Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Милиция кызматкерлери автоунаа уурдоого шектүү Лебединовка айылынын жашоочусун кармашты

Милиция кызматкерлерине 22 жаштагы С.М. аттуу Лебединовка айылынын жашоочусу арыз менен кайрылып, 29-октябрь күнү таңкы саат 08:50 чамаларында белгисиз адамдар үйүнүн жанында токтоп турган арыздануучуга таандык “Ниссан-Вингроуд” үлгүсүндөгү автоунаасынын эшигин сындырып, айдап кеткендигин билдирген. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Аталган маалымат боюнча милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжасында кылмыштын изин суутпай жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 23 жаштагы Р.Ж. аттуу Бишкек шаарынын тургунун кармашкан. Тергөө учурунда күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Аламүдүн РИИБи тарабынан жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесине (Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Аламүдүн районунун аймагынан мал уурдоого шектүү жаран кармалды

Ушул жылдын 28-октябрь күнү Аламүдүн РИИБне Кой-Таш айылынын 64 жаштагы С.Г. аттуу тургуну кайрылган. Арызында 27-октябрь күнү короосунан 1 баш ири мүйүздүү бодо малы жоголгонун билдирип, уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмыштын изин суутпай Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичирайонунун 33 жаштагы С.А. аттуу жашоочусу кармалган.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Тажикстанда бозгундагы полковниктин туугандары узак мөөнөттөргө соттолду

Хатлон облустук соту Тажикстан ИИМинин Өзгөчө даярдыктагы мобилдүү бөлүгүнүн мурдагы командири жана «Ислам мамлекети» террордук тобунун жетекчилеринин бири Гулмурод Халимовдун үч тууганын узак мөөнөттөргө эрктеринен ажыратты. Алар жалданмачылыкка, мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз өтүү аракетине жана милиция кызматкерлерине баш ийбөөгө айыпталышууда.

Облустук соттогу булактын билдиришинче, сот өкүмү өткөн аптанын соңунда чыгарылган жана учурда мыйзамдуу күчүнө кире элек. Айтымында, бозгундагы полковниктин Комил, Назир жана Али Халимов аттуу үч тууганы 7 жылдан 18 жылга чейин абакта болот. Алар быйыл 5-июлга ооган түнү ИИМдин атайын операциясы маалында кармалышкан. Анда милиция кызматкерлери менен болгон атышууда Гулмурод Халимовдун дагы төрт тууганы – Султонмурод Халимов менен иниси Фозил Халимов жана айылдаштары – Афзал Абдурашидов менен Насим Рахматов өлтүрүлгөн.

Тажикстандын атайын кызматынын маалыматына караганда, Гулмурод Халимовдун туугандары июлдун башында тажик-ооган чек арасын кесип өтүүнү пландашкан. Пяндж дарыясынын аркы жээгинде аларды ИМ тобунун жоочулары күтүп алышмак. Укук коргоо органдары Халимовдордун коңшусу жана алыс тууганы Наим Рахмонов ИМдин Ооганстандагы жоочуларынын бири аркылуу дайыма Гулмурод Халимов менен байланышта болуп турганын билдиришкен.

Өткөн айда Орусиянын Коргоо министрлиги орус авиациясынын соккусунун жыйынтыгында Сириянын Дейр-эз-Зора аймагында Гулмурод Халимов жок кылынганын билдирген. Полковник 2015-жылы апрелде күтүүсүз жоголуп кетип, майдын соңунда Сирияда экенин кабарлаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Украина: Путинге кол салууга айыпталган Осмаевдин аялы Амина Окуеваны өлтүрүп кетишти

Киев облусунун Глеваха айылында автоунаа аткыланып, ичиндеги Путинге кол салууга даярдык көргөн деп шектелип жаткан чеченстандык Адам Осмаев жаракат алып, аялы Амина Окуева каза болду. Бул тууралуу Украинанын ИИМ башчысынын кеңешчиси Антон Геращенко билдирди.

Ал учурда окуя болгон жерде тергөөчүлөр иштеп жатканын кошумчалады.

 Июнда Осмаев менен Окуевага Киевде кол салуу болгон. Кылмышкер анда өзүн Le Monde деген француз гезитинин кабарчысы деп тааныштырып, алар менен жолугушкан. Ал ок чыгарганда Окуева тапанча менен жооп кайтарып, кылмышкерди оор жарадар кылган. Кол салган адамдын жанынан украин паспорту табылган. Бирок өлкө ИИМи ал документти жасалма деп эсептей турганын жана кол салууга орусиялык атайын кызматтардын тиешеси бар экенин билдирген.

https://www.facebook.com/videosvoboda/videos/692513560939318/

Орусияда Осмаев 2012-жылкы президенттик шайлоонун алдында Владимир Путинге кол салууга даярдык көргөн деп айыпталууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Милицияны өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Аз күн мурун Бишкектеги Бөкөнбаев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинен 25 жаштагы Уларбек Майрамбеков аттуу жаш милиция кызматкерин белгисиз бирөө бычактап өлтүрүп кеткен эле. Кылмышкер дароо издөөгө алынган. Көп өтпөй эле, шектүү кылмышкер милициялардын торуна түшүптүр. Ал 1991-жылы Талас облусунда туулган, учурда Бишкекте жашаган, эч жерде иштебеген жаран экен. Күнөөсү далилденсе, кармалган шектүү мындан аркы жашоосун абак артында өткөрүүгө милдеттүү.

Булак: “Фабула”

Баткенде өрттүн кесепетинен 20 ГА куураган чөп жана бадал өсүмдүктөрү күйүп кетти

Баткен облусунуна караштуу Баткен районунда 2017-жылдын 28-октябрында саат 13:45 чамасында Кайыңды айылына караштуу Тегирмен тоосунун түндүк-чыгыш тарабында куураган чөп күйгөн. Бул туралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

КР ӨКМнин 3-Өзүнчө издеп-куткаруу отрядынан 45 куткаруучу, КР ӨКМнин №26 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 15 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган. 29-октябрь күнү саат 17:50дө өрт чектөөгө алынган.

Түн киргендигине байланыштуу өрттү өчүрүү иштери саат 18:30да убактылуу токтотулган. Өрттүн кесепетинен болжол менен 20га куураган чөп, бадал өсүмдүктөрү күйгөн. КР ӨКМнин  №26 АӨКБнөн 10 куткаруучу, №3 ӨИКОнын 30 куткаруучу жалпы 40 куткаруучу өрттү көзөмөлдөө үчүн айылдын клубуна жайгаштырылган. Калган КР ӨКМнин  №26 АӨКБнөн 5 куткаруучу, №3 ӨИКОнын 15 куткаруучу туруктуу ордуларына келишкен.

Кыргыз-казак чек ара постунда тургандарга КР Өкмөтү тарабынан тамак-аш таркатуу улантылууда

2017-жылдын 29-октябры күнү саат 14:00гө алынган маалымат боюнча Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Тилек чек ара постунда 464 оор жүк ташуучу унаа, Панфилов районундагы Чалдыбар чек ара постунда 24 оор жүк ташуучу унаа, Аламүдүн районундагы Ак-Жол чек ара постунда 3 оор жүк ташуучу жана 11 жеңил унаа, Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка чек ара постунда 115 оор жүк ташуучу жана 20 жеңил унаалар турат. Аталган өткөрмө пункттарына КР ӨКМ тарабынан жалпы 17 чатыр тигилген. Чек арада тургандарга КР ӨКМи тарабынан тамак-аштар таркатылууда. 2017-жылдын 29-октябры күнү Ак тилек постунда тургандарга КР ӨКМи тарабынан 380 адамга тамак-аш таркатылды.  Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Ал эми 2017-жылдын 30-октябры күнү саат 07:40ка алынган маалымат боюнча Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Тилек чек-ара постунда 371 оор жүк ташуучу унаа, Панфилов районундагы Чалдыбар чек ара постунда 17 оор жүк ташуучу жана 12 женил унаа, Аламүдүн районундагы Ак-Жол чек ара постунда 12 жеңил унаа, Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка чек ара постунда 90 оор жүк ташуучу унаалар турат.

Тажикстан: камактагы май куюу түйүнүнүн башчысы мамлекеттик насыяны төлөп берүүгө даяр

Өткөн аптада камакка алынган «Умед-88» компаниясынын негиздөөчүсү жана башчысы Раджабали Одинаев өлкөдөн чыкпоо тил катынын негизинде бошотуу өтүнүчү менен бийликке кайрылды. Анын «Рогун ГЭСи» акционердик коомунан алган миллиондогон насыяны кайтарып берүүгө ниеттенип жатканын эжеси Саодат Одиназода 29-октябрда билдирди.

Раджабали Одинаев жана «Умед-88» компаниясынын дагы беш жетекчиси учурда тергөө абагында камакта. Саодат Одиназоданын айтымында, иниси президенттин сынынан кийин дароо насыяны кайтарып берүү аракеттерин баштаган, бирок аны камакка алышкан. Ал учурда «Умед-88» компаниясы «Рогун ГЭСи» акционердик коомуна 31 миллион сомони кайтарып бергенин кошумчалады.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 14-октябрда ишкерлер менен жолугуп, Каржы министрлигин түшүнүксүз жолдор менен «Умед-88ге» мамлекеттик бюджеттен 170 миллион сомони насыя бергенин сынга алган. Анын айтымында, компания ал акчаларды эки жылдан бери мамлекетке кайтарып бере албай келет.

Президенттин бул сынынан кийин өлкөнүн Антикоррупциялык агенттиги Раджабали Одинаевди, «Умед-88» компаниясынын түзүүчүсү жана директору Идибек Иброхимовду кармаган. 27-октябрда компаниянын башкы эсепчиси жана май куюу жайларынын үч директору кармалган.

«Умед-88» 2015-жылы Каржы министрлигинен 171 миллион сомони (19 миллион доллар) алып, жылдын соңуна чейин төлөөгө милдеттендирилген. Компания каражатты дыйкан чарбаларын күйүүчү май менен камсыздоого, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө жумшоону убадалаган. Бирок насыяны кайтарып берген эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда «Өзметкомбинат» менен иштешкен 80дей кызматкер камалды

Ташкентте сот «Өзбек металлургия комбинаты» акционердик коому менен иштешкен 49 ишкананын 80дей кызматкерин камакка алуу токтомун чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы Өзбекстандын башкы прокуратурасындагы өз булагына таянуу менен билдирүүдө.

Соттун токтомунда бул кызматкерлер мамлекетке жана коомго экономикалык зыян келтирүүгө айыпталып жатышканы айтылган. Документке ылайык, зыян жүздөгөн миллиард сумду түзөт.

Тергөө иштерин Башкы прокуратуранын уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкармалыгы жүргүзөт.

Маалыматтарга караганда, камакка алынган ишканалардын кызматкерлери «Өзбек металлургия комбинатынын» буга чейин кылмыш иши козголгон жетекчилери менен кутумга барып, металлдарды мыйзамсыз өткөрүп жана сатып турушкан.

Айыпталуучулар бул билдирүүлөрдү четке кагууда.

Быйыл Өзбекстандын өкмөтү «Өзбек металлургия комбинатынын» мамлекеттик үлүшүн чет өлкөлүк SFI Management Group компаниясынын башкаруусуна өткөрүп берген. Бул өзбек тектүү казак миллиардери Фаттах Шодиевдин компанияларынын бири болуп эсептелет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Одессадагы аскер аэропортун басып алуу аракети болгону кабарланууда

Украинанын аскер аба күчтөрүнүн командачылыгы Одессадагы Коргоо министрлигине таандык аскердик окуу аэропортун рейдерлик жол менен басып алуу аракет болгонун билдирди. Бул тууралуу Настоящее Время сайты кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 29-октябрь күнү эртең менен беткапчан 40ка жакын киши А3571 аскер бөлүгүнүн тосмосунун бир бөлүгүн бузуп кирип, андагы бир катар мүлктү белгисиз тарапты көздөй алып кетишкен. Мекемеден белгисиз адамдар өздөрүн “CITI Center” көңүл ачуу-соода борборунун кызматкерлерибиз деп тааныштырышкан.

Азырынча соода борборунун өкүлдөрү бул билдирүү боюнча эч кандай комментарий берген жок. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы муну аскер бөлүктөрүнүн жанында жасалган провокация болушу мүмкүндүгүн билдирүүдө.

Азырынча окуя тууралуу башка маалыматтар белгисиз. «Азаттык» радиосунун украин кызматынын маалыматына караганда, социалдык түйүндөрдө окуя аскер аэропорту жайгашкан тилкенин бир бөлүгүн жеке адамдарга өткөрүп берүү тууралуу Одесса шаардык кеңешинин бир күн мурдагы чечимине байланыштуу болушу мүмкүн экени айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню