Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Чүй районунун аймагынан кармалган жарандардан мыйзамсыз сакталган октор алынды

Ушул жылдын 27-сентябрында Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо фактысын аныктоо максатында уюштурулган иликтөө иш-чараларынын негизинде Менеткеч айылынын 29 жаштагы К.А. аттуу жашоочусунун үйүн текшерүү учурунда  5,45-калибрдеги атылган октун гилзалары жана колго жазалган бычак табылып алынган. Ушул эле күнү, милиция кызматкерлери мыйзамдын негизинде Менеткеч айылынын 36 жаштагы тургунунун үйүн кароодо 4 даана 9-калибрдеги октор жана колго жасалган кылыч табылган. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирди.

Учурда жогорудагы фактылар боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

ИИМ эскертет: Эгерде жаран ок атуучу куралдын ээси болбосо, сактаганга жана колдонгонго уруксат берилбейт. Тез арада куралды укук коргоо органдарына тапшыруу керек. Тапшырбоо учурунда жаран административдик же кылмыш жоопкерчилигине кириптер болот.

Ал эми катталбаган курал-жарактарды, окторду, жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш ишине тиешеси жок болсо, анда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Арча-Бешик конушундагы дааратканалардын бирине баласын ыргытып кеткен аял кармалды

Арча-Бешик конушунда барак тибиндеги үйдүн дааратканасында төрөп, ымыркайын таштап качып кеткен жаш эне кармалды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Бишкек ШИИБдин басма саөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү делип, Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда убактылуу жашаган, Нарын облусунда 1995-жылы туулган Б.Ж., кармалды.

Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 28-100-беренелери менен кылмыш иши козголгон. Кармалган эне учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

Буга чейин маалымдалгандай, ымыркайды куткарып чыккан жашоочулар окуя тууралуу «Репортер» басылмасына айтып беришкен. Жергиликтүү тургун Нурзаттын айтымында, окуя 31-июлда саат 10:00дөр чамасында болгон.
«Саат 10:00 чамасында эшикке бир нече жолу чыгып караганда даараткананын эшиги жабык болчу. Бир нече мүнөттөн кийин кайра чыксам эшик ачылып калыптыр. Ичине киргенде жер кан болуп турганын көрүп, даараткананын чуңкурунан ымыркайдын ыйлаган үнүн уктум. Дароо сыртка чыгып, кошуналар менен жолдошумду чакырдым», – деди Нурзат.

Анын жолдошу Муратбек Мамырбаевдин айтымында, дароо кошуналарын чакырып, тез жардам жана милиция кызматына телефон чалган. Алгач милиция кызматкерлери, андан кийин дарыгерлер жеткенин кошумчалады.
Ымыркайды дааратканадан 17 жаштагы Майрамбек уулу Нурзамат кол чырактын жарыгы менен таап, сыртка алып чыккан.

«Менин бутумдан Мурат менен Бактияр байкелер кармап турушту. Алгач баланын колун көрүп, өзүмө карай тартканда ыйлап жиберди. Анын тирүү экенин билгенде барыбыз сүйүндүк», – деди Нурзамат.
Дарыгерлер жеткиче ошол жердеги аялдар телефон аркылуу маалымат алып, ымыркайды жуунтуп, киндигин кесишкен. Күбөлөр дарыгерлер ымыркайды алып чыккандан 45 мүнөт өткөндөн кийин келгенин кошумчалашты. Барак тибиндеги үйдүн жашоочулары белгилегендей, ал аймакта кош бойлуу аял жок болчу.
Ымыркай жеткирилген оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Жанабилованын айтымында, учурда ымыркай жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Анын салмагы 3 кг 396 гр болгон.
Милиция кызматкерлери дааратканада төрөгөн аялдын аты-жөнүн тактап, колго түшүрүшкөн.

Булак:turmush.kg

КР ӨКМ: Сары-Челекте Израилдик турист кыз Хилла Ливнанын аскадан учуп кеткен жансыз денеси табылды

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Сары-Челекте 23-сентябрда жоголуп кеткен Израилдик турист кыз Хилла Ливнанын аскадан учуп кеткен жансыз денеси табылгандыгын билдирди:

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, 2017-жылдын 23-сентябры күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан Сары-Челек коругуна өз алдынча Израил мамлекетинин эки жараны жана Франция мамлекетиинин эки жараны туристтик багытта келишип, Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Көл айылынан Кара-Камыш көлүн көздөй жөө жөнөп кетишет. 23-сентябрь күнү кечинде Кара-Камыш көлүндө түнөп калышат. 2017-жылдын 24-сентябрь күнү аталган 4 турист Сары-Челек көлүн көздөй жол тартышып, Көтөрмө ашуусуна келгенде атайын жолдун жоктугуна байланыштуу, Израилдик 1995-жылы туулган Хилла Ливна жолдон адашып, бөлүнүп кеткен. Ал эми Израил мамлекетинин туристи 1993-жылы туулган Городесен Нафад Едипьия аскадан кулап кетип, бутунан жарат алган. Городесен Нафадка Франция мамлекетинен келген эки турист жардам көрсөтүшкөн. Бирок жабырлануучуну айылга алып түшүүгө мүмкүнчүлүктөрү болбогондуктан, Израил мамлекетинин туристтик фирмасына спутник аркылуу телефон байланышка чыгып, өздөрүнүн жолдон адашып калгандыгы, бир адам жабыр тарткандыгы боюнча кабар беришкен. Израил туристтик фирмасы Кыргызстандагы CBTi фирмасы менен байланышып, жардам сураган. Кыргызстандагы CBTi фирмасы Сары-Челек коругунда туристтик фирмалар менен иштешип жүргөн Рысбек Ормонов аттуу жаранга кайрылышкан.
2017-жылдын 24-сентябры күнү 19:00 чамасында Р.Ормонов жана төрт адам эки автоунаа менен Франция мамлекетинин эки жараны жабырлануучу Н.Городесен турган жайды таап барышкан. Бирок 1995-жылы туулган Хилла Ливна дайынсыз жок экендиги аныкталгандан кийин, 3 туристти Кызыл-Туу айыл аймагынын Аркыт айылына алып келишкен. Жабырлануучу Н. Городесенге Кызыл-Туу айылдык ФАП тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн (буту гипстелген). Абалы канааттандырарлык болгондуктан ооруканага жаткырылган эмес.
2017-жылдын 29-сентябры күнү саат 12:15 де КР ӨКМнин Жалал-Абад облусунун башкармалыгынын башчысынын орун басары, капитан Замирбек Дүйшөбаевдин жетекчилигинде Аксы райондук ички иштер бөлүмүнөн 12 кызматкер жана 4 ит, жергиликтүү айыл тургундарынан 7 адам, КР ӨКМнин Таш-Көмүр шаардык №2 өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан лейтенант Н.Кадыровдун жетекчилигинде 10 куткаруучу, КР ӨКМнин Республикалык Өзүнчө куткаруу отрядынан 7 куткаруучу 2 ити менен, Сары-Челек коругунун кызматкерлеринен 8 адам, Израиль мамлекетинен 6 куткаруучу (ITMC-4, ALFA TOUR-2) чыгып кетишкен. Жалпы издөө ишине 50 адам, 6 ит тартылды.
2017-жылдын 29-сентябры күнү КР ӨКМнен барган куткаруучулардын суранычы менен Россия федерациясынан “Ютуб про путешествие в Азию” (Youtube Pro) фирмасынан кино тартканы келген жарандардын дрону менен издөө иштери жүргүзүлүп, саат 13:30дар чамасында Израил мамлекетинин туристи, 1995-жылы туулган Хилла Ливна аскадан кулап, каза болгондугу аныкталды. Хилла Ливнанын жансыз денесин алып келүүгө 20 куткаруучу (КР ӨКМнен) тоого чыгып кетишти

Диссидент өзбек жазуучусу экстремисттик идеяларды пропагандалоого айыпталууда

Түркияда эки жыл бозгунда жүргөндөн кийин Ташкентке кайтып келген 63 жаштагы өзбек жазуучусу Нурулло Отаханов (Нуруллох Мухаммад Рауфхон) учурда Ташкенттин Яшнабад райондук ички иштер бөлүмүндө кармалууда.

27-сентябрда жазуучунун жубайы Гүлнара Отаханова билдиргендей, күйөөсү «Бу кунлар» («Бул күндөр») деген китебинде экстремисттик идеяларды пропагандалаган деп шектелүүдө. Жазуучу ал китебинде Өзбекстандын эгемендүүлүк алгандан кийинки өнүгүүсүн сынга алган. Ошондой эле автор анда президент Ислам Каримов тарабынан негизделген режимди жана анын башкаруусу маалында калыптанган Өзбекстандагы авторитаризмди катуу сындаган.

Гүлнара Отаханованын айтымында, тергөөчүлөр өзбек өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча комитет күйөөсүнүн аталган китебин экстремисттик деп тапкандыгын билдиришкен.

Жазуучу Нурилло Отаханов кечээ Стамбулдан Ташкентке кайтып келгенден кийин аэропортто кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектүү жаранды кармашты

Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Себеби, ушул жылдын март айында «Роман», аттуу жаран арыз ээсинин ишеничине кирип алдоо жолу менен 30 000 сомун алдап алып кеткен бойдон берген эмес. Ленин районунун милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында Бишкек шаарынын 25 жаштагы Г.Р. аттуу тургуну кармалган. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирди.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Тажикстанда эки билим берүү борбору жарандарды чет өлкөгө окууга жөнөтүү укугунан ажырады

Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлиги «Мультикид» жана ТМ-International билим берүү борборлорун жарандарды чет өлкөлөргө окууга жөнөтүү лицензияларынан ажыратты. Андан тышкары SCORP TJ деген дагы бир билим берүү борбору жабылды.

«Бул мекемелер уруксат берчү документтерсиз эле башка өлкөлөрдүн окуу жайларында адистерди даярдоо ишмердүүлүгүн жүргүзүп, Тажикстан жарандарын чет өлкөлөргө жөнөтүү менен алектенип келишкен», – деп билдирди министрликтин алдындагы билим берүүгө көзөмөл жүргүзүү кызматынын төрагасы Алидод Расулзода.

Анын айтымында, Билим берүү министрлигинин сунушунан кийин айрым борборлор өз ишмердүүлүгүнүн багытын өзгөртүп, жарандарды чет тилдерге өлкө ичинде окутуу менен алектенүүгө өтүшкөн.

Мурда билим берүү борборлору чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын атайын көргөзмөлөрүн уюштуруп келишкен. ТМ-International Душанбеде Малайзия окуу жайларында билим алуу долбоорлорунун бетачарларын өткөрүп турган. Борбордун кызматкерлеринин бири алар чынында эле жарандарды чет өлкөлөргө жөнөтүү лицензиясынан ажыратылышканын ырастады. «Учурда биздин борбор бардык каалоочуларга англис тилин үйрөтүү менен алектенип жатат», — деди ал.

Быйыл 1-апрелде милиция кызматкерлери «Мультикид» билим берүү борбору тарабынан уюштурулган эл аралык жогорку окуу жайлардын Душанбедеги көргөзмөсүн үзгүлтүккө учуратышкан. Укук коргоо органдары иш-чара өтүп жаткан имаратка кирип барышып, андагы адамдардын бардыгы кууп таркатышкан. Анда ИИМден уюштуруучуларда көргөзмө өткөрүү боюнча Билим берүү министрлигинин уруксаты жок болгонун билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Жогорку Рада аскерий кампадагы өрттүн чыгымын $800 миллионго баалады

Украинанын Винница облусундагы ок-дары сакталган кампада чыккан өрттүн чыгымы 800 миллион долларды түздү. Бул тууралуу NewsOne телеканалынын эфиринде Жогорку Раданын улуттук коопсуздук жана коргонуу маселелери боюнча комитетинин мүчөсү Иван Винник билдирди.

Винница шаарынан алыс эмес жерде жайгашкан кампадагы өрт 27-сентябрга караган түнү болгон. Өлкөнүн аскер прокуратурасы окуяны диверсия катары иликтөөдө. Болжол менен өрт учкучсуз учуу аппаратынын жардамы менен уюштурулган. Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Зорян Шкиряк мында «орусиялык диверсия» версиясы жокко чыгарылбастыгын билдирди.

Полициянын маалыматына караганда, Калиновка кыштагынан жана ага жакын жайгашкан калктуу конуштардан 30 миңге жакын киши эвакуацияланды. Андан тышкары аймактагы аба мейкиндиги жабылып, Винница-Киев унаа жолундагы кыймыл чектелди. Ошондой эле поезддердин каттамдары өзгөртүлдү. Өрттөн эки кишинин жабыркаганы кабарланууда.

Жарылуу болгон аскерий кампаларда СССР маалында 188 миң тоннага жакын ок-дары сакталган. Өрт арсеналдын жалпы аянтынын 10 пайызга жакын аймагын каптаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Кара-Суу: экстремизмге каршы жүрүш

Ош облусунун Кара-Суу районунда Сирияга барып келген жарандар менен ал жакта мерт болгондордун жакындары жөө жүрүшкө чыгып, жаштарды бөтөн жердеги кагылыштарга катышуу азгырыгынан алыс болууга чакырышты.

 

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Баңгизатын мыйзамсыз сактоо фактысы менен Ысык-Көл районунун жашоочусу кармалды

Ушул жылдын 27-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери баңгизатын мыйзамсыз сактоо фактысын аныктоо максатында иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда Ысык-Көл районуна караштуу Ананьево айылынын күн батыш-түндүк тарабында жайгашкан талаадан 48 жаштагы И.Б. аттуу жегиликтүү тургун кармалып, жанынан өзгөчө жыты бар шектүү зат табылган. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Алынган зат экспертизага жөнөтүлүп, жыйынтыгында жалпы салмагы 7 килограмм 450 граммды түзгөн кара куурай баңгизаты болуп чыккан.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

20 жаштагы каракчы кыз кармалды

Свердлов райондук ички иштер башкы башкармалыгына Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган, себеби саат 14:30да шаардын дүкөндөрүнүн бирине, азиат улутундагы бет капчан белгисиз 2 кыз кирип, арыз жазган адамды муунтуп, күч колдонуп, 6 000 сом акчасын тартып алышкан. Свердлов райондук милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында кылмыштын “изин суутпай” 20 жаштагы М.С. аттуу Бишкек шаарынын жашоочусу кармалган. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 28-168-беренелеринин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран тергөө бөлүмүнө берилген.

Жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар экинчи жарандын өздүгүн жана кайда экентигин тактоо максатында иликтөө иштери жүрүп жатат.

Меню