Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Бишкекте урап түшкөн курулушту улантууга уруксат берилбейт

Бишкекте Аалы Токомбаев (Түштүк магистраль) көчөсүнүн боюнда курулуп жатып, монолити урап түшкөн курулушту улантууга уруксат берилбейт. Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын аймактык башкармалыгынын башчысы Мелис Адиев “Азаттыкка” билдиргендей, курулуш толугу менен сүрүлүп, кайра башынан баштоо керек.

– Бул объект кулап кеткенден кийин толугу менен демонтаж болушу керек. Кайра башынан баштап, долбоордун негизинде гана курулушту баштаса болот. Учурда иш токтоду. Иликтөө бүткөндөн кийин объект сүрдүрүлөт.

Мелис Адиев “Авангард стиль” компаниясы техникалык курулуш эрежелерин сактабаганы үчүн 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып төлөшү мүмкүн экенин кошумчалады. Ал азыр иликтөө иштери жүрүп жаткандыктан айыптын так көлөмүн айтуу мүмкүн эмес экенин билдирди.

23-октябрда аталган компания куруп жаткан имараттын экинчи кабатынын монолити кулап түшкөн. Кырсыктан 13 киши жабыркап, экөө ооруканага жаткан. 11 адам медициналык текшерүүдөн соң үйүнө чыгарылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Саратовдо катталган жол кырсыгында 5 кыргызстандык жаран жабыркады

2017-жылдын 23-октябрында саат 10:50дө (Бишкек убактысы боюнча) Россия Федерациясынын Саратов облусунда Р-236 «Энгельс-Ершов-Озинки» трассасынын 103-чакырымында “Хонда-Степвагон” үлгүсүндөгү мамлекеттик №04КG388ААВ унаа жол кырсыгына кабылган. Бул туралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.

Жол кырсыктын кесепетинен 5 жүргүнчү (Кыргыз Республикасынын жарандары 2 аял, 3 эркек) жабыркап, Федоров райондук ооруканасына жеткирилген. Айдоочу жабыркаган эмес.

Жабыркагандардын аты-жөнү такталууда.

Түркия ИМ тобунун катарында согушкан орус аскерин Тажикстанга өткөрүп берди

Түркияда кармалган Орусия жараны Денис Хисамов Тажикстанга өткөрүлүп берилди. Орус армиясында кызмат өтөгөн 34 жаштагы капитан апрелде “Ислам мамлекети” террордук уюмуна тиешеси бар деген шек менен кармалган.

2015-жылы жасалма тажик паспорту менен Сирияга барган Хисамовду түрк бийлиги Тажикстанга өткөрүп берди. Тажикстан ИИМи ал жакын арада Орусияга депортация болорун маалымдады.

Тажик атайын кызматтарынын версиясы боюнча Хисамов Сириядан Түркия аркылуу Орусияга барып, кылмыш жасоого ниеттенген.

Маалыматтарга караганда, Хисамов – Краснодарда туулган, жогорку билимдүү, техника илимдеринин кандидаты. 2004-2009-жылдар аралыгында Орусиянын Коргоо министрлигинде иштеген.

Орус бийлиги Хисамовдун кармалышы боюнча комментарий бере элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда май куйуучу жайлар түйүнүнүн жетекчилери камалышты

Тажикстандын Коррупция менен күрөшүү жана каржы көзөмөлү агенттиги “Умед-88” компаниясынын жетекчилеринин камалганын тастыктады.

Компаниянын башчысы Раджабали Одинаев, анын орун басары Идибек Иброхимов жана башка жооптуу кишилер мыйзамсыз насыя алуу, салык төлөөдөн качуу, алдамчылык жана жалган документ жасоого айыпталышууда.

Агенттик маалымдагандай, компаниянын жетекчилери 2015-жылы Каржы министрлигинен 171 миллион сомони (19 миллион доллар) алып, жылдын соңуна чейин төлөөгө милдеттендирилген. Компания каражатты дыйкан чарбаларын күйүүчү май менен камсыздоого, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө жумшоону убадалаган. Бирок насыяны кайтарып берген эмес.

Антикоррупциялык агенттик “Умед-88” компаниясына насыя “Рогун ГЭСинин” каражаттарынын эсебинен берилгенин белгиледи.

Буга чейин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон мамлекеттик бюджеттин эсебинен берилген насыя төлөнбөй жатканын сынга алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ишембиде Актөбөнүн “Астана” соода борборунда кармалган жарандардын баары бошотулду

Ишембиде Актөбөнүн “Астана” соода борборунда кармалган жарандардын баары бошотулду.

Полициянын маалыматы боюнча рейд учурунда мобилдик телефондор текшерилип, арасынан уурдалган жабдуулар табылган. “Уруксат берилбеген жерде соода жүргүзгөн” 12 кишиге, “каттоосуз жүргөн” 30 кишиге карата иш козголгон. Бул жарандардын баары бошотулуп, “Астана” соода үйүндө кайрадан иштеп башташты.

Күбөлөрдүн айтымында, ишембиде кармалган жарандардын баары бул соода борборунда телефон жана аксессуарларды сатып иштешет. Айбат аттуу жигиттин апасынын айтымында, аларды атайын бөлүктүн өкүлдөрү автобуска салып алып кетишкен.

– “Астанадагы” мусулман балдардын баарын эки автобуска салып кетишти. Мен муну өз көзүм менен көрдүм. Балдарды уруп жатышканын да көрүп, “урбагыла” деп кыйкырдым, – деди Нурсулу Гафарова.

Актөбө облустук прокуратурасы бул окуяны уурдалган телефондор менен байланыштуу кылмыш иштердин бетин ачууга багытталган иш-чара деп атады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Бычак жеген "Эхо Москвы" радиосунун журналисти реанимацияда

“Эхо Москвы” радиостанциясынын журналисти Татьяна Фельгенгауэр реанимацияда жатат. Бул тууралуу радиостанциянын башкы редактору Алексей Венедиктов билдирди.

“Эхо Москвы” радиосунун журналисти Татьяна Фельгенгауэрди 23-октябрда редакцияга кирип келген белгисиз адам бычак менен моюнга сайган.

Дарыгерлер ооруканага жеткирилген журналисттин абалы стабилдүү оор экенин, өмүрүнө коркунуч жоктугун билдиришүүдө.

Орусиянын Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду. Алдын ала маалыматтар боюнча кол салган 48 жаштагы Борис Гриц кармалып, сурак берүүдө.

Орусиянын Журналисттер биримдиги бул окуяны “сөз эркиндигине чабуул” катары баалады. Европа Кеңешинин башкы катчысы Турбьорн Ягланд болсо кол салууну тезинен иликтөөгө чакырды. Ал журналисттер коркутуп-үркүтүү жана кыйноолордун курмандыгы болбой, өз иштерин эркин аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керектигин кошумчалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстан ИИМи: Блогер Жанар Ахметке «алдамчылык» боюнча издөө жарыяланган

Казакстан бийлиги Украинага саясий баш паанек сурап кайрылган блогер Жанар Ахмет эл аралык издөөгө алынганын ырастады. Ал өткөн аптада Киевде кармалган.

Ахмет ушул жылы мартта Казакстандан чыгып кеткенге чейин өлкөдө кылмыш иши боюнча пробациялык көзөмөлдө жүргөн. Анын адвокатынын айтымында, блогер Казакстандын кайрылуусу менен Интерполдун издөөсүнө алынгандыктан Украинада кармалган.

Казакстан ИИМинен билдиришкендей, сот 2010-жылы алдамчылык иши боюнча Ахметтин жаза мөөнөтүн баласы 14 жашка чыкканча, 2021-жылга чейин жылдырган. Тергөөнүн версиясы боюнча блогер 2005-жылдын мартынан 2008-жылдын октябрына чейин пайызы менен кайтарып берем деп жарандардан 50 миллиондон ашык теңге алган.

Казакстандын жараны, блогер Жанар Ахмет 21-октябрда Киев облусунда кармалган. Ал быйыл мартта Казакстандан чыгып кетишин мекенинде саясий себептер менен куугунтукка кабылганы менен түшүндүргөн.

Ахмет Киев облусундагы Вышгород шаарынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Анын баш коргоо чарасын кароо боюнча бүгүнкүгө дайындалган сот отуруму блогерге документтерди түшүнө ала турган тилде окуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп берилген соң башталат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

"Эхо Москвы" радиосунун журналистин палатага которушту

Күн мурун жарадар болгон “Эхо Москвы” радиостанциясынын журналисти Татьяна Фельгенгауэрди операциядан кийин палатага которушту. “Интерфакс” маалымдагандай, анын абалы орто оор катары бааланууда.

23-октябрда белгисиз киши “Эхо Москвы” радиостанциясынын редакциясына кирип келип, кароолчуга газ чачып, журналистти бычактап кеткен.

Кол салуучу – 48 жаштагы Орусия жана Израиль жараны Борис Гриц экени маалым болду. Сурак учурунда ал бул аракетинин себебин так түшүндүрүп бере алган эмес. Анын айтымында, журналист “телепаттык байланышты колдонуу менен кыжырына тийген”. Грицке карата “Адам өлтүрүүгө аракет жасоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ага карата психиатриялык экспертиза дайындалат.

Грицтин курсташы Анна Максимова Би-Би-Сиге маалымдагандай, Гриц – Ленин атындагы педогогикалык институттун физика факультетинин бүтүрүүчүсү, атмосферанын катмарларын иликтөө боюнча адис. Израилде жана АКШда иштеген, жаңы жумуш издеп жакында Орусияга келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда 9-класстын окуучусу досун атып алды

Батыш Казакстан облусунун Орол шаарында 14 жаштагы окуучу аңчылык курал менен классташына кокустан ок чыгарып алды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдирүүдө.

Орол шаардык ИИБсинин маалыматы боюнча окуя 20-октябрда болгон.

«Орол шаарында жашаган 2003-жылкы өспүрүм Деркул айылынын четиндеги көлмөнүн жээгинде аңчылык куралынан классташына кокустан ок чыгарып алган. Ал алган жараатынан облустук ооруканада каза болду», – деди мекеменин инспектору Динара Абдулкаликова.

Эки окуучу тең мектепте жакшы деген мүнөздөмөлөргө ээ болгондугу айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Москва метросунда Өзбекстандын жараны рельске кулап кетти

Москванын «Аннино» метро станциясында 39 жаштагы өзбекстандык рельске кулап кетти. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, 22-октябрда саат 12:05те электр поезд станцияга жакындаганда эркек киши рельске кулап кеткен. Аны байкаган машинист поездди шашылыш токтотууга үлгүргөн. Андан соң полициячылар тез жардам чакырышкан.

Учурда Өзбекстандын жараны ооруканада. Дарыгерлер анын колу сынып, башынан жаракат алганын билдиришти.

Станциядан поезд кыймылы жарым саатка жетпей кайра калыбына келтирилген.

Укук коргоо органдары окуяга күбө болгон адамдарды суракка алышып, бардык маалыматтар прокуратурага жөнөтүлдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню