Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Ысык-Көлдө 10 килограммдан ашык баңгизатын сатып жаткан жеринен жергиликтүү тургун кармалды

Милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш- чараларынын негизинде Ж. Улан аттуу жергиликтүү тургун эки капка салынган жапайы кендир жыттанган өсүмдүктү сатуу учурунда кармалган.
Алынган зат экспертиза жөнөтүлүп, жалпы салмагы 10 килограммдан ашык марихуана баңгизаты болуп чыккан.
Аталган факты боюнча Ысык-Көл ОИИБы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш –жаза кодексинин 247- беренеси (Баңгилик каражаттарды, психотроптук заттарды болбосо прекурсорлорду сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатуу) менен кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Видео - Ошто бандиттер Бабановдун тарапкерин сабашып, кыйноого алышкан

Бүгүн, 3-октябрда Ош шаарынын тургуну төбө чачты тик тургузган билдирүү жасады. Дурбек Алимжанов президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго каршы уюштурулган чагымчылдык тууралуу маалыматты ачыктады.
Анын айтымында, беш киши аны ээн жерге алып чыгып, мык суургуч менен уруп-сабап, желим ок менен атып, кыйноого алып, Өмүрбек Бабановду каралаган жалган сөздөрдү айттырып, аны телефондоруна тартып алышкан. Ошондой эле, Алимжановго Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө бир сутка убакыт беришкен.
Бирок акыйкат издеген жаран журналисттерге кайрылып окуянын чоо жайын айтып берди. Ал тартип сактоо органдарына арыз жазып, президенттен тиешелүү чараларды көрүүнү суранды.

«ИМ» тобу Сирия өкмөтүнүн көзөмөлүндөгү шаарды басып алды

Сирияда «Ислам мамлекети» террористтик тобу Аль-Карьятайн шаарын өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Адам укуктарына байкоо салуу боюнча сириялык борбор кабарлады. Маалыматты Твиттер аркылуу жергиликтүү журналисттер дагы ырасташты.

Аталган шаар Пальмирадан түштүк-батышты көздөй, өкмөттүк күчтөрдүн тылында жайгашкан.

Айрым маалыматтар боюнча, шаарда жоочулардын “тымызын түйүнү” болгон. Калааны басып алуу согушкерлер Сирия армиясынын Дейр-эз-Зор шаарынын түштүгүндөгү позицияларына катуу чабуул жасаган маалга туш келди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Карлес Пучдемон: «Каталония көз карандысыз өлкө болуу укугуна жетти»

Каталониянын президенти жана Каталониянын европалык-демократиялык партиясынын мүчөсү Карлес Пучдемон жекшемби кечинде «аймак көз карандысыз өлкө болуу укугуна ээ болгонун» билдирди. Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдирди. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жакынкы күндөрү жарыяланат деп күтүлүүдө.

Каталония бийлиги полиция менен шайлоочулардын кагылыштарында жаракат алгандардын саны 760 кишиге жеткенин билдирди. Башка булактардын маалыматы боюнча жабыркагандар төрт жүздөн ашат. Испан полициясы кечээ Каталониянын көз карандысыздыгы тууралуу референдумду болтурбоо үчүн күч колдонгон. Алар айрым добуш берүү тилкелериндеги бюллетендерди, документтерди жана үкөктөрдү алып кетишкен.

Мурдараак Испания өкмөтү референдумга жол бербестигин билдирген. Өлкөнүн Конституциялык сотунун чечими менен аймактагы добуш берүү мыйзамсыз деп табылган.

Испания ИИМ башчысынын маалыматына караганда, каталондуктар менен болгон кагылышууларда 12 полиция кызматкери жаракат алып, үч киши кармалды. Министр добуш берүү күнү алар 92 шайлоо тилкесин жабууга жетишкендигин айтты. Кечээ полиция аймактагы эки миңден ашык тилкенин үч жүзүн жапканы кабарланган. Референдумдун алдында жарандардын добуш берүүсүнө жол бербөө үчүн Каталонияга «жарандык гвардия» деп аталган жарым-жартылай аскердик түзүмдөр жөнөтүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ИИМдин атайын каттоосунда турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

ИИМдин кызматкерлеринин кылмыш-илитөө иштеринин негизинде адамдарды уурдап жана коркутуп ири өлчөмдөгү акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгү жоюлду. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Жогорудагы кылмыш ишине шектүүлөр ИИМдин атайын каттоосунда турган. Кылмыштуу топтун башчысы Чүй облусунун жашоочусу болуп, ал өзүнүн тегерегине өзү сыяктуу мурда соттолгон жарандарды чогулткан. Ички иштер органдарынын кызматкерлери бул кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн иликтеп, адамдарды уурдоо жолу менен ири өлчөмдөгү акча талап кылуу менен алектенишкенин аныкташкан. Маалымат боюнча ушул жылдын сентябрь айынын башында болжол менен 25-35 жаштардагы белгисиз жарандар өздөрүн белгилүү криминалдын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсүбүз деп тааныштырып, борбордогу кичи райондордун биринен Бишкек шаарынын жашоочусун уурдап кетишкен. Күч колдонуу менен жабырлануучуну “Хонда” үлгүсүндөгү автоунаага салып, аны Ала-Арча капчыгайы жакка алып барышып, уруп сабап, коркутуу менен ири өлчөмдөгү акча каражатын талап кылышып, туугандарына чейин телефон чалдырып мажбурлашкан. Коркутуу жолу менен кылмышкерлер туугандарына тиешелүү батирди сатканга түрткөн. Туугандары тез арада акча табуунун максатында өздөрүнө тиешелүү көп бөлмөлүү батирди накта турган баасынын жарым баасына сатканга туура келген. 20 000 миң АКШ доллар акчасын алгандан кийин жабырлануучуну койо беришкен.

