Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Казакстанда учак кырсыгын иликтөө боюнча комиссия түзүлдү

Казакстанда Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги Санитардык авиациянын учагынын кыйрашын иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн жарыялады.

Санитардык авиациянын учагы 3-октябрда 18.35те Алматыдан Шымкентти көздөй учуп, 12 мүнөттөн кийин локатордон жоголуп кеткен. Кийинчерээк аба кемеси айдоо талаасына кулап, күйүп кеткени аныкталган. Кырсык учурунда электр өткөрүү линиялары үзүлгөн.

Алматы-Шымкент-Алматы багытында сыркоого кеңеш берүү максатында бараткан беш киши тең мерт кеткен.

Борт командири Геннадий Цой Кыргызстандын жараны экени айтылууда. Экинчи учкуч Евгений Кутафин, авиатехник Бейшебек Акматбаев жана эки медициналык кызматкер – акушер-гинеколог Талгат Патсаев менен реаниматолог-дарыгер Жанибек Артыкбаев экени аныкталды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда учак кыйрап, беш киши каза тапты

Алматыга жакын жерде Санитардык авиациянын Ан-28 учагы кыйрап, беш киши каза тапты. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети кабарлагандай, окуя 3-октябрь күнү кечинде Иле районунда болду.

Акимчиликтин маалыматы боюнча учак дыйкан чарбасынын аймагына кулап, күйүп кеткен. Кырсык учурунда электр өткөрүү линиялары үзүлгөн.

Учак бейтапка жардам көрсөтүү үчүн Алматы-Шымкент-Алматы багыты боюнча бара жаткан. Маалыматтарга караганда, бортто үч учкуч жана эки медициналык кызматкер болгон.

Санитардык авиациянын учагы 18.35те Алматыдан Шымкентти көздөй учуп, 12 мүнөттөн кийин локатордон жоголуп кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Тажикстан Орусиядан мигрантты сабагандарды жазалоону талап кылууда

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги “Москва” соода борборунда сабалган мигрантка байланыштуу дүйшөмбүдө Орусиянын ТИМине нота жөнөттү. Анда Навруз Зикировго кол көтөргөндөрдү жоопко тартуу, окуяны калыс жана тыкыр иликтөө талап кылынган.

Буга чейин Орусия президентинин алдындагы жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укуктары боюнча кеңеш “Москва” соода борборунда тажик мигрантынын сабалышын текшерүү өтүнүчү менен Орусия ИИМине кайрылган.

20-сентябрь күнү кечинде Москванын Тихорецкий бульварында “Москва” соода борборунун күзөтчүлөрүнө нааразы болгон тажикстандык мигранттар каршылык акциясын өткөрүшкөн. Буга 27 жаштагы жүк ташуучу Навруз Зикировдун сабалып өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалыматтын таркашы себеп болгон.

Бул арада “Москва” соода борборунун дирекциясы Навруз Зикировду ооруканадан чыккандан кийин дароо Тажикстанга жөнөткөнү белгилүү болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бишкекте чытарды оңдо иштерин жүргүзүп жатып 62 жаштагы эркек каза болду

Куткаруччулар жансыз денесин милиция кызматкерлерине тапшырып беришти. Бул туралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.

Бишкек шаарынын Ленин районунда 2017-жылдын 3-октябры күнү саат 15:30да КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Кайназарова-30 дарегинде жайгашкан ветеринардык дарылоо жайынын чатырында оңдоо иштерин жүргүзүп жатып, 1955-жылы туулган П.А.Б. аттуу эркек адам каза болгон.

 

Жарандар тарабынан мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар алынууда

Ушул жылдын 30-сентябрында милиция кызматкерлери тарабынан козголгон кылмыш ишинин негизинде 20 жаштагы Б.У. аттуу Маевка айылынын жашоочусунун үйү мыйзамдын негизинде текшерилген. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Натыйжада сарайынан “ПМ ULTRA” үлгүсүндөгү жаракаттандыруучу тапанча табылган. Алынган ок атуучу курал экспертизага жөнөтүлүп, иликтөө иштери жүрүүдө.

Ал эми Базар-Коргон РИИБнин кызматкерлери тарабынан райондун аймагынан мыйзамсыз ок атуучу куралдарды аныктоо максатында иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында 48 жаштагы жергиликтүү тургундун үйүнөн ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылып алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Эскертебиз: 241-берене (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) фактылары аныктала турган болсо, кылмыш иши козголот.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык административдик жоопкерчиликке тартылат:
378-берене (Жарандар тарабынан атылуучу куралдарды жана аларга ок-дарыларды сактоо же ташуу эрежелерин бузуу);

379-берене (Атылуучу сайсыз аңчылык куралдарын жана анын ок-дарыларын баалап өткөрүүдөн баш тартуу):

ИИМ эскертет: Эгерде жаран ок атуучу куралдын ээси болбосо, сактаганга жана колдонгонго уруксат берилбейт. Тез арада куралды укук коргоо органдарына тапшыруу керек. Тапшырбоо учурунда жаран административдик же кылмыш жоопкерчилигине кириптер болот.

Ал эми катталбаган курал-жарактарды, окторду, жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш ишине тиешеси жок болсо, анда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Жалал-Абадда коомчулук улуттар арасында ынтымакты бекемдөөгө чакырды

“Кыргызстанга учурда тынчтык, улуттар аралык ынтымак жана саясий биримдик керек. Коомду дүрбөлөнгө салуучу чагымдар, чакырыктар керек эмес. Шайлоодо элдин добушун алуу максаты менен талапкерлер да ой келди сөз айта бербей, жоопкерчиликтүү, этият болуулары зарыл. Эгер андай нерселерге жол коюлса, анда ага юридикалык баа берилиши керек” -Мындай пикирди Жалал-Абад областындагы “Санпа шейиттери”, “Элим-жерим бир”, “2005-жылкы революцияны коргоо комитети”, “Казына ордо” коомдук бирикмелеринин жана областтагы аялдар кеңешинин мүчөлөрү журналисттерге берген маалымат жыйынында билдиришти. Бул туралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын пресс-борбору маалымдайт.

Маалымат жыйынына катышкандар жакында эле президенттик талапкерлердин бири шайлоочулар менен жолугушуу учурунда этникалар аралык мамилелерге жик салуучу сөздөрдү, чакырыктарды айтып, эл арасында нааразылыктарды жаратканы сынга алышты. Жалал-Абад шаарынын тургуну, “Казына ордо” коомдук бирикмесинин мүчөсү Арстанбек Жээнбековдун айтымында, талапкерлердин үгүт маалындагы элге айтылган туура эмес сөздөрү элдин тынчтыгына доо кетирет.

– Айрым талапкерлер өзүнүн саясий максатына жетүү үчүн ачыктан-ачык опурталдуу чакырыктарды жасашууда. Ошондуктан тийиштүү органдарга, Борбордук шайлоо комиссиясына, айрыкча прокуратура органдарына мындай терс көрүнүштөргө карата мыйзам чегинде чара көрүүнү талап кылып жатабыз. Жалпы карапайым калкка да кайрылабыз: бир адамдын туура эмес сөзүнөн улам эмоцияга алдырып, карама-каршылыкка барбаңыздар. Эл 2010-жылы өткөн улуттар аралык кагылышуусда жакындарын жоготуп, алган жараты эми айыгып келе баштаганда кайрадан эл козголбошу керек. Биздин Мекенибиз жалгыз, ага тынчтык гана керек. Азыр эл ичинде кооптонуу, чочуркоо сезими пайда болду. Карапайым эл улуттар аралык биримдикти чыңдоого аракет кылып жаткан кезде эл башчысы болом дегендер да өздөрүнүн аракеттерин колго алуулары керек, – деди ал.

Маалымат жыйынына катышкан коомдук бирикмелер жалпы калайык-калкты сабырдуулукка, тынчтыкка чакырышып, ал эми элди дүрбөткөн чакырыктары үчүн тийиштүү талапкерди мыйзам чегинде жоопко тартуу жагын укук коргоо органдарынан талап кылышарын билдиришти.

 

Казакстанда адам өмүрүн алган жол кырсыгына күнөөлүү кыз шарттуу кесилди

2-октябрда Казакстандын Актөбө шаардык соту Жуманов атындагы университеттин 19 жаштагы студенти Сезим Самуратка карата өкүм чыгарды. 7-июлда анын катышуусундагы жол кырсыгынан 18 жаштагы жергиликтүү тургун каза болгон.

Соттун чечими менен Самурат шарттуу түрдө эки жыл алты айга кесилди. Өкүм чыгаруудан мурда соттолуп жаткан кыз жабырлануучулардан кечирим сурап, соттон аны эркинен ажыратпоону өтүнгөн.

18 жаштагы жергиликтүү тургун Сюзанна Гамидованын өмүрүн алып, дагы бир адамды жаракат кыган жол кырсыгы 7-июлда шаардык парктын аймагында болгон. Ал кезде айдоочулук тажрыйбасы бир гана жылды түзгөн Сезим Самурат солдогу унаадан качып, рулду оңго буруп жибергенин айткан. Соттук экспертизанын версиясы боюнча, ал унааны саатына 91 чакырым ылдамдыкта айдап бараткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дональд Трамп Лас-Вегастагы окуяга байланыштуу кайрылуу жасады

АКШнын президенти Дональд Трамп Лас-Вегас шаарындагы окуяга байланыштуу дүйшөмбүдө калкка кайрылуу жасады. Жекшембиде кантри музыкасынын фестивалына чогулган адамдарга мейманкананын 32-кабатынан куралчан адам ок чыгарып, жыйынтыгында 50дөн ашык киши өлгөн.

Маалыматка караганда, полиция ал адамды атып өлтүрүп, аны 64 жаштагы Стивен Паддок деп атаган.

Трамп полициячылардын аракетине жогорку баасын берип, алардын «укмуштуудай» реакциясын белгиледи.

Аза күтүү белгиси катары президент бардык мамлекеттик желектерди төмөн түшүрүү буйругун берди.

Дүйшөмбүдө Трамп “Твиттер” аркылуу каза болгондор жана жаракат алгандардын туугандарына көңүл айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сирияда ИМдин казакстандык талаа командири тындым болду

Акыркы эки күндө Сириядагы авиасоккулардын натыйжасында ИМ тобунун жети талаа командири тындым болду. Алардын арасында Казакстандан келген жоочу дагы бар. Бул тууралуу Орусия Коргоо министрлигинин атайын өкүлү генерал-майор Игорь Конашенков билдирди.

“Ар түрдүү макамдагы жети талаа командири, анын ичинде ДАИШтин Евфрат өрөөнүндөгү чабуулдарды координациялоо кызматын аткарган казакстандык Абу Ислям аль-Казаки өлтүрүлдү”,- деди ал.

Коргоо министрлигинин өкүлү кабарлагандай, жоочулар Орусиянын аба-космикалык күчтөрүнүн соңку эки күндөгү Евфраттын чыгыш жээгиндеги операциясы учурунда тындым болду.

Авиасоккулардан ДАИШтин чет өлкөлүк жалданма жоочуларды даярдоо борбору талкаланып, Түндүк Кавказдан келген 40тай согушкер жана террористтердин мобилдүү снайпердик тобу жок кылынды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бишкек шаарынын базарларынын биринен уурулукка шектүү жаран кармалды

Ушул жылдын 1-октябрь күнү Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарында жайгашкан базарлардын биринин кардары арыз менен кайрылган. Себеби, ушул эле күнү болжол менен саат 17:30 чамасында белгисиз аял киши жабырлануучунун 7400 сом акчасын уурдап, изин жашырып качууга аракет кылган маалда, жарандар тарабынан кармалган жана милиция кызматына өткөрүлүп берилген. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Тергөө учурунда кылмышка шектүүнүн өздүгү такталып, ал Бишкек шаарынын 32 жаштагы С.Н. аттуу жашоочусу болуп чыккан.

Кармалган жаранга карата Ленин РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүүгө карата сот тарабынан сыртка чыкпоо тууралуу баш коргоо чарасы каралган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Меню