Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Москвада Ташкенттин суранычы менен журналист Худоберди Нурматов кармалды

Москвада полиция Али Феруз ысымы менен иштеген “Новая газета” басылмасынын штаттан тышкаркы кабарчысы Худоберди Нурматовду кармады. Учурда аны менен ФСБ кызматкерлери иш алып барып жатканы маалымдалууда.

“Новая газетанын” башкы редактору Дмитрий Муратовдун айтымында, кабарчы Өзбекстандын атайын кызматынын өтүнүчү менен кармалган.

Худоберди Нурматов мекенинен качып кетүүгө аргасыз болгон. Ал убактылуу жашоого уруксат алуу үчүн бир нече жолу Орусиянын миграциялык кызматына кайрылган. Орус бийлиги ага качкын макамын берүүдөн баш тарткан. Бирок сот кийинчерээк бул бүтүмдү жокко чыгарган.

“Бул жерде ал бардык документинен айрылып калган, акыркы жылдары аларды калыбына келтирүү менен алектендик. Азыр анын колунда качкын макамын берүүдөн баш тарткан чечимди жокко чыгарган соттун бүтүмү бар”,- деди басылманын маалымат катчысы Надежда Прусенкова. Редакция адвокаттарды тартып, кабарчыны Өзбекстанга экстрадициялабай, алып калуунун жолдорун издеп жатат.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Сот журналист Нарын Айыптын батирин камакка алуу боюнча аныктама чыгарды

Сот журналист Нарын Айыптын батирин камакка алуу боюнча аныктама чыгарды. Баш прокурор Индира Жолдубаева “президенттин абройуна шек келтирди” деген негизде “Заноза” сайтынын үстүнөн сотко үчүнчү арызды бергени маалымдалды.

13-мартта Бишкектин Октябрь райондук сотуна жазылган баш прокурордун бул арызына таянып, сот “Занозанын” журналисти Нарын Айыптын батирин камакка алуу боюнча аныктама чыгарган. Бул тууралуу журналист өзү “Азаттык” радиосуна билдирди.

2015-жылы жарыялаган макаласы үчүн журналист Нарын Айыпка 3 миллион, сайтка 3 миллион сомдук доо коюлуп жатканы айтылууда.

Маалыматка караганда, 2015-жылдын 22-октябрында Нарын Айып президенттик фонддон берилип жаткан акчалай жардамдар тууралуу жазган макаласында каражаттын чоо-жайы тууралуу сөз кылып, “мыйзамсыз келген акчалар болушу мүмкүнбү?” деген суроо койгон.

Азырынча бул кабарды райондук соттон жана прокуратурадан тактоого мүмкүн болгон жок.

Башкы көзөмөл органы марттын башында “президенттин абройуна шек келтирди” деген негизде “Занозанын” үстүнөн сотко эки арыз берген. Анда да ар бир арыз боюнча 3 миллион сом доо коюлган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Тажикстанда ондогон гезиттин редакциялары менен аймактык бөлүмдөрү жабылды

Тажикстанда Салык комитетинин кызматкерлери Худжанддагы ондогон редакциялардын жана аймактык бөлүмдөрүн эшигин жаап, мөөр басып кетишти. Алар муну басылмалар кызматкерлердин айлыктарынан киреше салыгын төлөбөгөнү менен түшүндүрүштү.

Салыкчылар Худжанддагы республикалык гезиттердин жеке кабарчылары салыкты шаарга эмес, жашаган жери боюнча төлөшү керектигин эскертишти.

Тажикстандагы Көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын улуттук ассоциациясынын өкүлү Мавлуда Рофиева жана “Азия-Плюс” гезитинин Худжанддагы өз кабарчысынын айтымында, Дүйшөмбүгө чалып, абалды түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. “Салыкчылар дароо светти өчүрүп, эшиктерге мөөр басып кетишти”, –деди ал.

Шаардагы баслмалардын Худжанддагы бөлүмдөрүнүн эшиктери эми маселе чечилгичекти ачылбайт.

Улуттук ассоциация салыкчылардын аракетине байланыштуу атайын билдирүү даярдоодо.

Тажикстан быйыл эл аралык басма сөз эркиндигинин рейтингинде 34 позицияга төмөндөп, 150-орунга жайгаштырылды.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Казанда кармалган неоулутчулдар кыргызстандыкка кол салганын моюнга алышты

Казанда неоулутчулдар, Чад Республикасынын студентинин өлтүрүлүшү боюнча камалган – Роман Халилов менен Руслан Архипов дагы эки кол салууга катышканын моюнга алышты. Бул тууралуу Татарстандын Тергөө комитети билдирди.

Кармалгандар 2016-жылы кыргызстандык жаранды сабап, быйыл февралда ооганстандыкка кол салышкан. Учурда бейбаштык боюнча кылмыш иши козголду.

Халилов менен Архипов өткөн аптада кармалышты. Тергөөнүн маалыматы боюнча алар февралда Казань университетинин юридикалык факультетинин студенти Махжуб Тиджани Хассанды өлтүрүшкөн.

Экөө тең күнөөсүн моюнга алышкан. Жергиликтүү ММКлардын маалыматы боюнча алардын Кыргызстан, Ооганстан жана Индия жарандарына кол салууга жана Казандагы мусулман көрүстөнүнүн талкаланышына тиешеси бар болушу ыктымал.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Өзбекстанда түрмөдөн чыккандар тең укуктуулукту талап кылышууда

Өзбекстандагы Көз карандысыз укук коргоочулардын демилгечил тобу түрмөдө узак мөөнөткө отуруп чыккан жарандардын укуктары корголбой жатканын билдирүүдө.

24 жыл абакта отуруп чыккан 72 жаштагы Самандар Куканов өлкө ичинде ээн-эркин жүрө алабайт. Анын айтымында, Ташкенттен чыкпоо боюнча тилкат жазып берген, буга байланыштуу башка облустарга каттай албай жатат.

Өзбекстандын мурдагы депутаты Самандар Куканов 1993-жылы мамлекеттин мүлкүн чыгымга учураткан деген күнөө менен эркинен ажыратылган.

Дагы бир саясий туткун, 80-90-жылдарда Эврил Турон деген жашыруун ысымы менен белгилүү жазуучу Мамадали Махмудов июлда чыгармачылыгы боюнча Чехияга иш сапарга бармак. Бирок ага Өзбекстан ТИМи өлкөдөн чыгуу боюнча виза берген эмес.

Мамадали Махмудов 1999-жылы Ташкентте болгон жардырууга тиешеси бар деп айыпталып соттолгон. 2014-жылы ал эркиндикке чыккан. Бирок жазуучу күнөөнү моюнга алган эмес.

Түрмөдө 18 жыл отуруп, өткөн айда азаттык алган журналист Мухаммад Бекжанга болсо алигиче өзбек паспорту бериле элек.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Тажикстанда түрмөдө жаткан жактоочу кошумча дагы 2 жылга кесилди

Тажикстанда 23 жылга соттолгон белгилүү жактоочу Бузургмехр Ёров сотту сыйлабай, бийлик өкүлдөрүнө акарат келтиргендиги үчүн кошумча дагы 2 жылга эркинен ажыратылды. Жыйынтыгында адвокат 25 жыл жаза өтөйт.

Бузургмехр Ёровдун адвокатынын билдиришинче, сотту сыйлабагандыгы үчүн эки жылга эркинен ажыратылды. Ал эми бийлик өкүлдөрүнө акарат келтирүү боюнча бир жылга түзөтүү жумуштарына кесилди. Өкүмдү угузуу жараянына адвокаттын туугандары катышкан эмес.

Бузургмехр Ёровдун жубайы Зарина Набиева сот жараяны тууралуу билдирүү келбегинин айтты. Бирок өкүм угузулгандан кийин ал күйөөсү менен жолуккан. Жактоочу соттун өкүмүнө макул эместигин билдирип, даттана турганын айткан.

Адвокат Бузургмехр Ёров 2015-жылы күздө “алдамчылык” жана “документ жасалмалоо” боюнча айыпталып камалган. Былтыр декабрда тергөө аны Кылмыш кодексинин дагы үч беренеси боюнча, анын ичинде “экстремисттик ишмердүүлүккө үгүттөөгө” күнөөлөгөн. Бузургмехр Ёров былтыр октябрда алдамчылык жана документ жасалмалоо боюнча айыптуу деп табылып 23 жылга түрмөгө кесилген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Москвалык укук коргоочуну Кыргызстанга киргизишкен жок

Өзбекстандан чыккан белгилүү укук коргоочу, Москвада мигранттарга жардам көрсөткөн «Тонг Жахони» эл аралык коммерциялык уюмунун аткаруучу директору Валентина Чупикти 14-мартта Кыргызстанга киргизишкен эмес. Москвадан Манас аэропортуна учуп келген укук коргоочуну учакка отургузуп, Орусияга кайра жөнөтүп жиберишкен.

Валентина Чупик кыргызстандык чек арачылар опузалаганын билдирүүдө. Ал Бишкекке француз «Каритас» кайрымдуулук уюмунун семинарына катышуу үчүн келген.

– Чек арачылардын бири качкын экенимди аныктаган документимди алып койду. Кейпи, ал эч качан мындай документ көргөн эмес окшойт, ал аны текшерип, анан бир жакка чыгып кетти. Ал башка чек арачы менен келип, экөө ички паспортумду сурашты. Мен ички качкын күбөлүгүм бар экенин айттым. Алып чыгып көрсөттүм. Ал аны дагы алып, эки документимди көтөрүп алып, андан ары эмне кылуу керектигин тактаганы кетти, – деди Валентина Чупик.

Укук коргоочу Интернеттен өлкөдөгү “Качкындар жөнүндө” мыйзамды таап, Бишкектеги аэропорт кызматкерлерине бозгундар дагы кайсы бир өлкөнүн жарандары экенин түшүндүрүүгө аракет жасаган. Бирок натыйжа чыккан эмес.

Укук коргоочунун айтымында, аны бир нече саат “Манас” аэропортунун “таза зонасында” кармап турушуп, эртең менен Кыргызстандан депортация кылып жиберишкен. “Манас” аэропорту бул окуя тууралуу түшүндүрмө бере элек. Чупик КМШнын Координациялык кеңешине, ТИМге жана Кыргызстандын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине даттанууга ниеттенип жатат.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Казакстанда бир аялды барымтага алган киши өлтүрүлдү

Шаршембиге караган түнү Актөбө шаарында 24 жаштагы жигит медициналык мекемеде иштеген айымды барымтага алган. Полиция кабарлагандай, сүйлөшүүлөр жыйынтык бербеген соң,  ал атылып өлтүрүлдү. Анын 1993-жылы туулгандыгы жана мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылганы аныкталды.

Атып өлтүрүлгөн жаран 14-март күнү кечкурун стоматолгиялардын биринде иштеген администраторду барымтага алып, өлтүрөрүн айтып коркуткан. Полиция кабарлагандай, ал 7-мартта ажырашып кеткен аялын алып келип берүүнү талап кылган.

Барымта тууралуу полицияга маалымат түшкөнгө чейин ал кайын-журтунун үйүнө келип, аялынын энесин бычак менен жарадар кылган.

Окуяны тынч жол менен чечүү боюнча сүйлөшүүлөр натыйжа берген эмес. Түн жарымында полиция барымтадагы аялды куткаруу үчүн атайын операция баштаган.

Атайын операциянын жүрүшүндө, кылмышка барган жаран өлтүрүлгөн, барымтадагы аял жабыркаган эмес. Учурда ал дарыгерлердин жана психологдордун көзөмөлүндө. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Сирияда согуштук мүлк жоготкон орус аскерине кылмыш иши козголду

Согуштук мүлктү жоготкондугу үчүн Сирияда келишим боюнча кызмат өтөп жаткан Орусия армиясынын катардагы жоокери Артем Хилького карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Орусиянын «Коммерсант» гезити жазып чыкты. Буга чейин Сириядагы орус аскерлерине карата кылмыш иши козголгондугу боюнча расмий кабарланган эмес.

Жоокердин мүлктү кандай шарттарда жоготкону айтылган жок. Басылманын маалыматы боюнча ал Сирияда жүктөрдү коштоо менен алектенген Таман мотоаткычтар дивизиясынын курамында кызмат өтөгөн. Гезит Хилько ишенип берилген атайын мүлктү уурулук же жол кырсыгы өңдүү катардагы себептерден улам жоготкон деп болжолдоодо.

Жоокер өзүнө тагылган күнөөнү моюнуна алып, ишти өзгөчө тартипте кароону өтүнгөнү кабарланууда. Бул берене боюнча эң катаал жаза — эки жылга чейин эркинен ажыратуу.

Иш тергелип бүткөн. Сот жыйыны өтө турган жерди Москва аймактык аскер соту аныктайт деп күтүлүүдө. Орусия аба күчтөрүнүн Сириядагы аскердик операциялары 2015-жылдын сентябрынан бери уланууда. Ага учактардан сырткары согуштук кемелер да катышууда.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Бозгун полковникти дарылаган фельдшер Дүйшөмбүгө экстрадицияланды

Сирияда жаракат алган бозгун полковник Гулмурод Халимовго медициналык жардам көрсөткөн Дүйшөмбү шаарынын жашоочусу күн мурун Түркиядан Тажикстанга өткөрүлүп берилди. 26 жаштагы Махмад Махмадиев Тажикстан ИИМинин атайын бөлүгүнүн мурдагы командири операция болгондон кийин аны эки жума караганын моюнуна алды. Ал былтыр Сириянын Манбидж шаарында кармалган.

Тажикстан укук коргоо органдарынын билдиришинче, Махмад Махмадиев полковникке алгачкы медициналык жардам көрсөтүп гана тим болбой, немис хирургу менен бирге ага операция жасаган. Ал мындан тышкары 2015-жылы 22-июнда Гулмурод Халимовдун бутунунун сөөгүн 4 сантиметрге кыскартышканын, мурдагы командир азыр аксап жүрөрүн айткан.

Тажик атайын кызматтарынын маалыматы боюнча Махмад Махмадиев 2014-жылы Москвага иштөөгө барып, кийин Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарына кошулуп кеткен.

Тажикстандын Башкы Прокуратурасы 2015-жылы августта ага каршы кылмыш ишин козгогон. Махмад Махмадиев экстрадициядан качып, Түркияда калуу үчүн күрөө тамырын кесип таштаган. Учурда ал тергөө абагында дарыгерлердин көзөмөлү алдында жатат.

Полковник Гулмурод Халимов 2015-жылы майда Сирияда жүргөнүн жарыялаган. Тажикстан ИИМинин атайын бөлүгүнүн мурдагы командири видеокайрылуу жасап, диний эркиндиги чектелгенин, буга байланыштуу “Ислам мамлекети” тобуна кошулуп кеткенин билдирген. Тажик бийлиги аны чыккынчылыкка айыптап, Интерполдун линиясы аркылуу издөө жарыялаган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню