Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Уюлдук телефондорду уурдоо фактысы көп катталууда

Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, 2017-жылдын 19-ноябрь күнү болжол менен саат 22:00 чамасында Павлов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинен белгисиз адам күч колдонуу менен жабырлануучунун “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткендигин билдирген.

Милиция кызматкерлери кылмыштын изин суутпай, жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Чүй облусунун 22 жаштагы А.Б. аттуу тургунун кармашкан.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесине (тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кармалган адам Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Тажикстан ИМ тобунун катарында согушуп келген аскерди Орусияга өткөрүп берди

Сирияда «Ислам мамлекети» тобунун катарында согушуп келген Орусия Коргоо министрлигинин Башкы штабынын мурдагы кызматкери Денис Хисамов Орусияга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 20-ноябрда Тажикстан ИИМинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Мамлекеттер аралык келишимдерге ылайык, Денис Хисамов өткөн аптада Орусия тарапка өткөрүлүп берилди», – деп билдирди мекеменин басма сөз катчысы Умаржони Эмомали.

Тажикстан ИИМи 23-октябрда Түркия тарап 34 жаштагы Орусия Коргоо министрлигинин мурдагы кызматкери Денис Хисамовду Душанбеге экстрадициялаганын билдирген. Маалыматка караганда, буга анын Түркия аркылуу Сирияга өтүү үчүн жасалма тажик паспортун колдонгондугу себеп болгон.

Тажик бийлигинин билдирүүсү боюнча, Хисамов Сирияда «ИМ» тобунун катарында согушуп, кийин Түркияга келгенде кармалган. Түркиядан ал Орусияга барып, анда кылмыш кылууга ниеттенген. Атайын кызматтан кандай кылмыш экенин тактап айтышкан жок.

Денис Хисамовдун тааныштары менен туугандары аны диний фанатизмден алыс окумуштуу деп сыпатташып, анын Сирияга кетишине таң калгандыктарын билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сирияда ирандык кол башчылардын бири окко учту

Иран медиасы Сирияда Ислам революциясын коргоо корпусунун кол башчыларынын бири каза тапканын билдирди. Иран куралдуу күчтөрүнүн элиталык аскерлери Сирия президенти Башар Асаддын бийлигин колдоп согуш талааларында жүрөт.

Иран офицери “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочулары менен кармашта мерт болгон.

Fars агенттиги 19-ноябрда маалымдагандай, Хайрулла Самади сирия-ирак чек арасына жакын Абу-Кемаль шаарындагы согуш учурунда окко учкан.

2016-жылы ирандык Азап чегүүчүлөр фонду Тегерандын буйругу менен Сирияга барган миңден ашуун аскер өлгөнүн кабарлаган. Алардын арасында кол башчылар дагы бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бишкек: жүк ташуучу поезд жаш жигитти тебелеп кетти

2017-жылдын 20-ноябрында түнкү саат 01:00 дө №3501 жүк ташуучу поезд жүргүнчүнү тебелеп кеткен, – деп маалымдады “кыргыз темир жолу”.

Окуя “Бишкек I – Бишкек II” темир жол бекеттеринин аралыгында катталган.

Алдын ала-маалыматтар боюнча жаш жигит телефон аркылуу сүйлөшүп бара жаткан жана кулагында наушниги болгон. Поезддин эскертүүчү сигналына көңүл бурган эмес.

Кырсыктын кесепетисинен жаш жигит окуя болгон жерде каза болгон. Сөөгү Бишкек моргуна өткөрүлүп берилди.

 

Адам өлтүрүүгө аракет кылган жаранды кармашты

Ушул жылдын 17-ноябрь күнү болжол менен саат 18:30 чамасында “102” кызматына телефон аркылуу батирде канжалаган адам жатканын кабарлашкан, – деп маалымдады ШИИББнин Басма сөз кызматы.

Окуя болгон жерге Октябрь РИИБнин жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу келишкен. Тергөөнүн жүрүшүндө шаардын кичирайондорунун бириндеги батирде үч жаран (эки эркек адам менен аял киши) спирт ичимдигин ичип отурушуп, эки эркек адамдардын ортосунда кызганычтын айынан чыр чыгып, мушташа кетишип, К.А. аттуусу экинчисин мойун тарапка бычак менен сайып салган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренелери (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан 1978-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

Шамбет Кубатбеков камакка алынды

ИИМ тармагында иштеп кеткен жарандык активист Шамбет Кубатбеков камакка алынды. Ал мамлекеттик каражатты максатсыз колдонгон деген шек менен кармалган. Билдирүүдө Кубатбеков Кылмыш кодексинин 308-беренеси (“Бюджет каражатын мыйзамсыз колдонуу”) боюнча Транспорт министрлиги мурда ачкан кылмыш ишинин негизинде колго түшкөнү айтылат. Иш ИИМге өткөрүлгөн.

Айрымдар Кубатбековду Таластагы митингдерди уюштурганы үчүн милиция кармап кеткенин интернеттеги социалдык тармактарда жазышкан. Учурда Шамбет Кубатбеков Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында.

Булак: “Фабула”

"Аборт кылуудан баш тарткан": Аксыдагы кайненеси менен келинди өлтүрүп кеткен кылмышкер кармалды

Жалал-Абад ОИИБнин жана Аксы РИИБнин ыкчам кызматтары тарабынан Авлетим айыл өкмөтүнүн айылдарынын биринде катталган оор кылмыш ишинин бети ачылды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын 14-ноябрь күнү болжол менен саат 11:00 чамасында милицияга оор жаракат алган үйдүн ээси менен келининин жансыз денелери табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аксы районуна караштуу Авлетим айыл өкмөтүндөгү окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу келип, киши колдуу болуп өлгөн эки аял кишинин жансыз денесин табышкан. Маркум аял кишилердин өздүгү такталып, алар окуя болгон үйдүн 1965-жылы туулган С.К. жана 1991-жылы туулган К.А. аттуу келини болушканы аныкталган. Маркумдардын денесине оор жаракат келтирилген.

Андан сырткары, белгисиз адамдар тарабынан үйдүн кожейкесинин кызынын денесине дагы оор жаракат келтиришкен. Бирок ал тирүү калып, аймактык ооруканага жеткирилген. Ошондой эле, үйдүн башка бөлмөсүндө эки жаштагы кыз менен жарым айлык бала бар болгон. Алар уктап жатышкан.

Жогорудагы факты боюнча Аксы РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү) менен 28-97-берененин (адам өмурүнө кол салуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Бул оор кылмыш ишинин бетин ачуу жана кылмышка шектүүнүн өздүгүн тактоо максатында ыкчам-иликтөө ишин жүргүзүү үчүн ыкчам-иликтөө кызматы түзүлүп, ага Жалал-Абад ОИИБнин жана Аксы РИИБнин тажрыйбалуу кызматкерлери кирген. Тергөө учурунда аталган кылмыш иши боюнча ар кандай ойлор айтылып, тоноо максатында дагы аталган кылмыш ишине барышы мүмкүн деген бүдөмүк ойлор айтылган.
Иликтөө ишинин негизинде жакынкы үйлөрдүн жашоочулары суралып, үйлөрү текшерилип чыккан. Тиешелүү экспертизалар дагы дайындалган. Үй кожейкелери тууралуу бардык маалыматтар дыкаттык менен текшелирген. Ыкчам-иликтөө мүнөздөгү иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери бул кылмыш ишине жергиликтүү тургундун тиешеси бар экендигин аныкташып, 1988-жылы туулган А.Б. аттуу ушул айылдын жашоочусу кармалды.
Маалымат боюнча, кылмышка шектүү биринчи үйдүн ээсинин кызын эшикке чакырып, денесине оор жаракат келтирип, катуу нерсе менен сабап салган. Андан соң, үйгө кирип барып кыздын энеси менен келинине оор жаракат келтирген. Алган жаракаттарынан алар ошол жерден мерт кетишкен. Шектүүнүн үйүн текшерүү учурунда кандын тактары бар кийими жана буюмдар табылган. Кылмыштын изин жашыруу максатында аларды тазалоого аракет кылган. Кандын тактары шектүүнүн уунасынан дагы табылган.

Тергөө учурунда шектүү үйдүн ээсинин кызы менен жакшы тааныш болгон жана боюнда бар экендигин билип, баладан кутулууну талап кылганы маалым болгон. Бирок, кыз ичи чоңойуп калганына байланыштуу, каршы чыккан. Шектүүнүн үй-бүлөөсү бар болуп, 3 ай мурда эле үйлөнгөнү такталган. Окуя болгон күнү “Тайота-Камри” үлгүсүндөгү автоунаасын үйдөн алыс токтотуп, кызды чакырып, жогорудагы маселени козгогон.

Азыркы учурда кыздын абалы оор. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Сапар Исаков поздравил работников отечественного кинематографа с профессиональным праздником

Сапар Исаков вчера, 17 ноября, поздравил работников отечественного кинематографа с профессиональным праздником — Днем кыргызского кино. Б

Ниже приводим текст поздравления:

«Уважаемые работники кыргызского кинематографа!

От имени Правительства Кыргызской Республики и от себя лично позвольте поздравить вас со знаменательным праздником – Днем кыргызского кино!

Отечественные кинофильмы советской эпохи, известные как «Кыргызское чудо» демонстрировались на экранах международных и союзных кинофорумов и за свое своеобразие были удостоены таких высоких званий, как «лучший режиссер», «лучший сценарий» и «лучший актер».

Повышение конкурентоспособности кыргызского кинематографа за последнее время, является показателем развития сферы культуры в стране.

Наглядным свидетельством этого является возрождение кыргызского кинематографа и признание его на ведущих мировых кинофестивалях, что несомненно радует нас всех. В настоящее время кыргызское кино формирует единое культурное пространство в стране и вносит большой вклад в формирование культурного менталитета в сфере кино.

В рамках программы Правительства «Жаңы доорго – кырк кадам» предусматривается создание Центрально Азиатской киношколы.

Данная мера позволит Кыргызстану выйти на передовые места в киноиндустрии постсоветского пространства.

Мы верим, что все граждане, болеющие за кыргызское кино и представители молодого поколения внесут большой вклад в развитие кыргызского и центрально-азиатского кинематографа.

Желаю Вам всем крепкого здоровья, долгих лет жизни, семейного счастья и творческих успехов».

Кайнене менен келиндин өлүмү: Кылмышкерди таш бараңга алууну талап кылгандар митингге чыгышты

Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүндө кайнене менен келинди өлтүрүүгө шектүү деп кармалган адамды өздөрү жазалоону талап кылып жергиликтүү тургундар митингге чыгышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, 17-ноябрда Аксы РИИБдин имаратынын алдына 50дөн ашык адам чогулуп, адам өлтүрүүгө шектелип кармалган адамды элге көрсөтүүнү талап кылышкан. Алар кармалган адамды катуу жазалоону жана өлүм жазасына тартуу керектигин айтышып, бул ишти акыйкаттуу териштирүүнү талап кылышкан.

Өз кезегинде милиция кызматкерлери учурда териштирүү иштери кылдаттык менен жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп, шектүүнү көрсөтүүдөн баш тартышты.

Буга чейин Авлетим айыл өкмөтүндө кайнене менен келинди өлтүрүүгө шектелип 30 жаштагы адам кармалгандыгы маалымдалган.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ушул жылдын 14-ноябрында саат 11:00 чамасында милиция кызматына Авлетим айыл өкмөтүндөгү үйдөн үй ээлеринин жансыз денелери табылгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ кыйнап өлтүрүлгөн белгилери бар эки аялдын жансыз денесин табышкан. Алардын өздүгү аныкталып, үйдүн кожойкеси — 1965-жылы туулган С.К жана анын келини — 1991-жылы туулган К.А. экени аныкталган. Мындан тышкары, үйдүн ээсинин кызы да табылган. Белгисиз кылмышкер анын денесине оор жаракат келтирген. Кыз оор абалда аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген болчу. Үйдө дагы эки бала — 2 жаштагы бала жана 1,5 айлык наристе уктап жатышкан.

Аталган факты боюнча Аксы РИИБ КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (мыкаачылык менен адам өлтүрүү), 28-97-беренеси (адамга өлтүрүү үчүн кол салуу) менен кылмыш ишин козгоду. Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө Жалал-Абад ОИИБ менен Аксы РИИБдин тажрыйбалуу кызматкерлери ыкчам чараларды көрүп, шектүүнү аныкташкан. Ошондой эле, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана башка экпертизалар дайындалды.

«Тергөө иштеринин жүүрүшүндө үй ээлери менен мүмкүн болгон байланыштардын бардыгы текшерилген. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери аялдардын өлүмүнө жергиликтүү тургундардын биринин тиешеси бар экендигин аныкташты. Ыкчам иликтөө иштеринин негизинде кылмышка шектүү катары ошол эле айыл аймактын 1988-жылы туулган тургуну А.Б. колго түшүрүлдү.

Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүү алгач үй ээсинин кызын короого чакырып, катуу буюм менен чапкан. Андан кийин ал үйгө кирип, ичиндеги аялдардын денесине залал келтирген. Алган жаракатынан улам үй ээси жана анын келини ошол жерде көз жумган. Кылмышка шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда кандын тактары бар кийимдер жана башка буюмдар табылды. Ал тактарды жууп кетирүүгө аракет кылган. Ошондой эле, шектүү кылмыштан кийин качкан унаанын салонунда кандын тактары болгондугу аныкталды.
Шектүү буга чейин үй ээсинин кызы менен тааныш болгон. Үй ээсинин кызы андан кош бойлуу болуп калганын билип, боюнан алдырууну талап кылган. Бирок түйүлдүк чоңоюп калгандыктан кыз баш тарткан. Белгилүү болгондой, шектүү жаран А.Б. үй-бүлөлүү, 3 ай мурун үйлөнгөн. Ошол күнү ал «Тойота-Камри» унаасын алысыраак жерге токтотуп, кыз жашаган үйдүн короосуна кирген. Кызды чакырып, ошол маселе боюнча сүйлөшкөн», – деп айтылат маалыматта.

Аталган ведомствонун маалыматына караганда, учурда жабыр тартуучунун абалы оор бойдон калууда. Маалымдалгандай, кармалган киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө иштери уланууда.

Булак: “Турмуш”

Видео - Исхак Масалиев: "Эмне үчүн Центерра компаниясы эки мөңгүнү талкалаганы үчүн жоопко тартылган жок?"

Кечээ, 16-ноябрда КР Жогорку Кенештин депутаты Исхак Масалиев парламенттин отурумунда КР Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы экендигин билдирди.

“Бир мөңгү үчүн мыйзамды өзгөртүү туура эмес. Мен ушунча жыл депутат болуп жүрүп мындай мыйзам чыгарууну көргөн эмесмин. Мөңгүлөр талкаланып калды дейсиңер. Эмне үчүн Центерра компаниясы эки мөңгүнү талкалап салганы үчүн жоопко тартылган жок? Мыйзамда буга жол берилбейт да. Эгер биз бир ката кетирсек сөзсүз түрдө жоопко тартылабыз, ал эми чоң ишкана Центерра Кумтөр дө мыйзамды бузуп, мөңгүнүн жартысын жок кылса, эч кандай жоопкерчилик жокпу?”- деди Масалиев.

Меню