Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Тажикстанда балта менен судьяга кол салган адам 15 жылга соттолду

Тажикстанда Пянж райондук сотунун төрагасына балта менен кол салган Диловар Олимов 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 24-ноябрда Хатлон облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечим өткөн апта соңунда кабыл алынып, бирок азырынча мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Хатлон облустук сотунун төрага орун басары Темур Бойзоданын айтымында, Диловар Олимов кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Анын арасында адам өлтүрүү үчүн кол салуу беренеси дагы бар.

Окуя 31-августта Паянж районунун сотунун имаратында болгон. Диловар Олимов райондук соттун төрагасы Давлатманда Рахимзоданын иш бөлмөсүнө кирип барып, ага балта менен кол салган. Рахимзода жаракат алып, ооруканага жеткирилген, бөлмөсүндөгү эмеректердин баары талкаланган.

Бир суткадан кийин Диловар Олимов кармалган. Анын иши Хатлон облустук прокуратурасында каралууда. Прокуратурадан билдиришкендей, айыпталуучу күнөөсүн моюнга алган, бирок сотту өлтүрүүгө ниеттенбегенин айткан.

Окуя болгон күнү, 31-августта Паянж райондук сотунда Олимовдун мурдагы аялынын доо арызы каралган. Ал биринчи жубайы менен расмий никеге турган эмес жана эки баласын өзүнүкү катары тааныбай койгон. Бирок сот балдардын атасы Олимов экенин тастыктап, ар бирине 130 сомониден алимент төлөөгө милдеттендирген. Олимов соттун чечимине нааразы болуп, үйүнөн балта алып келип кол салган.

Паянж райондук ооруканасынан билдиришкендей, судья оор жаракат алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ташкентте колбаса цехине эшектин этин жеткирген адамдар кармалды

Хорезм облусунан Ташкенттеги «Шаршара» колбаса цехине 69 килограмм эшектин этин жеткирген эки адамга кылмыш иши козголду. Ошондой эле ал этти уйдуку деп каттаган цехтин кызматкерлерине карата дагы тергөө иштери башталды.

Укук коргоо органдарындагы өз булактар кабарлашкандай, 21-ноябрда колбаса цехинде рейд болуп, анын жүрүшүндө 69 килограмм эшектин эти колбаса жасоо үчүн камдалган сапатсыз башка эттерге кошулганы аныкталган.

Маалыматка караганда, көрүнүшү жана жыты боюнча сапатсыз көрүнгөн эттин үлгүсү алынып, экспертизага жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында ал адамдын саламаттыгына коркунучтуу эшектин эти деген корутунду чыгарылган. Азырынча цехке буга чейин дагы эшектин эти жеткирилген-жеткирилбегендиги белгисиз.

Өзбекстанда бир эшектин баасы 150-200 миң сумду (18-24 АКШ доллары) түзөт. Анын эти уйдун этинен дээрлик төрт эсе арзан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Акылы аз күкүк энелерди катуу жазалоо керекпи?

Токмок шаарындагы көчөдөн жаңы төрөлгөн ымыркай кыз табылды. Укук коргоо органдары маалымдагандай, ымыркай кызды 22-ноябрда Охотничья көчөсүнөн жергиликтүү жашоочулар табышкан. Дароо милиция кызматкерлери менен дарыгерлерге маалымат берилип, ымыркайдын абалы текшерилген. Анын салмагы 3 кг 400 грамм болгон. Учурда кыздын энесин аныктоо жана жүргөн жерин тактоо иштери жүрүп жатканы маалым болду. Акыркы беш-алты айдын ичинде эле Кыргызстанда ушуну менен ымыркайды төрөп таштап кеткен төрт факты катталды. Акылы айбандыкынан да аз мындай күкүк энелерди кармап, жазаны катуу бербесе болбой турат!

Булак: “Фабула”

Швеция соту терроризмге шектелген өзбек жаранын камакта калтырды

Швеция соту Стокголмдогу кол салуу боюнча айыпталган Өзбекстандын жаранын сотко чейин камакта калтыруунун мөөнөтүн узартты. 39 жаштагы Рахмат Акилов 21-декабрга чейин камакта болмокчу.

Тергөөчүлөр аны “7-апрелде пиво ташыган машинени уурдап, шаар борборунда жөө кишилерди атайлап сүздүргөн” деп айыпташкан. 5 кишинин өмүрүн алган ал окуя терроризм катары каралууда.

Өзбестандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов апрелде Акилов 2914-жылы мекенинен Швецияга көчүп кеткенден кийин «Ислам мамлекети» экстремист уюму тарабынан жалданганын айткан.

Стокгольм – транспорттук каражаттардын жардамы менен чабуулга кабылган европалык шаарлардын бири болуп саналат. 2016-жылдан бери Барселона, Лондон, Берлин жана Ниццада унаа аркылуу террордук актылар жасалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Манас районунда иштеген малчы аялын күрөк менен сабап өлтүрүп, сарайдын жанына көмүп койгон

Талас облусунун Манас районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Ал жаран мыйзам алдында жазаланбастыгына ишенип, кылмыш жасаган жеринде жашап келген. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын 17-ноябрь күнү Талас облусунун Манас РИИБде адамдын сөгүнүн калдыктары табылган факты катталган. Кечинде айылдардын биринин жанындагы окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу келишип, адамдын сөгүнүн калдыктарын табышкан. Айылдын четиндеги сарайдын айланасында курулуш иштери жүрүп жатканына байланыштуу трактордун айдоочусу жерди түстөп жатып, жерге көмүлгөн аялдын сөгүн тапкан. Маркум аялдын кийимдери жана шарфы сакталып калган. Жогорудагы факты боюнча Манас РИИБи белгисиз аялдын өздүгүн тактоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Маркумдун өздүгүн тактоо мүмкүн эмес болгон. Соттук-медициналык жана башка экспертизалар жүргүзүлүп, бул белгисиз аял киши колдуу болуп өлгөн деген тыянак чыккан. Баш сөөгүнө жана дененин башка бөлүктөрүнө оор жаракат келитирилген издер байкалган. Милиция кызматкерлери тарабынан адамдын өлүгү табылган аймактын ээси, жакын жайгашкан тургундар суралган. Бир нече күндөн кийин Манас РИИБнин кызматкерлери ыкчам-иликтөө мүнөздөгү иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү катары мурда ушул аймактагы сарайларда малчы болуп алектенген Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 1983-жылы туулган У.Б. аттуу жошоочусунун изине түшүп, оор кылмыш ишине тиешеси бардыгын аныкташкан.
Тергөө учурунда белгисиз аялдын өздүгү такталып, ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1971-жылы туулган А.Элмира аттуу тургуну болуп чыккан. Бул кылмыш иши болжол менен 2016-жылдын январь айында жасалган. Маалымат боюнча маркум аял шектүүнүн жарандык жубайы болгон. Шектүүнүн сөзү боюнча ал мас абалында жарандык жубайын катуу сабаган жана аялынын башындагы жаратын моюн орогуч менен ороп коюп, өзүнүн ишине кетип калган. Ал эми жабыркаган аял алган жаракатынан, жарым саат өтпөй каза болгон. Топтолгон материалдардын негизинде Манас РИИБнин тергөө бөлүмү Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш ишин козгошкон.

Шектүү адам жарандык жубайы менен 2015-жылдын күз айларынан баштап ушул сарайда мал багуучу катары иштешкен жана бул жумушту Ош базарындагы радиодон кулактандыруу катары берилип жаткан маалымат боюнча табышкан. Жубайлардын ортосунда чыр чыгып, шектүү жаран мас абалында аялын уруп-сабап, күрөк менен бир нече жолу чаап жиберген. Кылмыштын изин жашыруу максатында жансыз денени катып, жоготууну ойлоп, ошол эле сарайдын жанындагы жерди казып, көмүп салган. Сарайдын ээси аялың кайда деп сууросун узаткан учурда, ал Бишкек шаарына кеткендигин жана ар кандай башка жоопторду алгандыгын билдирген. Ушул учурга чейин маркум аялды туугандары издеп жүрушкөн, Чуй аймагында милиция тарабынан дайынсыз жоголгондордун катарына кирип, изделип жүргөн. Кылмыш жасаганына бир аз убакыт өткөндөн кийин, малчы Бишкек шаарына кетип калган. Жарым ай өтпөстөн, ал башка жаңы жаш жубайы менен келген. Шектүү жаран 1987-жылы туулган бул жарандык аялы менен жашай баштаган. Тегерегиндеги жашоочулар берген суроого ал жубайы Элмира мурдагы жолдошу менен жарашып, башка жакка кетти деп жооп берип койчу. Маалым болгондой, жаңы аялы менен малчы болуп бир аз иштешип, анан чет өлкөгө акча табыш үчүн кетип калышкан. Күзүндө экинчи аялы менен эки айрым жолго түшүшүп, мекенине жалгыз келген. 2016-жылдын декабрь айында кайра Манас районуна үчүнчү жарандык аялын алып келип, бир нече ай мал багышкан. Ушул жылдын жай айында сарайдын ээси малчысын алмаштырууну чечкен. Ал эми өлгөн аялдын туугандары жана тааныштары анын кайда экендигин билүү үчүн дагы эле издеп жүрүшкөн. Аларга шектүү адам Элмира башкага турмушка чыгып, Нарынга кетти деп жооп берип койгон. Соттун чечими менен кармалган жаран эки айга камака алынып, Манас РИИБи тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат.

Баткенде эки бир тууган каракчылар кармалды

Баткен облусунда каракчылык менен алектенген бир туугандар кармалды. Бул туурасында Баткен ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын  22-ноябрына караган түнү болжол менен саат 02:00 чамасында Баткен районунун Боз-Адыр айылынын А.И. жана Н.К. аттуу жубайлар үйүндө уктап жаткан учурда бет капчан белгисиз эки адам үйүнө киришип, каракчылык кылуу максатында өзгөчө жыты бар газ балончиктери менен үй ээлеринин беттерине чачышкан. Жубайлар каршылык көрсөткөн учурда белгисиз адамдар күчтөрү  жетпегендигин билген соң, окуя болгон жерден качып чыгышкан.

Милиция кызматкерлери тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда үйдүн ичинен «Nokia» үлгүсүндөгү уюлдук телефон, белгисиз үлгүдөгү кара түстөгү тапанча, бет кап, 3 даана газ чачуучу балончиктер, узундугу 1,5 метр болгон ак түстөгү аркан жип, кара түстөгү рюкзак, фонарик жана башка заттар далил буюм катарында алынган.

Баткен РИИБнин ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде кылмыштын изин суутпай, кылмышка шектүү адам «ВАЗ 2107» үлгүсүндөгү автоунаасы менен кармалган. Ал эми жанындагы шериктеши кийинчерээк кармалган. Шектүүлөрдүн өздүгү такталып, алар бир туугандар 1988-жылы туулган К.И. жана 1990-жылы туулган К.М. аттуу Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургундары экендиги аныкталган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-баллистикалык, соттук-химиялык  экспертизалар дайындалган. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө учурунда кармалган жарандар башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы аныкталган.

2017-жылдын 7-сентябрь күнү  ушул үйгө уурулар кирип, 40 миллион сум (Өзбек валютасы) акчасын уурдап кетишкен.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Бүгүнкү күндө жогоруда аталган бир туугандар бул кылмыш ишине дагы тиешеси бардыгы аныкталып, күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышкан. Азыркы учурда эки кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат

ИИМ: Улан Саляновдун өлүмүнө байланышкан кылмыш ишинин бетин ачуу боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат

2017-жылдын 22-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров Жогорку Кеңеште Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө байланышкан кылмыш ишинин бетин ачууда бир катар коплекстүү иш-чаралар көрүлүп жатканын айтып, депуттардын суроолоруна жооп берген. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ушул жылдын 6-ноябрь күнү түнкү саат 01:30 чамасында беткапчан белгисиз адамдар Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында жайгашкан үйгө кирип барышкан. Көк-Жар айылындагы үйүнөн Улан Саляновду кылмышкерлер атып кетишкен. Улан Салянов октон алган жаракатынан каза болгон. Ички иштер министрлиги бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш ишин козгогон. Ушуга байланыштуу адам өлтүрүү фактысына шектелген адамдардын өздүгүн тактоо жана кылмыштын бетин ачуу максатында тергөө тобу түзүлүп, ага тажрыйбалуу ыкчам кызматкерлер, тергөөчүлөр жана криминалисттер кирген. Башынан баштап бул кылмыш ишинин иликтениши ички иштер министрлигинин жетекчилигинин көзөмөлүндө турат.

Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров Жогорку Кеңештин депутаттарына жогорудагы кылмыш ишинин иликтениши тууралуу маалымат берген. Адам өлтүрүү фактысынын бетин ачуу боюнча комплекстүү чаралар көрүлүп жатканын белгилеп жатып, министрдин орун басары аталган кылмыш ишине шектүү катары мурда каракчылык менен соттолгон жарандар текшерилип жатканын билдирген. Үйдүн жанында жайгашкан 51 камера, ошондой эле окуя болгон күндөн 10 күн мурдагы видео- жазуулар текшерилүүдө.

Маалымат боюнча “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчадан ок чыгарылган. Экспертизалар дайындалып, эксперттер тарабынан окуя болгон күнү жанына ок атуучу куралын алып жүргөн укук коргоо органдарынын кызматкерлери, сыйлык катары белекке алгандар жана жеке күзөт мекемелеринин тапанчалары текшерүүдөн өтүүдө. Улан Саляновко эки жолу ок атылган. Атылган экинчи ок изделүүдө.

Андан сырткары, министрдин орун басары кол салгандар акча каражатын талап кылгандыгы тууралуу протокол бар экендигин маалымдаган. Ушуга байланыштуу, ички иштер министрлиги жогорудагы кылмыш саясий мүнөздү камтыбайт деп билдирүү жасаган.

Бул кылмыш иши боюнча башка иликтөө иштерин тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн маалымдаган жок. Бирок, министрдин орун басары тергөө амалдары толук жүрүп жатканын баса белгиледи.

Тажикстанда ИМ идеяларын пропагандалаган жаран 6 жылга соттолду

Хатлон облустук соту Вахш районунун 21 жаштагы тургунун социалдык түйүндөр аркылуу «Ислам мамлекети» тобунун идеяларын пропагандалаган деген айып менен 6 жылга эркинен ажыратты.

Облустук соттон билдиришкендей, Фируз Абдулазизов «ММК же социалдык түйүндөр аркылуу Тажикстандын конституциялык түзүмүн күч менен өзгөртүү чакырыктарын жасоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Анын айтымында, азырынча сот өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Фируз Абдулазизов быйыл 15-августта Москвадан кайтып келгенде кармалган. «Орусиянын борборунда жүргөн тажик мигранты социалдык түйүндөр аркылуу экстремисттик мүнөздөгү сүрөттөр менен видеолорду жайылтып жүргөн. Фируз «Одноклассники» түйүнүндөгү баракчасына ИМ тобунун кара желегин жайгаштырып, колдонуучуларды бул топтун идеяларын колдоого үндөгөн»,- деп билдиришти соттон.

Адвокат Нусратулло Мирзоев Абдулазизов күнөөсүн толугу менен моюнуна алганын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Нарында мыйзамсыз ок-дарыларды сактоо фактысы менен эки жаран кармалды

Милиция кызматкерлери тарабынан «Бандит» аталышындагы ыкчам-иликтөө рейдинин жүрүшүндө мыйзамсыз ок-дарыларды сактоо фактысы менен 46 жаштагы Нарын районунун жана 49 жаштагы Нарын шаарынын тургундары кармалган. Бул туурасында Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын 21-ноябрь күнү болжол менен саат 14:00 чамасында ыкчам маалыматтын негизинде Нарын ОИИБнин кызматкерлери Нарын районунун Алыш айылынан “Ауди-100” үлгүсүндөгү автоунаасын токтотушуп, автоунаада жүргүнчү катары бара жаткан Нарын районунун Таш-Башат айылынын 46 жаштагы К.Р. аттуу жашоочусун текшерүү учурунда жанынан 1 кутучага салынган 50 даана 5,6-калибирдеги сайлуу ок атуучу куралдын окторун табышкан.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесинин 1-бөлүмүнүн (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Нарын районунун Таш-Башат айылынын 46 жаштагы К. Р. аттуу тургуну 50 даана 5,6-калибирдеги сайлуу ок атуучу куралдын окторун 2017-жылдын 21-ноябрь күнү Нарын шаарынын 49 жаштагы Т. С. аттуу жашоочусунан 1000 сомго сатып алгандыгын билдирген.

Жогорудагы кылмышты аныктоо максатында Т.С. жана К.Р. аттуу жарандардын турак-жайлары текшерилип, натыйжасында Т.С. аттуу жарандын үйүнүн уктоочу бөлмөсүнөн 6 кутучага (ар биринде 50 даана) салынган 300 ок, ал эми К. Р. аттуу жарандын кампасынан 27 даана 5,45-калибирдеги окторун табышкан. Алынган октор экспертизага жөнөтүлгөн.

Жогорудагы кылмышка шектүү катары К.Р. аттуу Нарын районунун тургуну абактылуу кармоочу жайга камалган. Нарын ОИИБнин тергөө кызматы тарабынан Нарын шаарынын Т.С. аттуу тургунунун кыймыл-аракетине юридикалык жактан баа берүү үчүн кылмыш ишинен материал бөлүнүп алынып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесинин 1-бөлүмүнүн (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Мьянмадагы этникалык тазалоо?

Кошмо Штаттар биринчи жолу Мьянма армиясын рохинджа-мусулмандарын “этникалык тазалоого” ачык айыптады. Ракхайндагы аскердик репрессия учурунда 600 000ден ашуун киши үйлөрүнөн куулган, деп жазды Le Monde. Басылма БУУ 11-сентябрда Мьянма бийлигин “этникалык тазалоого” айыптаганын, бирок Вашингтон бул терминди колдонуудан баш тартып келгенин баса белгиледи.

«Бул ырайымсыздык үчүн жооптуулар жазаланышы керек», деди АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон. Бул тууралуу ал Мьянма куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы, ага генерал Мин Аун Хлайн жана формалдуу эмес жарандык администрациянын башчысы Аун Сан Су Чжи менен жолугушуу учурунда билдирди.

«Фактларды терең иликтеп чыккандан кийин Ракхайндын түндүк процинциясында рохинджаларга карата этникалык тазалоо болгону ачыкталды жана эч нерсе бул үрөйдү учурган жырткычтыкты актай албайт», деген Рекс Тиллерсон

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню