Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Ысык-Көл облусунда ири өлчөмдө баңги заты алынды

«Мак-2017» операциясынын алкагында Ак-Суу райондук милициясынын банги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан, алдын ала түшкөн ыкчам маалыматтын негизинде, Отрадное айылынын 31-жаштагы тургуну Ш. Анатолий текшерилген. Өздүк кароо жүргүзүү мезгилинде, кармалган адамдын колундагы 2 пластмасс идишинен, жапайы кендир жыттанган өсүмдүк табылып алынган. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Химиялык экспертиза көрсөткөндөй алынган өсүмдүк марихуана баңги затына таандык болуп чыкты. Контролдук салмагын өлчөдө, баңги заттын салмагы 1 кг. 350 гр. түздү.
Аталган факты боюнча Ак-Суу РИИБү тарабынан КР КЖКнын 246 (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) беренеси менен кылмыш иши козголду. Кармалган адамдын өздүгүн аныктоодо, ал мурда КР КЖКнын 367 (Аскердик мүлктү атайын жок кылуу же зыяндоо) беренеси менен соттолгондугу белгилүү болду.
Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми шектүү катары кармалган адам жашаган жеринен эч жакка кетпөө тил катында калтырылды.

Жалал-Абад областында отуз жаштагы атуул 1,5 кг банги зат менен кармалды

Жалал-Абад областы боюнча Банги затка мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызмытынын ыкчам кызматкерлери тарабынан 19-октябрь күнү саат 23:00 чамасында алынган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү жаран кармалды. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Кара-Көл шаарынан Ош багытын көздөй келе жаткан “Тойота ” үлгүсүндөгү унаасын токтотуп текшерген учурда, айдоочусу Сузак районунун тургуну (мурда соттолгон) 30 жаштагы М.Анын курткасынын чөнтөгүнөн травматикалык ок атуучу курал, магазин жана 5 даана ок, пластикалык бөтөлкөгө салынган 800 гр. “гашиш” заты жана сол чөнтөгүнөн 20 даана кутучага салынган 700 гр “гашиш” банги заты табылган. Аталган факт боюнча алынган банги заттарга соттук химиялык экспертиза дайындалып ал эми ок атуучу куралга соттук баллистикалык экспертиза дайындалып анын жыйынтыгы менен кылмыш жаза кодексинин 247-беренси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү жаран Кара-Көл ШИИБнүн убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда бул боюнча иликтөө жана тергөө иштери уланууда.

После ДТП с мигрантами во Владимирской области МВД проверяет границу с Казахстаном

МВД РФ тщательно проверяет границу с Казахстаном после ДТП с мигрантами во Владимирской области, где погибли 18 человек. Об этом на совещании в Совете Федерации сообщил первый заместитель министра внутренних дел Александр Горовой.

“Мы дали команду проверить границу с Казахстаном. Только за прошлую неделю было остановлено 30 автобусов, которые перевозили граждан Киргизии”, – сказал он, отметив, что автобусы были технически неисправными.

 

Тажикстанда аскер формасын кийүүдөн баш тарткан жоокер соттолду

Тажикстанда Хатлон облусунун аскер соту жоокерди – өлкөдө тыюу салынган “Жахаба күбөлөрү” диний уюмунун өкүлүн аскер формасынан баш тартканы үчүн алты айга соттоду.

18 жаштагы Даниил Исломов аскерге быйыл апрелде чакырылган. Аскер комиссариатында ал дароо форма диний ынанымына каршы келерин билдирген. Анын альтернативдүү жарандык кызмат өтөө өтүнүчү четке кагылып, Курган-Төбөдөгү аскер бөлүгүнө жөнөтүлгөн.

Сот жоокер аскердик милдетин өтөөдөн баш тартты деген чечимге келди. Маалыматтарга караганда, териштирүү учурунда Исломов аскер бөлүгүнүн аймагында жүргөн. Өкүм чыккандан кийин ал Курган-Төбө шаарындагы катаал режимдеги колонияга которулду. Жоокердин туугандары өкүмдү даттанарын билдиришти.

“Жахаба күбөлөрүнүн” диний ишениминде кандай гана учур болбосун колго курал алып, форма кийип, согуш аракеттерине катышууга болбойт.

