Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

УКМК: Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун Таластагы "смотрящийи" "Тайсон" бир мугалимди коркутуп, 30.000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

КР УКМК тарабынан Талас облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, “Тайсон” каймана аты бар С.М.Ж.  пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Ал   К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун атынан Талас шаарынын кароочусу (смотрящий) болгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында С.М.Ж унаамектептин мугалими А.Б.Аны ага карата болгон компроматтык маалыматтарды Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жана УКМКнын кызматкерлерине берем деп коркутуп, кысым көрсөтүп, 70 000 (жетимиш миң) сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталды. 

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында опузалап талап кылынган сумманын бир бөлүгүн, 30 000 (отуз миң) сом акча каражатын алуу учурунда С.М.Ж. кармалып Талас облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Ошол эле учурда, өздүк тинтүү учурунда С.М.Ждан жалпы салмагы 20 граммды түзгөн кочкул жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат (кара куурай) табылган.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Рамзан Кадыровду сындаган чечен активисти жазасын өтөп бүткөндөн кийин Кыргызстандан депортацияланат

Бишкектин Биринчи Май райондук соту чечен активисти Мансур Мовлаевди Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөнү үчүн 6 айга камакка алып, андан ары өлкөдөн депортациялоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу “Кавказ.Реалии” басылмасы жазды.

Өкүм тууралуу басылмага Мовлаевдин жактоочусу Бакыт Автандил билдирди. Анын айтымында, Мовлаев чечен коопсуздук күчтөрүнүн кыйноолорунан корккондуктан, Кыргызстанда жаза берүүнү суранган.

“Адвокаттарым айткандай, мен жазамды өтөөгө даярмын. Менин беренемде айып пул төлөө каралса да, өмүрүмдү сактап калуу үчүн эки жылга эркинен ажыратууну суранам. Бул беренеде каралган эң чоң жазаны өтөөгө даярмын. Өз өмүрүмдү сактап калуу үчүн бул жерде кеминде он жыл түрмөдө отурууга даярмын”,-деген Мовлаев акыркы сөзүндө.

Быйыл августта Мансур Мовлаев 21-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына камалган. Эл аралык издөөдө жүргөн активист Ысык-Көлдө кармалганын атайын кызмат билдирген. “Шектүү радикалдуу идеологияны карманат” жана “орус жарандыгы бар жасалма паспорт менен Кыргызстанга кирген” деп айыпталып жаткан.

VC.RU сайтындагы маалымат боюнча, 28 жаштагы Мовлаев – таэквондо боюнча Чеченстандын чемпиону, спорт чебери. Ал Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун негизги сынчыларынын бири экени айтылган. Мовлаев 2020-жылы токулган иш боюнча үч жылга соттолуп, 2022-жылы эркиндикке чыккан. Бирок кайра кармалып, Шалин райондук ички иштер бөлүмүнөн качып чыккан.

УКМК: кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн кримтөбөл Камчы Көлбаев атып өлтүрүлдү

Бүгүн, 4-октябрда Бишкектин Султан Ибраимов көчөсүндөгү “Блондер паб” ресторанында кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо операциясы жүрүп жатканда, ал күч органдарынын кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн атып өлтүрүлдү. Бул тууралу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Акыркы учурларда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана алардын төбөлдөрү ишкерлердин өтө кымбат бааланган дүнүйө – мүлктөрүн күч менен тартып алуу фактылары боюнча бир нече кылмыш иштери козголуп, тергелип жаткан.

Ошондой эле атаандаш криминалдык топтун төбөлү Чынгыз Жумагуловдун (“Дөө Чынгыз”) абакта өлтүрүлүшүн уюштурган деп Камчы Көлбаевдин үстүнөн жарандардан түшкөн арыз да тергөөгө чейинки иликтөөдөн өтүп жаткан.

Бүгүн жогорку фактылардын негизинде козголгон кылмыш иштеринин алкагында шектүү Камчы Көлбаевдин “Блондер паб” ресторанында олтургандыгы тууралу маалымат алынып, аны кармоо үчүн атайын операция жүргүзулгөн учурда Камчы Көлбаев куралдуу каршылык көрсөтүп, УКМКнын кызматкерлеринин өмүрүнө коркунуч туудургандыгы үчүн атып өлтүрүлдү.

Алган жаракатынан каза болгонун врачтар да келип тастыктады.

Эми Камчы Көлбаевдин уюшкан тобунун мүчөлөрүнүн кылган кылмыштары да иликтенип, юридикалык баа берилет, – деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

 

Бишкекте шаурмадан жапырт уулангандардын саны 70тен ашты

Бишкек шаарында тез татым түйүндөрүндө шаурмага уулангандардын саны 71 адам болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, ооруканага 36 адам жаткырылды, алардын арасында 10 жаштан 14 жашка чейинки беш бала бар. Алардын абалы канааттандыралык.

Саламаттыгы жакшыра баштагандар үйлөрүнө амбулатордук дарылоого чыгарылат.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкекте тамак-ашка жапырт ууланган окуядан улам шаардагы тез татым түйүндөрүнүн баарын текшерүүнү тапшырган.

Буга чейин Шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жапырт уулануу Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Беш лаваш” жана “Мидос” тез татым жайларында болгонун кабарлаган. Бул жайларга 72 миң сом айып пул салынып, текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди жойгонго чейин жабылган.

Кыргызстанда буга чейин дагы тез татым жайларында, кафе-ресторандарда жапырт ууланган учурлар болгон.

Бишкекте 21 адам шаурмага ууланып, 15и ооруканага жаткырылды

Бишкек шаарындагы тез татым түйүндөрүндө 21 адам шаурмага ууланып, алардын 15и ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, бул окуядан улам саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев чукул жыйын өткөрдү.

“Жапырт уулануу шаардагы Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Беш лаваш” жана “Мидос” тез татым жайларында болгон. Жабыркагандар шаурмага ууланышкан. Жалпысынан 21 адам жабыркап, 15и ооруканага жаткырылды, арасында эки бала бар. Калган алты адам амбулатордук дарылоодо. Тез татым түйүндөрүнө 72 миң сом айып пул салынып, текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди жойгонго чейин жабылды. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жапырт ууланган окуяга байланыштуу чукул жыйын өткөрдү”, – деп жазылган маалыматта.

Кыргызстанда буга чейин да тез татым жайларында, кафе-ресторандарда жапырт ууланган учурлар болгон.

УКМК: Кримтөбөл Камчы Асанбектин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Токмоктун тургунун коркутуп, 210.000 сом акчасын алып жаткан учурда кармалышты

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык КБР катталган опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Чүй облусунун Токмок шаарында “мыйзамдагы ууру” К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү И.Дж. жана В.Ш. кармалды. Алар абакта жаткан К.Асанбектин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, Токмок шаарынын тургунунан физикалык зомбулук көрсөтөбүз деп коркутуу жолу менен 2500 АКШ долларын талап кылышкан.

2023-жылдын 26-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 210 миң сом акча каражатын алуу учурунда И.Дж. жана В.Ш. кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда КР УКМК тарабынан башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Араванда дүкөнчүнү уруп-сабап, 19 миң сомун алып, дагы 31 миң сом талап кылган милиционер кармалды

КР УКМК тарабынан ИИМнын Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 25-сентябрында 12 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Араван райондук милициясынын участкалык инспектору, милициянын лейтенанты Ж.у.К. кармалды, ал Араван районундагы азык-түлүк дүкөндөрүнүн биринен 26 миң сомдук азык-түлүк уурдалды деген факты менен арыздануучусу жок ишти токтотуу үчүн 31 миң сом талап кылган. 

Буга чейин, 2023-жылдын 21-сентябрында участкалык инспектор Ж.у.К. шектүүнү Д.О. аттуу досу менен бирге кеңсесине чакырып, кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуу менен физикалык күч колдонуп, опузалап акча талап кылып, 19 миң сом алганы аныкталды.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК: Ошто милиционерлер үчүн курулган 220 квартираны бөлүштүрүүдө пара алып, кезекте турбагандарга да бөлүштүргөн жетекчилер кармалды

2021-жылы Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн 220 батирлүү үй курулуп, алар кезектүүлүк боюнча батир алышкан. Облустун укук коргоо органдарына батирлерди мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча көптөгөн даттануулар келип түшкөндөн кийин кылмыш иши козголуп, кийин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызмат адамдарынын аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскартылган.

 Бирок КР Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш иши кайрадан козголуп, КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына өткөрүп берилген.

 Тергөөнүн жүрүшүндө, 2021-жылы Ош облусунун ИИБнын Транспорт боюнча ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги М.Ы.А. жана анын орун басары Ж.М.Р. кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, биринчи кезектеги кызматкерлерди башка аймактарга атайылап которушкан.  Андан кийин Турак-жай жана турмуш-тиричилик комиссиясынын мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алышып, акчалай сыйлык алуу учун документтерди бурмалоо жолу менен мурда кезекте турбаган адамдарды биринчи кезектин катарына киргизишкен. 

Тергөө тарабынан чогултулган далилдердин негизинде 2023-жылдын 25-сентябрында Транспорт боюнча ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси М.Ы.А., анын орун басары Ж.М.Р. жана кызматкер Д.А.К. кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 Учурда тергөө иштери уланууда.

Нарында 7 жаштагы кызды зордуктап өлтүргөн 64 жаштагы тургун 12 жылга кесилди

Нарын облусунун Орто-Нура айылында жети жаштагы кызды өлтүрүүгө айыпталган адам 12 жылга кесилди. Мындай өкүмдү Нарын райондук соту 22-августта чыгарганын Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы 27-сентябрда билдирди.

Жабырлануучу тарап өкүмгө нааразылыгын билдирип, кийинки инстанцияга кайрылды. Иш облустук сотто кийинки аптада каралышы мүмкүн экени айтылды.

28-апрелде Нарын районунун Орто-Нура айылында жети жаштагы кыз мектептен чыккан бойдон үйүнө жетпей калган. Анын сөөгү эч ким жашабаган үйдүн ичинен табылган. Сыртынан кароо жүргүзүлгөндө ага күч колдонулганы аныкталган.

Кылмышка ушул эле айылдын 64 жаштагы тургуну шек саналып кармалып, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

УКМК Бишкек шаардык сотунун судьясы Назгүл Ильязованы $5000 пара алып жаткан жеринен кармады

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан сот тутумундагы коррупциянын көрүнүштөрүн жоюу боюнча жүргүзүлгөн системалуу иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы “И.Н.А.” опузалап акча талап кылып алгандыгы үчүн кармалды.

Бишкек шаардык сотунун айрым судьялары каралып жаткан кылмыш ишинин алкагында эркинен ажыратуу менен байланышпаган оң чечим чыгарып берүү үчүн жактоочунун ортомчусу аркылуу соттолуучунун жакын туугандарынан опузалап 5 миң АКШ долларын (443 500 сом) өндүрүп алышкан. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, соттор тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схеманын иш жүзүндөгү фактысы, алардын кылмыштуу иштерине “ишенимдүү” адвокаттар тартылганы аныкталды.

Ошол эле учурда, судьяга акча каражаттарын берүүнүн алдында жактоочунун жанында мурда даярдалган (адалдоого алынган) каражаттар болушу керек болчу, алар соттук коллегияга кирген экинчи инстанциянын судьяларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн.

Белгилей кетсек, акча каражатын алмаштыруунун бул схемасы системалуу мүнөзгө ээ болуп, судьялар менен алдын ала макулдашылып адвокат тарабынан анын кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында ишке ашырылып жүргөн.

Бул кылмыштуу амалдын катышуучуларынын планы боюнча, эгерде алар укук коргоо органдары тарабынан кармалса, адвокат туруктуу жана ишенимдүү ортомчу катары, акча каражатын көрсөткөн юридикалык кызматы үчүн акы катары алганын айтмак, ал тууралуу алдын ала ойдон чыгарылган келишим түзүлүп даярдалган.

Ошону менен бирге, зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөндөн кийин бардык колдо болгон маалыматтарды, анын ичинде судьянын түздөн-түз катышуусу менен ишке ашырылган акча каражаттарын алуу жана адалдоо боюнча “белгиленген коррупциялык схеманын иштешин”, судьялар жеке коопсуздугуна ынангандан кийин акча каражатын алганын тастыктаган көрсөтмөлөр алынды.

2023-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаардык сотунун судьясы “И.Н.А.” Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2023-жылдын 26-ноябрына чейин КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Азыркы учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар Бишкек шаардык сотунун башка судьяларынын жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кылмыш иштеринин далил базасын бекемдөө боюнча тиешелүү активдүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Меню