Menu

ФОТОРЕПОРТАЖ

Фото - Кыргызстандын эң сулуу кыздары

Бишкекте “Кыргызстан сулуусу – 2017” сынагы жыйынтыкталды.

Сынактын жеңүүчүсү 18 жаштагы Айгерим Бектенбаева болду. Биринчи жана экинчи вице-мисс титулдары болсо Нази Маатказиева менен Виктория Беланга тийди.

Участницы конкурса красоты Красавица Кыргызстана в Бишкеке

Участница конкурса красоты Красавица Кыргызстана в Бишкеке

Булак: “ria.ru

Фото - Кимдин өкүл атасы ким?

Айтылуу “алко магнат” “Аю” ишканасынын жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримовдун өкүл атасы “Ак-Шумкар” партиясынын лидери кадимки Темир Сариев экени маалым. Негедир экөөнүн коюн-колтук алышып жакындашканы деле байкалбайт. Мамилелери кандай болду экен?..

КТРКда жаңылыктарды алып барып, андан кийин парламенттин басма сөз кызматында иштеген белгилүү теле алып баруучу Космос Чыдыновдун өкүл атасы К. Бакиевдин “Ак жол” партиясынын мүчөсү болуп 4- чакырылышта парламент депутаты болгон Рашид Тагаев экендигинен кабардарбыз.

Убагында “Ата-Мекен” партиясынан депутат болгон салабаттуу жигиттердин бири Жоомарт Сапарбаевдин өкүл атасы белгилүү окумуштуу түрколог Кадыралы Конкобаев экендигин Ж. Сапарбаев депутат кезинде гезит беттерине берген интервьюларында айтып жүргөн жайы бар.

“Кабар” мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Нурканбек Керимбаевдин өкүл атасы Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков экени белгилүү. А. Жээнбеков парламент төрагасы болуп турганда Нурканбек Керимбаев төраганын маалымат катчысы болуп эмгектенген.

Булак: “Фабула”

Фото - ОшМУнун 2 студенти Ысык-Көлгө чөгүп кетти

19-июль күнү болжол менен саат 13:00дө Түп районунда ОшМУнун 2 студенти Ысык-Көлгө чөгүп кетти. Ынтымак айылында жайгашкан “Үмүт” (мурдагы “Факел”) пансионатында көлдө 4 бала катамаран менен жүргөн. Алар жээктен белгилүү бир аралыкка алыс сүзүп жүрүшкөндө катамаран сууга оодарылып кеткен.  Андагы эки баала жээкке чейин сүзүп келишкен, ал эми калган экөө чөгүп кеткен.

Куткаруучулар саат 14:15те 1994-жылы туулган А.у.Нурмухамеддин жана 16:27де 1996-жылы туулган А.Бектургандын жансыз денесин табышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

ОшМУнун студенттеринин айтымында, Бектурган жана Нурмухамед окуу жайдын активисттери болгон жана алар спорт менен машыгып жүрүшкөн.

Маалыматка караганда ОшМУнун студенттер тобу Ысык-Көлгө “Ынтымак кербени 2017” деп аталган иш чаранын негизинде келген. Ал топтун курамына активдүү жана жакшы окуган студенттер кирген. Алардын маршруту Ош—Жалал-Абад—Талас—Чүй—Ысык-Көл болгон.

ЖОЖдун жетекчилиги азырынча болгон окуяга коментарий бере элек.

Нурмухамеддин сүрөттөрү:

Бектургандын сүрөттөрү:

Балдардын сөөктөрүн моргго алып кетишти. Жалпысынан куткаруу иштерине 5 киши тартылган. ӨКМдин райондук бөлүмүнүн жетекчиси Б.Казакбаевдин айтымында чөккөндөр Жалал-Абад жана Ош облусунда төрөлгөн. Райондун акими С. Исмаилов маркумдардын сөөктөрүн кичи мекендерине жеткирүү үчүн бардык тиешелүү чаралар көрүлөөрүн белгиледи.

turmush.kg сайтынан кыргызчаланды

Фотобаян - Путин АКШнын 1-айымы Меланья Трамп менен кантип таанышты

“Чоң жыйырмалыктын” саммитинин аянтында Россия президенти Владимир Путин биринчи жолу АКШнын президенти Дональд Трамп менен гана жолукпастан анын жубайы Меланья Трамп менен дагы жолугушту. АКШнын биринчи айымы менен россиялык президент бири-биринин колдорун кысышып учурашышты.

Экөөнүн таанышуусу кандай болгондугун «Газета.Ru» түзгөн фотобаяндан көрө аласыздар.

Фото - Сооронбай Жээнбеков Дүйшөмбү шаарында «CASA-1000» долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн саммитине катышты

Сооронбай Жээнбеков  кечээ, 6-июлда, Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында «CASA-1000» долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн саммитине катышты. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

CASA-1000» энергетикалык долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн саммитине катышуунун алкагында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков  Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Ашраф Гани жана Тажикистан Республикасынын  Президенти  Эмомали Рахмон менен эки тараптуу жолугушуусу болду.

Ошондой эле Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков айыл чарба продуктуларынын көргөзмөсүн барып көрдү.

«CASA-1000» долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн саммитинде Кыргыз Республикасынын  делегация курамында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Өзгөчө жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Мирослав Ниязов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык иштер бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев жана «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев катышышты.

Фото - Жогорку Кеңештин спикеринин кызы турмушка чыкты

Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбековдун Айдай аттуу улуу кызы турмушка чыкты. Анын өмүрлүк жары жеке ишкер Нурдин Медетов болду.

Алардын тоюндагы сүрөттөрдү Турсунбековдордун үй бүлөсүнүн кичүү кызы Бегимай социалдык тармактардын бирине жүктөдү.

Дочь спикера Жогорку Кенеша вышла замуж (фото)

Дочь спикера Жогорку Кенеша вышла замуж (фото)

Фото - Бүгүн Жаш көрүүчүлөр театры (ТЮЗ) көрөрмандарга «Күзгүнүн сыры» пьесасын акысыз көрсөтөт

Бүгүн, 20-июндун кечинде Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры (ТЮЗ) көрөрмандарга белгилүү казак жазуучусу жана драматургу Рахымжан Отарбаевдин  «Күзгүнүн сыры» пьесасын тартуулайт. Бул тууралу театрдын басма сөз кызматы билдирди.

Ага аталган театрдын директору, КРнын эмгек сиңирген артисти Эгемберди Чалабаев режиссерлук кылды.

Тарбиялык мааниси зор чыгарма эч кимди кайдыгер калтырбайт. Автор бул чыгарма аркылуу ата-бабадан келе жаткан салтты кармануу менен бирге улуттук баалуулуктарды сактоого, бир туугандардын ынтымакта жашоого, күнүмдүк турмушта оңой оокатты издеп келечек урпактардын эртеңки тагдырына балта чаап, наркотиктерден арылууга жана ыйман адепти сактоого үндөгөн.

Театрдын администрациясы оюн бекер көрсөтүлөрүн билдирет.

Фото - Ош шаарында 2010-жылдагы июнь окуяларын эскерүү боюнча иш-чара өттү

Ош шаарында бүгүн, 10-июнда, 2010-жылдагы июнь окуяларын эскерүү боюнча иш-чара болуп өттү. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдайт.

Анда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, каза болгондордун туугандары жана Ош шаарынын тургундары катышышты.

Митинг-реквиемде Өкмөт башчы сөз сүйлөп, катышуучулар “Энелердин көз жашы” мемориалына гүл коюшуп, каза болгондор эскерилип, аларга багышталып Куран окулду.

Фото - «Муундар маеги» – “Generanions talk” аталышындагы кайрымдуулук долбоору 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата өткөрүлдү

Бүгүн борбор калаадагы Д. Асанов атындагы “Жеңиш” паркында “Ассанабил” коомдук фонду тарабынан 1-июнь эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата өспүрүм балдардын катышуусунда флешмоб өткөрүлдү. “Муундар маеги” аттуу   саамалыкка 500дөн ашуун томолой жана жарым жетим балдар балдарга арналган.  Майрамдык иш КРнын ЖКнин депутаты Тазабек Икрамов, КРнын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова жана ”Катар Хайрия”  фондунун мүдүрү Халид Вакил, “Ассанабил” коомдук фондунун жетекчиси Саид Баюми, белгилүү коомдук ишмерлер, журналисттер жана   эстрада жылдыздары катышышты.

Салтанатта алгач балдар үчүн оюн-зоок уюштурулуп андан соң өспүрүмдөр тайпаларга  бөлүнүшүп алар көрүнүктүү инсандар менен  ар кыл темада кенен маек курушту. Маектин темасына жараша балдар өз ойлорун сүрөт кылып шайы кебез бетине түшүрүп жатышты. Ал арада келген коноктор үчүн чакан концерттик программа тартууланды. Соңунда балдар тарткан сүрөттөрү жөнүндө ой бөлүшүп, ар бир тартылган сүрөттөр шарларга байланып асманга учурулду. Майрамдык иш чара жыйынтыкталып жатып балдарга белектер жана шириндиктер таркатылды. Ошондой эле майрамга келген  500 баланын ар бирине ар квартал сайын берилип туруучу алты миң сомдон жөлөк пул таркатылды. Майрамдын сонунда келген коноктор куттуктоо сөздөрүн айтышып, баары бир ооздон – “келечек муундарды  өстүрүүдө ушундай иш чаралар керек” экендигин басап белгилеп өтүштү.  Аягында  майрамды уюштурган “Ассанабил” жана “Катар Хайрия” коомдук фондторунун мүдүрлөрү сөз сүйлөп, бүгүнкүдөй иш чара жыл сайын кайталанып тураарын айтышты.

Белгилей кетсек, кайрымдуулук иштери менен алектенген «Ассанбил» коомдук фондунун камкордугунда бүгүнкү күндө жалпы өлкө боюнча 2000 бала бар. Алар ай сайын жөлөк пул жана атайын жардамдардан тышкары өзгөчө майрамдык күндөрдө көңүл сыртында калтырылбай келет. Ал эми  бүгүнкү 1-июнь эл аралык балдары коргоо күнүнө карата Катар элчилиги менен биргеликте өткөрүлгөн иш чарага болгону Чүй өрөөнүндөгү 500 бала катышты.

Меню