Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Бомба жардырууну көздөгөн дейт...

24-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы болгон күнү Бишкектин чок ортосундагы президенттин машинелери жүрчү “Манас” көчөсүнө бомба коюлганы тууралуу маалымат тарады. Учурда маалыматтын чын-төгүнү укук коргоо органдары тарабынан иликтенип жатат.

Булак: “Фабула”

Видео - Бишкекте 2-3 жашар баласын ичке тээп, зомбулук көрсөткөн атанын видеотасмасы интернетте тарады

Бүгүн, 2-декабрда Бишкектин “Улан-2” кичирайонунда, кар жаап жаткан мезгилде 2-3 жашар баланы жетелеп жүргөн атаны видеого тартып алышкан. Анда тайып жыгылып түшкөн баланы атасы “тур!” деп ичке тээп, зомбулук көрсөткөнү да тартылган.

Бул видеотасма интернет колдонуучулардын арасында катуу талаш жаратып, атаны жазалоону талап кылышууда. Тасманы Sezelya Subanova аттуу колдонуучу жүктөгөн.

https://www.youtube.com/watch?v=NnjXlrQFJog&feature=youtu.be

Ортоңку колун көрсөткөн айдоочуга карата администрациялык протоколдор толтурулду

2017-жылдын 28-ноябрь күнү маалыматтык агенттиктердин биринде “атайын белгиси бар автоунаанын айдоочусу адепсиз жоосунун көрсөттү” деген видеоролик чыккан. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин ПМБнын Басма сөз кызматы билдирет.

https://www.facebook.com/atai.s/videos/10159677278355290/

Ошондой эле, автоунаанын терезелери толугу менен караңгылатканы, атайын түстүү үн чыгаргычтарын өз эрки менен жабдыганы жана шаар тургундарынын эскертүүлөрүнө карабай, аларды тоготпостон, зөөкүр мамиле кылгандыгы толук чагылдырылган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 0003ВВ номурлуу «Toyota Land Cruiser» үлгүсүндөгү автоунаанын эсинин өздүгү такталып, ал 1996-жылы туулган А.А. аттуу Бишкек шаарынын жашоочусу болуп чыккан.

Автоунаанын астынкы жана арткы терезелери толук караңгылатканы билинген.

Бирок, документтерди текшерүү учурунда 0003ВВ номур ААК «Кыргызгипрострой» проектилөө институна таандык «Mercedes-Benz 320» үлгүсүндөгү автоунааныкы экендиги аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын негизинде 1996-жылы туулган А.А. аттууга карата бир нече беренелер боюнча административдик протоколдор толтурулду.

224-берене: Айдоочунун белгиленген тартипте катталбаган, аны пайдаланууга тыюу салгандан кийин, мамлекеттик каттоо номерлик белгиси жок, стандарттуу эмес, окулбаган, башка буюмдар менен атайылап жашырылган же жасалма мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги белгиленген жерде көзөнөгү же башкача бузулушу бар мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен транспорт каражатын айдоосу.

4-бөлүм: Айдоочунун жасалма мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен транспорт каражатын айдоосу.
228-берене: Айдоочулардын тиешелүү уруксатсыз кайра жабдылган, ошондой эле күңүрттөтүүчү жапкычтар чапталган транспорт каражаттарын айдоосу.

1-бөлүм: Айдоочулардын тиешелүү уруксатсыз кайра жабдылган же белгиленген тартипте катталбаган aтайын үн чыгаруу же жарык белгилерин берүү түзүлүштөрү менен өз бетинче жабдылган транспорт каражаттарын айдоосу:

4-бөлүм: Айдоочунун маңдайкы, алдыңкы эшиктеринин каптал айнектеринде күңүрттөөчү жапкычтар чапталган же пардалар тагылган, ошондой эле арткы каптал эшиктеринин айнегине жана арткы айнегине жалтыраган күңүрттөөчү жапкычтар чапталган транспорт каражатын айдоосу.

Жогоруда көрсөтүлгөн «Toyota Land Cruiser» үлгүсүндөгү автоунаа айып пул токтоочу жайга жеткирилип, терезелерин караңгылаткан жасалгалары, атайын үн чыгаргыч жабдыктары алынып салынды.
Тергөө учурунда видеодогу жигит автоунаа ээсинин тууганы болуп чыгып, 1988-жылы туулган Т.У. аттуу Бишкек шаарынын жашоочусу экендиги такталган. Ал милиция бөлүмүндө суракка алынып, бир нече беренелер менен администрациялык протоколдор толтурулган.

235-статья. Транспорт каражатын айдоочусунун жол белгилерин, жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү чек белгинин талаптарын сактабагандыгы, озуп өтүүнүн жана маневр жасоонун, транспорт каражаттарын жолдун машина жүрө турган бөлүгүнө жайгаштыруунун, адамдарды ташуунун эрежелерин бузушу, ошондой эле Жол кыймылынын эрежелеринин башка одоно бузулуулары

4-бөлүм: Белгиленген талаптарды бузуу менен кыймылдын каршы тилкесине транспорт каражатынын чыгышы.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик кодексинин 224-берененин 4-бөлүмү жана 228-берененин 1, 4-бөлүмдөрү менен протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды.
Чогултулган материалдар Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү

Сокулук РИИБинен качкан кылмышкерлердин төртүнчүсү колго түштү

2017-жылдын 1-декабрь күнү болжол менен таңкы саат 04:00 чамасында Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайынан качып кетишкен соттолуучуларды кармоого багытталган “Сирена” планынын негизинде ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, Чүй облусунун Москва районунун Спартак айылынын жанынан Чүй ОИИББнин кызматкерлери төртүнчү качкынды кармашкан. Бул  туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

23.09.1989-жылы туулган Жанботоев Кайрат Байызбекович, Чүй облусунун тургуну. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде камакка алынган.
Бүгүнкү күнү Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайынан качып кетишкен төрт качкын кармалды.

Убактылуу кармоочу жайда катталган факты боюнча прокуратура эки милиция кызматкерине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 304-берене (кызматтык абалын кыянаттык менен колдонуу) жана 316-беренеси (шалаакылык) менен кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштери жүрүүдө.

Түп районунун тургунунан 520 грамм гашиш баңгизаты алынды

Ысык-Көл облусунун аймагында мыйзамсыз баңгизаттарын жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана бөгөт кою максатында милиция жана түндүк бажы кызматынын кызматкерлеринин биргелешкен иш-чаралары өтүүдө. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

29-ноябрь күнү КР ИИМнин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча кызматкерлери жана Түндүк бажы кызматынын кинологдору Түп районунун Михайловка айылында ыкчам-иликтөө иштерин өткөрүштү. Ушундай иш-чаранын негизинде 40-жаштагы жергиликтүү тургуну А. Нурдинди өздүк кароо жүргүзүү мезгилинде, колунда көтөрүп жүргөн пакетинин ичинен 520 грамм салмактагы гашиш баңгизаты табылып алынды.

Кармалган адамдын өздүгүн аныктоодо, ал мурда каракчылык кылмышын жасагандыгы үчүн соттолгондугу белгилүү болгон. Аныкталган баңгикылмышы боюнча Түп РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же болбосо психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Босниялык мурдагы командирдин Гаага сотунда уу ичип өлгөнү тастыкталды

Хорватиянын премьер-министри Андрей Пленкович босниялык хорваттардын мурдагы командачысы, генерал Слободан Пральяктын уу ичип өлгөнүн тастыктады. 29-ноябрда мурдагы Югославия боюнча эл аралык трибуналдын отуруму болуп жатканда уу ичкенин айткан айыпкерлердин бири Слободан Пральяк көз жумганын Хорватиянын мамлекеттик телеканалы маалымдаган.

Маалымат жыйынында Пленкович Праляк өз жанын кыйганын билдирип, маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Гаага трибуналынын спикери Ненад Гольчевський 72 жаштагы Праляк ооруканада көз жумганын кабарлады. Анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Праляк кандай уу ичкени тууралуу маалымат азырынча жок.

Окуя кечээ, 29-ноябрда апелляциялык комиссия өз өкүмүн жарыялап жатканда болгон. Босниялык хорваттардын мурдагы командачысы, генерал Слободан Пральяк согуш кылмышкери деген аныктамага макул эмес экенин айтып, соттун көзүнчө бир нерсени ичип, “бул уу болчу” деген.

Сот алты босниялык хорваттын 2013-жылы берилген апелляциялык арызын караган. Ал генералды согуш кылмыштары үчүн 20 жылга кесүү тууралуу өкүмдү күчүндө калтырган.

Алар 1992-95-жылдардагы согуш маалында мусулмандар үчүн концлагерлер түзүшкөн деп айыпталууда. Пральяк XVI кылымда курулган Мостар көпүрөсүн талкалоого буйрук бергендиги үчүн да күнөөлүү деп табылган. Бул иш боюнча соттук териштирүү 2006-жылдан бери жүрүп келген.

Өткөн аптада босниялык сербдердин согуш учурундагы кол башчысы Ратко Младич өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Борбор Азия боюнча Кыргызстанда кылмыштуулук көп катталат

Бир жыл ичинде борбор калаада 9 миңден ашуун кылмыш катталып, анын 2 миңдейинин бети ачылбай
калган. Бул өлкөдөгү мыйзам бузуулардын 40 пайызын түзөт. Борбор Азия боюнча эң жогорку кылмыштуулук Кыргызстан болуп катталган.

Мындай статистика Дүйнөлүк экономикалык форум жүргүзгөн иликтөөдө камтылат. Биздин өлкө рейтингде 137 мамлекеттин арасынан 102-орун алды. Казакстан 63, Тажикстан андан жогору 61-позицияда. Өзбекстан жана Туркменстан жабык мамлекеттер катары тизмеге киргизилген жок.

КМШ өлкөлөрдүн ичинде эң криминалдашкан Украина деп табылды, ал 113-орунда.

Дүйнөдө баарынан начар көрсөткүчтөр Сальвадор, Гондурас, Венесуэла, Мексика жана Гватемалада. Эң коопсуз жана тынч мамлекеттер: Финляндия, Норвегия, Оман, Исландия, Сингапур.

Булак: “Азия Ньюс”

Москвада өзбекстандык аял өзүнө өрт койду

Москвада сүйүктүүсү башкага үйлөнгөнүн уккан өзбекстандык аял өзүнө өрт койду. Анын денесинин 80% күйүп, ооруканага жеткирилгенин «Московский комсомолец» басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, 32 жаштагы Дилфуза Сирожиддин аттуу киши менен Өзбекстанда эле жолугушуп баштап, алты жыл мурда Москвага иштегени келишкен. Ортодогу пикир келишпестиктерден кийин аял жети жаштагы уулу менен мекенине кетип калган, Сирожиддин болсо башка бирөөнө үйлөнгөн.

Муну уккан Дилфуз баласын алып Москвага барган. Атасы баласын колдоп, дайыма акча жөнөтүп турарын айтканына карабастан, кызганган Дилфуза өзүнө өрт койгон. Аны куткарууга аракет кылган Сирожиддиндин дагы колу күйгөн. Тез жардам менен ооруканага жеткирилип, учурда өлүм алдында жаткан жабырлануучу жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда оорулуу аялды сойкулукка мажбурлаган адам 10 жылга соттолду

Адвокат адам сатуу айыбы менен 10 жылга эркинен ажыратылган Бухара облусунун 28 жаштагы тургуну Шерали Мухмудовду актоо өтүнүчү менен апелляциялык арыз жазды. Бул иш боюнча сот 1-декабрга белгиленди.

Соттун 17-октябрдагы өкүмүнө ылайык, Махмудов Түркияга онкологиялык дарыланууга барган Өзбекстандын жараны Севар Гулямованы сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган.

Адвокат Шерали Махмудовго карата адилетсиз чечим чыгарылганын билдирип, анын сот залынан бошотулушун талап кылууда. Соттолуучунун жакындары ал өзүнүн ак көңүлдүүлүгүнүн курмандыгы болуп калды деп эсептешүүдө.

Бирок өлкөнүн транспорттук прокуратурасынын тергөөчүсү бул иш боюнча сотто кылмыш-процессуалдык кодекстин бардык нормалары сакталып, айыпталуучу өз укуктары менен камсыз болгонун билдирүүдө.

Августта жергиликтүү маалымат каражаттары 2016-жылдын аягында үч ай бою сексуалдык кулчулукта болгонун билдирген Ташкенттин 37 жаштагы тургуну Севар Гулямованын окуясы тууралуу жазып чыгышкан. Аялдын айтымында, аны сексуалдык кулчулукта бир туугандар Шерали жана Алишер Махмудовдор кармап келишкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сокулук РИИБинен качкан кылмышкердин үчүнчүсү колго түштү

2017-жылдын 28-ноябрь күнү болжол менен саат 21:00 чамасында Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен жарандарды кармоого багытталган “Сирена” планынын негизинде ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында Бишкек шаарынын Исанов-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен милиция кызматкерлери үчүнчү качкынды кармашты. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

– 22.01.1985-жылы туулган Ачылдурдиев Багтият Турдукулович, Түркмөнстандын жараны, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168 берене (каракчылык), 348-берене (документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү уурдоо, жок кылуу, зыянга учуратуу же жашыруу) жана 174-беренесинин (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) негизинде камакка алынган.

Төртүнчү качкынды кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Меню