Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Баткен облусунда “Арсенал” рейди жыйынтыкталып, жарандардан 9 бирдик ок аттуучу курал алынды

Ушул жылдын 16-22-ноябрь күндөрү өткөн “Арсенал” аталышындагы ыкчам-алдын алуу жана ыкчам-издөө рейди жыйынтыкталып, жарандардан 9 бирдик ок атуучу курал алынды. Бул туурасында Баткен ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Курал-жарактарды сактоо боюнча милдетти талаптагыдай аткарбагандыгы жана кайра каттоодон өткөрбөгөндүгү үчүн жарандардан 7 курал алынып, ок атуучу куралдарды мыйсамсыз сактоо фактысы боюнча 2 кылмыш иши козголду.

Милиция кызматкерлери тарабынан ок атуучу куралдарды сактоо жайлары менен колдонууга уруксат алган жарандар текшерүүдөн өтүлдү.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө 56 мергенчи, 623 автомототранспорт каражаттары жана 11 соода-түйүндөрү менен базарлар, 11 мейманкана текшерилди.

Эгерде жарандар ок атуучу куралды таап алган болсо же мыйзамсыз сактап жүрсө тезинен милиция кызматкерлерине тапшыруу керек.

Ал эми катталбаган курал-жарактарды, окторду, жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш ишине тиешеси жок болсо, анда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулаарын эскертип кетебиз.

Видео - Сайфулло Саиповго жаңы айыптар тагылды

Өткөн айда Нью-Йоркто чакан жүк ташуучу унаа менен көчөдөгү адамдарды тебелетип кеткен өзбекстандык иммигрант Сайфулло Саиповго 22 пункт боюнча айып тагылды, алардын арасында киши өлтүрүү жана “Ислам мамлекети” экстермисттик тобун колдоо кинелери дагы бар.

29 жаштагы Сайфулло Саипов сегиз кишини өлтүрүүгө жана 12 кишини өтүрүүгө аракет жасоого айыпталууда. Эгер ал күнөөлүү деп табылса, өлүм жазасына тартылышы ыктымал.

21-октябрда АКШнын Нью-Йорк шаарынын Төмөнкү Манхэттен аймагында жүк ташуучу автоунаа велосипед тебүүчүлөрдүн атайын жолуна качырып кирип барып, бир нече кишини тебелеп кеткен. Бул жерде мурда Дүйнөлүк соода борборунун кош мунарасы жайгашкан.

Бул окуя 2001-жылдын 11-сентябрынан кийинки эле Нью-Йорктогу эң кандуу чабуул болуп калды. Саипов кармалары менен эле терроризм боюнча күнөөлөнгөн. Бирок башка айыптарды тагуу үчүн далилдерди топтоого прокурорлор бир нече апта коротушкан. Саиповдун адвокаты айыптоочу чечим боюнча комментарий бере элек. Саиповдун соту 28-ноябрда өтөт. Анда ал билдирүү жасайт деп күтүлүүдө.

Сайфулла Саипов Ташкентте туулуп-өскөн, 2010-жылы лотереяда грин-карт утуп алып, АКШга келген. Алгач Флоридада, андан соң Огайодо жана акыркы убактарда Нью-Жерсинин Паттерсон шаарында жашаган. Саиповдун тааныштары аны каржы көйгөйлөрү бар агрессивдүү жигит катары сыпатташкан, бирок радикал экени байкалган эмес.

Нью-Йоркто теракт жасоого шектелген киши кандай жашаган?

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Чаткал районунун жашоочусу мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал менен кармалды

15-ноябрь күнү милиция кызматкерлери тарабынан Чаткал районунда мыйзамсыз ок атуучу куралдарды аныктоого багытталган рейд жүргүзүлгөн. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Натыйжада Чаткал районунун 37 жаштагы К.Ш. аттуу тургуну “ИЖ-16” үлгүсүндөгү 16-калибрдеги ок атуучу куралын тиешелүү документи жок алып жургөн жеринен кармалган. Териштирүү учурунда Чаткал районунун К.Ш. аттуу тургуну чоң атасынан калган ок атуучу курал экендиги жана документи жоктугун билбегендигин билдирген. Тиешелүү органдар тарабынан К.Ш. аттуу тургунга административдик айып пул салынган. Алынган ок атуучу курал экспертизага жөнөтүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Салянова: Иним бай болсо эч болбогондо дарбаза коюп алмак

“Кол салуу болгон күнү инимдин капчыгында 400 эле сому бар экен, эгер ал байлыгы үчүн кооптонсо эч болбогондо үйүнө дарбаза тургузуп алмак”, – деди бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова инисинин өлүмүнө байланыштуу маселе парламентте каралып жатканда.

Кечээ бул маселе “Ата Мекен” фракциясында талкууланып, бүгүн жалпы жыйында милициянын маалыматы угулду.

Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров кол салгандар Улан Саляновдон акча талап кылганын, ошондуктан тергөөдө “каракчылык” деген версия каралып жатканын айтты.

Аида Салянова өз сөзүндө кол салуу атайын даярдалган деген оюн билдирди:

– Кылмыштан бир нече саат өтө электе “саясий себеп жок” деп ИИМ билдирди. Бирок бул учурда ИИМдин колунда эч кандай далил жок болчу. Райондук тергөөчү ушундай бидирүү жасамак беле? Демек, тергөөнү кимдир бирөө башкарып, кантип сүйлөш керек экенин көзөмөлдөп жатат. Мага карата соңку жылдардагы маниакалдык саясий куугунтукту эске албаганда да жеке мен козгогон ондогон кылмыш иштер, жоопко тартылгандар бар эмеспи. Эч болбогондо “тергөө толук жана объективдүү жүрүп жатат” деген түр көрсөтүш үчүн да саясий себепти кошуп айтышса болмок. Бул кылмыш тобу дал ушул иш үчүн атайын даярдалган. Ал күнү инимдин капчыгында 400 сом гана болгон. Көп акчасы болсо ал терезелерине темир тагып, видеокөзөмөл орнотуп, эч болбогондо дарбаза тургузуп коймок. Бул кылмышка ким буйрук берди? Мени мыйзамды бузганым эмес, бузбаганым үчүн соттошту. Бул жерде саясий себеп жок деп ким кепилдик бере алат?

Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду 6-ноябрда ​белгисиз бирөөлөр Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы жаңы салынган үйүнөкурал менен кирип, атып кетишкен.

Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин “Адам өлтүрүү” беренесинин негизинде иш козголгон.

Оппозициялык саясатчы Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда “мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес” деген айып тагылган. Салянова өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет.

Булак: “Азаттык”

Шаардык милиция кызматкерлери уурулукка шектүү жаранды кармашты

Милицияга Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, ушул жылдын 12-сентябрь күнү арыздануучунун автоунаасынын терезесин сындырышып, ичинен акча каражатын жана жеке буюмдарын уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Жабырлануучуга ири суммада материалдык чыгым келтирилген. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары 27 жаштагы М.Р. аттуу жергиликтүү тургун кармалган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин164-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кармалган адам Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Сузакта бир жыл бою бала зордуктап жүргөн имамга өкүм чыкты

Жалал-Абадда Сузак райондук соту 10 жаштагы баланы зордуктап жүргөн деп айыпталган имамга карата өкүм чыгарып, аны бул кылмышы үчүн 20 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна кабарлады.

Соттолгон жаран Кылмыш-жаза кодексинин “Жаш балага карата жасалган сексуалдык зомбулук аракеттер” беренесинин негизинде айыптуу деп табылды. Мындан тышкары ал маңзат сактоо, экстремизмге байланыштуу беренелер боюнча 3 жылга соттолду. Ошентип, “Бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө” талабына ылайык ​ага жалпысынан 21 жыл чегерилди.

Облустук сотко апелляциялык арыз түшпөгөнүнө байланыштуу жаза мөөнөтү октябрь айынан тартып күчүнө кирди.

Сузактын Ат-Чабар айылында жашаган аял он жаштагы эркек баласын коңшусу зордуктап жүргөнүн айтып, былтыр 18-июнда райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Анын “Азаттыкка” айтканына караганда, айылдын имамы, бет маңдайлаш жашаган улгайып эле калган коңшусу уулун көптөн бери коркутуп, кордоп жүргөнүн кокусунан билип калган​.​

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ташкентте психиатриялык ооруканадан качып кеткендердин баары кармалды

Ташкентте милиция кызматкерлери республикалык психиатриялык ооруканадан качып кеткен бейтаптардын үчүнчүсүн дагы кармашты.

33 жаштагы Шеркул Омонов 21-ноябрда Чиланзар районундагы “Абу Сахий” дүң базарынын аймагында кармалган.

Уурулук үчүн айыпталган Шеркул Омонов соттун чечими менен акыркы тогуз айдан бери психиатриялык ооруканада дарыланып жаткан. Ал 20-ноябрда мурдагы эки кылмышкер менен чогуу качып кеткен.

Милиция кызматкерлери кабарлагандай, Омоновду кармоо учурунда ал тартип сакчыларына бычак менен салдырып, каршылык көрсөткөн. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин бири жаракат алган.

Ага чейин милиция кызматкерлери ооруканадан качып кеткен үч эркектин экөөнү кармаган болчу.

Маалыматтарга караганда, качып кеткен үч адам тең мурда соттолгон. Бирөөсү уурулукка, экинчиси маңзат таркатып, абактан качууга жана үчүнчүсү адам денесине зыян келтирүүгө айыпталган.

Үчөө тең психиатриялык ооруканага кайра жаткырылды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда салафилер менен байланышта делген кардиохирург соттолууда

Худжанд шаарында Тажикстанда тыюу салынган “Салафия” кыймылы менен байланышта деп айыпталган белгилүү кардиохирург Абдумалик Саломовдун сот иши башталды.

Оор жүрөк дартына кабылгандарга уникалдуу операцияларды жасаган Абдумалик Саломов сентябрдан бери абакта отурат. Аны менен кошо дагы эки киши айыпталууда.

Дарыгердин адвокаты Бахтиёр Вахидовдун айтымында, кардиохирург Тажикстанда тыюу салынган “Салафия” кыймылынын мүчөлөрүнүн аш үстүндөгү жыйынына катышканы үчүн айыпталууда.

“Тергөөчүлөрдө жетиштүү далилдер жок. Аны камоого негиз болгон эмес”, – деди Бахтиёр Вохидов.

Абдумалик Саломов айыптоолорду четке кагууда, ал эч качан диний уюмдарга мүчө болбогонун билдирип келет. Кардиохирурдун туугандары мамлекет башчы Эмомали Рахмонго кат жолдошуп, бул иштин объективдүү иликтенишине жардам берүүсүн суранышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Полиция Али Ферузду качкындардын убактылуу жайынан алып кетти

Өзбек журналисти Али Ферузду шейшемби күнү кечинде полиция кызматкерлери чет элдик жарандарды кармоо борборунан алып кетишти. Ал “Новая газетадагы” кесиптештерине аны Москванын Басман сотуна алып барышарын айткан. Полициячылар журналистке административдик тартип бузганы тууралуу протоколду көрсөтүшкөн.

Басылма полициянын бул аракетин Феруздун жумушка орношконун текшерүү менен байланыштырууда. 16-ноябрда гезиттин редакциясына миграция маселелери боюнча бөлүмдүн кызматкерлери келишкен. Алар чет элдик жарандарды ишке алуу тартиптерин текшеришип, бирок мыйзам бузууларды табышкан эмес.

Ушул жылдын август айынын башында Али Феруз миграциялык мыйзамдарды бузду деген кине менен Москвада кармалган. Кийин Орусиянын доо арыздарды караган соту аны Өзбекстанга депортациялоо тууралуу чечимди аткарууну убактылуу токтоткон.

Укук коргоочулар, журналисттер жана Феруздун туугандары ал Өзбекстанда кыйноого кабылып, абакка камалышы мүмкүндүгүн, атургай өмүрүнө да коркунуч жаралышы ыктымалдыгын айтышууда.

Журналисттин арызын Европанын адам укуктары боюнча соту карап чыкмайынча, анын депортациялоо токтотулган. Ага чейин Феруз Орусиядагы качкындардын убактылуу жайында болушу керек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жалал-Абадда мал уурдоо менен алектенген жарандар кармалды

Аксы жана Сузак райондорунда жүргүзүлгөн “Авто-розыск” рейди учурунда белгисиз адамдар талаада жүргөн 1 баш бодо мал жана 3 баш койду уурдап, мал базарга алып келип сатып жиберишкени маалым болгон. Натыйжада Сузак, Аксы районунун тургундары жалпысынан 50 миң сомдук материалдык зыянга учурган. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Жалал-Абад ОИИБнин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, кылмыштын изин суутпай жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Аксы районунун 23, 27 жаштагы тургундары, ошондой эле Сузак районунун 50 жаштагы жашоочусу (аял киши) кармалган. Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми шектүүлөр райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылды.

Меню