Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Түп районунун жашоочусу ири көлөмдөгү мыйзамсыз сакталган баңгизат менен кармалды

ИИМдин кызматкерлери ири көлөмдөгү мыйзамсыз сакталган баңгизатын аныктоо боюнча жүргүзгөн операциясы ийгиликтүү өттү. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное айылында жайгашкан сарайлардын биринен Түп районунун 56 жаштагы жашоочусу эки капка салынган баңгизат менен кармалган.

Алынган зат экспертизага жөнөтүлүп, жыйынтыгында 20 килограмм салмактагы “марихуана” баңгизаты болуп чыккан. Андан сырткары, 500 грамм салмактагы эки банкага салынган гашиш табылып алынган. Тергөө учурунда кармалган адам мурда дагы эки жолу соттолгону анык болгон.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин (Башкага берүү максатын көздөбөстөн бањгилик каражаттарды же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

"Шахта-Жыргалан" шактасында газ топтолду

Өткөн сутка ичинде куткаруучулар “Шахта-Жыргалан” шактасындагы газ топтолгон жерге эки жолу парустук тосмо орнотуп беришкен, деп билдирди КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Ысык –Көл облусунун Ак-Суу районунда 2017-жылдын 23-октябры күнү саат 08:45де КР ӨКМнин №7 өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунун куткаруучулары Жыргалаң айылындагы “Шахта-Жыргалаң” ААКсынын шахтасына барышып, газ топтолгон жерге парустук тосмону орнотуп беришкен.

Ошондой эле, саат 22:05де куткаруучулар “Шахта-Жыргалаң” ААК шахтасына кайрадан барышып, газ топтолгон жерге парустук тосмону орнотуп беришкен.

Чүй ОИИББнин патрулдук милициясы оор кылмыштын бетин ачышты

2017-жылдын 28-август күнү Чүй облусунун Кемин РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө “Бишкек-Торугарт” автожолунун 78-чакырымында жол-транспорттук кырсык болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул туурасында Чүй ОИИББнин ПМБнын Басма сөз кызматы билдирет.

Окуя болгон жерге Чүй ОИИББнин Патрулдук милиция башкармалыгынын жана тез жардам кызматынын кызматкерлери келишкен. Белгисиз айдоочу автоунаасы менен чыгыштан батышка карай сапар алып жатып, жөө жүргүнчүнү сүзүп, жардам көрсөтпөстөн, изин жашырып качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 60 жаштагы жаран алган жаракатынан окуя болгон жерден каза болгон.

Чүй ОИИББнин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында айдоочунун өздүгү менен автоунаасы такталган. Ал 28 жаштагы Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылынын тургуну болуп чыккан. Шектүүнү кармоо учурунда күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. «Мерседес-Бенц-Спринтер» үлгүсүндөгү автоунаасы айып пул төлөөчү жайга жеткирилген. Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Ош шаарында опузалоо менен адамдарды тоногон кылмышкер кармалды

Ош шаарында ИИМдин кызматкерлери опузалоо менен тоноого шектелип, мурда соттолгон жаранды кармашты. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ички иштер органдарынын кызматкерлерине 9-октябрь күнү кечинде 30 жаштагы Ош шаарынын жашоочусун сабап, тоноп кетти деген маалымат келип түшкөн. Жогорудагы маалыматты текшерүү учурунда кордук көрсөтүү менен опузалоо фактылары аныкталган.

Маалымат боюнча бейтааныш адамдар жабырлануучуну конокко чакырышкан. Андан кийин, ур-токмокко алышып, коркутушуп, опузалоо менен жабырлануучуга таандык “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаасын документтери менен алып коюшкан.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (тоноо) менен 170-беренелерине (опузалоо) ылайык кылмыш иши козголгон. Аталган кылмыш ишине шектелген жаранды издөөгө ИИМдин кызматкерлери дагы киришип, тергөө учурунда мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турган Ош облусунун тургуну экендигин аныкташкан.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Кара-Суу районунун 1991-жылы туулган М.Н. аттуу жашоочусу кармалган. Ал мурда опузалоо, адамдын ден соолугуна атайылап оор залал келтирүү фактылары боюнча соттолгону анык болгон. Жабырлануучунун автоунаасы кармалган жарандан алынган. Кылмышка шектүү абыктылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

ММК: мурдагы орус офицери насыячылардан сактануу үчүн ИМ тобуна кирген

Мурдагы орусиялык офицер Денис Хисамов “Ислам мамлекети” террордук уюмуна коллекторлор менен болгон маселесинен улам кошулган болушу ыктымал. Бул тууралуу “Коммерсантъ” Хисамовдун жакындарына шилтеме берүү менен билдирүүдө. Буга чейин Түркия орус офицерин Душанбеге экстрадициялаганы кабарланган.

“Коммерсантка” белгилүү болгондой, 2014-жылы Хисамов банктардын биринен насыяга BMW үлгүсүндөгү жолтандабас алган. Орусия Коргоо министрлигинин капитаны кайсы бир себептерден улам насыяны төлөгөн эмес. Банк коллекторлорго кайрылып, алар Хисамовго кысым көрсөтүшкөн. Мындан соң ал автоунаасын сатып, акчасына жалган тажик паспортун алып, Түркияда ИМ тобуна кошулуп кеткен.

Ошол эле маалда Хисамовдун жакындарынын бири ал ИМге идеологиялык түшүнүк менен кириши мүмкүн экенин да четке каккан жок.

Маалыматтарга караганда, Хисамов – Краснодарда туулган, жогорку билимдүү, техника илимдеринин кандидаты. 2004-2009-жылдар аралыгында Орусиянын Коргоо министрлигинде иштеген.

Орус бийлиги Хисамовдун кармалышы боюнча комментарий бере элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Милиция кызматкерлери борбор калаанын тургунун гашиш баңгизаты менен кармашты

2017-жылдын 23-октябрь күнү ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде Лев Толстой жана Термечиков көчөлөрүнүн кесилишинен 31 жаштагы С.М. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Текшерүү учурунда баштыктан 100 даана ширенкенин кутуларына салынган, өзгөчө жыты бар, күрөң-жашыл түстөгү “гашиш” баңгизаты табылган. Алынган заттын жалпы салмагы 1 килограмм 118 граммды түзгөн.
Жогорудагы факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Видео - Алишер Саиповдун сыры ачылбаган өлүмү

Журналист Алишер Саиповду Ош шаарында белгисиз кишилер атып кеткенине 10 жыл толду. Бул үрөй учурган кылмышты ким жасаганы ушул күнгө чейин белгисиз.

https://www.youtube.com/watch?v=Mi6nrjAJoRw&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Кримтөбөл "Женго" толук акталды

Жогорку Сот кримтөбөл атыккан Кадыр Досоновду (каймана аты – Жеңго) толугу менен актаган өкүмүн угузду. Бул туурасында анын актоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

Баса, алгачкы өкүмдү эки ай мурда Кара-Суу райондук соту чыгарып, Кадыр Досоновду биротоло актаган. Ал эми 3-августта Ош облустук соту бул актоо өкүмдү толук бойдон күчүндө калтырган. Криминалдык чөйрөдө “Жеңго” деген каймана ат менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын түштүк бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук кылган деп күмөндөлүп жаткан эле.

– Дээрлик үч жылга созулган соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө Кадыр Досоновдун бул кылмышка түздөн-түз тиешеси бар экендигине бир дагы далил келтирилген жок! – деди Кадыр Досоновдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева. -Ошондуктан, өлкөбүздөгү бардык соттук инстанциялар олуттуу жүйөө таппагандыктан, аны актаганга аргасыз болушту.

Баса, 2013-жылдын 11-январында ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын түштүк бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди Ош шаарындагы өз үйүнүн жанында атып кетишкен эле. Полковник 35 жашта болчу. Артында төрт баласы жетим калды. Бул окуя боюнча кылмышка катыштыгы барлар дээрлик бардыгы жазасын алышты. А Кадырбек Досонов гана качып жүргөндүктөн, ага карата кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн эле. “Жеңгону” күч түзүмдөрү 2015-жылдын 6-февралында гана эптеп колго түшүрүшкөн.

Булак: “Майдан.kg”

Украинада кармалган казакстандык блогер Жанар Ахмет камалды

Киев соту казакстандык блогер Жанар Ахметти 18 күнгө камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу Украинанын Hromadske агенттиги Ахметтин адвокаты Владислав Грищенкого шилтеме кылып билдирди.

Басылманын маалыматы боюнча адвокат соттун чечимин даттанууга ниеттенүүдө. Өкүм окулгандан кийин Ахмет ачкачылык жарыялаганын билдирген. Быйыл жазында Казакстандан качып, Украинадан саясий баш паанек сураган Жанар Ахмет 21-октябрда Киевдин четинде кармалган.

Прокурор сотто Жанар Ахмет Казакстанда «2005-жылдан 2008-жылга чейин жасаган алдамчылык аракеттери үчүн» издөөгө алынганын, ошол эле маалда 2009-жылы ал ушундай эле айыптоо менен кылмыш жоопкерчилигине тартылганын белгилеген.

«Соттолуп, жазасын өтөгөндүгү үчүн адамды кайрадан жоопкерчиликке тартуу Казакстандын дагы, Украинанын дагы Конституциясы боюнча мүмкүн эмес», — деди адвокат.

Казакстанда Ахмет 2005-2008-жылдар аралыгында алдамчылык кылган деген айып менен соттолгон. 2010-жылы августта сот блогердин жаза мөөнөтүн уулу 14 жашка чыкканча деп 2021-жылга чейин жылдырган. Казакстан бийлиги Ахмет баласы менен өлкөдөн чыгып кеткенден кийин ага эл аралык издөө жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ысык-Ата районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды

2017-жылдын 24-октябрында Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө 64 жаштагы Карагай-Булак айылынын тургуну арыз менен кайрылып, 24-октябрь күнү кечинде арыздануучунун сарайынан ири мүйүздүү малын уурдап кеткен белгисиз жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмыштын изин суутпай, жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Гидростроитель айылынын 34 жаштагы Ж.Ч. аттуу жашоочусу кармалган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран соттун чечими менен сыртка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде үй камагына алынды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Меню