Menu

СПОРТ

Кыргызстандын балбандарына жана машыктыруучуларына Бишкек шаарынан 10 батир белекке берилди

Кечээ, 13-январда эркектер арасында эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты башталды. Чемпионат 3 күнгө созулуп, 15-январь күнү жыйынтыкталат.  

Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтүп жаткан бул иш-чаранын ачылыш аземинде 2021-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын балбандарына жана машыктыруучуларына Бишкек шаарынан 10 батир белекке берилди. 

Атап айтсак, КРнын Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев федерациянын атынан Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, Ослодо өткөн Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү Айсулуу Тыныбековага Бишкектен бир бөлмөлүү батир, Ослодо өткөн эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси, Белградда өткөн 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Эрназар Акматалиевге эки бөлмөлүү батир, Бекболот Мырзаназар уулуна бир бөлмөлүү батир тапшырды.

 КРнын эркин күрөш боюнча федерациясынын вице-президенти Алмаз Бекбоев федерациянын атынан эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Русланбек Маджиновго 425 миң сом акчалай сыйлыктарды, 23 жашка чейинкилер арасында улук машыктыруучу Исламбек Тазабековго – 85 000 сом жана 17 жашка чейинкилер арасында улук машыктыруучу Нурлат Такиров – 50 000 сом тапшырды.

КРнын Күрөш федерациясынын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти Динара Исаева спортчу кыздарыбыз Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабековго федерациянын атынан бир бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырды.

Чемпионаттын ардактуу коногу, “Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков Алибек Осмоновго, Акжол Махмудовго, Жоламан Шаршенбековго бир бөлмөлүү батир белек кылды.

КРнын Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаевдин айтуусунда, мындай колдоолор спортчуларга жана машыктыруучуларга чоң стимул болуп, алдыда боло турган мелдештерге карата жан үрөп машыгууга дем берет. Ал ошондой эле, кыргыз спортчуларынан дагы көп жеңиштерди үмүт кылса боло турганын белгиледи. 

Иш-чарага КРКФнын мүчөлөрү, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Кыргыз Республикасынын Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Нурланбек Исмаилов, КР Улуттук олимпиада комитетинин өкүлү Садыр Мамытов, «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков, КР дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев, ошондой эле чемпионаттын өнөктөштөрү жана демөөрчүлөрү катышышты.

Бишкекте кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюну өтүүдө

Президент Садыр Жапаров башында турган Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын командасы бүгүн, 17-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюнга катышууда.

Иш-чара Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган.

Садыр Жапаров бүгүнкү турнирдин башкы максаттары кыргыз футболунун 100 жылдыгын белгилөө, ошондой эле ардагерлердин оюну аркылуу жаштардын көңүлүн спортко буруу экенин белгиледи. Бул өз кезегинде өлкөдөгү спортту өнүктүрүүгө жана сергек жашоо образын жайылтууга салым болот.

Президент Садыр Жапаров күчтүүлөр жеңишке жетишин каалап жана турнирдин катышуучуларын бири бирин аябай ойноого чакырды.

«Күчүбүздү, тажрыйбабызды көрсөтөлү. Башкысы, таза жана адилеттүү оюн болсун. Эң күчтүүлөрү жеңишке жетишсин”, – деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Футболдук турнирде 6 команда ойноодо: Президенттин Администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин.

Бишкек шаарында кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Кыргызстандагы футболдун 100 жылдык өнүгүү мезгилин чагылдырган архивдик сүрөттөр камтылган фотокөргөзмө менен таанышты.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө кыргызстандыктарды жана алдыңкы спортчуларды бул маанилүү дата менен куттуктады. Ал ата мекендик футболчулардын чеберчилигин жана жетишкендиктерин белгилеп, Кыргызстандын дүйнөлүк аренада кадыр-баркын көтөрүү аракети үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчы өлкөдө спортту өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу зарылдыгын баса белгилеп, футболду мектептен баштап университеттерге жайылтуу Кыргызстанды дени сак улуту бар күчтүү мамлекетке айландырат деген оюн билдирди. Ал өлкөнүн спорт тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө бардык күч-аракетин жумшоого чакырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Садыр Жапаровго фрунзелик «Алга» клубунун ардагерлеринин кол тамгалары коюлган эстелик топ, ошондой эле кыргыз футболунун тарыхын архивдик сүрөттөр менен камтыган альбом тапшырылды.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров жаш футболчулар менен учурашып, сүрөткө түштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө ФИФАнын Президенти Джанни Инфантино да видеобайланыш аркылуу куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Иш-чара концерттик программа менен уланды.

Садыр Жапаров UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушуп, 1 млн сом белек кылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-ноябрда, кечээ Кыргызстанга (Бишкек ш.) келген мушкерлердин абсолюттук чемпионатынын (UFC) аралаш таймаш боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушту.

Мамлекет башчысы спортчуну жылуу кабыл алып, Валентина Шевченкону алтынчы жолу жеңил салмак боюнча UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктады.

Садыр Жапаров чемпиондун ата-энесине жана машыктыруучусуна спортчуларды даярдоодогу жогорку чеберчилиги, алардын жеңишке карата болгон эрки жана эң жогорку натыйжаларга жетишкендиктери үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сиздер ийгиликтер, талыкпаган эмгегиңиздер менен Кыргызстанды даңазалап келесиздер, ал эми мамлекет өз кезегинде спортко, спортчуларга, машыктыруучуларга жана ошондой эле келечектеги улуу спортчуларды тарбиялап чоңойткон ата-энелерге көңүл бурууга милдеттүү. Биз мындан ары да спорт менен машыгууну каалаган жарандарыбызга шарт түзүп берүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз», – деп белгиледи Президент.

Валентина Шевченко Мамлекет башчысына жана бардык кыргызстандыктарга көрсөткөн колдоосу жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, өз үйү – Кыргызстанга кайтып келгенине кубанычта экенин билдирди.

Баарлашуу учурунда ал Лас-Вегаста өткөн UFC 266 турнириндеги кезектеги жеңишинен кийин Садыр Жапаровдун жеке өзү телефон чалып куттуктаганына абдан кубанганын баса белгиледи.

Валентина Шевченко бул спортчу үчүн мындан да көп жана мыкты иштөөгө чоң мотивация берерин кошумчалады. Ал эми жердештеринин колдоосун дайым сезип турарын жана алардын колдоосу дагы да дем берип, жеңишке болгон ишенимин арттырарын билдирди.

Президент Садыр Жапаров Валентинанын Кыргызстанга келиши бардык кыргызстандыктар үчүн кубанычтуу окуя экенин, себеби бүтүндөй өлкө анын ийгиликке жетишин каалап, анын спорттук жетишкендиктерин колдой турганын белгиледи. Ал спортчу Валентина Шевченкого мындан ары да ийгиликтерди, бекем ден соолук жана бакубатчылык каалады.

Мамлекет башчысы ага 1 млн сомдук сертификат, ошондой эле анын машыктыруучусу Павел Федотов менен апасы Елена Шевченкого эстеликке белектерди тапшырды.

Өз кезегинде Валентина Шевченко Президент Садыр Жапаровго кепка, футболка, ошондой эле ал үстүбүздөгү жылдын сентябрында Лас-Вегастагы UFC 266 беттешинде чемпиондук наамын 6-жолу коргогон өзүнүн мушкерлик мээлейин белек кылды.

Балбан Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесине ээ болду

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш байге алды.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 5-октябрда эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта күрөшкөн Акматалиев финалда польшалык Магомедмурад Гаджиевге 1:2 эсебинде жеңилди.

Акматалиев буга чейин 4-октябрда төрт беттеш өткөргөн.

Алгач шри-ланкалык балбан Анил Нирошан Мунасинье Каруна Пели Гедераны 10:0 эсебинде уткан. 1/8 финалда армениялык Арман Андреасянды 11:2 эсебинде жеңген. Чейрек финалда ирандык Ерфан Мохаммад Елахини 8:8 эсебинде, жарым финалда орусиялык Евгений Жербаевди 9:5 эсебинде жеңип алган.

Эрназар Акматалиев 23 жашта. Быйыл Токиодо өткөн Жайкы Олимп оюндарына катышкан. Жаштар арасындагы Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (2018-ж.). Анын атаандашы Магомедмурад Гаджиев 33 жашта. Буга чейин Дүйнө чемпионатынын күмүш жана коло байгелерин алган.

Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча чоңдор арасында Дүйнө чемпионатынын финалына чыккан алгачкы кыргызстандык спортчу. Буга чейин эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кенжебек Өмүралиев (68 кг. Стамбул, 1994-ж.), Базар Базаргуруев (60 кг. Стамбул, 2007-ж.), Алексей Крупняков ( 96 кг. Будапешт, 2005-ж.) дүйнөлүк чемпионаттын коло медалын уткан.

Бир күн мурда 65 килограмм салмакта Алибек Осмонов 3-орун үчүн беттеште польшалык Кристов Биенковскини 4:1 эсебинде жеңип, коло байге алган.

5-октябрда Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медал тагынды. Бул жетишкендиги менен ал Эгемен Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең жеңишке жеткен алгачкы спортчу болуп калды.

Норвегияда 2-октябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандын кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча курама командасынан жалпы 15 балбан катышууда.

Улукбек Марипов: Биздин волейболчулар күйөрмандарга чыныгы майрам тартуулашты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Орто Азия чемпионатынын байгелүү орундарына ээ болушкан өлкөнүн волейбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү менен жолукту.

Улукбек Марипов спортчуларды жакшы жыйынтык менен куттуктап, чың ден соолук, бакыт, спортто жана жашоодо чоң жеңиштерди каалады.

“Волейболчулардын мыкты чеберчилиги жана жакшы оюну, машыктыруучулардын профессионалдуулугу командага волейбол биздин өлкөдө тез өнүгүп жатканын далилдөөгө мүмкүнчүлүк берди. Мен ар бир спортчуга кооз жана адилеттүү спорттук күрөш үчүн, жаркын жеңиш үчүн, өлкө менен сыймыктануу үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк үчүн рахмат айткым келет. Силер күйөрмандарга чыныгы майрам тартууладыңыздар. Бул жеңиш дүйнөлүк аренада дагы жакшы жыйынтыктардын башталышы болот деп ишенем”, – деп Министрлер Кабинетинин башчысы айтып, спортчуларга акчалай сыйлык тапшырды.

Белгилей кетсек, жолугушуу Бишкектин түштүк тарабындагы “Ынтымак – экинчи этап” жаңы паркынын ачылышынын алкагында өттү.

Отметим, встреча состоялась в рамках открытия нового парка в южной части города Бишкек «Ынтымак–2». Улукбек Марипов жаңы парк менен таанышып, эс алуучулар менен баарлашты.

Маалымат үчүн: Ушул жылдын 14-24-августунда Өзбекстан Республикасында өткөн волейбол боюнча Орто Азия чемпионатында өлкөнүн эркектер командасы күмүш, аялдар командасы коло медалга ээ болушту.

Акжол Махмудов: Жеңишиме атамдын, устаттарымдын салымы тоодой

Токио олимпиадасына аттанып жаткан учурда дагы, Токио шаарындагы олимпиадалык айылда да белгилүү балбан, олимпиада оюндарда финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган Азия чемпиону, жаштар арасында дүйнө чемпиону Акжол Махмудов менен  спорттогу алгачкы кадамдары,балбандардын  атаандаштыгы, даярдыгы, олимпадалык таймаштары, алдыдагы максаттары жана атак-даңкка болгон мамилеси жөнүндө кенен “Кыргыз тудей” маалымат сайты үчүн маектешүүгө мүмкүнчүлүк алдым.

Кыргызстандын намысын талашкан көптөгөн спортчулар бар, бирок алардын бардыгы эле жылдыз эмес. Грек-рим күрөшүнүн  балбаны Акжол Махмудовду  спорт күйөрмандары жылдызы жанган келечегинен үмүткөр кылган спортчу катары таанып билген болсо, Токио олимпиадасында каармандыгын, намыскөйлүгүн көрсөтүп, спорт адистердин көңүлүн бурду.

Анын ачык, техникалык жана эмоционалдык күрөш ыкмаларынын аркасында ал үч-төрт эле жылдын ичинде он миңдеген күйөрмандардын сүймөнчүлүгүнө айланып, дүйнөлүк деңгээлдеги эң мыкты балбан экенин далилдеп, тарыхка атын жазып койду.

Акжол Махмудов 1999-жылы  15-апрелде Ош облусунун Араван районунда Жданов атындагы айылда төрөлгөн. 2015-2016-жылдары өспүрүмдөр  арасында Азиянын эки жолку чемпиону  жана 2016-жылы өспүрүмдөр  арасында Дүйнө чемпиону аталган. 2017-жылы Азия чемпиону болуп, ошол 2017-жылы  жаштар арасында Дүйнө биринчилигинин күмүш байге ээси болгон. Азия чемпиону, Азия оюндарынын байге ээси, Кыргызстандын көп жолку чемпиону. Кыргызстандын эл аралык спорт чебери. 2018-жылы Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси аталган. Быйыл Алматы шаарында өткөн континенталдык жолдомо ойнотулган турнирде Токио олимпиадасына жоддомо утуп алган.

Мен спорттук баяндамачы катары аны  2011-жылдын февраль айынан бери билем, ал кезде жаш балбанды аз эле спорт  күйөрмандары  таанычу. Бүгүнкү күндө  өзүнүн ийгиликтери, кайталангыс жеңиштери менен спорт адистердин да көңүлүн буруп, Токио олимпиадасында дагы жылдызы жанып, Кыргызстанды дүйнөгө таанытты. Ошол эле учурда, анын өмүр баянынын урунттуу учурлары сыр бойдон калгандай.

Акжол менен алгач олимпиадагы аттанаар алдында Бишкектин четиндеги  Кой-Таш эс алуу жайында машыгуусунан кийин маектешип, даярдыгы тууралуу кеп кылган элек. Кийин Токио олимпиадалык айылда дагы бирге болуп, мелдештерине күбө болуп, сүрөөнгө алып, кийин маек курдук.

-Акжол мырза Токио олимпиадасына кандай даярдык менен баратасыз?

-Өзүмө өзүм чынчыл болуп, өзүмдү алдабай, бардык дараметим менен колумдан эмне келсе , алымдын жетишинче толук кандуу даярдык көрдүм. Олимпиаданын бир жылга жылып калышы, биздей жаш балбандар үчүн пайдалуу болуп, жолдомо утуп алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. 2020-жыл өтсө, анда жаратым да калыбына келбей, жолдомо албай дагы калышым ыктымал эле. Аллахыма миң мертебе ыраазымын. Эми калганын Токиодогу олимпиадалык таймашуулар көрсөтөт.

-Грек-рим күрөшү менен машыгып, бул спортту тандап  алышыңызга ким себепкер болду эле?

– Мен анда балапандай жаш элем. Алты жаштагы жеткинчек кайсы спортту тандоону билбесе керек. Бул спортту атам тандап, келечегимди баамдап билип, көрөгөчтүк кылса керек. Атам “сен келечекте дүйнө, олимпиада чемпиону болосуң” деп айта берчү. Ошондон бери атамдын ишенимин, үмүтүн актоого аракет кылып келатам.  Анан дагы агам Бексултандын дагы таасири тийди го…Мен спорттогу ийгиликтерди жарата элек учурда эле, агам Бексултан  чоңдор арасында Кыргызстандын чемпиону аталып, Азия чемпионаттарында байгелүү орундарды ээлеп, спорт күйөрмандарына таанылып жүргөн. Мен үлгү,өрнөк болчу адамды алыстан издебей эле, агамды туу тутуп, өрнөк кылып келдим. Жашоомдогу өрнөгүм кыйынчылыктарды жеңген, кайратка, намыска бүлөгөн атам менен агаларым болду.

– Акжол мырза олимпиаданын алдында сизден интервью алсам деген журналисттер арбын болсо керек. Негедир журналисттерден оолак болуп, көп интервью бербей жүрөсүз. Эмне үчүн?

– Мага интервью берип, маектешкен анча жакпайт жана  айрым учурда көпчүлүк журналисттерден баш тартып келатам. Чынында интервью бергенге азырынча эрте деп ойлоп жүргөм. Дүйнөлүк деңгээлдеги ийгиликтерге жетип, олимпиадалык оюндарда байгелүү орундарды ээлегенден кийин гана интервью берсем болот го деп ойлойм.

– Дагы деле болсо, атактуулук боюнча Кыргызстандагы бир нече спортчулар сиз менен ат салыша алышпайт. Сиз буга сыймыктанасызбы?

– Атак-даңк оңой-олтоң келбейт. Ал үчүн тынбай мээнет кылып, талбай машыгып, дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарды ээлешиңиз керек. Анан атактуулуктун дагы экинчи тарабы бар. Бул кошумча жоопкерчиликти жүктөйт. Килемге чыгып, сен эми өзүң жөнүндө эмес, өзүңдүн мекениң жөнүндө,  өлкөнүн ар-намыс тууралуу  ойлойсуң. Баардыгы сага ишеним артып турса күйөрмандардын  үмүтүн актай алсаң жакшы. Ал эми жеңилип калсаң кайгырып, капа болосуң. Каталыктарыңды талдоого алып, кайра жоопкерчилигиң эки эсе артат экен.

– Көпчүлүк спортчулар жеңишке жеткенден кийин жылдыз ооруусу менен ооруп, жер баспай калышат эмеспи. Сизде андай учурлар болгонбу?

– Чынын айтайын жаш кезимде кээде  бир аз болуп калган учурлар кездешкен. Бирок мындай болушуна мен жол бербөөгө, жөнөкөй эле болууга аракет кылам. Негизинен күрөш күйөрмандары менен сиз сыяктуу журналисттер эле жылдызга айландырып жиберишет экен.

– Кандай кесипке ээ болууну самаган элеңиз?

-2016-жылы  орто мектепти аяктаарым менен дароо Юридика академиясына  тапшырып, юрист кесибин тандагам. Ошол эле учурда Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайында дагы окуп, машыгууларды уланткам. Келечекте спортчулардын укугун коргоп, алардын таламдарын талашкан адис болсом деген тилек бар.

– Үй-бүлөңөрдө дагы спорт менен таанылган агаларыңыз тууралуу айтсаңыз?

– Алгач атам Мухамед тууралуу айтайын. Атам дагы спорт ышкыбозу, жаш кезинде жеңил атлетика менен машыгып, 1992-жылкы Барселона олимпиадасына катышсам деп тилек кылган экен. Ошол тилегин уулдары ишке ашырууга аракет кылып жатабыз. Анан атам футболду жакшы ойногондуктан Араван райондук футбол командасында ойногон. Менин эки  агам Бексултан менен Сыймык  спорт  менен машыккан. Бирөөсү менден эки, экинчиси болсо төрт жаш улуу. Улуу агам Бексултан уландар жана жаштар арасында дүйнө жана Азия чемпионаттарында байгелүү орундарды камсыз кылган. Мен Сыймык агам менен эгиздей бирге жүрүп, күрөш менен Ошто машыга баштаганбыз.  Менин спорттогу алгачы устаттарымдын бири жаш балбан Айбек болуп саналат. Андан кийин Акбаралы агайдан таалим-тарбия алдым. Алтынчы класста Бишкек шаарына көчүп келип, Дене тарбия жана спорт комплексинде Жеңиш Сатыбалдиев агайда машыга баштадым.

Ал мага кантип күрөшүүнүн сырларын, ыкмаларын үйрөткөн. Мен аны биринчи машыктыруучуларымдын бири деп эсептейм. Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайына сегизинчи классымда кабыл алынгам. Ошондон бери Кыргызстанга эмгек сиңирген устат, Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген кызматкер, олимпиадалык даражадагы калыс  Мейрамбек Ахметовдон таалим-тарбия алып келем. Ал өлкөбүздү дүйнөгө тааныткан атактуу балбандар Канатбек Бегалиев, Арсен Эралиев, Каныбек Жолчубеков жана башкалардын устаты болуп, кыргыз спортуна зор салым кошкон залкар инсан болуп саналат.

Өспүрүмдөр жана жаштар арасындагы Кыргызстандын чемпионатында бир нече жолу “алтын” алып, чоң спортко тагдырымды арнадым. Дүйнөлүк жана Азия чемпионаттарындагы жеңиштеринен тышкары, Индияда, Грузияда, Финляндияда, Казакстанда, Россияда, Түркияда жана башка чет өлкөлөрдө өткөн эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп, тажрыйба топтой баштагам. Мени бул күрөшкө шыктандырган Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиев болуп саналат.

Үйдө менин  60тан ашуун медалым бар. Сыйлыктардын жарымын туугандарыма жана жакындарыма таратып бердим.

-Эсте калган алгачкы жеңишиңиз кайсы деп жүрөсүз?

– Чоң спорттогу алгачы жеңишим деп, 2015-жылы Индиянын борбору Нью-Дели шаарында өткөн уландар арасындагы Азия чемпионатында бардык атаандаштарымды утуп, алтын медаль тагынган учурду эстейм. Ал учурда мен 12 килограмм салмак түшүрсөм дагы баш байгенин ээси болгом. Мында өзүмө болгон ишеним жаралган. Кийинки жылы да уландар арасында Азия чемпиону аталып, Грузияда өткөн уландар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынып, дүйнө чемпиону болгон элем. Себеби эгемендүүлүк алганы 10 жылдан бери Уран Калилов уландар арасында дүйнө чемпиону болгондон бери кыргыз жигиттери мындай ийгилик жарата элек болчу. Ошол дүйнө чемпионатында, анан Бишкекте өткөн Азия чемпионатында күйөрмандардын купулуна толгондой, жакшы эмоция, сезим тартуулаган күрөш көрсөтө алдым деп ойлойм.

– Эң оор беттешиңиз эсиңиздеби?

– 2017-жылдагы Финляндиядагы  дүйнө Чемпионаттын финалында ирандык балбан менен күч сынашып, аягына чейин 20 секунд калганда утулуп калдым. Ал мени килемдин үстүнөн түртүп жеңишти сууруп кетти. Себеби мен жарым финалда кабыргам сынып, өзүмдү жаман сезип тургам. Намыс үчүн финалга чыгып, кабыргамдын ооруганына карабай теңата күрөшүп, күмүш байгелүү болгом. Финалда кабыргамдын ооруганы да тоскоолдук кылды көрүнөт. Бирок кийин кабыргам катуу ооруп, эки-үч күн жакшы терең дем албай кыйналып  жүрдүм.

– Чоңдор арасында  сиздин салмакта Азияда  атаандаштык күчтүүбү?

– Азия чемпионатына караганда атаандаштарым абдан күчтүү. Ал эми дүйнө чемпионаттарын, олимпиада оюндарын сөз кылбай эле койсок болот. Мындай атаандаштыкты мен эч жерде көрө элекмин!Атаандаштык күчтүү болсо чеберчилик жогорулап, өсүш болот.

– Килемге чыгаардын алдында апкарууну сезесизби?

– Мен олуттуу мелдешке бир ай калганда кабатыр боло баштайм. Мен кээде  көп ойлойм, уктай албай калган учурлар болот. Бирок мелдеш жакындаган сайын, мен тынчып, сабырдуу болгонго аракет кылам. Менде килемге чыкканда эч кандай коркуу, апкаруу сезими болбойт. Атаандашым канчалык атактуу, даңктуу болсо дагы сүрдөбөйм.

– Кандай даярданасыз?

– Атаандашыма жараша дардык көрүп, талдоого алам. Айрымдарын беттеш башталышына чейин тааный билем. Мисалы, балбан ыргытууну жакшы билсе, аны кармоого, андай ыкма жасоого жол бербөөгө аракет кылам.

– Спорттук карьераңыз аяктаган соң эмне менен алектенгиңиз келет?

– Жеке ишкер болуп, жаш спортчуларды моралдык жана материалдык жактан колдосом деп тилек кылып жүрөм. Тажрыйбамды жаштар менен бөлүшкүм, аларга күрөш сырларын үйрөткүм келет.

– Сизди колдогон, демөөрчү болгон адамдар барбы?

– Жергиликтүү спорттук шаймандарды сатуучу компаниялардын бири  керектүү нерселердин бардыгын берип, демөөрчү болуп жүрөт. “Дордой” спорт клубунун жетекчиси Шаршен Касенов, жеке ишкер Дастан Муктаровго өзгөчө рахмат айткым келет. Бутумдан жаракат алып, Германияда операция жасатууга ошол учурдагы Дене тарбия, спорт агентигинин директору Канат Аманкулов агай дагы жардам бергенин унутпайм.

– Күрөштөн башка дагы эмнеге кызыгасыз?

– Жумасына эки-үч жолу бильярд жана теннис ойнойм.Шахматка дагы кызыгып, окуучу кезимде мелдештерге катышып, байгелүү орундарды ээлегем. Футболду дагы жакшы ойнойм. Искусствого, адабиятка, поэзияга жана эстарадага да  кайдыгер эмесмин.

– Жергиликтүү балбандардын арасында досторуңуз барбы?

– Кыргызстанды дүйнөгө, Азияга тааныткан балбандар Атабек Азизбеков жана Каныбек Жолчубеков менен жакшы  достук мамиледемин. Токио олимпиадасына жолдомо алып, бирге барган Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жусупбеков менен дагы достук маанайда жүрөм. Достуктун жүгү оор болот.

– Ал эми чет өлкөлүк балбандардан сизге ким жагат?

– Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын беш жолку чемпиону, Рио-де-Жанейро олимпиадасынын коло байге ээси, дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло медалдарын уткан өзбекстандык, жердиги казак балбаны Эльмурат Тасмурадовдун курчтугу, күрөшкөнү жагат. Анын оттон, суудан кайра тартпаган мүнөзү бар. Бир заматта  жанар тоодой жарылып, жанын аябай аягына чейин күрөшөт.

– Сиз дүйнөнүн жарымында болуп көрсөңүз керек? Сизге кайсы өлкө жагат?

– Мен отуздан ашуун өлкөдө болгом. Баарынан мага Казакстан жагат. Ал жактын калкы, үрп-адаты жана тамак-ашы биздикине окшош, ошондой эле адамдары менен да оңой тил табышып кетесиң. Нур-Султан жана Алматы шаарларынын архитектурасы да кызыктуу. Жапониянын Токио шаарынын тазалыгы,заманбап имараттары, элинин эмгекчилдиги, ковид пандемия илдеттеринен коркпой олимпиадалык оюндарды каармандык менен өткөргөнү абдан таасирлентти.

– Сизди башка мамлекеттин өкүлү катары күрөшүүгө чакырышкан  учурлар болду беле?

– Ооба, ошол эле Казакстанга чакырышкан. Алматыдан үч бөлмөлүү батир, айына  3 миң АКШ долларын стипендия кылып, бардык шарт түзүп беребиз дешкен. Андан кийин Түркияга да чакыруу болуп, алар ортомчулар аркылуу 200 миң АКШ долларын сунуштаган. Бул 2017-18-жылдар аралыгында болгон окуялар. Мен мекенимди сүйөм! Мага кандай гана акча сунушташпасын эч жакка барбайм! Мен Кыргызстандын кулунумун, кыргызстандык бойдон гана калам.Өзүмдүн мекенимди дүйнөгө таанытуу үчүн күрөшөм. Азыркы башкы максатым – Токио Олимпиада оюндарына алтын байге жеңип алуу болчу. Алтынга бир кадам жетпей калдым. Эми 2024-жылы Париж шаарында өтүүчү олимпиадада күйөрмандардын үмүтүн актоого аракет кылам.

– Көпчүлүк спорт адистери сиздин мүмкүнчүлүгүңүз жогору деп ойлошкон. Токио олимпиадасынан кийин кандай сезимде болдуңуз?

– Бул Токио олимпиадасындагы таймашуулар оңой болгон жок. Олимпиадага дүйнөнүн ар тарабынан тандалган эң мыкты спортчулар катышты. Ар бир балбан олимпиаданы уткусу келди.  Жеңишке жетүү үчүн колдон келгендин бардыгын жасадым. Ал алгач тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда утуп алдым. Чейрек финалда дүйнө чемпионатынын күмүш, Дүйнө кубогунун алтын, күмүш, коло байге ээси, Европанын эки жолку чемпиону, 33 жаштагы азербайжандык тажрыйбалуу балбан Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда артыкчылык менен жеңип алууга жетиштим.

Жарым финалдык беттешүү абдан курч мүнөздө, атаандаштык менен өттү.  Биринчи бөлүгүндө алгач бир упайды Европа чемпионаттарынын коло байге ээси, Европа оюндарынын жеңүүчүсү армян балбаны Карапет Чальян алганга үлгүрүп, андан соң мен катары менен упайларды алып, эсепти 6:1ге жеткирдим. Мелдештин экинчи бөлүгүндө армениялык балбан бир упай алганга үлгүрүп, мен дагы артыкчылыкты бекемдеп, андан ары атаандашыма ыкма жасоого мүмкүнчүлүк бербей утуп алдым. Финалда Лондон Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, дүйнө чемпиону жана Европа чемпионатынын беш жолку чемпиону, венгриялык Тамаш Лоринс менен күч сынашып, 2:1 эсебинде бир упай айырма менен атаандашыма алтынды алдырып коюп, Токио Олимпиадасынын күмүш медалын тагындым. Алтын алууну максат кылып, көп мээнет кылып, машыккан элем. Аллахка чексиз мактоолор, ыраазычылык болсун. Буйрук экен, эң өкүнүчтүүсү кыргыз элиме финалда жакшы эмоция, күчтүү сезим тартуулай албай, алардын үмүтүн актай алганым жок. Элибиз Бишкектин Ала-Тоо аянтында, Ош шаарында, үйлөрүндө теледен мага күйөрман болушуп, сүрөөнгө алып турушкан экен. Бардык күйөрмандарым ыраазычылык билдирем. Бул күмүш байге жеке менин ийгилигим эмес. Бул жалпы элибиздин, устаттарымдын, ата-энемдин ийгилиги, жеңиши. Айрыкча жеке устатым Мейрамбек Ахметовдун салымы тоодой.  Эмне демекчимин, алдыда далай ашуулар, далай таймаштар, сыноолор турат.

2016-жылдын 14-сентябры эсимде. Мен анда 17 жашта элем, уландар арасындагы дүйнө чемпиону болсом деген кыялдарым  ошол күнү орундалган. Жеңиштин бийик сересинде туруп, биздин өлкөнүн Гимн жаңырып, Кыргыз туусу обого көтөрүлгөндө укмуштуудай айтып бүткүс сезимдерди башымдан өткөрдүм эле. Эгерде кудай буйруп, кийинки Париж шаарнында олимпиада чемпиону болгон күндө дагы, мен ал күндү эч качан унутпайм.

-Жакшы маегиңиз үчүн рахмат! Өзүңүз айткандай эми Париж олимпиадасында спорт күйөрмандардын үмүтүн актап, алтын медаль тагынууңузга тилектешпиз!

Кабыл Макешов, Токио олимпиадалык делегациянын пресс-атташеси, спорттук баяндамачы

 Атайын “Кыргыз тудей” сайтынын окурмандары үчүн

Бишкекте Токиодон кайтып келген улуттук олимпиадалык команданын мүчөлөрүн сый-урмат менен тосуп алуу салтанаты болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-августта, борбордук Ала-Тоо аянтында Токио шаарында (Япония) өткөн XXXII жайкы олимпиада оюндарынан кайтып келген улуттук курама команданын мүчөлөрүн сый-урмат менен тосуп алуу салтанатына катышты.

Олимпиадачыларды «Манас» эл аралык аэропортунда Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова тосуп алышты.

Салтанаттуу жолугушуудан кийин чакан пресс-конференция өткөрүлүп, анда журналисттер спортчулар менен машыктыруучуларга коомчулукту кызыктырган суроолорду берип, жооп алышты.

Мамлекет башчысынын катышуусу менен негизги майрамдык иш-чаралар борбордун Ала-Тоо аянтында өттү.

Өлкөнүн намысын коргогон спортчуларга жана машыктыруучуларга ыраазычылык билдирүү үчүн Мамлекет башчысы менен бирге миңдеген кыргызстандыктар келишти.

Садыр Жапаров команданын мүчөлөрү менен машыктыруучуларын жакшы маанайда тосуп алып, аларды Токиодогу жайкы олимпиада оюндарына ийгиликтүү катышып, Мекенине жеңиш менен кайтып келиши менен куттуктады.

«Олимпиадалык медалдарды, спорттук мыкты жыйынтыктарды, спортчуларыбыздын жетишкендиктерин өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына татыктуу белек деп эсептеймин. Сиздер бардык кыргызстандык  күйөрмандардын үмүтүн актап, элибизди кубанычка  бөлөдүңөр!

Олимпиада оюндарында дүйнөнүн 200дөн ашуун өлкөсүнөн 12 миңден ашык спортчу катышууда. Ал эми Кыргызстандан 16 спортчу катышып,  күрөш боюнча улуттук командабыз 3 медаль утуп алды. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшүнүн тарыхында биринчи жолу Олимпиада оюндарынын эки медалына ээ болдук. Баатыр энелерибиз Кыз Сайкалдын, Жаңыл Мырзанын руху тирүү экен, алардын кайратын, баатыр мүнөзүн кыздарыбыз көтөрүп жүргөн экен, эчен ирет Азия чемпионаттарын, дүйнө биринчиликтерин утуп жүргөн Айсулуу Тыныбекова Токио Олимпиадасынын күмүш медалын, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медалын жеңип алып, жалпыбызды сүйүнтүп отурушат.

Күрөш өнөрүнүн эң мыкты үлгүсүн көрсөтүп, чеберчилиги менен көпчүлүктү суктандырган Акжол Махмудовду өзгөчө белгилегим келет!  Уул-кыздары үчүн күйгөн жүз миңдеген мекендештерибиз мелдешүүлөрдү түз ободо көрүп, бүтүндөй Кыргызстан силерди сүрөп турду. Мен да финалдык беттештерди үй-бүлөм менен чогуу көрдүм. Силер зор чеберчиликти, эрк-кайратты көрсөтүп, өлкөбүздүн намысы үчүн күрөштүңүздөр.

Жеңишке жетүү оңой-олтоң жумуш эмес, анткени Олимпиада оюндарына төгөрөктүн төрт бурчунан топтолгон эң мыкты спортчулар катышат. Ар бир өлкө уул-кыздарынын эң күчтүүсүн, эң мыктысын, намыска жараган азаматын аттандырат. Алардын арасынан суурулуп чыгуу,  анан да  медаль утуу —  чоң ийгилик!

Спортчулардын ийгиликтеринин башаты шык-жөндөмгө, кажыбас эркке, ошондой эле машыктыруучунун чеберчилигине негизделген.

Спорттогу ийгилик — бул чоң эмгек, ошондой эле мекенчилдиктин үлгүсү. Анткени, Сиздердин жеңиш миңдеген жаштардын жүрөгүн толкутуп, илгери шыктандырат. Силерди өрнөк тутуп, силердей болгусу келгендердин катарынан далай чемпиондордун чыгышына ишенемин.

Дүйнөлүк деңгээлдеги спорттук жетишкендиктер мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн эң таасын көрсөткүчү. XXI кылымда күчтүү жана дени сак улут гана атаандаштыкка туруштук бере алат.

Силер Кыргызстандын даңазасын  дүйнөлүк деңгээлде арттырдыңар», — деп айтты Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын курама командасынын башкы, улук жана биринчи машыктыруучуларына өтөгөн эмгеги, сабырдуулугу жана мээрими үчүн өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

«Сиздердин мээнетиңиздердин аркасында биздин спортчуларыбыз  ийгиликтерге жетишүүдө.

Ошондой эле биздин спортчуларыбыздын ата-энелерине да ыраазычылык билдирем. Спортчулардын  өнүгүүсүндө ата-энелердин ролун баалоо кыйын, сиздер балдарыңыздардын спорттогу ийгиликтерине жана жыйынтыктарына чоң таасир этесиздер.

Спортчу уул-кыздарыбыздын ийгиликтерине дагы көп ирет чогуу кубаналы.

Урматтуу спортчулар, машыктыруучулар! Олимпиада оюндарында Кыргызстандын атын чыгарып, намыска жарадыңар. Силер Олимпиада оюндарынын медалдарына гана эмес, Кыргыз мамлекетинин жогорку сыйлыктарына да татыктуусуздар.

Олимпиадалык команданын мүчөлөрүнө жана машыктыруучуларына чың ден соолук каалайм, жаңы жеңиштерди багындыра беришиңерге  тилектешмин.

Жашасын, Кыргызстан!

Жашасын, кыргыз спорту!», — деп баса белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Олимпиадачылардын урматына кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт болду.

Иш-чараны Коомдук телерадиокорпорациясы түз алып көрсөттү.

Эске салсак, Токио-2020 Олимпиада оюндары Кыргызстандын спорт тарыхындагы эң ийгиликтүү оюн болду.

Балбандар Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова эки күмүш жана бир коло медалга ээ болуу менен мыкты натыйжаларды көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, бүгүн олимпиадалык команданын 11 мүчөсү өз Мекенине кайтып келишти, Японияда калган ата мекендик спортчулар бир нече күндөн кийин кайтышат.

Жакын арада улуттук курама команда толук курамда чогулгандан кийин олимпиадачыларды жана машыктыруучуларды расмий түрдө сыйлоо иш-чарасы болот.

Токио-2020: Жөө күлүк Дарья Маслова марафондук жарышта байгеге илинбей калды. Жабылыш аземде тууну балбан Эрназар Акматалиев көтөрүп чыгат

7-августта Токио жайкы олимпиада оюндарынын кыз-келиндер арасындагы марафондук 42 киломерт 195 метр жарыштары Саппоро шаарында өттү. Марафонго  Токио убактысы боюнча саат 7.00дө, бишкек убактысы боюнча таңкы саат 4.00дө  старт берилди.  Марафондук жарышта Кыргызстандын намысын коргогон өлкөгө эмгек сиңирген спорт чебери Дарья Маслова байгелүү орундарга жетпей калды.  Жабылыш аземде Кыргыз Республикасынын туусун эркин күрөш боюнча эл аралык спорт чебери Эрназар Акматалиев көтөрүп чыгат.

