Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусияга карата эки иш ачат

Гагадагы Эл аралык кылмыш соту жакын арада аскердик кылмыштар боюнча Орусияга карата эки иш ачат. Мындан тышкары бул кылмыштарга катышы бар делген бир нече адамдарды камоого ордер берет.

Бул тууралуу 13-мартта Reuters менен New York Times аты аталбаган булактарына шилтеме жасоо менен билдиришти. Азырынча расмий чечим жарыялана элек.

Эгер иш чындап эле ачылса, Украинада согуш башталгандан бери Орусияга карата көрүлгөн алгачкы соттук кадам болуп калат.

New York Times кабарлагандай, эки пункт боюнча айып тагылат: биринчиси – Украинанын жарандык инфратүзүмүн атайлап талкалоо, экинчиси – Украинадан балдары Орусияга алып чыгып кетүү. Киев өспүрүмдөргө карата жасалган мындай мамиледе геноциддин белгилери бар деп эсептейт.

Жакында Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурору Карим Хан Украинага барып, кыйраган энергетикалык жана инфратүзүмдөрдү өз көзү менен көрүп кайткан. Reuters кабарлагандай, аткылоолордон жүздөгөн жарандар өлүп, суу жана электр түйүндөрүнүн талкаланганынан миллиондогон украин жашоочулары жабыркады.

Женева конвенциясы жана кошумча протоколдор согушкан тараптарды жарандык объектилер менен аскердик буталарды айырмалай билүүгө милдеттендирет. Эл аралык укук жарандык жайларды бутага алууга тыюу салат.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму 13-мартта жарыялаган баяндамада айтылгандай, ата-энесинен ажыраган балдар оор психологиялык сокку алышкан. Ата-энеси барлар да алар менен жолугуу мүмкүндүгүнө ээ эмес. Украиналык айрым балдар күчтөп Орусияга чыгарылган.

Киев жана бир катар өлкөлөр орусиялык жетекчилерди жана аскерлерди жоопко тартуунун башка жолдорун да талкуулашууда.

УКМК: Жалал-Абад шаарында көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамсыз куруу фактылары аныкталды

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан архитектуралык-курулуш көзөмөл чөйрөсүндөгү туруктуу коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Жалал-Абад шаарынын аймагында тиешелүү шаар куруу жана уруксаат документтери жок системалуу түрдө көп кабаттуу турак жайларды куруу боюнча фактылар аныкталды. 

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаментинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын, ошондой эле Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан көп кабаттуу үйлөрдү, турак жайларды куруу процессинде аткарылган иштердин техникалык регламенттердин жана долбоордук документтердин талаптарына ылайык келүүсү боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү жүргүзүлбөгөндүгү аныкталды.  

“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, “шаар куруу жана архитектура объекттери бекемдиктин, сейсмикалык туруктуулуктун, туруктуулуктун, коопсуздуктун, өндүрүштүктүн белгиленген талаптарына, ошондой эле инженердик-техникалык, инженердик-транспорттук инфраструктура жана инженердик жабдуулар менен камсыз болуунун деңгээлине жооп берүүгө тийиш”. 

Бирок, жогоруда аталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын долбоордук-сметалык документтерге берилүүчү экспертизанын оң корутундусу жок объекттерди көзөмөлсүз жана уруксатсыз курууга жол беришкен.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Орустардан коркпой "Украинага даңк!" деп айтып, автоматтан ок жеп, каза болгон украиналык туткун жоокер Александр Мациевскийге Баатыр наамы ыйгарылды

Украинанын Коопсуздук кызматы “Украинага даңк!” деп айткандан кийин орус аскерлери атып өлтүргөн жоокердин тек-жайы аныкталганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, маркум жоокер Чернигов облусунун 119-аймактык коргонуу бригадасынын 163-батальонунун көзгө атары Александр Мациевский болгон. Ал өткөн жылы 30-декабрда атылып, сөөгү Украинага быйыл февралда кайтарылган.

12-мартта Украинанын президенти Владимир Зеленский Мациевскийге Баатыр наамы ыйгарылганын билдирди.

Токойдо аскер кийимчен турган киши “Украинага даңк!” деп айткандан кийин автоматтан ок жеп, турган жеринде кулаганы тартылган тасма 6-мартта Интернетке тараган. Украина бул көрүнүштү аскердик кылмыш деп атап, аны эл аралык деңгээлде иликтөөгө чакырган.

Орусия азырынча бул видео боюнча комментарий бере элек.

Ысык-Көлдө моторлуу кайык менен мыйзамсыз балык кармап жүргөн 21 жаштагы тургун кармалды

Ысык-Көл облусунун аймагында браконьерлик менен күрөшүү боюнча масштабдуу рейдтик иш-чара өтүүдө.

Аталган рейдтик иш-чаранын жүрүшүндө, Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан көлдүн жээгинен мыйзамсыз балык уулоого шектелип, Григорьевка айылынын 21 жаштагы М.У. аттуу тургуну кармалган. Кармалган жарандан 19 даана мыйзамсыз кармалган балык жана моторлуу кайык далил зат катары алынды.

Бул факты Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Материалдык зыяндын өлчөмүн аныктоо максатында, материалдар тийиштүү мамлекеттик органдарына жиберилди. 

Алардын корунтундусунун негизинде юридикалык баа берилмекчи.

УКМК: Жумгалда көпүрө куруу үчүн бөлүнгөн 572 994 сомду кымырып алышкан айыл аймагынын башчысы менен “ЭКО-строймонтаж” ЖЧКсынын жетекчилерине кылмыш иши козголду

КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында, Кабак айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери “ЭКО-строймонтаж”  ЖЧКсы менен алдын ала сүйлөшүп алуу фактысы аныкталган. 

Тактап айтканда, 2020-жылдын 30-ноябрында аталган тараптардын ортосунда Жумгал районунун Кабак айыл аймагынын Кызыл-Коргон айылындагы Көкөмерен дарыясына сметалык баасы 572 994 сом болгон көпүрө куруу боюнча келишим түзүлгөн. Келишимге ылайык, объектти пайдаланууга берүү мөөнөтү 2021-жылдын 30-ноябрынан кечиктирилбей бүткөрүү болгон.

Бирок, Кабак айыл аймагынын башчысы жана “ЭКО-строймонтаж” ЖЧКсынын жооптуу адамдары жеке материалдык кызыкчылыкты көздөп, мамлекеттин кызыкчылыгына карама-каршы иш кылып, көпүрөнү куруу боюнча келишимди аткарбастан, бөлүнгөн акча каражатты өздөрүнө ыйгарып алышкан. Алардын мыйзамсыз аракеттеринен айыл округунун бюджетине 572 994 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Топтолгон материалдардын негизинде 2023-жылдын 28-февралында бул факты боюнча КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда иштин бардык жагдайларын объективдүү жана ар тараптуу иликтөө максатында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: IT жабдууларын сатып алууда 20.000.000 сом "жеп" койгон «Альфа Телеком» ЖАКнын мурдагы жетекчилеринин бири кармалды

КР УКМК тарабынан кылмыш иликтөө иштеринин алкагында, «Альфа Телеком» ЖАКна керектелген жабдыктардын жогорулатылган баада сатылып алынган фактысы аныкталды.

Такталгандай, «Альфа Телеком» ЖАКтын IT-технология боюнча департаментинин жетекчилери жана башкы директорунун мурдагы орун басары П.М.А., жеке катышуучулар менен келишим түзүп, алар жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алышкан. 

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала 20 миллион сомго жакын зыян келтирилген.

Алынган далил материалдардын негизинде П.М.А. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК: Уурдалган кыргызстандык жаран Өзбекстандан табылды

Кыргыз Республикасынын УКМК жана Өзбекстан Республикасынын МКК менен биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, О.Т.Т. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранын уурдап кеткен, Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун У.У.З. жана Б.К.И. аттуу эки жараны Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун аймагынан кармалып, Өзбекстан Республикасынын МККнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  

2023-жылдын 28-февралында О.С.Т. аттуу КРнын жараны КР УКМКга белгисиз бирөөлөр тарабынан Өзбекстан Республикасынын аймагына О.Т.Т. аттуу агасын уурдап кетишкен туралуу фактысын айтып, барымтада кармалып турганын бошотуу боюнча кайрылган.  

Такталгандай, жогруда кармалган адамдар 2022-жылдын 23-октябрында алдоо жолу менен (Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан) «Баймак» өткөрмө пункту аркылуу  «О.Т.Т.» аттуу жаранды Өзбекстан Республикасына алып өтүп кетишип, ал адамды барымтага беш ай кармап, аны бошотуу үчүн жакын туугандарынан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылышкан.     

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 2023-жылдын 7-мартында уурдалган О.Т.Т. Кыргыз Республикасына алынып келинип, жакын туугандарына өткөрүлүп берилди.

Учурда Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Кемпир-Абад иши: шаардык сот жети кишини абакта калтырды

9-мартта Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча “жапырт башаламандык уюштурууга” шек саналып жаткандардын айрымдарынын бөгөт чарасын карап камакта калтырды.

Шаардык соттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, саясатчылар Бектур Асанов, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, активисттер Акылбек Айтбаев, Рита Карасартова, Али Шабдан, Темир Махмудов 20-апрелге чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта калтырылды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалгандардын бөгөт чарасын 15-17-февраль күндөрү карап, көпчүлүгүн абактагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узарткан. Шектүүлөрдүн жактоочулары райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко арыз берген. Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши менен камакта жаткандардын бөгөт чарасын кароо 10-мартта уланат.

Ушул тапта Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев үй камагында.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалган. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет. Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн.

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен биригип алышып, коррупциялык схемаларды уюштурган Сокулук районунун “Кадастр” мекемесинин кызматкерлери кармалды

УКМК тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз берүү менен байланышкан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин филиалынын жооптуу кызматкерлери тарабынан кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу жана документтерди жасалмалоо фактылары аныкталган. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып,  кылмыш иши козголгон. Анын алкагында Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын директорунун орун басары А.К.Ч, Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин каттоо бөлүмүнүн кызматкери Т.у.Р жана ошондой эле, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Э.М.А менен А.К.А. кармалып, УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда бул кылмыштарга Сокулук районунун жооптуу жана кызмат адамдарынын жана кылмыштуу контингенттин өкүлдөрүнүн катыштыгы бар экендигин аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

УКМК: Тажикстандын 500.000 сомдук электр зымдарын Кыргызстанга контрабандалык жол менен алып келе жаткан кыргыз жараны кармалды

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана КР УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери  тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, 7-март күнү КР С.М.С. аттуу жаранынын башкаруусундагы ак түстөгү “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Текшерүү учурунда унаанын ичинен жалпы баасы 500 миң сомдон ашык, Тажикстан Республикасынан чыгарылган электр зымдары түрүндөгү контрабандалык жүк табылган. Ал Лейлек районунан чыгып Кыргыз Республикасынын аймагына тереңдеп кирип келе жаткан.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогорудагы жарандын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилип, унаасы жана жүктөрү унаа токтотуучу жайга, сактоого коюлду.

Бул факты боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Меню