27-ноябрь күнү болжол менен саат 06:00 чамасында Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайынан 4 жаран качып чыгып, белгисиз тарапка кеткендигин маалымдаганбыз, – деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.
2017-жылдын 27-ноябрь күнү саат 23:00 чамасында Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен жарандарды кармоо үчүн “Сирена” ыкчам планын жүргүзүшүп, натыйжасында шаардык милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн комплекстүү иш-чаралардын негизинде Биринчи май районунун аймагынан эки жаран кармалган.
Кармалган адамдар:
– 16.07.1979-жылы туулган Базаркулов Рамил Муктарбекович, Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде камакка алынган.
Кийген кийимдери: жеңи жок сырткы кийим (безрукавка), кара түстөгү шым жана бут кийим.
– 04.03.1979-жылы туулган Дилдешов Бакыт Чыныбекович, Талас облусунун тургуну, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (Каракчылык) негизинде камакка алынган.
Кийген кийимдери: кара түстөгү баш кийим жана куртка.
Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча «Сирена» планы жарыяланып, башка эки жаранды кармоо үчүн ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат. Чүй жана башка облустардын шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнө, ошондой эле Бишкек ШИИББге багыттамалар жөнөтүлгөн. Стационардык посттордо милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.
“Сирена” планы куралданган же өзгөчө оор кылмышкерлерди издөөгө жана кармоого багытталган ички иштер органдарынын өздүк курамы тарабынан көрүлгөн комплекстүү иш-чара.
Издөө жарыялайбыз!!!
– 22.01.1985-жылы туулган Ачылдурдиев Багтият Турдукулович, Түркмөнстандын жараны, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168 берене (ккаракчылык), 348-берене (документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү уурдоо, жок кылуу, зыянга учуратуу же жашыруу) жана 174-беренесинин (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) негизинде камакка алынган.
Кийген кийимдери: ак түстөгү баш кийим, көк түстөгү жинсы куртка.
-23.09.1989-жылы туулган Жанботоев Кайрат Байызбекович, Чүй облусунун тургуну, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде камакка алынган.
Кийген кийимдери:кара түстөгү жеңи жок сырткы кийим.
Эгерде жарандар кандайдыр-бир маалымат билген болсо төмөнкү номурлар аркылуу ички иштер органдарына токтоосуз билдирүүнү суранат: Чүй ОИИБи-0 312 43-88-91, 43-88-85 жана ИИМдин нөөмөт бөлүмү-66-23-31.