Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Тажикстанда эки тергөөчү пара менен кармалды

Тажикстандын Хамадони райондук ички иштер бөлүмүнүн эки тергөөчүсү 90 долларлык велосипед уурдоого шектелген адамдан 1 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалышты.

Маалыматка караганда, Абдусамад Розиков жана Шерхон Маджидов аттуу тергөөчүлөр 28-октябрда өздөрүнүн иш бөлмөсүндө 8 миң сомони (1 миң долларга жакын) өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Антикоррупциялык мекеменин кызматкерлери тарабынан кармалышкан.

Тергөөчүлөргө айып тагылгандан кийин райондук милиция бөлүмүнүн башчысы Хайриддин Жаффарзода ээлеген кызматынан бошотулду.

Өз булактар алгач тергөөчүлөр уурулукка шектелген адамдан 10 миң сомони талап кылып, бербесе кылмыш ишин козгой тургандыктарын айтып опузалашканын билдиришти. Бирок шектүү болгону 8 миң гана сомони таап келген.

Милиция кызматкерлерине карата пара алуу беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, Куляб шаарындагы тергөө абагына камалышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Свердлов райондук милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектүү жаранды кармашты

Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына арыз келип түшүп, Бишкек шаарында жайгашкан соода борборлордун биринен “Шайлоо” аттуу бейтааныш адам алдоо жолун менен жабырлануучунун ишенимине кирип, 120 000 сом акчасын кайрып берем деп алып, ушул күнгө чейин бербей изин жашырып качып жүргөнү маалым болгон. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Свердлов РИИБнин кызматкерлери рейддик иш-чараларды уюштуруп, натыйжасында Бишкек шаарынын 56 жаштагы А.Ш. аттуу жараны (аял киши) кармалган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

«Түркмөнстан хроникасынын» редакторунун апасынын батирине таш ыргытышты

29-октябрга оогон түнү белгисиз адамдар Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси уюмунун башчысы жана «Түркмөнстан хроникасы» сайтынын редактору Фарид Тухбатуллиндин апасы Халида Избастинованын батирине таштарды ыргытып кетишти.

«Түркмөнстан хроникасы» басылмасынан билдиришкендей, батирдин айнектери талкаланып, Халида Исбастинованын өзү жабыркаган эмес. Чакыруу менен барган милиция кызматкерлери балкондон бир топ таштарды табышкан.

Андан бир күн мурда, 28-октябрда Исбастиновнын телефонун өчүрүп салышкан жана азыркыга чейин аны менен байланыш жок. 40 жыл бою мектепте тарых сабагынан мугалим болуп иштеген Тухбатуллиндин апасы учурда 76 жашта.

«Түркмөнстан хроникасынын» редакциясы окуя Фарид Тухбатуллиндин укук коргоочулук жана журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштуу деп эсептөөдө. Быйыл укук коргоочу Наталия Шабунц менен «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын журналисти Солтан Ачилова кол салууга кабылышкан.

Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси бул боюнча эл аралык укук коргоо уюмдарына кабарлап, окуянын дыкаттык менен иликтенишин талап кылды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Трамп Нью-Йорктогу теракттын аткаруучусун өлүм жазасына тартууга үндөдү

АКШнын прокурорлору өзбекстандык иммигрант, 29 жаштагы Сайфулло Саиповго Нью-Йорктогу сегиз кишинин өлүмү боюнча айып такты. Прокуратура анын аракеттери «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу тарабынан демилгеленген деп эсептөөдө.

Прокурорлор 1-ноябрдагы сотто маалымдашкандай, колго түшүрүү маалында жаракат алган Саипов ооруканадагы өзү жаткан бөлмөгө ИМ тобунун желегин илип коюуну өтүнүп, кылган ишине ыраазы экенин билдирген.

Саиповду сотко колу бутун таңып алып келишти. Анын жүрүшүндө соттолуучу орус тилдүү котормочунун жардамы менен көрсөтмө берди. Ага тагылган айыптар боюнча өлүм жазасы каралган.

Нью-Йоркттогу чабуул учурунда талкаланган автоунаа 1-ноябрь,2017-жыл.

Нью-Йоркттогу чабуул учурунда талкаланган автоунаа 1-ноябрь,2017-жыл.

