-Дастан, жеңишиң куш болсун! Россияда өткөн таймашта бир эмес, эки орусту тоголото койдуң. Өлкө намысын коргодуң, рингге канча жашыңда чыктың эле?
-Спортко Кыргызстанда жүргөндө эле кызыгуум башталган. Мени алгач машыктырган машыктыруучуларым Кыргызстанда жашашат. Ал эми Москвага мени спорт алып келген. Москвадан профессионалдуу машыга баштадым. Биздин жашообуз спорт менен байланыштуу. Спорт аркылуу биз Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө салымыбызды кошкубуз келет. Биз Кыргызстандын жараныбыз да. Ар бир турнирге калпак кийип, желек көтөрүп чыгабыз.
-Анткениң жакшы, сенин рингде чабышып жатканыңды көрүп өжөр экениңди баамдадык. Спортто өжөрлүк алга сүрөйбү?
-Албетте, спортко аралашкандан кийин беттегенин бербей, өжөр болушуң керек. Мага өжөрлүгүм сиз айткандай бир топ эле ийгиликке жетүүмө түрткү берет. Эгер өжөр болбой, алга умтулбаса, көк беттенбесе спортто жеңишке жетүү оор.
-Жогорку билим алдың беле?
-Ооба, юридикалык билимге ээ болгом. Бирок азырынча өз кесибим менен иштей элекмин. Буюрса маалы келгенде иштейм деген тилегим бар.
-Москвада спорттон тышкары эмне менен алектенесиң?
-Спорт тармагында эле жүрөм. Машыктыруучу болуп да эмгектенем.
-Буга чейинки ийгиликтериң тууралуу айтсаң?
-Азия жана Евразиянын чемпионумун. Бардыгы болуп, 32 профессионалдык таймашка чыгып беттешкем. Андан сырткары, чоң титулдук таймаштарга да катышып келем.
-Спортту таштабайсыңбы?
-Андай оюм жок. Күчүм барда спортту уланта берем. Алдыда дагы көп ийгиликтер күтүп турат деген оптимистгик маанай менен алдыга карай умтулуудамын.
-Москванын Казань шаарында болгон беттеште атаандашыңа жеңишти берип койгондо нааразы экениңди ачык билдирбедиңби, ошол тууралуу айтсаң, жеңиш чын эле адилетсиз болгонбу?
-Ал беттеште калыстар туура эмес чечим кабыл алып коюшкан. Негизи үч раунд таймаш болмок. Үчүнчүсүндө, мен атаандашымды нокдаунд кылгам. Бирок анда аны машыктыруучусу “эреже бузуу” катары эсептеп, атаандашымды тургузуп кетти. Төртүнчү раунд кошумча берилди, аны дагы биз жеңдик. Бул өзү масштабдуу өткөн маанилүү мелдеш. Чемпионатка мыкты спортчуларды алат, чемпиондук курга таймаш болот. Жыйынтыгында, атаандашымдын колун көтөргөндө, өзүмдү жоготуп койдум. Спортко көп убактымды, жаштыгымды арнап жаткандан кийин калыстардын туура эмес чечимдери мага катуу тийди, ошол себептен, мен аны “акыйкатсыздык” деп атап, рингден кетүүдөн баш тарттым.
-Жеңилген атаандашың деле бир кызыктай абалда калганы байкалды…
-Негизи андай адилетсиздик кыргыз спортчуларына буга чейин деле болуп келген. Көбүнчөсү айтылбай эле кала берчү. Бул жолу мен өзүмдү кармай албай калдым. Мен рингде сүйлөп жатканда кыргыздар мени колдоп жатканын уктум да, мени колдогондор бар экенин, мен жалгыз эмес экенимди түшүндүм. Мени колдогон кыргызстандыктарга терең ыраазымын.
Булак: “Фабула”