Тажикстанда “Жахаба күбөлөрү” диний уюмунун ишмердүүлүгүнө 2007-жылы тыюу салынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

14 жылга соттолгон адам сот залында өзүнүн башына мык какты

Россиянын Кемерово облусуна караштуу Новокузнецк шаарында үй-жайы жок адамды өлтүргөндүгү үчүн соттолгон адам өз башына мык кагып салган. Бул туурасында «Интерфакс» жергиликтүү прокуратурага шилтеме жасап билдирет.

Окуя октябрдын башында болгон. Кылмышка күнөөлү деп табылган 45 жаштагы жаранды 14 жылга эркинен ажыратуу тууралуу соттук өкүм чыккан соң, күнөөкөр өз башын отургучка койгулай баштаган да, андан соң мык алып чыгып чекесине кадап салган.

Ал кома абалында госпиталга жеткирилген. Прокуратуранын билдиришине караганда анын ден соолугуна азырынча эч кандай коркунуч жок.

Астана Казакстандын чет өлкөдөгү каржыларынын камакка алынышына каршы чыкты

Астана Молдова жарандары жана алардын компаниялары берген доо арыздын негизинде Казакстандын каржыларынын камакка алынуусуна каршы чыкты. Буга чейин ММКларда Нидерланды соту Голландиядагы компаниянын башкаруусундагы Казакстан Улуттук фондунун каражаттарын камакка алууга уруксат бергенин кабарлашкан.

Анын ичинде ондогон швед компанияларындагы Казакстан өкмөтүнүн акцияларына бөгөт коюлганы маалымдалган. Казакстан Юстиция министрлиги акыркы төрт жылдан бери Молдова жараны Анатол Стати, анын уулу Габриэл Стати жана эки компаниясы менен соттошууда. Алар казак тараптан төрт миллиард доллардан ашуун акча талап кылышууда.

Стокгольмдогу арызды караган арбитраждык сот 2013-жылы молдовалык жарандарга 500 миллион АКШ доллар берүү бүтүмүн чыгарган. Казакстан чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен апелляциялык сотко кайрылган.

Кийинчерээк Казакстан Юстиция министрлиги Статинин көп жылдар бою Казакстандагы ири алдамчылык схемага катышып жүргөнүн далилдеген материалдар түшкөнүн билдирген. Ага ылайык, Стати алдамчылык жол менен Казакстандагы газды кайра иштетүүчү заводго курулуш материалдарын жогору баада жеткирип турган.

2016-жылы декабрда апелляциялык сот арбитраждык чечимди күчүндө калтырган. Казакстан бийлиги Швециянын Жогорку сотуна кайрылган.

Казакстан 5-октябрда “алдамчылык фактларынын” негизинде АКШнын федералдык сотунда Статиге каршы соттук жараян баштоону демилгелеп, чыгымдарды кайтарууну талап кылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Иван Ургант: "Мен шайллодо бардыгыңыздарды өз добушуңузду Стас Пьехага бериңиз деп чакырам"

Астана Молдова жарандары жана алардын компаниялары берген доо арыздын негизинде Казакстандын каржыларынын камакка алынуусуна каршы чыкты. Буга чейин ММКларда Нидерланды соту Голландиядагы компаниянын башкаруусундагы Казакстан Улуттук фондунун каражаттарын камакка алууга уруксат бергенин кабарлашкан.

Анын ичинде ондогон швед компанияларындагы Казакстан өкмөтүнүн акцияларына бөгөт коюлганы маалымдалган. Казакстан Юстиция министрлиги акыркы төрт жылдан бери Молдова жараны Анатол Стати, анын уулу Габриэл Стати жана эки компаниясы менен соттошууда. Алар казак тараптан төрт миллиард доллардан ашуун акча талап кылышууда.

Стокгольмдогу арызды караган арбитраждык сот 2013-жылы молдовалык жарандарга 500 миллион АКШ доллар берүү бүтүмүн чыгарган. Казакстан чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен апелляциялык сотко кайрылган.

Кийинчерээк Казакстан Юстиция министрлиги Статинин көп жылдар бою Казакстандагы ири алдамчылык схемага катышып жүргөнүн далилдеген материалдар түшкөнүн билдирген. Ага ылайык, Стати алдамчылык жол менен Казакстандагы газды кайра иштетүүчү заводго курулуш материалдарын жогору баада жеткирип турган.

2016-жылы декабрда апелляциялык сот арбитраждык чечимди күчүндө калтырган. Казакстан бийлиги Швециянын Жогорку сотуна кайрылган.

Казакстан 5-октябрда “алдамчылык фактларынын” негизинде АКШнын федералдык сотунда Статиге каршы соттук жараян баштоону демилгелеп, чыгымдарды кайтарууну талап кылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Маевка айылында жарандардын мүлкүн атайылап жараксыз абалга келтирген жаран кармалды

Чүй ОИИББнин кызматкерлери Аламүдүн РИИБнин өздүк курамы менен Маевка айылында жарандардын мүлкүн атайылап өрттөгөн белгисиз адамдын өздүгүн тактоо жана кармоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чараларын уюштурушкан. Натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектүү жарандын өздүгү такталып, кармалган. БУл туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

17-октябрь күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө атайылап үйлөрдү жана автоунааларды өрттөп жүргөн белгисиз жаранга карата чараларды көрүп берүүлөрү үчүн Маевка айылынын жашоочулары кайрылган. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге келишип, «Фиат» үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйгөнүн, ал эми «Тойота Калдина» жана “Субару” үлгүсүндөгү автоунаалардын дөңгөлөктөрүн күйгүзүүгө аракет жасагандарын аныкташкан. Тергөө учурунда Маевка айылындагы үйлөрдүн бирин өрттөөгө аракет кылганы дагы маалым болгон. Жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар адамды жергиликтүү тургундар көргөнүн айтып беришкен. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 174-беренесинин (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жогорудагы кылмыш ишинин бетин ачуу максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин, Чүй ОИИББнин жана Аламүдүн РИИБнин ыкчам жана сырткы кызматтары ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, ар бир аймактар текшерилип, коңшу айыл тургундарын дагы сурап чыгышкан. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, көп убакыт өтпөстөн жарандардын мүлкүн атайылап өрттөп жана жараксыз абалга келтирген Чүй облусунун 27 жаштагы Ш.Н. аттуу жашоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда иликтөө иштерин Чүй ОИИББи жүргүзүп жатат.

Казакстанда пенсиялык фонддогу жемкорлук иши сотко жөнөтүлдү

Бирдиктүү пенсиялык фонддогу жемкорлук тууралуу иш иликтенип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Фонддун мурдагы төрагасы Руслан Ерденаев, анын орун басары Дабыр Медетбеков жана эки жеке кен казуу компаниясынын кызматкерлери коррупцияга шектелип жыл башында кармалышкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, фонддун кызмат адамдары «Бузгул Аурум» компаниясынын баалуу кагаздарын сатып алуу боюнча келишим түзүү үчүн анын жетекчилеринен ири өлчөмдөгү пара алышкан. Мындан улам мамлекет беш миллиард теңге чыгымга учураган. Иликтөө материалдарына ылайык, мурдараак Тобокелдиктер департаменти фондго «Бузгул Аурумдун» баалуу кагаздарын сатып албоону сунуштаган.

Бирдиктүү пенсиялык фондго иштеп жаткан казакстандыктардын милдеттүү пенсиялык төлөмдөрү түшүп турат. Фонддун жеке активдерин инвестициялоону текшерүү иштери 2016-жылы 21-декабрда башталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Украинада 9 жаштагы баланын башкаруусундагы унаадан курал жана маңзаты табылды

Украинанын Ровенск облусунун полициячылары 9 жаштагы баланын башкаруусундагы унаадан курал жана маңзатын табышты. Бул тууралуу Украинанын Патрулдук полициясынан билдиришти.

Окуя Ровенск облусундагы Опарипсы айылынын жанында болгон. Баласынын Jeep Grand Cherokee үлгүсүндөгү унааны башкаруусуна атасы уруксат берип, өзү жанында отурган.

Маалыматка караганда, текшерүү маалында унаанын ичинен курал табылган. Аны алып жүрүүгө унаа ээсинде уруксат кагазы болгон эмес.

Полициячылар 9 жаштагы бала дааратканага суранып, жолдон болжол менен маңзаты салынган баштыкты жок кылууга аракет кылганын билдиришүүдө.

Унаа ээсине айып салынып, бала апасына өткөрүлүп берилди. Учурда полиция иликтөө иштерин баштады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню