Menu

СПОРТ

Өзгөндөгү спорттук майрам

Өзгөн шаарындагы эмгек ардагери Зулпукар Ормонов атындагы волейбол боюнча мелдеш жыл сайын өткөрүлөт. Быйыл салтын жазбай 15-жолу болуп өттү. Зулпукар аксакалдын уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов бул сапар дагы атасынын элесине арналган спорттук беттешти өткөрдү. Өзгөндүктөрдүн айтымына караганда жыл сайын ушинтип 4 миңден ашык адам жыйналып, 300–400 спортчу катышкан иш чараны эл күтүп кадимкидей даярданышат экен. Быйылкы иш чарага коомдук, мамлекеттик коомдук саясый ишмерлер Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, бир катар көрүнүктүү инсандар барышты. Спорттук мелдештерден кийин келген конокторго дасторкон жазылып, ырчылар ыр сунушту. Мындан сырткары жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Аягында атасынын арбагын сыйлап ушундай чоң деңгээлдеги иш чараны өткөрүп жаткан Улукбек Зулпукаровичке кадырлуу аксакалдар бата беришти. Биз дагы бул жакшы саамалыктан артта калбай чагылдырып кайттык.

Арапбай Аданов, “Кеңеш” айылынын тургуну:

“Улукбек Ормонов 15 жылдан бери атасына арналган ушундай майрамды өз элине өткөрүп келе жатат”

– Мен Ормонов Зулпукардын өкүл баласымын. Өкүл атам раматылык ушунчалык ыймандуу балдарды тарбиялап койгон экен. Улукбек Ормонов 15 жылдан бери атасына арналган ушундай майрамды өз элине өткөрүп келе жатат. Диний аалымдардын айтканына караганда маркум киши балдары арнап иш чараларды өткөрсө толгонуп алат дейт. Раматылык өкүл атам 15 жолу толгонуп алса керек. Атасынын арбагы Улукту колдосун. Кудайым өмүрүн узун кылсын, эли-журтуна кызматын кылган атуулдардан болсун. Зулпукар өкүл атам бир айтканынан тайбаган, чын сөзүн айткан, туура насаат берген адам эле. Мен өкүл атамдын тарбиясын көрүп адам болгом десем болот. Улукта атасынын мүнөзү бар бирок толук эмес. Окууну бүтүп жаңы келээрим менен 3 жыл өкүл атамдын кол алдында иштеп тарбиясын алдым. Ошол тарбия менен бүгүнкү күнгө чейин жашап келе жатам десем болот.

Алибай Манапбаев, Зулпукар Ормоновдун бир тууганы:

“Бала эле болсо Улуктай болсун”-дегендерин көрүп жатам. Акем балдарын жөн тарбиялабаптыр”

– Акам Зулпукар абдан жакшы адам эле. СССРдин маалында кайсыл иш тапшырбасын баарын убагында аткарып, өз милдетин жакшы билчү. “Иним, жакшы бол. Туура жүр, туура баскын, бирөөнү алдаба, жалган айтпа”-дечү мага. СССР таркаганча мамлекеттик иште жүрдү. Атасынын жолун балдары бар экен, жолдоп жүрүшөт. Мына атасынын урматына 15 жылдан бери унутпай спорттук иш чараларды өткөрүп жатышат. Элге дагы ыраазымын, чогулуп келип калыс болуп жаштарды ойнотуп жаткандарын көрүп кубандым. “Бала эле болсо Улуктай болсун”-дегендерин көрүп атам балдарын жөн тарбиялабаптыр. Минтип элдин уулу болду. Кудайга шүгүр, батасын берген элге дагы Улуктай уулдарды берсин.

Апиза Ормонова, Улукбек Ормоновдун бир тууганы:

“Атабыз Зулпукар өтө жоопкерчиликтүү, элге ак дилден кызмат кылган мыкты киши болгон”

– Улук иниме абдан ыраазымын, 15 жылдан бери атамдын атын эстетип ушундай иш чараларды өткөрүп келе жатат. Кудай алтын башын аман кылып, балдары менен бактылуу болсун. Атабыз дагы элге көп жыл кызмат кылган, 8 баланы тарбиялап өстүргөн адам эле. Баарыбызды окутуп жогорку билимдүү кылган. Атама ыраазымын. Ушул иш чарага спорт үчүн гана эмес, атабыздын кадыр-баркы менен сыйлаган адамдар келип жатышат деп ойлойм. Улукбек көп жылдан бери бир туугандардын башын бириктирип эскерип келе жатат. Атабыз Зулпукар өтө жоопкерчиликтүү, элге ак дилден кызмат кылган мыкты киши болгон. Кошуналар, туугандар кандай маселе болсо баарын атам чечип берчү. Балдарынан атамдын үмүтү чоң болчу. Аны бүгүн Улукбек аткарып, калктын уулу болду. Кудайга рахмат, элге рахмат, иниме рахмат.

Карим Абдразаков, «Жылалды» айыл өкмөтүнүн тургуну:

“Улукбек район боюнча элди чогултуп элдин биримдигине, жаштардын ден-соолугун чыңдоого салым кошуп жатат”

– Зулпукар абамды мен 50 жылдан нары билем. Ал киши үй-бүлөсүнө, мамлекетине жакшы караган киши болчу. Негизинен айыл чарбада иштеген. Өмүрүнүн акырына чейин көп жыл бөлүм башчы болуп иштеди. Ал киши менен 1960-1967-жылга чейин дос болуп жүрдүк. Бирок менден 15 жаш улуу эле. Айылыбыз башка болгону менен дос болуп катташчубуз. Жыл сайын биринчи майда уулу Улукбек район боюнча элди чогултуп элдин биримдигине, жаштардын ден-соолугун чыңдоого салым кошуп жатат. Ушинтип боз үйлөрдү тиктирип, дасторкон жазып элди тосуп алат. Биз Улукбекке жыл сайын батабызды беребиз. Быйыл да рахматыбызды айтып батабызды бердик. Аман-эсен болуп атасынын атын өчүрбөй көп жашасын.

Эдгар Болотбеков, спортчу:

“Улукбек агабыз Өзгөн эли үчүн жыл сайын кош майрам тартуулайт”

– Бул мелдеште 15 жылдан бери ойнойм. Тагыраагы 2013-жылдан бери ойноп келе жатам. Бул мелдеш Өзгөн элине салт болуп калган, чынын айтсам чыдамсыздык менен күтөбүз. Жыл сайын 1-майда топ ойнойбуз. Жаштарды спортко ушул жерден чакырса да болот. Волейбол, ордо, футбол спорттун түрлөрү менен өтөт. Улукбек агабыз Өзгөн эли үчүн жыл сайын кош майрам тартуулайт. Биз ыраазыбыз. Өзгөндүн чемпионаты катары жаштарыбыз бир жыл даярданабыз, утканда кадимкидей республиканы уткандай кубанабыз. Мектепте окуп жүргөндө эле волейбол ойночумун. Бул мелдеш башталгандан бери ого бетер волейболго тартылып кеттим.

Каныбек Мажитов, “Зергер” айылынын тургуну:

“Атамды көргөн өлбөсүн” дегендей Улук бизди сыйлап турат, ыраазымын”

– Мен Зулпукар аяш атам менен 40 жыл мурун таанышкам. Улуктун агасы бейиши болгур досум Райымжан менен студент кезде чогуу үйүнө келип анан таанышып калганмын. Ал убакта Улукбек дилдирек ойногон, эч нерсе менен иши жок кичинекей бала болчу. Ошол бала чоңоюп бүгүн бизди, аяш атамдын арбагын кубандырып минтип иш чара өткөрүп жатат. Райымжан досум менен үйгө келип калганда аяш атам менен аяш апам, абдан сонун кишилер бар эле. Атасынын арбагын сыйлап, ата көргөн бала экен спорттук иш чараны жыл сайын өткөрөт. “Атамды көргөн өлбөсүн дегендей” Улук бизди сыйлап турат, ыраазымын. Жыл сайын ушундай жогорку деңгээлде өтөт. Бул да болсо Улуктун кадыр баркы. Элге сиңген эмгеги деп эсептейм. Аяш атам тирүү болсо баласынын ушундай уул болгонун көрүп кубанмак. Эми арбагы ыраазы болсун.

Калдар Эркинов, “Өзгөн” районундагы Дене-Тарбия жана спорт инструктору:

“Зулпукар Ормоновдун байгесине арналган мелдешке барабыз деп эл күтөт”

– Бүгүн Зулпукар Ормонов атындагы мелдештердин өткөрүлүп жаткан иш чара айыл жаштардын күткөн мелдеши. Бул оюн он беш жылдан бери спорттун алты түрүнөн волейбол, футбол, ордо, тогуз коргоол, шахмат, таяк тартыш боюнча өтөт. Жылына ушундай чоң деңгээлде өткөндүктөн жаштардын тартылуусу өтө жогору. Спорттун түрлөрүнө жараша жыл сайын ар бир айыл өкмөттөн 19 команда келишет. Волейбол боюнча 15 команда, футболдон 14 команда, шахматтан 54 адам катышып жатат. Мына ушул мелдештерди Өзгөн районунун жаштары бир жылдап күткөн майрамы деп билем. Зулпукар Ормоновдун байгесине арналган мелдешке барабыз деп эл күтөт. Райондун баардыгы келет. Топ ойноп башка спортчулар менен камтылганда 300дөн ашык спортчу келип катышышат.

Калия Мырзабек кызы, “Жазы” айыл өкмөтүнүн тургуну:

“Бул мелдеш бизге абдан жагат, өзгөчө жаштар бир жылдап күтөбүз”

– Өзүм бул командада үч жылдан бери ойнойм. Бирок биздин айыл өкмөттүн командасы алты жылдан бери катышат экен. Волейбол боюнча биздин команда жеңиштерге жетишип келе жатышат. Утканда акчалай сыйлыктарды беришет. Бул мелдеш бизге абдан жагат, өзгөчө жаштар бир жылдап күтөбүз. Мени волейбол ойнойсуң деп мектептен агайларым алып келишкен. Ошондон бери Зулпукар Ормонов атындагы мелдеште дагы ойнойбуз. Чынын айтсам көпкө күтөбүз. Кышы менен бул оюнга даярданып чыгабыз.

Булак: “Жаңы Ордо”

Балбан кыз Айсулу Тыныбекова Азиянын чемпиону болду

Ал финалда индиялык спортчу Сарита менен кез келип 6:0 эсеби менен жеңишти камсыздады.

Индияданын борбору Нью-Делиде өтүп жаткан Азия чемпионатында Айсулуу Тыныбекова атаандаштарын жеңип, алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Күрөш бириккен дүйнөсүнүн расмий сайтында жарыяланды.

Кыргызстандык спортчу 58 килограммга чейинки салмак категориясында чейрек финалда казакстандык Гүлшахарат Талассованы 10:0 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда жеңип алды. Жарым финалда япониялык спорчу Кацуки Сакагами менен беттешип, аны да мөөнөтүнөн мурда таза жеңиш менен утуп чыккан.

Ал эми финалда индиялык спортчу Сарита менен кез келип, аны 6:0 эсеби менен утуп, Кыргызстандын байге куржунуна алдын медаль алып берди.

Буга чейин Азия чемпионатында Самат Шырдаков менен Нургазы Асангуловдор коло медаль алышкан.

Белгилей кетсек, ушуну менен Тыныбекова экинчи ирет Азиянын чемпиону титулуна ээ болду.

Булак: “sputnik.kg

Таласта Дайыр Кенекеев республикалык мелдеште биринчи орунду алып келген “Ынтымак” көкбөрүчүлөр командасына сыйлыктарды тапшырды

Бүгүн  Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев республикалык мелдеште биринчи орунду алып келген “Ынтымак” көкбөрүчүлөр командасына  сыйлыктарды тапшырды.Бул туурасында Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Мухамеджан Суранчиев маалымдады.

Дайыр Кеңкеев жакында эле республикалык деңгээлде өткөн “Нооруз-2017” жана 2017-жылдын 9-май күнү Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңиштин 72 жылдыгына арналып өткөн республикалык мелдеште биринчи орунду алып келген облустук “Ынтымак” көкбөрүчүлөр командасын кабыл алып,  облустук өкүлчүлүктүн Ардак Грамоталарын жана команданын ар бир оюнчусуна алтын саатарды тапшырды. Облустук өкүлчүлүктүн Ардак Грамоталары менен сыйланышкан Талас облусунун “Көк-Бөрү” федерациясынын президенти Талас Бегалиев, “Ынтымак” курама командасынын машыктыруучусу Урмат Шерипбеков Талас облусунун көкбөрү командасы мындан мурун 5 жолу Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогун жеңип алгандыгын айтышып, командага ар дайым колдоо көрсөтүп турган облустук жетекчиликке ыраазычылык билдиришти. Өз кезегинде Дайыр Кенекеев быйыл күзгө жакын таластык көкбөрүчүлөр коңшу Казахстан Республикасынын Жамбыл облусунун күчтүү командалары менен спорттук мелдешүүлөрдү өткөрө тургандыгын жана бул эл аралык мелдешке жакшыраак даярдануу керектигин белгиледи.

"Манчестер Юнайтед" менен "Аякс" Европа Лигасынын финалына чыкты

Европа футбол Лигасынын жооптук жарым финалы өттү. Анын жыйынтыктары УЕФА сайтына жарыяланды.

“Манчестер Юнайтед” өз талаасында “Сельта” менен ойноп 1:1 эсебинде теңме-тең аяктады. Алгачкы оюнда “Юнайтед” 1:0 эсеби менен утуп чыккан, эки оюндун жыйынтыгы аркылуу ал финалга чыкты.

“Аякс” жарым финалда “Лион” менен ойноп,1:3 эсебинде утулуп калган. Биринчи оюнда “Аякс” 4:1 эсебинде уткандыктан, 2:0 менен турнирдин финалына жолдомо алды.

Европа Лигасынын финалдык беттеши 24-майда Стокгольмдо өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ОшМЮИда областтык спартакиада болуп жатат

ОшМЮИнин басма сөз катчысынын маалыматына таянсак, Ош мамлекеттик юридикалык институтунун спорттук комплексинде билим, илим кызматкерлеринин областтык спартакиадасы башталды. Спорттук иш чаранын ачылышы өзгөчө салтанат менен  коштолду. Райондордогу, шаарлардагы  билим берүү, илим тармактарынан келген  курама командаларды алгач ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов, профсоюздун Ош областтык комитетинин төрагасы Сабыр Тойгонбаев жана башкалар кызуу куттукташып, мелдештерде аларга ийгиликтерди кааларын билдиришти.

-Областтык денгээлдеги спорттук иш чара биздин жогорку окуу жайда өткөрүлүп жатканы да бекеринен эмес,-дейт ОшМЮИнин ректору Э.Токторов.-Соңку мезгилдерде эл аралык чемпионаттарда катышып, мекенибиздин намысын коргогон үмүттүү спортчулар жетишип чыгып жаткан институтубузда жакшы база, тажрыйба  бар.

Аталган жогорку окуу жайда спорттук иш-чарага катышуучулар үчүн алдын ала ар тараптуу  ынгайлуу шарттар түзүп коюлган. Көтөрүнкү маанайда мелдешке түшкөн командалар спорттун  волейбол, баскетбол, стол тенниси, шахмат, шашка, тогуз коргоол, ордо түрлөрү боюнча күч сынашууда. Кызматкерлерди спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулуп жаткан спартакидада командалардын жана жеке спортчулардын беттешүү оюндарында жетишкен көрсөткүчтөрү калыстар тарабынан көзөмөлдөнүп, атайын өзүнчө бааланууда. Анткени өтүп жаткан оюндардагы   кызуу  жараяндарга негизделип «активдүү катышкан спортчу», «күчтүү чабуулчу», «күчтүү коргоочу», «мыкты оюнчу» номинацияларына ээ болгон спортчулар аныкталып, татыктуу сыйланмакчы.  Ар кандай беттешүүлөрдө атаандаштарын артта калтырып байгелүү ордундарды жеңип алган командаларды профсоюздун Ош областтык комитетинин кубогу, эстелик дипломдору жана акчалай белектери күтүүдө.

Тогуз коргол боюнча Борбор Азия кубогу

Ордо калаабызда тогуз коргоол оюнунун Борбор Азия кубогу боюнча мелдеш өтүп атат. Мелдешке Кыргызстан жана Казакстандан болуп жалпы жону 200 оюнчу күч сынашууда. Турнир рапид жана стандарт түрүнөн башталып, бүгүнкү күндө рапидден жыйынтык чыкты. Алар швейцар таризинде 9 оюн ойноп, Орто Азия чемпиондугун биздин мекендешибиз, улуттук спорттун түрү боюнча мектептин тарбиялануучусу Бексултан Нишанбаев 8 упай топтоо менен жеңип алды. 2-орунду 7,5 упай менен Анарбек Жамакеев, 3-орунду 7 упай менен Канатбек Кендирбаевдер багынтышты. Ал эми кыз-келиндер арасында Ысык-Көл жергесинен келген Чолпон Кендирбаева 8 упай менен чемпион аталды. Орто Азия кубогу уланууда.

Булак: “Азия Ньюс”

"Көк бөрү" оюну өтүп, Таластын “Ынтымак” командасы финалда биринчи орунга ээ болду

Бишкектеги “Ак кула” ат-майданында 9-май Улуу жеӊиш күнүнө карата, С. Чокморовдун жана У. Кудайбергеновдун жаркын элесине арналган ат оюндары өттү. Көк бөрү оюнунун  финалына чыгышкан Таластын “Ынтымак” командасы Сокулуктун “Биримдик Аюу” командасы менен биринчи , экинчи орун үчүн беттешишти. Оюндун эсеби 1:0 болуп, “Ынтымак” командасы биринчи орунга ээ болуп, жарым миллион сомдук байгени утуп алышты. 2-орунга 250 миӊ сом, 3-орунга 150 миӊ сом акчалай сыйлык берилди. Бул туурасында “Жаштар” гезитинин редакциясынан билдиришти.

Оюндардын жыйынтыгы боюнча “Мыкты улакчы” деп, оюндун эсебин ачкан “Ынтымак” командасынан Карпбек Эшиев табылды. “Мыкты ат” наамына болсо “Биримдик Аю” командасынын Кубанычбека Султан уулунун аты татыды.

Эрендердин эр оюну көк бөрү, ата-бабалардан калган адамды жоокерчиликке дайыма эл-жерин коргоого даярдаган бабалардын бизге калтырган мурасы.

Бул оюн улуттук оюндардын ичинен эӊ көп куйөөрмандарды топтогон бүйүр кызыткан, ар бир кыргыздын канында ойногон, адамды эрдикке шыктандырган улуттун улуу оюну. Бул оюнду улуттук оюндан эл аралык оюнга айлантууда айрым атуулдарыбыздын салымы зор. Болот Шамшиев Аскар Салымбековдун колдоосу менен азыркы шартка ылайык тай казандарды, аянтты, адамдардын санын жана башка оюндун эрежелерин иштеп чыккан. 20 жылдан бери бул эрежелер бардык жерлерге тарап, өзүнүн үзүрүн элге тартуулап келе жатканыдыгына өзубүз күбөбүз. Азыркы учурда ар бир айылда атайын аянттар бөлүнүп, тай казандар орнотулуп жергиликтүү жаштар ушул эрежелер менен тартышууда. Бул эрежелер Кыргызстанда гана эмес, улак тарткан мамлекеттерге жайылып кеткен. Бул оюндун Эл аралык деӊгээлге чыкканын эки жолку Кыргызстанда өткөн Көчмөндөр оюндарына келишкен мамлекеттердин улакчылары тастыктап турат.

Меню