Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Эмнеге мындай түн жамынган маскачандар көбөйүп кетти?

Акыркы мезгилде Кыргызстандын ири шаарлары Сицилияга окшошуп баратат. Анткени карапайым адамдарды чак түштө уруп-сабап, үйүндө талап-тоноп, ал тургай ит аткандай атып кетүү кадыресе көрунүшкө айланууда. Мына ушундай окуя 6-ноябрга караган түнү Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде болду. Бул ирет түнкү саат экилерде беткапчан төрт-беш кылмышкер Улан Салянов аттуу 42 жаштагы жигитти аялынын, баласынын көзүнчө атып кетишти. Ал экс-башпрокурор, азыркы бийликке оппозициялык көз караштагы “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованын бир тууган иниси болуп чыкты. Алгач кылмышкерлер үйгө кирип, 17 жаштагы баласын уруп-сабай башташканда, ага атасы болуша кетип, эки ирет ок жеген. Андан соң кылмышкерлер качып кетишкендиги айтылууда. Бирок маркум эч кандай саясатка же чуулгандуу иштерге аралашпагандыгы, машина ондоочу жайда иштеп, келинчеги экөөсү тең дин жолунда болгондугунан улам НИМ бул өлүмдүн артында эч кандай саясый себеп жоктугун, эшик, дарбазасы жок үйгө кылмышкерлер карактоо үчүн гана киришкендигин билдирди. Демек, биздин милициянын логикасы боюнча карапайым адамдарды түн жарымда жаткан жеринде тоноп, атып кете берсе болобу? Деги эле эмнеге мындай түн жамынган маскачандар көбөйуп кетти?

Булак: “Майдан.kg”

Аламүдүн районунда кылмыштын изин суутпай мал уурдоого шектүү жаран кармалды

2017-жылдын 3-ноябрь күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Лебединовка айылынын М.А. аттуу 34 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылып, 2-ноябрда ири мүйүздүү бодо малын уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүп берүүлөрүн суранган. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыштын изин суутпай Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын биринде жашаган 44 жаштагы Н.Р. аттуу тургун кармалган. Кармалган жаранга карата сот тарабынан Бишкек шаарынын №1 абагына кармоо чечими чыккан.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Талас облусунда автоунааны укукка жат түрдө ээлеп алган жаран кармалды

Ушул жылдын 30-октябрь күнү милиция кызматкерлерине Талас шаарынын 22 жаштагы А.Н. аттуу тургуну кайрылып, арызында 30-октябрга караган түнү май куючу жайлардын биринен “Тайота Функарто” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адамдар айдап качып кетишкенин билдирип, аларга карата мыйзамдын негизинде тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Бул туурасында Талас ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Талас райондук милициясы тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, кылмыштын изин суутпай, аталган кылмыш ишине шектүү катары 22 жаштагы А.Б. аттуу Талас шаарынын тургуну кармалган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин (Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Ок атуучу куралдарды, окторду мыйсамсыз сактоого шектелген жарандар кармалды

Милиция кызматкерлери мыйсамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, окторду жарандар өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын 31-октябрь күнү Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды аныктоо максатында иликтөө иш-чараларын уюштурушуп, натыйжасында ок атуучу куралды мыйсамсыз алып жүргөн жаран кармалган. Милиция кызматкерлери Баткен районунун жайлоолорунун биринен 30 жаштагы Тажикистан Республикасынын жаранын өздүк кароо учурунда 12-калибрдеги ок атуучу куралын табышкан.

Ушул эле күнү милиция кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун Кара-Кулжа районунан Көкарт айылынын 36 жаштагы жашоочусу текшерилип, натыйжасында “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу куралы менен 4 даана огу менен табылып алынган.

Мыйзамдын негизинде Токтогул районунун Чоң-Арык айылынын 47 жаштагы Ш.М. аттуу жашоочусунун үйү текшерилип, тиешелүү документтери жок “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу курал 12 огу менен табылган.
Жогорудагы факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

ИИМ эскертет: мыйзамсыз курал сатуу, даярдап өткөрүү, сактоо, оңдоо менен алектенгендерге жана куралдарды, окторду, жарылуучу заттарды алып жүргөндөргө карата кылмыш иши козголот.

Кипрде ага-ини түркмөн жарандарына кылмыш иши козголду

Кипрде мигранттардын ортосундагы жаңжалдан улам түркмөнстандык ага-иниге кылмыш иши козголду. Маалыматтар боюнча Алтыбай аттуу түркмөн жараны аялын Руслан аттуу мекендешинен кызганып, катуу сабап салган.

Бул окуя боюнча Никосия шаарында соттук териштирүү жүрүүдө.

Кипр полициясынын маалыматы боюнча кылмышка шектүү Алтыбай Кадыров иниси менен бирге Руслан Орунов аялына кыска билдирүү жөнөткөнү үчүн катуу сабап салган.

Никосия соту ага-иниге 8 миң АКШ доллары өлчөмүндө айып пул салды. Андан тышкары өлкөдөн чыкпоо чечими чыгарылды.

Түркмөнстан Түндүк Кипрди тааныбайт, ошол эле маалда бул аймак түркмөн мигранттарынын арасында популярдуу болуп эсептелет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Улюкаевдин сотуна 2 миллион доллар алып келишти

Орусиянын мурдагы экономикалык өнүгүү министри Алексей Улюкаевдин сотуна 2 миллион доллар алып келишти. “Интерфакс” маалымдагандай, айыптоочу тарап аткаминер пара катары алгысы келген акчаны сотко көрсөтүүгө ниеттенүүдө.

ММКлардын маалыматы боюнча купюралар чоң картон коробкада жана полиэтилен баштыкта салынган.

Октябрда өткөн сотто прокурор Уликаевдин пара менен кармалганы тартылган видеороликти көрсөткөн. Жазуулардын биринен министр “Ростнефть” компаниясынын гаражына жакын токтогон унаадан чыгып, баштыкты алганын көрүүгө болот.

Мурдагы экономика министри Алексей Улюкаев өткөн жылдын 15-ноябрь күнү “Роснефть” компаниясынын кеңсесинде Игорь Сечинден пара алып жаткан жеринен кармалган. Эртеси эле күнү Путин аны “ишенимдин кеткенине байланыштуу” кызматтан алган.

Тергөөнүн ырасташынча, айыпталуучу «Башнефть» компаниясын сатып алууну оң баалоо үчүн эки миллион доллар талап кылган. Тергөө ошондой эле пара талап кылып жатып, Улюкаев “Роснефть” компаниясынын өкүлдөрүн коркутуп-үркүткөнүн да билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Россияда кыргыз кызынын бычакталган денеси табылды

Россиянын Новосибирск шаарында 32 жаштагы кыргыз кызынын бычакталган жансыз денеси табылды. Кылмышка шектүү делип, 36 жаштагы кыргыз жараны, маркумдун мурунку күйөөсү кармалды.  Бул тууралуу орус ММКлары жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, окуя 4-ноябрь күнү саат 11:00 чамасында Новосибирск шаарынын Калинин районунда болгон.

“36 жаштагы жаран мурдагы аялы менен уруша кетип, аны бычактап салган. Алган жаракатынан улам 32 жаштагы аял ошол жерден каза болгон. Криминалисттер маркумдун далысы жана көкүрөк тушуна 7 жолу бычак сайылганын көрүшкөн. Кармалган адам күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, ага карата “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Орусиянын мыйзамдарына ылайык кылмышкер 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн”, – деп жазылат маалыматтарда.

"Ата-Мекен": Салянованын инисинин өлтүрүлүшү саясий өңүттөн жана маркумдун эжесинин ишмердүүгү менен байланыштуу

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Жеңишбековна Салянованын жалгыз бир тууган инисинин өлтүрүлүшү боюнча “Ата Мекен” саясий партиясынын жана парламенттик фракциясынын билдирүүсү.

“Ата Мекен” саясий партиясы жана парламенттик фракциясы Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы баш прокурор Аида Жеңишбековна Салянованын иниси Улан Саляновдун өлтүрүлүшү саясий өңүттөн, оболу маркумдун эжесинин саясий көз карашы жана буга чейинки эмгек жолуна байланыштуу болушу мүмкүн деп билдирет. Муну бир катар талашсыз фактылар менен шарттар тастыктап турат.

Улан Салянов эч качан коомдук саясат менен алектенип, эжесинин саясий көз карашы жана позициясы менен бөлүшкөн эмес. Аида Салянованын жалгыз иниси бизнестин өкүлү эмес, андыктан кандайдыр бир акча кызыкчылыгы болгон деген терең жаңылыштык.

Улан Салянов үй бүлөнүн камкор башчысы, Көк-Жар конушундагы курулушу бүтө элек чакан үйдө эки уулун тарбиялаган.

Биричиден, анын жогорудагы үйү менен майга үнөмдүү автоунаасынан башка менчиги жок. Экинчиден, орто турмушу бар бирөөнүн үйүнө куралдуу кол салуу тууралуу айтууга болобу? Андайды көздөгөндөр курулушу бүтө элек, дарбазасы жок дубалды көргөндө эле кимдер жашаарын дароо билмек.

Үчүнчүдөн, 2017-жылдын 5-ноябрынан 6-ноябрга ооган түнү болгон куралдуу кол салууну өз ишин билген, атайын даярдалган адамдар жасаган.

Мындай иш бир гана максатты – Аида Салянованын бир тууган, жалгыз инисин өлтүрүүнү көздөгөн деп ойлойбуз.

Муну кылмышкерлердин үйгө беткапчан жана аскерий камуфляж кийип кирип келгени далилдеп турат. Алар баалуу буюм-тайымга тийишкен эмес. Үйдүн ичин тинтип, бир нерсе издешкен эмес.

Төртүнчүдөн, Аида Салянова Кыргыз Республикасынын баш прокурорунун кызматында турганда анын өмүрүнө коркунуч жаралган учурлар бир нече ирет болгон. 2014-жылдын 18-сентябрында Мамлекеттик резиденцияны кайтарган Улуттук гвардиянын жоокерине кол салгандар Аида Салянованын кайсы үйдө жашарын көрсөт деп талап кылышкан. Бүгүнкү күнгө чейин укук коргоо органдары ал окуя боюнча эч кандай реакция жасабаганын белгилей кетүү керек.

Оппозициялык депутат Аида Салянова укук коргоо органдарынын айрым өкүлдөрү жалган жерден токуган кылмыш иши боюнча беш жыл эркинен ажыратылгандан кийин дагы чүнчүп, же өз позициясын өзгөрткөн жок.

Тилекке каршы Кыргызстандын саясий айдыңында саясий оппонеттерди коркутуу тажрыйбасы кайталанып жатат. Медет Садыркулов өлтүрүлгөндө бакиевдик режимдин коомчулукка жана медиа каражаттарына жол кырсыгы болду деп «таңуулаганы» буга айкын мисал.

2010-жылдын апрель окуяларынан кийин бул атайылап өлтүрүү болгону ачыкка чыкканы менен ага буйрук бергендер жана аткаргандар эмдигиче эркиндикте жүрүшөт.

Ачык оппозиция менен саясий оппоненттердин айрымдарын жок кылуу коркунучу бүгүн да өкүм сүрүүдө. Бул жаатта партиянын лидери Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотонов кармалган шарттарды айта кетсек болот. Ушул тапта Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотоновдун өмүрүнө, саламаттыгына чындап коркунуч бар деп айтууга толук негиз бар.

Алдын ала түзүлгөн сценарий боюнча алар дагы уюшкан кылмыштуу топтун колу менен жок кылынышы мүмкүн.

Андыктан “Ата Мекен” саясий партиясы жана парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнөн Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык бул кылмыштын бети толук ачылып, кандайдыр бир коркунуч жоюлмайынча өлкөнүн мурдагы баш прокурору, Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Аида Салянованын жана анын үй бүлөсүнүн коопсуздугун камсыздоону, ошондой эле түзөтүү колониясында Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотоновдун өмүрү менен саламаттыгынын коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык шарттарды түзүүнү талап кылабыз.

“Ата Мекен” партиясынын саясый кеңеши

Орусияда полиция кылмыштын бетин ачкан жашоочуларды сабады

Орусиянын Нижнекамск шаарында уурулукка даттанып, кийин өз алдынча ал кылмыштын бетин ачкан жергиликтүү жашоочуларды полиция кызматкерлери сабашты. Бул тууралуу Свобода радиосуна жабырлануучулардын биринин жубайы билдирди.

Анын айтымында, кеп 22 жаштагы Ильназ Пиркиндин иши тууралуу болууда. Ал октябрда унаалардын биринен автомагнитола жана башка буюмдарды уурдаган. Жабырлануучу полицияга арыз менен кайрылып, кийинчерээк уурдалган буюмдарын интернетте сатыкка коюлган жеринен таап алган. Тергөөчүлөр эч кандай аракет көрбөгөндүктөн ал досу менен ууруларды өз алдынча издеп таап, келтирилген чыгымды толугу менен төлөтүшкөн.

Кийинчерээк бул маалымат полициячыларга жетип, 25-октябрда алар тонолгон адам менен анын досун сабап салышкан. Жабырлануучунун жубайы полиция кызматкерлери кылмыштын бетин ачууда өзүлөрүнүн аты аталбай калганына нааразы болуп ушундай кадамга барган болушу мүмкүндүгүн билдирди.

Уурулук кылганын моюнуна алган Ильназ Пиркин ИИБдеги кыйноолордон кийин 19-октябрда өз жанын кыйган. Сурак маалында укук коргоо кызматкерлери аны автоунаадагы уурулук боюнча дагы 47 иште күнөөсүн моюнуна алууга мажбурлашканы 2-ноябрда маалым болду. Пиркиндин өлүмү боюнча үч полиция кызматкери камакка алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

HRW түркмөн укук коргоочусунун апасынын үйүнө жасалган чабуулду айыптады

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму учурда чет өлкөдө жашаган түркмөн укук коргоочусунун үйүнө жасалган кол салууну айыптады.

Human Rights Watch 6-ноябрда тараткан билдирүүсүндө түркмөн бийлигин кол салууну айыптоого жана тыкыр иликтөөгө чакырды. 28-октябрда белгисиз кишилер “Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси” укук коргоо тобунун жетекчиси Тухбатуллиндин апасы Халида Избастинованын терезесин талкалап кетишкен. Избастинова физикалык жактан жабыр тарткан эмес, бирок “тез жардам” чакырууга туура келген.

“Сыягы, чабуул кокустан эмес”, – деп эсептейт HRW уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары Рэйчел Денбер. “Бул өкмөт активисттерди катуу көзөмөлдөп жаткан маалда болууда. Бийликтин Тухбатуллинге колу жетпей жатат, ошондуктан алар аны эскертүүнүн башкача ыкмаларын колдонууда”,- деди Денбер.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню