Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Фото - "Джабхат ан Нусра" террордук уюмунун мүчөсү болгон кыргызстандык кармалды

2017-жылдын 12-октябрында КР МУКК тарабынан  1978-жылы туулган, КР жараны К.Х. кармалды, – деп маалымдады уюмдун пресс-борбору.

Аныкталган маалыматтар боюнча К.Х. 2013-жылы ЭТУ бандиттик түзүмдөрүнө кошулуу максатында Кыргызстандан чыгып кетип, Сириядагы «Сайфуллах аш Шишани» башында турган «Джабхат Фатх аш Шам» (мурунку «Джабхат ан Нусра») террордук тобунун катарына кошулуп, өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышкан.

2016-жылы ЭТУ башчыларынын тапшырмасы менен Сириядан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймагына келип, алардын арасында Кыргызстанда дагы террордук акцияларды даярдап, ишке ашыруу максатында жашыруун ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген.

Учурда кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатат.

Видео - Өзбекстанда курсташтарына бычак менен кол салган студент кармалды

Ташкент юридикалык колледжинин студенти Саидкамрон Саидвохидов бычак менен эки курсташына кол салууга айыпталып кармалды. Жаракат алган студенттердин бири каза болуп, экинчиси аман калган.

Окуу жайдын студенттеринин биринин айтымында, милиция кызматкерлери Саидкамрон Саидвохидов жашырынып отурган үйгө барышканда, өспүрүм өз венасын кесүүгө аракет кылган:

​– Бычак менен курсташтарына кол салгандан кийин Саидкамрон досунун үйүнө жашырынып калган. Ал «Лирика» аттуу маңзатынын таасири менен кол салууга барган. Милиция аны тапкан маалда ал соолугуп калган. Эсине келген өспүрүм кылган кылмышына таң калып, өз венасын кесип салууга барды. Бирок анын колу таңылып, андан соң камакка алынды, – деди ал.

Кол салуудан каза болгон студент Асадбек Парпибоевдин туугандары билдиришкендей, экспертиза анын канынан баңгизат тапкан эмес.

Бул факты боюнча «атайылап адам өлүмүнө алып келген жаракат келтирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Өзбекстанда курсташтарына бычак менен кол салган студент кармалды

Ташкент юридикалык колледжинин студенти Саидкамрон Саидвохидов бычак менен эки курсташына кол салууга айыпталып кармалды. Жаракат алган студенттердин бири каза болуп, экинчиси аман калган.

Окуу жайдын студенттеринин биринин айтымында, милиция кызматкерлери Саидкамрон Саидвохидов жашырынып отурган үйгө барышканда, өспүрүм өз венасын кесүүгө аракет кылган:

​– Бычак менен курсташтарына кол салгандан кийин Саидкамрон досунун үйүнө жашырынып калган. Ал «Лирика» аттуу маңзатынын таасири менен кол салууга барган. Милиция аны тапкан маалда ал соолугуп калган. Эсине келген өспүрүм кылган кылмышына таң калып, өз венасын кесип салууга барды. Бирок анын колу таңылып, андан соң камакка алынды, – деди ал.

Кол салуудан каза болгон студент Асадбек Парпибоевдин туугандары билдиришкендей, экспертиза анын канынан баңгизат тапкан эмес.

Бул факты боюнча «атайылап адам өлүмүнө алып келген жаракат келтирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ИИМ Клара Алибекова катышкан окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүздү

Жакында Клара Алибекова аттуу ырчы, белгисиз бирөө муунтуп, зордуктайм деп артынан кууп келе жатат деп милиция кызматкерлерине кайрылып жаткан видеосу соцтармактарда жана маалымат агенттиктерде жарыяланган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Бул факты боюнча ички иштер министрлиги иликтөө ишин баштаган. Видеону белгисиз жарандар интернетке жарыялагандан кийин, социалдык тармактардын колдонуучулары жардам көрсөтүшпөй, автоунаадан түшүрүп койгону үчүн милиция кызматкерлерин катуу сынга алышкан.

Ушуга байланыштуу, соцтармактарда жарыяланган видео боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзгөн. Клара Алибекова кайрылган Бишкек ШИИББнин Патрулдук милиция башкармалыгынын үч кызматкердин өздүгү такталган. Кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери кызга жардам көрсөтпөстөн автоунаадан түшүрүп койгондугу далилденген жок. Анын артынан белгисиз жаран кууп, зордуктоого аракет кылгандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Клара Алибекова менен ошол күнү жанында жүргөн жигиттин өздүгү такталып, суралды.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен үч милиция кызматкери тартиптик жаза алышты. Юридикалык жактан баа берүү үчүн чогултулган материалдар тергөө органына өткөрүлүп берилди. Милиция кызматкерлеринин ички иштер органдарында мындан ары иштей тургандыгы тергөө органдарынын текшерүүсүнөн кийин чечилет.

УКМКнын эки кызматкерин бычактап кетишти

9-октябрда саат кечки тогуздар чамасында Ош облусундагы Ноокат районунда УКМКнын эки кызматкери бычактан алган жаракат менен ооруканага түштү. Укук коргоо органдарынан кабарлашкандай, учурда шектүүлөр изделип жатат. Окуя Ноокаттагы борбордук базардын айланасында болгон. Аймактык оорукананын дарыгерлери УКМКнын эки кызматкери оор абалда жеткирилип, операция таңкы 05:00дө аяктаганын билдиришти. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабырлануучулардын биринин өпкөсүнө 3 жолу бычак сайылган. Экинчи кызматкердин оң жак көкүрөгүнө 3-4 ирет бычак тийген. Учурда бейтаптардын абалы канааттандыраарлык. Экөө тең — 1987-жылы туулган, Ош шаарында жашаган жарандар экен. Окуя тууралуу маалымат алган ыкчам топ Гүлистан айыл аймагындагы Бостон айылына барышкан. Алар тарабынан алгач бычак жеген кызматкерлердин бири ооруканага жеткирилип, экинчи жабырлануучуну бир аз убакыттан кийин айылдын четинен табышкан. Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө эки кызматкер тең УКМКда 2016-жылдын июль айынан бери эмгектенип жатышканы белгилүү болгон.

Булак: “Фабула”

Видео - Кыргыз аял түрктөрдөн кордук көрдү

Интернетге кыргызстандык аял Түркиянын Аланья районунда полиция кызматкерлери тарабынан сабалган учурда тартылып калган видеотасма тарады. Тасманы көрүп, кыргыз аялдарынын чет элде кор болуп жүргөнүнө жаның кейибей койбойт экен. Шал тийгир түрк милициялары байкуш аялды жөн эле аёосуз сабап жатышат. Окуя боюнча буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы аялга кол көтөргөн полиция кызматкерлери ээлеген кызматынан бошотулганын маалымдаган болчу. Азырынча белгилүү болгон маалыматтар боюнча, министрлик бүгүн, 5-октябрда Аланья районунун Коопсуздук башкармалыгынын өкүлдөрү менен байланышып, экинчи тарап бул фактыны тастыкташкан. Башкармалыктын башчысынын айтымында, шектүү полиция кызматкерлери тергөө учурунда эмгектенүү укугунан ажыратылыптыр. Кордук көргөн аял керектүү медициналык жана психологиялык жардам алып жатыптыр. Тергөө иштеринен кийин аны Кыргызстанга алып келүү аракети көрүлөт экен. Бул ачыкка чыкканы, ачыкка чыкпай, канчалаган аялдар түрктөрдүн эзүүсүндө күн кечирип жүрөт…

Булак: “Фабула”

Баңгизаттарды жасоодо колдонулуучу өзгөчө ири өлчөмдөгү прекурсор менен Бишкек шаарыныны тургуну кармалды

2017-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарынын Свердлов районунан милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде “Мадина” базарынын жанынан баңгизатын мыйзамсыз сатууга аракет кылган Бишкек шаарынын 42 жаштагы жашоочусу 1 тонна 200 килограмм салмактагы прекурсорлору менен кармалган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын 247-беренеге ылайык (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

Тблисиде полиция менен оппозициянын ортосунда кагылышуу болду

Тблисиде полиция менен оппозициялык партиялардын активисттеринин ортосундагы кагылышуулар маалында 8 киши кармалды. Алар калаанын борбордук аянтындагы жер тилкесин миллиардер Бидзина Иванишвилиге тиешеси бар компанияга берүү тууралуу бийликтин чечимине каршылык билдирип чыгышкан.

Маалыматтарга караганда, кагылышуулар полиция шаардык кеңештин жыйынына Грузия парламентиндеги оппозициялык партиялардын мүчөлөрүн киргизүүдөн баш тарткандан кийин башталган. Конституцияга ылайык, алар жергиликтүү өз алдынча баркаруу органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн жыйындарына катыша алышат. Бирок Тблиси шаардык кеңешинин төрагасы калаанын борбордук аянтында курулуп жаткан жети жылдыздуу мейманканага унаа токтотуу жайын куруу үчүн жер тилке берүү маселеси каралып жаткан атайын жыйынды жабык деп жарыялады.

Оппозициячыл депутаттар тарапташтарынын жардамы менен полиция курчоосун жарып өтүүгө аракет кылышып, бирок катуу каршылыкка туш болушту. Анын жүрүшүндө бир нече активист кармалып, административдик мыйзам бузуу айыптары тагылды. Алар күнөөлүү деп табылса айып пул төлөп же бир нече жумага камакка алынышы мүмкүн.

Оппозициячыл депутаттардын нааразылыгына карабастан, «Грузин кыялы» партиясынын мүчөлөрү көпчүлүктү түзгөн шаардык кеңеш жер тилкесин мейманкана куруп жаткан компанияга берүү чечимин бекитти. Муну алар миңдеген жумушчу орундары түзүлө тургандыгын менен түшүндүрүшүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ысык-Көл облусунда оор кылмыштын бети ачылды

2017-жылдын 10-октябрь күнү болжол менен саат 7:00 чамасында Ысык-Көл РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө райондук ооруканага Бостери айылынан денесине жаракат алган, азият улутундагы аялды алып келишкендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Окуя болгон жерге чыгышкан Ысык-Көл РИИБнин тергөө – ыкчам тобу күбөлөрдү сурашып, ошол күнү Бостери айылынын тургуну көчөдөн денесинен алган жаракаты менен 25-30 жаштардагы аялдын жаткандыгын көрүп тез жардам кызматын чакырган. Тез жардам белгисиз аялды райондук ооруканага алып келгенде, аял өзүнө келбей жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон. Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам –иликтөө иштердин натыйжасында аялдын өздүгү такталган. Ал Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 27 жаштагы Э. С. аттуу тургуну болуп чыккан.

Райондук милиция тарабынан көрүлгөн иш-аракеттерден улам кылмыш изин суутпай Бостери айылынын тургундары 31 жаштагы Ж. А. жана 32 жаштагы Ж. Б. аттуу бир туугандар кармалган.
Кыргыз Республикасынын кылмыш –жаза кодексинин 97-беренеси менен (Адам өлтүрүү) кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда иликтөө иштери уланууда.

Өзбекстанда эки курсташына бычак урган студент изделүүдө

Ташкент юридикалык колледжинин студенти эки курсташы менен айтыша кетип, бычак менен кол салган. Алардын бири жеринде жан берип, экинчиси оор абалда ооруканага жеткирилген.

Окуя 6-октябрда юридикалык колледждин ашканасында болгон. Милиция кол салган студентти издөөдө. “Атайын киши өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Трагедиянын күбөлөрүнүн биринин айтымында, 3-курстун студенттери айтыша кетип, алардын бири курсташтарына бычак урган. “Бычактын мизи артерияны кесип кетти. Кан оргуп акты. Бала ошол жерде жан берди. Дагы бирөөнүн абалы оор”, – деди ал.

Колледж мугалимдеринин билдиришинче, маркумдун ата-энеси Орусияда иштешет. Кайгылуу окуянын катышуучулары тил табышпай, көптөн бери урушуп жүрүшкөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню