон.

Жергиликтүү жашоочулар “Маврино” көрүстөнүн жарандык форма кийген кишилер кайтарарын, бирок алар өздөрүн аскер кызматкерлери деп атай турганын билдиришти.

Жозеп Боррелл: Украинага каршы согуштун бир жылдыгы - эл аралык укуктун жеңиши үчүн биргелешкен аракеттер

2022-жылдын 24-февралы Орусиянын Украинага ырайымсыз, себепсиз жана мыйзамсыз басып кирген күн катары түбөлүккө эсте калат. Бул айкын агрессиянын жана БУУнун Уставын ачык-айкын бузуунун учуру болгон жана болуп кала берет. Бул согуш “ Европанын гана маселеси” же “Батыш баарына каршы” суроосу эмес. Бул суроо биздин кандай дүйнөдө жашагыбыз келгендигин аныктайт, анткени өзөктүк держава жана Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү тарабынан мыйзамсыз күч колдонуу кандайдыр-бир жол менен “нормалдаштырылган” дүйнөдө эч ким коопсуз боло албайт. Ошондуктан ар бир адамды күч, шантаж жана аскердик чабуул саясатынан коргоо үчүн бардык жерде эл аралык укук колдонулушу керек.

Эми, бир жылдан кийин адамдардын көптөгөн согуш кылмыштары жана мыкаачылык сүрөттөрүнө көнүп калуусу, биздин кайра-кайра кайталанган сөздөрдүн маанисинин жоголуусу; жана убакыттын өтүүсү менен чечкиндүүлүгүбүздүн алсыроо коркунучу бар – убакыт өтүүдө, ал эми алдыда оор маселе турат.

Бирок биз буга жол бере албайбыз. Анткени Орусия күн сайын БУУнун уставын бузуп, империалисттик саясаты менен бүткүл дүйнө үчүн коркунучтуу прецедент түзүүдө. Россия күн сайын шаарларды жана жарандык инфраструктураларга ракетаны жаадыруу менен бейкүнөө украиналык аялдарды, эркектерди жана балдарды өлтүрүүнү улантууда. Россия күн сайын жалганды жана фальсификацияны таратууда.

Европа Биримдиги жана биздин өнөктөштөр үчүн биздин “үчтүк стратегия” багытын кармануудан башка альтернатива жок: Украинаны колдоо, Орусияга анын мыйзамсыз агрессиясын токтотуу үчүн кысым көрсөтүү жана бүткүл дүйнөгө анын кесепеттери менен күрөшүүгө жардам берүү.

Биз бул иш менен бир жылдан бери ийгиликтүү иштеп келе жатабыз. Биз болуп көрбөгөндөй санкцияларды кабыл алдык; Орусиянын казылып алынган күйүүчү майларынан көз карандылыгыбызды азайттык; жана негизги өнөктөштөр менен тыгыз иштешип, Кремлдин агрессиясын каржылоо үчүн алган энергетикалык кирешени 50% кыскарттык. Биргелешип иш алып баруу менен биз дүйнөлүк таасирди да азайттык: азык-түлүккө жана энергияга болгон баалар биздин “Тилектештик коридорлор” жана Кара деңиз дан демилгебиздин аркасында төмөндөдү.

Биз Украинанын өзүн коргой алышын каалайбыз деп айтуу аздык кылат – ал үчүн каражат керек. Андыктан, Евробиримдик тарыхта биринчи жолу кол салууга дуушар болгон өлкөнү курал менен камсыз кылып жатат. Анын үстүнө, Евробиримдик азыр украиналык аскер кызматкерлерин өз өлкөсүн коргой алышы үчүн аскердик жактан даярдоодо алдыңкы өнөктөш болуп саналат. Биз ошондой эле украин элин колдоо үчүн олуттуу макрофинансылык жана гуманитардык жардамды сунуштайбыз. Жана биз Украинанын Евробиримдикке кирүү өтүнүчүнө оң жооп берүүнү чечтик. Жана ошондой эле биз Орусия жасаган согуш кылмыштарынын күнөөкөрлөрүн жоопкерчиликке тартуунун үстүндө иштеп жатабыз.

Украина өз алдынча жана жарым-жартылай бул колдоонун аркасында укмуштуудай туруктуулукту көрсөтүүдө. Ал эми глобалдык санкциялардын жана БУУнун Башкы Ассамблеясындагы мамлекеттердин басымдуу бөлүгүнүн эл аралык айыптоосунун аркасында Орусия ого бетер обочолонуп калды. Биздин жалпы максатыбыз – демократиялык Украинанын жеңиши, баскынчынын кууп чыгылышы, толук суверенитеттин  жана ошол менен бирге эл аралык мыйзамдуулуктун калыбына келүүсү болуп саналат.

Баарынан маанилүүсү, биз Украинада тынчтыкты, БУУнун Уставына жана эл аралык укукка шайкеш келген ар тараптуу жана туруктуу тынчтыктын болуусун каалайбыз. Украинага колдоо көрсөтүү жана дүйнөнүн жыргалчылыгы үчүн иштөө шайкештикте жүргүзүлөт.

Орусиянын агрессивдүү ревизионизми жана анын дестабилизациялык ишмердүүлүгү Борбордук Азия өлкөлөрүнө да таасирин тийгизген глобалдык коркунуч болуп саналат. Биз маалыматтык манипуляция жана чет тараптан кийлигишүүнү ишке ашыруу үчүн орусиялык үгүттөө машинасынын өткөндүн калдыктарын козгоо жана өндүрүштүк аракеттерин жасаганын көрүп жатабыз. Ошондуктан Евробиримдик бул коркунучка каршы аракеттенүүдө жана биз өнөктөштөрүбүздүн колдоосуна ишенебиз.

Кеңири сөз менен айтканда, Орусиянын баскынчылыгы ашыкча көз карандылыктан алыс болуу зарылдыгын Европа менен Борбордук Азияга көрсөттү. Андыктан, кызматташтыкты кеңейтүү керек. Эки тарап тең туруктуу жана ачык коомдорду илгерилетүүгө кызыкдар; экономиканы калыбына келтирүү жана “жашыл” кубулууну камсыз кылуу; жарандарды терроризм, баңгизаттар, курал-жарак жана адам сатуу сыяктуу коопсуздук коркунучтарынан коргоо. Мындан тышкары, Евробиримдик аймактын инфраструктуралык  байланыш жана кызматташтык үчүн ачык мейкиндик болуусун каалайт.

Тарых жана адилеттүүлүк Украина тарапта. Бирок тарыхтын агымын тездетип, адилеттүүлүккө жетүү үчүн биз “үчтүк стратегиябызды” бекемдешибиз керек. Бул коллективдүү милдет экендигин билебиз. Ошондуктан Евробиримдик бардык өнөктөштөрүн агрессияны жеңүү жана эл аралык укуктун иштеши үчүн жалпы жоопкерчилик жана тилектештик духунда аракеттенүүгө чакырат.

Жозеп Боррелл, Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү жана Еврокомиссиянын вице-президенти.

Меню