Menu

СПОРТ

Түркмөнстанда селсаяктар, сойкулар жана наркомандар Азиада бүткүчө наркодиспансерде кармалат

Ашхабадда полиция селсаяктарды, алкоголдук ичимдиктерден жана наркотикалык заттан көз каранды кишилерди кармоо боюнча кезектеги акцияны баштады.

“Түркмөнстан хроникасы” басылмасы кабарлагандай, көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөлөрү жана чатырлары текшерүүдөн өтүүдө. Полиция сойкулук менен алектенген аялдарды дагы кармоодо.

Кармалгандарды наркологиялык диспансерге жаткырышууда. Адатта, алар ооруканада бир-эки ай болушчу, бирок бул сапар Азия оюндары бүткөнгө чейин кармалышары кабарланууда. Спорттук иш-чара сентябрдын соңунда аяктайт.

“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын кабарлашынча, полиция жөн гана начар кийинген кишилерди дагы кармоодо. Шаардык каттоосу жокторго айып пул салынып, аймактарга жөнөтүлүүдө.

“Түркмөнстан хроникасынын” билдиришинче, полиция бөлүмдөрүндө жана наркологиялык диспансерлерде абал өтө начар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Камчыбек Жолдошбаев: Кыргыз спортчулары утуп алган 70тей медалдардын 40тан ашууну “Беш-Сары” спорт клубунун жигит-кыздарына тиешелүү

Өлкөдөгү спорттун өнүгүшүнө Жогорку Кенештин депутаты, «Беш-Сары» спорт клубунун негиздөөчүсү Камчыбек Джолдошбаевдин салымы чоң десек жаңылышпайбыз. Джолдошбаев спортчуларга заманбап шарт түзүү менен бирге, аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Депутаттын максаты – кыргыз спортчуларын дүйнөлүк аренага алып чыгып, Кыргызстандын желегин желбиретүү болуп саналат.

«Бизде 300 дөн ашык бала күнүгө машыгат. Биз аларды бардык керек болгон каражаттар менен, кийим менен камсыздайбыз. Жакшы жетишкендиктерге жетиш үчүн мыкты тренерлер менен иштешебиз. Спортчуларыбыз дүйнөлүк чемпионаттарда ийгиликке жетип кыргыздын туусун бийик желбиретсе мен үчүн абдан чоң сыймык» – деп айтты Жолдошбаев.

Депутаттын айтуусу боюнча, «Беш-Сары» спорттук клубунун түптөлгөнүнө 20 жылдын жүзү болду.

«Учурда ал Федерация болуп, анда спортчулар спорттун 7 түрү менен машыгышат. 20 жыл мурун волейбол командасынан башталган, ошондо дагы жыйынтыктарга жеткенбиз, Кыргызстандын 10 жолу чемпиону болуп, дүйнөлүк чемпионаттарга катышып жакшы жеңиштерге жетип келгенбиз. Бүгүнкү күндө 4 спорттук зал бар. Менин оюум боюнча, балдар жакшы машыкса, көптөгөн дүйнөлүк жеңиштерге жетет. Акыркы жылдары биздин балдар ар түрдүү чемпионаттарга катышып чемпион болуп келүүдө» – дейт эл өкүлү.

Ошентип, Камчыбек мырзанын Кыргызстанды дүйнөгө таанытууда эмгеги чоң. Бүгүнкү күндө Жолдошбаев түптөгөн “Беш-Сары” спорт комплексинин спортсмендери дүйнөлүк чемпионаттарда жеңишке жетишип, алтын медаль тагынышып, Кыргызстандын туусун бийик көтөрүшүүдө. Алсак, 2015-жылы кыргыз спортчулары утуп алган 70тей медалдардын 40тан ашууну “Беш-Сары” спорт клубунун жигит-кыздарына тиешелүү. Бул көрүнүш кыргыз жаштарын спортко шыктандырып, кыргыз желегин дүйнөгө желбиретпестен, өзгөчө улут саламаттыгын чындоодо да эбегейсиз стимул десек жарашат.

Ал Камчыбек Жолдошбаев өзү да спортс­мен катары бир топ жогорку даражадагы спортсмендерди тарбиялаган. Он жылдан ашуун Кыргыз Республикасынын Волей­бол федерациясын жетектеп, кыздар жана эркектер командасына жогорку класстагы волейболчуларды даярдаган. Бүгүнкү күндө ал Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясынын ардактуу президенти. Дене тарбия жана спорт академиясынын ардактуу профессору, Эл аралык дүйнөлүк бел боо күрөшү федерациясынын ви­це-президенти.

https://www.youtube.com/watch?v=1GANZlB84aw

Булак: Kyrgyztoday.kg 

Таэкван-до спорту боюнча Кыргызстандын ачык чемпионатынын салтанатуу ачылыш аземи болду

22-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков таэкван-до спорту боюнча Кыргызстандын ачык чемпионатынын салтанатуу ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Төрага Чыныбай Турсунбеков таэкван-до ассоциациясы чыгыш жекеме-жеке таймашуу спортун жайылткан Кыргызстандагы ири уюмдардын бири саналарын белгиледи. Ал 42 машыктыруучу жана беш миңдей жаран аталган спорт менен машыгып жатканы, айрыкча, алардын ичинен эл аралык таймаштарда өлкө намысын коргогондору арбын экенине кубанып, өткөн жылы спорттун бул түрү боюнча дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык спорчулар 14 медаль менен кайтып келишкендигин эске салды.

Ошондой эле кыргыз спортчуларынын жеңиши ар бир кыргызстандыктын ийгиликке болгон ишенимин арттыраарына токтолгон Чыныбай Турсунбеков: “Эл аралык оюндардагы жеңиштер жарандарыбыздын биримдигин арттырып, Мекенибиздеги ынтымактын пайдубалы болуп берет. Себеби, биздин спортчулар зор мүмкүнчүлүккө ээ, андыктан аларга баардык шартты түзүп берүү бүгүнкү күндөгү башкы маселе”, – деп белгиледи.

Андан тышкары, Жогорку Кеңеш Төрагасы Эл аралык таэкван-до федерациясынын (ITF) президенти Чой Жунга Кыргызстанда аталган багыт боюнча атайын семинар уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирүү менен бирге, өлкө жарандарын спорт менен жигердүү машыгууга чакырды. “Спорт бул – ден соолук жана ички дүйнөнүн күчтүүлүгү. Баардык мекендештеримди спорттук көнүгүүлөрдү калтырбай жасап, саламат өмүр сүрүүгө үндөөр элем. Спорт эрктүүлүктү арттырып, жеңиштерге шыктандырат. Ошондуктан Кыргызстанга талыкпас эмгек, даңазалуу жеңиштер керек”, – деген Чыныбай Турсунбеков иш-чаранын уюштуруучуларына Жогорку Кеңештин атайын белегин тартуулады.

Сөзүнүн аягында Жогорку Кеңештин Төрагасы 2019-жылы Ысык-Көлдө өтө  турган таэкван-до боюнча Азия чемпионаты мыкты деңгээлде уюштурула тургандыгына үмүт артарын кошумчалады.

Иш-чаранын алкагында Эл аралык таэкван-до федерациясы (ITF) Жогорку Кеңеш Төрагасы Чыныбай Турсунбековго аталган спорттун 5-дан даражасын ыйгарышты.

Белгилей кетсек, Чыныбай Турсунбеков Кыргыз Республикасынын  таэкван-до боюнча ассоциациясынын ардактуу президенти.

Спорттун улуттук түрлөрү жана салттуу оюндар ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын репрезентативдик тизмесине сунушталат

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын маалыматына таянсак спорттун улуттук түрлөрү жана салттуу оюндар глобалдашуу процессинде толук же жарым-жартылай жоголуп кетүү коркунучуна  кабылууда. Ошондуктан аларды ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын репрезентативдик тизмесине киргизүү зарылдыгы жаралды. Бул тууралуу маселе бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин талкуусуна коюлду.

Бул багытта баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекманбетовдун айтымында, 2016-жылдын 31-мартында Кыргызстан ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын Репрезентативдик тизмесине киргизүү үчүн «Көк бөрү – салттуу ат оюну» номинациясын Кыргыз Республикасынын атынан сунуш кылынган. Мындан улам “салттуу оюндар” түшүнүгүн мыйзамдаштыруу зарылдыгы жаралууда.

“Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык  спорттун улуттук түрлөрү жаатындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы болуп саналган  дене тарбияны жана спортту башкаруунун мамлекеттик органы тарабынан бекитилет жана спорттун улуттук түрлөрү Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү спорттук классификациясына киргизилет. Материалдык эмес маданий мурасты аныктоо, эсепке алуу, сактоо, пайдалануу жана жайылтуу, Улуттук тизмеге киргизүү маселелери материалдык эмес маданий мурас жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирет.

Кыргыз Республикасы ири эл аралык спорттук иш-чаралардын демилгечиси болуу менен спорттун улуттук түрлөрүн жана салттуу оюндарды, элдик салттарды өнүктүрүү жана өркүндөтүүнүн үлгүсү болуп калды. Буга 2014 жана 2016-жылдары өткөрүлгөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну далил боло алат. Мындан тышкары, 2016-жылдын 22-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы 67-пленардык сессиясынын жүрүшүндө «Тынчтык үчүн диндер аралык жана маданияттар аралык диалогду колдоо, өз ара түшүнүү жана кызматташуу» жөнүндө А/71/L.43 резолюциясын кабыл алган, анда БУУнун Башкы Ассамблеясы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданият аралык диалогго жана өнүктүрүүгө кошкон салымын тааныган.

Талкуу соңунда “Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндөгү” мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда комитеттин колдоосун тапты.  Эми бул маселе парламентте каралмакчы.

 

Видео - Өмүрбек Бабанов өзүнүн Islander One аттуу тулпарын N54-Ысык-Көл жылкы заводуна белек кылып берди

Бүгүн, 15-апрелде КР Жогорку Кеңешинин “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Чолпон-Ата шаарында белгиленип жаткан N54-Ысык-Көл жылкы заводунун 90 жылдык мааракесине катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөп, жылкы заводуна өзүнүн Islander One аттуу асыл тукумдуу тулпарын белекке берди.

 

Видео - Өмүрбек Бабанов өзүнүн Islander One аттуу тулпарын N54-Ысык-Көл жылкы заводуна белек кылып берди

Бүгүн, 15-апрелде КР Жогорку Кеңешинин “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Чолпон-Ата шаарында белгиленип жаткан N54-Ысык-Көл жылкы заводунун 90 жылдык мааракесине катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөп, жылкы заводуна өзүнүн Islander One аттуу асыл тукумдуу тулпарын белекке берди.

 

Видео - Өмүрбек Бабанов өзүнүн Islander One аттуу тулпарын N54-Ысык-Көл жылкы заводуна белек кылып берди

Бүгүн, 15-апрелде КР Жогорку Кеңешинин “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Чолпон-Ата шаарында белгиленип жаткан N54-Ысык-Көл жылкы заводунун 90 жылдык мааракесине катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөп, жылкы заводуна өзүнүн Islander One аттуу асыл тукумдуу тулпарын белекке берди.

 

Гран-Приден эки күмүш

Түркиянын Анталия шаарында дзюдо боюнча кезектеги эл аралык гран-при мелдеши өттү. Жалпы жонунан кыргызстандыктар жакшы көрсөткүчкө жетишти десем жаңылбайм. Бектур Рысмамбетов менен Юрий Краковецкий экөө өз салмак чендеринде мыкты мелдеш алпарып, жыйынтыгында күмүш медалдардын ээлери болуп калышты. КР Дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев «биз бул турнирге жак­шы даярдыктарды көрдүк. Гран-при мелдешине бара турган кимоночуларга баардык шартгарды түзүп берүү менен машыгуусуна да абдан чоң маани берип, ар бир атлет­ке чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Сиздер көрүп тургандай, алгачкы жемиштери жаман болгон жок» деди.

Булак: “Азия Ньюс”

Айыгышпай туруп алган алтын

Кыз-келиндер арасында эрежесиз эр уруш боюнча Кыргызстандын атын ааламга даңазалап жүргөн эки бир тууган кыздарыбыз бар, алар Антонина жана Валентина Шевченколор. 2016-жылы дүйнө чемпиону титулу үчүн 9-июль күнү Антонина Шевченко француз кызы Анабэль Джели менен беттешмек. Бирок, айыгащкан салгылашуу болбой калды. Себеби, француз кызынын канынан кызытма табылып, жыйынтыгында Lion Fight Promotion мелдешинин уюштуруучулары тарабынйн Антонинага дүйнө чемпиону наамы ыйгарылган эле. Ошо менен биздин жердешибиз эрежесиз эр уруш боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону болуп калган.

 Булак: “Азия Ньюс”

Азия оюндарында алтынды Татьянага!

2002-жылы Корея мамлекетинин Пусан шаарында Азия оюндары өтүп, Кыргызстандан барган жөө күлүк кызыбыз Татья­на Борисова 1500 метр аралыкка чуркоодо марага экинчи келип, күмүш медалды жеңип алган. Анткен менен алтын медалды жеңип, Азия оюндарынын чемпиону аталган индиялык каратору кыз Суните Раниден нандролон аттуу кызытма табылып, чемпиондук наамды шыпыра чаап, биздин желтаман кызыбыз Татьянага оңдой берди болуп ыйгарышкан.

Булак: “Азия Ньюс”

Меню