Menu

ФОТОРЕПОРТАЖ

Акылбек Жапаров Баткен облусунун 102 жаштагы тургуну Асал Абдиломутованы Карылар күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Баткен районунун Рават айылынын 102 жаштагы тургуну Асал Абдиломутовага жолугуп, ал-абалынан кабар алып, аны Карылар күнү менен куттуктады.

Министрлер Кабинетинин башчысы ага чың ден соолук жана бакубат жашоо каалады.

Асал Абдиломутова – тылда эмгектенген, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун жесири.

Акылбек Жапаров Бишкекте №75 мектеп-лицейдин ачылышына катышты

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров №75 жалпы билим берүүчү мектеп- лицейдин ачылыш аземине катышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, мектептин имараты авариялык абалда болгон, буга байланыштуу 550 окуучуга эсептелген жаңы мектепти куруу чечими кабыл алынган.

«Бүгүн биз жаңы, заманбап мектепти ачып жатабыз, анда өлкө жетекчилигинин, борбордун мэриясынын аракети менен балдардын билим алуусу жана инсандык өнүгүүсү үчүн жакшы шарттар түзүлдү. Билимди алуу жана топтоо гана эмес, алган билимди иш жүзүндө пайдалана билүүнү үйрөнүү керек. Билим берүү тармагында реформаларды баштап, 12 жылдык билим берүүгө өтүп жатабыз. Балдарыбыздын мамлекеттик, расмий жана англис тилдерин эркин билүүсүнө өзгөчө көңүл бурулат. Биздин жарандар өлкөдө жашап, дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда эмгектенишине кызыкдарбыз», – деди Акылбек Жапаров.

Маалымат үчүн: Эки кабаттуу билим берүү мекемеси 20 окуу классынан турат. Жер участогунун жалпы аянты – 1,8 га, ал эми имараттын аянты 5607 кв. метрди түзөт.

Мектепте бардык зарыл көмөкчү кабинеттер: кийим илигичи менен вестибюль, санитардык кабинеттер, канцелярия, универсалдуу мастерской, кыздар үчүн эмгек классы, дарыгердин, техникалык кызматкерлердин, машыктыруучунун кабинети, инвентарларлар коюулуучу, дарылоо бөлмөлөрү, ашкана, түштөнүү залы. кийим алмаштыруучу жай, лабораториялар, китепкана, окуу залы жана жыйындар залы каралган.

Окуу класстарынан тышкары мектеп имаратында өзүнчө блок менен бөлүнгөн музыка класстары да бар.

Чек ара кагылышында танктын ичинде тирүүлөй күйүп кеткен 3 жоокердин сөөгү бүгүн "Ата-Бейит" комплексинде жерге берилди

Бүгүн, 26-сентябрда, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардын жүрүшүндө курман болгон УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери – танк экпиажынын мүчөлөрү Шерали Анаркуловдун, Санжарбек Анаркуловдун жана Жаңыбай уулу Тилектин сөөгү жерге берилди.

Экипаждын үч мүчөсү аткылоонун натыйжасында танктын ичинде тирүүлөй күйүп кетишкен. Сөөктөрдү аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар жасалган.

Мамлекет башчысы курман болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, митинг-реквием өттү.

Митинг-реквиемдеги өз сөзүндө  Президент Садыр Жапаров төмөнкүлөрдү белгиледи:

Урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүн биз Кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактап, Эгемен Кыргызстанды кийинки урпактарга – бизге мурас кылып калтырып кеткен ата-бабаларыбыздын сөөгү жаткан ыйык Ата-Бейитте турабыз. Бирок бул жолу демейкидей алардын рухтарына таазим этип, Куран окуганы эмес, алардын катарына Кыргызстандын аймактык бүтүндүгү, кыргыз элинин бейпилдиги үчүн өмүрүн сайып, курман болгон эр жүрөк жоокерлерибиздин катарындагы азаматтарыбыз – Шерали Ураимбекович Анаркуловду, Санжарбек Нурмаматович Анаркуловду жана Жаңыбай уулу Тилекти акыркы сапарга узатууга келип,  кабыргабыз кайышып турат.

Курман болгон баатыр жоокерлерибиздин ата-энелерине жана ага-туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ушундай эр жүрөк уулдарды тарбиялап өстүргөнүңүздөргө башымды ийип, таазим кылам. Эр-азамат уулдарыбыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Баатырларыбыздын эрдиги эч качан унутулбайт. Алардын аттары эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калат.

Урматтуу агайын туугандар!

Бул күндөрдө жалпы кыргызстандыктар, алыс-жакында жүргөн мекендештерибиз – баарыбыз Баткен жергесине болгон куралдуу кол салуунун, агрессиянын натыйжасында 62 жараныбыздын өмүрү кыйылганына сай-сөөгүбүз сыздап турган убагыбыз.

Буга чейин эле көйгөй жараткан кыргыз-тажик чек арасын Кыргызстан тарап ар дайым сүйлөшүү жолу менен чечүүгө умтулуп келген. Дегеле кыргыз эли эч качан бирөөнүн жерине көз артып, кандай жол менен болсо да басып алайын деген эл эмес. Кыргыз эли – ар дайым калыстыкты туу туткан, акыйкат жолду тандаган, нарк күткөн айкөл эл, бийик эл. Пейилин кенен коюп, кучагын жайып, канчалаган элдерди батырган кеменгер эл. Айкөл Манас атабыз “Кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган” эл.

Таза ниет менен салам айтып келгенге сунаарга ашы даяр, жаман ниет менен келгендерге кынында кылычы даяр элибиз тарых барактарында далай жолу катылгандын катыгын берип келген улуу эл!

Ал эми кылымдардан бери коңшу жашап келе жаткан тажик элинин башында тургандар чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүнүн ордуна, алдын ала чагымчыл план түзүп, бир эле учурда ар кайсы жерден чабуул жасап, маселени агрессия жолу менен чечип жерлерин басып эле алабыз  деген арам ой менен Кыргызстанга кол салышты. Ал тургай чек арадан алыс жайгашкан облустун жүрөгү – Баткен шаарын дагы реактивдүү куралдар менен аткылашты. Өрүкзарлуу Баткен жергебизге бүлүк салды. Бейпил жаткан элибиздин башына каран күн түштү. Жүз миңдеген элибиз туруктуу конушунан козголуп, кооптуу аймактарга кетүүгө аргасыз болду.

Бирок кыраан Манас атабыздын урпактары Ата Журттун топурагын көркоолорго тепселетпейбиз деп, Баткен жерине оор техникалар менен бастырып кирген баскынчыларга татыктуу жооп кайтарды, тикесинен тик туруп, аскерий техникаларынын таш-талканыны чыгарып, артка кууп чыгышты. Бири кем дүйнө, куралдуу жаңжалда душмандын ажал бүрккөн окторунан Мекенин сүйгөн эр-жигиттерибиздин кырчындай өмүрлөрү кыйылды. Алардын аталары сыздап, энелери боздоп, жубайлары, балдары кан какшап ыйлап калышты. Кайрат кылыңыздар, мамлекет силерди унутта калтырбайбыз.

Элимдин, жеримдин бейпилдигине жооптуу болгон менин да жүрөгүм тилинип, канап турат.

Баскынчылар басып кирип, өлүм огун жамгырдай жаадырып киргенде: “Баткенибиздин бир укум жерин да баскынчыларга бербейбиз” деп аскер башчысына доклад кылып жаткан жүрөгү тоо жоокерлерибиз, булар кыргыз элимдин кыраандары!  “Аруу кыргыз жерине душмандын бутун бастырбайбыз, акыркы огубуз калганча атышабыз” деп жалындаган ар-намыска бек эр-азаматтарыбыз, “жоо колуна түшкүчөктү аларды чогуу ала жатайын” деп гранатасын жардырып, өлүмгө тике караган кыраандарыбыз дүйнөгө эр Манастын урпактары экендиктерин дагы бир жолу тастыктап кетишти.

Кымбаттуу калайык калк!

Башына күн түшкөндө бир туунун астына биригип, кыйын кырдаал жаралганда бир муштумдай түйүлүп, ар кандай турмуш сыноолорунан татыктуу чыгып келген элибиз бул ирет дагы ынтымагынан жазган жок.

“Баткеним биз сени менен!” деген ураан астында бүт кыргызстандыктар Баткенге кол сунду. Ак саамалайлуу апаларыбыз: “Муңайбагыла, башыңарды бийик көтөргүлө, балдарым! Силер баатыр элдин тукумусуңар!” деп дем берип турса, ар улуттагы жарандарыбыз, атүгүл тажик улутундагы жарандарыбыз дагы, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз, атүгүл кичинекей бөбөктөрүбүздөн бери өз муктаждыгына деп чогулткан тыйын-тыпырларын тапшырып жатышты. “Жаным жандаш, каным кандаш” деп, кан тапшыргандар күн-түн дебей кезектешип кан беришти. Алыс-жакында жүргөн мекендештерибиз: “чек арадагы көкжалдарыбызга эмне жабдуулар керек болсо, алып беребиз” деп алыстан боор тартып, сарсанаа болуп турушту.

Мына ушундай биримдиги бекем, ынтымагы чың кыргызстандыктарымдын  улуу салтынан, улуу наркынан айланып кетсе болот. Барыңыздарга ырахмат айтамын! Мындай урагыс биримдиги турганда кыргыз элин эч ким жеңе албайт!

Урматтуу баатыр уулдардын ата-энелери, жубайлары, ага-туугандары!

Силердин арка-бел туткан тооңор көчкөн жок! Чырак туткан ак шамыңар өчкөн жок! Силердин уулдарыңар Мекен үчүн шейит болушту. Жараткан шейит даражасын баарына эле буюра бербейт. Бул баатырлардын артында калдайган калың кыргыз эли, аскасы бийик кыргыз жери турат! Баатырларынын эрдигин даңктап, атын өчүрбөй турган эгемен мамлекети турат! Айкөл кыргыз эли, эгемен кыргыз мамлекети силерге арка-бел, шам-чырак болуп берет!

Кайрат кылыңыздар! Сабыр кылыңыздар! Кайратыңыздардан жанбаңыздар!

Кадырлуу кыргызстандыктар, кылымдарды карыткан кыргыз эли мындай кыйчалыш кырдаалдардын далайын баштан кечирип, биримдиги менен жеңип чыккан улуу эл экенибизди унутпайлы. Мындан ары дагы ошол улуу нарк менен башыбызга кандай гана күн келбесин, баарын жеңип чыгабыз.

Биз жамы кыргыз журтчулугу үчүн мааниси терең, Кыргызстанга расмий иш сапарлар менен келген чет өлкөлөрдүн жетекчилери келип урмат кылып, баш ийе турган Ата-Бейитке Баткен чегин коргоп жатып курман болгон баатырларыбызга арнап эстелик-монумент тургузабыз. Бул монументке чек арабызды коргоп жатып курман болгон жоокерлерибиздин бардыгынын ысымдары киргизилет.  Ар жылы келип, мамлекет түптөгөн ата-бабаларыбызга, эгемендик үчүн, Мекен чеги үчүн курман болгон жоокерлерибизге таазим кылып, эскерип турабыз. Аларга баатырлар деген наам ыйгарылат.  Себеби, бул инсандар кыргыз мамлекетинин жаркын келечеги үчүн жан берип, өз кандары менен тарых жазышты. Ошондуктан алардын урматына ар дайым башыбызды ийип, таазим кылышыбыз абзел. Кийинки муун өз Мекенинин татыктуу, тарыхый атуулдарын билиши керек! Алар менен ар качан сыймыктанып, эрдиктерин жана каармандыгын даңазалап айтып жүрүшү кажет! Ошондо өткөндү сыйлап, келечекке умтулган болобуз! Ошондо ишибиз оң, багытыбыз түз болот!

 Канын кең Мекенине, жанын Кыргызстан жерине арнаган бир боорлорум! Ала-Тоонун калканы болуп, акка моюн сунган азаматтар!

Силер кылымдарды карыткан улуу Кыргызстан элинин бейпилдиги, керемет Кыргызстан жеринин тынчтыгы үчүн кармашып жатып курман болдуңар. Берген антыңарга бекем турдуңар, айткан шертиңерден кайткан жоксуңар. Кыргызстандын намысы деп жатып жан бердиңер. Силердин Мекен деп төккөн каныңар жерде калбайт, эрдигиңер эч качан унутулбайт. Атыңар өчпөй ааламга тарайт, кылымдарга жашайт. Силер менен ата-энеңер, уул-кыздарыңар эле эмес, жалпы кыргызстандыктар сыймыктанат. Силердин баатырдыгыңар, каармандыгыңар менен кийинки муун сыймыктанып, “Кыргызмын”, “кыргызстандыкмын!” деп баштарын бийик көтөрүп, душмандын көзүнө тике карашат!

Кымбаттуу баатырларым, жаткан жериңер жайлуу, топурагыңар торко болсун! Жаратканым бейишинен  берсин!”.

Президент белгилегендей, «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек араны коргоодо аскердик милдетин өтөө учурунда курман болгон аскер кызматчыларынын элесин түбөлүккө калтыруу максатында эстелик орнотулат.

Мамлекет башчынын сөзүнөн кийин аза күтүү музыкасынын коштоосунда Ардактуу кароол ротасы УКМКнын Чек ара кызматынын үч аскер кызматкери – танкчылар Шерали Анаркуловдун, Санжарбек Анаркуловдун жана Жаңыбай уулу Тилектан сөөгүн жерге беришти.

Үч жолу ок атылды. Президент Садыр Жапаров жоокерлердин мүрзөсүнө  топурак салып, куран окулду.

Бишкекте пилоттук негизде Түштүк Кореядан келген “New Pioneer Co., LTD” компаниясынын жол тосмолору орнотулду

Пилоттук долбоордун алкагында Чүй проспектисинде “Россия” кинотеатрынын маңдайында шлагбаум тибиндеги жол тосмосу пайда болду. Бул тосмо Түштүк Кореядан келген “New Pioneer Co., LTD” компаниясы тарабынан “Бишкекасфальтсервис” МИнин жардамы менен орнотулган, узундугу 100 метр, тосмо бышык материал поливинилхлоридден жасалган.
Бул пилоттук аймак жол кыймылынын жана жөө жүргүнчүлөрдүн көптүгүнө байланыштуу шаар жолдорунун ичинен тандалып алынган.
Белгилей кетсек, Биринчи Май районунун жол инфраструктурасын өнүктүрүү максатында аталган ишкана менен меморандум түзүлгөн.
Маалымдама: “New Pioneer Co., LTD” Түштүк Кореяда жайгашкан жана аккредитацияланган компания жол капталындагы тосмолорду жана жолдордун огуна орнотулган бөлүүчү тосмолорду, ошондой эле үн өткөрбөй турган тосмолорду чыгарууга адистешкен. Аталган компаниянын продукциялары көптөгөн сыноолордон ийгиликтүү өткөн.

Тажикстандын куралдуу агрессиясынан талкаланган Баткен облусундагы объектилер боюнча дипломаттар жана ЖМК өкүлдөрү үчүн пресс-тур өткөрүлдү

Тажикстан Республикасы тарабынан 2022-жылдын 14-17-сентябрында орун алган куралдуу агрессиянын натыйжасында талкаланган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун аймагындагы социалдык жана инфраструктуралык объектилер боюнча дипломаттар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс-тур өткөрүлдү.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери жана эл аралык уюмдардын, ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Тажикстан Республикасынын куралдуу агрессиясынан эң көп жабыркаган Лейлек жана Баткен райондорунун Интернационал, Максат, Достук жана Капчыгай айылдарында болушту.

Жергиликтүү тургундар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери болгон окуялар жана Тажикстан Республикасы тараптан келген куралдуу топтордун мыйзамсыз аракеттери тууралуу айтып берип, талкаланган жана тонолгон турак-жайларды, мектептерди, бала-бакчаларды, базарларды, административдик жана социалдык объектилерди, милициянын пункттарын жана башка инфраструктуралык объектилерди көрсөтүштү.

Эске салсак, Тажикстан Республикасы тарабынан пландалган куралдуу кол салуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын 59 жараны курман болуп, 198 адам ар кандай оордуктагы жаракаттарды алышкан жана 140 миңден ашуун жергиликтүү тургун эвакуацияланган. Ошондой эле 374 турак-жай, 171 чарбалык объект, 10 социалдык объект (5 мектеп, 2 бала бакча, 3 медициналык мекеме), 153 турмуш-тиричиликти камсыздоо объектилери талкаланган жана жабыркаган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган иш-чарага Франция Республикасы, Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу, Украина, Кытай Эл Республикасы, Америка Кошмо Штаттары, Венгрия Республикасы, Корея Республикасы, Иран Ислам Республикасы, Беларусь Республикасы, Монгол Эл Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Катар Мамлекети, Индия Республикасы, Россия Федерациясы жана Азербайжан Республикасы сыяктуу өлкөлөрдүн аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Мындан тышкары, пресс-турга Европа Биримдиги, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму, БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгы, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Эл аралык Кызыл Крест, Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондусу сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Чили Республикасынын, Сан-Марино Республикасынын, Португалия Республикасынын жана Кипр Республикасынын ардактуу консулдары катышты.

Акылбек Жапаров Баткен облусундагы куралдуу кагылышууда жаракат алган жарандардын абалынан кабар алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышууларда жаракат алган балдардын жана жарандардын абалынан кабар алды.

Акылбек Жапаровго Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда тийиштүү дарылануу жана психологиялык жардам алып жаткан 7 баланын абалы тууралуу маалымат берилди.

Андан соң Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталында дарыланып жаткан жарадар болгон жарандарга жана аскер кызматкерлерине барды. Учурда медициналык мекемеде 36 адам дарыланууда, жабыркагандардын абалы орто жана оор деп мүнөздөлөт.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы бардык жабырлануучулар тийиштүү дарылануу жана андан ары ден соолугун калыбына келтирүү менен камсыздалаарын баса белгиледи.

Акылбек Жапаров жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалады.

Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери менен “Самарканд Жибек жолу” туристтик комплексинде бак отургузууга катышып, «Түбөлүк шаар» комплекси менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, Самарканд шаарына (Өзбекстан Республикасы) Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине келген мамлекет башчылары менен бирге көчөт отургузууга катышты.

Символикалык иш-чарага Өзбекстанга ШКУнун мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына келген өлкөлөрдүн лидерлери катышты.

Көчөттөрдү биргелешип отургузуу ШКУнун саммити өтүп жаткан «Самарканд Жибек жолу» туристтик комплексинде өттү.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров өлкө башчылары менен бирге «Түбөлүк шаар» комплексинде болуп, ал жердеги орто кылымдардагыдай стилдештирилген базарды, карапа, жибек кагаз, зергерчилик, килем токуу жана башка буюмдарды жасоочу устаканаларды көрүп чыкты.

“Түбөлүк шаар” менен таанышкандан кийин мамлекет башчылары майрамдык концерттик программанын коштоосундагы бейформал сый тамакка өтүштү.

 

Бишкектин Мурас-Ордо конушунда стоматологиялык кабинети, 40 класста проектор экрандары, спорт аянтчалары бар Төлөгөн Касымбеков атындагы мектеп ачылды

Билим берүү тармагына мамлекеттик инвестициянын көлөмү келерки жылы 64 млрд сомго чейин жогорулатылат. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы Мурас-Ордо жаңы конушундагы мектептин ачылыш аземинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

«Бүгүн 5 жылдан бери курулушу бүткөрүлбөй келген мектепти ачып жатабыз. Анын курулушуна 136 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн. Мектеп заманбап технологиялар менен жабдылган жана эл аралык стандарттарга жооп берет. Тактап айтканда, 40 класска проектор экрандары орнотулуп, жыгач устачылык жана ашпозчулук класстары бар, тигүү жабдыктары орнотулуп, спорт залы жана спорт аянтчасы курулган. Мындан тышкары стоматологиялык кабинет иштейт. Бул шарттардын баары мурда жеке менчик мектептерде гана болсо, эми мамлекеттик мектептерде да мындай шарттар болот. Көрсөтүлгөн инфраструктура донорлордун эсебинен эмес, бюджеттик каражаттардын эсебинен түзүлдү», – деди ал.

Министрлер Кабинетинин башчысы билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолуп, күчтүү кесипкөй кадрлар менен чыңдоо үчүн мектеп директорлорун аттестациялоо жана ротациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Акылбек Жапаров быйыл билим берүү тармагына 47 млрд сом бөлүнгөнүн, келерки жылы мамлекеттик инвестициянын көлөмү 64 млрд сомго чейин көбөйтүлөрүн белгиледи.

«Мектептерди өнүктүрүүгө 5 млрд сом бөлүүнү пландап жатабыз. Министрлер Кабинети мектеп окуучуларын ноутбуктар, жаңы электрондук окуу китептери менен камсыз кылуу, дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринин тажрыйбасын өздөштүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул мектепке кыргыз элинин залкар жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун ысымы ыйгарылган. Мындан ары мектептерге, бала бакчаларга жана башка социалдык-маданий объектилерге тарыхый инсандардын, улуттук классиктердин ысымдары ыйгарылат. Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекеттик саясатты өзгөртүүдө. Мамлекет өнүгүү курсун алды. Бизге элдин колдоосу гана керек, бизге биримдик, тынчтык жана ар тараптуу өнүгүү керек», – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Андан соң Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров мектепти көрүп чыгышып, мектеп окуучулары менен баарлашып, билим берүү мекемесинин аймагын жашылдандыруу иш-чарасына катышты.

Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондорун салтанаттуу тосуп алуу болду

Спортчуларыбыздын Белграддагы жеңиши менен кыргыз күрөшүнүн тарыхында жаңы барак ачылды. Бул тууралуу Белград шаарында (Сербия Республикасы) өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрүн салтанаттуу тосуп алуу аземинде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

«Мен жалпы мекендештерди балбандарыбыздын жеңиши менен куттуктайм. Дүйнөнүн 7 миллиард элинин арасында кыргыздар – эң күчтүү, өлкөбүз чемпиондорубуз менен сыймыктанат. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын спортчуларына жана машыктыруучулар курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин саламын жолдойм. Бул эгемендүү өлкөбүз үчүн чоң жеңиш жана жетишкендик», – деди Эдил Байсалов.

Спортчулардын салтанаттуу жыйыны «Манас» эл аралык аэропортунун расмий делегацияларын кабыл алуу залында өттү.

Спортчулар өткөн беттештерден алган таасирлери менен бөлүшүп, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

«Биз мыкты даярдыкта экенибизди, биз дүйнөнүн эң күчтүү командаларынын бири экенибизди далилдедик. Албетте, жеңишке мамлекеттин, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана элибиздин колдоосу менен ээ болдук», – дешти алар.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Бишкек шаарына 17-сентябрда, ал эми эркин күрөш боюнча курама командасы 2022-жылдын 20-сентябрында келет.

Бүгүн өлкөдө 30 жогорку окуу жайында “Бизнес-инкубаторлор” ачылды

Бүгүн, 1-сентябрда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгын утурлай, 30 жогорку окуу жайында “Бизнес-инкубаторлор” ачылды. Бул тууралу Билим жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

“Түзүлүп жаткан бизнес-инкубаторлордун иши Кыргызстандын экономикалык коопсуздугун камсыздоого жана өлкөнүн технологиялык көз карандысыздыгын калыптандырууга багытталат”, – деп билдирди Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров онлайн тартипте өткөн стартап борборлорун ачуу аземинде.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын айтымында, студенттер ар кандай тармактарда стартаптарды түзүүгө жана алдыга жылдыруучу идеяларды иш жүзүндө колдонууга мүмкүнчүлүк алат. Аларга тажрыйбалуу насаатчылар жардам берет.

Ал эми Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири – жаштарды жана келечек муундарды окутуу үчүн ыңгайлуу, заманбап шарттарды түзүү экендигин белгиледи.

“Студент биринчи курстан баштап конкреттүү бир бизнес идеяны акыл-оюнда бышырса, акыркы курста стартап форматында ишке ашырса, анын натыйжасында коом үчүн жаңы жана өтүмдүү болгон бир продукт өндүрүүнү жолго койсо, бул чоң ийгиликке жетүү болуп саналат”, – деди министр.

Министр Алмазбек Бейшеналиев май айынын башында республикадагы он жогорку окуу жайдын (КУУ, КУАУ, КММА, КМТУ, ОшМУ, Нарын МУ, ЫМУ, ЖАМУ, БатМУ) ректорлору жана көз карандысыз эскперттер менен биргеликте Америка Кошмо Штаттарына иш сапары менен барып, жогорку билим берүүгө инновацияларды киргизүү жана билим берүү стартаптарын ишке ашыруу тажрыйбасы менен таанышып келген. Аталган 31 бизнес-инкубаторлор ушул иш-сапардын алкагында ишке ашты.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги “Кыргыз Патент” Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги менен биргелешкен иш планын түзгөн. Анын негизинде студенттик стартаптарды өнүктүрүү, аларды акселерациялоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бизнес-инкубаторлор ачылган жогорку окуу жайлардын тизмеси:

  • Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
  • И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
  • И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
  • К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети
  • Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы
  • И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы
  • К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агарадык академиясы
  • Кыргыз Республикасынын эл аралык университети
  • Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети
  • Кыргыз-Түрк «Манас» университети
  • Б. Ельцин атындагы Кыргызстан-Россия-Славян университети
  • М. Рыскулбеков атындыгы Кыргыз экономикалык университети
  • К. Дыйканбаев атындагы  КРнын ТИМдин алдындагы Дипломатиялык акдемиясы
  • И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту
  • Ош мамлекеттик университети
  • М. Адышов атындагы Ош технологиялык университети
  • А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети
  • Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети
  • Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин
  • Баткен мамлекеттик университети
  • К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети
  • С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети
  • Талас мамлекеттик университети
  • АДАМ университети
  • Борбордук Азиядагы Америка университети
  • Эл аралык Алатоо университети (МУ Алатоо)
  • Эл аралык инновациялык технология университети (МУИТ)
  • Салымбеков университети
  • АВС Академиясы
  • Борбордук Азиядагы эл аралык университети
  • ОИӨК “Кыргызстан эл аралык университети”
  • МАУПФиБ

Меню