Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Бишкек шаардык милиция кызматкерлери уурулукка шектүү жаранды кармашты

Ленин РИИБнин кызматкерлерине Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, 2017-жылдын август айында көп кабаттуу үйдүн подьездинен арыздануучунун баасы 7000 миң сомдук велосипедин уурдап кеткен белгисиз жарандарга карата чараларды көрүп берүүсүн суранган. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө аталган кылмыш ишине шектүү катары Чүй облусунун 22 жаштагы А.Р. аттуу жашоочусу кармалган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган адам Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына жеткирилген.

Тергөө учурунда кармалган жаран ушуга окшош башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы аныкталган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Өзбекстандын атайын кызматы «Лирика» менен «Трамадол» саткандарды кармады

Өзбекстанда Улуттук коопсуздук кызматынын ыкчам иликтөө тобу дарыгердин рецепти жок дарыканада сатууга тыюу салынган препараттарды соодалоо менен алектенген топту кармады.

Мурда соттолгон Фергана облусунун жашоочусу Зохид Масадыков, анын энеси, төрт жолу эркинен ажыратылган Орзу Масадикова жана алардын шериги Бахтиер Ахмедов кардарга 14 миллион сумга (1750 доллар) бааланган 1208 таблетка «Лирика» жана 1000 таблетка «Трамадол» сатып жаткан жеринен кармалышты.

Тергөө учурунда Ахмедов катуу таасир берүүчү препраттарды көп жылдан бери сатып жүргөнү аныкталды. Анын үйүн тинтүү учурунда 4 миң таблетка «Лирика», 43 таблетка «Трамадол», андан тышкары 96,9 миллион сум табылган.

Атайын иш чаранын алкагында жалпысынан 5208 таблетка «Лирика», 1043 таблетка «Трамадол» алынган. Алардын наркы болжолдуу түрдө 80 миллион сумду түзөт. Сурак учурунда Бахтиер Ахмедов препараттарды Өзбекстанга алып кирүүгө уруксат берген сертификаттарды көрсөтө алган эмес.

Буга чейин «Лирика» дарыкана маңзаты Ташкент жаштары арасында популярдуу болуп жатканы айтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ленин РИИБнин кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Ленин райондук милицияга борбор кааланын тургуну арыз менен кайрылып, 2017-жылдын июль айында “Адилет” аттуу жаран арыздануучунун ишенимине алдоо жолу менен кирип, жалпы суммасы 292 400 сом акчасын алып, ордуна «Тойота-Камри» үлгүсүндөгү автоунаасын беремин деп кеткен бойдон ушул күнгө чейин берген эмес. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 29 жаштагы Б.А. аттуу борбор калаабыздын жашоочусу кармалган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына киргизилген. Тергөө учурунда мындан башка дагы кылмыш ишине тиешеси бардыгы аныкталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

Орусияда өзбекстандык жубайлар билет алуу үчүн наристесин сатууга аракет жасашкан

Орусиянын Воронеж облусунда полиция жаңы төрөлгөн баласын 30 миң рублга сатууга аракет жасаган аял менен эркекти кармады. Сурак учурунда жарандык никеде жашаган жубайлар Өзбекстанга билет алуу үчүн ушундай кадамга барышканын билдиришти.

Ымыркайды сатып ала турган адам полиция бөлүмүнүн оперативдүү кызматкери болуп чыккан. Ал наристенин ата-энесине акчаны берип, алардан тилкат жаздырып алган. Кийинчерээк Өзбекстандын эки жараны кармалган.

Тергөө комитетинин Воронеж облусу боюнча өкүлчүлүгү билдиргендей, ата-эне ымыркайдын наркын 30 миң рублга баалашкан. Сот алардын баш коргоо чарасын карайт. Жаңы төрөлгөн бала учурда ооруканада.

Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча Өзбекстан жараны 8-сентябрь күнү ижарага алган батиринде кыз төрөгөн. Ал жарандык никеде болгондуктан, балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алган эмес. Наристени сатуу боюнча чечим кабыл алышкан соң, кардарларды тааныштары аркылуу издешкен. Сурак учурунда алар Орусияда каттоо мөөнөттөрү бүткөндүгүнө байланыштуу мекенине кайтууну чечишкенин, бирок баланын документи жок болгондуктан, аны сатып, акчасына билет алууну пландашканын айтып беришкен.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сирия өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуш аракеттерине катышкан кыргызстандык террорчу кармалды

2017-жылдын 12 октябрында КР МУКК тарабынан Сирияда чагымчыл топтор бөлүгүнүн катарынан келген, Жалал-Абад областынын тургуну, 1980-ж.т., КР жараны У.А. кармалды.

У.А. 2015-жылы «Ахрар аш-Шам»  Эл аралык террористтик уюмуна мүчө болуп,  Сирия өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуш аракеттерине катышкан.

Ал Сирияда жетим балдардын идеологиялык борборлорунун бирин жетектеп, «джихадизм» боюнча сабактарды өтүп,   эл аралык террордук бандтүзүмдөрүн адам ресурстары менен камсыздап турган.

Кыргызстанга Эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) башчыларынын тапшырмасы боюнча террор чабуулдарын уюштуруу жана ишке ашыруу максатында  келген.

Азыркы убакта кармалган У.А. террордук ишмердүүлүккө тиешеси бар экендигин мойнуна алды.

Кармалган адамга карата тергөө иш-чаралар улантылып жатат.

ФСБ тарабынан өлтүрүлгөн жарандардын сөөгүн жарым жылдан кийин Тажикстанга алып келишти

Орусияда жарым жыл мурун ФСБ кызматкерлери тарабынан Владимир облусунда жүрүзүлгөн атайын операция учурунда атылып өлтүрүлгөн тажикстандык жарандардын сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Апрелде өткөн атайын операция учурунда тажикстандык ага-ини Ибодуло менен Шарифхон Валиев мерт болгону кийинчерээк эле маалым болгон.

Буга чейин ФСБ кагылышуу учурунда каршылык көрсөтүп, Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин жарандары жок кылынганын билдирген.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча алар эл аралык террордук уюмдар менен байланышта болушкан жана Орусияда теракт жасоого даярдык көрүшкөн. Ыкчым-иликтөө иштери жүргөн жерден жардыруучу заттар, АК-74 автоматы, ПМ пистолети, ок-дарылар табылган.

Ибодулло менен Шарифхондун энеси Суманби Бозоровага балдарынын өлгөнү тууралуу кабарды жарым жылдан кийин гана угузушкан. Ал Орусия эмдигиче уулдарынын күнөөлүү экенин тастыктаган далилдерди көрсөтө электигин айтууда.

ФСБ Санкт-Петербург метросундагы жардыруудан кийин эле Владимир облусунда атайын операция өткөргөн. 3-апрелде “Сенная площадь” менен “Технологический институт» станцияларынын ортосунда жардыруу болуп, 15 киши мерт болгон. Теракты Кыргызстандан барган Акбаржон Жалилов жасаганы айтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Беш жыл талиптердин барымтасында болгон үй-бүлө бошотулду

Пакистан армиясы талиптердин колунда 5 жыл барымтада болгон үй-бүлөнү бошотту.

Маалыматка караганда, шаршембиде пакистан аскерлери 2012-жылы октябрда Хаккани террордук тобу тарабынан барымтага алынган америкалык аялды жана анын канадалык күйөөсүн бошотушту. Өкмөттүк күчтөр АКШнын учкучсуз учактары тарабынан чогултулган маалыматтарга таянуу менен Кейтлан Коулманды, Жошуа Бойлду жана алардын үч баласын алып бараткан унааны аткылашкан. Операция өлкөнүн түндүк-батышындагы Кохат шаарынын жанында болгон.

Жубайлар аймактагы өлкөлөргө саякат жасап жүргөн кезинде барымтага алынышкан. Ал кезде Коулман кош бойлуу болуп, балдары Ооганстанда төлөлгөн. Хаккани тобунун жоочулары Коулман менен Бойлду Ооганстанда кармалган командирлеринин бирине алмашууну көздөшкөн.

Кечээ АКШнын президенти Дональд Трамп бул окуяны Пакистан менен болгон мамиледеги жакшы учур деп атаган: «Бул биздин мамиледеги жакшы учур. Пакистан өкмөтүнүн бул аракети — өлкө бийлиги аймакты коопсуздук менен камсыздоодо өзүнө чоң роль алышы керектиги тууралуу биздин өтүнүчтөрүбүзгө олуттуу мамиле кылып жаткандыгын далилдөөдө», — деди Трамп.

Азырынча үй-бүлө Исламабадга жеткирилип, АКШнын элчилигинде кармалууда. Маалыматка караганда, Жошуа Бойл америкалыктар менен анын ооганстандык союздаштары туткундагы талиптерди кыйноого алып жаткандыгын айтып, АКШнын аскер учагы менен Ооганстандагы Баграм базасына баруудан баш тартууда. Жошуа Бойлдун биринчи аялы америкалыктарга туткунга түшүп, Гуантанамо абагында он жыл камакта болгон пакистандык террорчунун карындашы болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Өзбекстанда курсташтарына бычак менен кол салган студент кармалды

Ташкент юридикалык колледжинин студенти Саидкамрон Саидвохидов бычак менен эки курсташына кол салууга айыпталып кармалды. Жаракат алган студенттердин бири каза болуп, экинчиси аман калган.

Окуу жайдын студенттеринин биринин айтымында, милиция кызматкерлери Саидкамрон Саидвохидов жашырынып отурган үйгө барышканда, өспүрүм өз венасын кесүүгө аракет кылган:

​– Бычак менен курсташтарына кол салгандан кийин Саидкамрон досунун үйүнө жашырынып калган. Ал «Лирика» аттуу маңзатынын таасири менен кол салууга барган. Милиция аны тапкан маалда ал соолугуп калган. Эсине келген өспүрүм кылган кылмышына таң калып, өз венасын кесип салууга барды. Бирок анын колу таңылып, андан соң камакка алынды, – деди ал.

Кол салуудан каза болгон студент Асадбек Парпибоевдин туугандары билдиришкендей, экспертиза анын канынан баңгизат тапкан эмес.

Бул факты боюнча «атайылап адам өлүмүнө алып келген жаракат келтирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Карындашын сабап өлтүргөн ага-инилер кармалды

Бул аптада да үрөй учурган ар кандай кырсыктар, кылмыштар, окуялар болуп кетти. Чүй облусунун Лебединовка айылындагы №2 мектеп-гимназиясынын 7-классында окуган кыздын кош бойлуу болгонуна 28 жума болгону аныкталды.

Ысык-Көлдө бир тууган ага-инилер 27 жаштагы карындашын сабап өлтүрүүгө шектелүүдө. Ат-башы районун Казыбек айылынан 5-класстын окуучусу асынып калган. 31 жаштагы келин төрөттөн каза болду. Жакындары «дарыгерлер табарсыгын, бөйрөк каналдарын жарып салышыптыр» деген арыз менен кайрылышууда.

Булак: “Азия Ньюс”

Тажикстанда айыл имамы салафизмге айыпталып кармалды

Тажикстандын Согди облусундагы айылдардын биринин имамы Илхомиддин Абдуллоев өлкөдө тыюу салынган «Салафия» кыймылына мүчө деп айыпталып, камакка алынды.

Маалыматка караганда, облустун түндүгүндө жайгашкан айылдын 42 жаштагы имамынан тышкары мечитке келип жүргөн дагы төрт киши кармалды.

10-октябрда айыл башчысынын катчысы Наргис Бердиева алардын экөөсү пластик терезелер менен эшиктерди чыгарган фирмада, калганы курулушта иштеп жүрүшкөнүн билдирди.

Тергөө аяктаганга чейин кармалгандар тергөө абагында камакта болушат. Алардын экстремисттик ищмердүүлүккө ачык чакырык жасоо беренеси менен айыпалып жаткандыктары кабарланууда. Учурда бул ишти тергөө менен Гулистон шаардык прокуратурасы алектенүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню