Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Москвада Өзбекстандык аял 3 жашар баласын бычак менен өлтүрүп, өзүнүн да өмүрүн кыйды

Москванын түштүгүндөгү үйлөрдүн квартирасынын биринде аялдын жана 3 жаштагы баласынын жансыз денелери табылган. Наристе бычактан алган жаракаттардан улам каза тапкан. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча энеси өз баласын бычак менен сайгылап, андан соң өзүн өлтүргөн. Учурда кылмыштын себептери такталууда.

Белгилүү болгондой энеси менен уулу өлгөн үй бүлө толук үй бүлө болгон. Каза болгон аял күйөөсү жана кызы болуп Москвага Өзбекстандан 10 жыл мурун көчүп келишкен. Учурда кызы 20да, ал эми күйөөсү 47 жашта.

Кээ бир маалыматтарга караганда, энеси бул жолго финансылык жетишсиздиктерден улам барган. Денелерди үй бүлөнүн тууганы биринчи көргөн, ал киргенде өлүктөрдүн жанында кагазга жазылган кат болгон, анда каза болгон аял өз туугандарынан коммуналдык кызматтарды төлөп коюусун суранган.

Видео - Өзбекстанда кызын сабаган милиционерге кылмыш иши козголду

Ташкент шаарында төрт жашар кызын аёосуз сабаган атанын үстүнөн кылмыш иши козголду. “Азаттык” радиосунун өзбек кызматы тийиштүү булактарга таянып кабарлагандай, ал Мирабад райондук милициясынын кызматкери экени аныкталды.

Өткөн жумада атасы 4 жаштагы кызын сабап жаткан видеожазуу социалдык түйүндөрдө тараган. Үрөйдү учурган окуя Ташкент шаарынын Чиланзар районунда болгон.

“Азаттыктын” өзбек кызматы маалымдагандай, катуу сабалган кыздын аты Мумина. Анын атасы Мирабад райондук милиция кызматкери экени аныкталды. Бирок бул окуя коомчулуктун кеңири катмарына белгилүү болгон соң жумуштан бошотулган.

31 жаштагы кишиге карата Кылмыш кодексинин төрт беренеси боюнча иш козголду. Учурда аны камакка алуу маселеси каралууда.

​9-ноябрда Чиланзар райондук соту 4 жаштагы Муминаны жана анын 8 жаштагы агасын апасына берүү чечимин чыгаран. Кыздын ата-энеси расмий түрдө ажырашышкан эмес.

Тасмада эркек киши кичинекей кызын бир нече мүнөт аёосуз сабап, акарат келтирген. “Эй илээнди, сенин мага керегиң жок. Энең эки жылдан бери Түркияда иштеп жүрөт. Эми сага ит көрбөгөн турмушту көрсөтөм. Качан кетесиң? Буюмдарыңды жыйна! Үйүмдөн чыгып кет”, – деп кыйкырган ал. Видеону кызды токмоктоп жаткан атасы өзү тарткан.

Кыздын апасы эки жыл Түркияда иштеп жүрүп, октябрда кайтып келген. Ал балдарын күйөөсүнөн алуу үчүн сотко кайрылган.

Баланы тарбиялоо максатында сабаганга болобу? “Озодликтин” сурамжылоосу:

https://www.youtube.com/watch?v=qNUWXOmkLyI&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ок атуучу куралдарды, окторду мыйзамсыз сактаган жарандар кармалышты

2017-жылдын 11-ноябрь күнү милиция кызматкерлери Сузак айылынын 36 жаштагы Х.М. аттуу жашоочусунун үйүн текшерүү учурунда, тиешелүү документтери жок “ПМ” үлгүсүндөгү ок атуучу курал, 20 даана 9-калибрдеги, 20 даана 7,62-калибрдеги жана 50 даана 5,6-калибрдеги октор табылып алынган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ушул эле айылдын 52 жаштагы Ж.С. аттуу тургунунун үйүн кароо учурунда жер төлөсүнөн “Карабин” үлгүсүндөгү 7,62-калибрдеги ок атуучу куралы табылган.

Алынган ок атуучу куралдар, октор экспертизага жөнөтүлгөн.

ИИМ эскертет: Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 241 жана 242-беренелеринде көрсөтүлгөндөй, ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү, андан сырткары, куралды мыйзамсыз даярдоо же оңдоо кылмыш иши катары эсептелип, жоопкерчиликке тартылат.

Түркмөнстанда бийлик балдарды бала бакчаларга алып барууну талап кылууда

Түркмөнстан бийлиги мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринен балдарын бала бакчаларга берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булактары кабарлашты.