Бул тууралуу Токиодон Кыргызстандын олимпиадалык командасынын басма сөз катчысы, спорттук баяндамачы Кабыл Макешов билдирди. 7-августта жеңил атлетика боюнча Азия чемпиону, Азия оюндарынын чемпиону, белгилүү жөө күлүк Дарья Маслова Токио  олимпиада оюндарынын  марафондук жарышына катышты. 42 киломерт 195 метр аралыкка марафондук жарыш Саппоро шаарында өттү. Мелдеште дүйнө жүзүнөн тандалып, Токио олимпиадасына жолдомо алышкан 88 жөө күлүк мөрөй талашты. 21 километр 100 метр жарым марафонду Дарья Маслова 1 саат 15 мүнөт 27 секунда чуркап, топ башындагы жөө күлүктөрдөн калышпай жүгүрдү. Ал эми калган аралыкта ортоңку топто жүрдү. Ошентип  Азия жана Азия оюндарынын чемпиону Дарья Маслова 42 киломерт 195 метр аралыкты 2 саат  35 мүнөт 27 секундда чуркап өтүп, марага 36-болуп келди. Бул марафондук жарышта 27 жаштагы кениялык Перес Депчирчир марага биринчи келип, Токио олимпиадасынын чемпиону аталды. Ал бул аралыкты 2 саат 27 мүнөт 20 секундда чуркап өттү. Перес Депчирчир  жарым марафондук жарышта дүйнө чемпиону да болгон. Экинчи орунду дагы кениялынк Бриджит Косгей ээлеп, марага  2 саат 27 мүнөт 36 секундда келип, күмүш байгелүү болду. Коло байгенин ээси АКШнын өкүлү Молли Зайдель болуп, ал марага 2 саат 27 мүнөт 46 секундда келди. Марафонго катышкан 88 жөө күлүктүн 73ү гана марага жетти. Калган 15 спортчу ара жолдон калып калышты.

Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, Азия чемпиону Маслова Дарья Владимировна 1995-жылы 6-майда Каракол шаарында туулган.  Ал жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери. 2014-жылдын уландар арасында  Тайбэй шаарында өткөн Азия  Чемпионатында  3000 жана 5000 метр аралыктагы жарыштарда марага биринчи келип, 2 алтын тагынган.2015-жылдын чондор арасында  Кытайда өткөн Азия  Чемпионатында  3000 метрге жарышта 3- орун ээлеген. 2015-жылдагы  Түштүк Кореяда өткөн Универсиада оюндарында  5000 метрге чуркоодо коло байгелүү болгон.2016-жылы  Рио-Де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарында  10 км аралыктагы жарышта 19- орунга жеткен. 2017-жылдын чоңдор арасында  Индияда өткөн Азия  Чемпионатында 10 км аралыктагы жарышта  1-орунду ээлеп, Азия чемпиону аталган.  2018-жылы  Индонезиянын борбору Жакарта шаарындагы Азия оюндарында  5 жана 10 км аралыктардагы жарышта  1-орунду ээлеп, Азия оюндарынын чемпиону болуп, 2 алтын медаль тагынган.

Устаты Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, маркум Виктор Борисов болсо, олимпиадалык марафонго даярдаган учурдагы машыктыруучусу Татьяна Борисова болуп саналат.    4-август күнү Дарья Маслова устаты, Азия оюндарынын чемпиону Татьяна Борисова менен Токио шаарынан Саппоро шаарына учуп кетишкен.

Жабылыш аземде тууну балбан Эрназар Акматалиев көтөрүп чыгат

23-июлда расмий башталган Токио олимпиадалык оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу катышууда. Алардын он үчү байге ала албады. Балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш байгелүү болсо, Мээрим Жуманазарова коло медалдын ээси болду. Байгелердин жалпы көрсөткүчү боюнча 2 күмүш, 1 коло медалы менен Кыргызстан кечээ  67-орунда турса, учурда  68-орунга жылып калды. Биринчи саптагы Кытай өлкөсүнүн учурда 36 алтын, 26 күмүш, 17 коло медалы бар. Экинчи орунда 31 алтын, 36 күмүш, 32 коло байге уткан АКШ турат. Оюн ээси Жапония 24 алтын, 11 күмүш, 16 коло медаль утуп, үчүнчү орунда келатат. Төртүнчү орунда Улуу Британия турат. Эл аралык олимпиада комитетинин желеги астында катышып жаткан Орусиянын учурда 17 алтын, 23 күмүш жана 22 коло медалы бар. Алар бешинчи тепкичте турат. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан алдыда. Алар учурда 2 алтын, 1 коло байгеси менен 35-орунда келатат.Мурдакы олимпиадалык оюндарда ийгилик жаратып келген Казакстандын учурдагы 7 коло байгеси менен 79 орунга илинүүдө. Бир күмүш байгелүү Түркмөнстан 74-орунда келүүдө. Мелдештер жыйынтыкталып жаткандыктан бул орундар дагы жылышып, сандар өзгөрүп кетиши ыктымал.   Олимпиада оюндарына катышкан 206 өлкөнүн 83 мамлекеттин спортчулары байгелүү орундарды ээлеп турушат.

8-августта  олимпиаданын жабылыш аземи болот. Жабылыш аземде Кыргыз Республикасынын туусун эркин күрөш боюнча эл аралык спорт чебери Эрназар Акматалиев көтөрүп чыгат.

Келечегинен үмүткөр кылган 22 жаштагы балбан Эрназар Акматалиев Нарын облусунун Нарын районундагы Орто-Нура айылында төрөлгөн. Жети жашынан бери күрөш менен машыгып келатат. 2015-жылы Индияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында коло байге тагынып, чоң спортко тагдырын арнаган.

2018-жылы эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын катарына кабыл алынган. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча эки жолку чемпиону. 2018-жылы Эрназар жаштар арасындагы Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси болгон. 2019-жылы Иранда өткөн Тахти кубогунда алтын байге утуп, олжолуу келген.  2021-жылы  Украинада өткөн эл аралык турнирде дагы финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган.

Ал 6-августта Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын чемпиону, дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси, индиялык 27 жаштагы Баджранг Пуния  менен теңата күрөшүп, 3:3 эсебинде тең чыгышып, калыстар артыкчылыкты индиялык балбанга берип коюшту. Ал эми индиялык Баджранг Пуния  жарым финалда утулуп, Эрназар коло байгеге талапкер болбой калды.

Ошентип кыргызстандык спортчулар Токио олимпиадасын 7-августта жыйынтыктады.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы, Токио олимпиадасындагы пресс-атташе

Токио-2020: Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев тең таймашта утулуп, эми коло байге үчүн талапкер болушу мүмкүн. Айаал Лазарев коло байгеге талапкер болбой калды

6-августта Токио шаарында өтүп жаткан ХХХII жайкы олимпиада оюндарынын эркин күрөш боюнча  65 килограмм салмактагы балбандар  күч сынашып, таймашуулар курч мүнөздө өттү. Кыргызстандын намысын  Эрназар Акматалиев коргоп, тең таймашууда эсеп 3:3 болуп, калыстар жеңишти индиялык балбанга ыйгарып койду. Эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Айаал Лазарев 125 килограмм салмакта коло байге талапкерлер таймашуусуна чыгып, түркиялык Таха Акгюлга утулуп калды. Бүгүн, 6-августта кечинде грек-рим жана кыз-келиндер эркин күрөшү боюнча Токио олимпиадасына катышкан кыргызстандык балбандар жана устаттар мекенибиз Кыргызстанга сапар улаганы турушат. Бул тууралуу Токиодон Кыргызстандын олимпиадалык командасынын басма сөз катчысы, спорттук баяндамачы Кабыл Макешов билдирди.

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиону, эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү Эрназар Акматалиев Токиодогу олимпиадалык  мелдешинде  алгач индиялык атактуу балбан Баджранг Пуния менен күрөштү. Эрназар жаш болсо дагы тажрыйбалуу 27 жаштагы Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын чемпиону, дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси, индиялык Баджранг Пуния  менен теңата күрөштү. Калыс Эрназарды жакшы аракет кылбай койду деген шылтоо менен индиялык балбанга бир упай берди. Анан чабуулга өткөн кыргыз балбаны атаандашын килемден чыгарып, эсеп теңелди.  Биринчи бөлүк 1:1 эсебинде  Эрназардын артыкчылыгы менен аяктап бараткан. 10 секунд калганда индиялык атаандашы Эрназарды килем үстүнөн түртүп чыгарып, 1 упайга ээ болду. Экинчи бөлүктө эки балбан бири бирине ыкма жасоого мүмкүнчүлүк бербей, тирешип турду. Индиялык балбан бир упай алып, эсеп 3:2 болуп, Эрназар болгон аракетин жасап, таймаш аяктап баратканда эсепти 3:3 кылып теңдеди. Акыркы секунддарда Эрназар үстөмдүк кылды. Бирок, калыстар упайлардын сапатына жараша жеңишти индиялык балбанга ыйгарып койду.Эми бүгүн кечинде жарым финалда индиялык балбан жеңип,

Эркин күрөш дүйнөсүнө табышмак болгон кыргызстандык жаш балбан Эрназар Акматалиев да тууралуу спорт күйөрмандарына  учкай баяндай кетейин.

Келечегинен үмүткөр кылган 22 жаштагы балбан Эрназар Акматалиев Нарын облусунун Нарын районундагы Орто-Нура айылында төрөлгөн. Жети жашынан бери күрөш менен машыгып келатат. 2015-жылы Индияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында коло байге тагынып, чоң спортко тагдырын арнаган. 2018-жылы эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын катарына кабыл алынган. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча эки жолку чемпиону. 2018-жылы Эрназар жаштар арасындагы Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси болгон. 2019-жылы Иранда өткөн Тахти кубогунда алтын байге утуп, олжолуу келген.  2021-жылы  Украинада өткөн эл аралык турнирде дагы финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган.

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын ага машыктыруучусу, жаштар арасында дүйнө чемпиону Сүймөнкүл Таабалды уулу Эрназар Акматалиевди Токио олимпиадасына даярдап, машыктырып, күрөш сырларын үйрөтүп келди.

Быйыл 2021-жылы  11-апрелде Алматы шаарында өткөн Азия континенталдык квалификациялык жолдомо ойнотулган мелдеште Эрназар алтын медаль тагынып, Олимпиада  оюндарына жолу ачылган.

2021-жыдын17-апрелде  Бириккен күрөш дүйнөсү  Эрназар Акматалиевдин Азиялык квалификациялык олимпиадага жолдомо ойнотулган турнирдеги чейрек финал, жарым финал жана финалдагы таймашынын видеолорун жарыялап, аны эркин күрөштүн ыкмаларын эң мыкты аткарган балбан деп  баса белгилеген.

Кечээ,5-август күнү Токио олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Айаал Лазарев 125 килограмм салмакта  алгачкы атаандашы АКШнын өкүлү 21 жаштагы Гейбл Стивенсонго 10:0 эсебинде утулуп калган.  Амрикалык балбан финалга чыккандыктан Айаал Лазаревге коло байге талапкерлер таймашуусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ал  Рио-де-Жанейро олимпиадасынын чемпиону, дүйнөнүн эки жолку, Европанын жети жолку чемпиону, түркиялык Таха Акгюль менен күрөшүп, 4:0 эсебинде атаандашына алдырып коюп, коло медалга талапкер болбой калды.11 жылдан бери Кыргызстандын намысын коргоп, эки олимпиадага катышкан Азия чемпиону Айаал Лазарев Токиодогу мелдешин жыйынтыктады.

Жеңил атлетика боюнча Азия чемпиону, Азия оюндарынын чемпиону, белгилүү жөө күлүк Дарья Маслова Токио  олимпиада оюндарынын акыркы күнүндө  8-августта марафондук жарышка чыгат.  4-август күнү Дарья Маслова устаты, Азия оюндарынын чемпиону Татьяна Борисова менен Токио шаарынан Саппоро шаарына учуп кетишкен. Себеби 42 километр 195 метр марафондук жарыштар ушул шаарда өткөрүлөт.

6-августта кечинде грек-рим жана кыз-келиндер эркин күрөшү боюнча Токио олимпиадасына катышкан кыргызстандык балбандар жана устаттар мекенибиз Кыргызстанга сапар улаганы турушат.  Олимпиадалык айылда балбандарды  чакан узатуу салтанаты болду.

23-июлда расмий башталган Токио олимпиадалык оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу катышууда. Алардын ону байге ала албады. Балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медалдын ээлери болушту. Байгелердин жалпы көрсөткүчү боюнча 2 күмүш, 1 коло медалы менен Кыргызстан кечээ  61-орунда турса, учурда  67-орунга жылып калды. Биринчи саптагы Кытай өлкөсүнүн учурда 34 алтын, 24 күмүш, 16 коло медалы бар. Экинчи орунда 30 алтын, 35 күмүш, 27 коло байге уткан АКШ турат. Оюн ээси Жапония 22 алтын, 10 күмүш, 15 коло медаль утуп, үчүнчү орунда келатат. Эл аралык олимпиада комитетинин желеги астында катышып жаткан Орусиянын учурда 16 алтын, 23 күмүш жана 21 коло медалы бар. Алар бешинчи тепкичте турат. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан алдыда. Алар учурда 2 алтын, 1 коло байгеси менен 32-орунда келатат.Мурдакы олимпиадалык оюндарда ийгилик жаратып келген Казакстандын учурдагы 7 коло байгеси менен 76 орунга илинүүдө. Бир күмүш байгелүү Түркмөнстан 73-орунда келүүдө. Олимпиада оюндарына катышкан 206 өлкөнүн 81 мамлекеттин спортчулары байгелүү орундарды ээлеп турушат.

Токио олимпиадасы 8-августта жыйынтыкталат.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы, Токио олимпиадасындагы пресс-атташе

Меню