Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Тажикстанда университет проректору $16 миң пара үчүн 8 жылга соттолду

Душанбенин Фирдавси райондук соту Тажик мамлекеттик медициналык университетинин окуу бөлүмү боюнча проректору Дилшод Солеховду 8 жылга эркинен ажыратты. Ал ири өлчөмдө пара алган деп айыпталууда. Солеховдун туугандары соттун чечими боюнча сөзсүз жогорку баскычка даттана тургандыктарын билдиришти.

Маалыматка караганда, соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө Дилшод Солехов 16 миң долларга абитуриенттердин бирин Индиянын жараны катары каттатууну убадалаган. Чет өлкөлүк абитуриенттер президенттин алдындагы Улуттук тестирлөө борборунун тапшыруу сынактарынан өтпөйт. Проректор кармалып, ага каршы кылмыш иши козголгон.

«Бул Тажикстанда жана чет өлкөлөрдө белгилүү окумуштууну көрө албагандардын ушагы. Биз бул боюнча сөзсүз жогорку баскычтагы сотко даттанабыз», – деп билдирди соттолгон проректордун туугандарынын бири Шоди Сафаров. Анын айтымында, сот Дилшод Солеховдун кара санатайлардын курмандыгы болгондугу тууралуу адвокаттардын жүйөлөрүн эске алган жок.

Абуали ибн Сино атындагы Тажик мамлекеттик медициналык университети ондогон жылдардан бери өлкөдө медициналык кадрларды даярдап келген ири окуу жай болуп эсептелет. Учурда анда 600дөн ашык чет өлкөлүк студенттер билим алышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ленин РИИБи тарабынан уурулукка шектүү жарандар кармалды

Ленин райондук милициясына 2017-жылдын 13-ноябрь күнү болжол менен саат 23:00 чамасында белгисиз адамдар арыздануучунун үйүнө кирип, компьютер жана эки уюлдук телефонун уурдап кеткендиги тууралуу арыз келип түшкөн. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Кылмыштын изин суутпай милиция кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Баткен облусунун 19 жаштагы Б.М. аттуу жашоочусун кармашкан.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда бул кылмыш иши иликтенип жатат.

Ошондой эле, Ленин РИИБне 24-сентябрь күнү болжол менен саат 09:00дон 23:00 аралыгында белгисиз адам арыздануучунун үйүнө терезеден кирип, ноутбук, күмүш жасалгаларын жана акча каражаттарын уурдап кетишкендиги тууралуу арыз менен жергиликтүү тургун кайрылган. Жабырлануучуга келтирген чыгымдын жалпы суммасы 60 000 сомду түзгөн.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кармалган адам Бишкек шаарындагы №1тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери уланууда.

Мас кезинен пайдаланып жаранды тоноп кеткен кылмышкер колго түштү

2017-жылдын 13-ноябрында милицияга арыз менен борбор шаарыбыздын тургуну кайрылып, Кулиев көчөсүнөн болжол менен саат 10:30 чамасында белгисиз адам арыздануучунун мас абалынан колдонуп, анын күмүш шакегин жана жеке буюмдарын алып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Бул туурасында Бишкек ШИИББдин Басма сөз кызматы билдирет.

Кылмыштын изин суутпай Ленин райондук милиция кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 41 жаштагы У.М. аттуу Бишкек шаарынын жашоочусун кармашкан.

Кармалган адам Ленин РИИБнин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, иликтөө иштери башталды.

Бишкек шаардык милиция кызматкерлери тоноого шектүү жарандарды кармашты

Милицияга Бишкек шаарынын жашоочусу кайрылган. Арызында 2017-жылдын 3-ноябрь күнү болжол менен саат 13:00 чамасында Медеров көчөсүндө жайгашкан үйүнүн жанынан 17-20 жаштардагы белгисиз жаран күч колдонуу менен арыздануучунун баласынын баасы 15 000 сомдук “Самсунг-Гелекси” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алып койгондугун билдирген. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Биринчи май РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын негизинде Чүй облусунун М.А. аттуу 17 жаштагы жашоочусу кармалган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинин (тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран ата-энесинин колуна өткөрүлүп берилген.

Ошондой эле, Ленин РИИБне 2017-жылдын 6-ноябрь күнү болжол менен саат 15:00 чамасында Кулиев-Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен 30-35 жаштардагы белгисиз адам күч колдонуу менен жабырлануучунун колунан «Самсунг-Гелекси» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткендиги тууралуу арыз келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында аталган кылмыш ишине шектүү катары Чүй облусунун 32 жаштагы Р.Н. аттуу жашоочусу кармалган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинин (тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кармалган жарандар Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Тажик бийлиги ооганстандыктарды өлтүрүү тууралуу айыптоолорду четке какты

Душанбе маңзат аткезчилигине каршы күрөшүү шылтоосу менен тажик чек арачыларын жайкын ооганстандыктарды өлтүрүүгө күнөөлөгөн Ооганстан тараптын айыптоосун четке какты.

Ооганстандын чек ара аскерлеринин командири Мухаммад Амон Насим менен Бадахшан провинция кеңешинин мүчөсү Толибиддин Кодири «Пажвок» агенттигине берген маектеринде тажик чек арачылары бийликтен медаль алуу үчүн жайкын ооганстандыктарды өлтүрүп жаткандыктарын айтышкан. «Бул маалымат чындыкка дал келбейт жана окурмандарды адаштырып, эки өлкө элинин ортосуна жик салат», деп билдирди Тажикстан УКМКсынын алдындагы Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Мухаммад Улугхожаев.

Анын айтымында, Ооганстан тараптан мындай айыптоолор 7-ноябрга оогон түнү тажик-ооган чек арасындагы кагылышуулардан кийин айтыла баштады.

«Тажик аскерлери чек араны бузуп өткөн адамдарды көрүшүп, аларды багынып берүүгө чакырышкан. Бирок аткезчилер жооп катары биздин чек арачыларга ок чыгарышып, ортодогу атышуудан алардын бирөөсү жарадар болгон. Кийинчерээк 22 жаштагы ооган баланын алган жараатынан ооруканада каза болгону белгилүү болду. Анын атасы дарыяга чөгүп кетип, сөөгүн чек арага жакын айылдардын биринин жашоочулары таап алышкан. Анын эртеси окуя болгон жерден эки кап табылып, алардын ичинде 15 килограмм гашиш болгон”, – деди Мухаммад Улугхожаев.

Бирок Ооганстандын чек ара аскерлеринин командири Мухаммад Амон Насим «Пажвок» агенттигине тажик чек арачылары Ахдро айылынын жашоочуларын себепсиз аткылаганын билдирген. Анын айтымында, каза болгондордун биринин сөөгү суунун жээгинен табылса, экинчисин дарыя агызып кеткен.

Бадахшан провинция кеңешинин мүчөсү Толибиддин Кодири тажик чек арачылары бир канча жылдан бери Ооганстандын Вахан жана Ишкашимск райондорунун жайкын тургундарын аткылоо менен алектенип келерин билдирүүдө. Анын айтымында, тажик бийлиги ар бир өлтүрүлгөн маңзат аткезчиси үчүн аскерлерге медалдарды убадалаган, ошондуктан чек арачылар жайкын тургундарды өлтүрүп, аларды маңзат аткезчиси катары көрсөтүп келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Москвага 2 тонна насвай менен бараткан кыргыз Казакстанда кармалды

Казакстанда чек арачылар тийиштүү документтери жок  өтө көп тамеки буюмдарын Россияга алып бараткан Кыргызстандын жаранын кармашты. Бул туурасында Интерфакс билдирет.

“Карасу авто” көзөмөл-өткөрмө пунктунан 34 жаштагы Кыргызстандын жараны кармалды. Ал Кыргызстандан Россияга Mercedes-Benz автоунаасы менен өтө көп тамеки буюмдарын алып бара жаткан”, – деп билдиришкен Казакстандын чек ара кызматындагылар.

Унаанын ичинде 76 мөшөк чийки насвай жана филтрленген тамекинин 45 кутучасы бар экени, насвайдын жалпы салмагы 2200 килограммдан ашык экени дагы айтылууда.

Бишкек ШИИББнин кызматкерлери алдамчылыкка шектүү жаранды кармашты

Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына борбор шаарыбыздын тургуну арыз менен кайрылган. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Арызында, 2017-жылдын август айында газ куючу жайда иштеген “Жакып” аттуу бейтаанышы алдоо жолу менен жабырлануучунун ишенимине кирип, автоунаасына газ түтүгүн орнотуп берем деп 400 АКШ долларын (27 000) алып, азыркы күнгө чейин изин жашырып качып жүргөн.

Бишкек ШИИББнин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Чүй облусунун 22 жаштагы Н.Ж. аттуу тургуну кармалган.

Кармалган адам Бишкек ШИИББнин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бишкектеги үйлөрдүн бирине терезесинен ууру кирип, ноутбук жана телефонун уурдап кеткен

Милицияга арыз менен Бишкек шаарынын жашоочусу кайрылып, 2017-жылдын 21-октябрь күнү болжол менен саат 08:00 чамасында арыздануучунун үйүнө терезеден кирип, ноутбук жана уюлдук телефонун уурдап кеткен белгисиз адамга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн иш-чаралардын негизинде аталган кылмыш ишине шектүү делип 19 жаштагы Н.Э. аттуу жергиликтүү тургун кармалган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Фото - Ирандагы зилзаладан курман болгондордун саны 300дөн ашты

Ирандын батышында болгон катуу зилзаладан курман болгондор 300дөн ашып, жарадарлардын саны эки жарым миңге жетти. Бул сандар саат сайын көбөйүүдө.

Ирандын соттук-медициналык кызматы 328 адамдын каза тапканын ырастады. Баарынан да Керманшах провинциясындагы Сарпол-э Захаб шаарында өлгөндөрдүн саны көп катталган.

Ирандык гуманитардык уюмдардын биринин маалыматы боюнча, зилзаладан улам 70 миңден ашык киши турак-жайсыз калды. Айрым калктуу конуштарда электр жарыгы өчүп, байланыш жок калган.

Толук кандуу куткаруу иштери дүйшөмбү таң аткандан кийин гана башталган. Ага аскер кызматкерлери дагы катышууда.

Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеи өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады.

7,3 баллга жеткен зилзала Ирак-Иран чек арасына жакын жерде болуп, жердин силкинүүсү Түркияда, Израилде жана Кувейтте дагы сезилген.

۱
۲
۳
۴
۵
۶
۷
۸
۹

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Мал уурдоого шектелген жарандар кармалышты

Ушул жылдын 11-ноябрь күнү Октябрь айылынын 50 жаштагы И.Х. аттуу тургуну Аламүдүн райондук милициясына кайрылып, август айынын аягында сарайынан беш баш кою уурдалганын билдирген. Бул туурасында ИИМдин Басма Сөз кызматы маалымдайт.

Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында Ленинский айылынын 38 жаштагы Р.В. аттуу жашоочусу кармалган.

Ал эми, Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнө Чаек айылынын 71 жаштагы Н.Н. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылган. Себеби, 10-ноябрь күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Чаек айылынын тааласында аркандалып турган бир баш ири мүйүздүү малын уурдап кеткенин билдирген.

Жумгал РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам- иликтөө иштеринин негизинде жогорудагы кылмышка шектүү делип, Жумгал районунун Чаек айылынын 28 жаштагы Н.Б. аттуу тургуну кармалып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш- жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иштери козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Меню