Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

ИИМ: Саляновдун өлүмүн иликтөөдө саясий себеп каралган жок

Ички иштер министрлиги депутат Аида Салянованын бир тууган инисинин өлүмүндө саясий себеп жок деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн мекеменин сайтына жарыяланды.

“Алдын ала маалыматка караганда, кылмышкерлер Саляновду эки жолу атып, качып кетишкен. Ал алган жараатынан аймактык ооруканага жеткирилгенден кийин каза болгон. Окуя болгон учурда Улан Саляновдон тышкары жубайы жана 17 жаштагы уулу бар болчу. Кылмышкерлер, алдын ала маалыматка караганда, ак түстөгү минивэн машинасына отуруп качып кетишкен. Бишкекте жана Чүй облусунда«Колго түшүрүү» планы жарыяланды. Оор кылмышка тиешеси барларды кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат. Бир нече версия каралууда. Окуя саясий өңүттө каралган жок. Кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча иш козголду. Ишти иликтөө Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды” деп билдирди ИИМ.

Окуя 6-ноябрга караган түнү, саат 01:30дар чамасында Бишкектин Көк-Жар жаңы конушунда болгон. 42 жаштагы Улан Салянов мурдагы Башкы прокурор, парламенттеги оппозициялык “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованын бир тууган иниси.

Окуяга күбө болгон маркумдун жакындарынын айтымында, Саляновдун үйүнө беткапчан 3-4 куралдуу адам кирип келген. Алар алгач акча талап кылышкан, үй ээси кармаша кеткенде ок атылган.

Ок Саляновдун жүрөгүнө тийип, окуя болгон жерде жан берген. Маркумдун артында жубайы жана эки баласы калды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда журналисттин иши боюнча оппозициячыл активист айыпталууда

Өзбекстанда оппозициялык «Эрк» партиясынын активисти Ислам Холбой 27-сентябрда Ташкентте кармалган көз карандысыз журналист Бобомурод Абдуллаевдин иши боюнча айыпталууда. Бул тууралуу Өзбекстандын көз карандысыз укук коргоочуларынын демилгелүү тобунун төрагасы Сурат Икрамов билдирди.

Маалыматка караганда, учурда журналисттин иши боюнча дагы үч киши камакта кармалууда. Абдуллаевге үч адвокатынын бирөөсү менен дагы жолугушууга мүмкүндүк берилген эмес.

– Ал өзү азыр Түркияда жашайт. Бухарадагы үй-бүлөсүнө коопсуздук кызматкерлери келип кетишиптир. Биз бул иш боюнча айыпталгандардын көбөйүп жатканына тынчсыздануудабыз. Менимче мында Мухаммад Салихти негизги күнөөкөр кылууну каалап жатышат, – деди Сурат Икрамов.

Ислам Холбой туугандарынын Бухарадагы үйүнө атайын кызматтын өкүлдөрү барганын ырастап, мекенинде өзүнө издөө жарыяланганын билдирди.

– Досторумдун айтымында, бардык жерде менин сүрөттөрүм илиниптир. Айыптоолор Бобомурод Абдуллаевдин ишине байланыштуу болушу мүмкүн. Анткени буга чейин мен «Усман Хакназаров деген ким?» деп аталган макала жарыялагам. Мен Бобомурод менен таанышмын, акыркы 3-4 жылдан бери сүйлөшүп келебиз. Мага карата айыптоолордун себеби — жазган макалам болушу мүмкүн. Анда тыюу салынган эч нерсе жок. Өлкөдө абал начар болгондуктан, жашыруун ысым менен жазган, – деди ал.

Абдуллаев сентябрдын аягынан бери Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында камакта жатат. Ага карата бийликти басып алуу жана конституциялык түзүлүштү кулатуу максатында кутум уюштуруу беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Ал 2003-жылдан бери интернетке саясат таануучу Усман Хакназаров деген жашыруун ат менен макалаларды жарыялап келген деп айыпталууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сириядагы жардыруудан 75 киши мерт болду

Сириянын Дейр-эз-Зор провинциясындагы качкындар лагеринин жанында болгон 5-ноябрдагы теракттан кеминде 75 киши мерт болуп, 140ы жаракат алды. Бул тууралуу Сирия укук коргоо борборунан билдиришти. Маалыматка караганда, мина коюлган автоунаанын жарылуусунан каза болгондордун арасында ондогон сириялык качкын бар.

Алар өлкө аймагындагы жихадчылар, өкмөттүк күчтөр жана куралдуу оппозиция ортосундагы согуштан качып, Дейр-эз-Зор провинциясында башкалка табышкан.

Азырынча кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Буга чейинки бул сыяктуу кол салууларды «Ислам мамлекети» террордук тобунун куралдуу топтору уюштуруп келишкен.

Бир нече күн мурда Сирия өкмөтү өлкө чыгышындагы Дейр-эз-Зор провинциясынын административдик борборун өз көзөмөлүнө алганын жарыялаган. Анда «Ислам мамлекетинин» жоочулары Сириянын чыгышына, Ирак менен чек арага жакын чөлдүү аймактарга чегингени кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Түндө депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өлтүрүп кетишти

Бүгүн, 6-ноябрдын түнүндө Жогорку Кеңештин депутаты, экс-генпрокурор Аида Салянованын иниси, Улан Саляновду атып кетишти, – деп билдирди адвокат Улан Джумаков Facebook аркылуу.

“Белгисиз адамдар, Улан Салянов турган үйдү басып алышкан. Ортодо чыккан чатактан улам, маскачан адамдар Улан Саляновду атып салышкан” – деп маалымады Джумаков.

Кошуп кетсек, Улан Салянов, 1975 ж. Үйбүлөлүү жана эки баласы бар.

https://www.facebook.com/bakytasan/videos/1654533757931931/

 

 

 

Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан 10 адам каза болду

Бишкек-Ош унаа жол кырсыгы катталып, натыйжада 10 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 6-ноябрда Таш-Көмур шаарында Бишкек-Ош жолунун 457-чакырымында катталган. Каза болгондордун бирөө аял, экөөсү жаш балдар жана жетөө эркек кишилер болгон.

Учурда каза болгон адамдардын аты-жөнү такталууда.

Өзбекстанда колледж студенти курсташына бычак менен кол салды

Кокон шаарындагы Мунай жана газ өнөр жайы колледжинин студенти, 16 жаштагы Султан Газиев өзүнүн курсташы Улугбек Якубовго бычак менен кол салды.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя окуу жайдын короосунда болгон. Бычак жеген студент жандандыруу бөлүмүндө жатат. Жигиттер көптөн бери чырдашып жүрүшкөн:

– Сабактан кийин алар жекеме-жеке мушташуу үчүн колледждин короосуна чыгышты. Калгандары карап турушту. Балдар мушташып жаткан маалда Султан бычагын сууруп чыгып, Улугбекти курсакка сайып жиберип качып кетти. Биз “тез жардам” чакырдык, –деди күбө.

Колледждин мугалимдеринин бири бул окуяны тастыктады:

– Окуучубуз Султан Газиевдин тарбиясы начар болчу. Буга чейин ага арыздар түшкөн. Биз бул боюнча тилкелик инспекторго кайрылганбыз. Султандын атасы түрмөдө. Апасына анын жоболоңдуу экенин айтканбыз. Колледжге кирерде баардык окуучулар текшерүүдөн өтөт, бычакты кайдан алганы белгисиз, – деди колледждин мугалими.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголду.

Өзбекстан колледждеринде студенттердин бири-бирине бычак менен кол салуусу көп катталууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстандык 18 жаранды кулчулукта алып жүргөн карагандалык тургун кармалды

Казакстанда адам сатуу шеги менен 36 жаштагы Караганда шаарынын тургунун кармалды. Маалыматтарга караганда, ал апрелден бери өзбекстандык 18 жаранды мыйзамсыз кармап турган.

Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы өзбекстандык 18 жаран апрелден бери жеке ишкердин колунда мыйзамсыз эмгектенип жүрүшкөнүн маалымдады. Кылмышка шектүү чет өлкөлүк жумушчуларды алдап, коркутуп тегирменде иштеткен. Кылмышка шектүү жабырлануучулардын документтерин алып коюп, маяналарын төлөп берген эмес.

Бул факт боюнча “Адам сатуу” беренеси менен сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Эгер шектүү күнөөлүү деп табылса, 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылып, мүлкү мамлекеттин карамагына өтүшү ыктымал. Полиция кызматкерлери Өзбекстан жарандары миграциялык мыйзамдарды бузушканы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылбай турушканын, себеби алар адам соодалоонун курмандыктары катары табылганын билдиришти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - АКШда Саиповдун соту өтүүдө

Нью-Йоркто сот 29 жаштагы Өзбекстандын жараны Сайфулло Саиповго сегиз кишинин өлүмү боюнча жана террордук уюмдарга материалдык көмөк көрсөткөн деген айып такты. Ал ондогон кишилерди тебелетип кеткен. Алардын сегизи каза таап, 11 киши жаракат алган. Сотто Саипов бул аракетине өкүнбөй турганын жана колдон келишинче көп кишини өлтүрүүнү каалаганы билдирди.

Нью-Йорктогу теракт 31-августта болгон. Өзбекстан жараны кол салуу күнүн бекер тандаган эмес: Хэллоуинди майрамдоо учурунда көчөдө эл көп болот деп ойлогон.

Ал бул ишин бир жыл мурун эле пландаганын, эки ай мурун даярданып баштаганын айтты. Саипов көп кишини тебелетип, Бруклин көпүрөсүнө чейин жетүүнү көздөгөнүн, бирок кокустан автобус менен сүзүшүп калганын кошумчалады.

https://www.youtube.com/watch?v=gXuNSMxvKkQ&feature=youtu.be

Сотко Саиповду майыптардын арабасы менен алып келишти, операциядан кийин өзүн жакшы сезип жатканын айтты. Ал бул аракетине ИМ тобунун видеолору дем бергенин билдирди. Жүк ташуучу унааны 22-октябрда ижарага алган.

Адам өлтүрүүдөн тышкары Саиповго террордук уюмду материалдык жактан колдоо айыбы дагы тагылды.

Сайфулла Саипов Ташкентте туулуп-өскөн, 2010-жылы лотереяда грин-карт утуп алып, АКШга келген. Алгач Флоридада, андан соң Огайодо жана акыркы убактарда Нью-Жерсинин Паттерсон шаарында жашаган. Саиповдун тааныштары аны каржы көйгөйлөрү бар агрессивдүү жигит катары сыпатташкан, бирок радкалдуу исламист экени байкалган эмес.

https://www.youtube.com/watch?v=F4HRF37poqI&feature=youtu.be

Ташкентте Саиповдун үй-бүлөсү колунда бар, динге анчалык берилбегендердин катарына кирет. Ал 2009-жылы Ташкент финансы институтун бүтүргөн. Окуу жайын аяктагандан кийин борбордогу “Саехат” мейманканасында бухгалтер болуп иштеген.

Нью-Йорктогу теракт үчүн жоопкерчиликти ИМ тобу өзүнө алды

Нью-Йорктогу теракт үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алды. Бул тууралуу Reuters радикалдуу исламисттер көзөмөлдөгөн басылмага таянып  маалымдады.

Басылма сегиз кишини тебелетип кеткен Сайфулло Саиповду “халифаттын жоокери” деп атады.

АКШ соту Саиповго киши өлтүрүү жана террордук топту материалдык жактан колдоо боюнча айып таккан. Полиция маалымдагандай, кол салуучунун автоунаасынан “Ислам мамлекети” тобуна жазган анты табылган.

Нью-Йорк мэри Билл де Блази теракты “бейкүнөө кишилерге жүзү каралык менен кол салуу” деп атады. Америкалык мыйзам чыгаруучулар Акүйдөн Сайфулло Саиповду АКШнын Гуантанамодогу аскер түрмөсүнө жөнөтүүнү сурашууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан Нью-Йорктогу терактты иликтөөгө көмөктөшүүгө даяр

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Нью-Йорктогу терактка байланыштуу АКШнын президенти Дональд Трампка көңүл айтты. Бул тууралуу Өзбекстан ТИМи кабарлады.

«Биз Америка Кошмо Штаттарынын элине тилектештигибизди билдиребиз. Менин көңүл айтуу сөздөрүмдү жана колдоомду каза болгондордун туугандары менен жакындарына жеткирип коюуңузду өтүнөм. Бардык жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалайм», – деп жазылган көңүл айтуу катында.

Экстремизм менен терроризмдин бардык көрүнүштөрүн айыптаган Мирзиёев Өзбекстан Нью-Йорктогу кол салууну иликтөөгө жардам берүү үчүн бардык күчүн жумшоого даяр экенин билдирген.

31-октябрда Нью-Йорктун Манхэттен аймагында кылмышкер жүк ташуучу унаа менен элди тебелетип, 8 киши каза тапкан. 12си жараат алышкан.

Кылмышка шектелип кармалган адам 29 жаштагы Сайфулло Саипов аттуу өзбекстандык жаран экенин жергиликтүү маалымат каражаттары билдирүүдө. Колго түшүрүү маалында аны полициячы курсакка атып жарадар кылган. Учурда ал ооруканада жатат.

АКШда жашап жүргөн өзбек качкыны Миррахмат Муминовдун билдиришинче, Саипов Ташкентте туулуп-өскөн. 2013-жылы Флоридага көчүп барганга чейин Огайо штатында жашап, көп жыл жүк унаасын айдап иштеген.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин бири Ташкентте Саиповдун ата-энеси менен 17 жаштагы карындашы суракка алынып жатканын билдирди.

Коңшуларынын айтымында, Саиповдор соода менен алектенген динден алыс адамдар. 2010-жылы АКШга кеткенге чейин Сайфулло Саипов ата-энеси жана үч карындашы менен Шайхантаур районундагы Белтеп маалесинде жашаган. Анын апасы Мукаддас 2016-жылы декабрда жана 2017-жылы февралда АКШга уулунукуна барып келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню