Menu

СПОРТ

Фото - Ош мамлекеттик юридикалык институтунда студенттердин спорттук спартакиадасы башталды

Ош мамлекеттик юридикалык институтунда студенттердин спорттук спартакиадасы  башталды. Иш-чараны ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов куттуктоо сөзү менен ачып, студент жаштарды дайыма спорт менен машыгууга  чакырды.   Мында аталган жогорку окуу жайдын бардык факультеттеринин жана юридикалык коллеждин студент жаштары спорттун алты түрү боюнча күч сынашмакчы. Бул тууралу Ош МЮИнин басма сөз катчысы Сабыр Буркашев билдирет.

Алгачкы күнү спорттун футбол түрү боюнча оюндарда күчтүү командалар финалга чыгышты. Финалдык кызуу беттешүүлөрдө юридикалык коллеждин футболчулары атаандаштарын жеңип, биринчи орунга жетишти. Ал эми ОшМЮИнин соттук-прокурордук факультетинин командасы экинчи жана тергөө-криминалистика факультетинин спортчулары үчүнчү орунду ээлешти.

Спорттук иш чаранын экинчи күнү студенттер тогуз коргоол боюнча күч сынашты. Соңку кездерде кеңири жайылтыла баштаган спорттун  мындай улуттук оюнунда факульттерден тандалган мыкты спортчулар катышты. Кызуу атаандаштыкта өткөн оюндарда өзгөчө даярдык менен келген студенттер жеңишке жетишип, өздөрүнүн факультеттеринин намысын коргоп чыгышты.

oshmyui-sport3

oshmyui-sport4

Чынарбек Изабеков, Эркин күрөш боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону: “Спортчунун карьерасын бир секунда чечип коюусу мүмкүн”

Бул сапардагы маегим абдан кызыктуу жана өзгөчө болду десем жаңылышпайм. Жеке мен үчүн өтө таасир калтырды. Анда эмесе кеп башынан болсун. Ушул айдын ортосунда Кыргызстандын тарыхында каларлык дагы бир маанилүү күн болду. Мамлекетибиздин желеги желбиреп, бүткүл дүйнөгө гимнибиз жаңырып “Кыргыз” деген ат айтылды. Ветерандар арасында эркин күрөш боюнча Дүйнөлүк чемпиондук титулду жеңип  алган Чынарбек Изабеков мырзанын кубанычында чек жок. Албетте кандай сонун жеңиш. Ушундай жеңиштер үчүн спорт чеберлери көп нерседен баш тартышып, өз жашоосун курмандыкка дагы чалып салышат.  Кээ бирөөндө спорт же үй-бүлө деген тандоо болот. Кээ бир үй-бүлөдө ич ара колдоо көрсөтүлүп эки жакты тең алып кетишет. Мына ушул үй-бүлөлүк гармония деп аталары шексиз. Чынарбек мырза менен Назира айымдын ортосунда жаралган үй-бүлө ушул гармониянын сакталышында турат. Жемиштүү жеңиш менен Кыргызстанга кайтып келген соң Дүйнө чемпиону менен маек курууга ашыктым. Ачык айтсам, катардагы суроо-жооп болгон маек  болот деген ой менен баргам. Ал оюм таш каап кандайдыр бир башка дүйнөгө түшүп калгандай болдум. Чындыгында толук үй-бүлө спорт чеберлерин биринчи  жолуктурдум. Суроолорум абдан көп болду, себеби кызыкканым көп эле. Бул макаланы бир гезит менен чектебейм дедим ичимден. Себеби азыркы күнгө үлгү катары көрсөтүүгө болот.

Кожойке Назира айым өз ишин, үй-бүлөнүн ишин дагы бирдей алып кеткен мыкты айым экен. Чынарбек мырза үй-бүлөнү бекем туткан ошону менен бирге өз ишин дагы алып кеткен мыкты мырза экен. Ал эми  эки уулу эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондору жана кызы Айша көркөм гимнастика боюнча спорт чебери болуп мыкты тарбия алышканы, терең ойлуу, акылдуу болуп жетилип келе жатканы кубантат. Андан кийинки чоңоюп келе жаткан кичинекейлери дагы өз ара бир нерсе менен алектенип жүрүшөт. Ооба, Чынарбек мырза менен Назира айым беш уул, бир кызды тарбиялап келе жатышат. Тарбия, үй-бүлөлүк ынтымак, ортодогу сый-урмат, алдыга умтулуу тууралуу маегим назарыңызда, окурман.

“Жашоомдо болгон нерсенин бардыгына шүгүр деймин”

Спорт менен машыгуу менин тээ бала кезимден бери алектенип келе жаткан кесибим.  Тогуз жашымдан баштап спортко болгон кызыгуум арта баштады. Алгач Таласта райондук, областтык турнирлерге, олимпиадаларга катышып жүрдүм. Кийин бул ишимди дагы өркүндөтүү керек экенин түшүндүм. Ошентип борбор калаага келип болгон күч аракетимди спорттун ушул түрүнө арнай баштадым. Чет өлкөнүн далай мамлекеттерин кыдырып алдыңкы орундарды ээлеп ийгиликтерге жетишип жаттым, бирок ортодо алган травманын айынан жыйырма жылдай тыныгуу болуп калды. Ошентсе дагы спортту таштаган жокмун. Күрөштө албетте ар кандай болот. Ошол нерселерге дагы даяр туруу керек, физикалык дагы, моралдык жактан дагы. Ал ортодо үй-бүлөлүк жеке иштерди жасап, бир нукка коюп алууга жетиштим. Чындыгында адамдын адамдык сапатынын сакталып калышы, бийиктиктерди багынтышы эрктин күчтүүлүгүнөн экенин билдим. Анын сыңары спорт менен машыгып жашоомдун образын түзүп алган соң артка кайтуу жок. Жашоомдо болгон бардык нерсеге шүгүр деймин.

“Жубайыма чексиз ыраазымын!”

Негизи эркектин ийгилигинде өмүрлүк жар негизги ролду ойнойт деп ойлойм. Бул жаатта мен өзүмдүн колуктума чексиз ыраазымын. Ар убакта жанымда. Менин жана өсүп келе жаткан балдарыбыздын жашоосуна катышып, баарыбыздын кем-карчыбызды толуктап, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп келет. Жубай тандоодо мен жаңылбаганыма абдан кубанычтамын. Үй-бүлөбүз менен спорт жаатына көп ыктап, жашообуздун кандайдыр бир бөлүгүн арнаганбыз. Бул чоң жетишкендик деп билемин. Белгилүү болгондой, спорт чеберлери ар дайым атайы режим менен жүрүүсү шарт. Бул маселеде жубайым биздин колдоочубуз. Тамак-ашыбыздан баштап кийимибизге чейин көзөмөлдөп турат.  Ушул ыйык адамдын  күн тартиби менен жашайбыз. Балдарыма татыктуу тарбия берип келе жатат, бул жаатта салымы меникинен дагы зор. Мен жубайымсыз жашоо кандай болоор эле эч элестете албасам керек.

Алгачкы жолугушуу…

Алгач көргөндө эле ушул айым менин өмүрлүк жарым болот деп ишенгем. Албетте башында тартынып сезимимди билдире албай кыйналып жүрдүм. Үйдө баатыр, жоодо жок дегендей, ар күнү окуу жайдын эшигинин алдына барып акмалап, айтар сөзүмдү даярдап Назираны күтүп турчумун. Ал көрүнгөндө эле негедир даярдаган сөздөрүм унутулуп эмне дээримди билбей калчумун. Бирок бир күнү чечкиндүү болуп жолугушууга чакырып сезимимди ачык айттым. Азыр бирге түтүн булатып келе жатканыбызга жыйырма үч жылдын жүзү болду. Кудайга шүгүр, жашоонун ысык-суугунда, бар жогунда бирге болдук жана жемиштерибиздин жыйынтыгында дагы биргебиз. Учурда балдарыбыздын ийгиликтерине күбө болуп кубанып жаткан убагыбыз. Албетте жасалчу иштер дагы көп. Жаратканым колдоп, үй-бүлөбүз менен аман бололу деп тилеймин.