Ал ортодо ФБР бул иш боюнча дагы бир өзбек тектүү жаранды, 32 жаштагы Музаммадзоир Кадыровду суракка алып жатканы кабарланууда. Сот тарабынан дайындалган Саиповдун адвокаты Дэвид Патон соттолуучу алган жарааты катуу оорутуп жатканын жана абакта дарылануусун улантууну өтүнгөнүн айтты.

Сайфулло Саипов 31-октябрь күнү Нью-Йорктун Манхэттен аймагында велосипедчендер жүрчү жолго жүк ташуучу унаасы менен кирип, адамдарды тебелетип кеткен. Натыйжада сегиз киши өлүп, 11 адам түрдүү жаракат алган.

Прокурорлор Саипов өзүнүн мыйзамдуу укуктарынан баш тартып, ооруканадагы сурак маалында күнөөсүн моюнуна алып көрсөтмө бергенин билдиришти.

Прокурорлор Саиповдун уюлдук телефонунан табылган жүзгө жакын видео жана 3 800дөй сүрөттөрдүн көбү ИМ пропагандасына байланышы бар экенин билдиришүүдө. Саипов көбүрөөк адамды өлтүрүү үчүн атайын Хэллоуин майрамы белгиленчү күндү тандап алган.

Нью-Йорктогу теракттан кийин АКШ президенти Дональд Трамп саясий сылыктыктын ордуна «тез жана катаал» сот адилеттиги келиши керектигин билдирди. Андан тышкары Трамп Саипов АКШга кирүү үчүн пайдаланган Green Card lottery программасынын аракеттерин токтотууга чакырды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бишкек ШИИББнин кызматкерлери уурдоо фактысынын бетин ачышты

Милицияга арыз менен жаран кайрылып, ушул жылдын 25-октябрь күнү белгисиз адамдар маршруткалардын биринен жабырлануучунун сумкасынан акча каражаты жана документтери салынган капчыгын уурдап кетишкендигин билдирген. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Кылмыштын изин суутпай Бишкек ШИИББдин кызматкерлери аталган кылмыш ишине шектүү катары мурда соттолгон 1987-жылы туулган Ш.Э. аттуу жаранды кармашкан.

Андан сырткары, шектүүнү текшерүү учурунда жанынан «ORALE» жана «Самсунг» үлгүсүндөгү эки уюлдук телефондор табылган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран Бишкек шаардык №1 тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Тажикстан жаштар арасындагы кылмыштуулукту азайтуу ниетинде

Тажикстанда билим берүү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери борбордук мектептерде окуган бейбаш өспүрүмдөрдү тарбиялоо боюнча профилактикалык иштерди башташты. Тизмеге уруш-мушташтын чордонунда жүргөн 222 окуучу киргизилди.

Тизме шаар мэри Рустам Эмомалинин тапшырмасы менен түзүлдү. Себеби быйыл Душанбеде жашы жете элек балдардын катышуусундагы бир катар бычакташуу фактлары орун алган.

2016-жылы Тажикстанда өспүрүмдөрдүн жана жаштардын катышуусунда 5 миңден ашуун кылмыш катталган. Өлкө президенти Эмомали Рахмон борбор калаанын аткаминерлери менен жолугушуу учурунда жаштар арасындагы кандуу мушташтарды болтурбоо боюнча тиешелүү чараларды кабыл алууну тапшырган.

Маалыматтарга караганда, учурда “чоң муштум” балдар жана алардын ата-энелеринин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.Алар окуудан тышкаркы учурда устачылык курстарына катышышууда.

Өлкө ИИМинин эсеби боюнча быйыл тогуз ай аралыгында 3 миңдей мектеп окуучунун коомдук тартипти бузганы аныкталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Саратовдогу жол кырсыгынан беш тажикстандык жаран мерт кетти

Саратов алдындагы ири жол кырсыгынан тажикстандык беш жаран каза тапты. Тажикстандын Москвадагы элчилиги бир кишиден башкасынын тек-жайы такталганын билдирди.

Саратов полициясы маалымдагандай, 30-октябрда Саратов – Нижний Новгород трассасында “КамАЗ” менен кичиавтобус кагылышкан. Кичиавтобуста негизинен Тажикстандын жарандары болгон. Алдын ала тергөөнүн жыйынтыктары боюнча “КамАЗ” жол эрежесин бузган. Ошол эле маалда кичиавтобус саатына 150 чакырым ылдамдыкта бара жатканы айтылууда.

Жол кырсыгынан беш киши өлүп, алтоо ооруканага жеткирилди.

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги маалымдагандай, Volkswagen Caravelle маркасындагы кичиавтобуста Тажикстандын 11 жараны болгон. 21 жаштагы айдоочу Суннатулло Жураев дагы өмүр менен кош айтышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча тажикстандык жарандар мамлекеттик чек арадан өтүп, кайра Орусияга кирүү үчүн Казакстанга бара жатышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Украинанын ички иштер министринин уулу кармалды

Украинанын Антикоррупциялык бюросу ички иштер министри Арсен Аваковдун уулу Александр Аваковду кармады.

Буга чейин анын Харьковдогу үйүндө тинтүү жүргөнү маалымдалган. Министр “Украинская правда” сайтына маалыматты бышыктап, баласынын үйүнө тартип коргоочулар барганын айтты.

Антикоррупциялык мекеме жасаган билдирүүдө көз боёмочулук иши боюнча үч киши, анын ичинде ички иштер министринин мурдагы орун басары жана бизнесмен кармалганы айтылат.

Маалыматка караганда, ички мекеме үчүн 2014-2015-жылдары рюкзактарды сатып алууга бөлүнгөн 14 миллион гривна (520 миң доллар) максатсыз пайдаланылган. Бирок Антикоррупциялык бюро кармалган адамдардын ысымдарын атаган жок. Ал эми Ички иштер министрлиги кармоонун артында “мыйзамды сактоо эмес, саясат турат” деп билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Фото - Нью-Йоркто террорчу автоунаа менен бир нече кишини тебелеп кетти

АКШнын Нью-Йорк шаарынын Төмөнкү Манхэттен аймагында жүк ташуучу автоунаа велосипед тебүүчүлөрдүн атайын жолуна качырып кирип барып, бир нече кишини тебелеп кетти. Бул кол салуунун айынан алты киши дароо набыт болуп, эки киши кийинчерээк ооруканада көз жумду жана кеминде 11дей киши жаракат алды. Полиция кол салган айдоочуну курсагына атып, колго түшүрдү.

Кол салууга шектүү жаран 29 жаштагы Сайфулло Саипов экени аныкталды. Ал бир нече жыл мурун Өзбекстандан АКШга келгени кабарланууда. Буга чейин Флорида жана Нью-Жерси штаттарында жашаган.

Окуя Хеллоун майрамынын урматына оюн-зоок болот деп жаткан жайга чукул жерде болду. Окуянын күбөлөрү атылган октордун доошун жана «Алла – баарынан улук» (“Алла акбар!”) деп арапча кыйкырган үндү угушкан. Ал жерде мектеп окуучуларын ташыган автобус да турган.

АКШ президенти Доналд Трамп өзүнүн “Твиттердеги” баракчасында Нью-Йорктогу террордук чабуулду терең айыптады: “Нью-Йорк шаарында бир оорулуу жана акылынан азган киши дагы бир чабуул жасаган сыяктанат. Мыйзамдуулукту камсыздоо күчтөрү бул окуяны кылдат иликтөөдө. (Мындайга) АКШда жол жок!”

АКШнын Федералдык тергөө мекемеси иликтөө баштады.

Ооганстанда талиптердин кол салуусунан онго жакын полициячы мерт болду

«Талибан» кыймылынын Ооганстандын түштүк-чыгышындагы көзөмөл-өткөрмө бекетке кол салуусунан кеминде тогуз полиция кызматкери мерт болуп, төртөө жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Газни провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Ариф Нуринин билдиришинче, жети саатка созулган 30-октябрдагы атышуунун жыйынтыгында жети согушкер өлтүрүлгөн.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Талибан» кыймылы өзүнө алды. Провинция кеңешинин мүчөсү Нисар Ахмад Факири кол салуу маалында Кухьяни районундагы өткөрмө-көзөмөл бекети талкаланганын айтты.

30-октябрда Ооганстандын түндүгүндөгү Баглан провинциясынын бийлиги өкмөттүк күчтөр талиптердин чабуулунун мизин кайтарганын кабарлаган. Бурка райондук полиция бөлүмүнүн башчысы Мухаммад Али согушкерлер полиция имаратына дүйшөмбү эртең менен кол салганын билдирди. Анын айтымында, бир нече саатка созулган атышуунун жүрүшүндө 20 жоочу жаркат алып, бир тобу мерт болгон. Андан тышкары бир ооган аскер кызматкери жеңил жараат алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню