Menu

ФОТОРЕПОРТАЖ

Фото - «Муундар маеги» – “Generanions talk” аталышындагы кайрымдуулук долбоору 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата өткөрүлдү

Бүгүн борбор калаадагы Д. Асанов атындагы “Жеңиш” паркында “Ассанабил” коомдук фонду тарабынан 1-июнь эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата өспүрүм балдардын катышуусунда флешмоб өткөрүлдү. “Муундар маеги” аттуу   саамалыкка 500дөн ашуун томолой жана жарым жетим балдар балдарга арналган.  Майрамдык иш КРнын ЖКнин депутаты Тазабек Икрамов, КРнын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова жана ”Катар Хайрия”  фондунун мүдүрү Халид Вакил, “Ассанабил” коомдук фондунун жетекчиси Саид Баюми, белгилүү коомдук ишмерлер, журналисттер жана   эстрада жылдыздары катышышты.

Салтанатта алгач балдар үчүн оюн-зоок уюштурулуп андан соң өспүрүмдөр тайпаларга  бөлүнүшүп алар көрүнүктүү инсандар менен  ар кыл темада кенен маек курушту. Маектин темасына жараша балдар өз ойлорун сүрөт кылып шайы кебез бетине түшүрүп жатышты. Ал арада келген коноктор үчүн чакан концерттик программа тартууланды. Соңунда балдар тарткан сүрөттөрү жөнүндө ой бөлүшүп, ар бир тартылган сүрөттөр шарларга байланып асманга учурулду. Майрамдык иш чара жыйынтыкталып жатып балдарга белектер жана шириндиктер таркатылды. Ошондой эле майрамга келген  500 баланын ар бирине ар квартал сайын берилип туруучу алты миң сомдон жөлөк пул таркатылды. Майрамдын сонунда келген коноктор куттуктоо сөздөрүн айтышып, баары бир ооздон – “келечек муундарды  өстүрүүдө ушундай иш чаралар керек” экендигин басап белгилеп өтүштү.  Аягында  майрамды уюштурган “Ассанабил” жана “Катар Хайрия” коомдук фондторунун мүдүрлөрү сөз сүйлөп, бүгүнкүдөй иш чара жыл сайын кайталанып тураарын айтышты.

Белгилей кетсек, кайрымдуулук иштери менен алектенген «Ассанбил» коомдук фондунун камкордугунда бүгүнкү күндө жалпы өлкө боюнча 2000 бала бар. Алар ай сайын жөлөк пул жана атайын жардамдардан тышкары өзгөчө майрамдык күндөрдө көңүл сыртында калтырылбай келет. Ал эми  бүгүнкү 1-июнь эл аралык балдары коргоо күнүнө карата Катар элчилиги менен биргеликте өткөрүлгөн иш чарага болгону Чүй өрөөнүндөгү 500 бала катышты.

Фото - «Таза коом». Көз караштар, глобалдык тенденциялар жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү» эл аралык конференциясынын алкагындагы EXPO көргөзмөсү

«Таза коом». Көз караштар, глобалдык тенденциялар жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү» эл аралык конференциясынын алкагында бүгүн, 30-майда, EXPO көргөзмөсү болуп өттү. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Аталган иш чарага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Сапар Исаков, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев, Билим берүү жана илим министри  Гульмира Кудйбердиева, Экономика министри Арзыбек Кожошев, Саламатттыкты сактоо  министри Талантбек Батыралиев, эл аралык өнөктөштөр, эксперттер жана башкалар катышты.

 

Анда белгиленгендей, EXPO милдети  –  «Таза Коом» жалпы улуттук долбоорун ишке ашырунун жүрүшүндө жаңы технологияларды көрсөтүү үчүн аянтча түзүү.  EXPO максаты – долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышына багытталган ылайыктуу жана экономикалык натыйжалуу чечимдер менен комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүгө колдоо көрсөтүү.

Фото - Оштун мектеп бүтүрүүчүлөрү шаан-шөөкөт, кечелерге жумшалчу каражатка аксакалдарга белек-бекчек алып берип, баталарын алышты

Кечээ, 25-май күнү Ош шаарындагы  №35 Жоро Атабаев орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү “Акыркы коңгуроо” салтанатын улай, башка бүтүрүүчүлөрдөй сайраңдоонун ордуна, айыл аксакалдарынан, энелерден кабар алып, алардын батасын алууга жетишишти.

“Атаңдан бото калбасын, бата калсын” демекчи, Ош шаарына караштуу Жапалак айылынын жаштары келечекке ишенимдүү кадам таштоо үчүн мектеп уясынан учар кезде аксакалдар менен жашы улуу энелерден бата алууну чечишкен.

Максатсыз шаан-шөөкөткө королуучу каражаттын ордуна улууларга белек-бекчек алып барган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө айыл аксакалдары менен энелер алкоо айтып, кең келечек каалап, баталарын берип жатышты.

 

Чыныбай Турсунбеков менен Азербайжан Улуттук межлисинин Төрагасы О.Асадов жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Стамбул шаарындагы (Түркия Республикасы) иш сапарынын алкагында Азербайжан Улуттук  Межлисинин Төрагасы Октай Асадов менен жолугушту (О.Асадов Кара деӊиз экономикалык кызматташтык уюмунун Стамбул шаарында уюштурулган саммитине катышып жүргөн). Бул туурасында КР Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Эки тараптуу жолугушууда эки мамлекет ортосундагы алакалардын азыркы абалы талкууга алынып,  Төрага Чыныбай Турсунбеков: “Кыргызстан Азербайжан менен болгон ар тараптуу мамилелерди кеӊейтүүгө кызыктар. Себеби, тарыхы окшош эки элди бир туугандык жана көп жылдык кызматташтык байланыштырып турат”, – деди.

Ошондой эле, парламенттер аралык кызматташтык, боордош элдердин достугуна көпүрө болорун белгилеген Чыныбай Турсунбеков: “Айрыкча, депутаттык достук топторунун иши парламенттер аралык байланышта өзгөчө ролду ойнойт”,- деп кошумчалады. Андан тышкары, ал түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын алкагындагы байланыштарды күчтөндүрүү керектигин да белгилеп, быйылкы жылдын июль айынын соӊунда Бишкекте өтчү ТүркПАнын кезектеги жыйынына Жогорку Кеӊеш даяр экендигин маалымдады.

Ал эми быйыл күздө өтө турган президенттик шайлоо тууралуу учкай кеп кылган Чыныбай Турсунбеков, Азербайжан парламентинин депутаттарын маанилүү саясий окуя эл аралык байкоочу катары катышып кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде, Октай Асадов парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу аркылуу эки мамлекеттин мамилесин чыңдоого болорун  белгилеп: “Мындай эки тараптуу жолугушуулар байланыштардын кеӊейишин шарттайт”, – деди.

Белгилей кетсек,  Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Дамирбек Асылбек уулу менен Бахадыр Сулейманов бар.

Фото - Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна жумушчу сапары менен барды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-майда,  бир күндүк жумушчу сапары менен Нарын облусуна барды. Жумушчу сапардын алкагында Өкмөт башчы  «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун курулушу менен таанышты. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Премьер-министр бир катар инфраструктуралык, социалдык жана айыл чарба объектилерин курулуш ишинин жүрүшү жана ишмердүүлүгү менен таанышты. Атап айтканда,  Кочкор районунун  Кочкор айылындагы мал союучу цехтин курулушунун жүрүшү жана  Жумгал районунун Табылгыты айылындагы ветеринардык клиниканын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мындан тышкары  Сооронбай Жээнбеков Кочкор районундагы жазгы-талаа иштеринн жүрүшү менен таанышып,  Баш-кууганды айыл аймагындагы суткалык жөнгө салуу бассейнинин абалы жана Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы суткалык жөнгө салуу суу бассейнинин курулушунун долбоору менен таанышты.

Ошондой эле  Премьер-министр Кочкор районундагы Чекилдек айылындагы орто мектептин жана Жумгал районунун Чаек айылындагы орто мектептин курулушунун жүрүшүн көрдү.

Фото - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүп жатат

Бүгүн, 12-майда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүүдө. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Күн тартибинде –  өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү, 2017-жылдын январь-март айларына өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «КР Өкмөтүнө караштуу «Таза Коом»  долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңеши» тууралуу токтомунун долбоору жана Бажы биримдигиндеги/ЕАЭБ техникалык регламенттерди ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маселелер.

Фото - Жүз жыл мурун эле Чүй өрөөнүндө жашагыңыз келбейт болучу, чөп-чар баскан, суусу жок ээн талаа эле

Чоң Чүй каналы курулуп жаткан маалдагы казылган топурак менен Бишкектин борборундагы эң бийик имараттардын баарын көөмп салууга болот. Курулушта 10 миңдеген адам Сары-Өзөн өрөөнүндө бакча менен айдоо аянттарынын пайда болушу үчүн баш көтөрбөй иштеген. Өлкөдөгү эң ири курулуш кантип жүргүзүлгөнүн ага катышкандар айтып берди.
Жүз жыл илгери бул өрөөндө жашагыңыз келбейт болчу
 Эгер ондогон жыл мурун эл колуна күрөк, кетмен, чукулдук албаганда, анда биз азыр жашап жаткан жерибиз мындай болобойт эле. Анткени Бишкектин айланасында азыр буудай жана мөмө-жемиштер өскөн жерлер убагында чөп-чар баскан ээн талаа болгон. Мындай жагдай өз учурунда падышалык бийликти дагы ойго салган. Себеби суунун жоктугунан ал жерлерге эч нерсе эгилчү эмес.

Ушул каналдын суусунун жардамы менен Чүй облусу спутниктен алып караганда жашыл болуп көрүнөт

Мындан тышкары Сары-Өзөн өрөөнүн (Чүй облусун) байырлаган элдин саны да жыл өткөн сайын көбөйгөн. Демек, каралбай жаткан жерлерге суу жеткирүү маселеси курч турган. Кылымдын курулушу деп аталган жалпы элдик ишти жетектөө вазийпасы петербургдук инженер Владимир Васильевге жүктөлгөн.

Падышалык бийлик какыр талаага суу жеткирүү үчүн каражат аяган эмес. Васильевдин изилдөө иштерин жүргүзүүгө чет элдик алты экскаватор алып берилип, анын кызматкерлери Бишкектин мыкты имараттарынын биринде отурушкан. Ал кезде илимпоздор азыркы Улутттук жазуучулар союзунун имаратына жайгаштырылган.

Чоң Чүй каналынын долбоорлогон Владимир Васильев

Дал ошондо Чу дарыясынын бир бөлүгүн кагыраган айдалбаган талаалар аркылуу алып өтүү идеясы жаралган. Иштелип чыккан долбоор эбегейсиз чоң болгон, бирок Россияда башталып калган революциянын аркасында демилге узак убакыт бою унутулуп калган.

Инженер Васильев курулуштун маанилүүлүгүн бийликтегилерге жеткирүү үчүн Лениндин өзү менен жолуккан. Анткени каналдын курулушу менен талааларга суу жетип тим болбостон, электр энергиясын өндүргөн гидроэлектрстанцияларды куруу да каралган. Кыскасы Васильев Владимир Ильичти бал тилге салып маанилүү демилге туура түшүндүрүлгөн.

Бирок долбоор тез эле ишке ашкан эмес. Васильев репрессияланып, Ленин көз жумган. Кылымдын курулушу аталган демилгенин бактысы 1941-жылы 10-майда ачылып, 32 миң кыргызстандык колуна кетмен, күрөк алып курулушту баштаган. Жапа тырмак башталган иш бир жарым айга жетпей кайра токтогон. Мындай абалга 1941-жылы 22-июнда башталган согуш себепкер эле.

Чоң Чүй каналынын курулушунун катышуучулары, 1941-жыл
Биз сөөктөрдү жээкке сүйрөп койчубуз деп эскерди Раиса Данько
Мен тогуз жашта болчумун. Биз дагы ары-бери чуркап жардамдашчубуз. Жада калса өлүп калгандарды жээкке сүйрөп чыгарчубуз. Аларга бир дагы адам басып келип койчу эмес. Себеби жумушчулар өзүнө бөлүнгөн жерди кечке чейин казып бүтүшү милдет эле.

Каналдын курулушунда кан-жанын берип иштеген кыз-келиндер, 1941-жыл
Эмне үчүн элде тамак-аш, техника жок болгон?

Албетте, бийлик курулушту мындай адам чыдагыс шартта өткөрүүнү көздөгөн эмес. Жалпы ишти баштоо алдында 1940-жылдын апрель айында Кыргыз ССРнин Эл Комиссарлар Советинин төрагасы Төрөбай Кулатов токтом чыгарган. Андагы документте тиешелүү техника, транспортторду бөлүп, жумушчуларды күнүмдүк керектелүүчү каражат жана тамак-аш менен камсыздоо буйрук кылынган.

Ал эми курулушка катышууга дилгир болгон жарандарды жумушунан бошотуп, берилген бардык жеңилдиктерди сактоо чечими коюлган. Тилекке каршы, мындай талаптарды согуш маалында аткаруу кыйын болгон. Бирок ага карабай эмгекчилер арасында жалпы элдик ишти токтотуу ниети болгон эмес, тескерисинде, иш жигердүү жүргөн. Себеби фронт кийим-кечеге жана тамак-ашка муктаж болуп турган эле. Ал көйгөйдү чечүү үчүн айдоо аянттарын сугат суусу менен камсыз кылуу негизги маселерден болгон.

Курулушта эч кандай оор техника колдонулган эмес. Чүй облусу менен өтүп, Казакстанга чейин жеткен канал күрөк, кетмен жана чукулдук менен казылган.

“Чоң Чүй каналынын курулушун — элдик курулуш деп атасак болот. Анткени анын башталышы менен элдин башы биригип, күн сайын 33 миңдей киши эмгектенген. Кийин согуш башталып кеткенине карабай башталган иш токтогон эмес. Анын өнөр жай үчүн дагы орду чоң болгон. Азыркы муун дагы каналдын курулушунан сабак алышы керек. Анткени бул элдин ынтымагы менен эмгекчилдигинин бир мисалы”, — деди тарых илимдеринин кандидаты Бердигул Темирбаев.

Казуу иштеринде эмгектенген кыз-келиндер, 1941-жыл
Ачкачылык менен суук күндөр эсимде. Петр Данько
Эң чоң көйгөйүбүз курсак тойгузуу жана уйкуну кандыруу болчу. Ал убакта экөөнү тең кыла алчу эмеспиз. Эртеден кечке чейин ат менен өгүздөрдү пайдаланчубуз, техника жок эле. Куурулган, бууга бышкан кызылча эле жечүбүз. Курсагыңды тойгузуп, аман калгың келсе каналга барып иштейсиң. Кечинде казган жерди эсептеп кагаз берет, ошону менен 300 грамм нан аласың. Аны алып алып кубанган тейден чуркап жөнөйсүң.
 Чоң Чүй каналынын курулушу тууралуу гезиттер эмне деп жазышкан

“Курулуштагы мелдеш улуу курулуштун бардык участкаларын кучагына алды. Куруучулар каналдын курулушун октябрдын 25 жылдыгына бүтүүгө родинабызга жана улуу Сталинге сөз беришти”

Кызыл Кыргызстан. 1942-жыл 30-май.

 “Колхоздун башкармасы канал казуууга керектүү аспаптарды даярдоого киришти. Азыр 70 кетмен, 83 күрөк камдалды. Колхозчулардын тамак-ашы үчүн 45 центнер ун, 11 центнер эт беленделди”

Ленинчил жаш. 1941-жыл 29-апрель.

 “Чоң Чүй каналынын курулушунун саясий мааниси абдан чоң. Бул элдик курулуш өзүнүн чоңдугу жагынан сталиндик үчүнчү беш жылдыктын зор курулуштарынын бири болуп эсептелет. Буга төмөнкү цифралар далил боло алат. Жалаң Күнбатыш каналды куруу үчүн 60 миңден ашык колхозчу катышып, алар 6 миллиондон ашык куб метр топурак казууга тийиш. Биздин замандын ири курулуштарынын бири болгон Чоң Чүй каналынын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүп, бүткүл Чүй өрөөнүнө көрк бергендей маданияттуу жана элдик эмгектин каарман эстелиги болуп калышы керек”

Ленинчил жаш 27-апрель 1941-жыл.

 “Жаңы Турмуш” колхозу каналды курууда алда бара жатат. Бул колхозго комсомолец Доскеев жетекчилик кылат. Ал жер казуунун күндүк номасын 350 процент орундады. “Кроол-Дөбө” колхозундагы комсомолец Курман Кожобердиев күнүнө 12 кубометр жер казып, нормасын 400 процент орундады”

Ленинчил жаш 1941-жыл 1-июнь №7843

Бетон даярдап жаткан жумушчу аялдар, 1941-жыл
Кычыраган суукта курулган ГЭС жана андагы кыйынчылыктар

Айдалбай жаткан жерлерге суу жеткирүү инженерлердин жалгыз гана максаты болгон эмес. Алар канал бойлой гидроэлектрстанция куруп, калкты жана өнөр жайды электр энергиясы менен камсыз кылууну көздөшкөн. Мындай аракеттердин аркасында 1942-жылы май айында Ворошилов ГЭСинин (азыркы Лебединовка ГЭСи) курулушу башталган.

Ал курулуштун көпчүлүк бөлүгү кычыраган суук мезгилге туш келген. Жумушка жети миңге чукул балдар жана кыз-келиндер тартылып, ызгаарга карабай баш көтөрбөй жер казышкан. Анткени жер алдынан чыккан суу бетон куюуга тоскоолдук жараткан. Себеби кышкысын суу сордуруу жана тетиктерди алмаштыруу маалында техниканы кой, жумушчулардын кийимдеринен бери муз болуп тоңуп калчу. Жумуш бир мүнөт да токтобой, бир күндө 200 куб метрден көп суу сордурулуп турган. Эгер иш токтоп калса, аткарылган иштер суу алдында калуу коркунучунда эле.

Гидроэлектрстанцияны куруу иши бир жыл эки жумага созулган. Күжүрмөндүк менен иштеген кыз-келиндердин эмгегинин аркасында ишке кирген ГЭС согуш маалында Фрунзеге көчүрүлүп келген заводдорго экинчи өмүр берген.

Чоң Чүй каналын, ГЭСти биздин чоң энелер курушкан.

Аман калайын деген эле жандар. Ырысбүбү Кекиртекованын окуясы
Курулушта эркектер жокко эсе болчу, алар согушка кетишкен да. Кыйынчылыктын көпчүлүгүн аял кишилер тартты. Анда эмне деген гана кыйынчылыктар болгон жок. Адамдар ачкачылыктан, сууктан нан сурап жатып эле көз алдыңда өлүп калчу.

Тизилип алып курулушка бара жаткан жумушчулар, 1941-жыл
Советтик армия кызыл желегин Рейхстагга илип жеңишке жеткенден кийин жалпы элдик курулуш кайра жанданган. Анда мурдагыдай топурак ташыган өгүздөрдү чанда гана көрүүгө мүмкүн эле. Улуу ата мекендик согуштан кийин атайын техникалар алып келине баштаган. 1953-жылы Батыш Чоң Чүй каналы колдонууга берилет, төрт жыл өткөн соң Чыгыш Чоң Чүй каналы ишке кирет. Ошентип жалпы каналдын курулушу 30 жылга созулуп, түштүк канал 1972-жылдан тарта пайдаланыла баштайт.

Карыпбек Алымкулов, техника илимдеринин доктору, профессор, энергетик:
“Куруучулар согуш мезгилиндеги жана андан кийинки кыйынчылыктарга карабай бир топ гидроэлектрстанцияны ишке киргизе алышкан. Ал эми биз эгемендик алгандан баштап бир дагы кичи ГЭС куруп бүтө элекпиз. Алар 13 жылда жети станцияны колдонууга беришкен. Бул аракеттердин өлкөнүн өнөр жайынын өнүгүүсү үчүн орду чоң болгон”

Чоң Чүй каналынын боюндагы казуу иштери,1941-жылы
Жер алдында эмнелер катылган

Каналдагы казуу иштери кыргыз жеринин тарыхы бай экендигин айгинелеген. Анда эмгектенгендер топурак алдында укмуштуудай байыркы табылгаларды кездештирген. Эмгекчилер менен кошо иш алып барган археологиялык топту белгилүү тарыхчы Александр Бернштам жетектеген. Экспедициясынын соңунда ал бул табылгалар жөнүндө китеп да жазып ийген.

Жер алдынан майда тыйындарды кошпогондо үч миңден ашык табылга алып чыгарылган. Биздин заманга чейинки 2000-жылдардагы аспаптар, курал-жарактар колго урунган. Гезиттер өз убагында салмагы 10 килограмм болгон зер буюмдар табылганын жарыялашкан.

Каналда иштеген жумушчулар, 1941-жыл
Чоң Чүй каналы эмне үчүн — биздин сыймык?

Колдонууга берилген Чоң Чүй каналынын аркасында Сары-Өзөн өрөөнүндөгү айдоого ылайыктуу болгон жердин 40 пайызы сугат жерлерге айланды. Учурда канал эгин талаалары жана бак-дарак ээлеген 100 миң 666 гектар жерди ээн-эркин сугара алат. Ошондой эле Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарын жыл бою электр энергиясы менен камсыздай алган жети кичи ГЭС иштеп жатат.

Мунун баарын мурас катары бизге чоң ата, чоң энелерибиз калтырды. Биз балдарыбыз менен келечек муунга калтыра алабызбы?

https://youtu.be/NgCZ2q7OGF4

 

Булактар: “Чакан ГЭС” ачык акционердик коому, Китеп палатасы, Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкана, Борбордук мамлекеттик архиви

Булак: “sputnik

Фотобаян - Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” сейил багында Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы салтанаттуу майрамдалды

Бүгүн, 9-Майда Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” сейил багында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Совет элдеринин Улуу Жеңишинин 72 жылдыгына арналган майрамдык салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Майрамдык салтанатуу иш-чаранын алдында Жалал-Абад шаарынын борбордук Ленин көчөсүнөн Красина көчөсү менен жүздөгөн шаардыктар “Өлбөс полк” аттуу жүрүш жасашып, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүн көтөрүшүп, “Жеңиш” багына агылып келишти. Ал эми жүздөгөн спортсмендер Советтер Союзунун Баатыры Тукукбай Тайгараевдин эстелигинен  “Жеңиш” багына чейин жөө чуркап келишти.

Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган майрамдык салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларына “Өчпөс ысымдар” аталышындагы театралдаштырылган көрүнүш тартууланды.

Улуу Жеңиштин 72 жылдык майрамдык салтанатынын катышуучулары Жалал-Абад шаарынын “Жеңиш” багындагы Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган мекендештерибизге арналып тургузулган эстелик менен түбөлүк отко гүлчамбарларды коюшту. Андан соң майрамдык салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын гимни менен башталды.

Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган майрамдык салтанаттуу иш-чараны Жалал-Абад шаарынын аскер комиссариатынын аскер башчысы, капитан Мирлан Кадыралиев алып барды жана алгачкы куттуктоо сөзүн КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевге берди

—      Улуу Жеңиштин 72 жылдык майрамы менен    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын. 9-май – Улуу Жеңиш майрамы биз үчүн унутулгус ыйык майрам болуп саналат. Адамзаттын тарыхындагы эң кандуу жана эң катаал Улуу Ата Мекендик согуш жер жүзүндө терең жаракат калтырды. Ошол кандуу 1418 күнгө жана түнгө созулган Улуу Ата Мекендик согушта Кыргызстандын  калкынын ар бир алтынчы адамы колуна курал алып, ыйык мекенин душмандардан коргоо үчүн аттанган. Көп улуттуу элибиз согуш жылдары “Бардыгы фронт үчүн, бардыгы Жеңиш үчүн!” деген ураан алдында эки эселенген күч-кайрат жана Жеңишке болгон бекем ишеним менен эмгектенишкен. Биздин ата-бабаларыбыздын ынтымагы менен биримдиги, октон жалтанбай ажалга тике карап, өлүмдөн кайра тартбагандыктары Улуу Жеңишти камсыз кылды десек туура болот. Биздин ардактуу аталарыбыз, кадырман согуштун ардагерлери, ооруктун эмгекчилери Мекенибизди чындап кадырлап сүйүшөөрүн кан-жаны, бүтүндөй өмүрү жана ак эмгектери менен далилдешти.

Улуу Ата Мекендик согушта Жалал-Абад областынан 7 адам Советтер Союзунун Баатыры деген ардактуу наамга татыктуу болушкан. Биз бүгүн терең сыймыктануу менен жердештерибиз Тукубай Тайгараевдин, Розы Азимовдун, Евдоким Мазковдун жана Михаил Бабкиндин ысымдарын сыймыктануу менен эскеребиз. Алардын Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн улуу эрдиктери жана  жаркын элестери элибиздин эсинде түбөлүккө унутулбай сакталат.

Ошол каардуу согушта Жалал-Абад областынан 30 миңден ашуун эр-азаматтар согушка аттанышкан болсо, алардын ичинен 18 миңден ашуун мекендештерибиз Ата-Журтуна кайтпай калышкан.    Учурда областыбыздын аймагында 84 Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, 116 ооруктун катышуучулары жана апаат согуштан күйөөлөрү кайтпай калган 520 жесир энелерибиз жашап жатышат.

Сиздердин Улуу Ата Мекендик согуштагы өлбөс-өчпөс эрдигиңиздер жана согуштан кийинки тынч бейпил заманды кайра куруудагы  өрнөктүү жана күжүрмөн эмгегиңиздер өсүп келе жаткан жаш муундарыбыз үчүн ар дайым сыймыктануу сезимин жаратып, аларды мекенчилдикке тарбиялайт десем жаңылбаймын.

Экинчи дүйнөлүк согуштан жер жүзүндө 50 миллионго  жакын көптөгөн улуттардын өкүлдөрүнүн өмүрлөрү бейкүнөө кыйылган. Адамзаттын тарыхындагы бул оор трагедияны  эч качан унутууга  болбойт. Улуу Жеңишти колго киргизген ата-бабаларыбыздын урпактары өсүп келе жаткан жаш муундар арасында алардын мекенди сүйүүгө болгон тунук сезимдерин күчөтүү менен аларда мекенчилдикке болгон бийик жана  улуу күчтү жандандырууга жетишүүбүз керек. Улуу Ата Мекендик согуштагы ата-бабаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдиктери биздин  жаштарыбызга сыймыктануу сезимин жаратуучу ыйык жана улуу мурас болуп калышын зарыл деп санаймын.

Сиздердин улуу эрдигиңиздерге биз ар дайым башыбызды ийип, таазим этебиз. Сиздер ар дайым  биздин катарыбызда болгула, жашообуз бейпил болуп, ар дайым мекенибизде балдарыбыздын күлкүсү жаңырсын, асманыбыз ар дайым ачык болсун. Улуу Жеңиштин 72 жылдык даңктуу майрамы баарыбызга куттуу болсун! Дагы бир жолу Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен кадырлуу согуштун жана ооруктун ардагерлери!,- деди ыйгарым укуктуу өкүл кыянбек Сатыбалдиев.

Улуу Жеңиштин даңктуу 72 жылдык майрамы менен Жалал-Абад шаарынын тургундарын жана конокторду Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери  Сафин Гаффан, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы консулу Николай Кондуров, КРнын Жогорку Кеңшинин депутаты Айнура Осмонова,  облусттук ардагерлер кеңешинин төрагасы Садырбек Качкынбаев жана облустук Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлер кеңешинин төрагасы, полковник Мамазакир Мамадияров куттукташты.

Улуу Ата Мекендик согушта кайтпай калгандардын жаркын элестерине арнап Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз Закиров куран түшүрдү. Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 72 жылдык майрамы облустун бардык район-шаарларында жогорку деңгээлде салтанаттуу майрамдалды.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Сооронбай Жээнбеков Чоң-Алай районундагы жер титирөө болгон жерге барды

Сооронбай Жээнбеков, 7-майда, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу жер титирөө болгон Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди жана Шибээ айылдарына барды.

Өкмөт башчы жергиликтүү тургундар менен жолугуп, табият кырсыгынан жабыркаган турак үйлөрдү, социалдык жана инфраструтуралык объекттерди көрдү.

Ал жергиликтүү тургундарга Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан колдоо сөзүн билдирип, Өкмөт кырсыктын кесепеттерин ыкчам жоюуга мүмкүн болушунча максималдуу күчүн жумшай турганын кошумчалады. Сооронбай Жээнбеков бардык тиешелүү мамлекеттик органдар абалды өзгөчө көзөмөлгө аларын баса белгиледи.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшанбек Рысбаев билдиргендей, акыркы кезде Чоң-Алай районунда түрдүү магнитудадагы 16 жер титирөө катталган болсо, анын 8 и төрт баллдан жогору болгон.

Жалпысынан 993 турак үй текшерүүдөн өтүп, анын 8 толук жарактан чыккандыгы, 529 авариялык абалда экендиги жана 456 түрдүү оңдоолорго муктаж экени аныкталды.

Ошондой эле жергиликтүү оорукана да капиталдык оңдоого муктаж жана жер титирөөдөн мечит менен орто мектеп да жабыркаган.

Жабыркаган жергиликтүү элге 510 чатыр тигилип, ага 2964 адам жайгаштырылды.
Учурда жарандык коргоо органдары келтирилген чыгымдарды аныктоо иштерин жүргүзүүдө.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев бардык жабыркаган айыл аймактарында жергиликтүү элге тез медициналык жардамдарды көрсөтүү үчүн көчмө медициналык пункттар иштеп жатканын билдирди.

Абал менен таанышып чыккан Өкмөт башчы тиешелүу мамлекеттик органдарга окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн, мектеп окуучуларына мобилдүү билим берүү мекемелерин уюштурууну тапшырды.

Ошондой эле жабыркаган айылдык пункттарга керектүү болгон курулуш материалдарын өз баасында жеткирүү иштерин уюштуруу маселеси да тапшырылды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууда, өлкөдө 2017-2026-жылдарга ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасынын алкагында Чоң-Алай районунун бир катар айылдарына ирригациялык инфраструктураларды оңдоо каралганын баса белгиледи.

Ал дагы бир жолу өрттөн, жаратылыш кырсыктарынан турак жайды камсыздандыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, атайын ушул максатта Мамлекеттик камсыздандыруу уюму түзүлгөнүн билдирди.

Камсыздандыруу төлөмү айыл тургундары үчүн жылына 600 сомду түзүп, камсыздандыруу төлөө учурунда 500 миң сомго чейин төлөнөт.

Өкмөт башчы ошондой эле бардык тиешелүү сейсмологиялык жана башка нормаларды эске алуу менен курулуш иштерин жүргүзүү керектигин билдирди.

Архитектура курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев билдиргендей бул максатта ведомство тарабынан жакын арада жергиликтүү элге таркатыла турган атайын брошюралар чыгарылды.

Эскерте кетсек, Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жана Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү максатында каражат чогултуу үчүн атайын эсеп ачылган, түшкөн акчалай каражат атайын комиссиянын жана жергиликтүү элдин катышуусунда бөлүштүрүлөт.

Фото - Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусундагы кооптуу участкалар жана табигый кырсыктын кесепеттери менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 30-апрелде, Ош облусундагы жумушчу сапарынын жүрүшүндө аймактагы кооптуу участкалар жана табигый кырсыктын кесепеттери менен таанышты.
Атап айтканда, Өкмөт башчы Бишкек-Ош авто жолунун 610-километриндеги участканы көрүп, анда Жазы дарыясынын өзгөрүүсүнөн улам суу каптоо коркунучу бар экенин көрдү. Бул туурасында Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшанбек Рысбаев маалымдагандай, учурда жеринде убактылуу жээктерди бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.

«Азыркы кезде он даана атайын техника иштеп жатат, алар зарыл болгон көлөмдө күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз болгон. Жергиликтүү тургундардын курулуш муктаждыгынан улам дарыянын жээгиндеги топурактын ташылып кетиши жээктердин жуулуп кетүүсүнө алып келүүдө », – деп билдирди Равшанбек Рысбаев.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков дарыя жээгин толук жуулуп кетүүсүн болтурбоо жана суунун деңгээлинин убактылуу кармап туруу үчүн кошумча жээк бекемдөөчү дамбаны элүү метрге кеңейтүүнү тапшырды.
Тийиштүү мамлекеттик органдарга дарыя жээгиндеги топуракты ташып кетүүгө тыюу салуу менен мындан ары КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен аталган ишмердүүлүккө лицензия берүүнү макулдашууну тапшырды. Өкмөт башчы ошондой эле ыкчам тартипте 200метрлик жаңы дамба куруу боюнча сунуш киргизүү тапшырды.
“Бул боюнча чечим кабыл алуу үчүн тез арада кооптуу участкаларды аныктоо зарыл. Эгерде суунун деңгээли кескин көтөрүлө турган болсо, Бишкек-Ош жолундагы көпүрөнү алып кетүүгө түздөн-түз коркунуч жаралат. Бардык зарыл болгон каражаттар жетиштүү. Мындан ары жээкти бекемдөө иштеринин баарын жай мезгилинде, суунун кирүүсү азайганда башталуусу зарыл», – деп белгидеди Сооронбай Жээнбеков. Өкмөт башчы мамлекеттик органдардын жетекчилеринин өз убагында иштерди жүргүзбөгөндүгүн сынга алды.

Андан соң Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өзгөн районунун Жангакты жана Курбу-Таш айылдарындагы жер көчкүнүн кесепеттери менен таанышты.

Кырсык орун алган жайда Премьер-министрге Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшанбек Рысбаев табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Ал маалымдагандай, 8-9-апрелде Жангакты айылында жер көчкү түшүп, сегиз үйдү жана айылдын жолун басып калган.

«Жер көчкүнүн көлөмү болжол менен эки миллион куб метрди түзөт. Азыркы кезде он жети үйгө коркунуч жаралууда. 3 километр айланып өтүүчү убактылуу жол каттамы жана көпүрө ачылды. Орун алган өзгөчө кырдаалдан улам Жангакты айылынын 11миң жашоочусу жана Кыргызстан айылынын 3 миңдей тургуну ичүүчү суусуз калды, булак жер көчкү түшкөн жайда орун алган болчу», -деди Равшанбек Рысбаев.
Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди тездетүүнү тапшырды.

«Эч ким качан, кайда табигшый кырсык болорун билбейт, мындай кырдаалда биз ыкчам түрдө кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн биргелешип күч аракеттерди бириктирүүбүз керек. Ошондой эле баарыңыздарды ӨКМ адистеринин коопсуз жайларга көчүү боюнча сунуштамаларын, кеңешин угууга чакырам», – деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле Өкмөт башчы Өзгөн районундагы Төрт-Көл айыл аймагындагы үч айыл өкмөтүнүн жашоочулары үчүн (Ийри-Суу, Чангет жана Зергер ) аталган айылдар жер көчкүсү жүрүү коркунучу бар аймакка киргендиктен, аларга бөлүнүп жаткан жер учакткаларын көрдү.

Сооронбай Жээнбеков жер участкаларын бөлүү боюнча маселе чечилгенин билдирди.
Тийиштүү мамлекеттик органдарга бардык зарыл болгон инфраструктураны камтыган Башкы планды иштеп чыгуу тапшырылды. Жалпысынан 34 гектар жер бөлүнөт.

Өзгөн райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Олжобай Осмоналиев маалымдагандай, жер участкаларын берүүдө жергиликтүү жашоочулардын тизмесин түзүү үчүн үч айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңештеринин мүчөлөрүнөн турган атайын комиссия түзүлөт.

Меню