Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен биригип алышып, коррупциялык схемаларды уюштурган Сокулук районунун “Кадастр” мекемесинин кызматкерлери кармалды

УКМК тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз берүү менен байланышкан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин филиалынын жооптуу кызматкерлери тарабынан кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу жана документтерди жасалмалоо фактылары аныкталган. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып,  кылмыш иши козголгон. Анын алкагында Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын директорунун орун басары А.К.Ч, Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин каттоо бөлүмүнүн кызматкери Т.у.Р жана ошондой эле, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Э.М.А менен А.К.А. кармалып, УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда бул кылмыштарга Сокулук районунун жооптуу жана кызмат адамдарынын жана кылмыштуу контингенттин өкүлдөрүнүн катыштыгы бар экендигин аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

УКМК: Тажикстандын 500.000 сомдук электр зымдарын Кыргызстанга контрабандалык жол менен алып келе жаткан кыргыз жараны кармалды

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана КР УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери  тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, 7-март күнү КР С.М.С. аттуу жаранынын башкаруусундагы ак түстөгү “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Текшерүү учурунда унаанын ичинен жалпы баасы 500 миң сомдон ашык, Тажикстан Республикасынан чыгарылган электр зымдары түрүндөгү контрабандалык жүк табылган. Ал Лейлек районунан чыгып Кыргыз Республикасынын аймагына тереңдеп кирип келе жаткан.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогорудагы жарандын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилип, унаасы жана жүктөрү унаа токтотуучу жайга, сактоого коюлду.

Бул факты боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Опузалап 50.000 сом пара алып жаткан жеринен Токмок шаардык милициясынын улук тергөөчүсү кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө, КР ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 7-мартында 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Б.Б.К. кармалды. 

Тергөөчү Б.Б.К. кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу астында жарандардан бир нече жолу опузалап акча алуу менен алектенгени аныкталган. 

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Б.Б.К Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалып, тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди..

УКМК: Жалал-Абад курортунун директорунун орун басары бейтаптардан пара алып жаткан жеринен кармалды

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту (Опузалап пара талап кылуу) фактысынын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогоруда аталган мекеменин директорунун дарылоо бөлүмү боюнча орун басары А.М.С. Жалал-Абад санаториясынын бейтаптарынан акча талап кылып алып жаткан жеринен кармалган.

Такталгандай, кармалган А.М.С. иш жүзүндө бекер бериле турган жана санаторийдин медициналык процедураларынын милдеттүү прейскурантына киргизип, дарыланып жаткандардан кошумча медициналык процедураларды санаториялык китепке киргизүү үчүн акча талап кылуу менен системалуу түрдө алектенип жүргөндүгү аныкталды.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

 

УКМК: Сузак районунун архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн, "Кадастр" мекемесинин адистери айыл чарба жерлерин мыйзамсыз сатышкандыгы үчүн кармалды

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Сузак райондук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн адиси А.Н.Т., Сузак айыл өкмөтүнүн жер маселеси боюнча адиси О.С., “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук бөлүмүнүн адиси И.К. жана Сузак айыл өкмөтүнүн башчысынын мурдагы орун басары Х.У.Р., ошондой эле мыйзамсыз бүтүмдөрдү түзүүгө ортомчулук кылган Кыргыз Республикасынын жараны К.О.С. кармалды. 

Кармалгандар жасалма документтерди колдонуу менен Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен жеке турак-жай курууга айыл чарба өндүрүшүнө гана ылайыкталган жер тилкелерин мыйзамсыз сатышкандыгы аныкталган.

Жогорудагы кызмат адамдарынын жана жарандардын жашаган жеринде жана иштеген жеринде тинтүү иштеринин жүрүшүндө, Сузак районунун аймагындагы жер тилкелерине тиешелүү 500дөн ашык жасалма белгилери бар документтер табылып алынган.

Учурда жасалган кылмыштын бардык жагдайларын, ошондой эле кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мындан улам УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы Сузак районунун тургундарын жер тилкелери боюнча алдамчылык фактылар болсо, анын ичинде кызмат адамдары катышкан фактылар болсо Башкы башкармалыктын нөөмөт бөлүмүнүн: (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 номерлери  аркылуу кайрылууну өтүнөт. 

Ошол эле учурда, Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы Сузак районунун тургундарына Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жана жайыт жерлерин жеке турак-жай куруу үчүн бөлүп берүү боюнча кабыл алынган токтомдор мыйзамсыз экенин маалымдайт.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундарын мурда алынган документтери менен УКМКнын облустук башкармалыгына келип, бул коррупциялык схемага тиешеси адамдарды жоопко тартуу боюнча тергөө иштерине көмөк көрсөтүүнү чакырат.

УКМК: Бишкек шаарынын эң баалуу муниципиалдык жер тилкелерин жалданма адамдарга жасалма документтер менен каттап алган "БишкекБашкыАрхитектуранын" адиси кармалды

КР УКМК тарабынан коррупциянын деңгээлин азайтуу жана жоюу иштеринин алкагында “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин  жана Аламүдүн райондук архитектура башкармалыгынын кызматкерлерине карата кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана документтерди жасалмалоо жолу менен муниципалдык менчиктен жерлерди чыгарып жана өздөштүрүү боюнча коррупциялык механизмин уюштургадыгы үчүн кылмыш иши козголду. 

Козголгон кылмыш ишинин алкагында шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык башкармалыктардын биринин башчысынын орун басары К.Б.К. жана “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин адиси А.Н.М. тарабынан жеке кызыкчылыктары үчүн  Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү эң баалуу муниципалдык жер тилкелерин жалданма адамдарга катталганы аныкталган. Ошону менен иш жүзүндө муниципалдык менчикти басып алышкан.     

2023-жылдын 6-мартында бул адамдар кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда коррупциялык схеманын бардык катышуучуларын аныктоо жана ушул сыяктуу фактыларды тактоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетчү нерсе, шаар куруу жана архитектура кызматтарынын айрым кызматкерлеринин мындай мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында имараттардын архитектуралык ансамбли бузулуп, материалдык гана зыян келтирбестен, борбордун эстетикалык көрүнүшү да бузулууда.

УКМК: Бишкекте жана Чүй облусундагы айрым даректерди тинтүү учурунда 3 млн сомдук 12.000 бөтөлкө жасалма алкоголдук ичимдиктер табылды

Үстүбүздөгү жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын УКМКсы КР Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик (Мамалкоагенттиги) менен бирдикте Кыргыз Республикасынын аймагындагы контрафакттык алкоголдук продукцияларды чыгаруу боюнча жашыруун цехтердин ишмердүүлүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы даректер боюнча, ошондой эле «Берекет» соода борборунун (Ош базары) соода түйүндөрүн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча күмөндүү акциздик маркалар менен (анын ичинде акциздик маркалары жок) 12 миң даанадан ашык алкоголдук продукциялар табылды. Ошондой эле, 4 миң пачкадан ашык шектүү өндүрүштөгү акциздик маркалар, контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди чыгаруу үчүн машиналар, шаймандар, этикеткалар, капкактар, бөтөлкөлөр жана контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү үчүн зарыл болгон башка тетиктер табылган. Алынган контрафакттык продукциянын жана акциздик маркалардын базар баасы болжол менен 3 миллион сомго жакын.

КР УКМК жашыруун цехтердин продукциясы белгиленген өндүрүш жана сапат стандарттарына жооп бербестигин (алардын алкоголдук ичимдиктерди чыгарууга лицензиясы, сертификацияланган жабдуулары жок) белгилейт. Колго өндүрүүдө тиешелүү өндүрүш жана куюу технологиялары сакталбайт жана сапаты күмөндүү чийки заттар пайдаланылат. Бул жагдайлардын баары кийин элдин ден соолугуна олуттуу зыян келтирет. 

Алкоголдук продукцияны тымызын өндүрүү тиешелүү салыктык төлөмдөрдү, анын ичинде акциздик салыкты төлөөдөн качуу түрүндө республиканын бюджетине олуттуу зыян келтирет, бул  алкоголду өндүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатка тоскоолдук жаратууда.

УКМК: Талас райондук ооруканасынын жетекчилери кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, 2,2 млн сомду кошумча айлык катары чегерип алышкан

КР УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча Талас районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун   администрация жана бухгалтериясына карата тергелип жаткан кылмыш иши аяктады. 

Тергөөнүн жүрүшүндө 2020-жылдын январь айынан тарта Талас районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун кызматкерлерине эмгекке катышуу коэффициенти (ЭКТ) түрүндөгү эмгек акысына кошумча акы төлөнбөй келгени аныкталган, себебин медициналык кызматкерлердин негизги эмгек акысына коэффициент кошулган деп билдиришкен.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Талас районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун жооптуу адамдары кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, административдик-башкаруучу персоналга жана бухгалтерияга негизсиз түрдө эмгек акы фондунун үнөмдөлгөн каражаттарынан эмгек акы өндүрүп жүрүшкөнү аныкталды. 

Жалпысынан 2020-2021-жылдар аралыгында аталган Жалпы дарыгердик практика борборунун административдик-башкаруучу персоналы жана бухгалтериясы тарабынан мамлекетке 2 миллион 181 миң 260 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген. 

Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучулар тарабынан келтирилген зыяндын орду толук толтурулган.

Кылмыш иши тергөөнүн аякташы менен кароо үчүн сотко жиберилет.

Орусияда жүздөгөн борбор азиялык мигрант шылуундарга алданды

Орусияда жүздөгөн борбор азиялык мигрант шылуундарга алданып, ири өлчөмдөгү насыяларды төлөөгө аргасыз болууда. Бул тууралуу “Мигрант Медиа” долбоору кабарлады.

Маалыматка караганда, шылуундар мекенине “Золотая корона” тиркемеси менен акча которгон мигранттарга телефон чалып, алардын атынан насыяларды алып алышкан. Ишенимдүү болуш үчүн алдамчылар абоненттин аты-жөнүн, акыркы акча которууларын айтып, СМС менен келе турган кодду айтууну өтүнүшкөн.

“Алгач 100 миң рубль болчу, азыр пайыздарын кошкондо 249 миңге чыгып кетти”, – деди жабырлануучулардын бири.

“Мен телефонго келген кодду айтып бергенден кийин алар “Золотая коронанын” кызматкерлери кайра чаларын билдирип, тиркемеге кирбей турушубузду эскертишкен. Алгач картамдан 30 миң рубль алышкан, азыр пайыздары менен 50 миң карыз болуп калдым”, – деди Бакыт аттуу дагы бир мигрант.

“Эң кызыгы, шылуундарда менин жеке маалыматтарым болгон. Алар мен качан, каякка жана канча акча которгонумду билишкен. Мен кодду айткандан кийин 50 миң рублдик насыя төлөшүм керек болуп калды”, – деди Максуда деген мигрант.

Мындай жол менен алдангандар жүздөп саналат. Шылуундар айрымдарынын атынан 10 миң, башкаларыныкынан 200 миң рубль насыя алышкан. Жабырлануучулардын айтымында, насыяга берилген сумма алгач алардын эсебине түшүп, кийин жоголуп кетип турган.

“Менин Кыргызстанда да насыям бар болчу. Орусияга ошону төлөйүн деп келгем. Эми бул жакта да насыя төлөшүм керек болуп калды. Кантип төлөйм билбейм”, – деди Жанарбү аттуу мигрант.

“Золотая коронанын” колдонуучуларынын жеке маалыматтары кантип шылуундардын колунда болуп калганын азыр полиция иликтеп жатат. Сервистин атынан насыя берген “Страна экспресс” микрокредиттик компаниясы ички иликтөө жүргүзгөнүн, жеке маалыматтар үчүнчү тараптын колуна тийгени аныкталбаганын билдиришти.

Москва полициясы алдамчылык фактылары боюнча бир нече кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн жүрүшүндө “Золотая корона” колдонуучуларынын жеке маалыматтарын эрежеге ылайык сактабаганы аныкталып, сот аны ырастаса, мигранттарга берилген насыялар жокко чыгарылышы керек. Болбосо мигранттар пайыздары күн сайын өсүп жаткан башка бирөөлөрдүн насыясын төлөөгө аргасыз болушат.

ТИМ: Казакстанда кыргыздар бараткан поездди капталынан тепловоз сүзүп, кагылышуу болду

Бүгүн, 5-мартта Астана убактысы боюнча саат 10:20да Актөбе облусунун Шалкар районунун Биршогыр вокзалында Бишкек-Самара багыты боюнча №317 (10 вагондон турган) жүргүнчү поезди каптал тарабынан маневр жасоочу тепловоз (вагонсуз) менен кагылышуу болду.
Окуянын кесепетинен 3 вагон (2 жүргүнчү жана 1 баш тепловоз) рельстен чыгып кеткен (оодарылуу болгон эмес).
Поездде жалпысынан 214 адам (жүргүнчүлөр – Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын жарандары, ошондой эле, КТЖнын кызматкерлери) болгон, алар поезддин башка вагондоруна жайгаштырылган.
Казакстан Республикасынын Актөбе облусунун Саламаттыкты сактоо департаментинин маалыматы боюнча, 2 адам медициналык жардам сурап кайрылган (поезддин проводниги (жолдо вагонду кароочу кызматкер) – кан басымы жогорулаганына арызданган, жүргүнчү – кол оорусуна арызданган). Экөөнө тең тез медициналык жардам көрсөтүлдү, госпитализация керектелген жок. Медициналык жардам көрсөтүү боюнча башка жарандар кайрылган эмес.
Саат 10:40та аталган жерге 6 кызматкер жана 1 атайын техника бирдиги жөнөтүлгөн, ага кошумча катары, саат 13:10до «Казавиаспас» АКнын ЕС-145 тик учагында (220 км) 4 кызматкерден турган ыкчам оперативдик топ жөнөтүлгөн.
«Казакстан темир жолу» УК АБнын Шалкар жана Кандыагаш станциясынан 2 калыбына келтирүүчү поезди жана 50 кызматкер жөнөтүлдү.
Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунда жана Казакстан Республикасынын Актөбе облусунун Өзгөчө кырдаалдар департаментинде Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана «Казакстан темир жол» УК АБнын өкүлдөрүн тартуу менен ыкчам штаб түзүлгөн.
Ошондой эле, поезддеги жүргүнчүлөрдү тамак-аш менен камсыздоо маселеси иштелип чыккан.
Жакынкы арада, жүргүнчүлөрдү каттам боюнча андан ары жөнөтүү үчүн кошумча вагондор жөнөтүлүшү күтүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилиги жергиликтүү мамлекеттик органдар менен байланышта жана Кыргыз Республикасынын жарандарын мекенине кайтаруу маселеси биргеликте каралууда.

Меню