“Сынган кабырга…”

Алгачкы дүйнөлүк чемпиондукту ала турган мелдештин ортосунда күрөшүп жатып кабыргамды сындырып алдым. Чындыгын айтсам, көзүмдөн от чачырап кетти, бирок билдирген жокмун. Ушундай оор, кокустук абалдарда күрөштө бир секунд тагдырды чечип коёт. Ошол көз ирмемде чечкиндүү, туура чечим чыгаруу керек. Ошол чечим менен спортчу карьерасын улантышы дагы, ага чекит коюшу дагы мүмкүн. Ошондуктан мен үчүн ошол болгон окуя чоң сабак болду. Негизинде ал күрөштө утуп келе жатканмын, кабыргамдын сынып оорутканына карабай күрөштү уланта бердим. Акырындык менен өзүмдү колго алып күрөштү токтотпостон кандай болсо дагы улантууну чечтим. Кыймылдаган сайын аябай ооруп жатты. Абалымдын өзгөргөнүн мени коштоп келгендер дагы байкашыптыр. Рингдеги каршылашыма билдирбестен күчүмдү топтоп акыркы демим менен аны кулаттым. Жеңиш меники болду. Ошол көз ирмем кандай гана күрөшкө канча жолу чыкпайын ар дайым көз алдымда жана мага кандайдыр бир дем берип турат. Ушундай бир секунддук абал бүткүл жашоомо дагы бир негиз берди, алдыга дагы умтулууга шарт түздү.

Назира Айдарова, Чынарбек Изабековдун жубайы, бизнесвумен: “Мен үчүн үй-бүлөмдүн ийгиликтери баа жеткис”

Биринчиден, спорт чеберинин, Дүйнө жүзүнүн эки жолку чемпионунун , эң негизгиси жакшы адамдын жубайы, тартиптүү, ыймандуу балдардын энеси болуу – мен үчүн чоң бакыт.  Экинчиден, жолдошум экөөбүз кыялыбыздагы үй-бүлө курдук деп айта аламын. Мындай ийгиликтерге жетүүдө эч кандай кыйынчылык болгон жок.  Болгону жолдошум экөөбүз балдарыбызды тарбиялоодо, ошону менен бирге ишибизди алып кетүүдө, ортодо гармонияны сактап калууда бир гана нерсе керек экенин билдик. Бул ич ара түшүнүк, максаттардын бир болушу жана ишеним. Жолдошум спорт чебери болгон соң тартип катуу сакталуусу керек. Убагы менен тамак даярдоо, ал тамактар дагы атайы режим жана диета менен. Бардык беттешүүлөрдө колдоо көрсөтүү, мейли утушта, мейли утулушта.

Ошондой эле балдарыбызды дагы сергек жашоого умтулуусуна тарбиялоо. Негизи эле балдарды тарбиялоодо биз аларды кыйнаган жокпуз. Болгону эрктүү, жашоодо өз максатын тандап, ага жете билгендей кылып тарбияладык. Акырындык менен алар дагы спорт жаатын тандап алышты. Мен үчүн бул чоң сыймык. Балдарыма үлгү боло турган маңдайыбызда атабыз бар. Учурда кызыма көбүрөөк көңүл бөлүп турган убагым. Себеби көркөм гимнастиканын чебери болуу зор эмгекти талап кылат.  Ар бир кыймылдан баштап тамак-ашына, кийимине чейин кылдат мамиле кылуубуз керек. Эл аралык турнирлерге сынактар, чемпионаттар көп болуп жаткандыгына байланыштуу мен аны бардык жакта коштоп жүрөм. Буюрса балдарыбыздын үчөө турмушта өз ордуларын тапты деген терең ишеничтемин. Кийинки үч балабызга дагы татыктуу тарбия берип жатабыз деп ойлойм. Албетте алар азыр дагы кичине. Бирок азыртадан кызыгууларын байкап, ошого жараша шарт түзүп берүүгө аракет кылып жатабыз.  Жолдошум, балдарым менен сыймыктанам жана өзүм жактан ар тараптан колдоо көрсөтүп келе жатам.

“Татыктуу адамдын жубайы болуу – менин аялдык жетишкендигим”

Ооба, эң оболу жолдошумдун жетишкендиги менин жетишкендигим жана анын артыкчылыгы менин эмгегим. Кыргызда жакшы кеп бар,  аял жакшы эр жакшы деген. Чындыгында эркекти мыкты кылган аял. Анын сыңары жолдошумду ар тараптан колдоп келем. Ар бир үй-бүлөдө ар кандай кыйынчылыктар болот. Ошонун баарын биргеликте жеңүү керек. Биздин бекем үй-бүлөнүн сыры ушунда деп билем. Качан, кайда барбайлы биз бир командабыз. Ар кандай мелдештерге кетип жатканда албетте абдан кооптоном. Сыналгыдан же болбосо кошо барып мелдештерди көрүү мен үчүн ар дайым сыноо. Чыгып өнөрлөрүн көргөзүп бүткөнчө жашоом токтоп калат. Бирок ишенесизби, ушул көз ирмемдер өзгөчө бир драйв берет. Жолдошумдун, балдарымдын, кызымдын жеңиштерине күбө болуу – чоң бакыт. Жашоодо албетте өйдө-ылдый болот. Ошондуктан өсүп келе жаткан жаңы үй-бүлөлөргө бир гана ынтымак коломтону бекем сактап калат деп айта алам.

Нарбек Изабеков, Эркин күрөш боюнча спорттун чебери: “Мен үчүн атамдан башка үлгү алчу адамым жок”

Мен атам менен абдан сыймыктанам. Ал менин жөлөгүм жана үлгү. Мен атамдан башка өзүмө идеал тутуп, үлгү кыла турган кишим жок. Машыксак чогуу машыгабыз, үйдө дагы биргебиз, сүйлөшө турган сөздөрүбүз дагы төп келишет, ойлорубуз, максатыбыз бир. Мен бардык жактан атамды туурабасам дагы ал жашаган жашоо шартта, ал ойлонгондой, ал тандаган жол менен жүргүм келет. Эгерде мен атам жеткен бийиктиктерге жетсем гана спорт жаатында максатыма жеттим деп айта алам. Мындан бир жыл мурун күрөштөн травма алып операция болгон элем. Учурда эс алуудамын, бирок машыгууну токтоткон жокмун, акырындап өз орду менен машыгып жатам. Буюрса дагы бир аз чыдасам күрөштөргө чыга баштайм деген ишеничтемин. Себеби бир эмес он операция болуп, травма алган дүйнөлүк аренада спорттун мыкты чеберлери бар. Жашоо чектелген жок. Эң негизгиси адамдын өздүк аракетинде.

Айша Изабекова, гимнастика боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону, кандидат мастер спорт: “Жашоомдун бир бөлүгүн гимнастика ээлеп алган”

Мен гимнастиканы өз каалоом менен тандап алгам. Ачык айтсам, жашоомдун кандайдыр бир бөлүгүн ээлеп алды. Окууну бүтүп эле таштап салуу планда жок аны ойлой дагы элекмин. Албетте кээде оорчулук болот, бирок ал нерсенин баары көз ирмемчелик. Эл аралык чемпионат, олимпиадаларда кырсыктап травма алган убактарым болот. Бирок ага карабай дагы чыгууга эрким жетет. Окуумду дагы, гимнастиканы дагы бирдей алып кетким келет. Келечегим алдыда, жакшы ой-тилектерим бар. Бардык жактан шарт түзүп берип жаткан, жеңиште дагы, жеңилгенде дагы ар дайым жанымда болуп дем-күч берген ата-энеме ыракматымды айткым келет.

Атай Изабеков, эркин күрөш боюнча спорт чебери: “Атам, агам жана мен”

Спорт – бул мен үчүн биринчи орунда турган жашоо образы. Албетте атам андан кийин агам менен сыймыктанам, алар жеткен ийгиликтерге, жетишкендиктерге жетким келет жана жетем деген ишеничтемин.  Чындыгында агам айткандай атам биз үчүн эң биринчи үлгү. Биз ага карап тарбия алабыз, ага карап ар бир ишке жыйынтык чыгарабыз. Учурда Жогорку окуу жайында окуп, аны менен бирге дагы машыгуумду улантып келем, эч таштабайм, оюмда да жок. Алдыга койгон максаттарга жетип, анан гана жандүйнө тынчыбаса ага чейин талбай эмгек кылуум керек.

Мына ушундай бир команда болгон уникалдуу жана сыймыктуу үй-бүлө менен биргеликте дасторкон алдында кеңири баарлашып кайттым. Чындыгында зор бакыт!

Чынарбек мырза менен Назира айым азыркы күндө спортчуларга ар тараптан колдоо көрсөтүп келишет. Ал үчүн эч нерсеге карабай туруп  машыгууга бардык шарты төп келген спорт комплексин өз каражатынан куруп беришти. Ал жакта Кыргызстандын желегин  далайга жеткирген мыкты спорт чеберлери, жаңыдан бул дүйнөгө аралашып келе жаткан спорт чеберлери машыгып келишет.

Назира Кулболдиева

Булак: Асман плюс

Нико Росберг баш байгени үмүт этүүдө

Формула-1 автожарышынын бул жылкы сезонунун аяктоосуна 4 тур калды. Сезондун 17-жарышы Японияда өтүп, баш байгеге ээ болгон немис Нико Росберг жеңишти эч кимге берчүдөй эмес.

Жалпы жыйынтыкта Росберг менен экинчи орунда келе жаткан англиялык Льюис Хэмилтондун ортосунда 33 упай бар. Япония гран-присинде атаандаштары тарабынан жеткиликтүү каршылаштыкка кабылбаган Росберг чемпион болуу үчүн мындан кийинки жарыштарды жеңүүгө муктаж эмес. Ал болгону алдыдагы 4 жарышта негизги атаандашы Льюис Хэмилтондун артында көп калбоосу керек.

Судзука шаарындагы гран-при Хэмилтон үчүн абдан маанилүү болгону менен ал жарыштын башында эле көптөгөн катачылыктарга жол берип, үчүнчүлүк орунга ыраазы болсо, экинчиликти голландиялык Макс Ферстаппен багындырды.

Буга чейинки 16 жарыштын сегизинде Нико Росберг, алты жолу Льюис Хэмилтон, Макс Ферстаппен жана австралиялык Даниель Риккардо бир жолудан марага биринчи келишкен. Сезондун жеңүүчүсүн аныктоочу жалпы жыйынтыктын тизмесинде Нико Росберг 313 упай менен биринчиликте, Льюис Хэмилтон 280 упай менен экинчи орунда келе жатат. Бул эки жарышчы да Mercedes командасынын пилоттору. Ал эми Red Bull Rаcing командасынын атынан жарышкан Даниель Риккардо 212 упай менен үчүнчү орунда. Кийинки жарыш 21-октябрда АКШнын Остин шаарында өтмөкчү.

Формула-1 жарышындагы алгачкы жеңишине жакындаган 31 жаштагы Нико Росберг — белгилүү финландиялык автожарышчысы 1982-жылдагы Формула-1дин жеңүүчүсү Кеке Росбергдин уулу. Нико Росбергдин буга чейинки эң чоң ийгилиги -2014-2015-жылдардагы экинчи орунга илинген байгелери.

Жыл сайын негизги жарыш менен катар эле Формула-1деги автоболиддерди даярдаган компаниялар арасында да эң мыктылары аныкталат. Бул жолу эки пилоту тең байгелүү орундарда келе жаткан немистердин Mercedes командасы жарыш бүтө элек жатып биринчиликти жеңип алды. Ушуну менен Mercedes үч жолу катары менен жеңишти эч кимге бербей келе жатат. Ал эми экинчи орунду Австриянын Red Bull Rаcing командасы, үчүнчүлүктү италиялык Ferrari ээледи.

Азат Акаев

Булак: Де-Факто 

Чынарбек Изабеков, алтын медалдын ээси: “Мелис Турганбаев экөөбүз бала кезде бир залда күрөшчүбүз”

7-9-октябрь күндөрү Польшада  ардагерлер арасында өткөн күрөш боюнча таймашта Кыргызстандан барган Чынарбек Изабеков менен мурдагы ИИМ министри Мелис Турганбаев атаандаштарын көтөрүп чаап далысын жер жыттатып,  Кыргызстандын намысын бийик көтөрүп жеңиш менен келишти. Тагыраак айтканда Чынарбек Изабеков 46-50 жаш курак чегинде 97 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты. Алгачкы таймашта ал Түштүк Африкадан келген Фредерик Дю Преени утуп жарым финалга чыгып, андан соң жарым финалдык беттеште польшалык Иренеузу Пепловский менен беттешип, атаандашын 7:0 эсебинде таза жеңиш менен утуп алган. Ал эми балбан Мелис Турганбаев  коло медаль үчүн польшалык Сильвестр Петро Сзыманский менен беттешип, 11:0 эсебинде жеңишке жетишкен. Бүгүн биз алтын медалдын ээси, жоон билек ардагер балбан Чынарбек Изабеков мырзаны кепке тартып жооп алдык…

-Чынарбек мырза, жеңиш кут болсун, жеңем деп ойлодуңуз беле?

-Албетте, жеңем деген ой менен күрөшсөң  жеңесиң да. Мен жеңем, алтын медаль алам, атаандашым ким болбосун төбөсү менен жерге сайып утам деген максатта баргам. Максатым орундалып, атаандаштарымды жеңип алдым. Алтын медалды моюнга илдим.

-Күрөшүп келе жатканыңызга канча болду?

-20 жашка чейин  күрөшкөм. Атаандаштарымды уткам,  утулгам. 21 жашымда ден соолугума байланыштуу спортту таштоого туура келген. Себеби белимди оорутуп алгам. Отуз жаштан өткөндөн кийин мен ойлобогон оорулар пайда болду. “Кант диабети” деген дартка чалдыктым. Дарыгерлерге кайрылсам дарыдан башка эч нерсе кыла алышпады. Айлам кетип кайра баштагы спортко кайтып келдим. Жумасына төрт жолу спорт залга бара баштадым. Күрөшө баштадым. Бир жылча тынбай машыккан соң “кант диабетимдин” өлчөмү кадимкидей азайды. Эки жыл залга барган соң, “Кант диабетим” такыр эле жоголдук. Азыр Кудайга шүгүр, оорудан алысмын. Белим  ооруп  кыймылдай албай калчу элем, турникке тартынып  кыймылдап тургандыктан белим такыр оорубай калды. Өзүмдү аябай жеңил сездим. Колдон келсе спортко көңүл буруш керек экен. Азыр балдарымды дагы спорт менен машыккыла, күрөшкүлө деп залга жиберип жатам. Үч уулум бар. Улуусу 20 жашта. Үчөө тең мага окшоп залга барып спорт менен машыгышат.

-Мелис Турганбаевди жакындан тааныйсызбы?

-Ооба, жаш кезде бир залда күрөшүп машыкканбыз. Кийин байланышпадык. Бул жолу кайра чогуу болдук. Мелис Турганбаев 15 жылдан бери спорт менен машыгат экен. Сууда сүзөт экен, күрөшөт экен. Польшада өтчү күрөшкө  ал дагы катуу даярданыптыр. Жыйынтыгында коло медалга ээ болбодубу.

-Буга чейин дүйнөлүк аренада күрөштүңүз беле?

-Былтыр Грецияда өткөн ардагерлер арасында күрөшкө катышып 95 килограмм салмакта күрөшүп алдыңкы орунга чыккам. Быйыл 97 килограммга чейинки салмакта күч сынаштым.

-Сиздердин жеңишке ээ болушуңуздарды мамлекет кандай баалады?

-Мамлекет эч кандай деле баалап, жеңип келдиңер деген жок. Азырынча эч ким деле куттуктап, эч нерсе айта элек. Польшага барчу жол киребизди өзүбүз төлөп бардык. Башка жактын спортчуларын барып келген жол киресин мамлекет төлөп берет экен. Биз ушинтип өзүбүз төлөп келдик десек ишенишпей, аябай таң калышты. Мелис Турганбаев экөөбүз тең эки медалды алып кетсек ого бетер таң калышты. Себеби башка жактын спортчулары  биздей болуп экөө эле барбай, бери дегенде 20 спортчу келиптир. 20 спортчу биригип, бир же эки медаль алып жатышты да. “Силер болгону экөөңөр келген экенсиңер, анан экөөң эки медалды алып кетесиңерби” деп суктанып да, таң калып да жатышты.

-Дагы канча жашка чейин күрөшөсүз?

-Кудай күч-кубат берсе 60 жашка чейин күрөшөм деген ой бар. Америкада 60 жашка чейин дүкүлдөп күрөшө беришет эмеспи. Бизде болсо кырктын кырына чыкпай шылкыйып карылыкка моюн сунабыз. Антпешибиз керек. Жаш кезден спортко жакын болуп спортту сүйсөк өмүрүбүз ошончолук узак болооруна менин көзүм жетти.

Мирлан Алымбаев

Булак: Фабула 

Улукман Маматов, эркин күрөш боюнча Кыргызстандын 4 жолку чемпиону: “Олимпиада оюндарында ийгилик жаратмайынча спортту таштабайм”

Өлкөбүз таланттуу, келечеги кең спортчулардан кур эмес. Бүгүнкү каарманыбыз эркин күрөш боюнча Кыргызстандын 4 жолку чемпиону, 2013-жылы Дүйнөлүк рейтингде мыкты балбандардын арасында 10-катарда турган, Эл аралык класстагы спорт чебери Улукман Маматов “спортчуларга жакшы шарт, чет өлкөдө машыгууга мыкты мүмкүнчүлүктөр түзүлсө кыргыз спортунун келечеги бар” дейт. Анда алдыда Олимпиада оюндарына катышып ийгиликке жетмейинче спорттон кетпейм деген Улукман кыргыз спортунун күңгөй-тескейи, спортко кантип азгырылып калганы тууралуу кеп салат.

— Улукман маегибизди спортко кантип келип калганыңдан баштасак?

— Мен спорт ааламына 11 жашымда келдим. Менден улуу Баатыр деген бир тууган байкем бар. Ал спорттун эркин күрөш түрү менен машыкчу. Аганы көрүп ини өсөт дейт эмеспи, андан үлгү алып жүрүп, аны менен машыгуучу спорт залына ээрчип барып жүрүп эле кызыгып кеткем. Өзүм Бишкек шаарындагы Ак-Өргө жаңы конушунда окуп, өстүм. Ошол жактагы машыгуучу залда машыктым. Мен эркин күрөш менен машыгып баштагандан бир жума өтпөй эле биринчи жолу мелдешке чыгарышкан. Ал мелдештен 3-орунду берип, диплом, медаль менен сыйландым. Бул жеңиш мага спортко кызыгуума чоң стимул болду окшойт. Биринчи машыктыруучум Анарбек Усенканов менен Азамат Асанбеков агайлар болушту. Азыр деле ушул агайлардын кол алдында машыгам. Эркин күрөш менен машыкканыма 13 жыл болуптур, негизи башында спортто мынча жыл кармалам деп ойлогон эмесмин. Көрсө спорт да өзүнчө кумар турбайбы. Бир даамын татып алгандан кийин аны таштоо кыйын экен. Бала кезимде мектепти бүтсөм, жогорку окуу жайга тапшырып илимпоз болом дечүмүн.

— Көпчүлүк спортчулар биринчи орунга машыгууну, экинчи орунга окуусун коюшат экен. Сенин оюңча кандай болушу керек?

— Албетте спортчу үчүн биринчи орунда машыгуусу, спорттогу карьерасы турат. Бирок билим алууну да аксатпашы керек деп ойлойм. Кээде окуу менен машыгууну айкалыштыра албай каласың. Анткени спортчулардын көбү чет өлкөдө, аймактарда машыгууда көп жүрүшөт. Ошондуктан балким айрымдар жетише албай жаткандыр. Мен окуган окуу жайдын атынан көп эле мелдештерге катышып намысын коргоп жүрдүм. Кээде мугалимдер да биздин абалды түшүнүп сессияларда, модуль бергенде жардам берип коюшат. Өзүм Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин алдында транспорт жана коммуникация институтун бүтүргөм.

— Спортто 13 жыл жүрүп эмне таптың?

— Көп мамлекеттерди кыдырдым, чет элдин жашоосун көрдүм. Өзүмдү Эл аралык мелдештерде сынап, бир топ ийгиликке жеттим десем болот. Парижде өткөн Эл аралык мелдеште 3-орунду алгам, 2013-жылы Индияда өткөн Азия чемпиондугунда коло медалдын ээси болдум. Казакстанда өткөн Динмухамед Кунаев атындагы Эл аралык мелдеште 3-орунду, Арменияда өткөн Степан Саркисян атындагы мелдеште 2013-жылы 2-орунду, ал эми 2015-жылы 3-орунду алдым. Бразилияда өткөн Олимпиада оюндарына катышуу башкы кыялым болчу. Тилекке каршы Лас-Вегас шаарында Олимпиадага лицензия алчу мелдеште жаракат алып күрөшпөй калдым. Үч ай ден-соолугумду калыбына келтирип жаттым. Андан соң лицензия алчу Түркияда өтө турган дагы бир Эл аралык мелдешке даярданып Орусияда машыгууда жүргөндө колумду кокустатып, ал жакка да барбай калдым. Муну менен менин спортко болгон көңүлүм сууп калган жок. Спортто ийгиликтер менен кошо ийгиликсиз күндөр да болуп турат. Андыктан бул сыноолор мени тескерсинче чыңалтты. Учурда кызуу машыгуудамын. Олимпиада оюндарында ийгилик жаратмайынча спортту таштабайм.

— Спортчулар жеңилгенде катуу депрессия болушат дейт, сен бул илдетти кантип жеңгенсиң?

— Ооба андай учурлар болот. Азыркы мезгилде көп спортчулардын жеңишин калыстар да чечип коюшат. Өкүнгөнүм, 2012-жылы Таиландда өткөн Дүйнөлүк чемпионатта күрөшүү маалында акыркы раундда менин атаандашыма жок жерден бал берип койгон. Аны утсам коло медаль үчүн армениялык балбан менен кез келмекмин. Ошондо калыстын жөн жерден эле бал берип койгонуна ичим ачышып жаман болгонмун. 5 мүнөт “видеону кайра түрдүрүп карагыла” деп килемди бошотпой отуруп алганмын. Бирок калыстар карабай коюшту. Ошол Дүйнөлүк чемпионатта коло медаль алган армениялык балбанды кийин мен бир айга жетпей башка мелдеште утуп алдым. Ушундай кырдаалда калыстар адилетсиздик кылса албетте капа болосуң. Бирок мунун баарын кайра эле күрөшүп, калыстарды кошо жеңип ийгиликке жетиш керек деп ойлойм.

— Чет өлкөгө машыгууга көп жолу чыгыптырсың, башка өлкө менен биздин өлкөнүн спортко болгон мамилесинде айырмачылыктар болсо керек?

— Ооба, айырмачылыктар бар. Биздин спортчуларга витамин жетишсиз. Өзүңүздөр билгендей Эл аралык мелдештерге чыкканда салмак кууйбуз, ошонун айынан эртеси калыбыңа келе албай шалдырап мелдешке чыгасың. Ал эми башка өлкөлөрдүн спортчуларынын фармакологиялык жактан камсыздоосу мыкты, ошондуктан алардын спортчулары бат калыбына келишет. Биздин мамлекет да дүйнөлүк мелдештерди өткөргөнгө шарт болсо өсчү балдарыбыз көп.

— Сен үлгү алган, кумир туткан балбандар кимдер?

— Чынын айтсам кумирим деле жок, өзүмө дүйнөлүк аренада күрөшкөн Бувайсар Сайтиев, Жордан Барроуздун, ал эми биздикилерден Кенжебек Өмүралиев агайдын күрөшкөндөрү жагат. Алардын күрөшкөн видеолорун көрүп техникасына, ыкмаларына суктанам.

— Олимпиадада жеңүү үчүн биздин спортчуларга эмне керек?

— Спортчунун каалоосу күчтүү болушу керек. Анан экинчи орунда албетте мамлекеттин камсыздоосу зарыл. Эркин күрөш профессионалдык спорт түрү болгондуктан биздин өлкө эркин күрөшкө бөлгөн каражат Олимпиада оюндарын, Дүйнөлүк чемпионаттарды утууга аздык кылат деп ойлойм.

— Атаандаштык болбосо өсүү болбойт дешет, спортто да атаандаштык болуп турса керек? Сенин Кыргызстандагы атаандаштарың да күчтүү болсо керек?

— Бизде башка өлкөлөргө салыштырмалуу атаандаштык өтө күчтүү эмес. Буга чейин Пекиндеги Олимпиада оюндарында 5-орунду алган Базар Базаргуруев менен атаандашып келчүбүз, экөөбүз көп жолу күрөштүк, кээде бирибиз жеңсек, экинчибиз жеңилебиз.

— Кепти жеке жашооңо бурсак? Кичи мекениң, ата-тегиң, үй-бүлөң тууралуу айтып кетсең?

— Бишкекте чоңойгонум менен түбүм Алайдан болот. Баргы деген ууруданмын. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз, эки байкем, эжем бар. Мен эң кичүүсүмүн. Ата-энем спортто жараткан ар бир ийгилигиме кубанып, керек учурда башкы демөөрчүм да болуп турушат. Айрыкча улуу байкем мага моралдык да, материалдык да көп колдоо көрсөттү.

Б.Болотбек кызы

Булак: “Жаңы ордо”

Меню