Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Бакандай болгон полковниктин төрт жүз долларды өз колу менен алышы күмөн жаратууда

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгын башчысы Дамирбек Давльянов УКМКнын АКС кызматы тарабынан 400 доллар пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Аны менен кошо дагы төрт ыкчам кызматкерлери да камалышты. Албетте бул чоң резонанс жарата турчу окуя. Бакандай болгон башкармалыктын башчысы пара менен кармалып жатканы төбө чачты тик тургузган маалымат. Мындай киттер оңой менен колго түшчү эмес эле, сыягы кимдир бирөө менен бөлүшө албай калган го деп турубуз. Кандай болсо дагы “подстава” болбосо эле болду. Бакандай болгон полковниктин мээси жайында эле болсо керек, ал төрт жүз долларды өз колу менен алышы күмөн жаратууда. Бул жерде бир сыр бар. Гезитибиздин (ред. Ачык саясат) келерки санында кененирээк маалымат беребиз.

Булак: “Ачык саясат”

Чүй облусунун аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз алып жүргөн жарандар кармалды

2017-жылдын 19-октябрь күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жана Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери биргеликте ыкчам-издөө иш-аракеттерин жүргүзүшүп, натыйжасында Аламүдүн районунун аймагындагы жаза-өтөө мекемесинин жанынан 18 жаштагы Щ.Д. кармалып, ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда анын жанынан 3 килограммга жакын баңгизаты табылган. Бул туурасында Чүй ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Бул окуя боюнча Аламүдүн районунун ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, милиция кызматкерлери тарабынан Москва районунун аймагынан шектүү “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, унаага кароо жүргүзүү маалында кочкул-жашыл түстөгү кара-куурай жыттанган жалпы салмагы 480 граммды түзгөн зат табылган. Бул окуя боюнча аталган автоунаанын айдоочусу Бишкек шаарынын 23 жаштагы Д.А. аттуу жашоочусунун үстүнөн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран жергиликтүү райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Тажикстанда белгилүү кардиохирург салафиттерге байланышы бар деп айыпталууда

Хужандда өлкөдө тыюу салынган «Салафия» диний кыймылы менен байланышы бар деген шек менен Согди облустук Жүрөк кан-тамыр хирургия борборунун кызматкери Абдумалик Саломов кармалды.

Маалыматка караганда, жүрөк оорусу менен жабыркаган ондогон адамга уникалдуу операцияларды жасаган кардиохирург өткөн айдын соңунан бери Хужанд шаарындагы тергөө абагында кармалууда.

Учурда дарыгердин ишин иликтөө менен Тажикстан УКМКсынын Согди облустук башкармалыгынын кызматкерлери алектенүүдө. Анын кармалганын облустук прокуратурадан ырасташты. “Абдумалик Саломов Тажикстанда тыюу салынган «Салафия» кыймылы менен байланышта болгон деп шектелүүдө. Ал согдилик салафиттер тарабынан уюштурулган палоо сыйына дайыма барып турган», – деп билдирди облустук прокуратура кызматкерлеринин бири. Азырынча дарыгердин эмнеге айыпталып жаткандыгы так айтыла элек .

41 жаштагы Абдумалик Саломов Тажик медициналык университетинин бүтүрүүчүсү. Ал көптөгөн жылдар бою Москвадагы Бакулев атындагы Жүрөк кан-тамыр хирургия борборунда жана Орусиянын Коргоо министрлигинин алдындагы Борбордук аскер клиникасынын госпиталында эмгектенген. 2015-жылы Согди облустук Жүрөк кан-тамыр хирургия борборуна жумушка чакырылган.

Абдумалик Саломовдун кармалышы анын кесиптештери үчүн таптакыр күтүүсүз болду. «Саломов – жогорку даражадагы адис, мыкты кардиохирург. Ал кичи ажыга барып келген, анын салафиттер менен сүйлөштү дегенине ишенүү кыйын», – деди борбордун бөлүм башчысы Мубинжон Иноятов.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстанда аткаминер «бийликке каршы чакырык жасоого» айыпталып кармалды

Түркмөнстандын Дашөгүз облустук билим берүү башкармалыгынын аткаминери бала бакча акыларынын жогорулашына каршы жарандардын жөө жүрүшүнө катышкандан кийин кармалды.

Өткөн жумада ондогон аялдын катышуусунда Дашөгүз облустук билим берүү башкармалыгынын алдында акция өткөндүгү кабарланган. Анда анын катышуучуларынын алдына башкармалыктын өкүлү чыгып, аларды акимчиликке даттануу кеңешин берген. Андан соң чогулгандар Дашөгүз шаардык акимчилигин көздөй жөнөшкөн.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын маалыматына караганда, бул акциядан кийин аткаминер менен анын үй-бүлөсү учурдагы бийликке каршы көтөрүлүүгө чакырык жасады деп айыпталган. Бала бакчалардын биринде иштеген жубайы менен жергиликтүү мектепте чарба башчысы болуп эмгектенген уулу жумуштан алынган.

Басылманын булактары кабарлашкандай, акция өткөн 10-октябрь кечинде аткаминердин үйүнө полиция кызматкерлери барып, аны кармап кетишкен. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда камакта. Алгач аткаминерге кандай айыптар тагылып жатканын уккан мамлекеттик адвокат анын укуктарын коргоодон баш тарткан. Кийин үй-бүлө тарабынан жалданган адвокаттын аткаминер менен жолугушуусуна уруксат берилбей жатканы айтылууда.

«Ал мамлекетке каршы нааразылык акцияларына чыгууга жана элдин турмушун жакшыртуу боюнча президенттин тилектерине жек көрүүчүлүк менен мамиле кылууга чакырык жасаган деп айыпталууда», — деди облустук билим берүү башкармалыгынын кызматкерлеринин бири.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Башкы штабдын подполковниги Казакстанда бир айга камалды

Кыргызстандын Башкы штабынын У.А. аттуу подполковниги Казакстанда бир айга камалды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Башкы штабдан кабарлашты.

Анын баш коргоо чарасын Кордай райондук соту карап, тергөө иштери бүткөнгө чейин камоо чечимин чыгарган.

Подполковник 15-октябрда “Ак жол” көзөмөл-өткөрмө бекетинен кармалган. Анын маңзат менен колго түшкөнү айтылууда. Маалыматка караганда, аны “Кыйрабас боордоштук-2017” аттуу ЖККУнун биргелешкен машыгуусуна катышып келаткан учурда казак чек арачылары колго түшүргөн.

Кыргызстандын Башкы штабы бул боюнча өзүнчө кызматтык иликтөө жүргүзүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Опузалап акча талап кылуу фактысы менен ИИМдин кызматкерлери кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы МУККтун Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте опузалап акча талап кылганга шектүүлөрдү кармоо үчүн ыкчам-тергөө иш-чараларын уюштурушкан. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын 18-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 304 жана 313-беренелеринин негизинде козголгон кылмыш ишине байланыштуу ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен МУККтун Коррупцияга каршы кызматынын өкүлдөрү ИИМдин КМК кызматынын 3-башкармалыгынын эки кызматкерин кармашкан.

Жакында эле укук коргоо органдарына милиция кызматкерлери тарабынан опузалап акча талап кылды деген арыз келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы топтолгон материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 304-берене (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-беренеси (Опузалап акча талап кылуу) менен кылмыш ишин козгогон.

Азыркы учурда Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин (МУКК) тергөө башкармалыгы иликтөө иштерин улантып жатат. Жогоруда кармалган кызматкерлер МУККтун тергөө абагына киргизилди.

Тажикстанда ишкер жубайларды өлтүрүп кетишти

Тажикстандын Гафуров районунда базарда соода кылган жубайларды белгисиз кишилер өлтүрүп кетишти. Согди облусунун Ички иштер башкармалыгы билдиргендей, окуя 17-октябрда болгон.

Кылмышкерлер алгач жубайлардын ооздорун скотч менен чаптап кыйнашкан, муну менен акча катылган жер тууралуу маалымат алууга аракет жасашканы болжолдонууда. Баскынчылар коңшу бөлмөдөгү маркумдардын баласына тийген эмес.

Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн өлгөн жарандардын аттары жана башка кеңири маалыматтар айтылган жок.

Гафуров районунда бир нече жыл мурун зер буюмдарын сатуу менен алектенген үй-бүлө дагы ушундай окуяга кириптер болгон. Анда кылмышкерлер жубайларды үч кичине баласы менен өлтүрүп, алтын жасалгаларды жана 30 миң долларды алып, үйдү өрттөп кетишкен. Кылмышкерлер бир жылдан кийин кармалышкан.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча кылмышкерлер бул жолу дагы ири көлөмдө акча тоноо үчүн ушундай кадамга барышкан. Окуянын бетин ачуу үчүн ыкчам-иликтөө тобу түзүлдү.

Источник: «Служба новостей Центральной Азии»

Кыргызстанда өз мекендештерин 70 миң долларга алдап кеткен Пакистандын жараны кармалды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Пакистан Ислам Республикасынын жараны арыз менен кайрылып, алдоо жолу менен ири суммадагы чыгым келтирген жаранга карата чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Келип түшкөн арыздын негизинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжасында А.Т. аттуу Пакистан Ислам Республикасынын жаранын кармашкан. Ал Канадага жумушка орноштурууга виза жасап берем деп мыйзамсыз миграцияны уюштуруп, өзүнүн мекендештерин алдоо жолу менен ири суммадагы акча каражатын алып, изин жашырып качып жүргөн. Жабырлануучулардан алган акча каражатынын жалпы суммасы 70 000 миң АКШ долларын түзгөн.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек шаарында убактылуу жашаган 1994-жылы туулган А.Т. аттуу Пакистан Ислам Республикасынын жараны кармалган. Маалымат боюнча кармалган жаран мурда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Маевкада катталган жарандардын мүлкүн өрттөө фактысына байланыштуу кылмыш иши козголду - ИИМ

Ички иштер органдары тарабынан жарандардын мүлкүн өрттөөгө шектүү жарандын өздүгүн тактоо жана кармоо максатында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын 17-октябрында Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери окуя болгон жерге келишип, «Фиат» үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйгөнүн, ал эми «Тойота Калдина» жана “Субару” үлгүсүндөгү автоунаалардын дөңгөлөктөрүн күйгүзүүгө аракет жасагандарын аныкташкан. Андан сырткары, тергөө учурунда  Маевка айылындагы үйлөрдүн бирин өрттөөгө аракет кылганы маалым болгон. Жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар адамды жергиликтүү тургундар көргөнүн айтып беришкен. Жарандардын мүлкүн өрттөөгө азият улутундагы 30-35 жаштагы жаран шектелүүдө.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 174-беренесинин (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) негизинде кылмыш иши козголду. Азыркы учурда милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн тактоо жана кармоо үчүн ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат. Кылмышка шектүү психикалык оорулуу болушу мүмкүн деген божомолдор бар.

Сириянын Ракка шаары экстремисттерден бошотулду

Сирияда АКШ колдогон күчтөр Ракка шаарын “Ислам мамлекети” радикал тобунан толугу менен кайтарып алышты.

Шаарды бошотууга катышкан Сириянын демократиялык күчтөрүнүн башчысы Ройд Фела учурда күрт жана араб жоокерлери шаар стадионунун айланасын миналардан тазалап жатканын айтты. Раккадагы жеңиш тууралуу шаар миналардан жана «Ислам мамлекетинин» тарапташтарынан толук тазалангандан кийин расмий жарыяланат.

«ИМ» тобу 2014-жылдагы жеңиштеринен кийин параддарды өткөргөн Ракканын алынышы жихадчылар кыймылынын кыйроосунун символу болуп калды. Быйыл «Ислам мамлекети» басып алган Сирия жана Ирактагы аймактарынын көбүнөн, анын ичинде Мосул шаарынан айрылды. Сирияда жихадчылар чөлгө жакын Ефрат өрөөнүнө сүрүлдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню