Menu

ФОТОРЕПОРТАЖ

Фото - Атамбаев Ысык-Көл облусунун активи жана коомчулугу менен жолукту

Атамбаев бүгүн, 26-апрелде Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында Ысык-Көл облусунун активи жана коомчулугу менен жолукту. Бул туурасында КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Салттуу “суроо – жооп” форматында өткөн жолугушууда Мамлекет башчысы 2015-жылы күздө болгон жолугушууда ысык-көлдүктөр берген суроолордун көбү чечилип, калгандары, атап айтканда, мектептер менен башка социалдык объектилерди куруу жагы чечилип жатканын белгиледи. Президенттин сөзү боюнча, мектептер тартыштыгынын маселеси өлкөдө бир дагы авариялык мектеп калбагыдай болуп түп-тамырынан чечилет.

Атамбаевдин айтымында, Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду автожолунун Чок-Тал – Чолпон-Ата тилкеси туристтик сезон башталганга чейин, июнь ортосуна карата толук бүтөрү белгиленди. Мамлекет Каракол шаарынын жолдорун жаңылоого каражат табат, ал эми облустун ири долбоорлору Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейинки мезгилге өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясына киргизилмекчи.

Чогулгандар алдында сүйлөп, Президент соӊку жылдары мамлекеттин кирешелерин адилет бөлүштүрүүгө жетишилгенин, анын натыйжасында свет, газ жана жол жок болгон доор артта калганын өзгөчө белгиледи. Мамлекет башчысынын айтымында, Конституцияга оӊдоолорду эл колдогондуктан, өлкө эгемендигин бекемдөө, саясый системанын туруктуулугун, бийликтин коом алдындагы жоопкерчилигин камсыз кылуу мүмкүн болду.

Туристтик сезонго даярдык тууралу айткан Президент Алмазбек Атамбаев маанилүү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу менен катар эле турак-жай аймактарын жакшыртууга, жаратылышка этият мамиле жасоого көӊүл бурду.

Жарандардын суроолоруна жооп берген Мамлекет башчысы республикалык маанидеги ири долбоорлорду ишке ашыруу, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын андан ары бекемдөө, логистиканы өнүктүрүү, транспорттук коридорлорду салуу иштерине токтолду. Мына ушул иштер өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө жана мамлекеттин кирешесинин артышына шарт түзөт.

Жолугушууда Мамлекет башчысына ар кайсы мүнөздөгү көптөгөн суроолор берилип, аларга так жооптор болду жана ошол жерден эле тиешелүү тапшырмалар берилди. Андан тышкары бул жолугушууда көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча иш чаралар планы иштелип чыкмак болду.

Жолугушууга Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун жетекчилигинин жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Фото - Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, аны жоюу жана ага карата мүлктүк камсыздандырууну өнүктүрүү боюнча жыйын өттү

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, аны жоюу жана өзгөчө кырдаалдарга карата мүлктүк камсыздандырууну өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Фото - Баткен облусунун Бүргөндү массивинде ирригациялык түйүн ишке берилип, 3850 гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлдү

Бүгүн, 21-апрельде, Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Актурпак айылындагы Бүргөндү массивиндеги ирригациялык түйүндүн ачылышы болду. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

«Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивиндеги жаңы сугат жерин өздөштүрүү» долбоору 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясынын алкагында ишке ашты.

Долбоордун алкагында узундугу 1,56 чакырым болгон эки суу тосмосу менен дюкер, 3 чакырым болгон жабдуулары жана ички чарбалык түйүнү менен магистралдык канал курулду. Жыйынтыгында 3850 гектар сугат жери өздөштүрүлдү.

Ирригациялык түйүндүн ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Абиш Халмурзаев, Айыл чарба тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Видео - Бакыт Төрөбаев: "Эгер мен президент болуп шайланып калсам резиденцияда жашабайм, резиденцияны аксакалдар эс алуучу борбор кылып жарыялайм"

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын Ысык-Көл облусунда болуп өткөн аймактык конференциясында партиянын лидери Бакыт Төрөбаев  «Өнүгүү-Прогресс» партиясы берген убадасын дайыма аткарарын белгиледи. Бул туурасында партиянын пресс-кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, партия парламентке келээрдин алдында 60 машино-трактордук станция (МТС) ачарын убадалаган. Көп өтпөй эле Ысык-Көл облусунун Дархан айылында 60-чы МТС ачылды. Партия лидеринин айтуусу боюнча, мындай МТСтер Кыргызстандын ар бир айылында болушу зарыл.

«Бул МТСтердин аркасы менен миңдеген дыйкандар үй-бүлөлөрүн багып жатышат. Кыргызстандын өнүгүшү үчүн аймактарды көтөрүү керек. Эгер аймактар күчтүү болсо, анда мамлекет дагы күчтүү болот», – деди Бакыт Төрөбаев.

Мындан тышкары аталган партия туурасында жайылган жалган, ушак маалыматтар боюнча дагы партиянын лидери Бакыт Төрөбаев билдирүүлөрдү жасады.

«Биздин партиябыз туралуу айтылып жаткан ушактар чындыкка жатпайт. “Партияны Максим Бакиев каржылайт. Бакиевдердин партиясы” деген сөздөр жалган. Аталган партия Бакиевдердики эмес, бул элдин партиясы. Мен муну кудайдын алдында туруп айтып жатам. Андай ушактарга ишенбегиле», – деди Бакыт Төрөбаев.

Фракция лидери жолугушунун алкагында эгерде президент болуп шайланып калса, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясын кары-картаңдар эс ала турган эс алуучу жайга айлантаарын айтты.

«Эгер мен президент болуп шайланып калсам азыр президент жашаган резиденцияны аксакалдар эс алуучу борбор кылып жарыялайм. Мен ал жерде жашабайм. Менин өзүмүн үйүм бар. Мен өзүйүмдө жашайм. Жумушка үйүмөн барам. Мен силер ичкен сууну ичем, мен силер баскан жолду басам, мен силер жашаган үйдө жашайм. Силер баскан тротуарда басам. Силер баскан баткакта басам, Кыргызстан азыр турган баткакка мен да кирип, Кыргызстанды баткактан алып чыгам. Чогуу алып чыгабыз. Силер мага ишенгиле, мен силерге ишенем. Ак ниетим менен элиме кызмат кылууга даярмын. Биримдик жана ынтымакта жеңишке жетүүгө мүмкүн», – деп белгиледи Төрөбаев.

Ал эми конференцияга Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарынан келген 500дөн ашуун делегаттар президенттикке аттанып жаткан Бакыт Төрөбаевди колдой тургандыктарын айтышты. Белгилей кетсек, ушундай эле партиялык конференция буга чейин  Жалал-Абад, Баткен облустарынан келген делегаттардын катышуусунда Ош шаарында болуп, алар дагы партия лидерин толук колдой тургандыктарын билдиришкен.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

Фотобаян - Түркиянын Ван аймагында жашаган кыргыздарга дагы 80 турак үй салынып берилди

Вандагы этник кыргыздар үчүн салынган турак үйлөр үчүн чүчүкулак иш-чарасы өткөрүлдү.

Вандын Эржиш районуна караштуу Улупамир айылында жашаган кыргыздар үчүн кыскача ТОКИ деп аталган элди турак жай менен камсыздоочу башкармалыгы тарабынан Йозгаттын Йенифакылы районунда салдырылган 80 турак үй үчүн чүчүкулак иш-чарасы өткөрүлдү.

Йенифакылыдагы «Аднан Каражебей» атындагы Анадолу лицейинин залында өткөн чүчүкулак иш-чарасына эл өкүлдөрү, муниципалитет башчысы Ялчын Карадавут, ТОКИнин жооптуу кызматкерлери жана Улупамир айылынан келген кыргыздар катышты.

Чүчүкулак кармоодон мурда сөз сүйлөгөн эл өкүлү Абдүлкадир Акгүл, Анадолунун кайрымдуу адамынын кыргыз туугандарын кучак жайып бооруна кыса турганын белгилеп: «Биз да эл өкүлү катары ар түрдүү жардамды жасоого даярбыз»,-деди.

Йенифакылынын муниципалитет башчысы Ялчын Карадавут да Талаа-айыл долбоорунун алкагында ТОКИ тарабынан Вандын Эржиш районуна караштуу Улупамир айылында жашаган кыргыз түрктөрү үчүн Йенифакылыда 80 турак үй салынганын белгилеп өттү.

Турак үйлөрдүн июнь, июлдарда тапшырыла турганын айткан Карадавут: «Келээрки жылда да 224 турак үй тапшырылат. Кыргыз туугандарыбыздын келиши менен районубуз социалдык, маданий жана экономикалык жактан жанданаат. Турак үйлөрдүн кыргыз туугандарыбызга жана районубузга оомат алып келишин тилеймин»,-деп айтты.

Кыргыз түрктөрүнүн маданият жана жардамдашуу коомунун Анкарадагы өкүлү Мошал Гүвен да, Йенифакылыга жүк болуш үчүн эмес, жүгүн көтөрүшүү үчүн келгендерин айтты.

Гүвен: «Бул жерге келе турган туугандарыбыз жумушсуз болгону, жашоо кыйынчылыгын тартканы, жашай албай калганы үчүн эмес, ар бир түрк атуулу сыяктуу өлкөнүн бир жеринен башка жерине жайгашуу, жашоо укугуна ээ болгону үчүн эң оболу Йенифакылы калкынын макулдугу жана чакыруусу менен келишти»,-деп айтты.

Сөз сүйлөөлөр бүткөн соң үй алууга укуктуу болгондор чүчүкулак менен белгиленди.

TOKI_YENIFAKILI_BELEDIYESI_KURA5.jpg
TOKI_YENIFAKILI_BELEDIYESI_KURA1.jpg
TOKI_YENIFAKILI_BELEDIYESI_KURA2.jpg
TOKI_YENIFAKILI_BELEDIYESI_KURA4.jpg
TOKI_YENIFAKILI_BELEDIYESI_KURA5.jpg
TOKI_YENIFAKILI_BELEDIYESI_KURA1.jpg

Булак: ТРТ

Фото - Жалал-Абадда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ишембиликке чыгышты

Бүгүн, 15-апрелде КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  аппаратынын кызматкерлери  Жалал-Абад шаардык мэриясынын кызматкерлери менен биргеликте республикалык ишембиликтин алкагында Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасындагы Нооруз сейил багына ар кыл  дарактардын жаш көчөттөрүн олтургузушту. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Быйылкы жылдын 27-февралында КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев 2017-жылдын 1-мартынан 1-июнуна чейин “Облустун аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, калктуу аймактарды жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу жөнүндө” үч айлыкты жарыялаган №43-б буйругун чыгарган. Аны талаптагыдай ишке ашыруу максатында райондор менен шаарларда жана айыл аймактарында атайын штабдар түзүлүп, иш алып барышууда.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жумуштарын аткаруу максатында Жалал-Абад шаарынын Спутник шаардык аймактык башкармалыгындагы 8 гектар аянтты ээлеген Нооруз сейил багына 100 даанадан ашуун алма, арча, каштан жана башка  ар кыл дарактардын жаш көчөттөрүн олтургузуу иштерин аткарышты. Ишемибиликтин башында ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев өздөрү туруп, иштеп беришти. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер көчөттөрдү олтургузуудан сырткары Нооруз сейил багынын арыктарын тазалашып, бак-дарактарды акиташ менен сырдоо жумуштарын дагы кошо жасашты.

—   Бүгүнкү өтүп жаткан республикалык ишембиликке облустук жана район-шаарлардагы бардык мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары өздөрүнө бөлүнгөн аймактарда ишембиликти уюшкандыкта өткөрүп жатышат. Ал эми айыл чарба тармагында иштегендер жазгы талаа жумуштарын ыкчамдатып жатышат,- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

Республикалык ишембилик облустун бардык район-шаарларында элдин активдүү катышуусу менен өткөрүлүп жатат. Ал эми дыйкандар менен фермерлер болсо “Жаздын бир күнү жылды багат” дегендей жазгы талаа жумуштарын кызуу башташып, күздө жыйналып алынуучу берекелүү мол түшүм жетиштирип алуунун  аракеттерин күн санап күчөтүп жатышат.

Президенттик шайлоого «Өнүгүү-Прогресс» «7-апрель жаштар кыймылы» партиясы менен биргеликте катышат

Кызматташуу туурасында мемарандумга 2017-жылдын 13-апрелинде эки саясий партия тарабынан кол коюлду. Бул туурасында Өнүгүү-Прогресс фракциясынын катчылыгы тараткан маалыматта айтылат.

Меморандумда көрсөтүлгөндөй, эки партиянын кызматташтыгынын негизги приоритеттүү багыттарынын бири – бул алдыдагы 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоолорго биргеликте катышуу болмокчу. Эске сала кетсек, 2017-жылдын 15-февралында ушундай эле меморандумга «Өнүгүү» фонду менен « Замандаш» ассоциациясы кол коюшкан болчу.

"Өнүгүү-Прогресс" шайлоо учурунда берилген убадаларын аткарууда

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын аракети менен бүгүн Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Исфана шаарында 59-чу Машинотрактордук станция (МТС) ачылды. Иш чарага фракция лидери Бакыт Төрөбаев өзү катышты. Бул туралуу партиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Эскерте кетсек,  “Өнүгүү-Прогресс” партиясы Жогорку Кеңешке келээрдин алдында өлкө боюнча 60 МТС ачууну убада калышкан. Бул убадалырын бул партия 1.5 жыл ичинде аткарып коюшту.

 

 

Фото - «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидерлери «7-апрель жаштар кыймылы» саясий партиясы менен биргеликте каза болгондорго куран окутушту

Мындан туура 7 жыл мурда, ошондогу президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы эл Ак үйдүн алдында топтолуп, 90го жакын эр азаматтар окко учуп каза болушкан. Бүгүн «Өнүгүү-Прогресс» партиясы «7-апрель жаштар кыймылы» саясий партиясы менен биргеликте каза болгондорго куран окутушту. «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев каза болгон эр азаматтардын ысымы тубөлүк тарыхта кала тургандыгын айтты.

 

Фото - Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы Чу дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-мартта, Чүй облусундагы Чу дарыясынын жээгиндеги Бишкек-Нарын-Торугарт жолунунун  26, 44 жана 77  чакырымдарында жүрүп жаткан жээктерди бекемдөө иштери менен таанышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбековдун айтымында жаан-чачын көп болгондуктан дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү, өзгөчө кырдаалдардын жаралуусуна алып келүүдө. Ал 2017-жылы Чу дарыясынын жээектериндеги  объекттерди бекемдөө иштерине  каралган 120 млн сомдун  55 млн сому бөлүнгөнүн, учурда жети объектте бекемдөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Аны менен катар, Чу дарыясынын жээгине дамба жана коргоочу тосмолорду куруу пландары да каралууда.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кооптуу абалдардын алдын алуу үчүн тиешелүү ведомстволор тарабынан 12 участокто жээктерди бекемдөө иштерин жүргүзүү боюнча иштер жасалып жатканын билдирди. Министрлик тарабынан Чу дарыясынын жээгиндеги Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 68 чакырымына бекемдөөчү тосмолор коюлду.

«Ошондой эле аба-ырайынын жылышынан улам, авто жолдун 74-чакырымына ар бири 80 метрден болгон 3 жээк коргоочу тосмо орнотулду. Учурда Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 44-чакырымында 185 метрлик дамба куруу иштери уланууда. Мындан сырткары дагы 9 участокто жээктери оңдо иштери журүп жатат», – деди транспорт жана жолдор министри.

Жамшитбек Калилов жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде дагы 11 кооптуу зоналар аныкталганын, аларды коргоонун алдын алууга карата  тиешелүү долбоор иштелип чыкканын,  азыркы тапта төртөөндө иштер жүрүп жатканын кошумчалап, калган аймактар бир ай аралыгында бүтөрүн билдирди.

«Биз бардык керектүү техникалар менен камсыз болгонбуз. Бул үчүн каражат убагында тийиштүү көлөмдө бөлүнгөн. Бардык иштер өз мөөнөтүндө жыйынтыкталат», – деди ал.

Премьер-министр жээктерди оңдоо боюнча тиешелүү министрликтерге 2017-жылдын февраль айында тапшырма бергенин эскертип, башталган ишти өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды. Аны менен бирге Сооронбай Жээнбеков ӨКМ ишин сынга алып, жээктерди бекемдөө боюнча оперативдүү иштердин жыйынтыгын көрбөй жатканын кошумчалады.

Өкмөт башчы башталган иштерди аягына чыгаруу үчүн Финансы министрлигине калган финансылык каражаттарды убагында бөлүүнү тапшырды.

«Ишти тездетүү үчүн муктаждыктар болуп калса, кошумча каражат бөлүү жагы да каралган. Сунун деңгээлинин көтөрүлүшүн эске алуу менен, Орто-Токой суу сактагычында 2017-жылдын апрель айынын орто ченинде сууну пландан сырткары кое берүү каралган. Ушуга байланыштуу бардык жээктерди бекемдөө иштерин бул мөөнөткө чейин бүткөрүү керек», – деди ал.

Өкмөт башчы тиешелүү министриликтердин ишти өз мөөнөтүндө бүткөрүүгө жана анын сапатына жоопкерчиликтүү мамиле кылуусун баса белгиледи.

Тиешелүү министрликтерге Чу дарыясынын жээгин бекемдөө иштерин тездетүү тапшырылды. Ал эми иштин өз убагында аякташын Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү көзөмөлгө алмай болду.

Меню