Тилекке каршы, муну менен алар токтошкон эмес. Бир аз күн өткөндөн кийин кайра ири өлчөмдөгү акча каражатын талап кыла башташкан. Бул жолу жабырлануучу тарап ички иштер органдарына арыз менен кайрылган. Жогорудагы фактылар боюнча Ички иштер мининстрлиги тиешелүү материалдарды топтоп, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 123-берене (адам уурдоо), 125-беренеси (мыйзамсыз эркинен ажыратуу) менен 170-беренелеринин (опузалап акча талап кылуу) негизинде кылмыш иштерин козгошкон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштуу топтун башчысынын өздүгү такталып, ал 2006-жылдан бери кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турганы билинген. Ошондой эле, жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар деп шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн дагы өзүдүгү такталган. Кылмышкерлер өздөрү көрсөткөн сумманын аз бөлүгүн алууга макулдугун беришип, жолугушууга өздөрүнүн адамдарынын бирин жөнөтүшкөн.

21-сентябрь күнү ИИМдин кызматкерлери тарабынан бул кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнүн жолун буу үчүн атайын операция жүргүзүшкөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Мадина” соода базарынын жанынан 500 АКШ долларын алып жаткан жеринен 1976-жылы туулган Д.А. аттуу Ысык-ата районунун жашоочусу кармалган. Андан соң, Чүй облусунун Аламүдүн районунда ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжасында акча талап кылып жүргөн кылмыштуу топтун башчысы, 1977-жылы туулган Б.Н. аттуу Ысык-Ата районунун жашоочусу кармалган. Б.Н. аттуу жаран мурда опуза талап кылуу фактысы менен соттолгон. Эртеси күнү кошумча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда каракчылык менен соттолгон 1985-жылы туулган А.Э. аттуу борбор калаабыздын жашоочусу кармалган. Көп өтпөй, милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар, кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда тоноо жана бейбаштык фактылары менен соттолгон, 1984-жылы туулган Бишкек шаарынын Ж.Т. аттуу жашоочусу кармалган. Кармалган жарандар Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнүн жолу буулуп, кармалган жарандар жогорудагы кылмыш иши боюнча көрсөтмө берип жатышат.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Видео - Депутат Канат Исаев Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө миллион сом берип жатканы

Бүгүн, 30-сентябрда КР УКМК КР Жогорку Кеңешинин депутаты Канат Исаевди массалык баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча камакка алды. Аны камакка алууга негиз болгон фактылардын бири катары жашыруун жазылып алынган депутат Канат Исевдин кримдүйнө мүчөлөрү менен жолугушуп, аларга миллион сом бергени боюнча видеотасма таратылууда.

https://www.youtube.com/watch?v=bghadgWETl4

 

Видео - Депутат Канат Исаев Уюшкан кылмыштуу топтун мүч

Бүгүн, 30-сентябрда КР УКМК КР Жогорку Кеңешинин депутаты Канат Исаевди массалык баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча камакка алды. Аны камакка алууга негиз болгон фактылардын бири катары жашыруун жазылып алынган депутат Канат Исевдин кримдүйнө мүчөлөрү менен жолугушуп, аларга миллион сом бергени боюнча видеотасма таратылууда.

https://www.youtube.com/watch?v=bghadgWETl4

 

Свердлов РИИБнин кызматкерлери тоноо фактысы боюнча кылмыш ишинин бетин ачышты

Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен милиция бөлүмүнө кайрылып, 15-сентябрь күнү болжол менен 18-20 жаштагы бейтааныш эки жаш жигит Бишкек шаарында жайгашкан дүкөндөрдүн бирине кирип, арыздануучуну коркутуп, кассадан 12 000 миң сом акчасын алышып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Чүй облусунун 18 жаштагы Т.Т. жана 17 жаштагы А.А. аттуу жашоочулары кармалган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинин (тоноо) негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган жарандар Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Видео - Депутат Канат Исаевдин камакка алынышына негиз болгон кримтөбөлдөр "Дөө Чынгыз" менен "Узун Уландын" телефон сүйлөшүүсү

Бүгүн, 30-сентябрда КР УКМК КР Жогорку Кеңешинин депутаты Канат Исаевди массалык баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча камакка алды. Аны камакка алууга негиз болгон фактылардын бири катары жашыруун жазылып алынган кримтөбөлдөр “Дөө Чынгыз” каймана аты бар Чынгыз Жумагулов менен “Узун Улан” каймана аты менен белгилүү Улан Барчакеевдердин телефон аркылуу сүйлөшүүсү деп айтылууда.

 

Видео - Кримдүйнөнүн мүчөлөрү Улан, Эркин жана Арсен депутат Канат Исаевдин бийликти басып алууга даярданып жатканы боюнча

Бүгүн, 30-сентябрда КР УКМК КР Жогорку Кеңешинин депутаты Канат Исаевди массалык баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча камакка алды. Аны камакка алууга негиз болгон фактылардын бири катары жашыруун жазылып алынган кримдүйнөнүн мүчөлөрү Улан, Эркин жана Арсен аттуу жигиттердин телефон аркылуу сүйлөшүүсү деп айтылууда. Видеотасмалар КР УКМКнын басма сөз кызматы аркылуу таратылууда.

 

Меню