Тажикстандын Жаштар иштери, спорт жана туризм комитети тарабынан спортчулардын Этикалык кодекси иштелип чыкты. Ага ылайык, спортчулар сакал койбошу, чачын жана тырмагын өстүрбөшү керек болот.
Комитеттин өкүлү Сухроб Акбаршонун айтымында, кодекс тазалыкты жана гигиенаны сактоо, ошондой эле узун чач жана сакал аркылуу түрдүү оорулардын жугушун алдын алуу максатында кабыл алынды.
Кодекстин долбоору адистердин сунуштарын эске алуу менен кайра дагы толукталат.
Спортчулардын этикалык кодексин иштеп чыгуу маселеси марттын аягында өткөн күрөш боюнча мелдештеги окуядан кийин көтөрүлгөн. Анда балбандардын бири адепсиз жүрүш-турушу үчүн улуттук күрөш боюнча өлкө ичиндеги мелдештерге катышуу укугунан эки жылга ажыратылган.
Андан сырткары бир нече жыл мурда «Хайра» клубунун футболчусу Парвиз Турсунов узун сакалы үчүн өлкө чемпионатынын алкагындагы оюндарга катыштырылган эмес. Бул тажик коомчулугунда кызуу талкууларды жараткан болчу.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”