Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Бозгундагы өзбек журналисти Киевде кармалды

Башкы кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Журналисттерди коргоо комитети” өзбекстандык журналистти бошотууга үндөдү.

Журналисттин адвокаты Алексей Федоров билдиргендей, Назрулло Охунжанов Өзбекстанга экстрадиция болушу ыктымал. 27-сентябрда Киев шаардык соту өзбекстандык журналистти 40 күнгө камоо чечимин чыгарды.

Назрулло Охунжанов Интерпол издөөгө алган кишилердин тизмесинде болгондуктан, 20-сентябрда Киев аэропортунда кармалган. Өзбекстан Назрулло Охунжановду алдамчылыкка айыптап, эл аралык издөө жарыялаган.

Журналист айыптоолорду четке кагып, Өзбекстандан саясий себептерден улам чыгып кеткенин айтууда. Ал мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин адам укуктары жаатында абал кыйындагандан соң, Түркиядан кетүүгө аргасыз болгонун билдирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ысык-Ата районунда милиция кызматкерлери оор кылмыштын бетин ачышты

Ушул жылдын 17-сентябрь күнү Ысык-Ата РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалышып, белгисиз аялдын жансыз денесин табышканын кабарлашкан. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге келишип, Кант шаарында жайгашкан кароосуз калган мекеменин жанында киши колдуу болуп өлгөн аялдын жансыз денесин табышкан. Аялдын жансыз денесине кароо жүргүзүү учурунда кылмыштын изин жашыруу максатында өрттөөгө аракет кылган белгилер аныкталган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда өлгөн аялдын өздүгү такталып, ал 39 жаштагы К.В. аттуу жергиликтүү тургун болуп чыккан. Туугандарынын айтымында ал психикалык жактан жабыркап, тентип калган.
Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине шектүү 33 жаштагы Ысык-Ата районунун жашоочусу кармалып, кылган күнөөсүн мойнуна алган. Окуя болгон күнү экөө спирт ичимдигин ичишкен жана ортодон чыккан чырдан кийин Б.И. аттуу жабырлануучуну ур-токмокко алып, муунтүп өлтүргөн. Андан соң, кылмыштын изин жашыруу максатында өрттөөнү чечкен. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тажикстанда той эрежесин бузган аткаминер 1350 доллар айып пулга жыгылды

Тажикстандын Улуттук китепканасынын мурдагы директору Сайфиддин Назарзода “Салт-санаа жана салтанаттарды жөнгө салуу” мыйзамын бузгандыгы үчүн 12 миң сомони (1350 миң доллар) айып пулга жыгылды.

Тажикстанда аткаминер биринчи жолу үйлөнүү үлпөт тартиптерин сактабагандыгы үчүн жазага тартылды.

Райондук соттун чечими менен Сайфиддин Назарзоданын кудасы Тоджиддин Хабибуллоевге 5 миң сомони же 560 доллар айып пул салынды.

Коррупция менен күрөшүү жана каржы көзөмөлү агенттиги Сайфиддин Назарзода меймандардын саны 150дөн ашпашы керек деген чектөөгө карабастан, уулунун үйлөнүү тоюна 300дөн ашык кишини чакырган деп эсептейт.

Сайфиддин Назарзода 21-сентябрдагы сот отуруму учурунда той келининин ата-энеси тарабынан уюштурулганын билдирген. Анын айтымында, үлпөткө күйөө бала тараптан 50 киши, кыз тараптан 70 киши чакырылган. Бул салтанаттан кийин Назарзода жумуштан алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Оролдук журналистке козголгон кылмыш иши жабылды

Сотко чейинки иликтөө органдары «Орол жумалыгы» басылмасынын башкы редактору Лукпан Ахмедьяровго карата козголгон кылмыш ишин жапты. «Адил сөз» уюму билдиргендей, журналисттин ишинде кылмыш курамы жок деген бүтүм чыгарылган.

Ахмедьяровго бийлик өкүлүнө акарат келтирүү боюнча айып тагылган.

Иликтөө иштери жергиликтүү полиция кызматкери жазган арызга байланыштуу 29-июлда башталган. Тартип сакчы редактор чакырган учурда келбей, аны телефондо сөккөнүн билдирген.

Оролдук журналист Лукпан Ахмедьяров “Орол жумалыгында” иштеп турганда бир нече жолу кол салууга дуушар болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ооганстанда жанкечтинин чабуулунан ондон ашуун күч кызматкери мерт кетти

Кандагар провинциясындагы кол салуу учурунда ооган коопсуздук күчтөрүнүн кеминде 12 кызматкери мерт кетип, бир нечеси жаракат алды.

Полиция кабарлагандай, жанкечти Марух районундагы өкмөттүн жана полициянын башкы кеңселеринин алдында жардыргыч зат толтурулган «Хамви» автоунаасын жардырган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Талибан” кыймылы өзүнө алды.

“Талибан” жоочулар Маруф районунун борбордук бөлүгүн басып алганын билдирүүдө. Бирок ооган бийлиги бул маалыматтарды четке кагууда.

“Хамви” үлгүсүндөгү миңдей автоунаа АКШ аскерлери тарабынан Ооганстан армиясына берилген. Соңку жылдары “Талибан” кыймылы мындай кымбат баалуу ондогон унааларды тартып алган.

АКШнын коргоо министри Жим Мэттис жана НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбердин 27-сентябрдагы Кабулдагы сапары учурунда козголоңчулар эл аралык аэропорт жайгашкан районго бир нече ракета кое беришкен. Чабуулдар үчүн жоопкерчиликти “Талибан” менен “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Курал-жарак кампасындагы жарылуу Украинанын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө сокку урду

Винницы облусундагы ок-дары сакталган кампада чыккан өрт Украинанын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө олуттуу сокку урду. Бул тууралуу өлкөнүн улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Александр Турчинов билдирди. Анын айтымында, Донбасста жаңжал башталгандан бери бул сыяктуу окуя катталган эмес.

Турчинов өрттүн кесепетинен ок-дарыялардын көпчүлүк бөлүгү жараксыз болуп калганын баса белгиледи. Ал бул окуя Украина өзүнүн аскер арсеналын коргоого жөндөмдүү эмес экенин далилдегенин айтты.

Украинанын ири кампаларынын биринде 27-сентябрга караган түнү өрт чыккан. Снаряддар азыркыга чейин жарылууда. Украин бийлиги 800 миллион доллар чыгым болгонун билдирүүдө.

Укаинанын аскер прокуратурасы бул ишти диверсия катары иликтөөдө. Тергөө окуяга Орусиянын тиешеси бар деген версияны четке каккан жок. Бирок тышкы диверсиялык топтордун издери табыла элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ленин РИИБнин кызматкерлери велосипед уурдаган жаранды кармады

Милицияга Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылган. Себеби, ушул жылдын 23-сентябрь күнү кечинде көп кабаттуу үйдүн жанынан баасы 50 000 миң сомдук «GIANT» үлгүсүндөгү велосипедин уурдап кеткен белгисиз адамга карата чара көрүп берүүсүн суранган. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Ленин РИИБнин кызматкерлери тарабынан аталган кылмыш ишинин бетин ачууга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, натыйжасында 23 жаштагы А.Р. аттуу жаран кармалган. Тергөө учурунда кылган күнөөсүн мойнуна алып, жеңил акча табуу максатында кылмыш ишине барганын билдирген. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камалып, башка кылмыш ишине тиешеси бардыгы иликтенип жатат.

Курган-Төбөдөгү жардыруунун уюштуруучусу өмүр бою эркинен ажыратылды

Курган-Төбө шаарындагы жардырууга айыпталган Шарифджони Зокир Жогорку Сот тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылды. Соттун маалыматына караганда, 12-мартта Аскер прокуратурасы менен Хатлон гарнизонунун аскер сотунун алдындагы жардырууну Шарифджони Зокир менен анын мектепте окуган иниси Раджабджони Зокир жасаган.

Сот мындан тышкары Шарифджони Зокир ИМ экстремисттик тобунун идеаларынын жайылткан жана гомосексуалистти өлтүргөн деп тапты.

Тажикстандын Жогорку соту 9-класстын окуучусу Раджабджони Зокирди 5 жыл түрмөгө кести. Бул кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан дагы үч киши 13 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылды.

Курган-Төбө шаарында 12-март күнү кечинде облустук сот имаратынын алдында жардыруу болгон. Жыйынтыгында 67 жаштагы Хасанбой Рахмонов аттуу этникалык өзбек жараны мерт кеткен. Маркум жергиликтүү мектептердин биринде кароолчу болуп иштеген.

Тергөөчүлөр Хасанбой Рахмонов кокусунан окуянын курмандыгы болуп калганын билдиришкен. Алардын айтымында, жардырууда орусиялык аскерлер бутага алынган. Кылмыш ишин жасоого шектелип беш киши кармалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кара-Балта шаарынан каракчылыкка шектелип эки жаран кармалды

2017-жылдын 5-июлунда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын 56 жаштагы М.Н. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылган. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Себеби, ушул жылдын 5-июль күнү болжол менен таңкы саат 05:00 чамасында арыздануучунун үйүнө белгисиз жарандар кирип барып, үй ээсин бычак менен коркутуп, 7000 миң сом акчасын, 4 даана уюлдук телефонун жана алтын буюмдарын алып кетишкен.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келишип, чогултулган материалдар боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш ишин козгошкон. Тергөө учурунда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар шектүүлөрдүн өздүгү такталып, алар Кара-Балта шаарынын 28 жаштагы Т.В. жана 25 жаштагы Э.А. аттуу жашоочулары болуп чыккан. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Казакстанда асынып өлгөн мугалимдин иши тергелүүдө

Шымкент шаарынын четиндеги Мартөбө айылында мектептин чатырында асынып өлгөн мугалимдин иши  «Өз жанын кыюуга чейин жеткирүү» беренеси боюнча тергелүүдө. Бул тууралуу Түштүк Казакстан облустук ички иштер департаментинин басма сөз катчысы Салтанат Каракөзөва билдирди.

Анын айтымында, Мартөбөнүн 58 жаштагы тургуну мектепте математика мугалими болуп иштеген. «Тергөө иштери факты боюнча башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды», — деди Каракөзөва.

Полиция тергөө сырын сактоо зарыл экенин айтып, мугалим эмне себептен өз жанын кыйганын ачыктаган жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню