Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Тажикстанда мамлекеттик насыяны төлөбөгөн компания жетекчилерин камоо уланууда

Тажикстанда «Умед-88» компаниясынын бухгалтери жана май куйуучу түйүндүн үч директору камалды. Буга чейин мыйзамсыз насыя алуу, салык төлөөдөн качуу, алдамчылык жана жалган документ жасоо шеги менен компания башчысы Раджабали Одинаев менен анын орун басары Идибек Иброхимов кармалган.

Каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги маалымдагандай, башкы бухгалтер тергөө иштери аягына чыкканга чейин камакта болот.

Май куйуучу станциянын үч жетекчиси «Амонатбанк» менен «Агроинвестбанктан» насыя алуу учурунда кепил болушканы үчүн кармалышты.

Маалыматтарга караганда, компания учурда банкорт абалында, жумушчулар бир нече айдан бери маяна алыша элек.

Май куйуучу түйүндүн жетекчилери 2015-жылы Каржы министрлигинен 171 миллион сомони (19 миллион доллар) алып, жылдын соңуна чейин төлөөгө милдеттендирилген. Компания каражатты дыйкан чарбаларын күйүүчү май менен камсыздоого, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө жумшоону убадалаган. Бирок насыяны кайтарып берген эмес.

«Умед-88» компаниясы 1996-жылы негизделген. Ал Орусия, Казакстан, Түркмөнстандан күйүүчү май ташып иштеген. Тажикстанда 70тен ашык май куйуучу станциясы бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жарандык никедеги аялын башка чаап өлтүрүп короого көмүп койгон

2017-жылдын 26-октябрь күнү болжол менен саат 14:15 чамасында Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү өзү тейлеген аймакта текшерүү иштерин жүргүзүү учурунда, жергиликтүү тургундардан Алтын айылындагы үйлөрдүн биринин короосунда белгисиз аялдын сөөгү көмүлгөнү тууралуу маалымат алган. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдиретю

Аймактык тескөөчү аталган маалымат боюнча көрсөтүлгөн үйдүн короосунун ичинде шектүү жерди казып, болжол менен 30-35 жаштагы белгисиз аял кишинин жансыз денесин тапкан.

Жогорудагы факты боюнча Жайыл РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө билдирген. Аталган дарекке Жайыл районунун ыкчам-тергөө тобу чыгып, териштирүү иштерди жүргүзүшкөн. Ыкчам-издөө иш-аракеттердин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Ш.К. аттуу үйдүн ээсинин жээни кармалып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, төмөндөгүдөй көрсөтмө берген.

2017-жылдын 19-октябрь күнү кызганычтан улам экөө уруша кетишип, Ш.К. катуу нерсе менен аялын баш тарапка чаап жиберген. Алган жаракатынан улам жарандык никедеги аялы окуя болгон жерден көз жумган. Ошол замат кылмышты жаап-жашыруу максатында жансыз денени ошол үйдүн короосуна көөмүп салгандыгын билдирген. Тергөө учурунда каза болгон аял Талас облусунун А.Ч. аттуу тургуну экендиги аныкталган.

Бул окуя боюнча Жайыл РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран Жайыл районунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Тажикстанда Сирияда согушуп келген жаран 15 жылга соттолду

Хатлон облустук соту Яван районунун тургуну Омонкул Эрназаровду Сирияда жоочулардын катарында согушкандыгы үчүн 15 жылга эркинен ажыратты. Анын терроризмге шектелген адамдардын тизмесинде болбогону кабарланууда.

Милиция кызматкерлери 25 жаштагы Омонкул Эрназаровду 17-апрелде, Түркиядан кайтып келгенине эки ай болгондон кийин кармашкан. Ал 2015-жылы Орусияга иштегени кетип, бир жылдан соң жакындарына Түркияда жакшы жумуш таап, ошол жакка кеткенин айткан. Бирок анын ал кезде Сирияда жүргөнүн эч ким билген эмес.

Сурак маалында Омонкул Эрназаров Сирияга жалдамачылыкка шектелип издөөдө жүргөн агасынын кеңеши менен барганын билдирди. Айтымында, ал ИМ тобунун «Ал-Бухори» бөлүгүнүн катарында жүргөн жана андан тышкары ага 350дөй өзбек жараны дагы мүчө болгон.

Сотто Эрназаров Сириянын Алеппо шаарында сегиз ай согушканын билдирди. Айтымында, акыркы айларда ИМдин акчасы кыйла азайып, жоочуларга айына 30 доллардан төлөп калышкан. «Ал-Бухори» бөлүгү Алеппо үчүн согушта чоң жоготууларга дуушар болуп, эмир Салохиддин бизге чегинүү буйругун берди. Мен учурдан пайдаланып сакалымды алып, дудук сыяктанып качкындарга кошулуп кеттим. Бир нече айдан кийин Түркияга барып, кийин мекениме кайттым”, – деди Эрназаров сотто.

Анын адвокаты чет өлкөлөрдө согушуудан өз каалоосу менен баш тартып, үйүнө кайтып келген тажик жарандарын кечирүүгө мүмкүндүк берген өлкөнүн Кылмыш кодексине таянып, Эрназаровдун бошотулушу керектигин билдирүүдө.

Бирок сот бул чара согуштарга түздөн-түз катышпаган адамдарга карата гана колдонуларын айтышты.

Кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Soufan Group аналитикалык компаниясынын баяндамасына ылайык, 700дөн ашык тажикстандык жоочу дале Сирия менен Иракта жүрүшөт жана алардын көбүнүн тагдыры учурда белгисиз.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сириянын өкмөтү Хан-Шейхундагы химиялык чабуулга айыпталууда

БУУнун эксперттери Сириянын түндүк-батышында жайгашкан Хан-Шейхун шаарындагы химиялык чабуулга Башар Асаддын өкмөтүн айыптады. БУУ менен Химиялык куралга тыюу салуу уюмунун тиешелүү корутундусу уюмдардын биргелешкен баяндамасында жазылган.

Сириядагы химиялык чабуулдар боюнча иликтөө иштери бир нече ай жүргүзүлдү. Эксперттер шаарга ташталган бомбага ууландыруучу зарин газы толтурулган деген жыйынтыкка келишти. Баяндамада айтылгандай, снаряддар Сирия армиясында гана бар учактардан ташталган.

Кошмо Штаттар химиялык чабуулга Сирия президенти Башар Асаддын режиминин тиешиеси бардыгын апрелде эле айкан. Бирок ал айыптоолорду Сирия өкмөтү четке каккан. Өлкө бийлиги аларда ууландыруу заттарынын кору жок экенин билдирүүдө.

Заринди колдонууга Сирия армиясынын тиешеси бардыгынан Орусия күмөн саноодо. Бир нече күн мурда Москва Сириядагы химиялык чабуулду иликтөө боюнча резолюцияга вето койгон. Биргелешкен иликтөө жүргүзүүнүн мөөнөтү бир айга жетпеген убакта аяктайт.

Апрелдеги Сириянын Хан-Шейхун шаарындагы химиялык чабуулдан кеминде 87 киши каза болуп, 550дөн ашыгы жаракат алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ИМ тобуна согушкерлерди "экспорттоо" боюнча Орусия алдыга чыкты

“Ислам мамлекети” террордук тобуна чет элдик жалданма согушкерлерди жеткирүү боюнча Орусия алдынкы орунга чыкты. Бул тууралуу америкалык Soufan Center кансалтинг тобунун баяндамсында айтылат.

Иликтөөдө ИМ тобунун катарында учурда 3 417 орусиялык согушуп жүргөнү белгиленген. Экинчи орунда – Сауд Арабиясы (3 224 киши), төртүнчү сапта Иордания (3000 киши) жайгашкан. Төртүнчү катардан Франция менен Тунис орун алган.

Эксперттердин пикиринде, Ирак жана Сирияда ИМ тобу көзөмөлдөгөн аймактар азайгандыгына баланыштуу бул өлкөлөр жарандарынын мекенине кайтып келүүсүнөн кооптонуусу шарт. Мамлекетине кайткан жоочулардын ишмердүүлүгү болочокто теракттардын көбөйүүсүнө алып келүүсү ыктымал.

Soufan Center тобунун баяндамасына ылайык, ИМдин катарында согушкан 400 киши Орусияга, Сауд Арабияга – 760, Иорданияга – 250, Францияга – 271, Туниске – 800 киши кайтып келген.

Быйыл февралда Орусия президенти Владимир Путин Сириядагы жоочулардын катарында 4 миңдей орусиялык жана 5 миңдей постсоветтик өлкөлөрдүн жараны согушуп жүргөнүн маалымдаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда «ИМ» тобунун идеаларын пропагандалоо үчүн тогуз киши соттолду

Тажикстандын Хатлон облусунун тогуз жашоочусу «Ислам мамлекети» тобунун идеаларын пропагандалагандыгы үчүн узак мөөнөттөргө кесилишти. Облустук соттон билдиришкендей, иликтөө иштеринин жүрүшүндө айыпталуучулардын ар биринин күнөөсү делилденген.

Маалыматка караганда, топтун башчысы Файзиддин Шомардонов 20 жылга эркинен ажыратылды. Топтун калган мүчөлөрү 12 жылдан 18 жылга чейинки мөөнөттөргө камалышты.

Соттолуучулар ИМдин идеаларын пропагандалоодон тышкары жаштарды ал террордук уюмдун катарына тартуу менен дагы алектенишкен. Тергөөнүн жүрүшүндө Файзиддин Шомардоновдун Сирия жана Ирактагы ИМ жоочулары менен дайыма байланышта болуп келгени аныкталган.

Соттолгондордун бири, 15 жылга эркинен ажыратылган Абубакр Сатторовдун гана туугандары Жогорку сотко даттанууга ниеттенип жатышат. Анын атасы Файзиддин Сатторов уулу жалган жалаанын негизинде камалды деп эсептейт. «Менин уулум дайыма мыйзам бузбаган жаран болгон. Курган-Төбөдөгү “Royal Baby” компаниясында иштечү. Азырынча соттун өкүмүн берише элек. Бирок мен өкүмдү даттанып өлкөнүн парламентине кат жаздым», – деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ИИМдин ыкчам кызматкерлери Бишкек шаарынан алдамчылыкка шектүү Африка өлкөсүнүн жарандарын кармашты

Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери алдамчылыкка шектүү Африка өлкөсүнүн эки жаранын кармашты. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Маалымат боюнча, кармалган жарандар жарандарга кагаздан жасалма доллар акча каражатын жасап берүү боюнча өздөрүнүн кызматын сунушташкан. Ошондой эле, Африка Республикасынын тургундары биздин өлкөгө келгенден кийин, жабырлануучулардан ири суммадагы акча каражатын алышып, аны эки эсе көбөйтүп беребиз деп убада берип, алдап жүрүшкөн. Алар жөнөкөй кара кагазды кантип акчага айлантышаарын дагы көргөзүп беришкен. Кылмышкерлер ишенчээк адамдарды өз туткунуна илүү үчүн издеп жүрүшкөн.

Жакында ИИМге чет өлкөлүктөр Бишкек шаарынын жашоочусун өздөрү жашаган батирге чакырышып, жөнөкөй кагаздан кантип акча жасаларын көрсөтүшкөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Кылмышка шектүүлөр жаранды ири суммадагы акча каражатын алып келсең, аны биз эки эсе көбөйтүп беребиз деп убада беришкен.

ИИМдин кызматкерлери жогорудагы кылмышка шектүү чет өлкөлүктөрдүн өздүгүн тактоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда алар өздөрүнө тиешелүү жасалма доллар акча каражаттарын жасоо үчүн жарандан жалпы суммасы 20 миң евро акча талап кылышканын аныкташкан. ИИМдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн иликтөө иш-чараларынын негизинде Бишкек шаарынын Калык Акиев көчөсүнөн Камеруна мамлекетинин 1964-жылы туулган Б.Ж. жана Гвинея өлкөсүнүн 1967-жылы туулган Н.Н. аттуу жарандары кармалган. Кармалган жарандар алдамчылык иш-аракеттерине шектелүүдө.

Жогоруда көрсөтүлгөн жарандардын убактылуу жашоочу батирин текшерүү учурунда ар кандай аспаптар (медициналык бет кап, конверттер, кара майда, тунук суюктук) табылып алынган. Жогорудагы факты боюнча кылмыш иши козголуп, чогултулган материалдар Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына катталды. Кармалган чет өлкөлүк жарандар Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бишкек шаарынын жашоочусун 544 миң сомго алдап кеткен аял кармалды

Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, 2016-жылдын ноябрь айында “Дилим” аттуу бейтаанышы (аял киши) соода-борборлордун биринин ичинен алдоо жолу менен арыздануучунун ишенимине кирип, жалпы суммасы 544 000 сомдук товарын алып, 2017-жылдын февраль айында жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын кайрып берем деп, ушул күнгө чейин жашырынып качып жүргөн. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 30 жаштагы борбор шаарыбыздын Э.Д. аттуу тургуну кармалган. Кармалган жаран Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилген. Ошондой эле тергөө учурунда шектүү башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар экендигин аныкташкан.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Нарында этиятсыздыктын айынан милиция кызматкери өз кесиптешин атып өлтүрдү

2017-жылдын 25-октябрь күнү болжол менен саат 18:15 чамасында Нарын ШИИБнин нөөмөт бөлүмүнүн куралдарды тапшыруучу бөлмөсүнөн Нарын шаары боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын кызматкери, милициянын ага сержанты 1991-жылы туулган М.Н. аттуу “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчасын тапшырып жатып, ок атуучу куралды этиятсыздык менен колдонуп, Нарын шаары боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын кызматкери, милициянын старшинасы Ж.А. аттуу кесиптешин атып алган. Бул туурасында Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Маалымтка ылайык, милиционер тапанчаны карап жаткан учурда атылып кеткен. Атылган ок кесиптешинин төшүнө тийип, жабырлануучу алган жаракатынан окуя болгон жерден каза болгон. Нарын шаары боюнча МАККББнын эки кызматкери кызмат мөөнөтүнөн кийин, тапанчасын тапшыруу үчүн куралдарды тапшыруу бөлмөсүнө алып келишкен.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин (Шалаакылык, этиятсыздыктын айынан адам өлүмүнө алып келүү) негизинде кылмыш иши козголду.

Милициянын ага сержанты М.Н. аттуу Кыргыз Республикасынын кылмыш-процессуалдык кодекстин 94-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Толук жана ар тараптуу иликтөөнү Нарын шаары боюнча Кыргыз Республикасынын МУККБгы жүргүзүп жатат. Тергөө амалдары жүрүүдө.

“Окуя болгон жерге Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте табелдик куралды этиятсыздык менен колдонгондугунун айынан МАККББнын кызматкери каза болгон фактыны ар тараптуу жана калыс иликтөө үчүн келишкен. Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө өздөрүнүн кызматкерлерин кызматтык даярдоо жүргүзбөгөндүктөрү үчүн жетекчилеринин иш-аракеттерине дагы тиешелүү баа берилип, дисциплинардык мүнөздөгү катуу чаралар көрүлөт”, – деп жазылат маалыматта.

Кылмышкердин колунан Биринчи май РИИБнин кызматкери каза болду

2017-жылдын 26-октябрь күнү Бишкек шаарында кылмышкердин колунан Биринчи май РИИБнин криминалдык милиция кызматынын ыкчам өкүлү, милициянын лейтенанты 25 жаштагы Майрамбеков Уларбек Уланбекович каза болду. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Кырсык болоор күндөн мурда Майрамбеков Уларбек жумушу аяктагандан кийин өзүнүн өндүрүш материалдарын жана табелдик куралын тапшырып, андан кийин, үйлөнүп жатканына байланыштуу эмгек өргүүсүнө чыгууга билдирме жазган. Жумушунан чыккандан кийин, Уларбек өзүнүн кесиптешин Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бирине жеткирип коюну суранган жана жеткирген жеринде калган.

Кийинчерээк, кызматкер бычактан алган жаракатынан каза болгону маалым болгон. Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин, Бишкек ШИИББдин, Биринчи май РИИБдин жетекчилиги жана ардагерлери, ички иштер органдарынын өздүк курамы Майрамбеков Уларбек Уланбековичтин каргашалуу каза болгонуна байланыштуу аза күтөт. Каза болгон кызматкердин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Биз жоготуу кайгысын бирге бөлүшөбүз. Кесиптештеринин арасында жоопкерчиликтүү, чынчыл, мыкты кызматкер катары эстеринде калат. Бул биз үчүн чоң жоготуу болду. Биз үй-бүлөөсү менен бирге кайгырып, азасын тең бөлүшөбүз. Майрамбеков Уларбек Уланбековичтин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүк кала берет!

Биринчи май РИИБнин криминалдык милиция кызматынын ыкчам өкүлү, милициянын лейтенанты Майрамбеков Уларбек Уланбекович Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Масы айылында 1992-жылы туулган. 2014-жылы Россиянын ИИМдин Академиясын аяктаган. 2014-жылдан баштап ички иштер органдарында милициянын аймактык тескөөчүсү катары кызматын өтөп баштаган. Милициянын кызматкерин акыркы сапарга узатуу иш-чарасы 27-октябрь күнү Жалал-Абад облусунун Масы айылында өтөт.

Меню