Маалыматка караганда, күн мурун өлкөнүн түндүгүндөгү Дашөгүз аймагында кеминде он мамлекеттик мекемеде чогулуш өтүп, ата-энелер менен кызматкерлерге балдарды бала бакчаларга алып баруу керектиги эскертилген.

«Бирок көбү акчалары жок экенин жана бала бакчага төлөнчү 80 манат көп акча экенин билдиришти. Көпчүлүк үй-бүлөлөр үчүн бул бир айлык маянасынын жарымы болуп калат”, – деп билдирди жергиликтүү тургундардын бири.

Анын айтымында, жакында эле бала бакчалардагы акы жогорулагандан кийин андагы балдардын саны кескин азайып кеткен. “Эгер буга чейин мындагы бала бакчага 200 бала барса, азыр алардын саны 15тен ашпайт. Негизинен көбү бюджетте иштеген кызматкерлердин балдары. Айыл чарбасында эмгектенген жарандар болсо балдарын талааларга ала кетүүгө аргасыз болушууда”, – деди ал.

Буга чейин 1-ноябрдан тарта Түркмөнстанда бала бакчалардын бир айлык акысы 8 манаттан 80 манатка чейин, тагыраагы 10 эсеге жогорулай тургандыгы кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сириядан Грозныйга жеткирилген казакстандыктар мекенине кайтарылат

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Сириядагы согуш аймагынан Грозныйга жеткирилген кишилердин арасында Казакстан жарандары бар экенин билдирди.

ТИМдин басма сөз катчысы Ануар Жайнаковдун айтымында, Орол шаарынын тургуну – 1988-жылы туулган аял жана анын төрт баласы бир нече орусиялыктар менен чогуу 13-ноябрда Грозныйга жеткирилген. Жакын арада аларды Казакстанга алып келишет. “Биз казак жарандарын эвакуациялоого көмөк көрсөткөн орус тарапка жана Чеченстандын жетекчилигине терең ыраазычылык билдиребиз”, —деди ал.

Чеченстан бийлиги буга чейин Грозныйга Орусия, Өзбекстан жана Казакстан жарандары жеткирилгенин маалымдаган.

Маалыматтарга караганда, Сирия жана Иракта жүздөн ашуун казакстандык жаран куралдуу жаңжалга катышууда. Ал жакта жоочулардын аялдары, балдары жесирлери дагы бар.

Тажикстанда камактагы ишкер карызын инвесторлор аркылуу төлөп берерин билдирди

“Умед-88” компаниясынын башчысы Ражабали Одинаевди дагы эки ай камакта калтыруу чечими кабыл алынды. Тажикстанга мунай жеткирүү менен алектенген анын компаниясы мамлекеттен ири суммада насыя алып, убагында төлөп бере алган эмес.

Раджабали Одинаевдин тууганы Саодат Одиназоданын билдиришинче, акыркы ай ичинде компания мамлекетке 55 миң сомони (6 миң доллардан ашык) төлөп берген жана учурда калган сумманы кайтарууга ниеттенип жатат.

Камактагы ишкердин туугандары өлкө президенти Эмомали Рахмондун атына кат жолдоп, ден соолугуна байланыштуу Раджабали Одинаевди бошотууга көмөктөшүүнү өтүнүшкөн. Катта бизнесмен бошотулса, компания өз мүлкүн күрөөгө коюп, чет өлкөлүк өнөктөштөрүнөн мамлекеттен алган 40 миллион доллар насыяны төлөп берүүсүн өтүнө тургандыгы белгиленген. Адвокаттын айтымында, буга чейин Раджабали Одинаев Тажикстан бийлигине кайрылып, «Рогун ГЭСи» ААКсынан алган миллиондогон насыясын төлөп берүү үчүн кол каттын негизинде эркиндикке чыгарууну өтүнгөн.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 14-октябрда ишкерлер менен жолугуп, Каржы министрлигин түшүнүксүз жолдор менен «Умед-88ге» мамлекеттик бюджеттен 170 миллион сомони насыя бергенин сынга алган. Анын айтымында, компания ал акчаларды эки жылдан бери мамлекетке кайтарып бере албай келет.

Президенттин бул сынынан кийин өлкөнүн Антикоррупциялык агенттиги Раджабали Одинаевди, «Умед-88» компаниясынын түзүүчүсү жана директору Идибек Иброхимовду кармаган. 27-октябрда компаниянын башкы эсепчиси жана май куюу жайларынын үч директору кармалган. Учурда алардын бардыгы тең тергөө абагында камакта.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ленин райондук милиция кызматкерлери уурулукка шектүү жарандарды кармашты

Милицияга арыз менен Бишкек шаарынын жашоочусу кайрылып, 2017-жылдын 25-октябрь түнү белгисиз адамдар жабырлануучунун үйүндө токтоп турган унаасынан акча каражатын жана жеке документтерин уурдап кетишкенин билдирген. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары борбор шаарыбыздын 30 жаштагы Х.Р. аттуу тургунун кармашкан.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесине (уурулук) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда кармалган жаран башка кылмыш иштерине дагы тиешеси бар экендиги аныкталган.
Шектүү Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле, Ленин РИИБне 2017-жылдын 4-октябрь күнү болжол менен саат 16:00 чамасында банктардын биринен кассада турган учурда арыздануучунун “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жан 35 000 сом акча каражатын уурдап кетишкен белгисиз адамдарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүү жөнүндө арыз келип түшкөн.

Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө аталган кылмыш ишине шектүү делип 59 жаштагы К.А. аттуу жергиликтүү тургун кармалган.

Кармалган жаран Ленин РИИБнин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Иранда зилзаладан 200дөн ашуун киши өлдү

Иранда жекшемби күнкү жер титирөөдөн 211ден кем эмес киши набыт болду, дагы бир жарым миңден ашууну жаракат алды.

Ирандын мамлекеттик телеканалдары билдиргендей, толук кандуу куткаруу иштери таңга маал гана башталган. Урандылар алдында кишилер бар. Көчкү куткаруучулардын жумушун кыйла оорлотууда. Айрым калктуу конуштарда электр кубаты өчүп, байланыш үзүлдү. БУУнун маалыматы боюнча бул райондо 19 миңдей киши жашайт.

Күчү 7,3 баллды түзгөн зилзала Иран менен Ирактын чек арасында 12-ноябрда кечинде болгон. Жер титирөөнүн очогу Ирактын Сулеймания шаарынан жүз чакырым алыс аралыкта жүз берген. Жер титирөө негизинен күрттөр отурукташкан Эрбил, Халабджа жана Дохук провинцияларында дагы сезилди. Ирак бийлигинин маалыматы боюнча Багдад шаарында бир киши өлүп, 50дөйү жабыр тартты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Өзбекстандык жаран 4 жашар кызын сабап жаткан видеотасма тарады

Кечээ, 12-ноябрда Өзбекстандын Kun.Uz маалымат сайты “Узбекистон” телеканалынын “Учбурчак” телеберүүсүндө талкууга алынган жаш балдарга карата зомбулуктун видеотасмасын таратты.

Анда өзбек жараны өзүнүн 4 жашар кызын аёосуз сабап жатканы чагылдырылган. Видеотасманын мазмунунан белгилүү болгондой кыздын апасы Түркияга эмгек миграциясына кеткен. Ал эми эки кызын карап үйдө калган атасы аларга зомбулук көрсөтүп, анысын өзү видеотасмага тартып алган.

https://www.youtube.com/watch?v=a-aIYqjAqh4

Булак: Kun.Uz 

 

Жихадчылар кайрадан Сириянын Абу-Кемал шаарын басып алышты

«Ислам мамлекети» тобунун экстремисттери Сириянын Дейр-Зор провинциясындагы стратегиялык Абу-Кемал шаарына кайрадан өздөрүнүн көзөмөлүн орнотушту. Жекшембиде алар андагы Сирия армиясынын аскерлеринин позицияларын ээлеп алышты. Бул тууралуу кеңсеси Лондондо жайгашкан Адам укуктарына байкоо салган борбордон билдиришти.

Маалыматка караганда, Сириянын өкмөттүк күчтөрү исламчылардын кысымына туруштук бере албай, Абу-Кемалдан артка чегинишкен. Учурда шаардын айланасында өз позицияларын кайтаруу аракетин көрүп жаткан Сирия аскерлери менен жоочулар ортосунда айгышкан күрөш жүрүп жатканы кабарланууда.

Бейшембиде союздаштары колдоп жаткан Сирия армиясынын аскерлери ИМдин Абу-Кемалдагы коргонуусун бузуп кирип, жихадчылардын өлкө аймагындагы акыркы ири таянычы эсептелген шаар бошотулганын билдиришкен. Андан соң алар шаарды террорчулардан тазалай башташкан. Согуш жүрүп жаткан аймактагы өз булактар кабарлашкандай, Сириянын өкмөттүк күчтөрү ирак аскерлери менен чек арада жолугушкандан кийин ИМ жоочуларын курчоого алышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню